Маектеш тууралуу маалымат:

Кожогелди Култегин – Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, А.Осмонов жана Ж.Мамытов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Учурда Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү (2014-жылдан бери). Ал «Жолчырак» (1985), «Шамалдагы үн» (1989), «Дарбаза жолго ачылат» (1993), «Бал ууртам» (2001), «Жүрөк конуш» (2008), «Бир чөнтөк ыр» (2009), «Салам менен аликтин ортосунда» (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014) аттуу ыр китептеринин автору.

— Кожогелди байке, иш үстөлүңүздөн качкан учурларыңыз болобу?

— Болсоле ушу май айында болот. Бөтөнчө жаркыраган, кулпурган ай го. Ошондой качуулар көп болорун билип майрамга толтуруп салышса керек. Бир ырымда:

«Сайраган чымчык — сан билги,
жайнаган гүлгө сал дилди!
Чок болуп турса табигат
чогулуш өтөт кай жинди?!» — деп жазгам. Демек, май айында иш үстөлүнөн качкан киши эмес, кайта-кайта чогулуш өткөргөн киши «жинди». Май айы демекчи, казактын атактуу акыны Кадыр Мырзалиев жазып атпайбы:
«Ары сонун, ары ийги
Май айынын убакты —
Он бир уулу бар үйдүн
Жалгыз кызы сыяктуу» — деп. (А.Рыскуловдун кот.) Кандай таамай! Бирок май айы деген эмне, табигат деген эмне экени менен бир-бир иши жок адамдар болот ээ. Эптеп кызмат эле болсо болду, акча эле болсо болду. Алар тирүүлүктү ушинтип күңүрттөтүп атышат да, эй! Андан көрө, жүр, бүгүн экөөбүз качабыз.

— Кайда?

— Кайда? Бешкүңгөйгө, менин дачама. Бирок таңкы саат 5. 40тан 6.20га чейин уктамай жок. Куштардын таңкы «оркестрин» тыңшайбыз… Бирооз сөз сүйлөбөйсүң, мактап да сүйлөбөйсүң ал кереметти. Адамдын үнү чыныгы табигаттын алдында ушунчалык жагымсыз… (Кеч менен Кожогелди байке мени машинесине салып алып, дачасына келдик. Бирок эртең менен 6.00дө араң ордунан жулкулдатып ойготтум). «Чымчыктар сайрап атпайбы» десем, «Ошону тыңшап жатпаймынбы» дейт. «Коңурук тартып атып да тыңшайсызбы?» десем, көзүн ушалап, ордунан козголду. Сыртка чыктык.

— Табигат менен тимеле жуурулушуп, табигатка айланып кетчүдөй түрүңүз бар го?

— Айланыш керек! Бир жолу дирилдеген жалбыракты тиктеп, телефондун бери жаккы учунда дүргүп турган өзүмдү көрө калсам болобу. Уялып да кеттим. Мынабу көлөмдөгү мени менен кичинекей жалбырактын кандай окшоштугу болмок эле, — деп бул саптарын окуду:

«Сезими артык — мезгилден алдыраак, чын,
алдыраактан бирөөгө жалдырап миң.
Сексен-токсон килолук салмак менен
сен чалганда сербейген жалбыракмын…»
Сизди жакшы билгендердин айтымында, ичимдикти келиштирип ичип, бирок жакшы көтөрөт экенсиз?

— Башкага чыдасам да, мастарга чыдабайм. Ушундай бир кыжырым келет. Бирок ичимдикти жамандаган «акмактардан» эмесмин. Ичимдик деген көңүлдү көтөрүп, жашоону көрктөндүрүш керек. Ырдасаң мейли, бийлесең мейли, куудулдансаң мейли, берешен болсоң мейли, мактансаң мейли, өлүп кет, сүйсөң да мейли. Бирок кара нерсе болбош керек. Болтурбаш үчүн ичимдик кара нерсеге алпарчу шайтан, балакет экенин башыңдан чыгарбай, сак турушуң, сактанышың керек. Арак — ар ак (оңунан окусаң), арак — кара (тескерисинен окусаң). Тактап айтканда, чениңди билип ичип, оң жүрсөң — ак, ашыкча ичип, тескери кетсең — кара. Ошто бир досум айтып атпайбы: «Үчөөбүзгө эле канча бөтөлкөнүн башы кетти? Же кебелип койбойбуз. Ушунчага 20-30 кыргыз кыйла эле тейтеңдеп-жыргап алат эле…» деп. Бирок мен бир сырды ачык айтып коёюн. Эмне үчүн негизги ичимдик 40 градус? Адамга 40 жаштын айланасына чейин гана ичимдик жагымдуу. Андан ары деле абайлабай шыкай берсең — акеңди таанытат!

Кээде бармак тиштеп гана токтото турган жинди кыялдарыңыз кармаган учур болобу?

— Антпеген акын да болобу. Биз деле адамбыз да…

Кумар оюндарына кызыгасызбы?

— Такыр кызыкпаймын дегенден уялып, кызыгам дешке оозум барбай турат. Китебимде бар: «Таң атканча акчага карта ойноп чыгып, анан тараарда же утпай, же уттурбай нөл-нөл болуп калсаң — ушундан өткөн кордук жок» деген.

— Басмага даярдап аткан «Жүрөк конуш» китебиңизден ашык-кеми жок бир гана түрмөк ыр окуп бериңизчи…

— Маселен, муну:

«Көөдөнүңдө Күн көөшүп, Күн көөшүбөй,
көздөрүң — жаз, кирпиктер бүрдөчүдөй.
Бах-х, эрдиңдин кызарып-бөйтөйгөнүн —
бардык сөздү «ө» менен сүйлөчүдөй!»
Сен «түрмөк» деп туура айттың. Көптөрү «куплет» деп жазышат. Ал эмес, тээ чоң сынчылардан бери. «Куплет» деген — музыкалык термин. Орустардын «строфа» деген түшүнүгүн биз «түрмөк» деп алышыбыз керек да.

— Сынчыларды айтып кирдиңиз. Ушуга байланыштуу бир суроо: сүрөткердин өзү сынды катыра жазарын сынчылар моюнга алган учурлар бар. Сын жазууга да дүрмөтүңүздү октоп көрбөйсүзбү?

— Биринчмден, мен университеттин соңку курстарында окуп аткан кезден баштап 2-3 жыл катар-катар «Кыргызстан маданиятына» сын жазгам. Анда сен мектеп баласы болсоң керек. Билбей калдың да… Азыр сын жоголду. Жаман чыгармаларды сындаш — иттен оңой. Бирок анын зарылдыгы да жок. Мени кейиткени, азыр бирин-серин болсо да таңгалыштуу поэзиялар бар, ачып берген эч ким жок ошолорду. Кээде теңирден тескери бирдемелерди айтымыш болуп, чолок сынчылар чыга калат. Алар түз эле Айтматовду алып жыккысы бар. Адабият — өзүнчө Кудай. Ага Кудайдай мамиле кылыш керек. Чын эле сынга кайрылбаса болбой калды. Бирок сен айткандай, сынчынын сыны башка, акындын сыны башка.

Акындык кудуретиңизди поэзиядан башка дагы кайсы көркөм жанрда сынап көргүңүз келет?

— Баарысынан проза жазгандарга катуу таң калам, кантип жазышат деп. Бул жанр — мен үчүн таптакыр кол жеткис бийиктик. Калемгер деп ошолорду айтыш керек! Ара-чолодо драма жазып жүрөм. Бирок драманы ыр менен жазганга да куйкам курушат. Жасалма кылып, каармандарга «декламация» айттыргансып.

Бала кезде уурулук кылдыңыз беле?

— Бала кезди айтасың. Азыр деле уурулук кылган учурларым бар. Жоо… сен күлбө. Бирок уурулук деген нерсе кудум ыр саптарындай болуп өзүнөн-өзү чыгат. Көркөмдүгү да күч! Мисалы, бир жылы эл акыныбыз С.Жусуевди 80 жаш мааракеси менен куттуктап Н.Назарбаев белек жибериптир. Аны Казакстандын Кыргызстандагы элчиси өз имаратында салтанаттуу тапшырып, ага катышкандарга дасторкон да жайды. Көңүл көтөрүңкү. Салтанаттан кийин Соке аксакал, Ф.Абдалова, Б.Чотурова менин машинеме түшүштү. Жеткирип келсек, Соке: «Эл акынынын үйүндө элүү грамм бардыр…» — деп, болбой үйүнө киргизбеспи. «Барчигинен» бир жакшы арак алып бузду. «Барчиги» ошол ачылган боюнча турат. Соке кыздарга арнап жазган ырын издеп, башка бөлмөгө чыгып кетти. Мен кыздарга:

— Силердин 80 жашка чыккыңар келеби?

— Келет… келет…

— Эл акыны болгуңар келеби?

— Келет… келет…

— Токтогул сыйлыгын, бүгүнкүдөй президенттердин белегин алгыңар келеби?

— Келет… келет…

— Анда тетигил оозу ачык «барчиктен» ырым кылып бир бөтөлкө уурдап алгыла, үчөөбүз өзүбүзчө тилек кылып чогуу ичебиз, — дедим. Кыздарга сунуш аябай жакты. Тимеле тыпырашат. Бирок калтыраган бечаралар «барчикке» жакындай албай коюшту. Аялдар уурулук жасай албайт окшойт. «Сен… сен алып чык, эркек эмессиңби?!» дешкенинен, мен опоңой эле алып, сумкеге салып койдум. «Барчикте» арактар толо, уурдаганыбызды эч ким байкаган жок. Анан укмуш тилектерди айтып, үчөөбүз ошол эле күнү кечте жайлап салдык. Ал эмес Лев Толстойдун да алмасын уурдагам.

— Эй, эй… коюңузчу. Ашыкча эргип кеттиңиз…

— Угуп тур. Анча-мынча уурулук кылган менен, калпычы эмесмин. Москвада — Адабият институтунун 2 жылдык жогорку курсунда окуп жүргөнүмдө институттан Ясная Полянага алпарышты. Алма деген жер жайнайт. Бирок Толстойдун үй-музейинин короосунда өзгөчө корукка алынган экен. Ал алмаларды кадимки Лев Толстой өз колу менен отургузуп, бүгүнкүгө чейин кыйыштырылып-жаңыртылып апкелинген экен. «Түштөнүү бир саатка гана» дешти. Алдыбызга тамак келгенде балдар мени күтүүсүз сыртка чакырышты. Сыягы, колу-буту узун киши керек болгон окшойт. Чыксам, эки сумке көтөрүп үчөө турат. Башкы озуйпа — Толстойдун алмасын уурдаш. «Кантип?» деп отурбай, кеттик! Тосмодон ашып түшүп, эки сумкени заматта толтурдук да, бир-экиден аймалап-жеп, ал тургай, бержакка келип тамак ичкенге да үлгүрдүк. Уурдап эле алсаң коркунуч жок, баргандардын баарысы эле баштыктарын толтуруп алма көтөрүп жүрүшөт. Ошол Толстойдун алмасынан бүт институт, мугалимдерибизге чейин оозтийбеген киши калбады. Москванын жазуучуларына, Москвадагы жакындарыбызга, ал тургай кичи мекендерибизге чейин жетти. Толстойдун алмасынан бир кертим жегени үчүн жинди болгондой учуп-күйүп, өзүн ушунча бактылуу сезгендерди көрдүм!

— Баарын эле сүйлөшкөндөй болдук, балалык калып кетиптир?

— «Балалыгыңды жазданып жатпасаң, башың пас болот…» деп жазып атам жаңы китебимде. Балалык деген бир керемет учур тура. Мына, менин балалыгымдын бир ирмеми:

«Кутурган бир күндөр өттү не деген!
Кулун салып берүүчү элем кээде мен.
Алчумун өөп — кылчайса кыз саап атып
айылды бүт тосуп туруп бээ менен!»
Маектешкен Олжобай ШАКИР
«Де-факто» (13-май, 2008-ж.)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *