ТАРЖЫМАЛЫ

(1898–1936) Акын, драматург, музыкант, сүрөтчү-график Ф.Г.Лорка Испаниянын Гранада аймагындагы Фуенте-Вакерос шаарчасында 1898-жылы 5-июнда төрөлгөн. 1919-жылы Мадридге келип, Сальвадор Дали, Сьерра Луис Буньюэль жана «Эслава» театрынын директору Грегорио Мартинес Сьерра менен таанышып, чыгармачылыкка биротоло өтөт. Ошол жылы алгачкы «Көпөлөк сыйкыры» пьесасын жазып, сахнага коюлат.

Сүрөтчү-авангардист катары таанылып, 1928-жылы «Цыганское романсеро» ыр жыйнагы жарык көрөт. Бир жылдан соң Нью-Йоркто жашап, «Поэт в Нью-Йорке» (1931), «Публика» (1931), «Когда пройдет пять лет» (1931) ж.б. пьесаларды жазган.

Франкочулар 1936-жылы камакка алып атып жиберишкен делет, бирок мүрзөсүн ачканда сөөгү жок болуп чыккан. Аны жаракаты менен Аргентинага чыгарып кетишкен, акыл-эсинен ажырап калган деген имиштер да бар

Поэзия тууралуу эмнени айтсам… Булуттар тууралуу эмне дейсиң, а асман тууралуучу? Кара, дагы жакшылап кара – андан башка эч нерсе. Акын поэзия тууралуу эч нерсе айталбасын ошондо түшүнөсүң. Поэзия тууралуу айтуу сынчылардын иши, профессорлордун иши. А акын – сен дагы, мен дагы жана башкалар дагы поэзия эмне экендигин билбейт. Мына, кара. Колумда шам жанып туру. Мен аны сезем, аны керектей алам, арийне, ал тууралуу «адабиятсыз» айтып бералбайм.

Мен көркөм сөз жайынан өрнөктүү окуу деле билем, талда десең талдап, сүйлө десең сүйлөп деле берем, арийне, ал үчүн ар дайым бирдей ойлоп, бирдей «маараш» зарыл. Болбосо жок.

Ушу тапта силерге обу жок оштонгон музыка ушунчалык катуу жагып атпайбы, анын сыңары мага да качандыр бир маанисиз ырлар өлө жагып калышы ыктымал. Анда мен көз байланар замат ал шойкомдуу имаратты өрттөйм дагы таң кылаяры менен жаңы курулуш баштайм жана эч качан куруп бүтпөйм. Жолугушууларда поэзия тууралуу кээде кеп кылам, бирок өзүмдүн ырларым жөнүндө сөз козгоп көрө элекмин. Бул өз ишимди өзүм билбегендик эмес. Билем. Кудай берген кунтум мененби же азезилдин азгырыгы мененби, айтору, акын болуп калыпмын. Ошол эле учурда акындыгым чеберчилик менен тынымсыз аракетке, ыр деген эмне экендигин эрежедей жат билгениме байланыштуу экендиги да ырас.

1932-ж.

– Сиз адатта кайсы маалда иштейсиз?

– Качан болсо иштей берем. Бир баштап алсам кээде керээлден-кечке жазам, бирок өзүмдү зордобойм. Анткени мен жалаң адабият менен жан бакпайм, андыктан көңүлүм келип, көөнүм эриген нерсени гана жазам. Кудайга шүгүр, мага ушундай баар шарт түзүп берген ата-энем бар, аларга эки дүйнөдө ыраазымын.

Мындан нары да ушундай иштейм: пайда издебейм, өзүм канагат алсам болду. Кадыржам болуңуз – мактоо мени манчырката албайт. Ыйык Францисканын осуятын ойдон чыгарбай жашаган оң: «Акчанын артынан ээрчибе, дүүлүккөн каныңды суутуп, чынардай кумарды азаптуу зардын тартуусуна айлант». Бир сөз менен айтканда, чынчыл бол, өзүңдү өзүң алдаба. Кай тараптан болбосун мен карапайымдыкты кадырлайм. Канткен менен Гранадада эмес, айылда туулуп өскөм да. Ооба, айылда, ал Малчы Башат деп аталат.

– Ал мезгил алыс калса керек?

– Тогуз жүзүнчү жылдар. Менин балалыгым жалаң айылга байланган. Жайыт, малчылар, жалгыздык, асман. Каякты караба: кең мейкин. Качан болбосун менин чыгармаларыман «ойго келбеген поэтикалык табылгаларды» таба бергендерге таң калам. Чындыгында ойдон чыгарылган эч нерсе жок. Бардыгы дал өзүндөй. Тек алардын адаттан тыш көрүнүп атышы, ушунчалык табигыйлык, сейректик, көрө билүүнүн, уга билүүнүн ушунчалык сергектиги азыркы мезгил үчүн, мүмкүн, адаттан тыш сезилип атканынан болсо керек. Бир караганда, андан жөнөкөй эч нерсе жок.

– Сиздин чыгармачылыкта лирикалуулук үстөмдүк кылабы же драматика үстөмдүк кылабы?

– Албетте, драматика. Мени сүрөттөлгөн пейзаж эмес, адамдар көбүрөөк кызыктырат. Мен деле тоо кыркаларына токсон мүнөт суктанып отуралам, арийне, акыры түзгө түшүп малчылар менен же данчылар менен сүйлөшкөнгө эмне жетсин! Жазып жатканда алардын сөзү ар дайым кулагыма жаңырып турат, менин чыгармаларымдагы нукура элдүүлүк деген өнтөөлөр өзгөчөлүк ошондо. Менин эстутумум өзүнчө эле эбегейсиз чоң архив: элден уккандарымды ууз кезимден бери унутпай сактап келем. Жазганда ошого таянам, ошого жөлөнөм. Чыгармачылык кредо, эстетика, мектеп дегендер мени кызыктырбайт. Алдыңкы саптагы жазуучумунбу же артта калган жазуучумунбу деп эч ойлонбойм.

Эң негизгиси, өзүмдөн жүз үйрүбөсөм болду. Интеллектуалдуу делген пьеса чыкмаларды жазууну мен деле мыкты билем, бирок андан эч нерсе аныкталбайт. Акын бүгүн башкалардын ыракаты үчүн күрөө тамырын канжалата кескенден кайра тартпаш керек. Мен ошондуктан (ошолорду жогоруда айтканым үчүн эле эмес) театрга кайрылам. Художник менен элди театр гана түздөн-түз байланыштырат.

– Айтыңызчы, акыркы жылдарда калыптанган чыгармачылык наркыңыз мындан нары өзгөрбөйт деп ойлойсузбу?

– Антип ойлобойм. Бул эми болбогон сөз да. Эсеби маселен, түндө эмне жазганым эртең менен эсимде калбайт. Кесир күтпөй иштөөгө көнүш керек. Жер жүзүндө эмнелер болуп жатканын көрүп: «Эмне үчүн жазып жатам?» – деп өзүңдөн өзүң суроого туура келет. Арийне, иштөө керек жана да иштөө керек. Иштөө керек, татыктууларды колдоо керек. Ар кандай аракеттен берекет чыкпачудай сезилсе да иштөө керек. Каршылыктын каарын иш менен далилдөө зарыл. Анткени сен акыйкаттан арамдыгы көп бул дүйнөгө: «Мен каршымын! Мен каршымын!» – деп айбат көрсөтөр күн акыры келбей койбойт…

– Сиз көп окуйсузбу?

– Айрым учурда көп. Кээде күнүнө эки китептен көп окуп иймейим бар. Бул да болсо акыл-эсти күүгө келтирүүнүн бир амалы сыяктанат.

– Эстутумуңуз кандай?

– Мыкты. Кудум турмуш сыяктуу. Бир гана майда нерселерди эске тутуп жүрөлбайм. Мени ыза кылам, таарынтам дегендердин тилеги таш кабат – мен аларды бат эле унутуп салам. Эмне иш болсо да арам ойлобой, акырын жылмайып кой. Ишенесиңби, Дебюссинин музыкасына жазылып, Барродостун сахна жасалгасы менен жарыкка чыккан менин «Көпөлөктөр сыйкыры» аттуу алгачкы пьесам эмне деген гана шылдыңга туш болгон жок!

– Азыр ага күлкүңүз келеби?

– Анда деле күлкүм келчү. Мен да кошо күлгөм. Тагыраак айтканда, менин бүгүнкү күлкүм – ошол эле кечээки балалык күлкү – токойдогу, талаадагы, жолдогу эч капарсыз, эмин-эркин күлкү… Андан эч качан ажырагым келбейт, өлсөм да көрүмө ала жатам.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *