(Жомок нугу)

Качандыр бир кезде жер үстүндө аккан суу, чыккан чөптөн башкага залалы болбогон момун аял-эркек жашайт. Алар жалгыз гана уулдуу болуп, атын Адам коюшат. Бала ата-энесин тартып бейчеки бирөөнүн ала жибин аттабаган ак ниет болуп өсүптүр. Адам кол аякка жарап калгандан тартып үйдө энесинин, сыртта атасынын ишин улантып, алардын жанын тындырат. Баланын ата-энесин сыйлашы ушунчалык — «сен» деп, өйдө карап каяша кылбайт.

Ошентип, Адам жетиле берди, ата-энеси карый берди. качан бала каруу-күчүнө толуп эр жеткенде, атасынын алып жүргөн отунун алып, аны базарга сатып, аларды бага баштайт.

Күндөрдүн биринде карыган атасы уулун маңдайына чакырып, көөмөйүндөгү катылган сырын ачты.

— Балам, биз карып баратабыз. Сен эр азамат болуп бизди бактың. Эгер жарык дүйнөдөн кетчү болсок, артыбызда каларыбыз сенсиң. Эми чырагым, үйлөнөр кезегиң жетти, тукум уланар жагын ойло, – деди.

— Ээ ата, үйлөнсөм алган колуктум силерди мен урматтап сыйлагандай сыйлайбы, жокпу? А кокус бейадеп бирөө болуп, экөөңө акаарат айтып, ата-энеңди таштап бөлүнүп чык десе, кантем?

Атасы кыйлага көз жумуп тунжурайт.

БАСА, «катындын жаманы кадоо» дечү. Жаман аял жолугуп, уулумун башын келбек кылбасын. Аман болсо акыры өзүнө тең болор бирөө тургандыр», – дейт да, экинчи бул жөнүндө ооз ачып, сөз кылбайт.

Мезгили жетип, атаны карылык биротоло тушоолойт. Адам атасынын суроосун жандырып, аны аркырап аккан чоң суунун боюна көтөрүп барат. Кары ал жерде дүйнө тиричилигине жан киргизип, өмүр берген суунун агымын кыйла тиктеп отуруп, кана, «акыркы чайкамыңан бир ууртам» деп, күңгүрөнө оозун чайыйт. Анан өз үйүнөн анчалык алыс эмес жердеги дөңгө чыгаруусун өтүнөт. Кары дөңдүн төбөсүндө отуруп, күн жолун серепчиледи, ааламды карегине чөгөрүп күнгө коштошту. Үйүнө кайра келгенде уулун жанына отургузуп, бешенесинен сылайт.

— Балам, мага кайра келбес сапарга аттанар кезек жетти. Дүйнөдө ата-эненин ыраазылыгынан өтөр эч нерсе болбойт. Сага айтар акылым: бирөөнүн акысын жебе, ашык дүйнө күтпө, бей-бечарага кайрымдуу бол. Ушуларды эсиңен чыгарбасаң, өзүңө тең болор жар күтүп, бизге көрсөткөн сый-адебиң өз балаңан кайтар. Бейкарыпка кылган жакшылыгың кайтып, бактың ачылар. Сага эки дүйнөдө ыраазымын, – деп бата берип көз жумат.

Атасы өлгөндөн кийин Адам энесине кыздан артык кызмат өтөп, кирин жууп, чачын тарап, чымын кондурбай алпештеп багат. Энеси кай жакка алып бар десе аркасына көтөрүп алат. Бир күнү эне баласына:

— Уулум, атаң сага кандай ыраазы болсо, мен да ошондой ыраазымын. Сенин балаңы көрүп өлсөм кантет? – деди.

— А-аа, апа, сизди мен жакшы көргөндөй алган колукту жакшы көрсө мейли. Антпей жерип, колунан эчтеке келбеген энеңин мага кереги жок деп, сизге тил тийгизсе кандай болот? Антип сизди сыйлабаган бейадепке баш кошуп, балалуу болгум келбейт.

«Кой, мындай болсо баланы кыйнап убалына калбайын. Тагдыр өзүнө тең келер өмүр шеригин пешенесине чийген болсо, эртебикечпи тургандыр», — деп экинчи үн катпай тим болот эне.

Жылдар өтүп, өлүм кезеги энеге жетип, өлөр алдында уулуна кайрылат:

— Балам, атаңын айткан акылы — менин акылым. Бирөөнүн акысын жебе, ашык дүнүйө күтпө, бей-бечарага кайрымдуу бол. Ушул мүнөзүңдөн жазба да, туткан жолуңан адашпа. Мага көрсөткөн кызматыңа эки дүйнө ыраазымын. Ак сүтүмү актадың, балам. Дүйнөдө ата-энеңин ыраазылыгынан өтөр эч нерсе жок. Бактылуу болгун, – деп ак батасын берип, эне да келбес сапарына жол тартат.

Адам басса-турса ата менен эненин айткан насаатын эч убакта оюнан чыгарбайт. Анткени алардын уулуна калтырган бар байлыгы жанагы акыл сөзү. Күнүгө токойдон он боо отун алат. Аны базарга жеткирип, боосун бир сомдон сатып, бир сомун күнүмдүк тамагына жумшап, калган тогуз сомун базардагы кайырчыларга теңдеп бөлүүчү болду. Сокур менен мунжулар бата берген сайын сообун ата-энесине багыштап, аларга кам керүү милдетине айланды.

Бир күнү базардан кайтып келатып чоң суунун кечмелигине жеткенде, сууда калкып аккан жалгыз алмага көзү урунду. Адам аккан суудагы алманы кармап алып тегерете карайт. Жыты буркураган кызыл бөйрөк алма шилекей агызып, дал жей турган убагы эле. Жытын искеп туруп ойлоно калды. Ооба, жыты го жыт, а даамычы? Алманын бөйрөгүнө тиши батып барс этти, шириндиги ай! Качан бир тиштем алма жумуруна жутулуп кеткенде катуу өкүндү. Эми кеч. Ата-эненин «бирөөнүн акысын жебе» деген насааты эсине түштү. Уу ичкенден бетер ашказаны түйүлүп, ичи өрттөнүп баратты. Өмүрүндө биринчи жолу жаңылып, киши акысын жеп коюшу.

— Күнөөкөр болдум, – деди Адам кайгырып. — Чекеден тер агызган мээнет-акым баштанып, арам насип экенин кантип байкабадым. Кой, сууга аккан алманын ээсин таап, андан кечир деп өтүнөйүн, – дейт да, чети кетилген алманы чөнтөгүнө салып, суу бойлоп жүрүп отурат.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, жер улам дөңсөөлөнүп адырга айланды. Адыр өзөнгө уланып, тоо алкымдап барган бийикте, алда кайдан заңкайган жаркырак мунара көрүндү. Караса алтын дарбазалуу ак сарайдын артын алма багы курчап, эңкейиш четинен агып өткөн булак суусу өзөнгө куюптур. Шагында баягы кызыл бөйрөк алмалар сабагы ийилип салбырайт. Чөнтөктөгү кетилген алманы салыштырса нак өзү. Сураштыра, келгенде алма ээси хан болуп чыкты. Адам күзөтчүгө кайрылып, ханга киргизүүнү өтүндү. Хандан жооп болуп, алтын дарбаза ачылганда, ийилип таазим кылды Адам.

— Таксыр ханым, – деп сөз баштады, — сиздин алдыңызда күнөөлүүмүн. Мына, бул сууга агып бараткан алманы көрүп кармап калган элем. Алманы жыттап байкоостон, даамын билмекке бир тиштеп жутуп жибердим, ошо бир тиштем алма акысын кечер бекенсиз, – деп өтүнүп алдыңызга келдим.

Хан жооп берүүдөн мурда жолоочу жигиттин бүт турпатына кез токтотуп, жүзүнө тигилди. Окуяны акыл таразасына салып ичтен толгонот. Ушу менин хандыгымда эр өлтүрүп эриш бузуп, кампа тешкен турмак хандын казынасына көз арткандар азбы? Бир тиштем алмага кечирим сураган дили таза жигиттин түбү жаман болбойт. Антип акылга өлчөгөн сынаакы хан: «Кечпейм» — деп жооп берди, сөз калчап.

— Эмне үчүн, таксыр?

— Ошол, кечпейм.

— Өмүр бою алдыңызда кул болуп өтсөм кечесизби?

— Анда дагы кечпейм.

Адам айласы кетип жалооруду:

— Деги кече турган мүмкүндүк барбы, таксыр?

— Бар, — деди хан токтолбой.

— Бар болсо ошону айтыңыз.

— Эгерде менин кызыма үйлөнчү болсоң гана күнөөң кечилет.

— Ой-ой, таксыр, анда мени күнөөгө түртөсүз. Ата-энем тирүү кезинде айтканда болбой койгом. Жок, жо-ок! — Адам артына үч жолу кетип, кайра үч жолу кайрылды. Ошондо хан муну кошумчалады:

— Мынча болду биротоло угуп ал, уулум. Кызымын кулагы кер, көзү көр, колу-бутсуз томолок дене.

— А, баяле ошентпейсизби, жарыктык. Макулмун, таксыр. — Адамдын кабагы жарыла сүйүндү.

Ал ичинен минтип ойлойт. Он сом, отундун сегиз сомун кайырчыларга берсем, эки сом экөөбүзгө жетер. Бечараны багып сообуна калайын.

Хандын буйругу боюнча ак өргөө тигилип, Адамды алпарышат. Аңгыча сулуулугу жагынан биринен бири ашып, каркырадай тизилген кырк кыз келет. Алардын ортосунда бардыгынан өзгөчө ай нурундай жаркыраган сулуу кызды көрсөттү хан.

— О, тиги ортодогу менин кызым, сиздин жубуңуз болот.

Аны көргөн Адамдын шаштысы кетти.

— Жок, хан ата, жок! Мага мындай айткан эмессиз. Өзүңүз убада кылганды бериңиз.

— Куп. Угуп тур анда, уулум. Кызымын кулагы кер, көзү кер дедимби? Мына, он сегизге келди. Бөтөн бирөөнүн сөзүн угуп, көзүн көрбөдү. Буту-колу жок дедим. Бейчеки бирөөнүн колун кармап, бейруксат кадам шилтебеди. Сиз бир тиштем алмага күнөөлүүмүн дедиңиз. Ал менин кызым бир тиштем алманын жартысынча күнөөсү жок.

— А-аа, хан ата, сөзүңүзгө кулдук. — Адам ойлонуп калды…

Хан күйөө баласына сөз катып, мындан ары кандай кесип кыларын билгиси келди.

— Ээ, Адам, эми сиз мага уулсуз. Мен карып баратам. Бийлик иши адилеттикти талап кылат. Ал жагы колуңуздан келет. Макул болсоңуз ордумду басып, журт атасы болууга кандайсыз?

— Бийлик менен ишим болбойт, хан ата, – деди Адам, – колуман келери соопчулук.

Хан чын оюн айтканына ыраазы болуп, аны өз жайына койду. Адам жер айдап дыйканчылык кылды. Андан түшкөн буудайдын түшүмүн ун тартып, нан жаптырды. Нанды базар сайын жеткирип, кайыр сурагандарга бөлүп берди. Бир күнү аялы:

— Карыпка берген жардамыңыздын чоң кемчилиги бар. Сиз тамак гана бердиңиз. Мунуңуз толук жардам болбойт. Анткени алардын жатар түнөгү көрүнгөн дубалдын түбү. Абалы алардын жатар жайын ойлоңуз, – деди.

Байкаштырса, айтканы туура. Адам аялынын акылдуу кеңеши боюнча карыптарга атайын жай салдырат. Качан турак жайы бүткөндө кайсы жерде багуусуз бала, көзү азиз сокур, мунжулар болсо алып келе берди. Ушундан баштап жер үстүнүн жеткен чегине Адамдын кабары тарады. Адам атабызга жетсек деп, бечара-карыптар эңсешти. Адамдын улуулугу ушул адамгерчиликтен башталды. Ал аялы экөөлөп, таман акы, маңдай теринен жаралган эмгегине карыптарды багып, карыптарды тойгузду. Бүт өмүрүн карыптарга жумшады.

Ушу эки азаада адамдан ыйман аттуу акылдуу уул төрөлүп, ата-энесине өз атасы Адамдан да артык сый көрсөтөт. Ошо ыйман аттуу уул убагында хандык даражага жетип, кара кылды как жарган адилет эл башчы болот. Анысы жетим, жесир, сокур, чолокторду кырсыктан сактап, аларды казынанын эсебинен баккан экен.

Жанагы бийик адамгерчиликтен улам эл арасында: «О, Адам тура», «Ыймандуу бол» — деген сөздөр ошондон калган дешет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *