АҢГЕМЕ

Жаркын шаардан окууну бүтүп, кыргыз тили жана адабиятынан мугалим кесибин алып, иштөөгө келгенде бир чоочун айылга бөлүндү эле, башкалардай айылын алмаштыруу үчүн кайра кирип суранууну туура көрбөй тагдыр ташы туура келген айылга кете берди. Жаш мугалимдер айылга жетишпегени түшүнүктүү эмеспи. Жаштар айылдан качып жатканда Жаркындын айылга, болгондо да чоочун айылга келиши көпчүлүк айылдыктарды түркүн түшүнүксүз ойлорго салган.

Бара-бара өз ишин мыкты билген, жаш мугалим бат эле айылдыктардын сый-урматына татыгыдай абалга жетти. Өзгөчө Жаркынга бөлүнүп берилген 11-класс үчүн жаңы эжейинин келгени жаш өспүрүмдөрдүн жашоосуна өзгөчө бир жаңылык, өзгөчө бир жандуулук тартуулап, алар үчүн Жаркын эжекейи жашоодогу эң жакын досу, сырдашы, көңүл кубанткан жаркын адамы болуп калды. Ошого жараша Жаркын да атына заты жарашып, баардык балдар-кыздарга тегиз мамиле жасап, баарына жаркылдап жарыгын чачып туруучу. Окуучуларын жакшы окуган, жаман окуганына карап бөлбөй, бул дүйнөдө адамдардын баары акылдуу жана таланттуу болуп төрөлөрүн, болгону ошол талантынын көзү гана кээ биринде кичинесинде эле ачылса, кээсинде уяңдыктын, тартынчактыктын, кээде, көңүл коштуктун айынан ачылбай саатын күтүп жүрө берерин айткан эжекеси баардык балдар-кыздарды алга сүрөп туруучу.

Жаркындын келиши окуучулар үчүн эле эмес, мектеп үчүн да жакшы жаңылык болду. Көп идеялары, эрудициясы менен ал кунарсыз тартып бараткан мектеп турмушуна шаң киргизип, Жаркын келгени мектепте ар кандай кружоктор жанданып, кечелер байма-бай өткөрүлүп, катардагы эле бир мугалим катары келген бул жаш мугалим мектептин жарым жүгүн көтөргөн активдүү мүчөсүнө айланды. Андыктан жаш, жалгыз бой адам катары өз жашоосу бардыр дегени менен өз кадрынын жумушуна эле эмес, тагдырына да кайдыгер карабаган директор Жаркындан өзүнчө квартирада эмес, айылдыктардын биринин үйүнө жайгашуусун суранды эле, Жаркын адатынча жарк этип, «эгер үй ээсине оордук кылбаса, мейли» деп макул болду. Ошентип, жаш кадр айыл өкмөтүнүн өзүнүн үйүнөн орун алды. Айыл өкмөтүнүн аялы Калыя эже да мектепте мугалим боло турган. Пенсия жашына жакындап калган Калыя эжей менен күйөөсү Аскар агай Жаркынды өз кыздарынан кем көрбөй турганын айтып бапырап алышты.

Ошентип, өз ойлогонун бербей алыскы айылга иштеп келгиси келген ата-эненин эрке кызы Жаркын бул жерден да жаңы ата-эне тапты. Жаркындын айыл өкмөтүнүн үйүнөн орун алышы мектеп директору менен анын тагдырынан чоочулаган жакшы санаалаш коллегаларына жакканы менен айылда бул окуяга катуу кейигендер да бар эле. Аллар бул айылдын бойдок бозойлору боло турган.

Эжейин айылдын бозойлору бура бастырбай калганы директордун эле эмес, окуучулары да байкашып, окуучулар эжейин айылдык жигиттерден кызганышчу болушкан. А түгүл ар нерсени сурамыш болушуп, эжейин үйүнө чейин жеткирип, тымызын кайтарууга да алышкан болучу. Бул кыздын ар дайым окуучуларынын коштоосунда жүргөнү аз келгенсип эми өкмөттүн үйүнө камалып калганын кара деген бозойлор катуу тартипти карманган сүрдүү айыл өкмөтүнүн үйүн айланчыктаганга даай албай жүрүштү.

Эжейин кызганган окуучулар эми айылдын бозойлору жөнүндө жалаң гана жаман кептерди айтышчу болду.

— Көпкөн бекерпоздор, жапайылар, ушуларда деги ар жок экен. Сиз ким, алар ким? Оюна койсоңуз сизди башка эмес, тиги түрмөдөн башы чыкпаган зөөкүр Кадыр да өзүнө тең кылгысы келет. Ары жок ошол да сизди жакшы көрөт имиш,- деп калды бир күнү Анара аттуу тыкылдаган окуучусу.

Бул окуядан көп өтпөй эле Жаркын дал ошол Кадыр менен кездешип калды. Бул жолу үйгө жалгыз бараткан. Биринчи мөөнөттөн чыгып, күн чак түш болгонго эч кандай «сакчылары» жок эле үйүнө жалгыз жөнөгөн. Аңгыча дал астынан үңкүйгөн фуфайка кийген жигит торой чыкты. Анын балдар айткан Кадыр экенин дароо тааныды. Айылга келгенине бир топ болуп айылдыктарды сыртынан таанып калган Жаркын мектептин так тушунда жашаган бул жигитти да далай жолу сыртынан көргөн. Бирок бетме-бет биринчи кездешиши.

— Сиз Жаркынсызбы?

Айылдыктар зөөкүр дечү бул жигиттин минтип сылык кайрылышына кыз бир аз таң кал карап:

— Ооба, — деп жооп берди.

— А менин атым Кадыр.

— …

Кыздын унчукпаганын жактырбаганы деп түшүндүбү, эмеле сылыксынган неме дароо өзгөрүп, дөөгүрсүп баштады:

— Эмне унчукпайсың? Мугалим экен деп сыйлап койсо, болбойсуң да. Бокочо көргөнсүп коркуп кеттиң окшойт, ээ?

— А сиз өзүңүздү ошондоймун деп ойлойсузбу?

— Ха! Ха! Жакшы айттыңыз. Айылдыктар мени ошондой ойлошот.

(Кадыр кайрадан «сизге» өттү) А бирок сиз коркпой эле коюңуз. Тике карап эле сүйлөй бериңиз. Мен тике карап сүйлөгөн адамдарды жактырам.

Жаркын башын көтөрдү да тике карады. Түз караган кыздын көз карашына туруштук бере албаган жигит алдастай түштү.

— Мынча тике карабаңызчы. Сүрдөп кеттим.

— А сиз өзүңүз тике карап сүйлөгөндөрдү жактырам дебедиңизби. Сизге жагайын деп жаткандырмын?

Көрүнгөндү жөөлөп дөөгүрсүп жүргөн неме бул жолу ушу бир кыздын алдында өзүнүн алсыздыгын сезип кайпактап калды. Эмне кылар айласын таппай эки жагын каранып, өзүнүн кебетесин, кийген киймин анан кыздын киймин көрүп ыңгайсыз болуп кетти.

— Мен жөн эле өтүп баратып, кечирип коюңуз, жакшы калыңыз…

Жигит алдастай сүйлөгөн бойдон өтө берди.

Кызык… Жаркын андан ары кетип баратып, жанагы Кадырды эстеди. Муну эмне мынчалык тири укмуш сүрөттөшөт? Кеп-сөз түшүнгөн кадимки эле адам турбайбы. Уялганды деле билет экен, — деп койду өзүнчө.

Үйгө келгенден кийин Калыя эжеге Кадырдын жөөлөгөнүн, анан уялып кетип калганын айтып берди. Бекер айткан экен, кечинде Аскар агай жумуштан келгенде Калыя эже айтып коё берди.

— Жаркын менен мектептен чогуу келбесем, бүгүн тиги жинди Кадыр жөөлөптүр.

— Ал акмакка эмне жок экен. Зөөкүрлүгүнөн катыны да чыдабай кетип калды эле, эми кыздарды жандап калыптырбы? Жаркындын тырмагына да тең келбей турганын түшүнбөйт ко ал кейбир. Дайыма эле Жаркынды кайтарып жүрмөк белең. Андан көрө мен балдарга айтайын. Кичине тарбиялап коюшсун.

— Кереги жок, агай, — Жаркын шашып кетти. (Ал айыл өкмөттүн балдары кантип тарбиялай турганын жакшы биле турган). Анчалык коркунучтуу деле көрүнгөн жок. Эгер олуттуу болсо, сизге өзүм деле айтмакмын. Мен жөн эле Калыя эжеге айтып койдум эле.

— Болуптур, болуптур. Эгер кимдир бирөө сага өкүм-зордук кыла турган болсо, уялбай эле айта бер. Бул айылды мен алаканга салгандай көрүп турам. Кантип тарбиялашты да билем.

Жаркын менен жолугушуу Кадырдын дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүрдү. Мектеп үйүнүн тушунда эле болгондуктан Кадыр кызды көп жолу көргөн. Биринчи көргөндө эле башкача сезимге туш болгон ал ар дайым мектеп жакты карап, кыздын караанын издей бере турган. Аны буга чейин сыртынан жактырып жүргөн болсо, бүгүнкү кездешүүдөн кийин таптакыр эле сезими тереңдеп кеткендей болду.

Ал Жаркынга тең эмес. Жаркын менен сүйлөшүү үчүн Жаркындын деңгээлиндей сүйлөшө билүү керек экен деп койду өзүнчө. Биринчи эле жолугушууда ал Жаркынга тең ата сүйлөшө албай сынып калганын жакшы билет.

Балким мугалимдер ушундай акылдуу, сөзмөр болушар. Кадыр онду бүткөнү окуган эмес. Мектепти деле эптеп-септеп бүткөн. Совхоздун тракторун айдачу эле, совхоз тараганы апасынын кыйындыгы менен өзүнө приватташтырып жаздырып алган трактору менен көрүнгөндүн жерин айдап нан таап жүрөт. Анысы да көп учурда токтоп турат. Бирөө суранып келсе, бекер айдап берип жаткансып, көңүлү келсе айдайт, көңүлү келбесе, «трактор бузук» деп коюп жүрө берет. Мүнөзүнүн оройлугунун жана чоң муштумдугунун айынан башы милициядан чыкпайт. Анан ушундай адамды билимдүү, маданияттуу, жаш, татынакай мугалим кыз карамак беле? «Кудай мага эмне мындай балакетти тартуулап отурат», — деди ал. Башка азабы жетпейт беле? Өзүнө тең эмес, таптакыр чоочун кызды мынчалык неге жактырып калды экен? Ал сүйүү деген бар экенине ишене берчү эмес. Мектепте жүргөндө бир кыз көзүнө жакшы көрүнгөндөй болгон. Элге окшоп аны жакшы көргөнүн айтам деп катуу уят болуп, ал кыздан өмүрү укпаган жаман сөздү уккан соң, чыдай албай ал кызды сабап койгону эсинде. Андан бери бул жөнүндө ойлонуп деле көрбөптүр. Аялын деле эл катары үй-бүлө күтүп, адам болоюн деген жакшы ой менен алган. Бирок анысы да муну түшүнгүсү келген жок. Эми болсо бул. Ал Жаркынды канчалык унутайын деген менен унутмак түгүл жүрөк оорусу күндөн-күнгө күчөп, чыдоого мүмкүн болбой калды.

Акыры «ушундан көрө Жаркынды ала качып алайын, көп болсо, түрмөгө түшөрмүн, ушундай азаптан көрө түрмө жакшы» деп чечти да, өзүнө шерик издей баштады. Коңшу айылдан бөтөлкөлөш шериктерин да тапты. Бул оюн эми апасына айтуу гана калды. Уулунун дагы аял алып качкысы келгенин, анысы башка да эмес, дал Жаркындын өзү экенин уккан соң Сурма апа чок баскандай чочуп кетти.

— Кой, балам. Тынч жашайлы. Аскар байкеңди жакшы билесиң. Деги эле кыз ала качпай эле койчу. Өзүңдү аябасаң да мени аячы. Биринчи аялыңдын айынан канча азап чектим. Мен сени өзүмө караан болсун, тирек болсун деп өстүрдүм эле го? Эмнеге мынча эси жок, эмне мынча таш боорсуң? — деп ыйлап жиберди.

— Апасынан муну күтпөгөн Кадыр саамга буйдала түштү да, апасын да, өзүн да аяп, чексиз азапты көтөрө албай мууну бошоп отуруп калды. Чын эле бечара апасына азап эле тартуулап келаткан экен. Бирок Жаркындан да баш тарта албасына биротоло көзү жетип, кайра кайтпаска бел байлап калган эле.

— Апа, ыйлабачы, деди эми ал , — мени түшүнүңүзчү. Мен мурдагыдай эси жоктуктан, көпкөнчүлүктөн эле ушуга барып жаткан жерим жок. Менин башка аргам калбай калды. Мен өзүмдү Жаркынсыз элестете албай калдым. Аны көндүрүүгө амалым да жетпейт. Бирок ансыз жашагым да келбейт.

Баласынын мынчалык экенин билбеген эне ыйын токтотуп, таң калып карап калды.

— Уулум, бул чын эле сенсиңби? Эмне деп турасың?

— Ооба, менмин апа, менин сизден башка жакын кимим бар? Мындай азабымды сизден башка кимге айтам? Мени сизден башка ким түшүнүп, ким бааламак эле? Апасын кучактап отурган Кадыр чыдай албай ыйлап жиберди.

Сурма апанын шаштысы кетип калды. Уулунун эс тартканы ыйлаганын биринчи көрүшү. Ал таптакыр эле мерез, таш боор, орой болуп калды деп жүргөн. Эми өзү уулун бала кезиндегидей өпкүлөп сооротуп жатты.

— Койсоңчу уулум, берекем, алтыным, жалгызым. Анчалык азапка батпачы, баары жакшы болот. Көрөсүң го, баары жакшы болот. Кудай бар эмеспи. Ал эч бир пендесин кароосуз калтырбайт. Эртеби, кечпи, биздин көчөгө да майрам келет, уулум. Бизди ушинтип куурап өтсүн деп эле жаратпаган чыгар. Кудай берерин унутпасын, деги ыйлабачы, мен сага ишенип жашап жүрсөм, сен кантесиң? — деген эненин сөзүнөн соң Кадыр бир аз соолугуп, унчукпай отуруп калды. Бир топ ойлонгон соң, эне сөз баштады. -Өзүңө тең келе турган эле кыз издечи. Кудай баарын ырыскысы менен жаратат. Сени жакшы көргөн, сени түшүнгөн кыз бул айылдан чыкпаса да бир жерде жүргөндүр.

— Мага Жаркындан башка эч кимдин кереги жок.

— Анда мен Жаркын менен сүйлөшүп көрөйүн. Мугалим эмеспи, жактырбаса да маданияттуулук кылып, улуулугумду сыйлап угуп коёр.

— Ошол кантип болсун, апа. Мен анын сизди акылдуусунуп алдап-соолап жолго салганын каалабайм.

— Анан эмне кыл дейсиң?

— Ала качып алам. Болду! Сөз бүттү! Тойго даярдана бериңиз.

Эмеле мажирүм талдай ийилип турган баласы таптакыр эле музга айланып калган соң «аа, балам, адатың калбайт экен да» деп аргасыз кол шилтеп басып кетти.

Жаркын өзүн минтип баатыр сезип, чоочун айылга келе бергенде, «чоочун балдар ала качып кетет» деп коркуткандар болгон. Бирок ал сөз өзүнө тиешелүү эместей маани бербеген. Эми минтип чоочун үйгө, болгондо да айылдагы зөөкүр делинип, милицияканадан башы чыкпаган, кызыл камчылыгынан аялы менен ажырашкан адам ала качып кетет деп кайдан ойлосун? Баягы эле жаман адат боюнча кемпирлер, келин-кесектер Жаркындын башына жоолук салып, «бактылуу бол, өмүрлүү бол, алганың менен тең карысын» айтып жалбарып жатышты. Жаркын жулунган да жок, кыйкырган да жок. Өмүрүндө бирөө менен жулмалашмак түгүл катуу айтышып көрбөптүр. Бирок адатынча түшүндүрүүгө аракет кылды. «Силер кызыксыздар. Болуптур жоолук салып койдуңар. Ошондо эле келин болуп калбайм да. Мени да сурап алуучу адамдар келет. Ошондо унчукпай колуна салып бересиздер. Аны жакшы билесиздер. Анан мындай цирк уюштуруунун эмне кереги бар?» деди ал тургандарга.

Турган келин-кесек Жаркындын Аскар байкени айтып жатканын түшүнүшүп, демдери сууй түштү. Бирок мынча эшиктен киргизген соң, кара күчкө «кой антпе, таш түшкөн жеринде оор, балам, тагдырыңа ушундай жазылса керек» деп күңкүлдөмүш этишти. Бирок сыртка чыгышып Сурма апага: «бул кыз чаң тополоң салып кыйкырбаган менен Аскар келгенде чындап чаң тополоң салат, анда эмне кылабыз?» деп кужулдашып калышты. «Силер чыга тургулачы, мен өзүм сүйлөшөйүн» деген Сурма апа баарын чыгарып жиберип Жаркын менен калды. Элдер айткандай Жаркын Сурма апанын жалгыздыгынан пайдаланып жоолугун чечип ыргытып эшикке жулунган жок. Тек гана мостоюп кеп күтүп калды. Сурма акыры кебин баштады:

— Кызым, уулум экөөбүздүн тагдырыбыз колуңда турат. Жерге тепсеп салыш да, көккө көтөрүп алыш да сенин колуңда. Уулум сени жөн эле көп кыздын бири катары ала качып келген жок. Ал сени жакшы көрөт. Эгер сен аны кабыл алсаң, уулум сени таарынтпайт.

— Баардык эне сыяктуу эле балаңызды коргоп жатасыз да. Ошону уулуңуз өзү адамча айта албайбы. Мен мал эмесмин да, бөктөрүп келгидей?

— Кааласаң, өзүн киргизейин, бир ооз сүйлөшүп койчу, балам?

— Болуптур, кирсин.

— Сурма апа сыртка чыгып уулун ичкери киргизди.

Кадыр жаңы эле киргенде эшик ызы-чуу болуп, көшөгө бөлмөгө Аскар байке кирип келди. Келип эле босогодогу Кадырды жакадан алып: «Эй акмак!» деп баштады эле Жаркын ортого түшө калды.

— Аскар байке, кереги жок. Мен өзүм каалап келдим.

Аскар байкеси таң калып туруп калды.

— Ооба, Аскар байке, андан көрө Ошко, ата-энеме кабар берип коюңуздар.

— Кызым, бул эмне дегениң? Кадырдан башка татыктуу адам тапкан жоксуңбу?

— Кечирип коюңуз, Аскар байке, ал менин тандоом. Ага мүмкүн болсо, киришпей эле койсоңуз.

— Болуптур, кызым, болуптур. Өзүң жактырсаң, биз эмне демек элек. Антсе да өз ата-энеңи алгач кабардар кылып койсоң болмок экен. Болуптур эми, эмне дейин, кир кол менен кармагыс айнектей кыз элең. Эми бактылуу бол. Өз кызымдай көрүп калдым эле, — деген Аскар байке Жаркынды кучактап бетинен өөп, коштошуп жөнөй берди. Кадыр менен сүйлөшүүнүн каалабады окшойт, ал жакты карагысы да келбей чыгып кетти.

Аскар байкеси чыгып кетер менен Жаркын өзүнүн эмне кылганын түшүнүп-түшүнбөй жерге отура калып, бетин басып ыйлап жиберди. Жанатан берки чыкпай жаткан бугу эми чыккандай соолуктай баштады. Кадыр эмне кыларын билбей Жаркындын жанына келип аны сооротмокчу болуп акырын кучагына тартты эле, Жаркын боюн ала качмак түгүл эреркеген бойдон жигиттин бооруна жыгылып соолуктай берди. Кадыр жаш баланы соороткондой Жаркындын жүзүнөн өөп, чачын сылап сооротуп жатты.

Аңгыча эшикти ачып бир аял кирмек болду эле Кадырдын ачуулу караган ишарасын көрүп сыртка чыга качты.

Бир аздан кийин Жаркын ыйлаганын токтотту да, унчукпай туруп калды. Бул аралыкта негедир Кадыр Жаркындан жүз жылдан бери билген бир боор адамдардай жакындыкты сезип калган эле. Анан калса, кыздын ага ишеним артып, бооруна жыгылып турушу аны шердентип, мурда бул кыз кол жеткис закым болсо, азыр кыздын анын коргоосуна муктаж назик жан экенин туюп, демилгени өз колуна алды да, суроосун узатты.

— Эми эмне кылабыз?

— Билбейм.

— Сен Аскар байкеден мени сактап калыш үчүн ушуга бардыңбы?

— Жок.

— Анда түшүнбөдүм.

— Мен да сенин ала качып келгениңди түшүнбөдүм. Жөн эле адамча сүйлөшсөң болбойт беле?

— Мен сенден коркком. Тартынгам. Ушундай татынакай кыз кантип мени карасын деп ишенчү эмесмин.

— А мен сенин келишиңди күтчүмүн.

— Чынбы?

— Мен Аскар байкеге калп айткан жокмун.

Жаркын менен үйлөнгөнү Кадыр такыр өзгөрдү. Баарынан дагы эшигин кайтарып бош турчу көк трактору такыр токтобой калды. Таң заардан каш карайгыча тракторун тындырбаган анын өтө эле иштерман болуп кеткенине таң калгандар көп. Мурда асмандын башындагы бааны айтып, «чыдасаңар ана, чыдабасаңар, мына» деп бош жатчу Кадырга көп деле киши кайрыла берчү эмес. Кийинки күндөрү акысын өтө көп сурабаганы үчүнбү же иштин көзүн билип майын чыгара жасаганы үчүнбү, эшигинен киши үзүлбөй, улам бири чакырып кетип, үйүнө турбай калды. Ал ансайын үйгө киреше кирип, Сурма апаны үйү май көл, сүт көл болду да калды. Эч башка каражат сарпталбаган үчүнбү, бат эле жаш үй-бүлө да бутуна туруп, Сурма апанын да санаасы тынып, мурда баласы бир жерде, өзү бир жерде үңкүйүп суук көрүнгөн үй бат эле киши-карага толуп бапырап, башта коңшулары менен көп катташа бербеген түнт Сурма ападан өткөн бактылуу киши жок. Уулу менен келини жумушуна кеткен соң, эшик-элигиндеги жумушун бүткөрө салып эле коңшуларын чайга чакырат. Анан калса келини да иштейт элем деп бутун сунуп отурбай, таң заардан туруп тирлигин жандандырып, мектеп жакын болгонго бошой калса эле үйүнө чуркап келип, кайненесинин колунан жумушун алып, илбериңки. Сурма апанын сүйүнгөнү эле башта корсулдаган орой баласы дегеле кең пейил, бир кишинин да сөзүн кыя албаган көңүлчөөк болуп чыга келгени. Ушунун баары келининин келиши менен болгонун түшүнгөн Сурма апа коңшуларына келинин мактап түгөтө албайт. «Жаркынымдан айланайын, Жаркыным келгени үйгө келин келбей эле кадимки жарык кирбедиби» дей берип белимчи болуп бүттү. Келинин көзүнчө деле айланып, кагылган сөзүн айткандан тажабайт.

Күтүү анчалык оор болгон жок. Мурда үй-бүлө күтүүнүн оорлугу жөнүндө, каардуу кайнене менен келиндин кармашы, кызыл камчы, түк түшүнбөгөн күйөөлөр жөнүндө курбуларынан далай сөздөрдү угуп, коңшуларынан деле тынчы жок далай үй-бүлөлөрдү көргөн сайын үй-бүлө жоопкерчилигинен коркчу. Ушу айылга келгенде да эмнегедир жүрөгү бир нерсе сезгендей мектеп тушундагы ушул үй көзүнө башкача көрүнгөн. Кийинчерек ал үйдө жашаган эне-бала жөнүндө айылдыктардан уккандан кийин аялын сабап жүрүп кетирген Кадыр, өмүрү унчукпаган сумсая сурданган Сурма апаны көрүп алып, каардуу кайнене менен кызыл камчы күйөө деген ушундай болсо керек. Байкуш келин анан ажырашып кетпегенде кантмек эле деп ойлоп да коюучу. Дал ошол үйгө келин болуп келери жана дүйнөдөгү эң боорукер, эң түшүнүктүү кайнене анын кайненеси жана дүйнөдөгү эң камкор, күйүмдүү, кең пейил күйөө анын күйөөсү Кадыр болору жөнүндө анда ойлоно да элек болучу.

Ушуларды ойлоп, жаңы эле жумуштан келип чайга отурушканда трактордун алыстан үнү угулду. Жаркындын жүрөгү тыз этип, «Кадыр буйруса, бүгүн эрте келет окшойт», — деп ичинен сүйүнүп алды. Айылга жөнөгөндө дипломдук ишинен жетекчиси: «Университетте эле калып калсаңчы, келечегиң бар кызсың, өсүшүң керек» десе, көнбөй койгон. Акыры ал: «Айылдан бир тракторист же малчы ала качып кетет, анан малдын кыгы менен трактордун майынан башың чыкпай жүрүп өтүп кетесиң» десе, «трактористке турмушка чыккан эң эле жашоодогу жолу болбогондук катары эсептелет турбайбы» деп койгон. Эми болсо, трактордун үнү Моцарттын «Сыйкырдуу флейтасынын» үнүндөй эле жүрөк кылдарын черткен ажайып музыка болуп угуларын сезгенде таң калды. Чын эле ал үчүн Кадырынын тракторунун үнү ажайып музыка сезилчү. Көрсө, «сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу деген чын белем» деп алды өзүнчө.

Шаардан мен-мен деген жигиттер сөз айткан, бирок эч ким мынчалык жакын, мынчалык жылуу сезилген эмес. Башка бирөөлөргө Кадыр, балким, түрү суук көрүнөр, бирок Жаркын аны биринчи көргөндө эле жүрөгү тыз этип, жигиттен башкача бир сулуулукту да, жылуулукту да сезген. Анан да таң калганы — мурда жигиттердин шым-көйнөктөрү чала үтүктөлүп калган болсо, иренжип турчу эле, Кадырдын үстүндөгү фуфайкасы иренжитмек түгүл, тескерисинче, башкача жакын сезилип, делебесин козгоп жиберчү. Аңгыча трактордун үнү күчөгөндөн күчөп жакындап отурганынан эшикке чыкса, күйөөсү чөп жүктөп келген экен. Тележкадагы чөптү төгүп үйгө кирген Кадыр алдынан тосуп чыккан Жаркынды кучактап, сагынышкан жаш жубайлар бир аз эркелешип турганда үйдөн Сурма апа чыга келди эле, экөө тең уяла жыйрыла беришип, Кадыр:

— Мен чөп жыйганга жардамга балдарды караштырып келейин, — деп кайсалап кайра жөнөгөнү калды.

— Чөп жыйганга жетишесиң балам, дегеле андан ары такыр жаны тынбас болуп кетесиң да, андан көрө эс алып, тамак ич муздай элегинде, кичине үй-бүлөдөй болуп чогуу тамак ичип отуралычы, тирлик деп эле Жаркын экөөбүздүн колубузга тийгис болуп кеттиң да,- деген апасы уулун болбой үйгө алып кирди.

Үчөө тамактанган соң сыртка чыгып Кадыр чөп жыйганга киши издемек болду эле, Жаркын:

— Кереги эмне, өзүбүз эле жыябыз, сен алып бересиң, мен сарайдын башынан алып чыгып жыямын, — деп жакын турган шаты менен сарайдын башына чыгып жөнөдү. Чөп жыюу кыз бала үчүн оор деп ойлогон Кадыр каршы болду эле, Жаркын да болбоду.

Акыры экөө чөп жыюуга киришти. Жаркын мектепте кезинде тоого чөпкө барышканда дайыма машинанын үстүнөн чөп жыюуну мойнуна алчу. Машинанын үстүнө мүмкүн болушунча көп жана машина өйдө-төмөндө секиргенде түшүп калбаш үчүн ыңгайлуу кылып жыюу да өзүнчө өнөр. Жаркын муну жакшы өздөштүргөндүктөн чөп жыюуну дайыма ага тапшырышып, башка окуучулар жерден алып беришчү. Андыктан Жаркынды адис мугалим дегендей эле чөп жыюунун адиси десе болгудай эле. Буга Кадыр таң калбай коё алган жок. Кадыр Жаркынды чөп жыйганды «билет», «билбейт» деп эмес, жөн гана жанындай көргөн келинчегине оор жумуш жасаткысы келбеген үчүн гана башка балдарды алып келип жыямын деп ойлогон. Келинчегинин анча-мынча эркектен өйдө жумуш жасарын көргөндө чынында таң калды.

— Мен сени ручка кармагандан башкага жарабаган үлбүрөк деп жүрсөм, деги таң калып бүтө албай койдум го сага,- деди акыры келинчегине.

— Таң калгыдай эмнеси бар? Мен ручка кармагандан башкага жарабаган үлбүрөк болгудай шаардын кызы эмесмин да. Мен деле силер сыяктуу айылдык кызмын. Бул жер Кыргызстандын түндүгүндөгү бир айыл болсо, мен жашаган айыл деле Кыргызстандын түштүгүндөгү эле бир айыл. Болгондо да тоолуу айыл. Өзүң деле көрдүң го. Биздин тоолор бул жактын тоолорунан да бийик экенин. Анан калса, жерден чөп алып берүү, жыйгандан оор жумуш да. Жыйганга ык керек, алып бергенге күч керек. Мен оңой жумушту жакшы өздөштүрүп алган жан багармын да, — деп жылмайды Жаркын.

Жылмайганда жарк дей түшкөн Жаркындын ажары Кадырдын жүрөгүн дагы бир жолу өрттөп кетти. Кадырдын таң калганы Жаркындын дал ушундай жылмайышы алгач көргөндө эле жүрөгүн өрттөп кеткен. Ошондой сезим алигиче өчпөй, азыр да ошондогудай жалбырттап кеткенине, келинчегин канча караса да тойбой, анын ар бир кыймылына, баскан-турганына суктанып бүтө албай келет. Азыр да келинчегине суктанып тойбогон Кадыр аны утурлай басып, шатыдан түшүп келаткан келинчегин түшүүгө үлгүртпөй көтөрүп түшүп, ошол боюнча үйүнө көтөрүп жөнөдү.

— Койчу, Кадыр, коңшулар көрсө уят, — деген Жаркын түшмөкчү болду эле, Кадыр аны коё бербеди. Буларды терезеден карап турган Сурма апа ичинен кудайга жалынып: «Элдин көзү тийбесе экен. Уулум менен келиним ушинтип эле ысыгы тарашпай ынтымакта жашашса экен» деп тиленип жатып «оомийин» деп бата кылып жиберүүгө да үлгүрдү. Ал уулунун биринчи аялы экөөнүн чатагына далай жолу күбө болуп, ачуусу чукул уулунан келинин ажырата албай көңүлү калып бүткөн эле. Аңгыча аркы бөлмөгө кийимдерин которууга кеткен келини жоктугунан пайдаланып, жанына келип калган уулуна сүйлөнө кетти.

— Балам, Жаркын экөөңөрдүн ынтымагыңарды кут кылсын. Бирок жаман адат оңою менен калчу эмес эле. Дагы бир күнү кокусунан ачууң кармап кетип адатыңа салып Жаркынга кол көтөрүп жибербе. Бир кол көтөрсөң эле балээ башталат. Ынтымакка жарака кетсе, оңой менен бүтөлбөйт, — деп акыл үйрөтүп калды.

Буга уулу кебелип да койгон жок.

— Кызыксыз апа, каяктагы жок нерсени сүйлөйсүз да. Мен Жаркынга кандай азап менен жеткеними унутпай калайын. Жаркынга көтөрүлгөн колумду өзүм эле сындырып салбайынбы, — деди Кадыр күлүп.

Сурма апанын көңүлү жайлана түштү. Чын эле ушул турушунда уулу жанындай көргөн келинчеги Жаркынга эмес, дегеле чөпкө зыян кылбагыдай боорукер болуп турган эле. Көрсө, адамдын пейили, кыялына жашоо турмушу да таасир этет тура деди апасы. Уулунун бактылуу экенин көрүп, дал ошол бактылуу турмуш анын кыялын да өзгөрткөнүн байкады. Бактылуу адам жакыны эле эмес, баардык адамдарга кең пейилдүүлүк менен мамиле кылып калат тура деди уулун карап.

Жаркындын ойдо жок жерден ушул айылга иштегени келип, ойдо жок жерден келини болуп калганына кудайга шүгүрчүлүк келтирип, бу да болсо, Кудайдын буйруганы, Кудай бул экөөнө нике буйруп, ойдо жок жерден бириктирип отурбайбы. Нике кайып деген ушу тура, — деген апа Кудайга шүгүрчүлүк келтирип жатты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *