Жапон жомогу

Жапайы жаныбарлардын ар нерсесин мурас тутунган князь болуптур. Укмуштуунун баары бар экен анда: апсыйган арстандын мүйүзү, балыктын киндиги, тэнгунун[1] желбүүрү[2], ал тургай чагылгандын Кудайы Каминарисаманын кемер курунан өйдө сактап жүрүптүр!

Князь өзүнүн мурастары менен өтө сыймыктанчу дешет. Анын эң өзгөчө сыймыктанганы алтын короз экен. Анысы алтындан жасалганы менен кудум эле жандуу корозго окшош болуптур. Ал эмес ар таңда «кукареку!» деп үн созчу дешет.

Уламдан улам өз мурастарын ордунан алып чыгып көз кумарын кандыруу княздын бирден бир ыракаты экен. Эң кымбат саналган ал буюмдарын тиктей бергенден да эч чарчабачу дешет.

Княздын сегиз малайы болот. Алардын да ар биринин өтө сейрек кездеше турган өз-өз мурастары болот сыймыктанар.

Княз бир күнү малайларын чакырып, деп турганы:

– Силерди чакырганым: эртең кечинде сейрек мурастардын көрсөтмөсүн уюштурам. Андыктан аксарайга кымбат мурасыңар менен келгиле. Кимдин мурасы мыкты болсо, сыйургаалга карк кыламын.

Малайлары кудуңдайт:

– Охо… «Мурастардын көрсөтмөсү»! Укмуш да эй!

– Сыйлыкты мен жеңемин!

– Саа кайдан, мен жеңемин!

Дегени деп, жай-жайына тарайт.

Эртеси күндүн кечинде князь алтын корозун алып чыгып, сейрек мурастары менен келер малайларын күтө баштайт.

Көп күттүрбөй биринчи малайы келет. Келгенде да ажыдардын өзүн эмес, көзүн апкелиптир, шумдук.

Кийинкиси бармак башындай баш сөөк апкелет:

– Бул музоонун башы, – дейт мактанып.

Үчүнчү малай жезкемпирдин чырагын көтөрүп келсе; төртүнчүсү – кашкулактын ашказанын; бешинчиси – таранчынын өтүгүн; алтынчысы – көгүчкөндүн канатын, бутун апкелсе; жетинчиси – дүлөйдүн жасалма кулагын көтөрүп келет.

Айтору, биринин артынан бири келет шымалана. Дердейишет, мактанышат бирине бири. Сегизинчи малайды күтүшөт. Анысы жер жуткандай кечигет.

– Кайда житти? Деги соо бекен?

– Кыясы, көрсөтө турган эч нерсеси жок ко?

– Жок үчүн келбеди да! Өкүнүчтүү, болбосо…

Жети малай шыбыр-күбүр болуп турганда, сегизинчи малай улаганы аттайт да, князга баш ийкеп, таазим этет.

– Мен кечиккен себебим, көрсөтмөдө бетиме карманаарым жок экен, кечирип коюңуздар… – дейт мукактанып.

– Кечиримди анан сурайсың. Агөрөк кандай мурас менен келгениңди көргөз бизге, – дейт князь.

– Ик, ик… Меники эми өзгөчө дей тургандай мурасым деле жок эле. Мен бүгүн не алып келишти да билбедим. Анан айлам жогунан эң жөнөкөй эле өз мураскерлеримди ээрчите келдим.

– Хо-хо! Эң жөнөкөй ал мурасың эмне? Даа кандай шумдук ал? Тезирек көрсөтчү!

– Мен аларды Аксарайдын дарбазасына кирген жерде калтырдым.

– Бу кандай дегениң? Барып, тез апкел!

– Жарайт, жарайт! Азыр эле…

Сегизинчи малай бөжөңдөп жүгүрүп кетип, тез эле келип калат. Төрт уулу, төрт кызы бар экен элпек, адептүү. Эки экиден туруп калышты, баштарын ийе таазим этишти төргө.

Балдардын ажайып жанган жүздөрүнөн заңкайган аксарай ичи жарк дей түштү. Алардын айжаркын жамалы жанган жерде княздын алтын корозу менен малайлардын мурастары кеп болбой калды.

– М-да-а… – деди князь көкүрөк керек дем тартып, – Чын-чынында укмуштуу мурас шул эмес бекен! Йе, ананайындар десе! Сенин сонун балдарың бар турбайбы! Кантип ушуларды жөнөкөй эле мурас дейсиң? Булардын алдында моногу биз мактанган сейрек мурастын баары – таштанды да, эй! Мен сага баа бердим, себеби Жапониянын эң биринчи байлык-мурасы – сенин балдарың. Жеңүүчү сенсиң! Башбайгенин ээси сен болдуң. Куттуктаймын!

Княздын бу кебин уккан тиги малайлар – уялгандан жерге кирип кетели дешти. Шылкыйган баштарын өйдө көтөрө албай, шалдайып туруп калышты.

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Тэнгу – Жапондордун байыркы ишениминдеги мурду узун, эркек адамдын түспөлүндөгү «Асмандын ити».
[2] Желбүүр – веер.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *