Бурят жомогу

Бир жетим бала болуптур. Анда ата да, эне да, бир тууган да жок экен. Мындайды томолой же тоголок жетим дешет.
Ал жерге жүргөндөн тартып билген-көргөнү кой болуптур. Бир күн да тыным билбей байдын койлорун кайтарчу экен.
Кой ээси ага:
— Менин бир да коюм жоголбосун! Эгер бирөө эле жоголсо, жаныңдан үмүтүңдү үзө бер!- деп тынымсыз кулагына куюп турчу.
Күн ачыкта койлор жуушап, анча дале кыйнабайт. Алай-дүлөй болсо эле кой жаныбарды көрүп ал, же баспайт, же оттобойт, туш тарапка дыр коёт. Мындайда койлорду издеп таап көр!
Бир жолу да ушундай күн бузулуп, койлор үркүп, жыйырма койдун дайыны билинбей жоголот.
Няня-Хубун аларды издеп кирет. Үч күн, төрт күн же бир уйку бетин көрбөй, же бир даам сызбай байкуш бала койлорду издейт. Издейт, издейт. Ыйлайт. Сооронот. Издеген жогу табылбайт. «Эми эмне кылам? Байдын көзүнө кантип көрүнөм?» деп көз жашынан күчүн чыгарат.
Таң атарда ага кандайдыр бир карыя кезигет.
— Сен неге ыйлап атасың, уулум?- дейт ал.
— Мен байдын коюн он жылдан бери бакчу элем, – дейт байкуш жетим ыйламсырап, – ошончо жылдан бери биринчи жолу жыйырма коюн жоготуп, эч жерден таппай атам.
— Издедиңби?
— Ооба, издебеген жерим калбады. Төрт күн болду, издей берип таманым тешилди.
Ак сакалын жайкалткан абышка шордуу жетимге сөөмөйү менен ары жакты көрсөтүп:
— Мобул жактан чыгат, балам, сенин издеген койлоруң, – дейт. Анан ал дагы кошумчалады: – Сени экинчи кыйнабас үчүн мен сага сыйкырдуу бир сөз үйрөтөм. Эгер койлор үркүп же тарап баратса, сен анда аларды карап «Няня!» деп гана кой, ошондо алар жерге жабышып калат. А кайра алар мурдагыдай болсун үчүн «Собр-собр!» деп айт, анан алар чуркап, басып, оттоп калат.
Ошентти да чал өз жолуна түштү.
Няня-Хубун жолоочу айткан тарапка басып барып эле жоголгон койлорун түгөлү менен таап алды. Сүйүнгөнүн айтпагыла.
Күн бою койлордун баары былк этпей оттоду, үргүлөп уктады, кайра жуушады. Эртеси күнү кайра ар кай жакка кача баштады.
Койчу абышкадан үйрөнгөндөй дүрбөгөн койлорго кыйкырып коёт:
— Няня!
Качкан койдун баары жерге жабышып жатып калды. Жатат, жатат, бир кыймылдабайт.
Муну көрдү да Няня-Хубун кубанычтан көз жашын агызып, чырм этип уйкуга кетти. Чарчаган го, уйкудан туруп караса бүт койлор талпайып жерде жатат. «Собр-собр!» деп койду эле жаткан койдун баарына жан кирип, акырын туруп жуушай баштады. Кечинде ал койлорун түгөлү менен айдап келди.
Ал эч убакта байдан бир ооз жакшы кеп уккан эмес, бул жолу дале жакшы сөз укпайт. Бай үйүнөн чыгып, койлорун бир сыйра карап, жетимге атырылды:
— Бир болбогур койчу экенсиң да, сенделген! Карачы, койлорумду кандай арыктаткансың!
Буга эмне демек эле. Няня-Хубун ичинен улутунуп, тиштенип, өзү жаткан жерге барды. «Баарына чыдап келдим! Силерге элеби, көрсөтпөсөмбү, өзүмдүн ким экендигимди!»
Бир мертебе байбиче ооруп калды. Ага табыпты алып келди. Табып байдын аялын дарылап аткан. Няня-Хубун акырын айтты:
— Няня!
Табып отургуч жанында турган болчу, ошол бойдон отургучка жабышты да, калды. Тартты, түрттү, катып калган табып ордунан козголбоду. Бакшыга (шаманга) ат чаптырды. Бакшы келди да, бакшылыгын көрсөтө баштады.
Жетим койчу дагы акырын үн катты:
— Няня!
Бакшы дубалга жармашты да, ошол, ошол, катыды.
— Эмне кылуу керек? Не арга кылабыз? – Үй ээлери кыйкырып калды. – Балээден кантип кутулабыз?! Ламаны чакыргыла?!
Ламага жиберишти. Лама келип, сыйына баштады.
Шордуу койчу дагы акырын баягысын айтты:
— Няня!
Лама да жабышып калды.
— Ой, өлдүм! Жардам кылгыла?! Жардамдашкыла?! Болгула!? – Өңү кардай агарган лама жан талашып кыйкырып атты.
Табып да кыйкырат, бакшы да озондойт, эми минтип лама жан талашып кирди. Карап тургандардын ызы-чуусу андан бетер үй жарып көккө көтөрүлдү.
Төлгөчүнү таап келишти. Ал төлгөсүн баштаары менен эле койчу дагы билинер-билинбес үн менен:
— Няня! – деп койду.
Төлгөчү да селейди да, жерге жабышты. Баары биринен өтүп, бири кыйкырат, ызы-чуу түшөт, тарткан менен чыга алышпайт. Няня-Хубун гана ыраазы боло тигил кыйналып аткандарга күлө карайт.
Ошентип алар көпкө жабышты. Бир жумабы, бир айбы, иши кылып узак мезгил жабышкан бойдон калышты. Үй ээси элди чакырды. Тартып көрдү, түртүп көрдү. Чыкпады. Аларды чыгарам деп жакын келип кармагандар өздөрү да катып калып атты. Ошентип жүздөй адам жерге, бирине бири жабышып калды.
Арга кеткенде эң эле таанымал төлгөчүгө барды.
— Менин кызматым не? – деди ал тигил чабарманды карап. Алар эмне болгонун бүт төкпөй-чачпай айтып беришти.
-Андай болсо, жалгыз арга ошол жетим койчуда. Ал жабыштыргандарын кайра чыгара алат,- деди төлгөчү,- эгер баланын жинине тийсеңер жабышкандар жабышкан бойдон калат.
Ошол кеп жетип жабышкандардын баары жалынып-жалбарып Няня-Хубундан бошотуп коюуну сурана берди.
— Эмне сурасаң сура, ырайым кыл, бошотчу? – дешти жалдырап.
Арга кеткен бай:
— Байлыгымдын теңин берейин, бошотуп берчи уулум ушуларды? – деп жалооруп турду.
Ошондо арга кеткен, максатына жеткен койчу катуу үн менен келиштире кыйкырды:
— Собр-собр!
Жабышып тургандардын баары кыймылдап, козголуп, керилип-чоюлуп, туш-тушка чуркап жоголду.
Ошондон кийин Няня-Хубан байдын жарым малын бөлдүрүп, өзүнчө боз үй тигип, өз коюн кайтарып калды. Аны көргөндө ноёндор, бакшы, табып, төлгөчү, лама – бары жан талашып учурашып, калтырап-титиреп коркуп калышкан экен.
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

2 Replies to “Няня-Хубун”

  1. Ыракмат,Олжоке !Билген адамга .эмгегиниз тоодой бийик,тоодой ыйык.Бар болунуз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *