АҢГЕМЕ

Кыргызстан, Кыргызстан
Алма-бак шагындай
Жүрөгүбүз, жүрөгүбүз
Коммунизм менен жалындай!…
Күн сайын кечинде сабактан кайткан малчылардын уулдары, кыздары жүк машиненин үстүнө жык болуп түшүп алып ушул ырды зоңкулдата ырдаган бойдон кыштоого үйлөрүнө жөнөшөт. Эртең менен да ошол, кыштоодон ырдаган бойдон мектепке келишет.
Үстүнүн жарым-жартылайы жыртык брезент менен жабылган жүк машине айдаган шоопур кыштак четиндеги кыштоолордон малчылардын балдарын күн сайын мектепке ташыйт. Аларды эртең менен саат 8ге окууга жеткириш үчүн ал таң үрүң-бараңда туруп ишин баштайт. Кыш чилдесинде машиненин үстүндө үшүгөн окуучулар чыдай албай секирип бийлеп, анан “коммунизм менен жалындапты” ырдап жиберишет. Буттары тоңуп, тапырата бийлеп кирген окуучуларды шоопур кабинасынан башын чыгарып тилдейт:
— Секирбегиле, атаңдын оозун урайындар, кабинага отургузбай коем!
Окуучулар жүк машиненин жылуу кабинасына күн сайын кезектешип экиден отурушчу. Булар үчүн кабинага отурбай калуудан өткөн жаза жок эле. Ошол замат токтоп калышат. Күн сайын кечкисин окуучулардын баарын түгөлдөп “жүктөп” бүткөн соң, шоопур шалдыраган машинесин бир топ убара болуп, анан от алдырып айдап жөнөйт. Кыштоого үйүнө кайткан окуучулар машине жүрөр замат ырдап коё беришет. Булардын ырын машиненин жаман жолдо ары-бери чайпалганы да, кыш чилденин аязы да, курсактын ач экени да токтото албайт. Ыр аларды ушул жагымсыз сезимдерден аз да болсо алаксытат. Алардын ыры мектептен уланып, айылды аралап кыштоого жеткенче уланат. Кышкысын болсо адеп обон созгондо эле көбү жөтөлө баштайт. “Коммунизм менен жалындап” көбүнесе окуучулардын жөтөлдөрү менен коштолуп, кээде ырдын мукамы жоголуп жалаң жөтөлдөр эле чыгып калат. Ошого карабай окуучулар бирөөгө карыз адамдай ырдай беришет. Булардын зоңкулдаган үнүнө мектеп, айылдын машине өткөн чоң көчөсү, малчылар өздөрү, айрыкча шоопур көнүп бүткөн.
Анан эле бир күнү окуучулар ырдабай калышты. Машина айылдан чыгып биринчи кыштоого жеткенче да бир үн чыкпады. Акыры шоопур чыдабай машинесин токтотуп, кабинадан башын созду:
— Ээй, ырчылар, силерге эмне болду?
— Калбай ава, Айнисанын башы катуу ооруп атат, — Машинага жабылган брезенттин жыртыгынан бир кыз ыйламсырады.
Шоопур машинанын үстүнө чыгып, эти от менен жалын болуп, анда-санда кырылдап жөтөлүп, бурчка бүктөлүп отуруп калган Айнисаны көрдү. Кызды көптөп кабинага апкелип отургузушту. Кыз эс-учунан танып бараткандай, кыштоого-үйүнө жеткенче ысытмадан жөөлүй баштады. Шоопур кызды үйгө көтөрүп киргенде анын атасы да, энеси да жок экен. Экөө тең короо жакта мал менен алпурушуп жүрүшүптүр. Кыздын катуу ооруп калганын аларга билдирди да, шоопур андан ары жолун улады.
Койчулардын балдарын ташыган Калбай кыш бою ушинтип түйшөлөт. Мектепке каттап окуган балдардын дээрлик баары ооруп чыгышат. Канчасын мектептен түз эле ооруканага алып барды. Баарынын оорусу окшош, өпкөсүнө суук тийген, тамагы шишиген, баары тең ысытмалап, денеси от болуп күйөт. Айлап ооруканада жатып мектепке келе албай калышат.
Жаз келип, күн жылый баштаганда үстү ачык жүк машинада мектепке бараткан малчылардын балдарынын жакшы билген ыры “коммунизм менен жалындап” кайрадан жаңыра баштайт.
Социализмди куруп, коммунизмге бараткан жолдо жылдык планды толтуруу үчүн жандалбас болгон койчулар балдарынын да, өздөрүнүн да ден соолугуна караганда койлордун амандыгын көбүрөк ойлоп калышкан. Антпеске чара жок, жок дегенде жүз койдон жүз козу алып план толуш керек.
Калбай шоопур айылдагы жалгыз жүк машинени айдайт. Ага адамдар да түшөт, мал да түшөт, чөп да, дан да, тамеки да ташыйт. Керекке жараган жалгыз унаа. Жай айы келип, окуучулар каникулга тарап, малчылардын балдары ата-энелери менен жайлоого кетишкен соң, ал чөп орокко жөнөгөн колхозчу аялдарды ташый баштайт.
Бүгүн да бортуна аялдарды, эмчектеги бала-чаканы шыкап салган жүк ташыгыч машине айылдан чыгып, чаң жолдо катуу жүрүп баратты. Машине үстүндө ары-бери чайпалган келиндер колундагы балдарын ыргып кетпесин деп ого бетер көкүрөгүнө кыса кармап, бир колу менен машиненин кырын кармап, чөп оруучу жерге жеткенче орокчу аялдардын айласы алты кетти. Кээ бир колхозчу аялдардын балдары өтө жаш болгондуктан, ымыркайларынын бешиктерин да кошо көтөрүп алышкан. Айыл четине чөп орокко бараткан аялдар күндүн ысыгына карабай үстү ачык жүк машинеде шарактап көңүлдүү баратышат, анча-мынча ырдап да коюшат:
Жакырдыктан элимдин кыйналышкан,
Өмүр гүлүн соолутуп кыйдырышкан
Ленин сактап калбаса колун сунуп,
Жашайт белең ушунча Кыргызстан
Анткени аялдар ары-бери чайпалышса да машинеде баратканына кубанышты. Булардын ысыкта жөө-жалаңдап, балдарын жонуна таңышып, айылдан алыс жерге орокко жөнөгөн күндөрү да көп болот.
Жүк машиненин бортунда эмчектеги наристесин бооруна кыскан аялдардын арасында түн бою баласы менен алпурушуп уйкудан калган жаш келин да отурду. Машине чайпалган сайын жүрөгү айланып кускусу келип, колундагы ысытмадан от менен жалын болуп күйгөн уулунан өткөн тап келиндин көкүрөгүн куйкалап, өзү алда-немедей абалда баратты. Эртең менен аны бригат “Балам ооруп жатат” деп ыйлаганына карабай үйүнөн чөпкө айдады. “Сенин балаң ким экен! Карасаң, мунун баласы ысытмага күйүп жатат экен, а колхоздун чөбү күйүп жатканы менен иши жок!” деген бригат бир нерсе айтайын деп энтеңдеп үйүнөн чыга калган келиндин картаң кайын энесин да көзүнө илбей, атына камчы чаап атырылган бойдон кетип калган. Бригаттан корккон келин азыр чөп чабыкка баратат. Баласы азыр эмчек салса да эмбей, ысытмадан чабалактап аткан. “Талаа станындагы” чатыр көлөкөсүндө отуруп балдарды баккан эки бакча аялга баласын калтырып, орокко кетип баратып келиндин жүрөгү уйгу-туйгу болду. Наристесине кылчактап атып араң кетти. Бала чалкасынан үнсүз жата берди, ыйлап эки бакча аялды кыйнаган да жок. Бир маалда наристе тарапка көз таштаган бакча аял күндүн нуру анын бетине тийип калганын көрдү. Баланы көлөкөгө которуп жаткырып койгонго обдула берип, жүрөгү түшүп калды: бала жансыз, муздак, эбак эле катып калыптыр. Байкуш качан, кантип кете бергенин бу эки аял билбейт. Анын үстүнө балдар көп, булар экөө эле. Алардын көпчүлүгү али кемиге жете элек наристелер. Булар менен алпурушуп жатып, муну уктап жатат деп ойлошкон. Эми эмне кылышат? Колхозчу аялдардын баары бул жерден бир топ алыста чөп оруп жүрүшөт. Бригат болсо эбак айылга түшүп кеткен. Баланын энесине эмне дешет, кантип угузушат? Балдарды карап отурган эки аял жан алапайын таппай калышты. Эмне болсо да түшкү тамак учурун күтүшкө туура келет, аздан кийин түш болот.
Чарчап калган наристенин энеси түшкү тамакка тизилип басып келаткан аялдардан бир топ алдыда, күйүгө тез-тез кадам шилтеп шашып алган. Муну көргөн бала баккан эки аялдын ого бетер жүрөгү тилинди. Бечара келин орогун мүрүсүнө илип алып мына бери карай чуркап жөнөдү. Жүрөгү бир нерсени сезди го, эне байкуштун, түз баса албай чөпкө чалынып эки ирет жыгылып кайра турду. Мунун баарын чатыр ичиндеги сөрүдө балдар менен отурган эки аял алыстан көрүп, көздөрүнөн мончок-мончок жаш кетти. Келинди жолунан тосуп эки аял эки билегинен кармап угузушту: “Кичинекейиң учуп кетти, кайрат кыл…” Муну уккан келин бир бакырып алды дейсиз, учу кыйырсыз ысыкта мемиреп жаткан тынч талаа “дүң” деди. Келин чөптү колдору менен аймап жерге сулап жатып калды. Аны тегеренген аялдар бири колунан, бири бутунан, бири башынан кармап, жөлөп-таяп, көтөрүп сөрүгө алып келишти. Бетине муздак суу чачышты. Бир аз эсине келген келин чарчап калган наристесин көтөргөн бойдон атып айылды көздөй жөнөдү.
Кой-ай дегендерге: “Доктурга, доктурга барам, тоспогула мени!!!”- Ушинткен келин түшүп калган жоолугун да, көлөчүн да байкаган жок. Наристесинин ороо-чулгоосу жерге чубалып, жылаң аяк, жылаң баш келин, мүрүсүнө кыпчып алган орогун бир колу менен көтөрүп кимгедир бирөөгө улам-улам кесеп коет. Ал бригатти көздөй конторго кетип баратканын катындардын баары туйду. “Бу ысыкта конторго жөө жеткенче канча, куурады го байкуш Гүлсана, жолунан тоссоңорчу, ай, жаш келиндер”,- Аялдар арасындагы кексерээги нес баскан орокчуларга кайрылды.
“Гүлсана сыркоо баласы менен чөпкө келбей доктурга барганда бу наристе өлбөй калат беле…” Бул ой-арман чатыр көлөкөсүндө балдарын эмизип отурган аялдардын баарынын жүрөгүндө турду. Балдарын колунан кокус учуруп жиберчүдөй корккон келиндер бооруна бекем басышып, түшкү тыныгууда бир топко отуруп калышты. Чөпкө барып да орок оргонго колдору барбай, бир топ кыйналышты.
Кечинде Калбай шоопур колхозчу аялдарды машинесине шыкап салып кайра айылга айдап жөнөдү. Колхозчу аялдар машине жүрөр замат адатынча “Кыргызстан” же “Коммунизм оттору” ырларын созбой негедир үнсүз, көңүлсүз. Бул шоопурга жага бербеди. Ал машинесинен башын чыгарып аялдарга кайрылды:
— Ай, жеңелер, ырыңар кайда? Мынча үтүрөйөсүңөр?
— Ырдабайбыз, ичибиз өрттөнүп күйүп атса, кантип ырдайбыз, уул, Гүлсананын баласы бүгүн чарчап калды, ушул талаада! – Аялдар арасынан Калбайга жакыныраак Зулпу жеңеси аны уксун деп үнүн көтөрүп сүйлөдү.
Муну уккан Калбай машинесин токтотту. “Шордуу Гүлсана, бригаттан коркуп орокко чыккан экен да, баласынын ооруп жатканын мага айтса боло, эртең менен ооруканага жеткирет элем да же бригат айтса болмок да, жеткирип эле жүрбөймбү ысытмага күйгөн канча баланы…- Калбай өзүн күнөөлүү сезип, балага ичи ачышып, башын чайкап отуруп калды.
Күркүрөп күз келгенде Калбай шоопур окуучуларды талаага тамеки үзүмгө ташыйт. Бул маалда тоо таянган айылдын көркүн жапжашыл жалбырактары алтын түскө боёлгон тамеки талаалары өзгөчө бир ачат дейсиз, дүпүйгөн өзүнчө эле бак. Сентябрь, октябрь айлары тамеки жалбырактарын үзүп-тизип жайып кургаткан учур. Москва колхозуна акыркы жылдары тамеки көп айдалып калды. Тамекинин жалбырактары бышкан маалда алардын жыты бүт айылды каптап кетет. Анын жыты ушунчалык дейсиз, бардык башка жыттарды басып салат. Жада калса ичип жаткан тамак да, баланын эмчек сүтү да тамеки жыттанат.
Окуучулар тамеки плантацтяларына анын жалбырактарын териш үчүн саарлап күн салкында кирип кетишет. Узун жөөктөрдүн башынан аягына жеткенче күн төбөгө көтөрүлүп, ысый баштайт. Ансайын тамеки багынын ичи сасыйт. Сасыкка чыдабай ден соолугу чың эмес окуучулар кусуп жиберишет. Түшкө чейин тамеки үзүшкөн окуучулар аларды чогултуп, түйүнчөктөргө түйүп, аны төбөсүнө чокчойто көтөрүп плантациядан алып чыгып машинеге жүктөп, өздөрү да отуруп, үзгөн жалбырактарды ийне менен жиптерге тизип илгени сарайга жөнөшөт. Тамеки ичинен чыккан окуучулар үчүн үстү ачык машинеде шамалдап бараткан өзүнчо эле ырахат бейм, алар көнгөн ырын дагы ырдап киришет.
Гүлдөй бер күндө зор мекен,
Октябрь ачкан таң менен…
Ырдап келаткан окуучулардын бир маалда ыры үзүлгөн бойдон токтоп калат. Машине үстүндө түйүнчөк-түйүнчөк үйүлгөн тамекилер арасында келаткан окуучулар тергенде колдоруна жуккан тамекинин кара илешкээк ширесин чогултуп алып бири-биринин кулагына, мурдуна, оозуна тыгып топурап-тапырап ойноп кетишет же сасык жыттан жүрөктөрү айланып обон созгондо кускусу келип ырдай албай калышат. Буларга кошулуп ырдап келаткан Калбай шоопур алар кокус ырын токтотуп койгондо, адатынча кабинадан башын чыгарып бир кыйкырып алат:
— Эй, ырчылар, ырыңар кайда калды?
Окуучулар Калбай шоопурдун көңүлүн улап дагы ырдан созуп коюшат. Кайра дагы токтоп калышат.
Сарайда кечке дейре үзүлгөн жалбырактарды ийнеге тизип, аны жипке өткөрүп, жайып уктаар маалда араң үйгө тарашат.
Бул өнөктүк бир айга чейин созулуп кетет. Колхоз тамекисин айылдагы ар бир үй-бүлө астейдил айдайт, анткени мунун пулу кыйла жакшы. Колхозго тамеки келип, эл турмушу бир топ оңоло баштаган. Колхозчулар пул кармап, жеңил машине сатып алып, үй-жайын оңдоп, тойлорун ойдогудай өткөрүп калды. Тамекинин баш ооруткан сасык жытына, колго, бутка жабышкан, жууса оңой менен кетпеген илешкек кара ширесине, алты-жети айга созулган түйшүгүнө деле колхозчулар кайыл, иши кылып тамекиси жакшы болуп, жогорку сортко өткөрүп алса, кышка чейин пулу нак колго тиет. Айрыкча көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бул кудай берген ырыскы болду. Тамекиде иштеген балдар өз нанын, кийимин өзү таап калды.
Тамекини көп эгип алган колхозчулардын үйүнө мектеп окуучуларын жардамга жиберишет. Окуучулар адегенде өз ата-энелери колхоз үчүн айдаган тамекиде иштешет, анан окуу маалында аларды окуудан бошотуп, мектеп деректири жыйнаганга жетишпей жаткан колхозчуларга кол кабышка жөнөтөт.
Ушул күз айлары мектепте бир күн окуу болсо, бир күн окуу жок. Кайсы жерде колхоздун “күйүп” бараткан иши чыкса ошол жакка окуучуларды айдамай. Тамеки жыйым бүткөндөн кийин пахта терим башталат. Калбай шоопур эми окуучуларды, колхозчуларды күз суук тартып калганда пахта талаасына ташыйт. Мектепте окуу 7-класстан баштап онунчуга дейре токтойт. Баары теримге жөнөйт. Кар түшкөнчө пахта тегиз терилип, кырманга жыйылыш керек.
Пахта ачылсын деп тынбай суу коюлуп, сыз болгон талаада күн бою чоң этекти мойнуна байлап пахта терген окуучулар арасында тамагы шишип ооругандары көп. Ысытмалап, турбай жатып калгандарын айла кеткенде Калбай шоопур районго доктурга алып жөнөйт. Кар жаап, кеч күз болуп, пахталар ачылбай калса да, окуучуларга косекти чукутуп, ичинен пахтасын чубатып алып чогулттурушат. Эптеп колхоздун пахта планы ашыгы менен толушу керек.
Кар калың жаап, аяз түшкөндө гана мектепте окуу башталат. Ошону менен жазга маал колхоз койлорунун тууту тегиз башталганда жогорку класстын окуучуларын сакмалга жибергенче мектепте 3-4 ай окуу үзгүлтүксүз уланып калат. Калбай шоопур эми кыш бою малчылардын уулдарын, кыздарын мектептен кыштоолорго, кыштоолордон мектепке ташыйт.
Кыш бою денеси ысытмага күйүп, жөтөл аралашкан үндөр менен созолонткон окуучулардын “Коммунизм оттору” ырын угуп, аларга кошулуп өзү да ырдайт, өзү да жөтөлөт, өзү да ысытмалайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *