Байыркы Элладада б.з.ч. 624-548-жылдары жашаган философ, математик Фалес Милетский суу бардык нерселердин материалдык негизин түзгөн башталгыч (алгачкы) зат деп эсептеген. Ал эми көрүнүктүү немис физиологу Эмиль Дюбуа Раймон “Жашоо – бул жандуу суу” деген. Чынында эле бардык жандуулар жана өсүмдүктөр негизинен суудан турары белгилүү. Алсак, бадыраңдын 95, капуста менен сабиздин 90, алма менен алмуруттун 85, картөшкөнүн 80 пайызы жалаң суудан турат. Биз адамдар деле өсүмдүктөрдөн кем калышпайбыз. Анткени биздин булчуңдарыбыздын 77, өпкө менен бөйрөгүбүздүн 80, нерв ткандарыбыздын 84, мээбиздин 85 пайызы жалаң суудан турат экен. Ошондонбу, байыркы шумерлер сууну А деп гана аташкан. Азыркы кезде да дүйнөдөгү көп элдердин алфавитинин биринчи тамгасы өмүр башаты болгон сууну билдирет.

Жаратылыштагы бардык заттардын ичинен эң таң калыштуусу да суу. Анткени муздаганда бардык заттар кысылып кичирейсе, суу гана кеңейет экен. Ошондуктан муз суунун үстүнө калкып чыгат турбайбы. Табияттын мына ушул татаал сыры Жер планетасынын бактысы өңдөнөт. Болбосо көлдөрүбүз азыркыдай үстүнөн эмес астынан тоңсо, анда ал көлдөр жай бою эрибей, жашоо өтө эле кыйындамак экен.

Дагы бир кызык жагдай адамдын эске тутуусу ичкен суусуна жараша болот экен. Тоо суусунда адамдын организмине керектүү 81 элемент болсо, крандагы сууда 50-60 бөлүкчө эле калат тура. Тоо деңиз деңгээлинен 300-400 м бийиктикте жана тоо суусунда пайдалуу элементтер көп болгондуктан тоолуктардын курсагы көп ачпайт. Ток пейил болушат. Ошол эле учурда суунун эске тутуусу да күчтүү болот тура. Сууга жакшы сөздөрдү айтып ичсе кадимкидей таасир берет экен. Жаман сөздөрдү айтып ичсе жаманчылык келет. Бекеринен кыргыздар нике сууну ууртатып, сууга дуба салып ичирип, кырсык болгондо же ооруканадан чыкканда адамдын башына суу тегеретип чачпаптыр.

Мына ушундай керемет касиетке эгедер, жашообуздун бардык башатын түзгөн  сууну адамзаттын кор тутушу акыры өзүнө гана заян болорун азыр адамдар түшүнө башташты. Ырас, суу Жердин башка кен байлыктарына караганда түгөнгүстөй сезилет. Ошентсе деле түбөлүктүү эч нерсе жок. Адамзат көбөйүүдө, анын сууга болгон талабы да өсүүдө, демек акыры суунун деле түгөнчү учуру келери “өңгө жалган өлүм ак” дегендей эле кеп. Антип болжобосок деле Жер бетинде жыл сайын көлдөр 60, жер астындагы суулар 300, мөңгүлөр 250 куб километрге (бардыгы 710 км3) азайып баратканы белгилүү. Ырас, жасалма суу сактагычтардын жардамы менен адамзат бул жок болгон суулардын 70 куб километрин гана кайтарып алат. Ал эми калган 540 км3 суу океандарга жутулуп жок болууда.

Окумуштуулардын эсеби боюнча деги эле Жер шарындагы гидросферанын жалпы көлөмү 1,4 миллиард куб метрден гана бир аз ашат. Анын 94 пайызы ичүүгө жараксыз деңиздер менен океандарга туура келет. Калган 6 пайыздын 4 пайызы жер астындагы сууларга, 2 гана пайызы мөңгүлөргө туура келет экен. Тагыраак айтканда, эксперттер жер бетиндеги суунун 2,5 пайызы гана ичүүгө жарактуу экенин, 2025-жылга чейин дүйнөдө таза суунун тартыштыгы башталаарын эсептеп чыгышкан. Мына ошентип адамзат менен жан-жаныбарлардын бактысына жаралган суу жалпы алып караганда өтө деле көп эмес.

Мына ушул сууга адамзаттын аяр мамиле жасабоосунун акыры кайра эле адамзатка зор зыяндарды алып келүүдө. Буга бир кездеги жапжашыл болуп жайкалып турган жерлердин чөлгө айланышы, ал түгүл бүгүн көз алдыбызда эле Арал деңизинин соолуп баратышы күбө. Жаратылыштын жабыркашына, климаттын өзгөрүшүнө биз – адамдар гана күнөөлүү экенибиз бизге улам барган сайын ачык эле белгилүү болуп барат.

Висконск университетинде иштеген белгилүү климатолог Рейд Брайсон Жерден атылып чыккан жанар тоолор атмосферага бир жылда 4 млн тонна чаң чыгарса, адамзат жылына 300 млн тонна чаң, б.а. 75 эсе көп чаң чыгараарын айтат. Адамзат атмосферага чаңды эле чыгарбастан, көптөгөн ар түрдүү газды да чыгарууда. Анын ичинде көмүр кычкыл газы да бар. Булар мөңгүлөрдүн тез эришине таасир этери, таза сууну булгаары айтпаса да түшүнүктүү.

1978-ж. Лондондон чыккан “Климаттын өзгөрүшү” аттуу коллективдүү монографияда мындай сөздөр бар: “Индустрия пайда болгонго чейинки коомдо жагымсыз климаттык өзгөрүүлөрдүн коркунучу тез-тез болуп туруучу, бирок ал ошол коркунуч болгон жерге эле таандык эле, ал эми азыркы мезгилде болсо андай өзгөрүүлөрдүн саны азайды, ошентсе да анын аймактык масштабы өстү. Мындай көптөгөн жергиликтүү жагымсыз жагдайлардын болушун аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу түшүм болбой калган шартта азык-түлүктү бир аймактан экинчи аймакка ташуу менен түшүндүрсө болот. Анткени дан эгиндери эгилүүчү үч-төрт аймактын вегетациялык шарттарын бузуу миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн”. Мунун айныксыз чындык экендиги азыр бизге аксиомадай эле түшүнүктүү болуп келе жатат.

Ал эми Европанын эң кооз дарыяларынын бири Рейнге күн сайын 50 миң тонна өнөр жай калдыктары ташталат экен. Анын ичинде заводдордон чыккан кислоталар, фенолдор ж.б. уулуу заттар көп. Булар дарыядагы жандууларды өлтүрүүдө. Азыр Рейнде бир да балык жок. Рейндин суусун ичкенге эмес, сугатка пайдаланууга да жараксыз. Рейнди изилдеген БУУнун комиссиясы бул дарыя кеме жүрүүгө гана жарактуу деп чечкен. Ошондой эле Чехословакия менен Германияны аралап өткөн узундугу 1165 км болгон Эльба дарыясынын суусу да сугатка жараксыз. Мындай мисалдар өтө эле көп. Бүгүнкү күндө өнөр жай өтө өнүккөн Батыш Европанын көптөгөн дарыялары түрдүү химиялык бирикмелердин татаал кошундусуна айланып калган. Алсак, Франциянын көпчүлүк өзөндөрү менен дарыялары өлүү сууга айланган.

1969-ж. дүйнөнүн бардык гезиттери АКШнын Огайо штатындагы Кайахога дарыясы өрттөнгөнүн жазышкан. Дарыядагы эки чоң көпүрө күйүп кеткен. Өрттүн себеби дарыянын бетине чогулган нефть болгон.

Ал эми белгилүү орус географы Д.Арманд “Нам и внукам” деген китебинде төмөнкүдөй мисал келтирет. Бир америкалык ири фермер мал чарбачылыгына адистешип, өзүнүн чөп өстүргөн талаасына бир кичирээк өзөндү пайдаланып турган. Ал кошумча киреше катары форель өстүрө баштаган. Бирок өзөндө отоо чөп көбөйүп кеткен. Аны жоготуш үчүн бир фирма менен келишим түзгөн. Фирма самолет жиберип, өзөнгө гербицид чачкан. Отоо чөп жоголгон, бирок өзөндү бойлоп өскөн бадалдуу дарактар да акырындык менен куурай баштаган. Өзөндөгү бобры деген жаныбарлар да жок болуп кеткен. Көрсө алар өзөндүн плотинасын сактап турушчу экен. Натыйжада плотина бузулуп, бир нече жылдан кийин эле жылжып аккан арык суусуна айланган.

Ошентип жаратылышка туура эмес мамиле жасоо, химияны ашыкча пайдалануу, булгоо акырындык менен жер бетиндеги таза суулардын азайышына алып келүүдө.

Кыргыз эли эзелтеден эле сууну ыйык туткан. Айтылуу акын Жеңижок суу жөнүндө терең философияны камтыган “Аккан суу” деген ырында:

“Ай, аккан суу, аккан суу,
Ай-ааламды баккан суу,
Сыр-Дайрадан кең туруп,
Сыр аякка баткан суу!
Жабыркатпай жай-кышы,
Жандын баарын баккан суу”, — деп бекеринен какшабаса керек. Онондуктан “Сууга түкүрбө”, “Сууга даарат ушатпа”, “Булак башын булгаба” деп жаштайынан эле балдардын кулагына кумдай куюшкан. Ал түгүл көздүн карегиндей болгон көгүлтүр Ысык-Көлүнө да эч качан түшүшкөн эмес. Бети-колдорун гана чайынышкан. Алар кыргыз жеринин ар бир кокту-колотунан мөлтүр кашка суулар шаркырап агып турса да ошентишкен.

Бүгүнкү күндө болсо биз сууну таштанды челекке айландырып алдык. Агын суулардын боюна кир жууйбуз, өзүбүз жуунабыз, машинабызды жууйбуз, жууганда да химиялык порошоктор менен жууйбуз. Тамак-аш калдыктарын, ар кандай ыплас нерселерди, деги койчу өнөр жай калдыктарынан тартып бошогон бөтөлкөлөргө чейин ыргытабыз. Завод, фабрика, мончо, кир жуугуч пункт, үйлөрдөгү ванналардан ж.б. агып чыккан ыплас суулар канча.

Эгерде айлана-чөйрөнү булгоону акыл-эстүүлүк менен токтотпосок, азыркыдай илимий-техникалык прогресс дүркүрөп өсүп турган заманда биз экологиялык гана эмес, генетикалык дагы катастрофага туш келишибиз толук мүмкүн.

Келечекте бир тамчы суу бир тамчы бензинден да кымбат болуп калчу учур алыс эмес. Ошентип, мындан 200 жыл мурда эле табиятты булгоо проблемасы биздин табиятка жасаган мамилебиздин этикасы гана катары эсептелсе, азыркы мезгилде бул келечегибизге олуттуу коркунуч туудурган түбөлүк темага айланды.

Белгилүү философ Поль Гольдбахтын минтип жазганы бар: “Жапайы адам – өз бактысы үчүн иштөөгө жөндөмсүз, тажрыйбасыз макулук. Цивилизациялуу адам – табиятты өз бактысы үчүн пайдаланууга тажрыйбасы да, коомдогу орду да мүмкүнчүлүк берген. Бактылуу адам —  табияттын пайдалуу жактарын билгичтик менен пайдаланат”.

Өз келечегибиз үчүн, укум-тукумубуздун уланышы үчүн сууну кор тутпай, булгабай пайдалансак, философ айткандай бизден бактылуу ким болмок. Ошондуктан табиятты жасалма өзгөртүүдөн, айлана-чөйрөнү ыгы жок булгоодон (анткени жаан-чачын менен алар деле дарыяларга барып түшөт) сак болсок. Анткени Жеңижок айткандай “Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор”.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *