Тай жомогу

Монастрда жашаган кечил[1] болуптур, бетелди[2] абыдан жакшы көрчү дейт. Ал күнүгө кыштакта ким-бирөөнүн өлгөнү туурасында билип кел деп өз нөкөрүн[3] тызылдатып жүгүртчү экен. Анткени өлүк чыккан жерде анын шыбагасына бетель буюрчу дейт.

Кокусунан бир дыйкан «Бүгүн ким өлгөнүн билип кел» деген кечилдин нөкөргө айткан кебин угуп калат. Дыйкан анан өз үйүнө келет да туугандарын жыйып, минтип турганы:

– Кечилге көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби. Анткени ал шүмшүк бетелге тоюнуш үчүн кыштакта ким өлгөнүн тиленет экен. Көрсө ага адам өмүрүнөн да бетель кымбат турбайбы! Андай неменин акесин окутуш керек, келгиле, мен өлүмүш болуп жатайын, силер менин тажияма даярдык көрүп, озондоп ыйлагыла. Кечилдин анан жүгүрүп келбегенин көрөйүн!

Боздоп-сыздаган үндөрдү уккан кечил ичинен кымыңдап сүйүнүп, сөөк чыгар үйгө жетип келет. «Маркумдун» жакындары айтат ага:

– Көз жумган кургурубузду эртерек өз жайына берели. Күн да кечтей электе ылдамдатпасак, келгендерге аш камдоого үлгүрбөй калабыз.

Кыйсыпыр түшүп, «өлгөнгө» даярдангандын баары от жагууга шашат. Табыттын жанындагы «маркумдун» туугандары кечилдин колуна «сөөктүн» үстүндөгү жабуунун бир учун карматып коюшат.

– Сиз биртууганыбыздын бейишин Кудайдан тиленип туруңуз, биз болсо «маркумдун» зыйнатына жагылчу от камын көрөлү, – дешет да, кечилди «сөөктүн» жанына жалгыз калтырып кетишет.

Дыйкандар анан баса турган жолдун баарына тикенектүү ит мурундун чамындылары менен тарбайган-сарбайган учтугуй көрүнгөндүн баарын туш-тушка таштап, өздөрү жашынып калышат.

Караңгы кирет. Кечил тез-тезден келмесин кайталап, үнүн катуулап созот. Өлүмүш болуп жаткан митайым бир убакта ордунан кыймылдап, онтоп баштайт. Кечилдин келмеси оозунан учуп өкүрөт:

– Тынч жат, мен сага жаназа окуп отурам! Өлгөн киши тынч жатыш керек.

Ага болбой: өрттөлө турган табытта жаткан өлүк ордунан тура калып, мурдагысынан да катуу онтойт, түгөткүр. Жаны оозуна кептелген кечил монастырды карай артын карабай дыр коёт. Карбаластап качкан неме эч нерсе көрбөй, тикенектүү ит мурун, тарбайган-сарбайгандын баарын тебелеп, таманынан тамтык жок дейт. Монастырга өлдүм-талдым менен жетет. Тикенектен таманы соо калбаптыр. Нөкөрү кечилдин жараатынын баарын таңып берет. Ошондо да кекиртеги куруган кечил:

– Бетель алып келиштиби, – деп коёт дейт.

– Жок, апкелишпеди. Сиз өлүк чыккан үйдөн өзүңүз барып алышыңыз керек эмеспи, – дейт нөкөрү.

– Жо-жо-жо, – деп чебелектейт кечил, – мен эми эч качан ал кыштакка барбайм. Маа демектен бир эмес, он киши өлсө да жолобойм. Азыр элестетсем, жаныма оозума кептелип отурам. Болду, мындан ары ал жакка өмүрү барбайм! – деген экен.

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Кечил – монах.
[2] Бетель – калемпир сыяктуу тамакты даамына келтирген жашыл чөп.
[3] Нөкөр – кызматчы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *