АҢГЕМЕ

Теребел тыптынч мелтиреп, көл да тынч. Тоо этегинде, көл жээгинде дүйүм бакка оронгон көрктүү чоң айыл. Учу-кыйыры күн чыгыштан күн батышка созулуп, баш-аягы билинбейт. Күн алтын нурун чачыраткан ак таңга чейин эле тиричилик жанданып, эми гана күн нуруна кирине баштаган. Бүгүн дем алыш экендигине карабастан даркан талаага ашыккан келиндер.

Эмгек очогун алоолонтуп, берекесин агылтууга, маңдай терин төгүп, күн аптабына кактанганча иштеп калууга ашыгышат. Бардыгы кызылча талаасына кетмендерин ийиндерине кынай көтөрүп баратышат. Алды талаа четине жеткен. Таңкы сыдырым тоодон да, көлдөн да согот. Бири-бири менен беттешип, айкалыша бети-колуңду назик аймаласа, муздак илеби коюн-колтугуңду жибектей өрдөйт. Сергилең келиндер өз ара кобурашып, кызуу талкуу нөшөрлөнгөн. Бири көргөнүн, бири укканын сайрайт. Кошуна келин Сурма нарытан өтүп бараткан Салкын байбичени утурлай басты. Жакындаганда эле:

– Оо, жеңемдин башына чөп сындыралы. Биз менен бирге тер төгүп, кызылчадан иштешкени ниети бар окшобойбу же «тайбас» келиндердин ишин көрмөккө келдиби. Кечээ Сагыналы армиядан келгенине той бериптир болучу, тойдон ооз тийгизгени келген го, – деди Сурма.

– Ирегелеш туруп, тойдон сен куру калсаң, бизге эмне жок, – деди Асел.

– Ой, ботом, жанагы Сагыналынын атасы айттым дебеди беле. Таарынганың жөн, тойдун эрте-кечи жок. Бир чөгүн чай сенден айлансын, – деди Салкын.

– Ай, Сурма жеңе, бешигин терметкенсип жеңемдин уулунун атын тергеп койбой, уялбай кашкайта айтасың, андан оозуң кыйшайып калчудай. Бул эмнең? – деди Асел.

– Жеңе, кечирип кой, – деп Сурма Салкынды кучактап, – Сакем армияга кетпесе сиздин келин болмокмун. Экөөбүз курсташ элек. Досу мени өңөрө качып, өзүнө ыйгарып алды. Баары бир силердин келиниңермин го. Бир максатта өскөнүбүздөн тергебей калганым чын. Кечирип коюңуз.

– Сурма жеңе, күнөө өзүңдө. Адепсиздик кылдыңыз. Жеңемди кадырлап койсоңуз болмок. Эң кур дегенде чоң акемдин сакалын сыйлап, тергешиң керек эле. Сүйүш-күйүшсөңөр эле бардыгы эстен чыгабы? Күнөөңдү жууп, жеңемдин алдына түш, – деди аркар сындуу кымча бел Айгүл.

– Кечириңиз, жеңе! Чын эле менден чекилик кетти. Сакемдин элеси карегимден кетпейт, бир көрсөм болот эле. Көргүм келет, эңсей берем, – деди Сурма.

– Кечээ той тарары менен өзү чоңойгон Челек жайлоосуна аттанып кетти. Атасынын ишин улантам дейт, – деди Салкын.

– Оо, өзөгүң түшкүр Сурма жеңе! Эңсегенин жашырбай ачык айтып жатканын кара. Заңкайган күйөөңү көзүңө илбей көзүңө чөп салсам дейсиң го? Күйөөң билсе өпкөңдү үзүп, колуңа карматат, бөркүңдөй көр, – деди Асел.

– Койчу, көп тантып дөөрүбөй. Экөө эгиз козудай абдан ынак болчу. Бир сындырым нанды бөлүп жешип, ынтымактуу. Эч жашырчу эмес. Келечекти да бирге болжоп чечишчү. Мен да аларга аралашып, сен албасаң, сага тием деп оюн-чынынан айтчумун. Буйрук экен, Кемелге никем түштү.

– Кечирип кой, жеңе, одоно кетсем. Бир суроо берейин көңүлүңүзгө албасаңыз? – Сурма ыңгайсыздана Салкынды карады.

– Эмнеге капа болмок элем. Тартынбай сурай бер, – деди Салкын, башындагы жоолугун оңдоп, бир кулагынан жоолугунун бүктөмүн ачып койду.

– Сакем армияда жүргөндө үйлөнүптүр деп уктум эле. Ошол аялы менен бирге келдиби?

– Жок. Өзү эле келди. Атасы каршы болгон имиш. Тили буруу неме тукумума доо кетирет дептир. Мен да ырас болуптур деп кубангам. Жаш өткөн сайын балдарыңдын жакшылыгын тилейт экенсиң Кудайдан, – деди Салкын.

– Бу шүмшүктү кара, жеңе! Уулуңуздан үмүтүн үзбөй, жүрөгүнө чок түшүп жатат, – Сурмага тигиле карады Асел.

– «Үмүтсүз шайтан» деген. «Жакшы үмүт – жарым ырыс». Келекеленип калыпсың, өзүң аксыңбы? Аныңды миң какшап актансаң да, Кудайым көрүп-билип турат. Ал жагынан энеден жаңы төрөлгөндөй эле акмын.

Салкындын күйөөсү Өскөнбай. Бүт өмүрү тоо койнунда өттү. Үч уул, эки кызы бар. Туну Сагалы, ортончусу Кенжалы, кичүүсү – көкүрөк күчүгү Сагыналы. Кыздары Зайра, Зуура. Бардыгы тоодо киндик каны таамп, тоодо өсүп чоңоюшкан. Кыздары ата-энесинин кашында, мындайча айтканда, окуганда таенеси менен таятасынын колунда болушту. «Кыздарга кырк жерден тыюу» көзөмөлөндү. Тун уулу менен ортончусу сабатын жойгону менен тийди-качты окушту. Анын азабын армияга барганда сезишти. Кыздары эртелеп өз очогун, өз үй-жайын, өз туурун табышкан. Сагыналысы билимге дилгирленип айылдык мектепти да жакшы бүтүрдү. Алыс барбай айыл чарба техникумунун босогосун аттап, ветеринардык-мал докторлук кесипти тандады.

Ушул айыл чарба техникумга кичинесинен моюнча өскөн курбусу Кемел агрономдук бөлүмдө. Сагыналы экөө абдан ынак, ынтымактуу, эгиз козудай ээрчишип бирге жүрүшчү. Ушул техникумдун агрономия бөлүмүнөн жети кыз билим алган. Алардын арасында Сурма да бар эле. Ал ачык айрым, шайдоот, шайыр мүнөзү менен бардыгына жагуучу. Чыгармачыл жамааттын уюткусу деп эсептеле турган. Ыр-бий анын жетектөөсү менен шаңдуу өтүүчү. Бул өнөрпоздордун башын бириктирип, сахнага алып чыккан Сагыналы.

Бош убактыларын махабаттын көлүндө жалаң жаштар толкун жиреп, рахатка бирге батышкан Сагыналы, Кемел, Сурмалар. Окууну да башкалардан айырмаланып мыкты өздөштүргөн да ушулар. Сагыналы менен Сурма окууларын бүтүргөндө, бир аз иштеп, кол кармашып, биргелешип түтүн булаталык, кичине мамлекет курабыз деп антташкан. Алардын таттуу ойлору орундалбады. Техникумдун бүтүрүү сынагында жигиттик милдетин аткаруу кезеги келгендигин Сагыналы билди. Экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, дипломду колго алып, үйүнө келип, ата-энеси, туугандары менен коштошуп, парзын аткарууга аттанды.

Күз. Кыргызстанда мемиреп күз алтын нурун чачыратат. Чыкыроон али байкалбайт. Сууктун илеби сезилбейт. Сагыналылар түз эле Москва шаарына келишип, бөлүктөргө бөлүндү. Сагыналы Архангельскиде кызмат өтөмөк болду. Анда СССР ченебей күчкө толгон кез, жарандар майда-чоң улутуна карабай Советтик Армиядан кызмат өтөө ыйык парз. Ушул милдетти аткарууга аттанган ысыккөлдүк жигит Россиянын Түндүк уюлуна жакындан барат. Мында орус, коми, тува, ненец жана башка улуттар жашайт. Улутуна карабай орус тили менен сүйлөө, жазуу, окуу мыйзамдуу. Майда улуттун өкүлдөрү ата-жотосун орусча жаздырууга милдеттүү.

Сагыналы Түндүк тарапка сүңгүп кирген сайын аба оордоп, суук катуулап бараткансыды. Өзү энеден туулганы тоо койнунда төрөлүп өсүп, ызгаарына жуурулушуп, катаал суукту тоготпогону, бу жерде таптакыр башкача. Оронуп, думбаланып жүргөнү өтө одоно сезилди. Күнүгө көнүгүүгө өттү. Аскер бөлүгү Тиман Токол тоосуна жете бербей орун алыптыр. Туман басып күүгүмдөнүп, күндүн көзү анчалык көрүнө койбойт. Ошондой кыска күндөрдүн биринде солдаттар алай-дүлөйдөн адашып, бөлүккө түн ортосунда келишти, Сагыналы эс-учун билбей, госпиталга жеткирилди.

Тома аскер бөлүгүндөгү госпиталда иштөчү. Сагыналы катуу кыйналып келгенде кроватка Тома жаткырып, уколун куйган. Башка солдаттарга караганда өңү, түсү, көзү кандашындай сезилди. Жөтөлсө уюган кан чыгат. Суукка катуу кабылганын врачтар белгиледи. Өпкөсүн убагында дарылабаса жаман илдетке айланарын сезген Тома ата-энеси суук тийгенде колдонуучу ыкмаларды пайдаланууну чечти. Мындай кырсыкка үч жоокер кабылган. Үчөө үч улуттун өкүлдөрү. Айрыкча Сагыналыга Томанын көңүл кушу байланды. Врачтар – дасыккан дарыгерлер, өз кесиптеринин мыкты чеберлери экенин Тома жакшы билет. Ишеними жогору болсо да, эмнегедир Сагыналыдан санаасы тынчыбайт. Эне-атасынын пайдаланып жүргөн дары-дармекти колдонгусу келди. Так ушул түнү дежур болду. Акырын Сагыналы жаткан палатага кирсе, ал эс-учун билбей жатат, дем алышы да өтө оор. Эти от менен жалын. Буту жоон сандан ылдый абдан муздак. «Кой, мамамдын пайдаланганын мен да колдоноюн деп ичинен кымыңдап, ала келген дарыларын чыгарып, алгач Сагыналыны жыпжылаңачтап бир жагына оодарып, биринчи муздак кар менен бүт денесин сүртүп, андан кийин балык майы кошулуп жасалган дарыны далысына, өпкөнүн тушуна шыбады. Андан соң жылуулап, укол куйду.

Сагыналы эртеси эсине келди. Кашында сулуу кыз кашкая күлүп турат. Өңүн караса оруска окшобойт. Кайсы улуттун өкүлү болду экен деген оюнун соңуна чыкканча…

– Как чувствуете солдат? – деди кыз.

– Пока хорошо, – деди Сагыналы. Экөө анча узакка маектеше албады.

Экөөнүн көздөрү бир бирине чагылышып, жүрөктүн отун ойготкон жагымдуу нурлар жанды. Айтайын деген ойлордун түйүнү чечилбей кала берди.

Томаны врач чакырып, палатадан чыгып кетти. Ал кетери менен тиги төрдө жаткан жоокер:

– Сенин сүйгөн кызың бар беле? – деди.

– Жок. Эмнеге кызыктың?

– Сен кечээ катуу кыйналып келгениңде, врачтар кеткенден кийин сени энеден туума чечиндирип, бүт денеңди укалап, өзү ала келген дарыларын сүйкөдү, жанагы кыз, мурда тааныш белең?

– Биринчи көрүшүм.

– Ал сени жактырып калгандай сездим. Болбосо сага мынчалык кам көрбөйт болучу. Өзү жайдары, шайдоот, дайым жаркылдап жүрөт экен. Сулуу десең сулуу, акылы да тунук. Колуңдан чыгарба.

– Деги, апенди кызын мактагандай мактадыңыз го. Ал, бар болгону өз милдетин аткарды да, – деди Сагыналы.

– Мен берген кеңешти кабыл ал. Эң жакшы, сулуу кыз. Эстүү көпөлөктү колдон чыгарба?

– Сиз өзүңүз каяктансыз. Тим эле адамдын ич-койнуна кирип кетет экенсиз. – Сагыналы суроосун тике берип кызыга карады.

– Менин улутум украин. Полтаваданмын. Атым – Кузмин. А өзүңчү?

– Мен сиз билбеген, сиз көрбөгөн жерденмин. Кыргызстан, Ысык-Көл деген жерденмин. Улутум – кыргыз. Атым – Сагыналы. Саня десеңер болот.

– Пржевальски деген шаар барбы?

– Ооба, бар.

– Анда менин эжем жашайт. Согушта кеткен экен, – деди Кузмин.

– Пржевальск шаары областтын борбору. Мен дал ошол ысыккөлдүкмүн.

– Жакшы. Тааныштык. Армиядан кеткенче жайыбызды толук билишебиз, – деди Кузмин.

Сагыналылар бороонго буюгуп, кар тозоңуна калып, оор абалда госпиталга жеткиргенде Тома башка сестраларга карабай, өзү дежур болбосо да Сагыналыга келип, санитарларды чакырбай өзү даарат алдырып, денесин укалап турчу. Тома өңдүү, түстүү, сулуу, негизи адамкерчиликтүү. Кийинки күндөрү Сагыналы да Томанын келишин самап, эңсей турган. Бир жолу Тома палатага киргенде күн нуру төгүлгөндөй болду. Ал жаркылдап, шайыр-күлкү аралаш:

– Как чувствуешь, солдат? – деп түз эле кроватка келип колун сунду. Мындайды күтпөгөн Сагыналы жууркандын ичинен шаша колун чыгарды да:

– Нормально. Но сердце болит, – деди Сагыналы.

Тома жайдары күлдү да:

– Мен кыргызча үйрөнгүм келет, – деди.

– Чын элеби? Менде «Разговорник» бар. Ал орусча-кыргызча же кыргызча-орусча сүйлөшсө болот.

– Анда ал сөздүгүңдү мага берип тургун, – деди Тома.

– Кечирчи? Сенин улутуң кайсы.

– Ненец.

– Мындай улутту укпаптырмын.

– Бизди Түндүк уюлдук дешет. Эң эле аз калкпыз. Ненец автономиялуу округ. Архангельск областына караштуу. Ак, Баренц, Кара деңиздер менен чулганган. Бугу өстүрөбүз. Балык кармайбыз. Ненецтер алачыкта жашайт, – деп Тома эл-жерин мактап, даңктап шакылдады жайдары.

Күндөр учкан куштай өтүп жатты. Тома сөздүктүн жардамы менен кадимкидей кыргызча таптак сүйлөп калды. Дээринде бар экен. Кичинесинде бугу менен аралаш чогойгондугунанбы жүрүм-туруму тың. Кыргыз кыздарындай ат үстүндө шайдоот, ат жалында ойносо өтө суктанасың. Сагыналы чын эле өлгөндөй сүйүп калды. Алар бири-бирин кыргызча мамиле жасашып, кыргыздын үрп-адатын терең өздөштүрүштү. Тома жүгүнүү, жоолук салынуу, тамак-ашты кыргызча даярдоого көнүккөн. Жедеп «кыргыз болгондон кийин» эки жылдан соң ата-энесине үйлөндүм деп Сагыналы кат жазат. Ал мындайча: «Ата-эне силерди кубантайын дедим. Советтик Армияда кызмат өтөп жүрүп, ушул жерлик ненец кызга үйлөндүм. Кызматым бүткөндө өзүм менен чогуу ала барам. Кандай дейсиздер?» – деп жазган.

Атасы катты окутуп, ачууланган. Бардык балдарымдан ушунумдан үмүтүм чоң эле. Кайдагы тили буруу, тили бөлөк, дили башка, дини бөтөн немени алдым дейт. Элге шерменде, шылдың кылып, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылып. Ошондон ары кетсин, балам бар деп ойлоп койбойм. Катыны менен кайын журтунда кала бергин, – деп кат жолдоду.

Ушу каттан соң Сагыналы Томага ата-энесинин каршы экендигин түшүндүрүп, ынандырып, бирок чексиз сүйөрүн айтып, менин артымдан баргын деп, өзүнүн дарегин толук берип, кайда, кайсы жерге барарын, кандай транспорт каттаарын, картасын чийип, үч жылдык кызматын аяктап кичи мекенине жөнөп кетти. Сагыналы айылына эч кабар бербей түз эле келди. Атасы оорусу боюнча пенсияга чыгып, көлдөгү үйүндө экен. Агасы Кенжалы аялы менен атасынын коюн алып, Челекте. Анысы да койдон тажаган түрү бардай. Атасы уулунун армиядан келгенине кубанганы менен күдүк ою тынчын алды.

– Ырас болду. Тилимди алып, келинди таштап келгениңе ыраазымын. Эми эмне иш кылайын дейсиң? – Атасы үмүттүү карады.

– Сиздин жолуңузду жолдойм. Өзүңүздү, апамды колума алам, тоосуз өмүр сүрүү жагымсыз, – деди.

– Туура кыласың. Агаң Кенже тоодо өскөнү менен малга жок экен. Келинчеги малга чоочун. Малдын ыгын билишпейт.

– Байкемдер Челектин кайсы жеринде?

– Кыркынбайда. Баягы биз кыштап, жайлаган жер. Өзүң жакшы билесиң.

– Мен кечикпей барайын. Байкемдер жакага келип, колхоздон бир жумуш табышар өздөрүнө ылайыктуу, – деди Сагыналы.

Бул өткөн кылымдын сексенинчи жылдары эле…

Тома Фрунзе шаарына кеч келди. Шаардын ажайып кооздугуна суктанды. Абасынын ушунчалык тазалыгына таң калып, кере-кере дем алды. Үп, ысык. Мындай абада кантип жашашат? Мен көнө алар бекем? – деди өзүнчө көбурап.

Көл өрөөнү сары чепкенин жамынып, салкын тартып калган кез. Тома Пржевальск аэропортун аралай басты. Жер да чоочун, эл да чоочун, аба да чоочун. Күзгү жыйым-терим бүтүп, талаалар сары чепкенин жамынган. Аэропорттун кассасында котологон эл. Аларга аралашып, эки жагын каранып, өзүнчө: «Мен буларга эмнеге аралаштым? Челекке атайын рейс менен учушат, аны диспетчерден сурап бил дебеди беле Сагыналы», – деп шарт бурулду турган кезегинен чыгып. Ал «диспетчер» деп жазылган эшикке барып тыкылдатты.

– Ичкери кире бериңиз, – деди артынан сулуу сымал кара сур жигит. Тома артына тез бурулуп селейе карады. Муну сезе койгон алиги жигит: – Сиз кай тарапка бармаксыз? Мен ушул аэропортто иштейм, – деди.

– Мен эң алыстан Архангельскиден келдим. Силердин Челек деген жайлооңуздарга самолет барат деген. Качан учарын билсек болобу? – деп орусча быдылдады.

– Өзүңүздү тааныштырган жоксуз. Архангельскиден келген мейман экенсиз. Биздин эшик дайым ачык, төргө өтүңүз. Сиз самаган Челекке эртең учабыз. Менин атым Зарлык, а сиздикичи?

– Менин атым – Тома.

– Кимдикине бармаксыз?

– Сагыналы. Жакында армиядан келди.

– Тааныш эмес экен. Эми сиз эс алыңыз, – деп аны меймандар эс алуучу бөлмөгө узатып койду.

Эртеси АН-2 самолету асманда калкып баратты. Тома төмөн жагын терезеден карап өтө суктанат. Тилке-тилке бөлүнгөн талаалардын бири – бозомтук, бири – каралжын. Ийри-муйру салааланып агып жаткан суулар. Чокусу ак мөңгү оронгон аска-зоолор ак булуттун таманында калгансыйт. Самолет бийик асканы ашып баратканда жапжашыл карагайлар тоо бетин каптап жатканын көрүп, ажарлуу Сибирдин токоюн элестетти. Карагайларды аралап жүргүсү келди Томанын. Ушундай кооз аймакты көргөн сайын ышкысы артып, Ысык-Көлдүн үстүнөн учуп өткөндө да мындай ышкысы козголгон эмес. Жашыл килемди жайып койгондой сезилген. Самолет күтпөгөн жерден тез төмөндөй түшкөндө таттуу оюнан адашты. «Сагыналы мени күтүп жатабы же тапсаң тап, таппасаң сыйпалап кал, – деп алдадыбы? Жок, сага берген антым эч качан бузулбайт. Бузсам сүйүүнүн каргышына калам. Кудай алдында күнөкөр болом. Ант урсун деген. Мындай убаданы кантип бузсун! Мени тосуп алар бекен? Айтса, түк кыргызча сүйлөбө, орусча сүйлөп, орусча мамиле кыл. Кыргызча суроо берсе таптакыр жооп бербе. Сырыңды ачпа дегенин эсимден чыгарбайын». Ички сезими Томаны түйшөлттү.

Самолет кең жайык бетке жеткенде, бир айланып анан конду. Тиги турган үйдүн айланасында мал жүрөт, аттар токулгасы менен, байлануу. Асманды карап коюп, үйгө кирип чыккандар андан көп. Төрт-бешөө самолетко утурлады. Томанын издегени Сагыналы. Самолеттон түшүп, жарданып тургандарга башын ийкеп, саламдашкансыды.

– Оо, туугандар, бу киши тээ Архангельскиден келиптир, – деп Томаны көрсөтүп: – Аты ким эле? –Тома карады. Ал укмаксан, түшүнмөксөн болду. Ошондо учкуч: – Как его имя? – деп Томанын ийнинен тартты.

– А от меня спрашивайте. Его имя Сагыналы, – деди.

– Сагыналы, Сагыналыбы, ал жана келген, – деди карасур жигит.

Келгендер жалпы баары Саз базасынын кеңсесине бет алышты. Жогортодон текирең таскак менен келаткан караанды көрө койгон кичинекей бала:

– Сагыналы абам келатат, – деп кыйкырды. Бардыгы ошол жакты карап калышты.

– Саламатсыздарбы? Аман-эсен келдиңиздерби? Менин коногума жолуктуңуздарбы? – деп сураганда Тома алардын арасынан суурулуп.

– Сагыналы, как здоровья? – Тома жетип барып, Сагыналы менен кучакташа көрүштү.

Мындагылар тегиз карап калышты. Сагыналы жетелей келген атка Тома шап секирип минди. Муну көргөндөр: «Ой, бу кызыңар атка жеңил, тайга чак неме го. Ким ишенет, муну орус деп. Атка ээрдин кашын кармабай так секирди. Өмүрлүү болсун! Аны конок кыз дегенге шегим бар», – деди Кадыракун орсок тишин кашкайта күлүп…

Өскөнбай илдетине байланыштуу пенсияга чыгып, үйүндө. Дарыланганы менен оңоло албай илең-салаң. Үй күчүк болуп, үңкүйүп байбичеси Салкындын кашынан чыкпайт. Ат минип жер кыдырып, таза абадан жуткусу келет. Короодон чыгып, коңшу-колоңдор менен баарлашсам дейт. Бирок бардыгы жаш-карысы дебей даркан талаада, кызылчада, жүгөрү, куузика отоодо, жайкы талаа жумуштарда. Эртеден-кечке айыл ичи ээнсиреп турганы турган. Айрым күндөрү өзү курдуу улгайгандар менен баарлашса, алардын аңгемесинин түпкү маңызы мактаныч, ичип-жегендер туурасында узун сабак. Кайда барса сый чайдан мурда ичкилик төгүлүп, чачылып, суудай акканын саймедирешет. Ушундай сыйга корстон болушат. Буларды угуп көңүлү иренжийт. «Ичкиликтен башка жомоктору жок. Анысы аз келгенсип карта чабышып, кумар менен алектенишет экен. Эрмектери ушул. Кайда барсаң Мамайдын көрү. Жашоо үчүн күрөшүү эч сезилбейт. Бул турмушуң тирүүлөй «муунтат» окшойт. Капаска түшкөн жашоо экен. Өз арбайымды согоюн. Сагыным да колго алам дебеди», – деп оюн жыйынтыктап койду.

Бир жолу тун уулу Сагалы келинчеги Сайкал менен кажылдашып атыптыр. «Ата-эне балдарынын убайын көрсөк деп кудайдан тилейт эмеспи. Уул болобу, кыз болобу, ата-энесин багуу милдеттүү. Мен энемди таштап, сени ээрчип кете бердим. Мен жалгыз кызы экенин жакшы билесиң. Силер беш бир туугансыңар. Эң улуусу сенсиң, өзүнчө түтүн булатып, бөлөк үй, бөлөк болушуң керек. Атамдарга айт, өзүбүзчө оокат кылалы деп. Атамдардын Алматыда үйү бар. Ошого көчүп баралы». Бул сөздөрдү укканда Өскөнбайды көп ойлонтту. «Атаңдын көрү, буларга кандай жардам берип, жөлөк-таяп турсам да, бизге ашка жүк, башка жүк дешет тура», – деп ойлоп, эч шек алдырбай Сагалысын өзүнчө бөлүмүш болду. «Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» болушуп, тез эле бөлүнүп чыгышты.

Азыр Алматыда өздөрүнчө түтүн булатышат. Ырас кылыптырмын, – деди Өскөнбай ичинен.

–А, байбиче! Камын! Капаста жата берип, буулуктум. Сагыналынын артынан баралы. Ал жалгыз куурап кетет. Бул үйгө «зыңгырама» келиниң Сүйүмкан Кенжеси менен көчүп келсин. Өзүнчө оокат кылышсын.

– Жакшы оюң бар экен. Сен эмес мен да капаста жаткандай зеригип кеттим. Деги илдетиңен арылсаң болду, таза абадан жутуп, – деди Салкын.

Өскөнбайлар Сагыналынын артынан көчүп келишти. Кыркынбайга келгени өңүнө кызыл жүгүрүп, ооруган жерин унута баштады. Сагыналыга кол кабыш кылып, күндүн кечкиргенин, күндүн батканын билишпейт.

Күн уясына ашыгат. Тиги эки салт атчандар катуу келатышат.

– Тома, сени келбей коёбу деп чочуладым. Эми санаам тынч.

– Убаданы кантип бузмак элем. Сенсиз менде жашоо жок. Жердин жети кабатына кирип кетсең да, тапмакмын.

– Аныңа ишендим. Түндүк Уюлдан чыгып, мына мени да таптың. Эми энем жалгыз үйдө. Атам койдо. Сен үйгө барганда кыргыздын бардык салтын аткарып, кыргызча сүйлө, бардыгын терге, алдың менен кирип, артың менен чык, макулбу?

– Албетте. Бу жакка чыгаарда баягы кыргыз каада-салттары китебин кайталап окуп, алтургай аткарып чыктым, – деди Тома.

– Азаматсың. Сен кыргызча сүйлөп, кыргызча иштей баштасаң, атам менен энемдин сөөктөрү агарсын.

– Ата-энени кыргыздар таштабайт экен балдары. Так ошондой мамиле жасайлы. Менин ата-энем араң эле узатты. Сени сыга кучактап, бетинен өөп кой, – деп аманат кылышкан. Аны да аткарам.

Ээликкен аттар короого кирип келишти. Тома аттан алыстан эле түшүп жай басып келатты. Сагыналы эшиктин алдында күтүп турган энесине аттан ыргып түшүп:

– Эне келин алып келдим. Жоолугуңузду камдай бериңиз.

– Ой, койчу ботом, тамашаңды. Азыр эле келем деп кетпедиң беле? Кайдагы келин, жолго аркандап коюптурбу?

– Ишен эне. Баягы, армиядан үйлөнгөн кызым келди.

– Ой, койчу тамашаңды, ошончолук алыстан кантип таап келсин.

– Тигине келатпайбы.

– Чын элеби. Оо, кокуй жаным. Ботом, айтып кетпейт белең. – Салкын карбаластап, боз үйгө кирип, жүктүн алдындагы чемоданды сууруп чыгып, зорго ак шалы жоолукту алып чыкты да: – Оо, айланайын берекем, коё тур жоолук салайын. – Карбаластап, жоолук сала: – Ак жоолук башыңан түшпөсүн, өмүрлүк жарың менен бирге кары, көшөгөң көгөрсүн, – деп бетинен өптү.

Тома босогону аттап баратып жүгүндү. Салкын алкап, кубанычта:

– Сагын, бу келинимди ботом, тили буруу дебедиң беле. Өзүбүздүн тукумдан окшойт, тамашаңды койсоңчу.

– Улуту ненец дебедим беле –деди Сагыналы.

– Немис дейсиңби? Окшобойт ко? – деди Салкын.

– Немис эмес, ненецмин эне. Биз түндүктөнбүз. Орустардын арасындабыз, – деди Тома кыргызча таптак.

– Тилиң таза го, айланайын балам. Менин сендей кыздарым бар, мындан кийин кызым деп жүрөйүн. – Салкын кубанганынан боюн тер басты.

– Силер чай коё бергиле. Мен атама барайын. Келип кубанычыбызга ортоктош болсун, – деп Сагыналы аттанып кетти.

Сагыналы кеткенинен келгени бат болду. Анткени Өскөнбай койлорунун жанында жүрүп, дүрбү салып, короодогу атчандарды, Сагыналы жоолукчан менен келгенин көрүп, коюн жайыттан короого жакындаткан.

Өскөнбай үйдүн босогосун аттаганда Тома илбериңди ордунан туруп, жүгүндү. Жоолугу да үлбүрөп башкача.

– Кудай жалгасын, бактылуу бол, балам. Сагын, сен тиги кошуналарды чакыр. Сен Салкын боорсогуңду камда. Мен өз ишим менен алек болоюн.

Кичүү уулу Сагыналынын боорукер мамилесиненби же тоонун салкын абасынанбы, Өскөнбай абдан тыңып, ооруганын сезбей калды. Баскан-турганы кадимкидей. Өзүн сергек сезет. Көңүлү көтөрүңкү. Мал четинде жүрсө телегейи тегиз. Азыр эле: «Ушул кенжем кандай бүлөгө жолугар экен. Көңүлүмө төп келгени болсо, атаганат. Баягы мен каршы чыккан кандай неме болду экен. Немис деди беле. Баламдын көңүлүнө жакса да сөзүмөн чыкпады. Буга балама ырахмат!» – деп ой чубатып, үй жагына дүрбү салган. Үйгө атчан экөө келатып, бирөө алыстан түштү. Анысы жоолукчан. Демек, көптөн бери самолет келсе чапкылап калчу эле, көрсө, көлдөн сүйлөшкөн кызы келген го. Эмнеси болсо да бара көрөйүн, – деп койлорун айдап келген. Ойлогон оюу дал келгенине терең кубанып, чакан той өткөрүүгө кам көрө баштады.

Салкын келини менен боорсок жасады. Томанын кыймыл аракетин көрүп, ичинен ыраазы. Кадимки такшалган кыргыз келиндердей бүйрө, элпек, ыкчам, шайдоот. Муну байкаган Салкын ичинен кудуңдап: «О, кудай, бул бүлөмдү суук көздөн, жаман сөздөн сактай көр». Илбиреңки кыймыл жүрөк жылытат. Кой союлду. Иче-карынды Тома өзү тазалап, артып салды. Муну байкаган Өскөнбай: «Уулума ырахмат. Биздей камбыл, малчынын кызын тандаган тура», – деп компойду. Чакырылгандар толук келди. Тойлошуп, ак тилектер жамгырдай нөшөрлөп төгүлдү. Эки жашка арнаган аруу каалоолор айтылып, түн ортосунда тарашты. Молдо болбогондуктан нике тууралуу сөз козголгон жок. Келиндин ата-тегин буруу уруудан экендигин билишкенден кийин, ашык сөз да болгон жок.

Эртең менен үрүл-бүрүлдө Тома чакаларын алып, сыртка кетти. Эки уйду саап, сүтүн чыпкалап, казанга куйду да, астына от тамызды. Бул кыймылдын баарын көргөн кайната менен кайнене ичтеринен терең ыраазы.

– Байбиче, колу-бутуң эми узарган тура. Сүйүмкан келиниңе караганда бу келиниң жугумдуу, өтүмдүү, колунан баары келген жөндөмдүү, камбыл экен. Бактылуу болсун! – деди Өскөнбай.

– Айтканың келсин! Экөө бактылуу кол кармашып, атыбызга, затыбызга шек келтирбей аман болушсун, кудай тилегибизди кабыл кылсын, – деп алаканын бетине тартты Салкын.

– Койлорду жайытка айдап чыктым. Эми уйлар менен бээлерди айдап кеткени келдим, – деп Сагыналы ата-энесине иштин чоо-жайын маалымдады.

Сырттан Тома жүгүнүп кирип:

– Саке, атамдар менен чогуу чай ичип, анан малыңа бар, – деди.

Тома Челекке келгени анын кенен төрлөрүн кыдырып, мооку кана көрүп, ажарына, көркөм кооздугуна суктанып, Кыркынбайдан тартып, Чубама, Талды-Булак, Эшик-Төр, Желе-Карагай төрлөрүн кыдырып чыкты. Кокту-колотторун көрүп, ой- чуңкуруна чейин билип алды. Бул мезгилде арадан эки жыл зыпылдап өтүп кетти.

Алар уулдуу да болушту. Ысымы – Эркин. Өскөнбай абдан тыңып, аттан түшпөйт. Кийин жаңыдан үйрөтүлгөн керкашкадан алыстабайт. Анын кыялы чорт, селтеңдеп обу жок кошкуруп, чакчаңдап турат. Кыялына карабай минип алып, төрлөрдөгү малчыларды байма-бай кыдырып, кумардан чыгат.

Тома кайненеси менен үйдө. Бээнин сааны болуп, жаңы сааган бээнин сүтүн сабага куюп жатканда иттер абалап, бирөө катуу келди.

– Ой, жеңе, Сагыналы кайда? – демиге кыйкырды.

– Малда! Эмине болду, деги тынччылыкпы? Демиккениңе караганда… – деп үзүл-сүзүл сурады Салкын.

– Өскөн абам аттан жыгылып… – деди мукактана.

– Оо, айланайын кудай өзүң сактай көр? Сен Сагыналыга кабарлай салсаң? – деди Салкын.

– Атам кайсы жерде? – Тома кемселин кийип жатып сурады.

– Сиз, энемдин өтүнүчүн орундап, Сагыналыга кабарласаңыз. Деги атамдын абалы кандай?

– Бир аз жерге ат сүйрөптүр. Үзөңгүдөн буту чыгып кетип, аман калыптыр, – деди келген жигит.

Тома желеде байлануу турган атты жайдан минип төмөн карай учкан куштай жетти Өскөнбайга. Аттан ыргып түшүп, эс-учун билбей кансырап жаткан атасын көрүп, коркуп кетти. Ал араң дем алат.

Тома кайсы жери сынганын колу менен сыйпалап көрүп, кабыргасынан үчөө сыныптыр. Оң бутунун жоон саны да соо эмес. Тома шырма шымды балтырдан тарта ычкыр кашатка чейин кесип, жоон санын акырын көрсө, кашка жилик чорт сынган. Аны түздөп, бутунун башын кармалап көрдү. Бадалдан узун союлду кыйып келген балага:

– Муну бутап, бир бетин жалпак кылып жон, – деди Тома, – шакшак жасаганды билесиңби? Ошондой эптегин.

Шак-шакты жоон сандан бутунун башына чейин коюп таңды. Муну көрүшкөндөр Томанын аракетине таңдана карашат. Ошол кезде Сагыналылар да келишти.

– Сагын сен тез радиостанцияга чап. Атамдын абалы оор, Фрунзеден санавиацияны чакыр. Тез бол, тез чап. Мен артыңдан атамды алып барам. Азыр эсине келет, – деди Тома.

Сагыналы Саздагы радиостанцияга чапкан боюнча кетти. Тома бир жоош атты жакшылап токуп, ээрдин артына айырмачка окшотуп, жөлөнгүч жасады. Өскөнбайдын сынган кабыргаларын ордуна эптеп коюп, чырпыктардан капталына таяныч коюп таңды. Баарылап ээрге отургузуп, сынган бутун таманынан өйдө тарттырып, ээрге бекем таңды. Тома артына учкашып, тизгинди өзү алып, жөнөп кетти. Малчылар тегеректеп кошо баратышты. Алар Сазга жеткенде санитардык самолет да көп күттүрбөй келди.

Врач жаракат алган адамдын таңууларын көрүп:

– Араңарда медик барбы? Азамат, тим эле дасыккан врачтай таңыптыр. Ал кайсы киши? – деди.

– Мен, – Тома жанына барды, – аскер госпиталында медсестра болуп иштегем.

– Жакшы, жакшы! Кеттик, тез жетели.

– Сагыналы, мен атамды ооруканага алып кеттим. Энем менен Эркинди сага табыштадым, баарыңарды кудайга аманат кылдым. Жакшы калгыла, – деп Тома самолётко отурду.

Тома республикалык ооруканага кайнатасын жаткырып, жанында. Челектиктер ченебей айыңга батышты. Эл оозунда элек жок. «Өскөнбай карыянын келини тили буруу болсо да ат жалында ойнойт экен. Кайнатасын уялбай дырдай жылаңачтап чечиндирип, денесин кармалап, таңуулаганын кара. Бу жоругу кыргызга жакпайт десе, башкалары аны туура көрүп жатышты. Эми көрдүңбү, тартынбай өзү ооруканага алып кетти. Фрунзеден келген врач да ыраазы болуп, азамат деп мактабадыбы». Мындай сөздөр тоо желине аралашып, желип-жортту.

Тома кайнатасынын кашында, жанында. Уколун берет. Даамдуу тамактан өксү кылбайт. Кабыргалары ордуна келип бүтүп калды. Буту да сыныгы айыгып, сылтып басат. Кечээ Сагыналы келип, атасын көрүп санаасы тынчыган. Ал тез эле малына шашылып кеткен быйыл ириктерин этке төгөт. Жакага энеси, уулу болуп көчүп келмекчи.

Арадан апта күн өттү. Өскөнбайдын жараты толук айыгып, ооруканадан чыгарды. Тома такси алып келип, атасын салып айылга жөнөдү. Каш карайып калган кезде кирип келишти. Машина дарбазанын алдына келип токтоду. Алдыңкы эшиктен Тома, арткы эшиктен Өскөнбай түшүп, алдыга басканда:

– Токтой туруңуз, ата, мен чыныга суу алып келейин, – деп Тома дарбазадан кирип кетти. Аңгыча жалынып-жалбарып Салкын чыкты.

– Оо, айланайын жараткан, тилегибизди кабыл кылдың. Ыракмат. Менин акжолтоюм, – деп Томаны кучактады да. – Ээ, ботом Өскөн бери бас, суу тегеретейин. Бир кезде тили бурууга кан-жанымды булгабайм, тукумума доо кетет дедиң эле. Мына, акжолтой болуп, өлүмдөн арачалап калды. Неберең Эркин аталап жолуңду көзү талыганча карап жүрдү.

Эл учурашканы келип жатты. Түлөөгө мал союлуп, бата тиленди…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *