Бурят жомогу

Илгери өткөн заманда бир хан болуптур. Ошол хандын жалгыз уулу бар экен.
Хан ойлонот: «Уулумдун ички дүйнөсү таза, арамдыгы жок, а бирок акыл-эси анча эмес. Мен өлсөм ал хандыгымды кантип башкарар экен? Балким ага мен өлгөн соң баш-көз болор акылдуу аял алып берсемби? А андай аялды кайдан табайм?..»
Хан кайра чечимге келди: «Мейли, ал кыз итке минген томаяктыкы болсун, бирок акылдуу болсо болду».
— Эл кыдырып, уулума эң акылдуу кыз тапкыла! – деп хан элчилерин-тушемилдерди журт кыдыртып ат чаптырды.
Тушемилдер элден эл, журттан журт кезип, бүт улусту оңунан да, тетирисинен да тинтип, кирбеген үйү, кезикпеген адамы калбайт. Баары бир ойдогудай кыз табылбайт. Кыз көбү көп экен – эстүүсү да бар, сулуусу да бар, келишкен мүчөлүүсү андан көп, бирок хан айткандай акылдаана ажайып кыз кезикпейт.
Ошентип чабарман элчилер чаалыгат, сайда саны, элде изи калбай өздөрү да жоголмок болот. Үмүт үзүлөт, өлүм көзгө көрүнөт.
Бир жерге келишсе четте бир тамтыгы чыккан алачык тигилип турат, алды артында малы турмак мал байлар жайы жок, үрүп чыгар ити жок.
Тушемилдер аттан түшүп, ат байлайын десе хан жигиттерине ат байлар мамы жок, көөлүктөрүн алачыкка байламак беле, алаңдашып туруп калышат.
Ошо кезде алачык ичинен бир кыз чыгып, аларды көрө коюп:
— Эмнеге боз үйгө кирбейсиңер? Айлана-тегерекке тигиле карап нени издейсиңер? – деди.
Тушемилдин бири айтат:
— Үйгө кирели десек, мынтип ат байлай турган жер жок…
Кыз күлөт:
— Аа, ат байлар нерсе таппай калдыңарбы? Байлай бергиле, мына, мунусу – кыш, мунусу – жай, ошого аттарыңарды аркандагыла!
Коноктор бири бирин карап эстери оойт. Кыш дегин кана да, жай дегени кана? Атты кайда байлайт?
Алар кызга ачууланышат. Хан жигиттери болсо анан… Ушул жаман алачыктагы жаман кыз… Аттарына ыргып минип, күлүк аттарынын оозун коё берип, камчы басты. Ханга акылдуу кыз табылбаганын айтканы не болсо ошол болсун деп шашып жөнөштү.
Кыз издегендер ханга келди. Өкүмдар алардан кайда болгонун, кимдер менен сүйлөшкөнүн, кандай кыздарды көргөнүн, эмнелер тууралуу кеп козгошконун четинен сурай баштады.
— Жолубуз болбоду, алдаяр ханым, – дейт жигиттердин башчысы, – бүт хандыгыңызга тиешелүү жерлерди карап чыктык. Ар бир боз үйгө кирдик, элди түрө араладык. Бардык кыз менен сүйлөшүп көрдүк. Бирок сизге келинге ылайык бир да бирөөсүн таба албадык.
— А томаяктардын алачыгына баш бактыңарбы? – Хан оор үшкүрүнө үн чыгарды.
— Ананчы. Кайтарда бир жаман кепеге кайрылсак, анын жанында же ат байлар казыгы жок, же мамысы жок. Дагы жинди чалыш бир кыз чыгып, оозуна келгенди оттоп койду.
— Ал кыз силерге эмне деди?
— Эмне демек эле, алачыгынан чыгып-чыкпай, биз ат байлар казык издеп атсак, ал жинди: «Мына – кыш мына, жай атыңарды ошого байлап кире бергиле!» – дейт. Мындай сөздү акылы жайында адам айтмак беле? Ал кыз менен андан ары сүйлөшүүнүн да кажети жок деп, атыбыздын оозун кайра бурдук.
Хан ойлонуп турду. Анан тушемилдерге сырдуу карап сурады:
— Ошол боз үйдүн алдында чана жана араба жок беле?
Тушемилдер бири-бирине суроолуу карашат да, эстегендей:
— Ооба, ооба, аны кантип билдиңиз, алдаяр ханым? Ошол тытылган алачык алдында чын эле тарпы чыккан араба менен сынган чана жаткан.
— Ошо силерге кыш жана жай да! Хан жигиттери болуп туруп ошону кантип аңдабайсыңар! Ошол кыз кайда жашарын айткыла, мен өзүм барам?!
Хан ошентти да, аргымак атын токутуп, жолго чыкты.
Көп жүрдүбү, аз жүрдүбү, акыры журт ээси ошол жыртык алачыкка да келип жетти. Хан аттан түшүп, көөлүгүн арабага байлап, ичкериге кирди. Кирсе бир кемпир жана бир чал, алардын жанында иш менен алаксып, ай десе аркы, күн десе көркү келишкен бир кыз отурат. Хан сүйүнө ой чаргытты: «Оо бул жерде акыл менен чырай бир жашайт турбайбы».
Хан кыздан сурады:
— Атың ким?
— Менин атым – Алтан-Хайша – Алтын-Кайчы.
— Сени неге мынтип аташат?
— А мен жипти кайчы менен кескендей ар кандай табышмактарды чече аламын да.
— Андай болсо күлдөн мага жип алып келчи, мен бир нерсе таңмак элем.
Абышка-кемпир хан буйругун кызы кантип аткарат деп кыжаалат болушту. Алтан-Хайша болсо кебелбейт, күлө бага:
— Бир аз сабыр этиңиз, заматта алып келе калам! — деп койду.
Ал алачыктан чыкты, самандан жип эшип, алып келди, аны хан алдына коюп, күйгүздү. Саман күйүп, күлгө айланган жип калды.
— Мына, сизге, улуу даражалуу хан, күлдөн чыккан жип!
Хан ыраазы боло акырын үн катты:
— Көп ойлонгон жоксуң, жакшы кылдың!
Анан хан кызга он үч жумуртка берди да, ошондон он үч жөжө чыгарууга буйруду.
— Жарайт, – деди кедей кыз, – бирок эми ошол жөжөлөргө бере турган жем керек. Мынабул буламыкты алыңыз да, аны сээп, өстүрүңүз. Мен жөжөлөрдү чыгартканча сиз да буламыктан эгин өстүрүп, аны бышырып, жанчып, жөжөгө жемге даяр кылып турасыз.
Кыз такылдап жооп берип атты. Ата-энесинде жан жок, качан хан каарданып, булардын алачыгын аңтар-теңтер кылып чаап таштайт, качан кыздын башын алат деп коркуп отурат.
Хандын ою болсо башкада: «Томаяктын кызы болгон менен акылы тунук, ажары ага келишкен экен. Мындан өткөн келин таппастырмын».
Өкүмдар жыгылыштуу карап, Алтан-Хайшанын атасына кайрылды:
— Келиңиз, кудай кошкон куда бололу! Сиздин кызыңыз Алтан-Хайша менин келиним болсун! Жалгыз уулума сиздин кызыңыз жар болсун!
Абышка өзүнө келип араң үн катат:
— Бул биздин жалгыз кызыбыз. Биздин өнөрүбүз эмес, өлөрүбүз калды. Карып-арып бүттүк, төрүбүздөн көрүбүз жакын. Эми ушинтип кызыбыз кетсе бизди ким багып, ким карайт? Кой, биз жалгыз кызыбызды сизге бере албайбыз, азиз ханым.
— Ой, андан кам санабагылы. Мен силерге келишкен боз үй куруп берем. Өмүрүңөр өткөнчө казына эсебинен багамын.
Абышка кызына тигелет:
— Муну Алтан-Хайша кызымдан сураш керек. Өзү эмне дейт?
— Мен эмне демек элем, атаке, макулмун! – Алтан-Хайша тик карайт.
Хан жуучулары салты менен келип, аны сый-зыйнаты менен ордого алып кетет. Ааламдын ар тарабынан конокторду чакырып, этти тоодой үйүп, шарапты көл кылып көлкүлдөтүп тогуз күн, тогуз түн укмуш бир той болот. Онунчу күнү эл тарайт.
Баары ыраазы: хан акыл-эстүү жаш келинге жарыганга ичи чыгат, анын уулу чырайлуу айжамалга арбалып, өзүнчө курсант, Алтан-Хайша да эс-акылы анча болбогон менен көңүлү таза, дили кушбак күйөөлүү болгонго жетине албайт.
Той тарап, күндөр өтүп, бир жакшы учурда хан баласына кайрылат:
— Жүр, уулум, чер жазып, бир ууга чыгып келели?
Жакшы аттан тандап минип ата-бала мергенчиликке жөнөдү. Хан алдыда, уулу артта баратат. Бир коктулуу тосотко келип, экөө ыңгайлаша отурат. Хан бир убакта текечер атып, анан уулуна кайрылды:
— Мен кийинки коктуга барайын, балким дагы бир нерсе атармын. А сен болсо бул жерде калып текечерди бышырып тур?
Уулу таң кала сурайт:
— Мен кантип муну бышырам? Биз казан алган эмеспиз да?
— Токойдо эмне көп – бак көп. Жыгач казан аспайсыңбы? – Хан ушинтти да, шашкан бойдон атка камчы бастырып, аркы коктуну карай чаап кетти.
Хан уулу атын байлап, балта алып, чоң даракты кыйып, анын бир жерин оюп, казан жасап кирди. Көпкө барып, акыры эптеп, кичине жерди ойду да казанга окшотту.
Аркы коктудан хан дагы бир текечерди артынып келди. Ыраазы боло ыры чыгып келген хан уулунун кылып атканын көрүп ырайын дароо өзгөрттү. Баласы баягы эле ордунда. Эт бышырмак түгүл, какыраган куу кайыңды оюп, жыгачтан казан жасап тер төгүп азаптанып отурат.
Хан ызаланды. Баласын камчы менен сабап-сабап алды да, жолго камындырды. Экөө аттарына камчы басып, баягыдай эле бири алдында, экинчиси артта келатты. Баласы атасынын изинен калбайт. Бир убакта хан бурулуп артка кылчайса, баласы алысыраак калыптыр:
— Бол, уулум, атыңды тездет, куйрук улаш кел, атыңдын куйругун тарт!?
Уулу атын ылдамдатып, атынын куйругун улам-улам тарта берди. Болбогондо атынан түшө калып куйруктан тартты. Муну көрүп хандын ичи дагы өрттөндү. Эмне кылмак, өз баласы да. Камчы менен жон талыштыра уулун басып-басып алды, андан эмне чыкмак, акыры чарчап токтоду.
Ата-бала үйүнө келди. Экөө тең унчукпайт, экөөнүн тең кабагында кар. Үнсүз-сөзсүз тамакка отурушту. Ар ким өзү менен болуп хандын уулу табити жок бир аз эле тамак жеп, жатканы кетти. Ал анда-санда оор үшкүрүнүп да, онтоп да коёт.
Алтан-Хайша күйөөсүнөн сурайт:
— Сага эмне болгон? Неге онтоп да, үшкүрүнүп да калдың?
— Ох, ох, баар-жогум эле ооруйт…
— Каериң ооруп атат? Бир жериңди кокустатып алдыңбы? – Алтан-Хайша жан алы калбай күйөөсүнө күйпөлөктөйт.
— Жок, эч жеримди кокустаткан жокмун. Ууда жүрүп атам мени камчы менен аябай сабады.
— Неге?
— Неге экенин өзүм да билбейм. Карыганда калжаңдаганыбы?.. Билбейм… Иши кылып бир коктуга келгенде ал текечер атты, «Бизге тамак ас» деди. Мен болсо «Казаныбыз жок кантип тамак асайын» дедим. Ал болсо «Жыгач идишке бирдеке кыла бер» деди. Мен ошондо дарак кесип, аны казанга окшотуп оюп кирдим. Ошондо атам келип калды. Эч нерсе айткан жок. Камчылады…
— Экинчи жолу неге камчылады?
— Кийинкисинде болсо уудан келатканда мен атамдан алыс калдым. Ал болсо «Атыңдын куйругун тарт!» деп кыйкырды. Мен аттын куйругун тарттым. Ошентсем эле ал өзү ачууланып келип, мени камчы менен сабады. Анын акылы жайында эмес.
Ушуларды баятан бери угуп отурган Алтан-Хайша күйөөсүнө минтет:
— Атамдын акылы жайында эле. Анын сөзүн аңдай билбеген сеники жайында эмес.
— Аны кантип түшүнүү керек? – Хан уулу аялына таң кала суроолуу тигилди.
— Сага «жыгач казан менен эле бирдеке кыла сал» деген турбайбы, ошондо сен этти кесип майдалап эле жыгачтан от жагып, куйкалап ийсең болмок. Ошол сага жыгач казан да!
— А ал неге мени аттын куйругун тарт деди?
— Ал деген атыңды тез бастыр, камчылан, куйрукка нукуп, айда дегени да.
Экөөнүн ушинтип сүйлөшүп атканын митайым хан акырын тыңшап турган. Ал ойлонду: «Кудай буюрса, Алтан-Ханшаны келин кылып алданган эмес экенмин. Андан акылдуу адам жок. Менин бүт тушемилерим анын алдында акылсыз жана акмак тура. Эми мен хандыгымды беймарал калтырып, өзүм Шажин-номон-ханга барсам боло бергидей. Аны адамдар ашкере көсөм, жеткен акылдуу дешет, анын акылы канчалык экенин билсе болот”.
Эртеси эле хан эки батору (батору — жоокер башы) менен камынып кошуна хандыкка Шажин-номон-ханга багыт алды.
Алар чоң тойго туш келиптир. Шажин-номон-хандын конокторуна сан жетпейт. Хан башкача бир сөөлөт күтүп, шаң-шарапат менен ыраазы боло жылмаюусу жыйылбайт.
Ал кердейип, тоотпой биздин хандан сурап коёт:
— Ай, сен неге келдиң?!
— Сени менен мелдешип, кимибиз акылдуу экенибизди билгим келди!
— А жакшы. Мен сага табышмак айтам, а сен тап?!
Шажин-номон-хан аябай кыйын табышмагын айтат, биздин хан болсо аны дароо эле чечип берет. Буга Шажин-номон-хан териге түшөт. Ал биздин ханга минтет:
— Эми сен табышмак айт, мен табайын?
Биздин хан табышмак айтат, а тиги хан аны таба албайт. Башкасын айтат, башкасын да Шажин-номон-хан таба албайт. Үчүнчүсүн да таппайт. Дагы, дагы айтат, баары бир таппайт. Ызаланат. Ачуусу келет. Акыл-эсин жоготот. Анан биздин ханды чынжыр менен байлатып, мамыга таңдырып таштайт.
— Үч күндөн кийин мунун башын алгыла!- Шажин-номон-хан баш кесерлерине буйрук берет. — Бул дүйнөдө мындай киши болбосун! А баторлорун болсо азыр асып салгыла!
Биздин хандан айла кетет. Өлүм кылыч болуп салаңдап башында турат. Каардуу Шажин-номон-хан аябайт. Анан акыркы ылтымасын суранат:
— Менин башымды алдыргандан сага не пайда? Андан көрө менден көп кун ал?
Шажин-номон-хан жеткен ачкөз, байлыкты жакшы көргөн сараң, залим пааша эле. Ал дароо ойлоно калды да:
— Кунуңа эмне бересиң? – деди.
— Түмөндөгөн кой, уй, анан сандык толо алтын. Сен мага үйгө кат жазууга уруксат эт, а мен болсо мал-мүлкүмдү дароо эле алдырта коём.
Шажин-номон-хан өзүнүн ноёндорун – кеңешчилерин чакырат жана аларга хандын таклибин билдирет.
— Анын башын жула чабыш бир паста, – дешет нойондор, – жакшысы кун төлөсүн!
Шажин-номон-хан да кымың этет:
— Кун төлөсүн! Үйүнө кат жазсын! Өлүмдөн азат болсун!
Биздин хан буга ыраазы боло кат жазууга отурду:
«Мен баторлорум менен даңазалуу Шажин-номон-ханга келип, алардын чоң тоюна кабылдым. Даңкы таш жарган Шажин-номон-хандын ошол тоюнда сый конок болуп калдым. Күнү бою тойлоп, кубаныч кучагындамын. Жумшак жашыл жүн төшөктү алдыма салып, үстүмө алтын жиптер менен шырылган көк жууркан жамынып уктап жатам. Даңазалуу Шажин-номон-хан колу-бутума кымбат баалуу кооздуктарды тартуулап, мойнума күмүш тогоолорду тагуудан аянбады. Мага кызмат кылсын деп эң мыкты жигиттерин бөлдү, алар түнү-күнү жанымдан жарым карыш узабайт.
Ушул катымды алар менен айтылуу Шажин-номон-ханга кымбат баалуу тартууңарды камдагыла: алдыга менин бардык болгон мүйүздүү өгүздөрүмдү жана уйларымды салгыла, артынан мүйүзү жок бодо малдарым түшсүн. Короодогу үч алтын байтеректин экөөсүн кыйып таштап, ошерде эле өрттөп салгыла, а бирөөсүн болсо даңктуу Шажин-номон-хандын чегине чейин эптеп алып келгиле. Менин ак боз атымды өзүңөр менен кошо ала келбегиле – ал начар ат, буякта анын эч кимге деле кереги болбойт, ал ошол өз атканасынан чыкпасын. Менин бул катымды келиним гана алтын кайчысы менен кесип окусун».
Кат ушундай эле.
Бул катты адегенде Шажин-номон-хан окуду. Анан анын тушемилдери менен ноёндору окуп чыкты. Окугандын баары кубанды, кудуңдашып байлыкты элестетти. Шажин-номон-хан болсо:
— Хандын куну ырас эле болду. Эми бир маарыйбыз. Анын акыл-эси анча эле эмес экен, катында баарын алып кел деп жазып салыптыр, – деди.
Кат Шажин-номон-хандын үч чабарманы аркылуу жиберилди жана бат эле биздин хандын ордосуна жетти. Кат туткун хандын уулуна тапшырылды. Ал окуп, окуп эч нерсени түшүнбөдү. Ноёндор окуду, алар да түшүнбөдү. Бир гана билгени – хан буйругун эки кылбай аткаруу керек.
Хан уулу, увазирлер, ноёндор короо-короо уйларды, өгүздөрдү чогулта баштады. А короодогу үч түп алтын байтерек кана? Баштары катты. Кыйкырык, ызы-чуу, малдардын өкүрүгү, жолго камынуу… Катты аягына чейин окушса, хан өтүнүчү башкача – бул катты алтын кайчысы менен келини окусун деп жүрбөйбү.
— Келинге алып баралы! – дейт кеңешчилердин бири.
Катты Алтан-Хайшага алып келишет.
Ал окуп көрөт да, минтип чечмелейт:
— Шажин-номон-хандын кат алып келген үч чабарманынын экөөсүн кармап зынданга салгыла, үчүнчүсүн чынжырлап катуу байлагыла!
Хан жигиттери келиндин айтканын кылышты. Алтан-Хайша хандын эң жакын увазирлерин жана нойондорун чакырып кат маанисин толук чечмеледи:
— Хан катын силер туура эмес түшүнүп калыпсыңар. Ал эң чоң азапка кабылыптыр. Алар түшүнбөсүн деп сырдуу кат жазыптыр. «Сый конок болуп калдым» дегени – туткунда калганы. «Күнү бою тойлоп, кубаныч кучагындамын» дегени – күнү бою азап чегип, санаага батам дегени. «Жумшак жашыл жүн төшөктү алдына салып жатканы» – чөп үстүндө калганы, «алтын жиптер менен шырылган көк жууркан жамынып жатканы» – жылдыздуу ачык асман алдында түнөгөнү. «Колу-бутундагы кымбат баалуу кооздуктары менен мойнундагы күмүш тогоолору» – колу-бутуна кишен салынып, мойнуна золу тагылганы. «Күнү-түнү кызмат кылсын деп жанынан жарым карыш жылбаган жигиттердин жүргөнү» – өтө катуу сакчыларга кайтартып атканы.
Бул сөздөрдү увазирлер менен ноёндор угат, хан уулу угат. Алтан-Хайшанын акылына ыраазы болушат. Келин андан ары хан катын түшүндүрөт:
— Ханыбыз биздин мүйүздүү өгүздөрүбүздү жана уйларыбызды алдыга алып, андан кийин токол бодолорду Шажин-номон-ханга карай багыттагыла деп жатканы адегенде жаачан жана найзачан жөө аскерлерди, андан соң кылычтуу жоокерлерди согушка киргизгиле дегени. Короодогу үч алтын байтеректин экөөсүн кыйып, бирөөсүн Шажин-номон-хандын чегине дейре алып келгиле дегени эмне? Бул хан атабыздын элчилердин экөөсүн өлтүрүп, үчүнчүсүн жол баштар катары алып алгыла дегени.
Баары сурап калышат:
— А хан кайсыл ак боз атын айтып атат?
— Хан атам өз уулун айтып атат. Ал мында эле калсын! Урушта туруш жок! Камынгыла?!
Хан аскерлери тез эле камынды. Жоого аттангандардын башында жаачылар, найзачандар, соңунда кылыччандар тизилишти. Кол башында Алтан-Хайша акылман өзү турду. Шажин-номон-хандын кат жеткирген чабарманы жол баштап алдыга түштү.
Булуттардай калың кол заматта Шажин-номон-хандын ээлигине келип жетти. Ал хан болсо жоо келерин ойлобогон, не кылар айласын таппай калды. Колу да чогулбады. Шажин-номон-ханды колго түшүрүп, аны Алтан-Хайшанын алдына алып келди.
— Кандай, Шажин-номон-хан, атабыздын кунуна алып келген тартуубузга ыраазы болдуңбу?
Ханды калтырак басып, үн чыгара албады. Өңү өчүп, өлүм келип калганын туюп турду.
Алтан-Хайша аны кой таңгандай таңдырып, өз өлкөсүнө алып жөнөдү.
Биздин хан болсо өз журтуна кайтты, калайык калкын бүт топтоп мынтип жар чакырды:
— Бул жер үстүндө Алтан-Хайшага тең келер акыл-эстүү аялзаты жок! Ошон үчүн жаза тайып бу дүйнөдөн көчсөм менин ордумду басар өкүмдар ушул келиним Алтан-Хайша болсун!
— Болсун! Болсун! Болсун! – Хан сөзүн калайык колдоп кетет.
Хан керээзи келип, анын көзү өткөн соң баягы жаман алачыктагы томаяктын акылдуу кызы Алтан-Хайша – Алтын-Кайчы бул элдин адилет башкаруучусу болуп калыптыр.
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *