Дүйнө – жиндиканабы?

Өтө эле көп убакыт өттү. Текчеде кыдыракей тизилген ойчулдар менен кеп урушпаганыма далай жылдар агып кетти. Сыртта жүрсөм, чакырып калышты. Баш баксам, баланчасы баш болуп, төлөнчөсү төш болуп, ар нерседен кеп козгоп, ар ким өзүнүкүн бербей жаткан экен. Ортого собол таштадым да, аңгеме-дүкөнгө аралашып кеттим…

Эрнис Аске уулу: Силер Акыйкатка жеткенсиңерби?

 Иоганн Гете: — Жакшы суроо. Мен башкалардын да жообун уккум келет. Акыйкатты тапканча, кетирген катаңды табыш оңой.

Фридрих Ницше: — Ката демекчи, аялды жаратканы — кудайдын экинчи катасы.

Бальтасар Грасиан: — Эй, Ницше, сени былжыратып эле койсо…

Маркиз Галифакс: — Акыйкат сен тарапта болбосо, андан өткөн балээ жок, туурубу, Иоганн?

Иоганн Гете: — Ар ким түшүнгөнүн гана угат. Ушу сен бир нерсе түшүнөсүңбү?

Маркиз Галифакс: — Кеч акыл кирген эрте кыйын болот.

Бальтасар Грасиан: — Ницшеге айтарым, мен сени сыйлайм. Менден кийин жашасаң да, жүйөөлүү нерселеди айтып келдиң. Аялга да көп асылат эмессиңби, аял менен жашоо жок, аялсыз да жашоо жок.

Фридрих Ницше: — Мен аялга асылбайм. Болгону баа берем.

— Мырзалар, ар дайым суроомо түз жооп бербейсиңер… Жашоо деген эмне?

Иоганн Гете: — Алгач бизди кыргызчага жакшылап үйрөтүп алчы.

 Жан Лабрюйер: — Жашоо – бул түш; чал – бул баарынан көп уктаган киши: өлөөрүндө араң ойгонот.

 Фрэнсис Бэкон: — Мен жашаш үчүн окубайм, окуш үчүн жашайм.

Сэмюэл Батлер: — Өмүр – бул эл алдында скрипка ойногондой, бирок скрипканы биринчи жолу колго алышың.

Хорхе Луис Борхес: — Өмүр – бул кудайдын түшү.

Оскар Уайлд: — Кудай урду буларды… Ой, жашоодо эч кандай татаал нерсе жок, биз өзүбүз татаалбыз. Өмүр –жөнөкөй нерсе, канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук туура. Асманды сүйлөбөй, келгиле, эркек-аял жөнүндө кеп козгойбуз.

Оливер Холмс: — Күйөөсү менен аялы акыры бири-бирине союп каптагандай окшошуп калышат.

 Марсель Ашар: — Күйөөсү аялын мурунку эркектеринен кызганса, аял болсо, күйөөсүн өзүнөн кийин пайда болчу аялдардан кызганат.

Ежи Лец: — Челектей бош аялга акча гана салса болот. Хелен айым, сиз эмне дейсиз?

Хелен Роуленд: — Аял, келин, кыз – бул мык сыякуу. Ал мыкка чукугандай сөз тапкан эркек обу жок тамашасын илет, кудайды сүйлөгөн эркек дин эрежелерин илет, арамза арамзалыгын, күнөөсү тоодой эркек актанмайын илет.

 Этьен Рей: — Аялды мыкка салыштырганды биринчи угуп жатам. Эй, билесиңерби, сүйүүгө туруктуу кишинин жүрөгү жалкоо болот. Азыр кыз-келиндер кыска көйнөк кийип, буттарын көрсөтө баштабадыбы, мурда эмнеге жашырып жүргөнүн түшүндүм…

Дон-Аминадо: — Эмнени түшүндүң?.. Аялды буттары карытпайт, жаш курагы карытат.

Этьен Рей: — Мен эмне буту карытат деп жатамбы?

Брендан Бихан: — Дүйнө – жиндикана, ошол үчүн аны куралчан дөөпөрөстөр кайтарат.

— Кечиресиздер, чыгыштын акылмандары сүйлөбөй жатат ко?

Бернард Шоу: — Батыштын башүйүртмөсүнө күлүп жатышат да. Чыгыш демекчи, чыгыштын кишисине: «асманда 978 301 246 569 987 жылдыз бар» десең, дароо ишенет. Ал эми «олтургуч сырдалган» деп көрчү, дароо сөөмөйүн тийгизип көрөт.

Оскар Уайлд: —  Чыгыш жөнүндө чын жүрөктөн сүйлөш керек… Мен дайыма өзүмдү-өзүм таңгалдырам. Ушул үчүн гана жашайм. А Чыгыш эч нерсеге таңгалбайт. Баса, аял-эркек демекчи… Эркек «илюбой» аял менен бактылуу болалат, бир гана сүйбөшү керек.

Марк Твен: — Эмне айтаарыңды билбей калганда, чындыкты гана айтыш керек.

Сэмюэл Кольридж: — Өз көлөкөңдөн секирип кеталбайсың. Мен силерге эмес, он сегиз миң ааламга бир суроом бар: эмне үчүн ак куулар өлөрүндө ырдашат?

Марк Твен: — Ушул да сурообу?

 Сэмюэл Кольридж: — Кээ бир адамдар ырдаардан мурун өлүп калышса эмне!?

Генрих Гейне: — Койгулачы, эй… Өлгөндөр жөнүндө жакшы гана сөз сүйлөш керек, тирүүлөр жөнүндө тирикмушту айта берсе болот.

Бернард Шоу: — Генрих, мобул жерде жалаң өлгөндөр чогулуптурбуз, эмне, биз жөнүндө жаман сүйлөбөгүлө дегениңби?

Эмиль Кроткий: — Жаман айтканга да эржүрөктүк керек.

Бенард Шоу: — Эржүрөктүк деген жок нерсе, болгону намыс бар.

Марк Твен: — Эй, келделер, жакшы менен жамандын сырын каткан алмага тийбегендей жыланга да тийбеш керек болсо, Адам атабыз жыланды да жеп салат беле?

Фридрих Ницше: — Аны Ева энеңен сура. Леанардо, сүрөтчүнүн бул дүйнөдөгү вазийпасы эмнеде?

Леанардо де Винчи: — Сүрөт тартуу – бул чоң күнөө. Бирок мен сүрөт тарткандан башканы билбесем эмне кылайын?

Сальвадор Дали: — Анткорлонбо, Леонардо, сен дүйнөдө теңижок сүрөтчүсүң. Сени кудай жөн жараткан эмес. Шаффаринада, шаффаринада, шаффаринада, бүт дүйнөнүн сүрөтчүлөрү ушул уруктан жаралат.

Фридрих Ницше: — Сүрөтчүнүн милдети – чоң кишилерди бала кылышында. Наристенин оозуна бар чындыкты салып койгон да. Наристедедей таза болгула!

Мечислав Шарган: — Колдо беш манжа менен муштум бар. Бир муштаса сени. «Кудай өлгөн» деп айткан кишинин сүйлөп турганын…

 Фридрих Ницше: — Сөздү аягына чейин укпасаңар, ошол да. Эмне үчүн «кудай өлгөн» дегем? Адамзаттын кандай бузулганын көрүп турасыңар, чындап эле адамдар үчүн кудай өлдү. Ишеним сактайт, демек ишеним калпычы…

Эдгар Хау: — Келгиле сүйүү жөнүндө сүйлөшөбүз. Сүйүү — бул оюн. Ал оюнда эки тарап калп сүйлөйт.

Хуго Штейнхаус: — Аялдын сүйүүсү эркектикинен көп болот. Ошондуктан балдарына өтүп кетет. Дагы бир нерсе айтайынбы?.. Эркектер аялдардын кулагына «сүйүү – бул күнөө» деп кумдай куя берип, аялдардын жарымы монастрларга кетип, жарымы денесин сатып калды.

Хенрик Яшодзиньский: — Дүйнө чоочун кыздарга толуп кетти.

— Мага деле сөз берсеңиздер, жыргал деген эмине, куурал деген эмине?

Карел Чапек: — Ушул жерде сени уга турган киши бар дейсиңби? Жыргал, куурал… так… Бир жолу мышык айткан экен: «менин кууралым – душманым – ит» деп. Анда ит айтыптыр: «меники дагы» деп. Мышык айбан сыяктуу сырдуу келет, ит болсо киши сыяктуу байоо да.

Эмиль Кроткий: — Жеңил-желпи карым-катыштан өткөн куурал жок.

Ралф Эмерсон: — Бир күн бою киши эмнени ойлосо, жашоосу ошондон турат. Адамдын жыргалы да, кураалы да ошол.

Моисей Сафир: — Мезгил – түбөлүктүү, а биз өтүп кетебиз. Түбөлүктүүлүк гана жыргал, убактылуу – куурал.

Иоганн Гете: — Китептен көп нерсени билип алсаң болот, бирок эч нерсе түшүнбөйсүң. Жыргал менен кууралды аңдап билиш үчүн өзүңдү аңдап бил.

Элберт Хаббард: — Мен элден жүзүмдү жашыргым келет…

Ежи Лец: — Жүзүңдү жашыргың келсе, дыржылаңач көрүн.

Хелен Роуленд: — Бойдок киши – түбөлүк бозбала. Эч качан эркек менен аялды карама-каршы койбош керек. Балээнин баары ошондон башталат. Сүйгөндү билеличи, эркектер.

Том Стоппард: — Макул, бийкеч, макул. Демократия – бул добуш берүү эмес, добуш саноо!

Габриэль  Лауб: — Тү-үй, ата, саясатын баштадыбы! Кой, аныңды. «Киши – бул цензура уруксат берген маймыл» деген чын белем.

Логан Смит: — Биздин сөзүбүздү гезитке берем деп жатпайбы. Өмүр өзү жаман деле нерсе эмес, бирок менин гезит окуганым артык.

Габрэль Лауб: —  Ромен Ролландын «Гезиттер кишини ойлондурбайт» дегени болбогон сөз. А гезиттер баскан сканвордчу?

Моисей Сафир: — Эркектин өнөрүн мактаганда, сөзсүз «аялы да келишкен сулуу экен» деп кошумчалап кетишет. А аялдын сулуулугун мактаганда, сөзсүз «күйөөсү дөдөй экен» деп айтышат.

Адриан Декурсель: — Сулуулук деп калыпсыңар…  Бир жолу күйөөсү бир таанымал бай аял жөнүндө: «Өлө сулуу экен, ээ!» деп суктанса, аялы: «Ой, эмнеси сулуу?» деген экен. Эки жылдан кийин баягы аялды дагы көрүп калышат. Анан күйөөсү: «Баягы аялбы?  Кебетеси кетип калыптыр» десе, аялы: «карып кетиптир» дейт. Анда күйөөсү: «Оо, кандай сулуу эле» деген экен.

Генрих Гейне: — Аял түгөнгөн жерде келесоо эркек башталат.

Вольтер: — Гейне, дагы эле аялдарга кошомат кылганың калалек турбайбы, ээ? Аял – бул кийингенден, көп сүйлөгөндөн, чечингенден тажабаган айры буттуу жаныбар.

— Оскар мырза, сиз айымдарды абдан сыйлаган джентльмен болгон дешет го?

Оскар Уайльд: — Кызжандуу болгом да. Бирок… аял жөнүндө акмак сөздөрдү да айткан менмин. Мындан Бернард Шоу аялдарды аябай кастарлайт. Негизи эле Бернард мыкты киши. Душмандары да жок, бирок достору да жок.

— Кандай революция болбосун эмне менен аяктайт?

 Карел Чапек: — Октябрь революциясы жыландардын-тирандардын жеңиши менен аяктады.

Томас Сас: — Маданий революция калыстыгы жок, галстугу барлардын жеңиши менен аяктады.

Антонио Поркья: — Маалымат революциясы ушак-айыңдардын жеңиши менен аяктады.

Патрик О Рурк: — Сексуалдык революция вирустардын жеңиши менен аяктады.

Фридрих Ницше: — Жакшылык үчүн жандүйнө революциясы зарыл.

Ойчулдардын ойлорун кагазга түшүргөн Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *