№8

Ким болгум келет?

Мен Сексенова Бегайым Бейшалиевна Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын тургунумун. Азыркы убакытта №3 гимназия мектебинде 9 “Г” классында окуйм. Мектепти буткөндөн кийин биз өзүбүздүн жашообуздагы эң маанилүү кадам жасайбыз. Айрымдары турмуш куруп, өз бактыларын үй бүлө күтүү менен түзгүлөрү келсе, айрымдары каалаган же каалабаган окуу жайларга тапшырып студенттик жашоого кадам ташташат. Ошондуктан мен азыртадан эле ойлоно баштадым. Негизинен келечектеги кесибибиз акча табуу үчүн гана эмес, өзүбүздүн көңүлүбүзгө да жагуусу эсепке алынышы б.а., кызыктуу болушу шарт. Мен өзүм каалаган кесипке ээ болуш үчүн кандай аракеттерди жасашым керек? Биринчиден, мен өз кесибиме тиешелүү билимге ээ болушум керек. Экинчиден, менин кесибим мага гана, менин жашоом үчүн эле эмес, коомго да пайда алып келиши кажет. Тандаган кесибиң өз көңүлүңө жагып, кызматка баратканда майрамга бараткандай сезимде болсоң кантип жаман болсун. Көптөгөн адамдар өзүнө жакпаган кесипти тандап алып, өмүр бою “кайрадан жумушта, качан эс алам» деп өз жумуштарынан ырахат албастан, өкүнүп өмүр өткөзүшөт.

Бүгүнкү күндө 200 ашуун, мүмкүн андан да көп кесиптер бар. Алардын ар биринин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү, кыйынчылыктары жана артыкчылыктары бар. Биз кичинекей кезибизде ата-энелерибизге окшошкубуз келет. Бирок чоңоюп, жыл өткөн сайын коомдогу өзгөрүүлөргө, жашоодогу алга жылууларга карай, биздин да көз караштарыбыз, кыялдарыбыз да өзгөрөт экен.

Азыр мени компьютердик программалоо абдан кызыктырып келет. Андыктан, мен өз максатымды так белгилеп, ушул кесипти гана аркалоону көздөдүм. Бүгүнкү күндө жашообуздун көпчүлүк бөлүгү электрондошуп калгандыгын эч ким тана албайт. Демек, барган сайын биздин ар бир кадамыбыз компьютерлешип калат деген ой эч шектендирбейт. Өнүккөн мамлекеттерде бүгүнкү күндө эле бардык жашоо кыймылы электрондошкон, андыктан аз убакыт ичинде биздин өлкө да алардан кем калбайт деп ойлойм. Адамдын колу менен жасала турган көптөгөн жумуштар бара-бара программа менен иштей турган роботтор аркылуу жасаларына эч шек жок. Ал эми мындай роботторду ишке киргизүүгө албетте, компьютердик программалоо зарыл. Бул кесип кыздарга да абдан ыңгайлуу деп эсептейм. Анткени, үй бүлөлүү болгондон кийин көптөгөн кыздар-балдары менен үйүнө отуруп калууга мажбур болушат, андыктан алар өз кесиптеринен бир канча убакытка, ал тургай кээ бири таптакыр алыстап кетишет. А мен болсо кайда болбосун, компьютердин жардамы менен өз кызматымды көрсөтө алам деп ойлойм.

Мына ушинтип мен өз өлкөмдүн өнүгүшүнө салымымды кошо алам деп ойлойм.

Сексенова Бегайым, Ысык-Көл областынын Каракол шаары

СЫНАК жобосу ушул шилтемеде

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *