Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

АҢГЕМЕ

(Сүйүүсү жүрөгүмдү ырдаткан сүйүктүү апам Адриага арнайм).

Менин апам ырдаганды аябай жакшы көрөт. Анын ыры дайыма ар күнкү жашообуздун эң бактылуу бөлүгү эле. Бирок мен жети жашка толгонумду майрамдаган күндөн кийин баары өзгөрдү. Ал күнү мен мектептен үйгө келсем, куурулган бака жалбырактын жана кара буурчактын таноо кыткылаган жыты абада калкып туруптур. Апам өзү сүйгөн «Кармен» операсынан бир арияны созолонтуп ырдап жаткан экен. Мен ашканага чуркап кирип, таң калып, муздай селейип калдым. Апам абада калкып жүрөт! Сыртта Тито деген итибиз да жерден кулач бийикте учуп жүрөт!

Апам ырдаганды токтотту жана таманы менен жерге “дүк” этип түштү. “Дүп” деп Тито да жерге түштү.

— Апа, сен жана Тито асманда учуп жүрбөдүңөрбү! — деп кыйкырып жибердим.

— Анита, күн сайын мен ырдаганда ушундай болот! Ырдаганда мен өзүмдү аябай бактылуу сезем. Муну Тито да жакшы көрөт деп ойлойм, — деди апам. Ал мени кучактаганда биз жыргап күлдүк.

Апам ырдаганда ушундай керемет нерсе болорун кокус тайенем же кичинекей иним Орланда билип калбасын деп чочуладым.

Эртеси күнү тайенем түшкү тамакка келгенде апам ырдап жаткан болчу. Апамдын үнү алтын шатыдай болуп абага көкөлөй баштаганда, кокустан эле мен жерден көтөрүлүп, шыпка жетейин деп калганымда курсагым бүлкүлдөп, күлө баштаганын сездим. Апам Орландону колунан кармап алып, экөөнүн буттары полго тийбей ары-бери тербелип жатты.

— Изабел, — деп кыйкырды тайенем. — Эмне болуп жатат?

— Качан болбосун мен ырдасам, сөзсүз кимдир бирөө менин ырдап учуп жүргөнүмдү угат! — деп түшүндүрдү апам.

— Бул жакшы эмес, Изабел! Сен ырдаганыңды токтотушуң керек! — деди таенем үнүн өктөм чыгарып. — Сен жана балдарың бир жерин майып кылып алышы мүмкүн. Жана коңшулар эмне дешет?

Эки күндөн кийин шүмшүңдөгөн үч коңшубуз биздин эшикти каккылашты.

— Мен бүгүн эртең менен чочкомду тапкан жокмун. Анан эле чочком сенин ашканаңдын терезесинин маңдай жагында учуп жүргөнүн көрдүм! — деди Хименес айым.

— Менин эчким да, — деп чыйпылдады Гернандес айым. — Ал сенин үйүңдүн жанында учуп жүргөнүн көрдүм!

— Мен уюмдун коңшулаш эшиктен мөөрөгөнүн уктум, — деп кыңкылдады Гонсалез айым. — Ал ушу жерде абада учуп жүргөн болчу!

Тайенем апама бурулду.

— Изабел, сен экинчи эч качан ырдабайм деп убада беришиң керек!

— Мен эч кимге зыян кылганды каалабайм, — деди апам. — Сөз берем.

Ошону менен бүттү. Бирок күн өткөн сайын апам өзүнөн өзү эле убайым тартып, кайгыга батып жүрдү.

Орландо экөөбүз апамдын көңүлүн көтөрөлү деп канчалык аракет кылбайлы, эч нерсе өзгөрбөдү.

Бир күнү мурда даттанган коңшуларыбыз келди.

— Менин сыйырым сүт бербей калды!

— Менин чочком тамак жебей калды!

— Менин эчким түндө уктабай калды!

— Малыңар минтип калганы үчүн кечирим сурайм. Бирок мен ырдабайм деп сөз бергенмин! — деди апам. Үч аял үйлөрүнө кетти.

Баары капа. Апам күлбөйт же жылмайып да койбойт. “Апама жардам бере аласызбы?» — деп сурадым көчөнүн этегинде жашаган дарыгерге барып.

— Мен мынабу кокостун кабыктарын төлгө салайын. Алар эмне айтканын көрөлү, — деди дарыгер. Анан ал жайылып жаткан кабыктарды кылдат карап чыкты. — Мен эч нерсе кыла албайм. Сенин апаңдын жаны ооруп турат.

Апамды мурдакыдай күлдүргөндүн бир амалы болуш керек деп ойлодум. Ошентип турганымда көзүмө бир нерсе урунду.

— Бул эмне болгон үкөк, тайене?

— Биздин үй-бүлөнүн эски сүрөттөрү, — деди тайенем. — Сен балким алардын арасынан апаңдын кичине кезиндеги сүрөтүн табарсың…

Мен чаң баскан үкүктү ачтым. Анын ичи кант камышындай жыттанды. Мен үкөктүн ичинен сүрөттөрдү алып чыктым. “Сонун сакталыптыр!» Мен эшиктен чуркап чыгып баратып, чоң энеме алкыш айттым.

“Апа!“- деп кыйкырдым: “Апа, сага сюрпризим бар!» Апама анын кичинекей кездеги сүрөтүн бердим.

Апам көздөрүн чоң ачты.

— Бул сүрөт качан тартылганы эсимде. Манго бышкан кез болчу. Абада музыка кубулжуп жаткан. Анюта, билесиңби? Мен сендей кезимде тайенең да ырдачу. Анын үнү азыр да кулагымда угулуп атат. Мен ал бактылуу убакытты жоготуп койдум!

Мен бурулсам артымда тайенем туруптур. Андан сурадым:

— Карачы, мына бу сүрөттү! Ал күнү эмне болду эле?

— Ал күндү кантип унутуп калдым? — деди тайенем өкүнүп. — Уй манго дарагынын башына илинип калган экен. Бул менин жаңылыштыгымдан болгонун коңшуларыбыз билип калат деп коркуп жаттым. Ошондон кийин такыр ырдабадым. Менин жүрөгүм али да грейпфруттай ачышып жүрөт.

Тайенем анан апама бурулду.

— Биздин үйдө бардык аялдар ырдачу. Жана ар бири тул кызы жети жашка толгондо аны абада учуруп, белек жасашчу. Менин эсим жок экен, Изабел. Сенин жана Анитанын мага окшош болгонуңарды каалаган эмесмин.

Мен тайенем кайра бактылуу болгонун кааладым жана ырдай баштадым. Менин авазданып ырдаганымды угуп таенем жылмайды да бир нерсени күңгүрөй баштады. Анан үнү шамалга ышкырган тарашадай чыгып, созолонто ырдап жиберди. Тайенемдин үнү ырдаган сайын ширин болуп, биз апам экөөбүз тең ордубуздан турдук.

Апам токтобой күлдү. Адегенде апам ырдай баштаганда үнү шаркыратмадай шуулдады. Анан шуулдаган үн кооз ырга айланды.

Бул ыр апам жана тайенем манго дарагынын учуна жеткенге чейин улам бийик нотага өтүп, абада көкөлөп баратты. Апам жана тайенем зоо жаңыргандай каткырышты.

Азыр апам күн сайын ырдайт. Апам ырдаганда биздин үй-бүлөбүз өздөрүн бактылуу сезишет жана апамдын ырынын коштоосунда баарыбыз абага көтөрүлүп учабыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *