БАШЫ ушул шилтемеде

«Коомдук иштин» коктуларында
Тарых, улуттук дүйнөтааным менен кызуу алпурушуп жүргөн чагым. Петроглиф сырларына, скиф айбанат стили атыккан искусство дүйнөсүнө, алардан жалпылана калкып чыккан көчмөндөрдүн орнамент ааламына системдүү илик салып, улуттук философиянын уңгусун материалдык маданияттан излеп, издеп жүргөн кезим. Ошол кезде жан дүйнөмдү катуу козгогон, түйшөлдүргөн, мен үчүн өзгөчө орошон бир окуя болду. Сүрөт музейинде «Байыркы Хакас искусствосу» деген көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө адеп киргенимде талып жыгыла жаздадым. Музейдин экинчи кабатынын дээрлик жарымын ээлеп Хакасия, Алтай мейкиндигиндеги таш сүрөттөрдүн көчүрмөсү күтүрөп жыш толуп кетиптир. «Көчүрмө» болгондо да, өзгөчө бир техникалык ыкма менен, сүрөт кандай болсо дал ошол таризде, таштын фактурасынан өйдө бодурала болуп калың кагаздарга такма-так түшүрүлүптүр. Кудум Кара-Асканы кесип келип маңдайыңа калдайтып кадап салгандай! Бул ушундай бир укмуш сыйкыр эле!
Бирок таш сүрөт менен анда кишинин анча иши жок, профессионал сүрөт өнөр деп батыш мектеби гана таанылып турган тушта мунун баарынын эч кимге деле анча кызыгы жок, өттү-кетти. Болгону, жазуучу Т.Сыдыкбековду, сүрөтчү А.Каменскийди, археолог А.Абетековду катыштырып бир сааттык чоң телекөрсөтүү даярдадым. Аным деле анча назарга илинбей, видеопленкам экинчи кайталанып көрсөтүүгө да жеткирилбей башка тартууларга жумшалып, өчүрүлүп кетти. Бирок өчпөгөн бир нерсе калды, ал – блокнотума алынган тамгалар, символдор, табышмак белгилер, түрдүү жалгамдагы (комбинация) сүрөттөр эле (кийин «Теңирчилик» аталган баянымды «Асаба» гезитке жарым жыл бою тынбай жарыялаганымда ошол тамга, символдор табылгыс жабдуу болду).
Кийинчерээк, 90-жылдын аягында Жоомарттын чыгармачыл сапары дал ушул Хакасияга түшүп калды. Мен ага Хакасиядагы таш бетине чөккөн таңгаларлык тарых, композициялар, аларды даярдаган сүрөтчү Сапельконун өзүнүн өзгөчө живописи тууралуу (сүрөтчү май боегун ар кыл өсүмдүктөрдү, тамырларды, минералдарды жууруп жиберип Хакас табиятынын өңүнө дал табигый түстөрдү таамай таап алган эле!) айттым. Жоомарт катуу кызыкты. Ушул темада кызуу сүйлөшчү болдук. Тарых, эл баяны, жер баяны, бала күндөн көп окулган Көк Манас канын кайрадан козутуп, эзелки элестери дүрбөөн салып чыккандай болду. Жоомарт чукуранган өз стихиясынын босогосунда турду. Анан, сапар күнү да жетип, мастерскойун мага калтырды, көз салып тур деди. Эки айга кеткен ал ошол бойдон төрт ай жоголду. Ичтен өзгөрүп кайтты. Чыгармачылыгында жаңы, өзгөчө тилке башталды. Тарых, эпика, символика.
Символика дүйнөсүнө бой уруп кирип кеткенинин дагы бир жөнү – тарыхый шартка да байланыштуу болду. Эгемендик келип, эркин мамлекеттин баш мыйзамы, эн белги, символдору кабыл алына баштаган чак келди. Жоомарттын башкалардан бир айырмасы – көпчүлүк кылкалем журту граждандык позициядан ала келгенде пассивдүү келет; өнөрканасын ичтен бек илип алып, «мен дүйнөнү кайра жаратып жатам!» деп жашыл жалбырак натюрмортуна, расса, жашынып алып беймарал жашай берет. А сыртты, ошол жалбырак жашыл дүйнөсүн, маа десе сел алсын, өрт каптасын – аа кайдыгер. Жоомарт андай эмес эле, жарандык милдет-ыйманы жанын жай таптырчу эмес. Кээде анысы ашынып кетип, дайны жок чогулуштарга, кургуйу бүткүс курултайларга байланып, асыл убакытынын канча бири кур талаалап да кетчү. Ага өкүнүп, өкүнчү эмес. Башкысы – жарандык ыйманы алдында сооронуп калчу.
Ошол элдик эн белгилер кабыл алынып жаткан жылдары ал катуу иштеди. Теңирчил белгини тууга алып чыкты. Негизи, башкы белги өзү даяр эле, Хакасиядагы таш белгилерде тымып-тунуп жаткан. Бирок Жоомарт аны ошол тейинче алып чыгышка болбойт деп, кантсе да заман жаңырыгы сүртүлүш керек деп санап, символго кошумча детальдарды издеп, а ал болсо табылбай, туруп калды.
Анын үстүнө туу талкуусу бүтпөйт, дагы уларат деп күтүп да калдык. Жоомарт ошол өзү ынанган кошумча зарыл детальды «мына таптым» деген тушта (ал – тамгадагы төбөсү ачык асманга тик атылып чыккан «М» – «Манас Шумкар» таризде эле) комиссия иши да жыйынтыкталып, Туу кабыл алынып кетти. Биз кеч калдык. Болгону, туу көтөрүлгөндө ага удаалаш «Асаба» гезитине үч бет толо «Туудан тутанган сөз» аталыштагы материал жарыялап үлгүрдүк – Жоомарт үлгүсүн, анан, дегеле улуттук башкы символикалар кай философияга, идеяга каныгышы керектиги тууралуу. Кийин ойлосом, турмуш агымы туура эле өз нугунда кеткен экен ошондо – «түндүк» эң популярдуу жана кыргыздын жаны эле; ал эми символ-тамга, дегеле символизм табияты ал кездеги табит үчүн жаңы, көнүмүш эмес болчу.
«Гербде» деле, болжолу, ушундай көрүнүш кайталанды. Канаты жайылган «Ак Шумкар» Көккө оболоп, көкүрөккө жакын эле. Симметриясы да көзгө үйүр болчу. Ал эми Жоомарт тобу иштеп чыккан «Кош Кабылан» Жердик мүнөзгө ээ эле (философиясы-башка кеп). Кийин Жоомарттын идеясы өзгөрүлүп кетти. «Кош Кабылан» ордуна комиссияга «Үч Кабыланды» (Өткөн, Учур, Келер чак атап) алып чыкты. Мен-Оң-Сол, Орто идеялуу «Кош Кабылан» менен калдым. Болот Каратаев – «Жалгыз Кабыланды» иштеди. Кийин ойлосом: «өзүндө өзү өгөрөк аккан, бар энергиясы ичинде буккан Болоттун ошол түйүлгөн скиф кабыланында уюган күч жаткан экен, эгерде дагын да дагын иштелээр болсо…
Буларды эми да эстеп атканым – ушунун баарына канча күч кетти, убакыт короду, мастерскойдо түнөп кажынып канча талаштык. А Эркайым үй-мастерской ортосунда чебеленип «мамлекетчил» берендерге суутпай кесме ташып жүрдү. Жоомарттын жай бербеген жарандык ыйманы, азыр баары артта калган жаш мамлекеттин символдуу жүзүн издөө машакат күндөрү, ушундайча өткөн эле. Бир эле биздин эмес, ушул эң жооптуу да, сыймыктуу да, бирок эч кимден эчтеке күтпөгөн тагдыр сыйлыктуу да, асыл ишке аралашкан ар бир чыгармачыл топтун…
Жок, Жоомарт жалпы улуттук кайнаган ишке эч качан кайдыгер калган эмес, эшигин бек ичтен илип алган эмес, ошонун «карызына» канча бир чыгармачыл иштери калып кетти, учурунда жасалбай, бүтпөй, чаң басып, ысуусу сууп… Маселен, ошол эле Хакасия темасы. Кийинки Монголия ойлору. Өкүттүү, бирок нетесиң, өмүр деген да өлчөлүү экен.
* * *
Жоомарттын «коомдук ишмердигине» байланышкан дагы бир шилтем. Бир курдай телефондон коо бузуп эле бакырат: «Кел эле кел, ылдам келип кал, тез!» деп. Эмне болуп кетти деп жайылган кагаздарымды таштай салып айтылган жерге антаңдап жетип бардым. «Кы Ды Ке» партиясынын өзүндөй эле жылаңач кеңсеси экен. Жыпар Жекшеев экөө. Жоомарт Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына ушул партиядан депутат болмокчу болуп аттанып калыптыр. Мени менен эл аралап ишенимдүү кишим болуп беришиң керек дейт. Кыжаалат боло түштүм. Кызуу иштеп аткан ишиңди таштай салып такыр башка ишке (өзүңө дегеле тааныш эмес!) аралашып кетүү — салып бараткан жоргоңон капыс тандырат, оңкочук-тоңкочук атып өзүңдү таппай каласың, такыр да жоготосуң. Кыйылып каршылык кылдым. Ошол туштары чыгармачыл дем-илхамы оргуп турган Жоомартка деле кереги жок болчу ушунун. Анын үстүнө атаандаштары да ал кезде саясы сакасы (же, акчасы!) өктөм өкчөлүп турган салмактуу кишилер эле: Президент А.Акаевдин жакын адамы Мисир Ашыркулов, академик Турар Койчиев, колхоз башкармасы Райымжанов, Кара-Балтадагы алтын чайкаган комбинат деректири Жалгап Казакбаевдин бир тууган иниси Оомат Казакбаевдер. Булардын жанында шымы жыртык КДКдан шымаланып чыккан Жоомарттын шансы дегеле жок болчу. Эл аябай ачка эле. Аларга Жоомарттын рухий оокаты эмес, Оомат, Райымжановдордун… электр трансформатору, талаа техникасы, элге ачык эле таратылган ун-шекери («бергенин ала бергиле, бирок билгениңердей сала бергиле» — Президент А.Акаевдин өзүнүн учкул урааны ушу эле!) керек эле. Бирок Жоомарт катуу ээленип алыптыр. Ага Жыпар да күчтүү шыкак. «Эр жолдошу-тобокел!» деген, кеттик. Эң башкысы – шайлоонун жүрүшүндө биз элге кыргыз рухун, искусствосун пропагандалап калышыбыз керек да! «Ни хлебом единым сыт человек» деген. Муну биз жасабасак ким жасайт!».
Ушинтип аягы жер баспай асмандап алган ал болбой саясы чоң чабышка түшүп алды. Мен да көңүлүн кыялбай «жок» дей албадым. Анан чын эле биз ойлогондой болду. Башкалар трансформатор койду. Мектепке компьютер берди, алдыда асфальт төшөп, көпүрө курмай болду. Айтору, «талкан» сунду. А биздин «рухий талканыбыз» эч кимди деле кызыктырган жок. Эл менен жолугушуунун алгачкы күндөрүндө эле ар кимдин тараза ташы өлчөнүп калды. Бирок акыйкаттык үчүн айтыш керек, ошол алгачкы шайлоо жылдарында атаандаш талапкерлердин бирин бири сыйлоосу күч эле, бөлүнбөй чогуу жүрүшчү. Анан жолугушуу соңунда кезмектешип чай беришчү. Ошондой ак дасторкон жайылган күндөрдүн биринде сөз ачыкка чыкты. Баарыбыз дүрбөй бербей, добуштарды да бөлалды кылбай мүмкүнчүлүгүбүз барларга жокторубуз жол бошотуп койбойлубу — дешти. Турар Койчиев, анда абдан кадырлуу кези, оюн-чын аралаш айтты.
— Жоомарт өз иним (экөө тең Сары-Булак айлынан), кезинде жардамым да тийген. Мен үчүн алып коет ко…
Жоомарт саал тына калып, шар айтты:
— Жок, мен өз башыма ээ эмесмин. Партия турат артымда, албаймын.
Ошондо мен Жоомарттын өз алдына кандай гана чоң-кичи максат койбосун, ага жетиш үчүн эч чегинбей беттей берер чечкин, көжөлгөн көк экенин бир түшүндүм.
Муну айтканым, ошол шайлоочулар менен жолугушуу күндөрүндө Жоомарттын апасы күтүүсүз каза болуп калды. Энени жоготуу кандай оор. Азалуу чагында жанында болдук. Эл менен кошо талапкерлер да топурак салды. Жерледик маркумду. «Ай эми Жоомарт жарыштан чыга берет ко» дегендей ойдо болдук, баарыбыз эле. Бирок Жоомарт антпеди. Эрдин кесе тиштенди, баягыдан чыйралды, эртеси күнү кайрадан эл кезип кеттик.
Акыркы күндөрү ат чабыш катуу кызыды. Башка айыл, аймактардан кимдин канча добуш алаары дүңүнөн ачыкталгансып калды. Ал эми Жоомарттын үй-бүлө, ага тууганы үчүн башкасы бир тең, өз айылы Сары-Булак бир тең болуп калгансыды. Бир жолу атасы экөө сүйлөшүп атат:
— Ой ата, — деди Жоомарт, — сен эми айылды өзүң кыдырып кел, чалдарыңды үгүттөп, алар балдарына айтсын, балдары теңтуштарына…
— Ийэ балам, меники уятыраак ко, сакалдуу киши болсом, атасы саксаңдап өзү чуркап жүрөт дешпейби. Тигинде Койчу деле (Турардын атасы) үйүндө отурат…
— Эй ата, кызык экенсиң — деди Жоомарт олуттуу, бек-бек сүйлөп бакылдап, — билсең бул сенин конституциялык укугуң! Милдетиң! Азыр сен менин атам эмессиң, мен сенин балаң эмесмин! Чалдарыңа ушинтип эле айт!..
— Ошентсе да… — деди Асаналы карыя чекесин саал тырыштыра берип. «Конституция, укук, атам эмессиң, балаң эмесмин» деген саясы сырдуу-сүрдүү сөздөрдү түшүнө бербей дел, ормоюп уулун карап турду.
— Чын айтам — деди Жоомарт жеңилип бараткан атасын ансайын каптай, — сен өзүнчө гражданинсиң, мен өзүнчө гражданинмин. Сен, билсең, граждандык милдетиңди аткарып жатасың, ата!
Ошондойбу деген кыязда, бир оокумда «жеңилген» Асаналы карыя калкайган мурутун жанып алып көчөгө чыгып жөнөдү. Баятан күлкүсүн араң тыйып турган мен жарылып каткырдым. Жоомарт түшүнбөй таң калып карады, ансайын кармана албай күчөп-күчөп күлдүм. Менин көз алдымда Гоголь жазуучунун каармандары – мурутун булккан Тарас Бульба менен төбөсүндөгү айдары сеңселген балбан уулу Остаптын «кыргызчаланган» образдары турду. Анда да ата-бала күрөшө кетишип карт Тарасты жаш Остап көтөрүп чаап үстүнө минип койгон эле. Асаналы карыя менен Жоомарттын ошондогу олуттуу диалогу, тоорушкан кебетелери, эпостук чыгармадан эми эле түшүп калгандай баёо жана табигый, алпейим жана монументалдуу эле. «Монументалдуулук», дагы айтайын, Жоомарттын тэгинде, канында болчу. Ошондо өзү да элес албаган табигый турмуштук ушул «образын» кийин айтсам Жоомарт далайга дейре жарпы жазылып күлүп жүрдү.
Анан шайлоо күнү да келди, базар кызыды. Бүт Кыргызстан бир тең да, Сары-Булак бир тең болуп кеткенсиди. «Ушу Койчудан утулсам, анда …» деп аржагын күңкүл сүйлөп элеттик катуу намыскөй Асаналы карыя ар көчөдөн «шайлоого» чубаган элди көздөн сыдырып, «өз- бөлөктүн» добушун көңүлүндө экчеп, буркачан Бульбадай короосунда аркы-терки басып жүрдү.
Түнкү добуш санакта Сары-Булакта Турар агайды Жоомарт утуп кетти. А калган аймактарда – мөртөй-шөртөй. Бирок Асаналы карыяга (Жоомартка деле!) Койчуну уткан ушул эле «жеңиш» жетиштүү эле. Уулу депутат болгондой бакылдап, өзү айткандай: «Айылда башын көтөрүп басып калбадыбы!…» А Жогорку Кеңешке… башкарма Райымжанов депутат болду. Колхозу бай эле, бордолгон букалары да көп болчу…
Жоомарт — Манасчы
Жоомарт Хакасиядан келгенден кийин тарых темасына катуу кызыгып кетти. Кийинчерек Монголияга да сапар жолу түштү. Бул жактан да байыры кыргыздын изине түшүп байыркы көчмөн дүйнөнүн демине чөмүлдү. Көптөгөн эскиздерин жасап, композиция долбоорлорун түздү. Өкүттүү жагдай – ошондогу чыгармачыл ойлорун станкалык живописте ойдогудай ишке ашыра албай калды. Жөн эле, убактысы, шаасы жеткен жок. Анткени ал Манас темасына кызуу киришип кеткен эле. Эпостун 1000 жылдыгын белгилөө, Ашым Жакыпбековдун жаңы китебин жасалгалоого заказ алган кездери болчу. А булар Жоомарттан өзгөчө чыгармачыл толкунду, башкача ички ритмди, демейки реализм мейкининен чыгып кеткен жаңшанган жан маанайды талап кылды. Ал эми буга жетиш, чыгыш үчүн кайрадан ичтен сыныш, жаңырыш керек эле. А бул оңой эмес. Мен өзүм күбө болуп калган бир жагдайды эстейин. Кашкөй Ашым Жакыпбековдун Манастын эпикалык зор чабытына кана сугарылган, ошол эле мезгилде кара сөздүн стихиясы аркылуу кара турмушка да билги жакындатылган атактуу «Теңири Манас» китеби жазылып болуп, басманын планына кирип, 1000 жылдыкка карата чыгаруу болжонуп калган. Жасалгалоо иши Жоомартка тапшырылды. Бирок Жоомарттын Манасы түк чыкпай койду. Биринчи эскиздери, мисалы, А.Г.Петровдун салтында (Москвадан 1946-жылы орусча чыккан Кызыл Манас) гуашь менен түстүү иштелди. Бирок тартылган сүрөттөр анын өзүн түк да алымсындырган жок. Анткени, алар китептик иллюстрациялык гана деңгээлде эле. Майда эле. Ал эми Жоомарттын көкүрөгү башка нерсеге суусап турган – чыныгы эпикага. Ал эми ал кайда, неде?.. Табылбайт.
Ошентип иши ойдогудай чыкпай койду. Убакыт созулду. Китеп мөөнөтү кысты. Басмадагылар менен да өйдө-ылдый тартышып калды. Кыскасы, Жоомарт тапшырмасын убагында аткарбады. Акыры, Ашыкенин китеби Манасты жасалгалоо боюнча буга дейре каныгып калган чоң талант Таалай Курмановго шашылыш өткөрүлүп берилди. Кандим сүрөтчү-манасчы бул жолу да өзүн кайталабай, Ашыкенин Манасын кечиктирбей, тез, башкача ачкычта, өзгөчө чечип салды. Кыргыз эли Ашыке – Таалай билги дуэтиндеги жаңы Манасына ээ болду. Ал эми Жоомарт… Жоомарт да көп өтпөй өзүнүн кайталангыс Манасын төгүп салды.
Өнөрканасына бардым бир күнү. Барсам, жер жайнап Манас! Дубал деле Манас, пол деле Манас, баары Манас! Мастерской ичи толуп кетиптир! Сааты чыккан экен, сүрөтчү бир дем менен иштеп салыптыр. Кудум, Саякбай «Тайторуну» сабалатып төккөндөй, окоро түйгөн кистисин бооруна басып алып, сүрөтүн сүрөп чыгыптыр. Болжолу, кырктын тегереги, ар бири өзүнчө монументалдуу графикалык композиция! Кыргыздын дагы бир байлыгы. Кыргыздын дагы бир сүрөттөгү керемет Манасы, кайталангыс сүрөтчүсү-манасчысы – А.Г.Петров, Лидия Ильина – Михаил Осташев, Белек Жумабаев, Теодор Герцен, Таалай Курманов кербен кыркаарындагы, Жоомарт!…
Ар биринин өз заманы-мезгилине жараша ачылган бир-бир өзгөчөлүгү бар. Ал эми Жоомарттын Манасы — элге эгемендик келип, кыргыз улут руху өзгөчө бир демденип эргип, оожалып оболоп турган заманына туш, жоомарттык ички зор монументализм айкалыша кеткен тарыхый бактылуу көз ирмемдерде жаралып калганы менен баалуу жана кайталангыс! Улуттук дух өзүн ургаал таанып жаткан мезгилдеги… Тагдыры экен, Ашыкенин Манасына жолу түшпөй калган бул графикалык, гуашь серия кийин 1995-жылы жазуучу Кеңеш Жусуповдун ширелүү Манасына ширелишип, ажарын ачып жарык көрдү.
Ушунда мен Жоомарттын бая көкжал көктүгүн кайра эстедим – өзүнүн көздөгөнүнө анык жетмейин жаны эч качан жай албастыгын жана абийирине (чыгармачыл!) камчы чаппастыгын! Ырас, Жоомарт деле киши эле, көп пендечиликтен куру эмес болчу. Жеке, коомдук, саясый болобу, колунан келген ишмерлер менен алакалашып калганда айрым конформизмге барчу (өзү айткандай: «берди-алдым; урду-качтым!»), бирок жеке чыгармачылыкка келгенде ал эч качан ыйманына камчы чапчу эмес, конформизмден бийик турчу. Кудум, Алыкул акын айткандай: «турмушка миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм».
Ооба, «калп айта албаган чыгармаларына» ал кажынып отуруп барчу, өзүн мүлжүп, жеп… Ошонун бир мисалы – «Айкөл Манас жана Кырк Чоро» монументалдуу скульптуралык комплекси. Ушул тууралуу азыраак сөз.
Мунун идеясы Аскар Акаевдин президентчилиги тушунда, Жоомарт мамлекеттик расмий делегация менен бирге Кытай Эл Республикасына барган сапарда көз жарган экен. Бээжинден түштүктө, Сиан шаарында, байыркы Кытайдын аша чыгааны, алгачкы улуу хаканы Эсенкан- Цинь Шихуандинин дөбө мүрзөсү бар. Аңыз боюнча Эсенкан өлгөндөн кийин чыгаан катыны Юэ ханша курдурган. Кырк жыл бою созулган курулуш ишинде күнүгө 700 миң киши иштеген. Өткөн кылымдын 1974-жылында баш-аягы 60 чарчы километр аянтты ээлеп жаткан бул дөбө-мүрзө аймагы казылганда андан көргөндүн эсин талдырып чоподон уютулган сегиз миң ашуун жоокердин кылкылдаган статуялары табылган. Мындан да таң калаарлыгы – ошончо жоокердин ар бири кайталангыс! Бир да бири экинчисине окшобойт! Аалымдардын тыянагы: ар биринин турмуштук өзүнө өңдөш ээси, кейипкери болгон. Ошол дөбө-мүрзөнү кыдырып көрүп баратышканында алдыдагы Аскар Акаев артына кылчая калып айткан экен:
— Жоомарт Асаналиевич! Бизде качан ушундай музей болот. Кура алабызбы?
— Кура алабыз — деген экен шар Жоомарт — бизде мындан да улуу дүйнө бар – Манас…
Келгенден кийин интеллигент, тыкан Аскар Акаев дароо Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо боюнча президенттик жарлыгын чыгарып жиберген экен. Жоомарттын «Айкөл Манас жана Кырк Чоро» скульптуралык комплексинин (музей-зор постаменттин алдында, ичинде болмок) долбоору ушундайча башталып калган. Алгачкы болжол боюнча комплекс ушул аянттан орун алмак. Бирок аттиң, ишти баштаарын баштап, бирок жартычеке калакбаш таштап салган ал заманда Президент жарлыгы не өзү, не башкалар тарабынан көзөмөлгө алынбай Указы чаң басып кала берди. Бир гана чарчоо билбес мээнеттүү кул, чаалыкпас кумурска өз өнөрканасына мүшөктөп пластилин ташып көжөлүп иштей берди. Аңгыча заман да аңтарылды. Акаев кетип, Бакиев келди. Кумурска иштей берди. Элдин көңүлүн бу жаңы ишке бурмакка өнөрканасына тааныштарын чакырат, журналисттерди келтирет. Гезитке жаздырат. Эч нерсе өзгөрбөйт. Скульпторлор пластилиндүү күлөт: өзүнүн колдон келген иши – боегун боей бербейби. Жоомарт болбой көжөлөт:
— Скульпторлукту эмне, кудай булардын чекелерине биротоло басып коюптурбу энчилеп…
Жоомарттын мынчалык көжөлгөнүнүн жөнү бар эле.
Муну Жоомартка жонун салган каршылаштары деле, боор толгогон санаалаштары деле чындап түшүнө беришпеди. Маселе учугу тээ Кытайда, Сианда жаткан – Эсенкандын бир бирине эч окшобогон сегиз миң ашуун черигинде. Ал эми Манас – Аалам. Ар бир чоросу – кайталангыс опол Дүйнө! Сыртында да, ичинде да. Ошон үчүн аттын кашкасындай аз кыргыз үй түгүндөй кыжылдаган кытайдын мүйүзүн кайырып сак турган. Ошон үчүн ар бир чорону ичинде да, сыртында да бири миңге татыган чулу образында нак ачыш керек. Ошон үчүн бири миңге татыган ар бир чоро – сырткы сын, турум турпатында да (жалпы пластика), өңү кыяпатында да (жеке образ) кайталангыс болууга тийиш.
Жоомарттын түп мүдөөсү ушул эле. Мындай кажынган максатты (сверхзадача!) ачынган жан, Манастын тереңги духуна чындап чөмүлүп калган кажарлуу сүрөткер гана кое алмак!


Скульптуралык комплекстеги ар бир чоронун-фигуранын сырткы кыймыл абалын, пластикалык, образдык чечилишин дыкат карап отуруп сүрөтчүнүн бая батыл сөзүн эстейсиң: «эмне, скульпторлукту чыкыйга биротоло чыккыс басып коюптурбу?» Ооба, скульпторлук (дегеле, сүрөткерлик!) биринчи ирээтте как жүрөктүн өзү экен, так сезимдин көзү экен! Жоомарт Кырк Чоро, Манасына тирүү көкүрөк менен келген. А көкүрөк болсо — калганы ээрчип келет. Арийне, адисттик (профессионализм) зарыл, бирок табиятынан масштабдуу монументалист да, чебер портретист да Жоомарт муну эч кимден сурамак эмес. Бир гана нерсе өкүндүрөт – скульптуралык комплекс, пластикалык жактан жалпысынан жемиштүү чечилгени менен жеке кыяпаттык (образдык) жактан чечилип үлгүрбөгөндүгү. Чакан формада (макетте) бул мүмкүн эмес эле. Ушинтип, тушунда Жоомарттын көкүрөгүндө көөлбүп жашаган ар бир тирүү образ (Кырк Чоро-Манас) анын өзү менен кошо биротоло кетти, кайткыска житти. Ушул өкүндүрөт, жүрөктү эзет…
Айтса, бул эле эмес. Эми ушул макетте калган бар дүйнөсү да бир четинен улам бөксөрүп, кемип барат. Тийиштүү температуралык режими сакталбаган мастерскойунда камалып турган иштер мезгилдин ырайымсыз ысык-суугунан бүлүнүп, куну кача баштады. Буларды карап-карап отуруп, сүрөтчү бир эмес эми чындап экинчи ирээт өлүп жаткандай эңшерилесиң…
Ушул баягыдан да бек өкүндүрөт, андагыдан да жүрөктү мыжыйт, эзет. Тек, Манасынын баркына жете баштаган мамлекет, катары калыңдап бараткан мекенчил ишкерлердин көз кыры түшүп, бул мамлекеттик мааниси зор иш акыры сакталып калар, жүзөгө ашар деген үмүт, тилек сооротот.
Ырдалып бүтпөгөн ыр
Жоомарт мага айтып калаар эле: өмүрү соңунда кыргыз залкары Гапар Айтиев менен көбүрөк жолугушуп калдым. Ошондо ал өнөрканасында, зал толо картиналарынын курчоосунда тунжурап тунуп-тунуп отуруп оор күрсүнүп калар эле: «Ушул иштеримдин кайсынысы өчөт, кайсынысы калат?» Кайсынысы менин атымды чакырып кийинкилерге муңбай кызмат кылат? Кайсынысы?!. Устат ушинтип түйшөлүүчү эле өмүр соңунда деп калар эле Жоомарт.
Анан, чын эле «кайсынысы?» деп, эчак көзү өтүп кеткен мастердин ордунда экөөбүз да ой толгой кетчүбүз. Ошондо бир келген жыйынтыгыбыз мобул эле: Айтиевди, т.а. «соңку айтиевди» («поздний айтиев») ар бир картинасына ажыратып карашка болбойт экен, бардык картинасынын ажырагыс тутумунда, чогуу караш керек экен аны. Ошондо Айтиев өзүнүн бар тереңдиги, жалпылыгы, философиясы менен биринде кемин экинчисинде өнүктүрүп, экинчисинде жогун үчүнчүсүндө төлөп, үчүнчүсүндө ачылганды төртүнчүсүндө тыянактап, ушинтип барып гана бир туташ уламалдыкта, композициялык үзүлгүс чынжырларда, боектук созулгу гармонияларда жалпыланып БИР АЙТИЕВ түзүлөт. Турмуштук бытыраан чачырандыктан арыла СИМВОЛ тегизге жаркып чыгып кеткен Улуу Мастердин рухий портрети тартылат!
Жок, «соңку айтиев» дүйнөсүнө мындай ачкыч менен кирбесек, көнүмүш сүрөтчүлөрдүн көнүмүш иштерине мамиле кылгандай анын ар композициясына бир бирден жол салып түшөбүз десек, анда Айтиев ар фрагменттелип кунарсыздала түшөт. Философиянын түпкү умтулган чеги бирөө гана – Символ! Соңку айтиев, ана ушундай бүтүн, бүткөн Символ. Айтиев – чыныгы философ! Айтиев көзү тирүүсүндө түйшөлгөн суроону салып, кийин ага берген экөөбүздүн түкшүмөл жообубуз ушундай эле. Мастер өзү эмне демек, ким билсин…
Айтиев эле эмес экөөбүздүн эң эле көп сүйлөшкөнүбүз, ой бөлүшкөнүбүз Чуйков болор эле. Семен Афанасьевич биздин баардыгыбыздын жүрөгүбүзгө тээ ууз бала күндөн «Эне Тил» китебинин мукабасынан тигилип «Советтик Кыргызстандын Кызы» менен мухабаттуу кирген эле. Чуйков биздин ууз сүйүбүз эле. Бир эле « Таң», «Кеч» , «Эгин бышты», «Койчунун кызы», «Родинамдын тынч талааларында», «Ааламга жанашуу» өңдүү аталыштардын өзүн эле эстөө көкүрөгүңдү канчалык чексиз жымыратып, көзүңдү каканактап жаш келтирет!
О, кыргыз жеринин керемет ырчысы, о, кыргыз элинин асыл кулуну Семен Афанасьевич! Эр Семең!
Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн ичинен Жоомартка бала күндөн эң эле күчтүү таасир эткен, анын живописинин башкы өзөгүн калыптандырган талант ушул Семен Афанасьевич эле. Ырас, бул таасир тууралуу ал эч жерде чечилип деле айтчу эмес (чоң сүрөтчүлөр, атактуу жазуучулар өздөрүнүн чыныгы булагын көп учурда эмнегедир жашырып, айтышпайт). Бирок бул таасир Жоомарттын көпчүлүк полотнолорундагы башкы фигуралардын (каармандардын) арткы пландан (ортоңку план деген дээрлик жок) калкып бөлүнүп турган композициялык чебер катышта баамга айрыкча илинет. Тек, Чуйковдо турмуштук, жердик түс (сары, күрөң) басымдуу, ал эми Жоомартта Көк Теңирийлик көгүлжүм каалгымалык (отвлеченность) күчтүү.
Чуйковду эстеп атканым, бая «соңку айтиевден» улам. Эгерде «соңку айтиевден», жана айткандай, картиналарынын кыркаарынан кандайдыр бирөөнү кескин бөлүп алып «мына мобул!» деп сууруп чыгыш кыйын болсо, ал эми Чуйковдо дал ушунун тетирисинче же анын кайсыл гана композициясын болбосун «мобул!» сууруп чыгышка болот. Чуйковдун ар бир картинасы өз-өзүнчө бүткөн Дүйнө. Ал – ар бир картинасында бүткөрө жыйынтыкталган жан. «Таңы», « Кечи», «Койчу кызы», « Родинасында…», «Ааламга жанашып» калган жан.
Эки улуу мастерден улам, дагы жакшырак түшүнүп алуу үчүн, салыштырмалуу, алардын окуучусу Жоомартка келгим бар. Жоомартта экөөнүн тең касиети бар, кандайдыр тараза кармалгандай эле. Маселен, анын станкалык живописи тээ башынан эле, чуйковдук эпикалык жалпылоого умтулуп туруучу. Кең жайлоого сыйбай тон бешигине оролуп келберсип уктап жаткан «упчулуу бөбөктөн» тартып «Улуу Күн», «Кош Алымкан», «Куттуу кеч», «Ыр», «Курбулар» композициялары укумдай сюжеттен (м: тончон кыз) чексиз улуулукка (м: «Куттуу кеч») карай жол кандайча билинбей сызылып жалгашып отуруп бир чулу бүтүндүккө айланып кетээрин көз алдыда көөлбүтүп алып өтүүчү, боектун бар гаммасында, композициянын ички түр ритминде, таңкаларлыктай табигый бир үзүлгүс уламалдыкта – эми айтиевдик усулду эске салып. Бир сөз менен айтканда, анын көпчүлүк картиналары – ар бири, жеке жарым, бир бирден алганда да, бир тутумда караганда да кандайдыр бир Улуу Символ-Биримдикке умтулуп турчу.
Тек, биерден жеке баамыбыздагы дагы бир нерсени белгилей кетүү орундуу: эсеби, мейли Чуйковду алалы, мейли Айтиевге багалы, экөө тең живопистеги башкы сөздөрүн, негизинен, айтып болушту, өзүлөрүн аягына дейре дээрлик ачып тынышты, акыркы «аккуу кыйкуусун» («лебединая песня») салып өтүштү. Ал эми Жоомарт… айтыш кыйын. Ал станкалык живописте айтар сөзүн айтып болгон жок, сүрөткерлик ички мүмкүнчүлүгүн жарыя ачып болгон жок. Ырас, ал өз соңуна башка замандаштарына салыштырмалуу кыйла эле көп живопистик иштерин калтырды. Аларды шашпай көз алдыдан чубатып олтурсаң, бирде:
Акылбековдун тагдырын байкайсың. Сабырбек ага да бир шилтем этюддун кылчоку мастери эле, алардын эң эле көбү ошол тейинче калды, айрым композицияланууга үлгүрбөй. Ал эми кай бир көлөмдүү иштелген композициялары-изгилиги, бир бүткөн маанайды (настроение) берүү жагынан укумдай этюддарына көп учурда уттуруп да коючу. Жоомарттын да соңунда эң эле көп этюддары калды. Бир шилтем, кыска ырдай, айрым композицияланбай, Акылбеков тагдырын эске салып. А этюддардын ички мүмкүнчүлүгү кеңири эле…:
Айрым иштеринде – рерихчил дух күчтүү эле, деталдуулуктан дээрлик качып, ылгый көк, саргыч түстөрдүн контраст мейкиндигине калкып, жалпылоону башкы максатка айлантып жиберген; айрым иштеринде – салттуу живопись анча сүйө бербеген, таптаза реалдуулук менен эле катарлаш жанаша жашаган элес (ирреалдуулук) шарттуулугу күчтүү эле. Изденүүнүн түрлүү этап-кырдаалдарын көз алдыдан кыркаар чубаткан мындай мозаик иштердин үстүндө терең-терең ой калчап отуруп Жоомарт баары бир живопистеги, эгер айтиевче айтсак, «соңку кадыралиев» («поздний кадралиев) доорун баспай кеткенине ынанасың, өкүт кыласың.
Ушул ыңгайдан алганда анын «Эсимдеси» автордун станкалык живопистеги акыркы «аккуу кыйкуусуна» окшоп кетет. Мындан кийин ал живопись майданында бел чечпей иштеп бере албады. Алтай, Хакасия, Монголия айдыңдары не тарыхый, не философий өңүттө, не кадыресе эле тематикалык багытта болсун, автордук бар кудуретте, жетишерлик ырдалбай, өркүндөтүлбөй кала берди. Ушул өкүндүрөт.
Бирок экинчи жагынан алганда, кандайдыр мыйзам-ченеми да бар өңдүү мунун. Ушул өңүттө анын узак-узак жылдар бою өнөрканасынын төрүндө бүтпөй, илинип турган, эми ошол тейи түбөлүккө бүтпөй калган «Айт» деп аталган зор полотносун эстөө орундуу. Болжолу, өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде жазылып башталган бул иш кандайдыр бир себептер менен токтоп калган. Ошондон бери бул полотно Жоомарттын кийинки баардык иштерин карытты, өзү чала (жок, жапжаш десекпи!) кала берди. Анда – өзүнө-өзү сыйбаган чалкыган улуу жаратылыш, күпүлдөп аккан тоо суусу, жан жагына жарылып түшкөн шаркыратмалар, алардан аттап, айттап, өйүз-бүйүзгө өтүп жатышкан шарактаган кыз- келиндер, алар болушунча кызыл-тазыл кийинип алышкан… Айтору, «Айт» картина баштан аяк шаалдап чылк динамикага тунган – фигуралардын жалындай булак эткен кыймылы, түстөрдүн жыш контрасты, сүрөт алкагын жарып сыртка тебилип кетчүдөй чың композиция! Бир сөз менен айтканда – Дүйнөлүк Рамистик Шаң!
Ушул картина эмне үчүн убагында бүтпөй калган деп көп ойлондум. Көрсө, автордун да кызыл кыздай, жашыл жаздай өрт жаштыгы ушул окторулган тоо суусундай шаркырап бир агып кеткен өңдүү. Тынууга, тунууга үлгүртпөй. Ордун олут ээлеп – философия, тарых, Манас же кээде кадимки эле күндөлүк ыбыр-сыбыр басып. Бир күргүн сууну эки кече албагандай эле автор да улам жаңы иштин кызуусунда, демеген жагалдуу ал маанайына ана барам, мына табам деп жүрүп Мезгил Закымында кол үзүп кете берген өңдүү (көрсө, түбөлүк шаңды шайтандай минип алган бир Рамис – Көсөө гана гений белем!). Жокең да дал ушул «Айтына» кайра бара албай калгандай эле станкалык живописте ишке ашырар канча бир композияларына да кайрыла албай калган өңдүү. Өкүнүчтүү, өкүнүчтүү, бирок нетесиң, өмүр дегениң да өлчөлүү иш экен…
Эмесе, мен ушул жерден соңку ирээт артка кылчайып, «Эсимде» картинаны дагы бир жолу эстей, мындан кеминде отуз жыл мурунку жазылган бир «көрүүчүнүн пикирине» кайрылгым бар. Бул жан толгоо ошондогу Жоомарттын жаштык маанайын, кудурет-демин, романтикалуу абалын-абанын, дегеле сүрөткерлик деңгээлин бүгүнкү окурмандын көз алдына таасын тартып бере алат деп ойлоймун.
В чем изначальная суть жизни и искусства…
Где проходит грань между ними? А вообще существует ли она? Или есть только бесконеч-ная… вечная…недосягаемая, но всегда окружающая нас простая и великая загадка бытия, вы-ражающаяся посредством искусства, и, тем самым, перестающая быть ею, превращаясь в нечто большее, имя которой – ТАЙНА, ДУХ, ЛЮБОВЬ, БОГ…
Это первая мысль, зарождающаяся после встречи с полотном «Эсимде» Ж.Кадралиева. Кон-кретная и многоликая она и есть метафора Бога, Любви, Вечности… Созерцая картину, хо-чется щемяще тихо-горько, громогласно шептать слова Чехова: «Давайте, друзья, споем что-нибудь божественное…» («Степь»).
Можно научиться грамотно писать, усвоить все законы живописи, но остаться холодным, рассудительным и безупречным ремесленником (как Конурбаев, чей триптих не волнует сердце, но зато вон как терзает ум. А за «Анару» спасибо ему), но невозможно стать художником не имея одаренность СВЫШЕ и подпитки снизу – от народа, своей истории, мелодии родной земли, запаха полыни…
Жоомарт! Пусть всегда поддерживает тебя бессмертный дух народа!
И еще, очень тепло лирично-человечно, благородно-тоскливо написаны работы С.Торобекова «У порога», «Сон». Чувствуется уверенное становление автора: гражданин, художник, лич-ность…
Еще раз спасибо Жоомарт, за очищение души.
Спасибо Сапар, за «светлую печаль» (Пушкин).
Чоюн, 7 декабря 1987г.
Ооба, бул саптарды чийген, эми ошондон отуз жыл өтүп айласыз кайра ушул эскермени жазып калган ушул саптардын ээси – кулунуңуз эле. Муну өзүм да унутуп калыпмын. Үмүт Асанованын учурунда мага да күчтүү таасир эткен качанкы бир жазганын эстеп (телекөрсөтүүдө колдонгон элем), эми ошону Айжамалдан (Жоомарттын карындашы) издеттирип атсам, капыс табылып калды. «Эсимденин», чыны менен, Жоомарттын живопистеги (Үмүт айтмакчы: «живописание») ырдалып калган акыркы «аккуу кыйкуу» ыры-ыйы болуп калгандыгына-андагы жөпжөнөкөй, эмики тарыхый ушул Бир Факт мени дагы бир жолу ишендирди. Дагы бир жолу эңшерилдим…
Арийне, Жоомарттын станкалык живописине (башкы өнөрүнө!) карата айтылган жогорудагы ойлорду анын графикасына, декор иштерине, ушул техникаларда ишке ашырылган Манас темасына карата айта албайсың. Бул өңүттөгү бүтөргөн иштери живопистеги бүтүргөн иштерине салыштырмалуу саны боюнча аздыр. Бирок принциби, маңызы боюнча ал Манас темасында өзүн толугураак жана ар тараптуу ача алды деп айтууга болот.
Эсеби, Манас графикалык сериясы кыска, экспрессивдүү, Кара Аскадай уюган маңызды ургундай бир шилтемдерде жепжеңил (көздү алдаган!) алып чыккан (сыган) экспрессияга тунган. Ар бир композиция – чулу сырт сынында монументалдуу эпикалуу жана ичтей ошончо чың динамикалуу! Капыс чагылган аткандай! Жоомарттын Манас сериясы башка баардык манасчы-сүрөтчүлөрдүн ишинен кескин айырмалуу. Балким, ал тээ байыры Көк Манас менен гана алыскы жаңырыкташ…
Таластагы «Манас Ордо» комплекси, тескерисинче, көп пландуу жана ар катмарлуу. Мында эпика да лирика да, реалия да ирреалдуулук да, конкретика да символика да жыш жуурулушуп калган. Манас – Асман аңыры Жер жарыгы менен калкылдап бет алдыңда калат; эпос мүлдө сюжетинде көз алдыңдан сыдырылат. Ош шаары филармониясындагы көлөмү 206 чарчы метр келген «Кылымдар таңы» символ-эпопеясында чагылдырылган кыргыздын улуу тарыхы, рухий ааламы тууралуу деле ушунун өзүн айтууга болот.
Ал эми ишке ашпай калган « Айкөл Манас-Кырк Чоро» скульптуралык ансамблинде чектелген материал (чопо) чегинде-чексиздик мазмуунду (манасрух) кандайча чебер алып өтүү далалаты жасалганы, баяраак айтылды.
Бир сөз менен айтканда, Жоомарт эч кимге окшобогон өзүнүн Манас дүйнөсүн бизге калтырып кетти. Арийне, мынча калкагарга көтөрүлүп алган ал бул бийиктен дагы далай чабыттамак, жаңы багыттарын ачмак, өзгө өңүттөрүндө үңүмөк, ИШ бүтүрмөк. Бирок ушуган да канимет, ал өз манасиада уңгусун түзүп үлгүрдү. Канымет, канымет…
ТЕҢИРИ-Мейкинде түпсүз, Мезгилде чексиз. Биз, Мезгил-Мейкиндин чексиздиги-түпсүздүгүнө түшүп эмес, түшүнүп үлгүрбөгөн чектелүү Жер пендесибиз. Бир гана Улуу Манасчы ошол Сырдан аян алат, шоорат кагат. Жоомарт Улуу Кудуреттин табын туюнуп баштаган сүрөтчү-манасчы эле. Учуп кетти. Кудум байыркы таштагы жазуудай: «Теңириме учтум…»
Сөз соңу
Өмүрдүн кийинки жылдарында Жоомарт экөбүз дээрлик көрүшпөй калдык. Мен сүрөт эмес, адабияттан алыстап кеттим. Физика, философия дүйнөсүнө («Уңгуталаа» – «Единое поле») үңүлдүм. Ой токтотуп иштемекке айылда көп жүрчү болдум. Шаарга келгенимде гана, экен-токондо, кандайдыр бир жыйындарда капыс жолугушуп калганыбыз болбосо, экөөбүздү мурдагыдай эңсетип, издеткен жалпы тема деле азды. Жоомарт да бул тушта баарын жыйыштырып салып скульптор болуп кетиптир.
Ошондой сейрек жолугушуулардын биринде: сага бир чоң иш бар, скульптуралык комплекстин алды-ичи бүт тарыхый жасалга, музей болот, сенин билимиң, жөндөмүң ушуякка зарыл эле деди. Мен жакынкы жылдарда эч бир башка ишке отура албастыгымды айттым. Кыскасы, экөөбүздүн мейкиндеги пенделик толкунубуз эми эки башка тегизде эле. Бул жылдардагы Жоомарттын жан дүйнөсү, чыгармачыл, пенделик түйшөлүүсүнөн, анчейин, кабарсызмын. Өзүңө өзүң артпай калган заман келет экен.
Чыгармачылыктын буй түшкөн жылдарында Жоомарт менен жолулаш түшүп калган сапарыма ыраазы болом. Ал менин элесимде – эскерген жылдарымдай жаш, чыгармачыл оргу-баргы, боздоок ырларындай изги, Манасты тарткан тушундагыдай тууштуу эр бойдон калды.
Ушундай сакталат.
Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, Эларалык Манас жана Чыңгыз Айтматов академияларынын академиги, август, 2016-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *