Эх, замандаш!

Мукем экөөбүз айылдаш болгондуктан ымалаш элек. Андыктан элге бала кезден берки турмушун учкай кеп кылгым бар.

Бир үйдө беш эркек баланы тарбиялаган Жумаш эже жалгыз бой жан эле. Балдары: Жолдошбек, Эмилбек, Мухтарбек, Самарбек, Нурлан биринен бири өткөн шок болчу, баары бир айылды чаңызгытып чоңоюшту. Булардын арасынан Мукем гана эрте токтолуп, идиректүүлүгү мектептен эле көрүнүп, эрте жетилди. Биздин айылда бир да түтүн орус жашабаганы менен Мухтардын орус тилден камчы салдырбай жалаң “5” деген баага окуганын эжем Анара үйдө көп айтчу. Себеби экөө бир класста окучуу. Эжем го шаардан окуп келгендик кылып орус тилин эрте өздөштүрсө, а Мухтар орус тилин кайдан жүрүп мыктылап үйрөнгөнү белгисиз…

* * *

Айылдагылардын баары Жумаш эжени тикмечи аял дешчү. Чоңдор арасында ошол тикмечи аялдын Мухтары “эстүү жинди” деп калышчу. Эмесе ошол “эстүү жиндилиги” жөнүндө сөз…

Онду бүтүштү, көбү шаарга кетти. Биз анда 5-класспыз. Бир күнү айыл ичи уу-дуу түшүп: “Онду бүткөндөр бүгүн карабостон, аңгидей болуп (карабостону – ылдый жактагылар, аңгидейи – өйдө жактагылар) мушташат экен” деп калышты.

Биздин айылдын клубуна кино коюлуп же артисттер келди дегиче күнү кур эмес мушташ болуп турчу. Себеби клуб аңгидейлердин көчөсүндө, чоң дүкөн карабостондордун көчөсүндө болгондуктан «сен эмне биз жакта төшүңдү жайып басасың!» деген шылтоо менен кырданып, кырчылдашып калышчу. Мушташ чыкчу жер көп учурда чоң дүкөндүн же клубдун арты болор эле.

Бир күнү аңгидейдин балдарын карабостондун чоң муштумдары төпөштөп коюшкан экен, аңгидейлер шаардан Мухтардын келишин гана күтүп атышыптыр. Анткени Мухтардын чоң муштум өнөрүнөн көбү коркчу. Биздей 5-класстагыларга кудай берип салды, “буюрса чоң мушташ көрөт экенбиз” деп, эки жаатка бөлүнүп тиш кайрашкандарды котолоп ээрчип алдык. Мушташ колхоздун ээнирек жайындагы кыйраган кампанын артында болмок. “Мухтар келди” дегенди угуп, бүйрүбүз айда кызып турган кезде, топтун алдынан зыңкыйган Мукебиз көрүндү. Карабостондордун сазайын эми берет экен деп турган бизди көргөн Муке “майда балдар, көзгө көрүнбөй жоголгула!” деди. Биз дароо дырр койдук, көздөн кайым болдук…

Көп өтпөй баягы кырчылдашып мушташчулар коюндашып, моюндашып элдешип кирсе болобу, биз мушташ көрбөй калганыбызга кейип, “а-ай, аттиң!” деп кыбабыз канбай “эмне болду, эмне болду” деп бирибизге бирибиз кулак түрөбүз. Көрсө, кыл чайнашкан эки тарапты Мукебебиз шаардан келери менен элдештиргенге өтүптүр. Ошондо бул көрүнүш биздин айыл үчүн фашисттик Германия менен СССР согушун токтоткондой эле кеп болчу.

Топтошкондор тарап кеткенден кийин Мукебиз мектептин артында чокмороктошкон бизди көрүп: “Экинчи карабостон-аңгидейбиз деп урушчу болсоңор, таарынбагыла!” – деп баарыбызга сөөмөй кесегени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Себеби биз да аңгидей тараптан чыгып келаткан кийинки “атамандардан” элек…

* * *

Таңгалганым: кыргызды бөлүнүп-жарылбаса деген тилек Мукемдин көкүрөгүндө ошо бала күнүнөн эле калыптанса керек. Ага чейин карабостон же аңгидейден чыккан бир да чоң муштум Мукебизге окшоп айыл тентектерин элдештиргенин дегеле көргөн эмеспиз. Балдардын аңгидей менен карабостонго бөлүнүп мушташкандарын канчалаган мугалимдер, аксакалдар да койдура алчу эмес, Мукебиз ошондо баарын ордуна коюп койгондой болгон…

* * *

Мен бойсунуп жетилген сайын айыл ичинде Мукемди идеал тутуп өстүм. Өз биртууган агамдай көрүп, анын алдында жасканчумун. Өзү курактуулардын арасынан ал мага бир да жолу “вино апкеле кой” деп дүкөндү карай чуркатпады. Чуркатты, бирок “баландайды чакырып кел, уюшуп топ ойнойбуз” дегенден башкага жумшаган жок. Качан көрсөң үстү-башы тыкан эле. Зыңкыйып жүрчү, кайран!

* * *

Жогорку окуу жайды бүтүп, Политехника институтунда мугалим болуп жүрдү. Ангыча 90-жылдардан кийин заман алтек-талтек болуп кетти, мугалимдигин таштап, бизнеске өттү. Суур тумак тигип, өз колу менен түртүшмө базарды аралап сатып… Кийин бизнесте тез ирденди. Майдай тери менен акча топтоду. Жогору жакта таанышы бар далай шылуун мамлекеттик мүлктөрдү, завод-фабрикаларды ит бекер сатып алып, “жапайы бизнестин” жолуна түшкөн кезде, баягы тикмечи Жумаш эженин баласы Мухтар карандай мээнети менен иштин көзүн эрте тапты. Биртуугандарын өз курчоосуна топтоп, апасы баш болуп тумак тиккенге өтүштү. Бизнесте канат жайыш керектигин эрте түшүнгөн үчүн кытайдын чаар баштыгын көтөрүнүп, Россияга бет алды. Бөтөн эл, бөтөн жерге каттаган челнокчулардын анабашыларынын бири да Мукембиз болду окшойт…

* * *

Акаев доорунда Россия, Казакстанга каттаган челнокчулардын укугу тебеленген көрүнүштөр Жогорку Кеңештин трибунасында далай жолу айтылып, ашмалтайы чыгып бүткөн. Расмий бийликтен жарытылуу эч нерсе чечилбей, акыры Мухтар Өмүракунов деген жаңы ысым коомчулукка тарай баштады. Биринчи жолу Россия-Казакстанда көртирлик кылып жүргөн кыргыз жаштарынын башын бириктирген эларалык “Замандаш” ассоциациясы негизделип, ошондон кийин кыргыз диаспораларынын үнүн бийликтегилерге жеткирүүгө Мукебиз биротоло башын байлады. Байлаганда да башка улуттар алдында мекендештеринин кемсингенин көргүсү келбей, мыйзам жолу менен күрөшүүгө билегин түрүндү. Кайнаган турмушту; бөтөн эл, бөтөн жердин азабын жонтериси менен сезген үчүн миграция маселеси өтө курч экенин ал масштабдуу түшүнүп, ал көйдү чечүүнүн жолун издеди далай…

* * *

Мукенин эң башкы даа бир артыкчылыгы – бөтөн эл, бөтөн жердин жашоосун көрүп келгендик кылып, кыргызды уйбоор болууга үндөп, улутуна жапакеч эле. Анын элине күйгөн жапакечтигине көп жолу күбө болдум. Бир курдай айылга барып-келип, кийип отуруптур. Башын чайкайт, маанайы суз: «Минтип жүрүп кайда барабыз? – дейт. Мен суроолуу тиктедим. – Айылда кырчындай жаштар алкаш болуп кетип атат, жашабагырлар. Баландайдын баласы арактан башы чыкпай жүргөнүнөн шаарга апкелип «Био-каргого» иштетип койсом, кайра качып кетиптир. Артынан барып өзүнө окшогон досторунун баарын айылдан жыйнап келип ишке киргизип салдым. Антпесем, айылды бузуп аткан ошолор экен», – деп айылыбыздын турмушуна кейип-кепчигинине ичимен ыраазы болдум…

* * *

Чынында Мухтар ыраматылык өз айылдаштарына гана эмес, дегеле өлкөнүн кай бурчунда жүргөн далай бекерпоздорго иш таап берип келди. Басса-турса өлкөдө өндүрүш ишканаларын уюштурууну көп айтчу, көп какшанчу. Саясый платформасында да бул маселени башкы план катары жамы журтка жар салчу эле, кайран! Мен билгенден, Мукемдин арты менен турмушунан тез ирденип, өз оокаттарын тыңгылыктуу кылгандар көбөйдү кийин, бирок аттиң, ошолордун алды Мукебиздин ой-мүдөөлөрүн ишке ашырып, атамекендик өндүрүш тармагын өнүктүрүү мүшкүлүн колго алып кеткендери аз болууда.

Агер Мукебиздин көзү тирүү турганда, күргүштөгөн завод-фабрика курам деген аруу максаттары ишке ашып, бөлөк эл, бөтөн жерде тирлик кечип жүргөн мекендештерибиз Ала-Тоого кайтып келер беле, аттиң… Бүгүн Мукебиз арабызда жок – ушуга жүрөк сыйрылат…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *