Чукугандай сөз тапкан, калың элди кыраан-каткыга салган ар бир айылдын өзүнүн Бекназары, Куйручугу, Шаршени, Асанкулу, Күмөндөрү бар. Бирок аттиң арман, ошол эл арасындагы куудул таланттардын сөздөрүнө көңүл бөлүп, маани берип жыйнаган жазмакер адамдарыбыздын жогунан кыргыз юмористикасынын алтын казынасына кире турган мыкты-мыкты юморлор, аскиялар өз айылында айтылып-айтылып, жыл өткөн сайын, муун алмашкан сайын унутулуп, жалпы кыргыз энчисине айланалбай өз коктусунда, өз айылында коромжу болуп жоюлуп-жоголуп баратканы өкүндүрөт.
Кемин районун Тегирменти айылынын тургуну, таланттуу акын, активдүү коомдук ишмер Абийирбек Абыкаев ошол өксүктү өз айылынын, өз районунун, өз өрөөнүнүн масштабында толтуруунун аракетинде жүрөт. Бүгүн ошо Абийирбек Абыкаев топтогон юморлорду окурманга жеткирүүнү туура таптык. Бул юморлордогу каармандар Кемин районундагы Чоң-Кемин өрөөнүндө жашаган куудулдар…
* * *
Үсөнкан Турдалынын жакын инилеринен болот. Турдалы көчөдө атчан келатса, алдынан келини — Үсөнкандын келинчеги Шакен чыга калат. Шашып кеткен Шакен:
— Аке, кандай жатасыздар? — деп учурашса:
— Аа, айланайын, жакшы жатабыз. Кээде жеңең экөөбүз бири-бирибизди карап жатсак, кээде экөөбүз эки жакты карап жатабыз, — дептир.
* * *
Керимдин бала кези. Айылда той болуп калат. Эт жасакчылар Керимди төркү үйгө кирген кишилер канча экенин санап кел деп жумшашат. Чуркап барып санап келген Керим:
— Беш итке бир табак эт жасап бергиле, — десе жасакчылар адегенде түшүнбөй калып, анан каткырып жиберишиптир. Көрсө, төркү бөлмөгө Мажит, Абит, Алсейит, Апсейит, Саит аттуу баарынын аттарынын аягы «ит» мүчөсү менен бүткөн айылдаштар кирген экен.
* * *
Керим бир күнү кызуу болуп келип, улуу уулу Кусейиндин келинчеги Чынарды тилдеп коет. Чынар Кусейинге даттанып, ыйлап барат. Кусейин атасы соолукканда:
— Ата, жанагы ичкен арагыңды чактап ичсең боло, кечээ арактын айынан келиниңе тилиң да тийиптир, — десе:
— Ээ, балам, энеңди канча жылдан бери тындырбай тилдеп эле келатам, ага бир жолу да болушкан жок элең, келинчегиңди бир эле жолу тилдеп койсом жүгүрүп келгениң кандай? — деп кайра уяткарыптыр.
* * *
Бухгалтерияда чогуу иштеген жигитке Керим:
— Жаке, акча чогултуп баш жазбайлыбы, — дейт. Анда тиги жигит:
— Ооруп турам, дары ичип да жүрдүм эле, — деп көңүлдөнбөйт.
Анда Какең:
— Сени менен тең ооругандардын сөөгү чиригенге он жылча болуп калды го… ээ, Жаке? — деп күйгүзүптүр.
* * *
Айманбай аксакал токсондон ашып каза болуп, ага-тууган эл мүрзөгө коюп, жаңы узай берерде жакын иниси Үсөнкан:
— Оо, эл-журт, Айманбай кандай киши эле? — деп кыйкырса, элден озунган Оңолбек:
— Сенден жакшы киши болчу, — деп кыйкырып жооп бериптир…
* * *
Ыраматылык Райкандын ыраматылык Аскер деген иниси, ал эми Аскердин Согушбек деген досу бар эле. Согушбектин бегин айтпай кыскача Согуш деп коюшчу.
Аскердин келинчеги Чүкүн кайнагасы Райкандан:
— Аке, Аскерди көргөн жоксузбу? — десе:
— Аскер Согушка кеткен… — деп жооп бериптир.
* * *
Бир күнү автобазанын шоопурлары чогуу иштеген корей жигиттикине конок болушуп, талаанын четинде кызарта, калемпир-мурчка аралаштыра куурулган күчүктүн этин закуска кылып жеп отурушса, ар жактан койлорун айдап бир кыргыз жигит келип калды дейт. «Кел» деп чакырышып, арактан куюп беришип, закускадан ал деп сыйлап жедиришет. Эч нерседен капарсыз жигит:
— Оо, аябай байланган кой экен ээ, кабыргасын карачы, ичкерип калыптыр, — деп тамшанып отуруп тойо жейт. Тойгондон кийин арасынан бирөө:
— Ии, жигит, эт жактыбы, күчүктүн эти ушундай даамдуу болот, — десе баягы жигиттин өңү купкуу болуп:
— Эми эмне болот, эч нерсе болбойбу, байке? — десе Эши:
— Эч нерсе болбойт, коркпо, бирок мындан кийин бир бутуңду көтөрүп сийип каласың, — деп жооткотуптур.
* * *
Фрунзедеги Аалы Токомбаевдин үйүнө Чоң-Кеминден Сайдек аттуу теңтушу жумуштап келет. Аалыке жылкынын этин салат. Эт бышып, досторконго тартылганда, Сайдек күлмайда кылып туурайт. Тууралган этти, бышкан кесмени табакка салып, үстүнө чыктан куюп, ашканадан Зейнеп эже кашык алып келгиче карап отурбай, эт менен камырды колу менен аралаштыра баштайт. Конок үйгө кирип келген Зейнеп эже:
— Ой, боже мой, колуңду салбай, кашык менен аралаштырбайсыңбы, — деп чебелектесе, камырабаган Сайдек:
— Ой, Аалыке, айтып койчу аркы кемпириңе, мен эмне этти колум менен туурабаганда, бутум менен туураптырмынбы?! — десе Аалыке бир топко болкулдап боору эзилип күлдү дейт.
* * *
Айылда Мария апабыздын кыркын өткөргөнү шаардан кыз-кыркын, күйөө балдары келет.
— Ии, Ашыке шаарда эмне жаңылык? — деп Эмилбек аксакал шаардан келген күйөө бала — Ашырбек жездеге суроо узатса:
— Жаңылык эле ушу: Апас Жумагулов Айгүл Оморова деген жаш келинге үйлөндү. Айгүл Чоң-Кеминдин Кайыңды айылынан болот экен, — десе көпчүлүктүн арасында олтурган Дияс жезде:
— Ий, атаңдын оозун урайындар, шаарда жүрүп Апас көргөн аялды көрбөй, жанагы Эркинбек менен Сагын кайда жүрөт? — деп айылдаш эки карт бойдокту сөгүп коет дейт.
* * *
Иниси Аскер кызуу болуп келип, агасы Райканга:
— Байке, мынабул телевизоруңду керилип туруп бир койсом, эмне болот, ыя? — деп муштумун түйүп, кычыраса:
— Эмне болмок эле, англисче сүйлөп калат, — деп какшыктап коет дейт.
Антип айткан себеби, Аскердин келинчеги Чүкүн англис тилинен сабак берген мугалим эле.
* * *
«Аны жебейм, муну жейм» деп дүкөндө чоң энесин кыйнап жаткан кичинекей баланы карап турган Дияс:
— Эмки балдардын билбегени жок, карабайсыңбы, шокалад тандап жатканын. Мен килейип эле калган кезимде Асыран байкем Фрунзеге биринчи жолу ээрчитип барып, бир жерден кагаз стаканга сүзмө салдырып келди. Жеп көрсөм кумшекер салып, тоңдуруп коюптур. Сүзмөгө кантип кумшекер салсын деп жебей ыргытып жибергем, көрсө морожный экен, — деп күлдүргөн эле…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *