(мини роман)

1-глава
Таанышуу

Кыз орто мектепти бүтүрүү классында окуп жаткан. Сезими жаш талдай дирилдеп турган учуру. Ошондой учурда ал бирөөгө жолукту. Мектептин чоң тыныгуусунда эшикке чыгышкан эле. Жигит аны обочорокто карап турган экен. Кыз караганда көздөр кездеше түштү.

— Сиз кимсиз? — деди кыздын көзү.

— Мен ошолмун, — жигит да көзү менен жооп берди.

— Түшүндүм,- деди жооп көз караш.

Жигит ыраазы боло жылмайды. Кыз өз оюн көзү менен окутуп койгонун сезип уяла түштү да, бурулуп басып кетти. Өзүнчө калганда жанагы кездешкен көздү эстөөгө аракет кылды. Бир жерден көргөнсүйт. Жомоктон беле? Кинодон беле? Же түшүндө көрдү беле? Бирок  бир билгени – бул көздөр анын көңүлүнө орноп калган жападан жалгыз, эч кимге алмаштыргыс көздүн дал өзү болучу. Алар ошентип таанышкан эле.

2-глава
Изилдөө

Кыз көзкараш менен таанышкан жигитти жомоктон эмес, кинодон да эмес, түшүнөн да эмес, өңүндө кездештиргенин мойнуна алды. Мойнуна алды да изилдей баштады. Айылды териштирсең алаканыңа бат эле түшүп берет. Жигит таэжесинин классташы болот экен.

Классташы жөнүндө таэже көп деле маани бербей кайдыгер сүйлөп жатты. «Ал бизге алтынчы класста келип кошулган. Эч кандай деле өзгөчөлөнчү эмес. Жакшы да, начар да окуганын эстей албайм. Эч качан кол көтөрчү эмес. Мугалим сураса, билсе — жооп берүүчү, билбесе — унчукпай кутулчу. Жаңы келгенде бир чети жаңы келгендиги, бир чети сырткы келбети кызыктыргандыктан бир топ кыз жакшы көрүп калганын билдирип жиберүүгө да үлгүрүшкөн. Бирок ак дегенди да, көк дегенди да билбеген ал мелтейматтан акыры тажаганбыз».

Көп өтпөй эле кыз ал жигиттин жеңеси менен тамеки талаасында кошуна экенин да билип, тамеки чаап жатып, кайнилери жөнүндө апасы аркылуу акырын жылдырып койду. Ал аңгыча кетти: эки аял бир топко божурап, жигиттин жеңеси апасына үч кайнисин бирден талдап берди. «Баары катар-катар бой жетип, кутуруп турган кези. Же күндүзү үйгө токтошпойт, же түндөсү үйгө токтошпойт. Кеңештен гана бир аз жардам болот. Унчукпаганы менен эмгекчил. Жумшаган жагыңа жок дебейт. Шамшы (күйөөсүн айтып жатат) жумуштан бошобогондуктан, тамекини да ага сугарттым. Чабышканга да жардам бер дейин дедим эле, бирок батынбадым. Көп сүйлөбөгөн немеге киши батынбайт дагы экен», — деген жеңе кыздын апасына арызданып алды.

Ушундай эле изилдөөнү кыз эле эмес, жигит да жүргүзүп жатканын кыз курбусунан билди.

— Билесиңби, ылдыйкы көчөдөгү Кеңеш сени жактырып калса керек, — деди курбусу бир күнү.

— Эмне дейт?

— «Айжандын курбусу болосуңбу?» — дейт, — «Ооба» десем, — «кандай кыз?» — дейт. — «Жакшы» десем, — «билем» — дейт. — Билсең, эмне сурайсың десем, — «билбейм» — дейт. Кызык неме экен. «Билем», «билбейм» дегенден башка сөз билбейт окшойт аның.

«Аның» деген сөз кызга жага түштү. Курбусу ал жигитти өзүнө энчилей сүйлөгөнүнө ичи элжирей жылмайып алды.

— Эмне күлөсүң?

— Жөн эле. Анын эмнесине сүйлөбөйт деп ачууланып жатасың. Баардыгы эле сүйлөш үчүн жаралса, уга турган да киши керек ко, акыры.

3-глава
Жолугушуу мүнөттөрү

Бир күнү кыздын иниси ооруп калып, кыз тамеки талаасын сугарганга өзү жөнөдү. Жигит да тамеки сугарганы барып, а түгүл сугарып бүтүп калыптыр. Кыз алышты көргүчө, алыштын жанында турган жигит унчукпай суунун башын ачып, кыздын тамеки талаасына бура баштады. Кыз унчукпай туруп калды. Жигит да унчукпай өз талаасын сугарып жаткандай жайбаракат арыктын нугун түздөп суу жая берди.

Кыз кошо аралашуудан тартынып, сугарып бүткөн соң, рахмат айтармын дегендей тура берди. Бирок жигит жумушун талаанын аркы башынан бүттү да, кызды бир карап, жылмайып коюп, андан ары унчукпай узап кете берди. Кыз жигиттин бул жоругуна капаланган жок. Мындай жолугушуу ага негедир жакты. Алар кийин да ошентип жолугуп жүрүштү. Кыз тамеки талаасына барып, жигит эки талааны тең сугарып бүткүчө карап турат да, унчукпай тарап кете беришет. Ойдогудай сугарылган талаа үчүн кызды үйүндө алкай башташты. Кызга бул алкоо жагат. Өзүн макташканы үчүн эмес, бул мактоо анын жигит менен жолугушууга кайрадан баруучу жолдомо болгондугу үчүн үйдөгүлөрдүн өзүн алкап жатканына ыраазы.

4-глава
Күтүү

Кыз окуусун бүтүп шаарга чоң окуу жайына тапшырды. Жаштыктын романтикалуу күндөрү жигитти бат эле унуткарды. Кээде гана эстей калып, жылмайып койбосо, бул жөнүндө эч кимге айтуучу эмес. Айта турган окуя деле болбосо, эмнени айтмак элем дечү өзүнчө.

Ошентип биринчи курсту бүтүп каникулда үйүнө келди. Жигиттин үйүнүн жанын өтө берерде бир эстеп алды да, үй жакты карады. Жигит эшиктин алдында турган экен. Кызды көрүп, баягыдай жылмайды. Көзүнүн тереңинде көп сөздөр бар эле. «Каякта жүрдүң? Мынча неге күттүрдүң? Мени унуткан жоксуңбу? Мен баягыдай эле сени күтүп жүрөм» деген өңдүү көп сөздөрдү сүйлөп жатты көздөр. Кыз жигитти такыр эсинен чыгарып койгонун ойлоп, уялып кетти да тетири бурулуп, бат-бат басып узай берди.

Эки-үч күн өтпөй алар кайрадан кездешти. «Бая күнү неге тетири бурулуп кеттиң? Таарындыңбы?» деди жигиттин көздөрү. «Жок, эмнеге таарынмак элем. Баары жайында» деди жооп көз караш. «Менде да баары жайында. Сенин кайда экениңи билем. Окууңду бүткөндө кездешербиз. Сен мени унутпай жүр, ээ? Мен сени, күтөм» деген көз караш кызды узатып кала берди.

5-глава
Сүйүүсүн билдирүү

Адаттагы жайкы каникул. Айжан суу алганы келип, аркы өйүздө классташтары менен эс алып жүргөн жигитти көрдү. Адаттагыдай көздөрү менен учурашып коюшту. Кызык жери – кыздын иниси менен бир жүргөн экен. Кечинде келгенде кыз инисин суракка ала баштады.
— Каякта жүрдүң?

— 66лардын (1966-жылы төрөлгөндөр) 10 жылдыгында (мектепти бүткөнүнүн 10 жылдыгында) айдап кел, байлап кел болуп чапкылап жүрдүм.

— Кечке эле чапкылап жүрдүңбү?

— Жок, көбүнчө Кеңеш менен сүйлөшүп отурдум.

— Ошондой досуң бар беле?

— Жок, бүгүн тааныштык.

— Теңтушуңдай сүйлөйсүң да. Сенсирегениң үчүн токмок жеп калган жоксуңбу?

— Сиз деп сүйлөгөндө жүдөп кетем, эгер капа болбосоң, сен деп сүйлөшөлү десем, макул болду.

— Эмнени сүйлөштүңөр.

— Мени билесиң, китеп дегенде баарын унутам. Ал дагы китепти көп окуйт экен. Анан табышып кеттик.

— Адатыңча адабий талкуу уюштуруп жибердиң.

— Албетте, жакшы келатып эле айнып кетсе боло. Эң жакшы көргөн чыгармасы Айтматовдун «Кызыл алмасы» экен. Реалдуу чыгарма дейт. Өзү жазгандай болот имиш.

— Сен эмне дедиң?

— Алжыдың, братан, дедим. Эң реалдуу эмес, эң романтикалуу чыгарма. «Темирдей келесоолор турмушта болбойт» дедим. Анткен менен ага боорум ооруду. Мындай адамдар көп жашай алышпайт. Адам болгондон кийин адамдай эле жашаш керек да, адамдай жаңырып, адамдай жаңылып.

— Андан ары өтө эле акылдуусунуп кеттиң го, философум.

— Философту мага суутуп коюптурбу. Андан көрө алиги философуңду кой десең болбойбу.

— Эмне үчүн мен кой дешим керек.

— Ал сени сүйөт, ошол үчүн.

— Аны сага айттыбы?

— Аны мага эмес, сага да айтпайт. Андан көрө өлүп кетет. Сен деле сопусуна бербечи, баятан бери мени бекер суракка алып жатыптырсыңбы, бечара мажнундун бейтааныш сулуусу.

6-глава
Ажыроо

Каникул бүтүп, кыз шаарга кетти. Андан ары көңүлү табышкан адамга турмушка чыгып, никеден жолдуу экен, бала-чакасы менен бактылуу жашап жаткан. Бир күнү айылдан сиңдиси келиптир. Экөө түн ортосуна чейин сүйлөшүп, айылдагы жаңылыктар менен бөлүшүп жатышты. Бир кезде Айжан сиңдисинен акырын сурады.

— Сен Кеңеш дегенди билесиңби? Аалынын баласы. Ошол үйлөнгөнбү?

— Сиз ылдыйкы көчөдөгү унчукпаган Кеңешти айтып жатасызбы? Ал өлгөн да?

— Эмне дейсиң?

— Таанычу белеңиз?

— Сыртынан таанычу элем. Эмне болуптур?

— Эмне болмок эле, тоңуп өлүптүр. Өкүртө ичип алып үшүгөнүн да сезбей калса керек.

— Ошончо иччү беле?

— Ким билет. Ичип алып мушташпаса, жакындан күйөр үй-бүлөсү болбосо, эч кимге пайда-зыяны жок жүрө берсе, анын канчалык ичип кеткени менен кимдин иши болду дейсиз. Бомжго окшоп тоңуп өлгөнүнө караганда таптакыр эле бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетсе керек.

Айжан андан ары чыдай албады. Эшикке атып чыкты. Кулагына эмеле уккан сөздөрү чуулдап жатты. Көкүрөгүнүн тереңинде аздектеп сактап жүрчү эң таза, эң тунук, тун махабаты жөнүндө түрү суук сөздөрдү кантип чыдап укканына таң калды.

7-глава
Түш

Айжан түш көрдү. Баягыл тамеки талаасы. Жигит талаада кетип барат. Бир убакта бурулуп карады. Көздөр кездеше түштү. Бул көздөрдү кайдан көрдүм эле дейт Айжан бүшүркөй түшүп. Кайдан көргөнүн эми тааныды. Театрдан көрүптүр. Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрдан «Каркыранын канаты» деген спектаклди көргөн. Ошондогу каркыраны аткарган жигиттин көздөрү да дал ушундай эле. Аңгыча эмеле тамеки талаасында бараткан жигит каркырага айланат да учуп кетет. Айжан ойгонуп кетти. «Эх, менин адашып жаралган каркырам, — деди ал, — эмнеге бул дүйнөгө жаралдың экен?»

Көзүнөн аккан жаш жаагы ылдый тамып жатты. Тып-тып…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *