ЭТЮД

Жумуш эрте башталат эмеспи. Эртерээк барып шашылыш жумуштарды бүтүрөйүн деп күндө баспаган жолум мейманканалардын биринин алдынан кесип өттүм… Жок, жо-ок, жолду гана эмес жүрөгүмдү кошо кесип өттүм. Мейманкадан атактуу сойкулардын бирин жетелеп чыга калсаңыз болобу? Мени көрүп уялып койгон жоксуз, кайра “кандай карындашым?” — дейсиз да… Карындашыңыз бир өлүп, бир тирилип, сойкуну жеп жиберчүдөй тиктеп турганын сездиңиз бекен? Ырсалаңдап анысы да бетимден өөп учурашкандабы?.. Экөөңөрдөн тең жүрөгүм айланды, сизди гана эмес, бүт дүйнөнү жек көрүп турдум…

Мен сизди ардактап, аздектеп жакшы көрчүмүн. Жолукканда жоодураган, бир аз сүрдүү кабагыңыздын алдында жалтаңдап кеткенимчи. Бүт адамдардан сизди бийик кармап, баарынан артык көрүп алганымды кантейин. Жубайыңыздын бактысына суктанып, гезит-журналдарга берген маектериңизден улам бактылуу ата деп билчүмүн. Өзүм колумду тийгизе албай, жубайыңызга гана таандыктай сезчүмүн сизди. Ушундай кымбат адамым элеңиз, аны мен сөз менен жеткирип айта албасмын. Жадесе учурашканда бетиңизден өөп койгондон тартынчумун. А сойку түнү менен сиз менен болуп, мен жете албаган адамга оңой эле жетип, мен кучактай албаган адамды кучактап, мен өбө албаган адамды өөп, кучагында жатыптыр… Муну элестеткенде — кызганычтан өрттөнүп кетип баратам. Өрт менен жалын чырмап, бутумду эмес, денемди араң сүйрөп кеттим. А сойку менен каткырыша колтукташып сиз кеттиңиз…

Кызганып да, жек көрүп да, мени менен курган маектериңиздеги, мен билген кымбат адамыма окшото албай илинип, чалынып көз жашымды токтото албай бараттым. Жүрөк кургур өрттөнүп барат… Сизди сойку менен көргөнчө көзүм сокур болуп калсачы, сойкуну эмес жубайыңыз менен болсоңуз эмне? Жеңебиз менен мейманканадан чыксаңыз, мынчалык өрттөнбөйт элем. Асманда турган кымбатым, жерге талп дей түштүңүз. Жүз жеринен тилинип боздогон жүрөгүмдү ким сооротот, сойку менен эми кайда, кайсыл мейманкага кеттиңиз экен. Жүзү сулуу, денеси сатылып бүткөн сойку менен тартынбай жүргөнүңүзгө караганда, жубайыңыз деле менден өткөн шордуу окшобойбу…

Эмнеге мындай кылдыңыз? Эмнеге ошол сойкуну тандадыңыз… Жек көрөм сизди, сойкуну дагы, байкуш сезимим менен ойногон сизди ушунчалык жек көрөм. Өзүңүз сезбеген кымбат, бийик адамым бойдон калсаңыз эмне?!
Көз жашымды койнума толтуруп баратам, шылдыңдагансып шуулдап жанымдан машинаңыз өтүп кетти. Ошол машинанын астында калган чаңдай; тепселендиде калган сойкунун эмнесин жактырдыңыз экен?..

Балким буга чейин деле далай сойкулардын кумарын кубалап келгендирсиз. Жалгыз эле бул эместир. Акыркы убактарда өлкөнүн жооптуу кызматына көтөрүлүп, өкмөт башчыны жандап, ташыңыз өйдө кулап жаткан учур эле… Байлыкка көпкөнүңүздүн белгиси ушул болдубу?.. «Чала болот, – дедим өзүмө, –сооп болот. Эми чыныгы жүзүн көрүп ал аздектеген байкеңдин», — дедим туттугуп…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *