ЗЕРГЕР

Кыргыз тарыхый-тагдыры, коомдук-социалдык тирлиги гана эмес, бүтүндөй маданий жашоосунда жаңы мейкиндикти ачып баштаган Октябрь революциясы алдындагы элибиздин коомдук-рухий портрети, көкүрөк гөйү кандай алда эле?

«Манас» баштаган жады адабияты элдик тарыхый-философиялык-эстетикалык бир бүтүндүккө жетилип, элдик поэзия өзүнүн эң гүлдөө доорун жашап жаткан. Элдик адабияттан эч ажыратылгыс өнөрдүн калган бар салаасы – элдин музыка, элдик уз-устачылыгы, элдик билим чөгөрүлгөн табийгат таанымы элдин табигый бар муктаждыгын толук канааттандырган (самодостаточность!) абалда турган. Ал эми коомдук-саясы абал, турмушу тууралуу, арийне, муну эч айтууга болбойт. Тескерисинче, биякта, буга дейре, «кошкабат эзүү» (тышкы, ички) деген терминде так мүнөздөлүп келе жаткан абал эле. Ушул жерден саал аяңдап тактай кете турган бир жагдай бар. «Бизде ички эзүү болгон эмес, демек, тап күрөшү деген да ойдон чыгарылган нерсе, бул кийинки эле социалисттик идеологиянын туундусу» деген көзкараш алиге өкүм сүрүп келет. Ооба, «тап, эзүү» деген тарыхый-социалдык доор-заман кыргыз турмушунда өзүнүн Батыштагыдай классикалык формасында болгон эмес, бирок кыргыз эли падышалык Россия курамына киргенден тартып капиталисттик күжүлдөгөн мейкинде канат керип бараткан бу дүйнөлүк зор империянын тегирмен барасына тартылганы анык.

Империянын экономикалык-коомдук-социалдык турмушундагы өктөм өзгөрүүлөрдүн шарты, шарданы, объективдүү алганда, ал колониялаштырган аймактарга эч качан жайылбай калмак эмес жана ырасында ошондой болду. Ошол чактары, айрыкча ХХ кылымдын баш ченинен тарта, кыргыз турмушунда мурда эзелим болбогон, эгерим түшүнө кирбеген: болуш шайлоо, партия куроо, жаңыча жаатташуу, бексулга (вексель) туруу, кыйды жер саясаты (жерди оруска мыйзамдуу тартып алуу), эл жонуна чачыратылган «чыгым» түрлөрү, мурдагы эл жакшылары эми түгөл орус бакшыларына айланып калган күлкү-түлкү заман – мына, ушунун баары тең башта эл турмушунда болбогон жат көрүнүш эле жана бул жаңы коомдук тартиптен кылым кыргыз аңы-заңы аёюсуз бырчаланып талкаланып жаткан чак болчу. Бекеринен, ошол бети жок кезеңди өзү жашаган Талып Молдо: «Бирин-серин мурунку кишилерден акыл-эстүү карылар: мурунку кылык-жорук, жол-жосундан бири да калган жок. Айылдын ичи бузулуп жок болобуз го. Бизди ушундай күнгө салгандар өзүлөрү да оңбойт го, деп зар ыйлачу эле. Мына, баягы кыргыз эски жол-жосунунан ажырап, анын тескерисинче, жол-жосунубуз бүт түлкү менен маймылга айланып калды деп айтканын уктум эле», — деп зарлап жазган эмес.

Ошентип, бир жагынан улуттун руханы болуп көрбөгөндөй гүлдөө чегине өскөн заман (руханий-материалдык фольклор!); экинчи жагынан, жол-жосуну болуп көрбөгөндөй түпкүргө кулаган кедерлүү кезең (тарыхый-социалдык геноцид!) улуттун кулкунда абстракттуу эмес, ар бир кишинин тулкунда конкреттүү тытышып кармашып-арбашып жашап жаткан. Токомбаев мына ошол тарыхый эң жооптуу кыйгас замандын кыйдам туундусу эле. Анын агынан жарылып ачылып-төгүлүп чыккан канаттуу поэзиясынын жана тайманбай татаал күрөшкөн айныгыс тапчыл позициясынын башаты ана ушул жактан изделип-түптөлүп келет. Токомбаев ушул эки кубулуштун бир туундусу.

Ооба, эгерде, чыны менен Октябрь революциясы болбогондо, ошончо улуу руханий бийикке серпилген калк, тушунда, ошончо бийиктен кургуйга кулап, эки империянын  чегинде элдигин жоготуп, жоюлуп да кетиши толук мүмкүн эле. Демек, Кеңеш мамлекетине, анын кеменгер башчысы Ленинге болгон сүйүү, чексиз алкыш, тапчыл тургу, жаңы заман үчүн жанын аябаган Солдат калуу – ошондогу жаш Аалынын өз келечегине, өз түбөлүгүнө берилген анты сыяктуу сезилет. «Кандуу жылдардагы» армандуу Алымкул, «Солдат эстелиги» кызыл комсомол Сейитбек (ооба-ооба, Чалкар эмес, дал Сейитбек!) ошондогу жалындуу Аалынын өзүнүн рухий портретиндей көрүнөт.

Мен – бир бүркүт, Тянь-Шанда таңшыган,
Мен жаралгам кандуу, жаштуу тамчыдан.
Ким аттанат, ишчи-дыйкан эрки  үчүн,
Жүр комсомол, өзүм менен, камчылан!

(1925)

Бул, кийинкилерге, бизге – 60-70-жж. муунуна, андагылар «патриотизм пафосу» болуп угулат-туюлат. «Мекенчилдик, элчилдик» сыяктуу эмики бийик терминдерде териштирилет. «Идеялык-тарбиялык маани» деген кеч сырттан таңууланган мазмуундарда мүнөздөлөт. Ал эми өз мезгили үчүн, бул — «бар болуу же жок болуу» деген гана маселе эле, жаки, мерез гамлеттик суроо, тагдырлуу катаал бөрү мыйзам! Токомбаевдин акындык да, граждандык да  ариетин аваал аныктаган, соңку жолун мүнөздөгөн өмүрлүк көрүнүш ушул.

Кеңеш заманынын келиши, жеңиши менен фольклор мейкиндигине тунган кыргыз руху орус, ал аркылуу европа маданиятына карай канат кергени белгилүү. Бирок бул процесс саал кийинче активдешет, 30-жылдардан баштап… Ал эми азырынча, т.а. 20-жылдардын баш-аягы, айрым кыргыз акындары гана (Токомбаев, Бөкөнбаев) жазгыч эле атанып калышканы болбосо, өзүнүн салттуу, тамырлуу кыртышында өтө чың турушкан. Аалынын таасын күчтүү жери да дал ушерде эле – же калк поэзиясынын кайнар көзүндө тунгандыгы. Эгерде, эпаадам, жаш Аалы ошондо жазып кетпеген болсо, анда ал төрт аягы ар бөлөк даңкан аткан төгүлгөн төкмө жорго болуп кетмек. Анда — элдик стихия өтө бууракан жашаган. Буга, мисалы, «Кандуу жылдардагы» элдик мотивге карай кандай тизгини бурулаары замат, ошондой ээлигип алып-учуп жөнөгөн жаш калам жайы күбө. «Ээлигип» демекчи, он бир муундап ыр кураган жаңы жазма адабияттын талабы-табияты гана, ыр менен роман жазып жатам деген кыяз гана, балким, жаш Аалыны фольклор мейкиндигине аяк кердирбей, туяк кызыттырбай, тизгиндеп тургандай таасир калтырат. Болбосо ал бобул Бозбу тоого түз эле аргып чыгып, андан нары бозомук Саманчы Ааламына бой уруп куюгуп-куюлуп кете албай араң карманып калгандай туюлат. Атайын! Аң-сезимдүү түрдө!

Айтмакчы, «фольклор, төкмөлүк, бул – көбүнесе, суу» деген жарамсыз түшүнүк кийин эле калыптанып кетти. Жарым саат бою бир тынбай какылдап сабалаган ырлардан жарым барак данектүү саптар калбаган кечээги эле күндөрдүн көзкарашы бу. Чыныгы акындык, чыныгы төкмөлүктүн жөнү башка. Аалы ошол аныгы кайнардын как туундусу, нак жалгашы. Эсеби, эскерип өткөн «Кандуу жылдарга» карап баксак, андагы Текес сүрөтү, Угузуу, Алымкул керээз, Нуржан кошок, Мурат муң, кыргыз, казак акындарынын кайрат айткан бөлүмдөрү –кыргыз салттуу поэзиясынын нугун кеңиткен, чоң романдын денесиндеги кичи шедеврлерге айланышкан. Алардан Арыстанбектин дааныш нуска, Жеңижоктун жете санат, Казыбектин кара казал деми урат. Ырлардын ар бир сабы алтын чегеленип, ар бир сөзү күмүш бедерленген! Буларга анан арналуу кайрылабыз. Биердеги кеп – мындай нукуралык, нактык, таасын тактык салттуу элдик саптардан артылып чыгып, кадимки кара өлөң формага жайылып кетет.

Кыр мурун, бото көздүү, кыйылган каш,
Бермет тиш, эрди гүлдөй, алмадай баш,
Буудай өң, жайык маңдай, субагай суз,
Кыргый төш, күзгү далы, кундуздай чач.

 Орто бой, сыйда мүчө, келген сымбат,
Бир албан, жүрүш-туруш таза кылдат.
Укканга, көргөнгө да, билгенге да,
Төрөлгөн катарынан чыккан кымбат.

 Буларды азат кылуу кимге милдет?
Биздин милдет, жоюлсун ушул илдет.
Теңдигин аялдардын биз айтпасак,
Өздөрү качан учат канат ирмеп?!.(   )

Бул, чыгармадагы жаш Аалынын ошол кездери «баштары малга байланган, чалга байланган жүздөгөн кыз-келиндеринин бири” – Айымбүбүгө арналган ырынан. Кор болгон, зар болгон капастагы жаштыкты эркиндикке чыгарууга чакырган жалындуу саптарынан.

Элдик салттуу улуу поэзиянын бир эрекчелиги, анда жалган жасалма азем (кийинки биздин түшүнүгүбүздөгү адабияттагы кооздук) жок. Аны маашыр ойлонгонго, сөз кууп ойногонго убакыт-орун жок. Бет алдыңда агылган турмуш, ар кыры улам аласалган Абал-Дүйнө, Чындык, анан, сен – Акын. Түрүлгөн дүр дүйнөнү түрмөктөлгөн саптарына ороп үлгүрбөй шашылган, ачылган… ачынган Шаа Акын!

Аалыдагы жогорку эки касиет же жаңы замандын жалындуу Сейитбегиндеги жаны жай албаган патриотизм жана комуздай күүлөнүп төгүлүп турган көкүрөк – анын 20-жылдардагы поэзиясынын маңызын-маанисин аныктаган нерсе, ушул! Биз, адатта, Аалыкени же башка акындарды деле, мектеп партасынан тартып, көбүнесе, тандалган классикалык ырларында тааныйбыз, окуйбуз. Мисалы, «Октябрдын келген кези», «Кошоевге кат», «Чалкар менмин!» сыяктуу. Бирок ушинтип атып биз экинчи нерсени элес албай калабыз – аласалган миң кыл турмуш сүрөтү дал тандалбаган, демейки, хрестоматиялык эмес чыгармаларында мол сакталып каларын. Эсеби, жогорку «Айымбүбүгө» сөздү ары жалгасак, бул, бүгүнкү бизге – «аял теңдиги» деген кеп анчейин, демейки же алтургай өөн да угулат. Ал эми бул, чынында, учурундагы, бир өмүргө бир берилер улуу мухаббат, теңинен айрылып, теңине кайрылып, Көктөн бой таштап ташка чабылган армандуу аккуу өлүм же болбосо, өлмүсөк чалдын муздак төшөгүн ар түнү көз жашка чылап өз тагдырында кырча чайнап чыккан шордуу чырак кыздын муңу эле. Типтүү турмуш…

Ардактаган атаң качан сатпаган,
Кызыгыңа сүйбөс качан батпаган!
Сакал жайкап, тал чыбыктай жаныңа
Кубаңдаган куу чал качан жатпаган!

 Качан куунап теңиң менен жүргөнсүң,
Качан балкып бой эрите күлгөнсүң?
Эсеп берчи бириңерге бириңер
Теңиң менен качан жыргал сүргөнсүң!
(«Эсиңе», 1926)

Мындай тагдыр дээрлик кыйгап өтпөгөн – жай калкты, калың букараны. Алтургай, акындын кай бир ырларында бул типтүү турмуш анын жеке трагедиясындай, биографиялык бир барагынчалык деңгээлде аянычтуу ырдалат:

Жаш жүрөк неге мынча жалындайсың?
Чер басып күндөн күнгө зар ыйлайсың.
Бул турмуш жаш жүрөккө даба болуп,
Эмне үчүн жалгыз тамчы табылбайсың.

 Ошентип өмүр бою азап жеген,
Кайгылуу силерсиңер, эжем, жеңем!
Эрки жок, үмүт менен күндү күтүп,
Кылымдап так ошентип жүргөн энем!

Кеңеш өкмөтү, учурунда, жаштарды, айрыкча окууга дилгир келин-кыздарды, анан да чал койнунда тумчуккан жашоосун азаттыкка алып чыгарар жолду бир гана билим жолунан көргөн акылы зирек, жүрөгү тунук жаш аялдарды чоң борборлордон окутууга, агартууга айрыкча көңүл бурганы белгилүү. Чыгыш Аялынын эркиндиги, теңдиги, билими, социалисттик курулушка тартылышы — Советтин эң башкы маселесинин бири болгон. Булардан кезинде академик Алтынай Сулаймановадай (Ч.Айтматов) Борбор Азиянын тунгучтары чыккан. Бирок бул тар жол, тайгак кечүү чыгыш аялынын өзүнөн канчалык эркти, чыдамкайлыкты, максаттан тайыбай ал үчүн өмүрүн сайган көжөлгөн тобокелчиликти талап кылганын, биз, соңку муун, дале өз деңгээлинде жеке аңдап, жете баа берип көнө элекпиз алигүн. Уркуятагдыр кандайдыр бир жердеги, бир айылдагы, бир кишинин бир эрдиги-трагедиясы болуп көрүнөт дале көбүбүзгө. Түштүктө – Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш аймактарда паранжыга каршы күрөш, аны массалык көрүнөө өрттөө окуялары; түндүктө – жаш келин, токол, аялдардын түркүн кысымдарга карабай борборго, окууга зарылып-сабылып умтулушу, качышы, бул чыны менен революциянын ичиндеги чыныгы экинчи революция болгон, тушундагы. Биздин эле, өзүбүздүн Куланак айлыбызда: «Мен эртең бээ соем, согумга келгиле» деп табышмактатып жарыя айтып, бычагын көрүнөө эле кайрап жүрүп, эртеси борборго окууга жөнөмөкчү болуп жаткан жаш аялын түнүндө мууздап салган киши болгон. Бул дагы жаңыга умтулган татаал замандын катаал чындыгы эле. Жаш Аалынын бир эмес, бир нече жолу, бир жылдары эмес, ар жылдары ушул темага кайра-кайра кайрылып, каңырык түтөп жазышы – заман жаракасынын акын жүрөгүн жаралап(араалап!) өтүп тургандыгынын күбөсү.

…Билемин, кыялыңда теңдик алуу,
Чачылган сансыз санааң болуп таруу.
Тил алсаң, мен окууга алпарайын,
Соңунда өз жумушуң каалап баруу.

 …Жарым түн. Кылдыратып арабасын,
Асылбай Калыйпага келди бачым.
Аңгыча ак маралдай керилген кыз
Төбөгө даярданып түйдү чачын.

 …- Чочуба, сага өзүмдү бердим эми,
Калыйпа, кучагыма келгин эми.
Атыңды, Абдырахман, кыбыратпай,
Жарыктын урматына желгин эми!
(«Асылбай менен Калыйпа», 1926)

…Балбылдап, күлүмсүрөп биздин Бермет,
Баратат кубангандан кургап, тердеп.
Кырчылдап, селкилдеткен арабада,
Баратты, а кудайлап алга дегдеп.

 …Жыраадан өтөрүндө бетиндеги,
Ат желди, дөңгөлөктөр декилдеди.
Тизгиндеп арабаны курчаганда,
Үн чыкты: «Тил Берметтин бетин», — деди.
(«Бермет», 1929)

Ооба, бир эле арабада, бир эле качкан кыз, окуу дегдеп шашкан кыз, бир эле билим-тагдыр, тек, аттары гана ар башка – Калыйпа, Бермет…

Ооба, академик Алтынай Сулаймановага чейинки жол чыны менен тар эле, тайгак эле… Ооба, чыны менен жакшынын алды тар да, арты кең экен…

Мен жогоруда бир теманын тегерегинде (аял теңдиги) атайын улартып кеп салдым – Токомбаевдин өз мезгилинин кар-көйгөйүн канчалык «өзүмдүкү» кылып алганын жана аны өзөлөнүп зар ырдаганы көрүнөө турсун үчүн.

Чынында, Токомбаевдин каламы кыйгап кеткен өз мезгилинин эч бир урунт маселеси болгон эмес. Эсеби, эскичилдиктин эски илдеттей дале жакага жармашып турганы:

Мен сагынып элди көрдүм, кубандым,
Бирок жүрдүм арасында тумандын.
Колдорунан кокон келбес бузуктар,
Чечип жатат маселесин дубандын.
(«Сагыныпмын эл жерди», 1926)

Жаңыга жаңшаган чакырык:
Ушул кезде көбү көчмөн элибиз,
Кен иштебей, суусуз жатат жерибиз.
Биздин милдет – күч жумшамак аларга,
Эсен болсо кырсыктардан денибиз.
(«Биздин милдет», 1927)

Сөздүн күчүнө салуу, багынбаганды алуу:

Колдо найза – кармап жүргөн каламым,
Төштө калкан – жазган кагаз барагым.
Күнбү, түнбү, кайсы жерде, капам жок,
Калкан, найзам колдо даяр, барамын!
(«Мен кабарчы», 1928)

Ушул улуу сапарда “чыдап берегөр”  деген өз жүрөгүнө жалыныч, өзүмдүк ант-шерт:

Сага шерт! Мен чыдаймын, чыда жүрөк,
Кажытпа, кайрат бергин каныңды үрөп.
Бүткөнчө тап күрөшү, от кечишем,
Жалтанбай ал күрөштө болгун жөлөк!

(     )

Биз бүгүн эгемен доордо чече албай кылчактаган кыргыз тилине сүрөөн-салтанат:

Биздин тил өлчүлөрдүн катарында,
Жоголуп баратканда сапарында,
Жарк этип азаттыгы Октябрдын,
Сүрөдү катар жакка, батаарында.

 Биздин тил – мына бүгүн билим тили,
Айланса – ай-ааламга илим тили.
Ырдатса, ыйлатса да укугу бар,
Кыргыздын кыйрын баскан кетти кири.
(«Кыргыз тили», 1928)

Акыры, ушул замандын кеменгер ээси, кудурет пайгамбары Лениндин өлүмүнө аза:

Ый менен ал да, мен да, сен да, эл да,
Дүр-дүйнө бузулгандай, онтойт жер да.
Ала-Тоо кулап көлдү толкуткандай,
Карасаң көп көзүндө аккан сел да!
(«Эстеликтен», 1928)

Мен биерде, өйдөкүгө кайчы – Аалыкенин ар кыл темадагы ырларынан чөп башылап келтирдим. Темаларды уланта берсе болот. Мисалдаганымдын максаты башка. Буга дейре учкай айтылды, жогорудагы ырлардын мисалында ошондогу бир ойду саал чечмелейин дедим.

Өйдөкү өңдүү ырларда эч бир жалган пафос, жагынуу саясаты жок. Жасалма поэзия, жагынуу саясаты кийин башталат, орден-медалдар шаңгырап чыкканда, ыр саптары гонорар калыпта шыңгырап өлчөнө баштаганда, негизинен, 50-60-жылдардан баштап… Ал эми 20-30-жылдардагы кыргыз поэзиясы, бул – тагдырдын поэзиясы! Дале кийинки терминдерде айтсак, коомдук идеал – жеке идеал; турмуштук идеал – эстетикалык идеал ажырымы жок айкаш, жуурулушкан чулу абал бул. Мукай, Жусуп, Жоомарт, бул – тагдыр! Алыкул – тагдыр! Булар үчүн «адабият», «кооз жазуу» деген негизги түшүнүк болгон эмес. Адабият булар үчүн жеке тагдыр, агылып жаткан өзү күбө турмушту ырдабай кое албагандан ырдоо болгон. Адабият, акындык кооздук жеке тагдырларында эриштелип, булардын канында өзү эле кайнап турган. Ыр өзү эле кеткен. Адабий асемдик – табигый абал эле. Ошон үчүн булардын ырларында кайнаган жашоо, жасалмасыз чындык; турмуш – тагдыр же тескерисинче, тагдыр – турмуш. Анткени, кыргыз жашоо табиятында, философиясында, Ыр, бул – жөн эле биздин бүгүнкү түшүнүгүбүздөгү ыр эмес, ал андан эбегейсиз кең, башка элдик кубулуш, элдик турмуштун нак өзү, карачечекей көзү! Кыскасы, Тагдыр же мындан да тагыраак айтсак, карт Мезгилдин кайран тагдырлар аркылуу өткөн Мөөрү!

Поэзия… Бул, бүгүн биз, соңку число менен алардан кооздукту, сулуулукту, уйкаш түрлөрүн, аллитерация, ассонанс, идеялык-тарбиялык маани ж.б. д.у.с. адабий каражаттарды издеп, чукуп көрүп, таап жатабыз. Ал эми өз мезгили үчүн, бул, бая Ыйса, Эсентай, Мурат дааналардын калктын кара турмушунан табылган, ыры-ыйынан жаңырган, агылган АКЫН абал эле – эми Токомбаевдер аркылуу МӨӨР өткөн… Аалы кредосу!

Кыймылда, аракет кыл, жаштык кезим!
Жардамдаш, мээ баштаган акыл-сезим!
Жүрбөйсүң дүнүйөдө сен түбөлүк –
Жүйрүктүн табын табар, чабар кезиң!

 Бул кезде күнүң күмүш, айың алтын,
Чачып кал, колдон келсе, алсын калкың.
Жардамдаш, эч болбосо жатпа карап,
Жоюшкун караңгы элдин эски салтын.

 Чыкылдап мүнөт жүрсө өтөр күнүң,
Бул мүнөт токтобостон бүтөр үнүң.
Мүнөт согуп, үн бүтүп калганынча,
Бүтүрбөсөң ишиңди, курсун түрүң!
(«Жаштык кезге», 1927)

Биз жогоруда бир катар акындардын ысымын атап өттүк. Жыйырманчы жылдары алар жаш кулунчактар эле. Бирин-экин гана ырлары болбосо, адабият кырманын кызытчу кездери алдыда жаткан. Бул жылдарда «жазма» аталган поэзияда узангандар негизинен эки-үчөө эле болчу – айтылган Аалыкең жана Касым. Аз-азырак С.Карачев. К.Тыныстанов ал жылдары поэзиядан гөрү, жаңыдан түптөлүп баштаган жаш кыргыз илимине көбүрөөк тартылып, көкүрөк көөрүн ушул жакка төктү. Антсе да, Касымдын айтылар адабий сабагы өзүнчө. Карачев кара сөз беттеди. Аалыкеге кайрылсак, жыйырманчы жылдары ал тер төгүп иштегенин (жок, телмирип жашаганын!) көрдүк, ал жылдардын бар кубанычы-арманы, бар күлкүсү-мүшкүлү жаңы заман-дыңга биринчи бороз салган сокодой  жаш калам жигеринде биринчи жигерленгенин билдик.

Акындык төкмө нукуралыгына жаңычыл патриотизми, граждандык ариет-намысы жыш ширелгенин да билдик. Жана акыры, ал Ыр-Романга да биринчи тиш салганын да көрдүк. Ал эми «биринчи» деген, биринчи! Демек, Аалыкеден кийинки жаш акындардын эч бири анын таасиринен сырт тура алмак эмес, тура алган эмес. Балка-Акындын сокмогу ар биринен угулуп турат, биринде аз, биринде саз. Алардын ар бири, өз тушунда: «Биз Балка Акындын балдарыбыз, Балка дооштун жалгашыбыз» дегендей ойлорун ырларында да, макалаларында да ачык айтышкан, ага сыймыктанышкан. Арийне, таасир – ар түрдүү. Өзүлөрүнө чейин бир чоң машийне жүрүп кеткен соң, соңкулар ал изди излебешке, эрксиз. Ошол жол, ошол суу, ошол дарак – ошол тема… Ошентсе да, чыныгы таасир башка.

Өзү, Аалыкенин чыгармаларында отузунчу жылдардан баштап коом турмушундагы өзгөрүштөргө байланыштуу («тапчылдык», «ликбез», «кулак-чунак», «аял теңдик» маселелеринин, негизинен жоюлушу) жаңы тилке башталат. Ал – «түбөлүктүү» аталган темаларга көбүрөөк кайрыла баштайт. Граждандык лирикасы олуттуу тартып, философиялык чабыт кеңип, сүйүү багыт тереңдейт. Мына ушул мектепти кийинкилерден ким кандай өздөштүрдү дегенге келгенде, менимче, бир гана башкы ысым калат – Алыкул!

Аалыке менен бир курдай, кийин 80-жж. ортосунда Алыкулдун 70 жылдыгына жакын күндөрдө жолугушуп, маектешип калдым. Кадимки Дзержин, «Ат Жайлоо» — экөөбүз. Ошондо ал мурда өзү эч жерде айтпаган, же жазбаган (балким, мен билбеймин) бир сөздү айтты. «Менин Алыкулга тийгизген таасирим кыйла, муну өзү да айтчу», — деди. Мен үндөбөдүм. Мурда ойлонбопмун. Турмуш окшош болсо, социалисттик талап бирдей болсо, тематикалык окшоштуктар боло берет да деген кыязда элем. Анан калса, Алыкул өзгөчө, Алыкул түнт, Алыкул ойлуу, Алыкул драмалуу, Алыкул андай, Алыкул мындай деген, аны өзүнчө эле бир сыр сандыктаган аңыз-клише ой күчтүү эле бизде. Арийне, негизи, бул туура эле ой. Бирок, бул «өзгөчөлүк, окшобостук, өзүнчөлүк» дегендер кайдан келет, учугу кайда, себеби эмнеде жашынган? Мунун Аалы – Алыкул «таасирлештигиндеги» кандайдыр орду-байланышы барбы, же ал, карт акындын турмушту ушундайча көргүсү келген бир амбициялуу аңызы беле дегендей кызыккеч суроолор чыга берет. Анда менин Аалыкеңе кайрыр сөзүм жок эле. Кийин-кийин болду. Аалыкеңдин көзү өткөндөн кийин, анын китептерин кез-кез барактай калган чактарымда, каргылт доошу кулагымда жаңырды, эсимди ойготту, ойлонтту. Аалыкеңдин андагы сөзүнүн чындыгына ишендим. Бул, поэзиядагы жекеликке – индивидуалдуулукка байланышкан маселе. Ушуга келели.

Айтылды, Аалыкең төгүлүп турган жорго эле – фольклор айдыңынан жазма тегиздигине чуратып кирген. Андан кийинки жаш акындардын деле башат мекени ошол эле – жады поэзиясы. Ал эми жады поэзиясынын, же тагыраак айтсак, ырчылыктын табияты – көз көргөндү түз айтуу, нак айтуу, мында элди алдай албайсың; озуйпасы – үндөк, ишендире айтуу, кандайдыр бир ойго, идеяларга чакырык, нуска жетек. Өз учурунун тигил же бул маселесин, заман көйгөйүн күйлөшкөн андагы жазгыч акындарга келсек, алар да жалпы жонунан ошол эле ырчылыктын табиятын, жолун-салтын улантып жатышкан. Поэзиянын озуйпасы (миссия – назначение) элди эмнегедир үндөө, кайдадыр багыттоо, жаңыга чакырык салуу, жакшылыкка ээрчитүү эле. Турмуштун мүнөзү-талабы өзү ураан-чакырык  ырларды, сахналык демдүү декламацияларды, такмаза алым-сабакты, кошолуу хорлорду жаратуу эле. Жалындуу поэзия деп ошол жарчылык түшүнүлгөн жана поэзия жаратуучулардан да ошол талап кылынган. Токомбаевден, жана андан соңку муундан тарых ушуну талап кылган, тагдырларына ушул жазылган. Сөзүбүз куру болбосун үчүн ушул эле Аалыкеңдин өзүнөн бир сабактай кетели. Жаңы дүбүрт жаш Жусуптун (Турусбеков) Аалыга жазган  катына жообу бул:

Бүгүн сен да эски менсиң,
Баары – туман сен үчүн.
Бул жарабайт «мен-мен!» деген,
Ойлон, от кеч эл үчүн.

Сен жазбагын, мен укпайын,
Санаа жеген катыңды.
Тап деп ыйла, тап деп кыйнал,
Тап деп чаккын датыңды!

 Табың – жалчы, уусун ичкин,
Кызмат кылгын эл үчүн.
Бүткүл жаның, соңку демиң
Курман болсун тап үчүн!

 Жүрөк канын табың үчүн
Сыя кылсын каламың!
Бул каттын да сыясы – кан,
Жерде калбас саламым!
(«Жүрөк канын сыя кыл», 1930)

Бул, маселенин бир жагы. Экинчи жагы, бая айтылды, жаш заман, жаңы мезгилдин жана өзгөчөлүгү  турмушту түз, нукура, жасалмасыз, натуралисттик дегидей болушунча так ырдоо эле. Ал кез акындарынын чекесине ушул жазылды, ушуну чеч ырдашты.

Билгенге, бул экөө бир канжардын эки мизиндей кеп. Муну менен чектелбей, бул тегизден чыныгы талант гана канатын жазып суурулуп чыгып кетет, жаки, куушуруп тереңине кудуп кирет; ал эми чабал, жамакчы жазмакер, табияты тайкы талантсымактар анын бир мизинде калып кетет, талып калат. Агэр, кийинки терминдерде  мүнөздөөр болсок, «дежурный акын», «календарчыл акын», «саясатчыл акын», «конъюктурщик акын» деген тарыхый туундулар так ошолор, жаки, бир орунду таптап, бир мизде калчанып калгандар. Ал эми чыныгы талант, кайталайлы, так ушунун тескерисинче, качан да болсо, кайда да болсо, же Учан Мейкинге төнөт, же Теңиз Иримге чөгөт, орду – Учта, Түптө! Поэзиядагы эч кимге окшобогон Жекелик – Индивидуалдуулук деген ушундайча келип чыгат. А бул – поэзиянын Жаны! Аалынын да, Алыкулдун да поэзиясын тереңден өзөктөштүргөн, сабакташтырган касиет, так ушул! Алар – катарынан суурулуп кетишкен! Эми муну конкрет мисалдарда чечип койсок, болот.

Өйдөрөөктө айтылды, Аалыкенин чыгармачылыгы 30-жылдардан баштап нугун чойду, түбөлүктүү кайрыктар темасын байытты, мазмунун тереңдетти. Өмүр, өлүм, сүйүү темасы өзү эле, табиятында, жекече көңүл гүйүн, ички мамилени талап этет. Ал эми дүйнөгө өз алдын мамиле – сүрөткердик тереңдик, кайталангыс жекелик касиет менен айкашканда нак поэзия жаралат. Аалынын граждандык, философиялык, арзуу лирикасына ушул мүнөздүү.

Сүйөмүн мен, өлсөм дагы танбаймын,
Сүйгөнүмө өлгөнүмчө канбаймын.
Жашчылыктын өз кырдаалы өткөн соң,
Карылыкты тыйын үчүн албаймын.

 Жаш өтөт деп мен муңая дегдеймин,
Мен жаштыкты сан карыга бербеймин.
Өлгөнүмчө эмгек, кызык – меники,
Бир өлгөн соң мен дүйнөгө келбеймин.

 Баары кымбат, жаштыктагы кылган иш,
Жаштык өтөт, кылганынан калат из.
Бүтүү керек бардык ишти жаштыкта
Бул тууралуу кандай дейсиз, кана сиз?

 Сүйөмүн мен, өлсөм дагы танбаймын,
Сүйгөнүмө өлгөнүмчө канбаймын.
Жашчылыктын так кырдаалы турганда,
Элим үчүн өмүрүмдү арнаймын!
(«Сүйгөнүмө», 1930)

Тык! Тык!!. Азис окурманым, бул кайрыктар сиздин көңүлүңүзгө кандайдыр бир тааныш табыштарды салып турган жокпу? Эски бир таанышыңыз эшигиңизди капыс какпай кирип келгендей эмеспи бул?

Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.
Өлгөндө да сенин жыпар жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап.

Болбосо, жашоо-турмушка жекелик мамилеси жете ачылган, граждандык илебинде кызып, сызып чыккан дагы бир ырын мисалдайын:

Ырас, өмүр аткан октой өтөбү?
Ырас, жаштык суу сепкендей өчөбү?
Ыйламсырай туткун болуп толкунга
Ыраа көрбөс башка доорго көчөбү?..

 Ойлоп турсам эчен-эчен кылымды,
Оюм жетпей эрмек кылам чылымды.
Ок экен го бир атылган жашчылык,
Ошондуктан каламга айтам сырымды.

 Көңүл эмес, эмгегим да атылуу,
Көптүн мен бир керегимин шатылуу.
Керек кылса тепсеп чыксын башымы,
Кебелбестен элим үчүн ичем уу!

 Өмүр кургур, өскөнүңдөн танбассың,
Өлүм чиркин сансыз канга канбассың.
Өксөт өлүм! Өмүр сен да өсө бер!
Өлүм сага эмгек чачпай барбасмын.
(«Өмүргө», 1930)

Бул ырдан да качантан сизге тааныш жылдыздуу бир журтка кабылып турган жоксузбу? Сырдана сыры-нуру эшилбейби, эшитилбейби, мындан?

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз,
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Кечээ гана тигил кырда жок эле
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш.

Алыкул! Ооба, жан жашоого, тагдырга мамилеси өзгөчө, өзүнчө ачылган Алыкул. Замандаштарынан, каламдаштарынан айрымаланып, ак боз атта караанын бөлүп чыккан Алыкул. Мындай тереңги таасирден чыккан окшоштуктарга шилтек берген ырлар Аалыкеде арбын. «Эмне менен ким күлөт?», «Жумушчу», «Мейкин бороону», «Ат-Башы», «Сен», «Замандашыма», «Кимиси бай» — санала берет. Ырлар гана эмес, Аалыкеде чакан поэма да бар – «Өлбөс жигит» аталган. Поэма каарманы – согуштан эки көзү сокур болуп кайткан жигит. Ага кандайдыр боор толгоп калган кыз (кийинки – сөзгө сараң келин)…Жигит муңун бөлүшө айтканы бу:

Эл үчүн тозок тепсеп өтүш керек,
Эл үчүн түпсүз деңиз кечиш керек.
Эл үчүн сокур, чолок, керең болуп
Эл үчүн суу сепкендей өчүш керек.

Ырас эле, Алыкулдун «Ким болду экен» поэмасынын баш каарманы дал жогорку саптарда айтылгандай согуштан мунжу болуп кайткан жигит:

Жыйналып чала уйкулуу кемпир чалдар
Чай коюп, нан бышырып бүлүнүштү.
«Бут аксак, сол колу жок, арык» — дешип,
Кемпирлер жашын аарчып бүлүнүштү.

Эки поэмада тең эл үчүн эки көзүн берген (АТ), бутун жана колун берген (АО) согуш эрлеринин трагедиялуу абалы, бирок аларга элдеги эң Сонун кыздардын тагдырлары буйрулганы даңазаланат. Алыкулда ачык, Аалыда туюк. Аалы поэмасы 1943-жылы, Алыкул поэмасы 1945-жылы жазылган.

Кыскасы, Аалы таасири айкын.

Арийне, дегеле, Эки Асканын арасында (ортосун бөлгөн опол караан аз!) мындай жаңырыкташтык болот, болбой койбойт. Окшоштук капыстан деле болот – доор деми, турмуш арабасы, заман заңы, идея бирдейлиги, элдин умтулуш жигери, маанайы, ж.б., кыскасы, ыр окшоштугун турмуш өзү да шарттайт. Бирок Аалы, Алыкул ортосундагы таасир-окшоштуктун тамыры тереңде – эстетикалык жалпылыкта. Талант, эмгектен тышкары, бая айтылган дүйнөгө өз алдынча мамиледе, кайталангыс жекелик, индивидуалдуулукта. Элдик адабияттын тартуу күчүндө кала бербей, андан суурулуп чыгып, катардан озуп, боордош түркий, орус жана дүйнөлүк адабияттын алгы үлгүлөрүнөн эртелеп наар татып, сабак алып калгандыгында. Анан… жеке тагдырда! Тык! Тык!! Тык!!! Мына, акыры чыныгы бир чоң сүрөткерди экинчи чыныгы сүрөткерден айрымалаган касиет-сапатка да келип жеттик. Акын тагдырына!

Чынында, окшосо Ыр гана окшойт, ал эми Поэзия, окшогус! Анткени, ал, айтылган Тагдырга байланышкан, акын тагдырына… Алыкул, бешенеси экен, татаал тагдыр күттү. Алгачкы махабатынан айрылуу, баласыздык, жары менен күйүшпөгөн от, оору, жалгыздык, жетимдиктин бүт кийинки өмүргө баскан ач тагы – совет турмушун, жакшы адамдарды интернат жетимине ата да, эне да, бала да, жар да кылып берди. Алыкулга элди, жерди, келечекти сүйүүдөн башка тагдыр артпаган…

Аалынын да бешенеси экен – Алыкулдан ашкан тозокту бул да башынан кечирген. Эртелей жетимдикти, корду-зарды, 16-жылкы бир үй-бүлө эмес бир элдин жер көтөргүс алааматын жаш наристе жүрөгүнө туз тилип туруп салып алган, катып алган, аргасыз!.. Ал, сыртынан,  жыргалы арбын көрүнгөн жалаң жылдыздуу жашоо кечиргендей көрүнсө да, өзү бүт өмүрүн, күрөшүн, үмүтүн, сүйүүсүн арнаган Кеңеш өкмөтүнөн оңой эмес запкы жебеген, келтек-тепкисине уугуп, мүшкүл азабын да тарткан. Бирок өмүрү акырына чейин алардын баарын адашуу санап, кыргыз келечегин Октябрь нуру, Ленин жолунан гана көрүп, идеалынан эч тайыган эмес.

Кыскасы, Аалынын да, Алыкулдун да тагдырлуу поэзиясын катаал-татаал мезгил өзү шарттаган. Жеке тагдырлары жетилген чактарында жеткилең поэзияларын аныктаган. Аалы салттуу жолунда жүрдү, Алыкул өзүнчө өр жолун салып кетти кийин. Алыкул — Аалы поэзиясынын ойчул бир канатындай сезилсе, төгүлгөн Жоомарт анын экинчи карлыгач канатындай көрүнүп кетет. Аалы өзү ушул ар башка кайталангыс кош таланттын жуурумунан бүткөндөй. Же, дагы тагыраак айтсак, бир Аалынын кош канатын эки ини акын өз талант күүлөрүндө эки жакка күүлөп кетишкендей…

Аалыдан кезинде жеке пенделик жардамын да алган, акындык сабагын да алган Алыкул кийин өзүнүн кайталангыс Аска Тагдырын түзүп кетти, күтүп кетти. Акындык жолун…

Дегеле, ушерден саал лирикалуу чегинип, таасир тууралуу кепти уланта кетсек, анда бул, жалаң эле ыр окшоштугунда ченелбейт, бүтүн поэзия жанры менен да өлчөнбөйт, алтургай, жалпы адабият алкагында да чектелбейт, бул – кеңири, эстетикалык көрүнүш. Эсеби, ушул эле Алыкулдун колхоздуу бейпил турмушун, кызуу кызыл кырманын, баёо мамыры таза элин, күнтуурук кыз балдарын, бейгам тирликке малынган-магдыраган таңкы, түшкү, кечки кыргыз айылдарын, кыскасы, «Родинамдын тынч талааларын» – экинчи бир чебер сүрөткер, анык кыргыз уулу өзүнүн полотнолорунда эзилип-эгилип ырдап салган – Семён Афанасьевич Чуйков!

Экөөндө тең бактылуу Советтик Кызыл Кыргызстан. Бири — живописте, бири — ырда. Бул эки искусстводо бирин бири толуктаган, бирок бир эстетикалык жалпылыкта, анчейин, каралбай деле жүргөн эки зор инсанды эскербей деле кетмекпиз, эгерде, аларды жалпылооч бир фактор, үчүнчү зор инсан болбогондо – Чынгыз Айтматов. Эмесе, Чынгыз Айтматовдун  «Обондуу» — «Тоо талаалар повесттеринин» да эстетика башаты улуттук кооз адабияттан да мурда дал ушул коомдук-эстетикалык бир идеалдын туундусу, эки – Акын жана Сүрөтчүдө жатат. Поэзияда жана Живописте – Данияр абанында сызылып калган… Башаты, билинбей Токомбаевге кеткен…

«Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» деген кыргыздын кыраа кеби бар. Бул – маселенин бир жагы. Экинчи жагы – аларга качан да болсун (мурда-кийин) баа берүү да өз мезгилинин өрнөгүндө өлчөнүшү керек. Ушул өңүттөн чыкканда  Аалыкеңди, тушундагы арзуу поэзиясынын атасы эле десек жарашат. Бул, биз, кийинкилер – «Жолборс терисин жамынган шердеги» сүйүү деңизинде чалкыган; Мидикеңдин жүрөктөн шарр төгүлүп кеткен маххабат ырларында калкыган; Омокеңдин «Сен жөнүндө» поэмасында балкыган муун – жазуу поэзиясындагы арзууга ачкачылыгыбыз кана, мейлибиз ток тарта түшкөн. Сүйүү темасында байый түшкөнбүз. Ага дейре, тээ горизонт учунда айдыңы башка бир гана караан  эле – Аалыкең! Аалыкеңдин 30-жылдардагы, андан кийинки деле, сүйүү ырлары өзүнчө керемет дүйнө.

Эми ушул «кереметтин» алдында дагы бир кеп: биз Аалыкеңдин, же дегеле ошол замандагы (20-30-жж.) акындардын сүйүү лирасы дегенде тарыхый бир жагдайды эстен чыгарбашыбыз абзэл. Ошол кездин деле акындары жаш болгон, делбирттеп алар да сүйүүгө мас болгон, тек, өпкө-жүрөгүн чаап эбедей эзилген ырларын дайыма эле кадаланып кагазга түшүрүп поэзияга айланта беришкен эмес.Поэзия, алар үчүн, айтылды, биринчи ирээтте бийик идеал – элдик-коомдук иш эле; ал эми сүйүү бир керт баштын эле маселесиндей кеп болчу. Актуалдуу адабият үчүн – экинчи… жетинчи катардагы… Мезгилдин сүйүү ырга муктаждыгын эң жогорку деңгээлге өнүккөн элдик фольклор, же ошол нукта улам жаралып турган жаңы ырлар эң сонун канааттандырып турган. «Сүйөм, күйөм!» деп өзөлөнүп ырдай бериштин өзү өрөскөл саналган  — айрыкча Аалыкеңдей алгы саптагы балка согоор башкы фигуралар үчүн. Анан калса, тапчыл, жаңычыл күрөшкө жалындап тартылышкан алар эртелеп эсейе түшкөндөй эле. Ушул багытта Аалыкенин өзүнүн бир мүнөздүү ыры бар. Жамгырга аралаш ат жалына өбөктөш шолоктоп жашы агылган, эки жаш өз сүйүүлөрүнөн эриктүү айрылышкандагы абал бул:

Майдын жашыл тукабадай кечинде,
Ыйлап асман жашын төккөн кезинде,
Мен – кайыкты, толкун турмуш  чарпылтып,
Экчегенде, «кош» дешкениң эсимде.

 Ат жалында жамгыр жаштай тамчылап,
Менде жүрөк талый жаздап кансырап.
Ат сүрүнүп, ала сала бергенде,
Эсти жыйгам, баратыпмын алсырап.

 Мен бараткам, табым үчүн так басып,
Жаштык экен санаалаткан дат басып,
Мына бүгүн: «төңкөрүштүн жолунда
Курманмын!» — деп олтурамын кат жазып.

Керт баш үчүн жаралбаппыз, түшүндүм,
Күрөш үчүн жаралыппыз, түшүнгүн.
Эл милдети каамытталып турганда,
Эр жигитим экинчиге түкүргүн!

 Биз жаштарга үлгү болуп кармаштык,
Ата Журттун алган ишин жалгаштык,
Мен армандуу, сен да калдың армандуу,
Өзүбүздү эл сүйүүгө алмаштык.
(«Эсимде», 1930)

Сүйүүнү «экинчиге» калтыруу, «эртеңкиге» жылдыруу – бул дагы бир өз мезгилинин мүнөздүү көрүнүшү эле. Сүйүшө турган чак эмес! Эл эртеңи эсен болсо – эсеси ошол армандын. Ушинтип жашоо чындыгы поэзия жашоосуна да көчүрүлүп кеткен кез болчу…

Биз буга дейре Аалыкеңдин поэзиясын мүнөздөгөн үч өзгөчөлүктү учкай айттык.

Биринчи, Аалыкең элдик мөлтүр башаттан кана ичкен өз мезгилинин кулунчагы эле;

Экинчи, жашоо турмушка өз беталдын мамилеси эртелеп калыптанган, жеке туйгусун поэзиясына эркин алып кирген жазма чебери эле;

Үчүнчү, боордош түрк (татар, казак) шыгыр, өлөң салтын мыктап өздөштүргөн, орус поэзиясынын айрым алдыңкы үлгүлөрүнөн да сабак алууга жетишкен чарктуу интеллектке ээ эле.

Бир акындын өнө боюнда табигый жуурулуп ийге келген бул касиет айрыкча анын сүйүү ырларында таасын ачылган. Анткени, арзуу  темасы жасалма-жалганды түк көтөрө албайт, эгер ал – сүйүү, бар экени анык чын болсо, анда ал чыңырып чыгат, шыркырап күйүп берет. Жүрөк өртү эч качан сөнбөс! Баса, ыгы келип, калам учу өзүнөн өзү алакачып, Аалыкеңдин мынабул ыр саптарын дал ушул жерде ширей кеткиси келип туру:

Сен күндүн сыныгынан жаралгансың, —
Жалының түбөлүккө жана берет;
Тирүү жолборс сыяктуу жүрөктөрдү
Багынтып кучагына ала берет.
Кумдан көп ай-жылдарды тепсеп өтүп,
Адамзат: «махабат» — деп бара берет…
(«Махаббат»)

Ооба, адамзат тарыхындагы, байыркы-соңку, бардык чоң-кичи элдердин бардык сүйүү ырлары дал ушул чындыкка чылк чылангандыктан гана өлбөс-өчпөс тирүү жашап калышкан, бул күнгө келишкен. Ал – махаббат, бар же жок. Болсо, поэзияга чыгат!

Аалыкеңдин арзуу ырларынын бир түрү – элдик мотивде, жады поэзиясынын салтында жазылган. «Бозойдон селкиге», «Селкиден», «Селкинин сыры» ж.б. Бирок, бул өңүттөгү өзгөчө шедевр «Кандуу жылдардын» ичинде катылган.

Ойлонсом күнүм аккан сал,
Оболоп учпай болдум дал,
Ойроттон сендей сүйбөсөм
Ойнобой Кудай, отко сал!

Кылчайсам күнүм аккан сал,
Кылактап учпай болдум дал,
Кытайдан сендей сүйбөсөм
Кыйнабай Теңир отко сал!

 Сүйгүзсөң алтын сүйөйүн,
Сүлдөрүм калсын күйөйүн,
Сүйгөнүм белек кылган деп,
Сүйбөсөң зарлап жүрөйүн!

Бай, бай, ба-ай! Не керемет! Аргымак туягында алтын чеге жалт эткен аркыраган Арстанбек таамайлыгы эмей, эмне бул?! Ары улайлы:

Карашың канды кайнатат,
Кадырың тилди сайратат,
Кайыктай жүргөн жел кыял
Канткенде барып жай жатат.

 Кашың бир сонун чийгендей,
Каламдын учу тийгендей,
Кайгыны жазаар каракөз
Кайрылып койчу ийменбей.

 Эмчегиң чаян түйгөндөй,
Энтигип жарың сүйгөндөй,
Эбелек болгон жүрөгүм
Эзилип муңга күйгөндөй…

Пай, пай, па-ай! Не укмуш, не укмуш! Күлүк туягында күмүш чеге жарк эткен жеткилең Жеңижоктун күйлөнгөн жетик саптарынан мунун канча айрымасы?! Дагы улайлы:

Ак чабак болуп чубалсаң,
Ак көбүк болуп мунарсаң,
Ак жибек жайып тор кылып
Ак толкун кечип кубансам.

 Сунулган колум жетеби?
Суйсалган сулуу кетели!
Суктанган мырза аз эмес
Султандар алып кетеби.

 Жан алгыч мени атса да,
Жаныма кылыч батса да,
Жарыгым сен деп келермин
Жалындуу отко жакса да…

Төх, төх, төхх! Төбөдө — Көк, төмөндө — Жер, Ай-Күн арасы алтын-күмүш даңкан эленген бул даңаза саптарга тең дүйнө поэзиясында башка үлгү болду бекен?

Болду бекен?! Жок! Жок!! Жок!!! Анткени, чыныгы поэзия кайталангыс, жаңгыз! Өзүнүн төл поэзиясынын кадырына дале жете албай жүргөн кай бир окурманга булар дале бая боло жүргөн «борос больклор» болуп сезиле берери анык. А бирок  биерде ал өзү элес албаган, т.а. дегеле сезбеген эки зор чындык катарлаш жатыры.

Биринчи, кыргыз жады поэзиясы – төгөрөгү төп, ич-сырты айкаш (эмкиче: мазмун-форма чулу, ажырагыс) эриштелген Дүйнө өзү! Бул элдик ТЭҢчил (уңгусу уйул!) философиянын поэзиясына салынган үлгүсү, поэтикалык бүткөрө иштелген калыбы. Бул, өзү, Сыртты Ичке киргизбейт да, Ичти Сыртка чыгарбайт – Боло-Толо (самодостаточен!)! Арстанбек ушул, Жеңижок ушул, Казыбек ушул! Манас – ушул!

Экинчи, Аалыкең же дегеле ушул өңүттө узанууга маш жазма поэзиянын айрым чыныгы булбул-дулдулдары Жоомарт, Мидин, Сүйүнбай, Рамис, Дайырбек, Шайлообектердин «фольклорчул» поэзиялары, бул, алардын, эмики кай бир ойлорун элдик ыкымга сала коюп  Жеңижок желдириште төх-төхх! төгүп алышы үчүн гана берилген жепеныкма мүмкүндүк эмес, мындай ой – жазгырык кыял, закым көрүнүш туткуну. Акыйкатта, Аалыкеңдин (же калк туундусу кайнарлардын!) жогоркудай ырлары, бул, жады поэзиясынын алкагында туруп, аны ичтен жазма поэзиянын тыкан, таасын, таамай, сыйымдуу, ашык-кемсиз так таразасында нак калыптап салган, эски-жаңы шай эриштелген классикалык жаңы үлгү болуп саналат. Ар бир сөзү алтын чеге, күмүш бедер — медер сап! Муну туюш керек, сезиш керек, түшүнүш керек, кабылдаш керек, анан, жаңы чындык катары жар салыш керек, жарыялаш керек – өзүңө да, Дүнүйөгө да! Бул, жазма кыргыз поэзиясынын заманга шай өзгөчө бир жаңы көрүнүшү – Мезгил өзү жараткан!

Ушул экинчи катмар же поэтикалык жаңы чындык – Дүйнө эмес өзүбүзгө күүгүм жатыры, али. Андыктан муну саал кеңите айтууга туура келет.

Биз узак жылдар бою жазма поэзиябыз (т.а. революциядан кийинки орус, батыш салтындагы жазма поэзия) түзүлүп калыптана баштаган узаакы кезеңден бери чыныгы профессионал поэзия деп ушул үлгүдөгү поэзияны тааныдык. Токомбаев өзү баштап, мисалы, Пушкинди дүйнөлүк пир санашып, аныгы, чыныгы поэзия ушундай болууга тийиш деп түшүнүштү.

Заманындагы жапан, караңгы көчмөндөр,
Эркин эл болду, зор урпатыңа бакташ, шат.
Илимпоздор, солдаттар, класска көчкөндөр –
Бардыгы ырыңды жатташат.

 Даңкың кучактады зор денесин дүйнөнүн,
Дем бергич эскермең бүт элге түткөндөй.
Элесиң шыбырап ыр бергендей сүйүнөмүн,
Жүрөккө да канат бүткөндөй.
(«Таланттын жылдызы», 1949)

Мунун эч айыбы жок, айып тургай, бул улут рухунун өз чыгаан кулундарынын тагдыр-тажрыйбасы аркылуу өзгө дүйнөнү (эми орус, батыш) активдүү өздөштүрүп жаткан чак, прогрессивдүү тарыхый мыйзамченем. Мында эч кеп жок. Кеп – башкада. Кеп – нагыз улуттук поэзия салтынын (же салттарынын) ар башкалыгында, түптөн айрымалуулугунда. Биз мына ушул эң түпкү чындыкты ак, так, нак түшүнүп алышыбыз керек, акыры. Ал – Ааламды поэтикалуу өздөштүрүүнүн, Дүйнөнү поэзиялуу жеңип алуунун аабалтан айрымалуу ык-жолу! Кыргыздардын (же жалпы эле алтай-көчмөн поэзиянын) жана Батыш дүйнөнүн. Мисалы, айтылган поэзия шаасы Пушкиндин эле өзүнө кайрыла кетсек, анын поэзиясынын нак шедеври саналган эң белгилүү ыры бул:

Я помню чудное мгновенье
Передо мной явилась ты.
Как мимолетное виденье
Как гений чистой красоты…

Чын эле, эч айыпсыз го чиркин, айыпсыз! Агылып бараткан чексиз Аалам өзү калк этип, бир демге, бир аруукенин элесинде как маңдайга, кармала калган Абал-Мөрт! Ооба, кайталангыс!

Бирок эми абай салыңыз, бул – бет алдыңызда гана агылып жаткан Бир Абал, төгүлүп турган Бир Элес, Бир тегиздиктеги – жалаңкат!

Эми көчмөн поэзиядан демейки үзүм:

Тектир, тектир, тектир саз,
Тебишип ойнойт өрдөк, каз.
Теңтушту теңтуш сагынса,
Тегеренет эй көздөн жаш…

А мында жалаңкат Бир эмес, төгөрөк Төп абал. Бир тегиз эмес – ар негиз. Б.а. көчмөн поэзия баш саптарында Сырткы Көрүнүштү (жандуу-жансыз) жетээр жеринде чапчып кармайт («тектир саз» — «өрдөк каз»); соңку саптарында ага Ички Кубулушту жиксиз жалгайт («тебишип ойноп күлө албай тегеренген көздөн жаш») Мында Аалам-Дүйнө топтолук, бүтүн, чулу – Баш-Аягы биригип кеткен; Ич-Сырт уйул ширелип калган. Поэзия пири Пушкиндеги бая бет алдыңда гана аккан Жалаңкат Дүйнө жок мында. Ийирилген Төгөрөк Абал!

Улуттук поэзиялардагы түпкү айрымачылыктар ушундайча же бул, жалаң поэзия чегинен чыгып кеткен дүйнөтаанымдык маселе. Аалыкерлер өзлөрү билип-билбей ушул төгөрөк философияны өзүлөрүндө алып жүргөндөр – улуттун өз кулунчактары, улуттук рухтун бир тамчылары… Андыктан, анын айгине күчтүү өкүлү Аалыкенин жазма чыгармачылыгында элдик поэзия эң кыйдам кыйгас пайдаланылган – жаңыртылып! Бул, кайталайлы, Жаңы Поэзия. Мындай жаңы поэзиянын эң соңку үлгүсүн биздин заманыбызда элдик акын Шайлообек Дүйшеев берди – «Эки дөөнүн күрөшү» эпосунда, жазма. Эгерде Аалыкеңдердин жаңы поэзиясы (жады-жазма табигый эриштелген!) кичи формада – лирикада иштелип келсе, эми Шайлообектен тартып ал жаңы деңгээлге көтөрүлдү – эпикалык салтта ишке ашырылды. Бул, кыргыз улуттук профессионал поэзиясы өзүнүн түбөлүктүү Манас Чокусуна карай өсүп бараткан жолундагы жаңы кадам – «Кандуу жылдардан» каадими башталган…

Аалыкенин сүйүү ырларындагы экинчи салаа – жогоркуга кайчы, өздүк тамга таамай басылган ырлар. Ушул ыңгайда, акындын томдуктарында сүйүү темасындагы «алгачкылардан» болуп жүргөн «Жооп кат» (1935) деген ыры кызык.

Мен анда байчечекей эселекмин,
Керилген жигит кезге жете элекмин…
…Сен анда иргелбеген алтын элең,
Сен анда алдейленген жаркын элең.

Ыр терең жекелик мүнөзгө ээ. Тунгуч, наристе махабаттын учкуну ырдалат. Бая арзуу ырлар жайында кеп кеткенде: «азыр сүйүшө турган чак эмес, эл эртеңи эсен болсо – эсеси ошол армандын» делген эле. Эми ошол чак туугандай, акын бейпил 30-жылдар ортосунан баштап нака жетилген сүйүү ырларын жаза баштайт. Булар өтө изги, чынчыл, кай бири биографиялык мазмуунга канык. Акындын жеке тагдыры жатат аларда. Андыктан, ишенимдүү. Мындай ырларга – «Телефондон», «Дайым», «Экөө», «Эскерем», «Унут дедиң», «Сизге», «Эмне үчүн», «Элестетем», «Ооруга», «Чын сүйсөң», «Түбөлүк деп түшүнбө», «Терегим», «Келгиң келсе», «Сен карасаң», «Сурагын», «Ак жылдыз» ж.б. кирет. Булар:

Сүйүү бизге кандай күнү табылган,
Тилсиз жүрөк жылаажындай кагылган.
Кайгырганда эркем сени ойлосом –
Түндү жарып өткөн өңдүү чагылган, — ырлар. Жүрөк оту жагылган ырлар. Табигый, изги жылуу… андыктан табы сизге өткөн. Акындын кай бир ырларындагы табигыйлык, изги сезим шунчалык – анын темасын, неге чыгарылганын, кай максат көздөгөнүн да унутуп каласың. Ыр, Сыр (сүйүү) – экөөң гана каласың, бетме-бет!

Ай нуру бизге төгүлдү,
Алтыным аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алтындай жарык өмүрдү.

 Күн нуру бизге төгүлдү,
Күмүшүм аччы көңүлдү.
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү
Гүлгүндөй жаштык өмүрдү.

Жалбырак учуп дирилдеп,
Жабыккан сырын билдирет.
Жашылдуу кезде жайнайлы
Жашообуз канча ким билет?

 Алыска кетем эл үчүн,
Айланып учам сен үчүн.
Атайын ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн.
(«Ырдап жүр», 1942)

Бул ыр кыргыз жашап турганда, бардык заманда, бардык муун тарабынан муңбай ырдала берет. Түбөлүк! Анткени, мында жүрөктүн өзү жатат, сезимдин көзү жатат, кыргыздын кылымдык тарыхый эси жатат! Ырдын эң акыркы куплетин окуп болгондон кийин гана, мунун, мына-мына кан күйгөн майданга аттанаары калган жапжаш уландын, кыйбасы – кызына арналган түтпөгөн сезими, бүтпөгөн арманы экенин билесиң, эртеңки күнү элине, сүйгөнүнө оролуп келери белгисиз… Бирок ырды окуп-ырдап жатканыңда бул тууралуу ойлонбой да каласың, анын, жаш уландын бир учурдагы бир сезими экени да эсиңе келбейт.

Тек, аруу сезим Ыр гана калат, анан Сен, жана… Түбөлүктүүлүк! Ушул жөпжөнөкөй [сыяк] бир ыр кыргыздын миңдеген жылдык тарыхындагы сан миңдеген кыроо мурут кырчын уландарынын сабылышы, зарылышы, сагынычы, анан да… Тэңирге ичтей жалынычы болгон – казатка аттанып бараткан, кайрылып келээри белгисиз… Ыр кыркынчы жылдардын кыйырынан чыгып кеткен, мында кан күйгөн жалпы тарых гана эмес, жан күйгөн ар бир ички жеке тарых да жатат. Ошон үчүн ыр түбөлүккө ырдалат.

Ушинтип, билинбей, обондуу ыр (песня) темасына да кирип келдик. Жогорку ырдын сызылган ички абанын жанарлантып сыртка жарыя алып чыккан – Абдылас! Абдыкеңдин абазындагы бул ырды угуп отуруп, буга мындан башкача эч бир обон чыгарууга эч мүмкүн эместигин сезесиң. Абдылас ырдын өзөгүнө өтүп, өзү обон төрөгөн, өзү да андан кайра төрөлгөн! Дегеле, Абдыкең менен Аалыкеңдин чыгармачылыктагы тагдырлары коёндой окшош, жалпы. Абдыкең да Аалыкең сыяктуу кыргыз абазына, фольклор музыкасына бала күндөн кана сугарылган. Анан ошол кайталангыс кыргыз кайрыктарын профессионал музыкага алып кирип, жаңы кыргыз романстарын жараткан. Кудум, Аалыкең калк ырларынын кайнар көзүндө канаттуу поэзиясын түзүп чыккандай. Абдыкең кыргыз обон, күүлөрүнүн өзөгүндө буккан коңур бир муңду кошолонтуп алып чыгып, жаңы искусство – опералардын музыка уңгусун аныктагандай (Власов, Фере – Малдыбаевдин улуттук ыргактарын, тек, профессионалдаштырган, аспапташтырышкан, өркүндөтүшкөн; уңгу – Абдыласка таандык!), Аалыкең элдик ыкманы «Кандуу жылдар» романы ж.б. чыгармаларына ширетип кеткен.

Абдыкең музыкадагы Аалыдай сезилсе, Аалыкең поэзиядагы Абдыластай көрүнөт (айтмакчы, биз Аалыны чындап ордуна кое электей эле Абдылас да улуттук өнөрдөгү анык баасын так ала элек, али). Аалыкеңдин ырларында элдик абаз өзү эле ыргактап турса, Абдыкең ыргак суранып турган дал ошол саптарды Аалыкеңден тапкан. Экөөнүн Обон-Ыр чыгармачылыгы кыргыз өнөр тарыхындагы өзгөчө көрүнүш, айжаркын барак, белгилүү этап. Бул экөөнүн жемиштүү бир чыгармачылыгы бир эмес, кыргыздын бир нече муунун тарбиялады, эми да тарбиялап жатат, алдыда дагы күчтүү тарбиялайт! Эми мына ушундан соң, мага, сизге жүк жеңилдеп, адабият тарыхын аңтара бербей, Аалы саптарын эстей Абдылас муң тенорунда ичтен муңканып коюу гана калат!

Ойлодуң-а бекен оой селки
Ойготуп-а кеттиң түшүмдөн.
Ойногон-а болуп эркелеп
Өпкөндөй-а болдуң жүзүмдөн.
Оолактан-а көрүп сен мени,
Окшоттуң-а беле иий түсүмдөн.
(«Кимге айтам»)

Табийгат, тагдыр тил алса,
Ак чабак болуп жаралсам.
Деңизде сүзүп ойноктоп,
Дем кылган жакка бара алсам.
(«Тил алса»)

Алда качан айткан сөзгө ынабай,
Арман ойго салдың мени ынак ай.
Эзгим келет кара ташты жаш менен
Сен кыйнаган жүрөгүмө чыдабай.
(«Кечирип кой»)

Ой жаракөр Дүрдана –
Бүт дүйнөдө бир гана!
Теңдеши жок гүлүмсүң
Сенден артык гүл кана?
Жүрөк сөзүн айтууга
Түк жетишпейт тил гана.
(«Дүрдана»)

Алыстасам аруу сүйүү ак маңдай
Өмүрүмдүн жармы калып жаткандай,
Көрүнбөгөн ийнелердин учтары
Тызылдатып жүрөгүмө баткандай
.
(«Чын сүйүү»)

Башка обондуу ырлардан:

Түшкө кирсең түн уйкумдан ойгоном,
Түбөлүккө өлбөсөк деп ойлоном.
Жаратканга мен ыраазы эмесмин,
Сени мага жүрөк кылып койбогон.
(«Бардык жүрөк»)

Ачылган аппак гүл көрсөм
Окшотуп коем өзүңө.
«Жанымдын жармы сенде», — деп,
Жалжалым,
Көрүнгүм келет көзүңө.
(«Назбүбү»)

Жетишээр дейм, жетишээр. Ыр тексттерин баш-баштап мисалдаганымдын жөнү бар.

Биринчиден, Аалыкенин бул өңдүү ырлары эринден эринге сүртүлүп, дилден дилге тамып, муундан муунга ырдалып отуруп, алдэбак «элдики» болуп кеткен. Элге, мезгилге сиңгени ушунчалык – ыр Аалыныкы экени да унутулуп калган бу күндө. Ээсин эске бир салып алалы дедик.

Экинчиден, орус элинде: «эгерде Есенин эч бир ырын жазбай койгон күндө да, ал бир гана «Парсы кайрыктары» менен эле орус поэзиясында түбөлүккө калмак» деген адабий учкул ой айтылат. Аалыкенин да биз ушул ой-толгоо ичи мисалдап өткөн арзуу ж.б. ырларынын өзү эле (керемет проза, эпикалык драмасын эч эстебегенде!) анын кыргыз адабиятындагы орду канчалык калкагар экендигин кашкайтып көз алдыга дана тартат! Алыкулду мындай койгондо да, эчен муун, жинди Рамистен бери эргиштеп-ыргыштап эмгиче тарбияланып бүтпөгөн!..

Махабатка манифест катары жаңырган төмөнкү ырды келтирүү менен Аалынын арзуу ырлары тууралуу сөзгө нокот коймокчубуз.

Күн болсом, көз уялтып жаркыраган
Нурума каалаганча канар элең;
Суу болсом аскалардан шаркыраган –
Суйкайып суу алууга барар элең;
Күркүрөп капчыгайды жарып өтүп
Чарпылып кучагыма алар элем.
Түбөлүк махабатка кир жугузбай,
Сүйгөнүм, кубанчыңа канар элем.

 Жан жеткис тилсимдеги жүрөк болсом,
Эсепсиз узун өмүр берер элем;
Гүлдөгү сайрап турган булбул болсом,
Талпынып так жаныңа келер элем;
Алдастуу акын болбой ташчы болсом,
Аскага сүрөтүңдү чегер элем.
(«Эгер болсом», 1941)

Аалыкенин арзуу лирикасынан тышкары граждандык, пейзаждык лирикасы өзүнчө кеңири сөзгө арзыйт. Бирок анын баарын азыр айтып отурушка убакыт тар. Кези тургандыр. Ошондой болсо да, мен өзүм бала күндөн көкүрөккө жат алган анын бир тунук ыры тууралуу жана анын мисалында Аалыкеңден тарамдап кеткен таасирлер жайында эң эле учкай болсо да эки ооз сөз айта кетпесем болбой турат. Сөз «Сагындым» ыры тууралуу:

Күттүрбөй дайым күткөн
Сөз жеткис күнүмдү сагындым.
Чаңкайган көпкөк асман
Ай төккөн күнүмдү сагындым.
Түгөнгүс жыпар аккан
Тууган жер гүлүңдү сагындым.
Кулундай шыңгыр эткен
О балдар, үнүңдү сагындым!..

Неткен шыңгыр лирика. Сөз жок! Ушул кулуншыңгыр саптарды мен кийин, кээ бир акындардан кезиктире калып жүрдүм, «а, баягы Аалыкең…» деп коем ичимде. Азыр алар кимдер экени эсимде жок, тек, жадымдан бирөөн мисалдайын:

Шыңгыр этип жылдыз сынып түшкөндөй,
Кишенеген кулун үнү угулат.
Күчүн жыйнап, ушуну эле күткөндөй
«Күү!» деп толкун асканы апчый урунат!..

Ыр 60-жылдардын бир таланттуу акыны, эрте өткөн К.Жуманазаровго таандык. Аалыкеңден түз же кыйыр (м., Алыкул же башка акындардан) таасирленбеген 40-50, алтургай 60-жылдардын акындары аз. Баарыбыз Гоголдун «Шинелинен» чыкканбыз дегендей кеп…

Аалыкенин мезгил талап-чакырыгына жооп жазылган, күнүндө кызмат кылган ырлары томдуктарында толук басылып келүүдө. Мунун жөнү бар, анткени алар заман күзгүсү, элдин тарыхы. Ушуну менен бирге Аалыкенин акындык жүзүн нак ачкан чыныгы тандалмасын чыгаруу зарыл. Антпесе, ак жал толкун Аалы океанында – уюган алтын, тунган күмүш, акак, бермет, маржан ташы, анан да көбүк калкыган чамынды, агындысы кошо бар. Булардын ичинен керегин зерттеп алышка – катардагы окурманды кой, кээде камылгалуу делген адабиятчынын деле чама-чаркы чак.

Эмесе, уланып бүтпөй, улам кызып бара жаткан Аалы ыр поэзиясын, «Зергер» бөлүмүн ушул жерден токтотомун. 60-жылдар ичи, жаңы жаш муун поэзиясы гүрүлдөп-гүүлдөп чыккан кезде («космосчулар», «жылдызчылар», «ак ырчылар» гүлдөп!), чалдар поэзиясы банкроттолуп кризиске белчеден баткандай тушта, карт жолборс бир силкинип, балапан кезин эстей, кыргыз прозасындагы бир айжаркын повесть (роман десең да болот) «Солдат электи» экчеп таштап койгон эле. Бул керемет чыгарма ошондо, балким, кыргыз адабияты гүлдөп турган фондо (Айтматов, Сыдыкбеков, Касымбеков, Абдраманов, Өмүрбаев, Жакыпбеков, Жусупов, Гапаров, Жусубалиев, Казакбаев ж.б.) анча элес алынбай калган чыгар. Бирок бул чалкар акындын: «проза мобундай да болот!» деген кыяздагы мезгилге бир чакырыгы сыяктуу эле. Кыргыз прозасындагы эң бир этаптуу чыгарма… Аалыкеңдин «аттиң…» айттырып бүтпөй калган чыгармасы – «Токтогул» романын эске салып… автордун прозадагы кудурети канчалык жетик экендигин дагы бир жолу жеткилең туйгузуп…

Токомбаевдин көзү өткөндө Айтматов Москвада эле. Аза ырасымына катыша албады. Бирок ал жактан Токомбаевге дээрлик толук мүнөздөмө берген беш-алты гана сүйлөмдөн турган телеграммасын жөнөттү. Эки сүйлөмү эсимде: «Токомбаевдин өтүшү менен кыргыз совет адабиятынын пионер доору бүттү… Токомбаевдин драматургиясы кыргыз адабиятындагы орчун көрүнүш» (Поэзиясы жана прозасына да ушундай так, сыйымдуу аныктама берсе керек эле, эсимде жок). Мында бир залкардын экинчи залкарга берген масштабдуу адилет баасы жатат. Чынында эле, сырттанды сырттан тааныйт экен, көрсө…

Аалынын Ыр-Романы, проза, драматургиясы, ага сокку урган  соңку окуялар, ж.б. тууралуу кези келсе, айтылар. Аалы поэзиясы тууралуу сөзгө азырынча чекит койдук.

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, Ч.АЙТМАТОВ Эл аралык Академиясынын академиги

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *