АҢГЕМЕ

«Күйгөн эмне экенин
күйүп бүткөн күлдөн сура».

Таңга маал түш көрдү: «Кайдагы бир бийик жар. Төмөн жагы капкара болуп тумандап жатат. Кырында үйбүлөсү. Алыстан көрөт. Өзү ылдыйда, тигилер бийикте. Негедир алдындагы туңгуюкка секиргени жатышат».

«Секирбегиле! Артка кайткыла! «деп кыйкырайын дейт, үну чыкпайт. Чуркайын десе, буттары жылбайт. Анан эле аялы, артынан балдары чогуу аңга бой таштады. Эң артында көкүрөк күчүгү – жаны бир кызы эки колун атасына сунган бойдон кулады. Эч кимиси кайра чыккан жок.

Тамагы буулуп, көкүрөгү жарылчудай чыңалып, бакыра албай булкунуп жатып; «Аа-а!» деген ачуу үндөн ойгонуп кетти. Өзүнүн үнү экен. Жүрөгү кабынан чыкчудай лакылдап жатыптыр. Түшү экенине сүйүнгүсү келди. Бирок түпөйүл бир нерсе күдүктөнтүп туруп калды.

– Муса, эмне болду, жаман түш көрдүңбү? – Үй ээси кыйкырыктан чочуп кеткен түрү бар. – Жаман түш көрсөң агыны күчтүү сууга айт. Баарын алып кетет.

«Баарын алып кетет…» Муну укканда жеңилдегендин ордуна ирий түшкөн ичи ого бетер уйгу-туйгу болду. Көңүлү айнып, көзү караңгылап, Мамат акенин суроосуна жооп айтканга да чамасы келбей калды. Ушул абалынан такыр эле чыга албай калчудай болду. Чар учкандай чачыраган ойлору чогулбай, жүрөгү кысылып, заматта үйүнө жеткиси келди. Канаты жогуна катуу өкүндү. «Көрүнгөн чымчык – чымчык-чумчукка деле берет экен го канатты, ушундайда мага деле берип койсо болбойбу?!»

Ал үйүнө шашты.

* * *

Кечээ эки жыл жыйналган эчкинин тыбытын көтөрүп райборборго жөө келген. Айылы мындан кырк беш чакырымдай алыста. Болгону он алты үй. Тоо түбүндө.

Тоодогу айылдарды түзгө түшүрүп ирилештиребиз дегенде ата-бабалары көчпөй коюшуптур. Биякта түз жерде жашагандарды «суусу киргил чөлдүктөр» дейт. Тоолуктар таза аба, таза суусун таштап чөлдүк болгусу келбесе керек. Мындан эки-үч жыл мурда: «Эй, келестер! Көч дегенде көчпөйсүңөрбү, какыр ташка жабышпай!» – деп бирөө келгенде: «Сен эмне бизди кемсинтесиң?!» – деп андан аркысын укпай кубалап ийишкен. Көсөмдөр да көчпөсөңөр отура бергиле дегенби, айтор, ал айылга машине жол салынган эмес. Свет барбады. Балдарды райборбордогу жатак мектепке алып кетишчү. Кеңеш өкмөтү келбеске кеткенден кийин ал да кароосуз калыптыр.

Балдар кай көрүнгөн тааныш, билиштин үйүндө жатып окуп жүрүшөт. Андайда отуну менен кирип, күлү менен чыксаң да жактырбай ызгаарланып тургандар бар. Мусанын эки кыз, бир эркеги түндө өзү көнгөн Мамат акенин үйүндө жатып окушат. А кишинин балдары небак уядан учкан. Мурда жайында эки-үч күнгө келсе келип, келбесе жок жүрүшчү экен. Кийинки жылдары такыр эле ат тизгинин ала качып калышыптыр.

«Неберелерим менен сүйлөшө албайм. Мен орусча билбейм, алар кыргызча билбейт. Музоону карма десе жүнүнөн чымчып тарткан балдар», – дейт Мамат аке.

Алардын колун узарткан – Мусанын балдары. Үчөө тең ашык «өнөрү» жок, элпек, тириликтен качпаган, кичи пейил, тынч балдар. Үй ээлери алкап отурушат. Деген менен балага өз үйүндөгү тозок башка үйдөгү бейиштен артык тура. Окуудан тараганда өңдөн азып келген балдар, үч айда кадимкидей бойлору өсүп, беттерине кызыл жүгүрүп кайтышат. Балдарга жакын жашайлы деп аялынын айтып баштаганына эки жыл болду. Акыркы кезде эмнегедир чыйпылыктап жиберди.

Ошондон улам, башкалардай базарлап кетиш үчүн эмес, колек менен үй салганга кенедей жер табылар бекен деп келген, бу Муса. Жалгыз таанышы да, ишенгени да Мамат аке. Ал болсо жакшы киши.

– Алдагы тыбытыңдын акчасына жер келбейт. А көрө бала-чакаңа кийим-кече, татты-патты ал. Кичүү балам окуусун бүтүп келсе үй салар деп жер алып койдум эле. Ал тукумуң өскүр орус аял алып андан ары кетти. Келбейм дейт. Ошол жерди сага берейин. Сарайымда бир үйдүн жыгачы турат. Ал да үйүңдү салып ал. Биздин эми караан тутаарыбыз силер эмей ким болот, – деп муңайым тиктеп калган.

Экөө эртеңкини жаркытып, кыялга көңүл балкытып, чарпаяда ата-баладай сүйлөшүп, түн бир оокумга чейин отурган эле. Өлгөндөн жалгыз болуп, шак бутагы тонолгон дарактай жетим өскөн Мусага Мамат аке кызырдай эле көрүнгөн.

Жаткандан кийин жаңы салар үйүн, балдарынын күнүгө мектепке кетип атканын, кайра келип атканын, өзгөчө көкүрөк күчүгүнүн үйгө кирип-чыгып сүйүнүп жүргөнүн, аларды карап аялынын өзүнчөле бейиш-тирлик болуп отурганын элестетип, ушу кыялына тойбой, кайтадан кайта элестетип, арабанын атындай дайыма чыңалып турган денеси бир балкып, бет бырышы жазылгансып барып көзү илинген.

* * *

Ак жаанга жини келди. Өтмө катарынан өтүп суу болуп келатса, жини келет да. «Кычашын кантесиң! Жазында түлөө берип жалынса бир тамбайт да, эми чабылган чөптү жыйнатпай он күндөн бери шолоктоп турат».

Бала кезде жамгыр басылбай жааса:

Түгү чыкты жаш малдын
Түбү түштү асмандын, –
деп ырдашчу эле. Ошону эстеди. Эмнегедир ошол кезге баргысы келип кетти. Энттиккенин баскыча балалыкты бир аралап келейин деп үйдөй таштын жаан тийбеген коңулуна отура калды. Көкүрөгү ачышып, буттарын майда калтырак басып турат. Чарчаган экен.

… Кайран гана бала кез. Анда атасы да, апасы да бар, аалам бүтүн, дүйнө түгөл эле.

Күн чыкты карачы,
Күндөн биз жаралдык.
Күн нурун жамынган,
Күмүштөй балалык.

Ай чыкты карачы,
Айдан биз жаралдык.
Ай нурун жамынган,
Алтындай балалык –
деп ырдаган бактылуу кезине жаңы эле жеткенде… таңкы түшү көз алдына келе калды. Таттуу кыялы талкаланган айнектей чачырады. Ордунан атып туруп жолго чыкты. Жамгырды сезген деле жок. Ликилдеп келатат. Улам бир баласы көрүнүп барып жок болуп кетет. «Айланайын, Жараткан! Пендем десең аман коё көр! Башка эч нерсе сурабайм, айланайын, Жараткан!»

Акылы жетишинче жалынып-жалбарып, кээде анысы сыртына чыгып келатат. Бир туруп өзүн-өзү: «Мен эмнеле болуп атам? Жараткан адилет да. Биз ага акаарат келтирбесек, эмнеге жамандык жибермек эле? Жөн, жаман жорук баштабай! А көрө балдарыңдын татты кыялдарын эстебейсиңби, – кагып коёт да, – ырас эле жакшылыкка жоруюнчу»– деп ал оюн ээрчип кетет.

Мына, тун кызы. Жаракөр. Колуна эмне тийсе, бөбөктөрүнө бөлүштүргөнгө шашат. Окуу башталгандан бүткүчө ини, сиңдисинин сабагын текшерип, кир-когун жууп, чачын тарап, мандалактай кылып алып жүргөн ушул кыз. Зээндүү. Бешке окуйт.

Бу болсо жалгыз эркеги. Көп сүйлөбөйт. Дайыма ойлуу жүрөт. Ичим тап. Ачылбаган сыр сандык. Үй-бүлө акылдашканда эч кимдин башына келбеген сунуштарды ушул уулу айтат. Жер алып там салыш да ушул уулунун ою болчу. Аны мындан эки жыл мурда эле айткан. Каражаттын жогунан ушу күнгө келишти. Кымындайында үй-жайды ойлосо азамат болот ко, – деп Мусанын эбедейи эзилген. Бу да жакшы окуйт. Намыскөй болот ко.

Мунусу болсо экинчи кызы качан болсо кабагы ачык, жарык кыз. Тамашакөй. Китепти ылгабай окуйт. Кенжеси төрөлгөндө мунун кирди-чыкты эркелиги күбүлдү. Калганын мектеп чыкыйтты. Кичине жалкоолугу бар. Кийин калып кетер.

Булар азыр каникулда, энесинин кашында.

Ал эми мынабу күчүгү-мүчүгү болсо кенжеси. Атасы менен жаны бир. Эки күн көрбөсө куса болуп кетет. Азыр да жол карап турса керек. Ага атасы болсо болду. Башка менен иши деле жок. Бир аз көрбөй калса, издеп жүрүп бир кийимин таап алат да, ошону кучактап, жыттап отура берет. Аны: «Ананайыным!» – деп эркелетет.

И-и, бу болсо аялы. Оокатка тың. Жанга жай. Ушак-мушагың менен иши жок. Балдарынан санаасы жайында болсо, анда ага аалам бейпил, дүйнө тынч. Жер алып үй салабыз дегенди укканда: «Биздин да жаңы үйүбүз болот, кудай буюрса» – деп көздөрү жайнап, аябай кубанган. Үйдөн мурда аны кубанткан – балдары менен чогуу турары экенин айтып да жиберген. Ошондо: «А-а, байкушум, балдарын узакка көрбөй, айласы жогунан эле чыдап жүргөн турбайбы» — деп ойлогон. Эми кудай анын тилегин бергени турат.

* * *

Ылдам басам деп келатып буттары телтектеп калды. Чыгарда шашып наар сызган жок эле. Эми өзөгү карайып чыкты. Заматта жетчүдөй болуп, жолго эч нерсе алган эмес. Балдарга деген базарлыктан шам-шум эткени ачты да, бузбай алпарайынчы деп кайра жаап, жолго түштү. Сайдагы суудан эле кере-кере жутуп алам деп ойлоду. Келсе сайда гүлдүрөтө таш агызган суу жок. Бирөө буруп кеткендей. Бир кулактай суу калыптыр. Бу суу Мусанын айылы аркылуу өтөт. Бура турган жери жок эле. Кайда кетти? Акылы айран болуп ого бетер шашты.

* * *

Мына, тумшуктагы кара ташка да келип жетти. Ушуну айланса эле айылы көрүнөт. Чарчап-чаалыкканына, энтигип көкүрөгү ачышканына, шөмтүрөп суу болгонуна, өзөгү үзө тартып, көзү караңгылап баштаганына карабай чоң-чоң аттап, а тургай чала-була чуркап, кара ташты айланып барып эле селейип туруп калды.

«Э айланайын кудай, бу эмне шумдук?! Э кудай! Айыл кана?! Үйүм кайда?! – Муса дабдырай түштү. – Же башка сайга кирип кеттимби? Ыя? Жо-жок. Мына, кара таш! Мындан башка кара таш жок да… Балдарым… О кудай!»

Муса жамандыкты ойлогондон коркту. Ал айылдын ордунда турган тоону карап нес боло түштү. «Адашып эле калсам экен… Үйүм наркы сайда болгой эле… Түшүм болуп калгай эле…» Ой-санаасы сапырылып, кулагы чуулдап, буттары баспай, жаак эттери былкылдап тартылып, жаны жер тартып баштады. Башы айланып, жер тегеренип келатканда намазга жыгылган кишидей бүк түштү.

Ошол учурда эмне болгонун, бүрүшүп канча жатканын өзү билбейт. О-о, бироокумда башын көтөрүп канталаган көздөрүн ирмеп-ирмеп алып, тиги жаңы тоону көздөй чуркап жөнөдү. Муса жакындаган сайын тоо бийиктеп баратты. Жеткенде тике чыга албасын билди окшойт, айлана чуркады. Балдарынын аттарын айтып кыйкырып коёт. Аны ушу кезде тоону айланса эле анын артында айылы апаман турат деген үмүт жетелеп баратты.

Аерге да жетти. Көчкөн тоо сууну бууп, көл боло баштаган экен. Жээгине чуркап барып, суунун түбүн карады. Ылайланган суудан эчтеме көрө алган жок. Тоонун үстүнө чуркап чыгып, ары жак, бери жагын карады. Кайра жээкке келип шалдырап туруп калды. Көргөн көзүнө ишенбей, тээ тереңинде бир жакшылыктын үмүтү үзүлбөй, ошого жармашты. Аялы балдарын жетелеп чыга келчүдөй болуп, эки көзү сууда. Жамгыр эми нөшөрлөп кирди. Мусанын жүзүн жамгыр жууп жатканын же шолоктоп ыйлап жатканын, эки ийнинин солкулдаганы үшүгөнүнөнбү же өпкө-өпкөсүнө батпай жатабы, билиш кыйын эле. Мүмкүн, экөө бир келгендир…

* * *

Кечээ эле бар айыл бүгүн жок болду. Үрөйдү учурган бу кырсык баары кызуу уйкуда жатканда баскан окшойт, Мусадан башка тирүү жан калбаптыр. Кишилер келишти. Мусанын көзүнө эч кимиси илинбей жатты. Бир гана балбалактап ыйлап жүргөн Мамат акени көрдү. Бирдемелерди эле айткансышат. Мусанын кулагы дүңгүрөп, эч нерсе уккан жок. Сүйлөшкүсү деле келбей, улам эле толуп келаткан көлдүн жээгине чуркап барып туруп калат. Же суу тунбайт. Кайра чакырып келишсе, кайра кетет.

Аны райборборго алып кетели дешти эле, мойнун жула тартып көнбөй койду. Көл тарапка ыктап туруп алды. Мусанын сүйлөбөй калганы Мамат акеге кош күйүт болду. Кантсе да кыраакы киши эмеспи, райжакшыларын чабандарга деп чыккан сырты таар, ичи кийиз чатырдан бирди анан кайдан болсо да бир кайык, тамак-аш таптырып келгенге көндүрдү.

… Жылдар өттү. Көл толду. Көгөрүп тунду. Суу кайкыдан ашып, такыр эле башка сайга кетти. Көчкөн тоо да илгертен эле ушиерде тургансып калды. Мурдагы айылдын ордун тоо басты. Мурдагы бала-бакыранын, эчки-улактын чуулдагынын ордун дүлөй тынчтык басты.

Качан болсо көл үстүндө жалгыз кайык жүрөт.

Ичинде бу дүйнөнүн эч нерсесине кызыкпай калган кароолчу Муса. Ага ошондой кызмат беришиптир. Кароолчу Муса көл түбүн сыдыра тиктегенден жадабайт. Кээде бу баласы, кээде тиги баласы суу түбүнөн жылт этип көрүнө калгансыйт. Бир ирет келинчегин да көрүп ийгендей болду. Ушуларды көрөм деп күндө эки-үч маал кайык минет.

Күндө ушу көрүнүш: Көл… Жалгыз кайык… Ичине күн тутулган аалам баткан кароолчу Муса…

Сүйүнчү: Урматтуу китепкөй!

Сиз үчүн заманыбыздын залкар таланты, белгилүү композитор, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» аттуу китеби жарыкка чыкты! Аталган китеп беш бөлүктөн турат. Сиз андан Т.Казаковдун эскерүү, ыр-баян, аңгеме жана котормолорун окуй аласыз. О.э. обондуу ырлары нотасы менен жарыкка чыкты. Агер сатып алууну кааласаңыздар, Бишкек шаары боюнча 0700 532 585 номуруна чалсаңыздар, китепти так дарек боюнча жеткирип беребиз! Китептин наркы 250 сомдон.

3 Replies to “Түгөлбай КАЗАКОВ: Жалгыз кайык”

  1. Ошо жалгыз кайыкка тагдырын тапшырган-Муса, жаратканга кай жеринен жаздыэкен?! Айтчы, бай болгур, Түкө?!

  2. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Бүгүнкү окуган чыгармалардын ичинен Түгөлбай Казаковдун «Жалгыз кайык» аттуу аңгемеси бөтөнчө ойго салды. Ооба буга окшогон окуялар турмушубузда көп кезигет. Бирок аны минтип баары эле жаза бербейт. Автордун ой — толгоосуна, туюмуна, жашоого болгон көз карашына жана жан дүйнөсүнө тим эле кирип кеткендей болдум. Таасири күчтүү аңгеме экен. Канткен менен көптү көргөн, көптү билген инсандын ар бир калем шилтегенинен турмуштагы тажыйбасы ченемсиз зор экени байкалат. Бар болуңуз!

  3. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Бар болуңуздар! Чыгармаларды окуп даагы бир чер жазылып, бакытка бөлөндүм, ыйладым, кайра кубандым… Бул жашоо эмнеси менен кызык? Жашоо ар бир көз ирмеми менен кызык, муңдуу жана бактылуу. Сиздердей адамдар менен! Жакшы чыгармалар менен! Жашоодогу ар бир күндү бакытка бөлөгөн менин чыгармачыл инсандарым аман болуңуздар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *