БАШЫ ушул шилтемеде

Бир топ айылдаштар тойдо олтурушуп Тегирменти айлындагы балбандарды санай башташат. «Баланча балбан» — дешсе: «Жо-ок, андан өткөн түкүнчө балбан», дешип талашып калышат. Аягында мойну буканыкындай буржуйган, далылары далдайган, булчуңдары буураныкындай, чымыр дене Жумабай баарынан өткөн балбан дешип баары бир ооздон макул болуп турса:
— Ой, ошол, коркок Жумабайыңарды койгулачы! Жумабайдыкындай денеге меникиндей жүрөк керек, ошондо гана Жумабайды баатыр-балбан десе болот, — деп түнкүсүн жалгыз чыгып саара кылалбаган Дияс жезде тойдогуларды күлдүргөн экен.
* * *
Кемин районуна Арстанбек Ногоев аким болуп дайындалгандан кийин жер-жерлерде жыйын өткөрүп жүрүп, Тегирменти айылына келет. «Антебиз, минтебиз, таза суу менен камсыз кылабыз» деп чогулган элге убада сөздү кат-кат берет.
— Кимде суроо бар? — деп аким элге кайрылганда кайненесинин көк эшегин минип жүргөн Дияс алдыга теминип:
— Менде суроо бар! — дейт кызуу неме ыткытып.
— Айтыңыз, ошол жерден эле айта бериңиз…
— Жанагы суу түтүктөрүн салабыз, таза суу менен камсыз кылабыз деген сөзүңүз чын сөзбү? — дейт Дияс жезде ишенбегендей.
— Чын, чын, — дейт аким бир сөзүн эки кайталап.
— Ошонткилечи айланайындар, антпесеңер спиртти арыктагы сууга аралаштырып иче берип ден-соолуктан ажырамай болдук, — дегенде жардап турган эл дуу каткырды дейт…
* * *
Горбачевдун заманында арака каршы закон чыгып айылга арак келбей калат. Дияс жезде үч ай арак ичпей, аракты сагынып, өңдөн азат. Бир күнү сегиз чакырым аралыктагы совхоздун борбору Шабдан айылынын дүкөнүнө арак түшүптүр деп угуп, чөп туураган жумушун суроо-сопкуту жок таштап, жетип барат. «Аракты сагынып, аябай ичкен экенмин» — дейт Дияс жезде, — Автобуздун аялдамасында теңселип араң турсам деректирдин зуулдап кетип бараткан машинасы тык токтоп, арткы эшиги шарт ачылып, «отуруңуз!» деген ичкериден деректирдин үнү чыкканынан айла жок отурдум, — дейт жезде.
Ырас болду, үйгө кыйналбай жетип алат экенмин деп ойлонуп келатсам, деректирдин машинасы айылга жетпей бурулуп, түз эле өзүм иштеген тоют цехин көздөй жөнөп бербеспи! Уялганымды айтпа! Жумуштан суранбай кетсем. Менин жогумду жоктотпой жигиттер менин ордума да иштеп атса. Өзүм мас болсом же чогуу иштеген досторум ичсин деп бир бөтөлкө арак ала келбесем…
Тоют цехине кирип барсак, иштеп аткан жигиттер жардап эле башкарманын машинасын карап калды. Машина тык токтоору менен деректирден мурда сыртка озунуп атып чыгып:
— Деректир, деректир эле дейсиңер, эртеден кечке деректириңерди издеп жүрүп араң таап келдим. Арыз-арманыңарды мындан ары мага айтпай, мынабу деректириңерге айтып жүргүлө, — деп кол жаңсап коюп, чоң үймөк чөптүн далдаасына кире качтым, — дейт.
* * *
«Көк-Ойрок» совхозунда Теңиз Төлөмүшев деген парторг болор эле. Жаратылышынан буту майталаңдап сылтып басчу. Кайыңды айлынын тапаны Арстанбек аттуу жигит бутун сындырып алып балдакчан жүрүп, андан таякка өтүп, таягын таштап жаңыдан салт басканга үйрөнүп сылтып басып келатса, алдынан парторг Теңиз чыгат:
— Арстанбек, бу сен эмне сылтып басып калгансың? — десе,
— Байке, сизди көрүп эле ушинтип сылтып басып калдым, — деп парторгдун кем жерине тийишип, сөзгө жыгайын десе:
— Аа, кошомат деген ошондой болот. Мага окшогон чоңдун оорулуу бутун көргөндө сага окшогон жөн кишинин соо буту өзүнөн өзү сылтып басып калат, — деп кайра өзүн сөзгө жыккан экен.
* * *
— Балаң жаагын жанып какылдап эле тынбай ыйлай берет экен, өз балаңды өзүң бакчы, айланайын, — деп Макий небересин уулу Алмазга берсе:
— Бала деген күлүп чоңоймок беле, ошентип ыйлап чоңоёт, — деп Алмаз кайра атасы Макийге акыл үйрөтүп, «бага тур» деп баласын көтөртүп койду дейт…
* * *
Эшимкул досум диктантты ката жазар эле. Бир жолку жазган диктантында «жетти» деген сөздү «жети», «кетти» деген сөздү «кети» деп жаза бериптир. Сансызбай агайыбыз доскага чыгарып, «кетти», «жетти» деген сөздөрдү жаздырса, Эшимкул бул жолу ката кетирбей туура жазды.
— Асанов, мен сага түшүнбөй турам. Диктантка «кетти», «жетти» деген сөздөрдү бирден «т» тамгасы жок, «кети», «жети» деп ката жазыптырсың. Мунун бирден «т» тамгасы кайда? — десе, Эшимкул:
— Бар болчу, — деп жанын жеп кирди.
— Бар болсо, кана? — десе:
— Бар болчу. Түшүп калган го, — деп Сансызбай агайды күйгүзгөнү эсимде.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *