ТУБАСА

ПРОЛОГ

Адегенде эле түз, «алагушту атынан чакырып» айтыш керек: Омор Султанов кыргыз улуттук кыртышынан өнүп чыккан нукура акын; ушул эле учурда чыгармаларынын баасы-баркы дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүп баалана турган эл аралык масштабдагы чоӊ акын.  Бир сөз менен айтканда – классик. Улуттук поэзиянын соӊку классиги.

«Соӊку» демекчи, совет заманынан берки жазма адабиятыбызды белгилүү мезгилдик мерчемдеринде карай келсек, «классик» деген критерийге толук жооп берген саналуу гана акындар калат. Алар жазма адабиятыбыздын телчигип калыптануу кезеӊинин ири өкүлү, фольклордон жаңы поэзияга  салынган кубаттуу көпүрө – Аалы Токомбаев; жалпы алганда, тарыхый процесс талабына ылайык, али декларативдүүлүк бийлеп турган ушул жаш поэзияны жекелик-индивидуалдуулуктун айдыӊына батыл баштап, ага адамдык ички тагдырды ширетип алып кирген, тереӊден жаӊырткан Алыкул Осмонов; Алыкул багынткан чекти, кезинде, андан ары улантып, бир жагынан аны улуттук кыртыштын маӊызына болушунча каныктырып, экинчи жагынан дүйнөлүк поэзияны ичкертен тереӊ өздөштүрүп, баалуулуктарына сугарып, улуттук поэзияны жаӊы деӊгээлге  жетилдирип чыккан бүгүнкү маараке ээси – Омор Султанов.

Арийне, дүйнөлүк поэзия өзгөчөлүктөрүн кыргыз кыртышына өрүш алдырып, кыргыз поэзиясын  да ал бийикке сүрөп чыккан автор бир Омокеӊ эмес, бул кыркаарда «60-лар» атыккан жаӊычыл бир муундун таланттуу өкүлдөрү бар. Ошондой болсо да, не салттуу поэзияда, не жаӊычыл формада, не шыӊгыр лирикада, не чабыттуу эпикада, не чыныгы реалисттик прозада, не чебер котормодо болсун артына калтырган телегей изин тегерете көздөн сыдырып отуруп, Омокеӊди соӊку муун кыргыз акындарынын ичинен караанын үзүп, топтон бөлүнүп чыккан адабиятыбыздын анык көзгө басар классиги катары моюндабаска арга жок.

Жогоруда Омор Султанов кыргыз кыртышынан өнгөн нукура улуттук акын; экинчи жагынан, ал жараткан баалуулуктар дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүүгө тийиш дедик. Мунун биринчиси, негизинен түшүнүктүү, буга чейин бул өӊүттө арбын эле сөздөр жүрдү; андыктан,  мен сөздү ушул «экинчиден», же «дүйнөлүк» деген мааниден баштоону эп көрүп турам. Анткени, биз ушул баян ичи дүйнөлүк адабият өкүлдөрү жана алардын автордун чыгармачылыгына катышы жайында арбынырак айтсакпы дейбиз. Экинчи жагы, биз «дүйнөлүк» деген сөздү укканда эле башыбыздан  шапкебиз учкучаӊ асманга аӊкайып, башканы бийик — өзүбүздү пас, башканы жетик – өзүбүздү кетик карап көнүп калган элбиз, көз каранды психологиянын  салдарынан али да арыла элекпиз. Ал эми арылып болушубуз керек, акыры! Акыры, «дүйнөӊ» деле биздей башы кара, буту айры Киши. Омокеӊдей жарык жылдыздардын көктөгү жарыгын ак тааныш – мына ушул үчүн да керек!

Эмесе, Омокеӊди айтылган  дүйнөлүк  тегиздикте карар алдын, дегеле автордун  өзүн жаратып келген улуттук кыртыштын өзү не? Кыргыз, же жалпы эле түркү жантабиятынын (эмкиче айтканда, менталитетинин) мүнөзү, маани-маӊызы кандай?

«XXI кылым – түбү көчмөн түрк цивилизациясынын кылымы болот» деген болжол улам чындыкка оошуп, Батыш, Чыгыш маданияттарын Оӊ, Сол канаттарында теӊ кармап,  байырлуу түрк руханияты алпкаракуш бийигине ишенимдүү калкып бараткан бул заманда, мындан келди, жалпы түрк дүйнөсүндө бул жыл «Омор Султановдун жылы» деп жарыяланып турган тушта, бул жантабият жайын түбүнөн-дүӊүнөн аӊдап алмак лаазым. Эмесе, анын эӊ башкы  касиети эмнеде деген башкы бир соболго келсек, ал: элдин сырткы дүйнөнү укмуштуудай тез ыкчам өздөштүрүп алуу жөндөмүндө катылган деп айтар элек, арийне, өзөк маӊызын баптай отуруп, түркүк түбүн сактай отуруп! Бул касиетти  көчмөн жашоо турмуштун миӊдеген жылдык жолу, тажрыйбасы өзү калыптандырган. Ошондуктан, түбү көчмөн түркий калк, жердиги, турмуш жаӊылыгына өтө сезгич келип, кылт өзгөрүштөрдү дүрт кабылдайт.  Консерватизмдин торунан дамамат – тыш! Образдуу айтканда, күү-шаа агылып жаткан дүйнөнү көчмөн ат үстүндө ээ-жаа бербей чаап баратып таанып алган! Кыймылда!

Элдин мына ушул жөндөмү жашоо турмушунун бар салаасында, төтөн, эӊ сезгич сфера-сөз өнөрүндө айрыкча күчтүү мөөрлөнгөн. Кыргыз кыймылдуу руху совет курамында жашаган 70 жыл ичинде (ал эми бул чоӊ тарых үчүн жети эле көз ирмем!) мүлдө орус адабиятын, ал аркылуу дүйнөлүк негизги адабиятты чапчаӊ, ыкчам өздөштүрүп алганы мунун айкын далили!

Акыйкатта, XIX-XXк. арасы, поэзияда Пушкин, Лермонтовдон – Блок, Есенин, Ахматова, Маяковскийге чейинки; прозада Гоголь, Толстой, Достоевскийден – Бунин, Куприн, Шолоховго чейинки адабият бир жарым кылым  бою эч бир үзгүлтүк билбей, ички кудуретин зак чалбай, заманга үндөш тынымсыз өнүгүп отурган биртуташ улуу, чулу адабият. Дүйнөнүн башка бир да бир элдеринде кездешпеген керемет феномен.

Эмесе, дал ушул зор адабиятты, ушунча орошон дүйнөнү кыргыз адабияты, төтөн, «60чылар» атыккан мууну саналуу көз ирмем жылдарда жан дүйнөсүнө өздөштүрүп бүтүп койгон; өздөштүрүп бүтүп койбой анын алдыӊкы үлгүлөрүнө атаандаша улуттук кыртышта айжаркын чыгармаларды жаратышкан. Биз мында дүйнө акыл эсин ээлеп, бийлеп алган зор Айтматовду айтпай-ак коелу, – сап башында дал ушул Омокеӊдер, Рамистер турган жаӊы муун – бул таӊкаларлык иштин өтөлүнө таӊгажайып чыгып коюшкан. Бул ойду бир кыргыз эмес, кечээги Советтик Түркстан элдеринин бардыгына жайылтып айтсак болот.

Дүйнө элдери, айталы, Алдыӊкы Азия элдери, араб дүйнөсү, болбосо, агылчын тилин экинчи эне тилине эбак айлантып алган миллиард Индостан калкы, дагы башка миллион-миллиарддуу консерватор калктар 70 эмес, 700 жылдарда да мындай баш айланткан рухий бийиктикти багынтышкан эмес жана багынта да алышпайт. Анткени, андай отурук калктарда, ат үстүндө агылып чаап баратып ийинден чыга калган чычкандын башын жара аткан жаадай тез ыкчам менталитет калыптанган эмес!

Омокеӊдей кыргыз, же башка түрк дүйнө акындарынын эӊ кыска убакытта дүйнөлүк бийиктиктерге кулачы сунулуп, чыгармаларынын жалпы адамзаадалык маани-маӊызга каныгып калгандыгынын тарыхый-эстетикалык себеп-булагы ушуякта.

Эми, кайрылып биринчи ойго түшсөк болот – Омокеӊди ушул дүйнөлүк кеӊдикке сүрөп чыккан таман таянч элдик бешигине келсек, болот эми.

  1. ПОЭЗИЯ

Келсек: биринчи, Омор Султанов кайнаган турмуштун өзүнөн, кара кыргыздын көзүнөн төрөлүп-төгүлүп чыккан нагыз улуттук кыргыз акын. Бул касиет анын 1961-жылы жарык көргөн «Тоо күндөрү» ырлар жыйнагында эле ачык байкалган.

Бул тунгуч жыйнакка анча токтолуп отурбай анын өзгөчөлүгүн бир сөз менен айтсак, анда, биринчиден – турмушту өз көзү менен көрүү, өз бет алдынча аралашуунун алгачкы күчтүү илеби согуп турган, же, жеринде таптаган мүнүшкөрү өзү – Турмуш эле. Кайталангыс Канымгүл Досмамбетова эжебиз обонун чыгарып, алиге ооздон түшпөй ырдалып келаткан, уккан сайын ар бир кыргыз баласын дагы кыргызыраак кылып жиберген «Кыйылып турам» деген ырынын мисалында айтсак – жыйнактын башкы өзөгүн дал ушундай атамурас жылкыжыт ырлар түзөт. Бул тунгуч жыйнактын экинчи баасы, ал – жаш автордун Алыкулдун мектебинен каныгып өткөнүн каӊкуулап турганы эле. Бул айрыкча анын Көл жөнүндөгү ырларынан күчтүү байкалат:

Көлгө чөккөн алтын шуру сыяктуу

Көк асмандан көз ымдашат жылдыздар.

Мен да чөгүп кылымдардын түбүнө,

Жылдыз сымал көзүмдү ымдап тургум бар.

(«Каалоо»)

Көк түсү көктөн ырай талашкансыйт,

Көркүнө көбүк серпсе жарашкансыйт.

Сырлары кылымдарга жашырынган

Толкундар алда кайда тараткансыйт.

(«Кечинде»)

 

Жалтырап таш күзгүнүн сыныгындай

Бөлүнүп Ысык-Көлдөн турасыӊ да.

Кылгырып Ала-Тоолук сулуу кыздай

Уялып күн нурунан сынасыӊ да.

(«Кош – Кара-Көл»)

 

Көл жөнүндө жаш акынга мындан башка таптакыр өзгөчөлөнтүп айтыш  дегеле мүмкүн эместигин көрүп, билип турсаӊ да («Көк жашыл жүрөгүмдү кайда алпарам, Периштедей наристемди кайда катам» («Чарчоо» — 85) – өӊдүү Көл классикасы кийин жазылат) болбой эле бул ырлар Алыкулдун белгилүү саптарын эске салып туруп алат:

«Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,

Көрүнбөй тереӊинде жылтылдаган…»

«Көркүнө көктөн башка тартынбаган…»

«Уялчак кызды өпкөндөй сергийт көӊлүң»  ж.б. д.у.с.

Ушул эле китебинде жаш акындын Алыкулга сый, ызатын ачык билдирип алганы бар:

Мен сенден көптү  үйрөндүм, көптү билдим,

Өмүргө баалуу карап, шайыр жүрдүм.

Сезимим өз агамдай кабыл алды,

Сен мага акыл айтып түшүндүрдүӊ

(«А.Осмоновдун китебине»).

Ошол кездин басма сөзүн барактаган киши билет,  50-жж. ичинде кыргыз жаш акындары жайнап чыккан, алардын далайы Алыкулдун ичинде өлүп кетишти. Өӊгөнү койгондо, эмки Эл Баатыры Эралиевдин 1951-ж. чыккан «Тууган жер» жыйнагы элпек сүйүнбайыргакталып эле турганы болбосо, Алыкулдун кезектеги ыр китеби деп айткыдай эле. Алыкул таасири башкаларга ушунчалык таасын болчу! Омокеӊ да ушул мектепти учурунда мыкты жана анда кармалып калбай эрте өттү, өз жолуна бат түштү. Буга анын экинчи ыр жыйнагы – «Жылдыздуу түндөр» (1966) күбө.

Жыйнак дароо көзгө түштү. Учурундагы басма сөздө айтылган айрым жылуу пикирлерди эске албаганда акындын бул жыйнагы тууралуу адабиятчы, сынчылар жарытылуу ооз ачышпады. Шыр эле «Отузунчу станцияга» аттап өтүшөт. А чындыгында «Отузунчу станция» да, эркин ырлар да, кийинки арзуу лирикасы да дал ушул жылдыздуу жыйнактан чытырап чаянэмчек түйгөнү баамдалат. Айрыкча сүйүү лирикасы. Мындагы сүйүү ырлары нукура тазалыгы, алпейим чынчылдыгы, биографиялык дегидей ишенимдүүлүгү менен көӊүлдү өзүнө бурат. Кийин-кийин акын арзуу ырларынын алты катар асманына  калкып чыкканында «СЕН»ди тереӊден тербеп  турган ууз толкундар, ана, ушулар болот… Буга анан барабыз. Аа дейре жаралуу бирок сабырлуу жаштыктын үч учурун көз алдыга тарта туралы:

Түн кирсе асман тиктеп жылдыз санап,

Жалдырап олтурчу элем ойго батып.

Мына мен келдим бүгүн садагасы,

Сагынып жалгыз сени ойлоп атып.

(«Көп күттүм»)

Сагындым, бирок мени сагынбадыӊ,

Анымдан жүрөк кыйнар эрмек таптым.

Сүйүүдөн кордук көрүп ыйлап аттым,

Сүйбөйт деп, мен садага, таарынбадым.

(«Мен сүйдүм, бирок…»)

Сүйүүдө сабырдуу бол, адилет бол,

Чарпылсаӊ асыл сезим короочудай.

Айрылып сүйгөнүнөн калган адам

Кум чөлдө жок издеген жолоочудай.

(«Сүйүүдө сабырлуу бол»)

Жыйнакта салттуу ырлар менен катар үзөӊгү кагыш кеткен:

Актриссажылдыздары чачылган

Асман турат театрдай көшөгөсү ачылган! —

өӊдүү саптар өз кезеӊи үчүн жаӊы мезгилдин жалындуу демин кармап турган жаӊычыл, жанар эркин ырлар болгон. «Жаӊычыл» демекчи,  ушжерден адабиятка (улуттук маданияттын башка түрлөрүндөй эле) «алтымышынчылар» деп аркырап кирген  бир муундун ири өкүлү, эмки поэзия маршалы тууралуу арналуу бир сап айтпай кетсек, баян мүчүп калат.

Рамис!.. Аты Кудайдан жакшы түшүрүлгөн – Рамис! Акын Карбалас Бакировдун сөзү менен айтканда: «башаламан оңкочук аткан ырың Темиркулдун чачтарын тик тургузган» Рамис кыргыз поэзиясына куюндай Москванын демин алып кирген эле. Тунгуч! Ак ырды. Ошондо каадимден берки кара жер эски бучкактай тээ этекте калып, космоско куюгуп кеткен Ракеӊ менен удаалаш бул айдыӊга  аяк малган, улуттук поэзияга жаӊы масштабды алып кирген жаш автор – дал ушул Омокеӊ эле. Эркин поэзияга кайрылуу Омокеӊдин чыгармачылыгындагы өзгөчө этап.  Анткени, бул аны:

биринчиден,  Алыкулдун айылынан эртелеп бөлүнүп, узап, анын эпигону болуп калуудан сактады; ошол эле учурда Омокеӊди дал Алыкулчасынан өз жаратылышына, өз айылына, өз көлүнө, бир сөз менен айтканда, акындык өз жан дүйнөсүнө үӊүлтүп алып кирип, омордук мөөр басылган кайталангыс поэзиясына кеӊ дарбаза ачты;

экинчиден, бул дарбаза өз улуттук тереӊдигине гана эмес, сырткы кеӊирсиген аалам — дүйнөлүк поэзияга карай да түшүп, суналган жаӊы султановдук жолду ачты.

1968-жылы жарык көргөн үчүнчү жыйнак – «Отузунчу станция» дал ушул дарбазадан кубаттуу кагылган улут поэзия айдыӊын жаӊыртып, союздук  мейкинге сүрөп чыккан коӊгуроо доош жыйнак болду.

«Отузунчу станция» бийик поэзиянын бардык талабына  бар жагынан толук жооп берген бышкан жыйнак.  Мээнеткеч дыйкан ала жаз, аптаптуу жай бою бир тыным билбей тер төгүп, акыры, алтын күздө берекелүү түшүмүн жыйнап алып балкып-чалкып отургандай бактылуу жыйнак. «Алтымышынчылардын» арасынан балбылдап бөлүнүп турган. Бул жыйнак кыска өмүрдө артка бир кылчайып жан жашоого, мүлдө өмүргө, элге, журтка, өзүнө отчет берүү. Жыйнактагы ырлар,  поэманын өзү, адамды эрксиз ушул ойго салат. Бирок, эстеӊиз,  бул — али отуз жаш-отузунчу станциядан гана  берилип жаткан отчет эле. Алдыда, андагы биз — окурмандар үчүн да, автордун өзү үчүн да не алып-не коеру, экинчи 30 стансасы күтөрү-күтпөсү да белгисиз жаӊы өмүр, табышмактуу дүйнө жаткан… Андыктан, жыйнактагы ырлар акын өзү бир ырында:

Өрдөктөй күүгүм талаш көлгө конгон,

Белгисиз каяктандыр уйку келет,

деп карамыгып туруп айткандай. Бар менен Жоктун, Өлүк менен Тириктин, Жакшылык менен Жамандыктын, Сүйүү менен Жек көрүүнүн, Балбан турмуш менен Көр оокаттын, кыскасы, Уч менен Түптүн милте жигинде бул морт өмүрдү, аны менен эӊ алгач көрүшүп да, эӊ соӊку ирээт коштошуп да жаткандай, эӊ бир муӊайым да, салтанаттуу да ырдайт – омор султанаттуу!

Эгерде жазмыш буйруп, бир ырдын дүйнөлүк сынагы жарыяланып калар болсо, анда Пушкиндин атактуу «Я помню чудное мгновенье», же Лермонтовдун «Выхожу один я на дорогу», болбосо, Петрарка менен Шекспирдин кайсы гана сонеттери менен болбосун үзөӊгү кагыштырып, тайманбай жарышка салып ийүүгө жарамдуу, кеменгер тереӊдиктин жана гениалдуу жөнөкөйлүктүн нагыз үлгүсү, бир сөзүн же үтүрүн да  козгоого эч мүмкүн эмес «Кышындагы батар күн» элегиясы баштаган ырлар дал ушул улуу тунжурга  тунган ырлар.Жок, ыр эмес, тагдырдын сырдуу тамчылары. Мен ушул жерден сөзүм далилдүү болсун үчүн акын тереӊдигинин, чеберлигинин көрүнөө үлгүсү ушул Бир Ырды болушунча кеӊири талдай кетүүнү эп көрөм — лирикалык образдын мүлдө кыймыл-эволюциясы окурман көз алдында даана турсун үчүн…

а. «Кышындагы батар күн»

Бул ыр мага Морис Равелдин атактуу «Болеросун» эске салат.

Болеро… Тээ жердин жети катмар тереӊинен тебилип-сызылып чыгып, алсыз шоорат кагып, мына-мына тутанганы-тутанганы барып, жок, кайрадан тереӊинен бир бүлбүл  күч демеп, үлбүл жанып, улам күчөп демденип, улам жаӊшанып жанарланып, сапар арытып, кыйыр карытып, Түптөн түрүлүп Учка созулуп кылкылдап-калкылдап бара жаткан улуу кербендух. Акыры токтоор жери барчылап, бүтөр чеги алсырап, камчылап(!), жетип-жетип… толуп-толуп… болуп… соӊунда, ал – жарылат. Улуу жарылат!.. Жаӊырат. Кайрадан дүйнөлүк бүтпөс сапарын улаш үчүн – Чексиздикке!

Омор элегиясы дал ушул Болеро сыяк, тек, терс кайрыктагы… Мында да эӊ биринчи саптан башталган ой-кыймыл улам күчөп күүгө келип, кемелденип, образ бир абалдан экинчи абалга оодарылып, тынымсыз калчанып отурат – мында да чексиздик беттеп, тек, өлүм Чексиздигине…

Ана, ушул кыймылды ээрчип көрөлү.

Кышындагы батар күндү карасаӊ

Алсыз нуру зеригүүнү туудурат.

Тагдырына моюн сунган дарактар

Жалбыраксыз томсорушат куудурап.

 

Көрүнүш биринчи эле кадамында ушунча суз жана аргасыз. Жан жашоо эӊ соӊку демин ала катып калган. Баары өчүүгө бет алган. Жалгыз гана Аалам чегинен чаалыга араӊ жеткен зериктирме нур тирүүлүктөн алсыз шоорат кагат. Лирикалык образ эми кайда агат?..

Кышындагы батар күндү карасаӊ

Муздак булут болор-болбос кызарат.

Тептегерек күндү чала кызытып,

Кимдир бирөө балка чаап узанат.

Мында «Мезгилдин» образы керемет ачылган. Бир калыпта «зыӊ-ӊ-зыӊӊ» согулган балка  үнүндө чала кызытылган сууган Күн тегеренип-тегеренип түпсүз кургуйга кулап баратыры… Кыймыл – Акырга!

Кышындагы батар күндү карасаӊ

Жайдагыдай ак булуттар жошулбай,

Кароолонуп өчүп калат дайынсыз

Тартып бүткөн тамекинин отундай.

 А биерде баярак эле болор-болбос өлүмсөк кызарып турган муздак булут да эми кароолонуп биротоло өчүп калган, «тартып бүткөн тамекинин отундай». Кыймыл – Өлүмгө!

Кышындагы батар күндү карасаӊ

Унут калган учурларды эстейсиӊ.

Ушул тоолор, ушул жылган булуттар

Сени узатып келатканын сезбейсиӊ.

 Жапан жазуучусу Рюноскэ Акутагаванын «Акыркы көз караш» деген укумдай эссеси бар. Мында, ал: «Мына-мына, азыр…» деп өз жанын өзү кыйганы турган адамдын көз алдында Дүйнө ушунчалык сонуркатып, адеми кооз сулуу эле дейт. Анткени ал аны эӊ акыркы ирээт коштошуп карап турган…

Ырдын бул куплети да буга чейинки кош-беш ойлорду мүлдө жыйынтыктап, жалпылап, бул жашоодо «билип-билбей кылгандарыңды» көз алдыӊдан сыдырып, ана, ушул күн менен кошо сенин да биротоло көчөрүӊдү, сенин да түбөлүккө өчөрүӊдү, бир берилген бул өмүр ушул улуу Табийгат менен жалаӊ гана коштошуудан турганын, эми, жан чыӊыртып сездирет. Акындын да бир ырында – «Чалдын монологунда» ырдалгандай:

Турмуш мен сени ойлочу элем сүйгөнүм деп,

Бирок сен мени аябай картайтып, үйүӊдөн

аста узатып чыгардыӊ да,

Түбөлүккө өзүӊ жаш күчтүү бойдон кала бердиӊ… — «Дүйнө».

Бирок ырдын философиясы муну менен бүтпөйт, «кышындагы батар күндүн» образы муну менен жыйынтыкталбайт, жалпыланбайт. Күтүүсүз буйгат жол ачылат.

Кышындагы батар күндү карасаӊ,

Айрылуунун белгилерин көрөсүӊ.

Бирок дагы коштошуу жок күн менен

Сен кайрадан жолугуша бересиӊ.

 Ооба, дал ушул жерден буга дейре алсырап, кансырап, жан сурап(!) Өлүм шатысы ылдый кургуйга кулап бараткан кубаары Дүйнө, эми күтүүсүз, тынымсыз-тынымсыз чыйралып-чыӊалып барган терс кайрыгынан чарт жанат; жанат да, капыс оӊ чертилип жиберет, кудум «Болеродой» – жан-жашоону, өмүрдү салтанаттаган. Ыр эми буга чейинки жеткен мүлдө маңыз-мазмунун кайра өзгөртүп («коштошуу» эмес – «жаңыруу»; «жоголуу» эмес – «табылуу»!), сенин да күдөрсүз тереңиңди Күндөй (жаңы аткан!) жаркытып жиберет. Ооба, Күн менен эч качан «айрылуу» жок экен, тек, мезгилдүү гана «коштошуу» бар, эртеӊ таӊда кайрадан жаӊырып табышуу үчүн, жалындап башталуу үчүн – Болеродой!

Мынчалык кереӊ тереӊдикти мынчалык чебер жөнөкөйлүктө ырдап бериш кыйын. Өтө кыйын. Бул – тубаса акындын гана колунан келчү иш.

Бул ыр – классика. Дүйнөлүк кай-кай классиктердин кайсы гана ыры менен болбосун дүйнөлүк жарышка салып ийүүгө жарамдуу…

б. Элик

Мынча болду, жалкы калбасын, поэзиядагы лирикалык образдын миӊ кыр-бир сырдуулугуна, символдун сыйымдуулугуна шилтек берген акындын дагы Бир Ырына, эми учкай, баам сала кетели. Ыр – «Элик» деп аталат. Үзүндү.

Айлана коогаланып кулак түрөт,

Айылдан өчүп-жанып жарык күйөт.

Адырдын ар жагында карагайда

Адашып келген аксак элик жүрөт.

 

Түн агып кирип келет суудай шардап,

Түнөөгө жан-жаныбар түнөк камдап.

Эликти эки ай мурда чаабыйы өлгөн,

Ээрчитип келген мында үмүт алдап.

 

…Корголоп шагы айрылган балатыга,

Көзү окшоп кудум адам баласына.

Элеӊдейт эси чыгып аксак элик

Эки айлык өлгөн чаабый санаасында.

 

Аны аткан мерген үйдө оокат кылып,

Атынын ээрин алып, терин кырып…

Ээрчиген эки жашар баласына

Эзилет, улам карайт ичи жылып.

 

Бул эмне деген салыштыруу, эмне деген параллель;

эмне деген ый-кубаныч;

эмне деген кишилик – айбандык (же айбандык кишиликпи?);

эмне деген коогалаӊ жана жай турмуш:

шагы айрылган балаты – чаабыйынан айрылган элик;

киши көздүү жалоору элик – баласына эзилген мерген;

эки жашар чаарчык тон бала – эки ай мурда атылган чаабый;

айбан, адамдагы бирдей Үмүт…

Биз дүйнөнү кайсы көз менен  (же бет менен!) карап турубуз? Кайсынысы ак, чын?!.

Мындай суроону Акын өзү гана кое алат жана ага Жоопту да өзү гана берет. Каймана айтат. АКЫН!

Мындай дүйнө төгөрөк сыйган тамчы ырларга жыйнактагы «Добул болордун алдында», «Койчунун түнү», «Алтын Күнгөй», «Ошондо тоолор бизге көзүн салып», «Кайда жүрсөм жанымдасыӊ»,  «Айыл сүрөттөрү», «Жамгырлар», «Абышкалар» жана «Отузунчу станция» поэмасынын өзүн кошууга болот. Булар жыйнактагы кадимки салттуу формада жазылган, тереӊ, турмуштук философиялык ырлар.

Жыйнактын экинчи бөлүгүн эркин, ак ырлар түзөт. Жыйнактын баалуулугун дагы да арттырган – дал ушул эркин поэзия. Бул жыйнак ошол кездери «акындарга үч суроо» салынып («кыргызга «ак ыр» керекпи же керек эмеспи?» деген) адабият майданын ата мекен согушундай эле кызытып жиберген улуттук зор талашка дал ошол жаӊы поэзиянын өзү аркылуу дадил жооп болгон. Чынында, кеп мында – поэзиядагы жаӊы форма эле эмес, ошол жаӊы форма аркылуу улут жашоосуна ургундай агылып кирген жаӊы дүйнөлүк кеӊдик, тездик, учкулдук, жаӊы философия тууралуу жүрүп жаткан. Уитмендин, Мистралдын, Неруданын, Верхарндын, Аполлинердин, Элюардын, Хикметтин, Межелайтистин ж.б. жаӊы формага эриштелип өткөн жаӊы мазмундуу, кубаттуу духун улут поэзия айдыӊына агызып буруп келүүдө турган. Сап башында Рыскулов, Эралиев, Тургумбаев, кийинкилерден Муканов, Карагулова, Акматбекова, Токтомушевдер турган жигердүү ага-ини муун акыры жаӊы поэзияны кыргыз кыртышына байырлатып тынышты. Мындагы артыкча орун, да кайталайлы, эркин, ак ыр формасын тээ «Жылдыздуу түндөрдө» эле үйрөнчүк басып өтүп, эми «Отузунчу станция» жыйнагында жете өздөштүрүп, аны «улуттук классикалык» дегидей даражада ийине жеткире иштеп салган дал бүгүнкү маараке ээси – Омокеӊе таандык!

Ушинтип, Омокеӊдин кыргыз поэзия айдыӊына калтырган кайталангыс да бир изи-барагы  – анын эркин ырлар жаатында арналуу сөз улоонун да кезеги келип жетти (эскертип алабыз, биз мында «эркин ыр», «ак ыр», «верлибр» деген аталыштар алдында  берилген алардын ички өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп салбайбыз, жалпы айтабыз.). Чынында, «эркин ыр» же «ак ыр» дейлиби, болбосо, батыш башатына багып «верлибр» атайлыбы, бул тууралуу сергек окурман журтун кой, алтургай, кыбыр эткенден  кылт айырма издеп, теория түзүп, термин жасап жиберүүгө маш адабиятчы, сынчыларды мындай сал, «ак ыр» же «көк ырды» көктөтүп жазып ийишкен акындардын өзүлөрү да  маӊөөдүр-даӊөөдүр көз карашта жүрүшөт, али (арийне, бул тизимде «ак» да, «көк» да ырлардан  артылып, чыдабай кетип «чаар» ырларды жазып ийген поэзия эркеси, генералиссимус Рамис жок!)

Ырас эле, бу не? Кандай кубулуш өзү? Буга анык жоопту түздөн түз практика же акындын чыгармачылыгы өзү берет. Акылдуу теория түзүп, билимдүү схемага камтып айтып берүү мүмкүн эмес. Агылып жаткан жандуу, тирүү турмушту жан азабына жууруп туруп гана, жан казабынан шырылдатып сууруп туруп гана жалындуу типтирүү ырдын өзү менен Акын жооп берет! Омокеӊдин эркин ырлары дал ошондой кайдадыр кайып сызып, тайгаланып бараткан табышмак дүйнө капыс ирмеминде калам учуна илинип кеткен — карлыгач ырлар. Омордук мөөр басылган, б.а. формасыз ырдын формасын акындын өзүнүн абалы аныктайт; табият деми – акын стихиясы бир ширелишип кеткен мөрт аныктайт. Чагылган ырдын өзү! Салыштыра айтсак, эсеби, салттуу ырда не сап муунун толуктап, не уйкаштык күүсүн улай кандайдыр экинчи сөз эптелип, же жардамчы каражат керектелип кетсе, чыныгы эркин ырда андай болбойт, же мында – аптеканын тараза ташындай тактык бар. Ар бир сөз өз кызматында, ар бир муун өз ыргагында гана турат, ашык, кемсиз. Эркин ырды каалагандай ээлентип, сабын каалаган жерден сындырып, муунун бүгүлгөн жерден бүлүндүрүп кете берсе болот деген ой – жаӊылыш ой! Эркин ырдын мындай чыпалак тийгизишке мүмкүн эмес чыныгы иштелип бүткөн үлгүлөрүн Омокеӊ дал ушул «Отузунчу станция» жыйнагында берген жана кийинки «Чарчоонун жүзүнчү ыры» поэтикалык циклинде бүткөрө жыйынтыктаган.

Эркин ыр жайында айтылган бул ойлор кургак калбасын үчүн «Отузунчу станциядан» бир ырды толук мисалдай кетели.

Мен күттүм Лермонтов аянтында

Кызыл гүлүм бар болчу колумда да.

Адамдар өтүп барат:

Бир-биринен жадаган эрди-катын

Кадамдарын эсептеп

каалгышат.

Алар мени карашат

мен карабайм.

Марилина!

Неге сен келген жоксуӊ?

Автобус токтой турган жайдан күттүм.

Кайра-кайра ырдалган ырларга окшоп

Автобустар өтүп жатты ойлор шыкап ичине.

Фонтандар да атып жатты сыр чыгарган кишиче.

Мен аларды карап турдум.

Марилина,

Келем деп келген жоксуӊ.

Эльбруска эӊ акыркы нурун таштап

күн кетти. Күтө бердим.

Радио зыӊылдап ырдап кирди:

«Тбилисим, Тбилисим менин!»

Кыӊылдап мен ичимден ырдап келем:

«Марилинам, Марилинам менин!»

Келем деп келген жоксуӊ…

…Суу ичип

автоматтан

бир стакан

киного кетип калдым Марилина!

 Бул, эркин ыр – эрксиз буйлаланган калып.

Мындай жазгы эскен желдей айдарым маанай акындын Париж ырларында айрыкча таамай. Алар атактуу француз акыны Поль Элюардын жүрөктөн бир төгүлүп кеткен импровизацияларын эске салат.

«Чарчоонун жүзүнчү ыры» поэтикалык цикли жана соңку жыйнактары «Отузунчу станциянын» демин уланткан, автордун кыргыз улуттук поэзиясын формалык да, мазмундук да жактан жаӊы деӊгээлге аргытып чыккан китептер болду. Сүрөткер чыныгы устаттыктын (мастерликтин) сересине  көтөрүлгөн кезде ал эмне жөнүндө гана жазбасын, эски-жаӊы формаларга кайрылбасын, чоӊ-кичи темаларга урунбасын, анда «арыстандын изи» ачык түшкөн личносттук деӊгээли дайым турат.

Бая, Омор Султановду кыргыздын өз кыртышынан өнүп чыккан нагыз улуттук акын деген элек. Эми ушуга учкай тыналы. Омокеӊдеги ушул касиет, ал кандай гана формаларды колдонбосун, улуттук, не эл аралык темаларды ырдабасын – аларды кыргыз рухуна чайыйт, кыргыздын дилинде, тилинде гана айтууга мүмкүн болгон образдары, ой туюнтмалары айкараӊгысында оморкыргыз омогун таанытып турат:

Отелде, Париждин чет жагында

ал түнү уктап жатсам

уйкуну сүттөй жутуп

Ала-Тоом түшкө кирди.

Дагы:

Эӊ көп эле иштей турган иштер

кетишти алар

Кайберендей оттоогунан кайтышкан.

Эми ордуна келбейт эч бир…

Дагы:

Коркуунун байкөбөгү салп-салп учуп

Баягы кылгандарыӊ келди куушуп…

Дагы:

Жаз келет, түндүккө да сөзсүз келет.

Жылгада жаткан карлар

Бугудай жараатынан айыккан туруп кетет.

Дагы:

Текечерлер күүлөп үйүр талашат

Кадамакчы кадагандай кадашат.

Дагы:

Төгүлөт сагынычым мөмө болуп

Көрүнөт сагынычым чөптөй соолуп

Сызылтып ышкырынам эртели-кеч

Уяда жаткан ооруу улар болуп.

Дагы:

Тердеп келип сууган аттай калтырап,

Жалбыракта музу эрибей тал турат.

 Дагы:

Дүнүйө тунуп калды бейпилдикте

Тынчтыктан жарылчудай кулак тунат.

Коктуда жашыл майдан мейкиндикте,

Жапжалгыз түтүн булап боз үй турат.

Дагы:

Бышкырып суулуктарын шылдырата,

Бедени күрт-күрт чайнап аттар чалып.

Турушат үргүлөшүп таӊ атканда

Жаш беде азууларын камап калып.

 

Мал таӊда чыгар күнгө утур басат,

Козу, улак ууз ээмп чопулдатып.

Эшектер айкырышып учурашат

Үстүндө минген ээсин солкулдатып.

 Омор Султановдун не салттуу, не эркин формада жазылган, не улуттук, не жалпы адамзаттык темаларга арналган болсун, поэзиясынан – заман менен дайыма үзөнгүлөш жүргөн, доор күрөөсүн кармаган, планетардык масштабда ойлонгон-толгонгон чабыттууэпик, чеберлирик Художник-Гражданиндин бейнеси таасын тартылат.

Омор Султановдун ысымы, тушунда, Совет поэзиясынын ири өкүлдөрү Андрей Вознесенский, Евгений Евтушенко, Бэла Ахмадулина, Олжас Сулайманов, Юстинас Марцинкявичус сыяктуу акындардын сабында бирге аталып, «алтымышынчылардын» катарында кыргыз жылдызын балбылдатып жандырып турушу мезгилдин ага берген адилет баасы болгон. Мындай сыртка чыгып кыргыз элинин улуттук намысын коргоо, адабиятыбыздын орденсиз сыйлыгы да, сыймыгы да болуу – короодон эч чыга албай койгон үйдөгү койкоң баатырлардын тагдырына жазылган эмес. АКЫНДЫН бактысы да, артыкчылыгы да ушунда.

Омокеӊдин поэзиясындагы эӊ бир айжаркын барак – бул арзуу лирикасы. Арзуу ыр — акындын анык ички күзгүсү болот. Анткени чыныгы поэзияда жалган жасалмалуулук деген болбойт. Чыныгы сүйүү да дал ошондой – ал БАР же ЖОК. Арасат абал жок мында. Сүйүүдө жалган айтууга эч мүмкүн эмес. Арийне, эки ортодо сүйүүсымак абал да жашайт. Бирок бул, акындын өзүнүн бир сабы менен айтканда, «балыктын мала, шүйшүн, мээлүүн, өлүмсөк канына» окшош алдамчы, иллюзия абал. Сүйүүнү мала шүйшүн шүйшүнүп эмес, кыпкызыл оттой жалындап, чоктой чачырап, чак түшкү Күндүн Жерге бир үзүлүп түшкөн сыныгындай жанкуурал азабына азаланып да, жанжыргал кумарына жазаланып да ырдап берет, ыйлап берет. Акындын арзуу ырлары, анын анабашы «Сен жөнүндө поэмасы» ушундай, анын сүйүүнүн чыныгы гимнине айланып калганы ошол. Сүйүүгө чындап кабылган жан өзүнө чейин сүйүүнү эч ким мынчалык билелектей, эч ким мынчалык элжиреп сүйөлектей, бу зор Аалам экөөнүн энчисине гана жаратылып калгандай, бу карт Дүйнө  экөөнү жолуктуруш үчүн гана  кыйрап кетпей эмкиге эсен келгендей сезет – өзүлөрүн! Омокеӊдин ырларында дал ушул дем, ушул ишеним, ушул кубат, ушул биринчилик! Бул – эӊ таза, эӊ изги, ички маанай балапан куштун уяӊ саӊоорундай дирилдеп алгачкы ыр «Унутпадымда» эле уялап жаткан:

…Убакыт суудай акты унутпадым,

Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүӊдү.

Ал түнү айта бердим жетине албай

Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди.

 

Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар

Жүрөктө сагынчыма карашкансып.

Негедир канаттуулар учуп өтсө,

Сезилет сени көздөй бараткансып.

 Бул ыр – тунгучтардын тунгуч гимни сыяктуу эле. Дагы эле кыргыздын кадыртүндөй кайран кызы Канымгүл Досмамбетованын кайталангыс абанында ыргалган, биринчи сүйүүнү биринчи жолу экөө гана баштарынан биринчи жолу кечиришкен эчен кыргыз муунунун элжирешкен Жан Гимни. Чыныгы сезим ушундай – Акын сызылтып төккөн…

Жапан сүрөтчүсү улуу Хокусайдын «Фудзинин 360 көрүнүшүн» тартканы бар. Анда бир жылдын 360 күнүндөй Фудзи тоонун түрлөнгөн абалы – таӊда, кечте; кышта, жазда. Бирде улуу жан жашоону, бар тирликти боюна алып башкы фондо калкылдап көрүнсө, бирде көр тирликтин көшөгөсү чулгап, тээ түп бучкакка кылкылдап тунат, бүлбүл турат. 360 түрлүү Фудзи… «Сен жөнүндө поэма» да ушул сыяк. Бир сүйүүнүн бир жыл 360 күнүндө 360… жок, 3600 түрлүү жан калчаңган абал, маанай – Улуу Сүйүү, Фудзи Ааламда… Эмесе, мен биерде поэманын «эӊ белгилүү» эмес «эӊ белгисиз» дегидей, демейки эле ырларынан бирди мисалдай кетейин:

Төбөдө асман көмкөрүлүп капкара

Бойдон бошоп кеч күз жатты талаада.

Тоодон түшүп келе жаткам көйнөкчөн

Кар аралаш жамгыр жаады аӊгыча.

 

Шыргалаӊдуу шамал жүрүп аркырап

Кар аралаш жамгыр төктү шаркырап.

Эндей талаа, же бир жай жок корголоор,

Тишим тишке тийбей үшүйм калтырап.

 

Айлам куруп келе жаткан кезимде

Андай олжо келе бербейт эч кимге.

Жар алдында тырс-тырс учуп чогу ыргып,

Күйүп турат жалын созгон кемеге.

 

Ыраазы болуп бул буйрукка тирүү жан

Мен өзүмчө бир купуя ой кылгам:

Ушул оттой маа кезиккен сен элеӊ

Табыӊ менен жашоого үндөп жылыткан.

 Үзүп-бөлүп берүүгө мүмкүн эмес ушул жөпжөнөкөй, бирок сүрөттөлүп жаткан табийгаттын өзүндөй таптаза мөлдүр бул ырды кармап турган башкы өзөк, аяккы бир деталь – ошол «от табындай» түбөлүк жылытып келген дем.

Экинчи учурда, бул «от»:

Ошондо өрттү көрсөӊ күйүп-жанган,

Суу көрсөӊ аӊтарылып агып жаткан,

Жер көрсөӊ тереӊдерден титиреген,

Куш көрсөӊ жалгыз учуп бара жаткан;

 

Күн көрсөӊ көз жаш төгүп ыйлап турган,

Түн көрсөӊ көөдөй кара, ит улуган,

От көрсөӊ жалгыз күйгөн тоо башынан,

Жапжалгыз кайык көрсөӊ толкун урган;

 

Анан да буюм көрсөӊ кыйрап, сынган,

Бак көрсөӊ бороон уруп, шагы сынган.

Ошонун баарын мен деп биле бергин,

Көзүӊө көрүнгөндүн баары менмин

Жалдырап сени тилсиз карап турган, —

 

деп кара түндөй жылчык калтырбай, бар жагыӊан куушуруп кысып, токсон тогуз жагыӊан тороп, тозоктой камап туруп алат, бу Фудзи Аалам…

Үчүнчү бир ыр кадимки эле согуш ветерандарына арналгандай. Бирок…

… Кыйналдыӊар жакшы өмүрдү сүрүү үчүн,

Кыйкырдыӊар Сталин деп күнү-түн,

Мавзолейден аны сүйрөп салышты,

Андай болсо жан бердиӊер ким үчүн?

 

Атам калды Сталинградда көмүлүп,

Арман ырын жолдош кылдым өмүрлүк.

Атам үчүн келчи бүгүн жыргайлы,

Ширеси агып турсун сүйүү төгүлүп, —

 

деп күтүлбөгөн жерден күтүүсүз жыйынтык чыгарып, атасы үчүн баласы сүйүп алгысы бар армандуу түтпөс сезимди аргасыз ырда чыӊырып жиберет! Бул дагы «Фудзинин» бир көрүнүшү…

Кайталангыс!

Ооба, кайталангыс… Бирок таӊгаларлыктай түрдө, ар кимдин керт башына гана таандыктай, кайталангыстай ошол жеке тагдыр-окуя, сүйүүгө келгенде, кандайдыр жалпыланып кетет. Андыктан, чыныгы сүйүү ар бир жолу акыркы, соӊку да; ошол эле учурда байыркы, көӊкү. Ар бир жолу алгач ирэт ырдалып жаткан жаш сүйүү – эрксиз эӊ эски Улуу Баянга окшоп калат: Хафизге, Низамиге, Навоиге, Барпыга, Петраркага, Фетке, Есенинге, Нерудага…

Есенин демекчи, оруста: эгерде ал баш-аягы 16 ырды камтыган атактуу «Парсы кайрыктарынан” башка бир да чыгармасын жазбай калган күндө да ал жалгыз ушул арзуу ырлары менен эле орус адабиятында түбөлүк калмак деген учкул ой айтылат. Анда Омокеӊдин жүздөн ашык шыӊгыр лириканы камтып турган, толкуган «Сен жөнүндө поэма» деңизи тууралуу эмнени айтууга болот?!.

«Сен жөнүндө поэма» – бул, Омор Султановду дүйнөлүк арзуу ырларынын дулдулдарынын катарына кошот!

«Сен жөнүндө поэма» – бул, кыргыз поэзиясынын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы!

  1. ПРОЗА

 Кезектүү дүйнө…

Мына эми бизге да Асмандан Жерге, романтикадан турмушка, поэзиядан прозага түшөр кез келди. Омор Султановдун прозасына.

Омокеӊ өмүрүндө бир повесть жазды (акыркы авторлош жазылган детектив романдары жөнүндө сөз башка). Повесть тууралуу  учурунда жылуу сөздөр айтылганы менен, жалпысынан, Айтматов таасиринде жаралган чыгармалардын бири катары (а кездеги башка жаш жазуучулардын көпчүлүгүнүн чыгармаларындай эле) бааланган бойдон калып кетти. Бирок, бул жакта, мезгил бийигинен карай келсек, айтыла турган башка да кеп чыгат.

Арийне, тушунда Айтматовдун өзүнөн кийинки муундагы жаш жазуучуларга тийгизген таасири тангыс факт. Кур эле дегенде, жалпы контуру али ачыктала элек, бирок көӊүл түпкүрүндө чукуранып сыртка чыга албай тумчугуп жүргөн ойлорун тутантып жибермеги турулуу эле. Анткени, турмуш өзү окшош эле. Согуш учурундагы оор турмуш, ооруктун миӊ кыл түйшүгү, кан күйгөн майданга кылчайбай аттанган  кырчындай уулдар, мөгдөгөн кары, жетим бала, жаш жесир… баары, баары окшош эле. Согуш окшоштуруп салган тагдырлар –жалпы эле (айтмакчы, Айтматовдун кийинки «Эрте жаздагы турналар» повестиндеги десант сокочу балдардын жашоосу алардан иткөйнөктү мурда жырткан дал ушул Омокеӊдин сокочу балдарынын изин кайталайт. Бул да таасир – турмуш-адабияттан чыккан…). Демек, «таасирдин», т.а. окшоштуктун түпкү себеби турмуштун өзүндө жаткан. Анан, арийне, ошол турмуш агымын, адам тагдырларын бийик көркөм жалпылыкка өстүрүп, улуттук-дүйнөлүк  рухий кенчке айлантып салган айтматовдук роль турулуу. Ушул жерден белгилүү жазуучу Мар Байжиевдин бир айтканын эстей кетүү орундуу. Интервьюларынын биринде ал: «Биз эмне жөнүндө, кандай жазсак да, болбой эле акыры айланып келип Айтматовдун алкагында калчу болдук. Маселен, мен Айтматовдун «Ак кемесин» окуган эӊ акыркы  окурмандын бири болсом керек. Анткени, ошол тушта жаратылышка байланышкан жаӊы чыгармамдын үстүндө иштеп жүргөм («Кожожаш» киноповестин айтууда – Ч.Ө.). Өзүмкүн жазып болуп, андан кийин «Ак кемени» окуп көрсөм, баягы кызык — кайра эле Айтматовго окшоп калыпмын. Арга жок, кай бир жерлерин кыскартып, же кайра оӊдоп жазышка туура келди».

Ооба, окшош турмуш чындыгын окшобос зор көркөм дөөлөткө айлантып салган Айтматов чыгармаларын окуп таасирленсеӊ да, жаки, окубай-ак ошол турмуштун көзүнө чөмүлсөӊ да болбой эле баары бир өзүнүн айтматовдук тамга-бечетин басып, өз короосуна чубуртуп киргизип алган (мында айтматовчул көшөкөр сынчылардын да «салымы» зор) кезеӊ болду. Биз муну менен Айтматовдун баасын төмөндөтөлү дегенибиз жок, Ал – кебелгис. Айтматовдун көлөкөсүндө алиге жөнсүз катырылып калган кай бир автор, чыгармаларга өзүнө тиешелүү баасы эртедир-кечтир берилиши керек  деген ойду айткыбыз бар. Ушул ойду  бышыктоого Омор Султановдун айтылып жаткан повести да эӊ сонун жем таштайт.

Арийне, Омокеӊдин повестинде Айтматов чыгармаларын, т.а. «Жамийла», айрыкча «Саманчынын жолу» повестинин кай бир кайрыктарын эске салган жагдайлар бар. Маселен, Айтматовдогу Жер Эне менен Толгонайдын диалогу – Султановдогу Көл менен Календердин диалогуна; гүл сүйгөн Алиман – ыр сүйгөн Ажарга; Толгонай менен ууру Жекшенкулдун аялынын жаакташуусу – Ажар менен Калипанын акыйына; Мырзакул – Сатыбалды тагдырлары; үрөн урдоо, сармерден сценалары; Алиман менен кайниси Жайнак (же Жамийла менен Сейит) – Ажар менен кайниси Календерге окшойт, үндөшөт. Алтургай автор өзү да мындай окшоштуктардан качпай (анын үстүнѳ турмуш өзү да окшош эле дедик), кайра тескерисинче, ошондой окшош заман-жашоодон, окшош тагдырлардан ѳз алдынча – автордук-омордук жыйынтык чыгаруу үчүн ат тизгинин атайлап айтматовкоруктун айланасына бош агытып да койгонсуйт. Атайлап… Окурман өзү салыштыра карап, өз бетинче жыйынтык чыгарып алсын үчүн…

Ушул жерден мен Айтматов – Султанов сабакташтыгын (же, эместигин!) ачыктап алыш үчүн жанаша чоӊ адабиятка кайрылгым бар – Толстой жана Шолоховго. Тагыраак айтканда, Толстой-Айтматов жана Шолохов-Султанов жалпылыгына. Арийне, Шолохов жанында Оморду оозаныш кыйла кишилердин мыйыгына  дароо күлкү чакырышы ыктымал. Чыдамсыз андай окурманыма: кеп, бир роман-эпопея жана бир чакан повесть көлөмүндө эмес, – Деӊиз жана Тамчынын окшош табиятында, бир Суулук тагдырында, Чычкыӊызды баса туруӊуз демекмин.

Ошентип, орустун эки дөөсүнө келсек, эсеби, зор Толстой «Кажы Мурат» менен бүткөн жерден экинчи залкар  Шолохов башталат – өзүнүн керемет «Дон аӊгемелери» менен. Ооба, «Дон аӊгемелери» менен, кийин атактуу «Тынч Донго» өсүп чыккан.

Тажабай эмгектенип, ноюбай изденип, өзүн тынымсыз жерип, улам бир ашуудан экинчи калкагарга канат сермеп олтурган Толстойдун өмүр бою аӊсаганы бир эле нерсе болгон — жөнөкөйлүк. Турмуштун дал өзүндөй жөнөкөй жазуу. «Ой, акылдуусунбай этпей, асман-ай чапчып морал окубай, түптүз, жөпжөнөкөй («а мужики, мужики-то как просто умирают, а…». Оленин, «Казаки»), кадимки дыйкан кара жерди кандай каӊтарса, дал ошондой эле табигый жазыш керек  да чыгарманы деген ал, кийин чыдабай кетип, М.Пришвиндин сөзү менен айтканда: «өзү колуна буурусун алып дүкүлдөтүп жер айдап кирген». Анын ошол «жер айдаган» чыгармасы эӊ соӊку жазылган жөпжөнөкөй жана гениалдуу «Кажы Мурат» повести болду. Дагы айталы, Толстой дал «Кажы Мурат» менен бүткөн жерден Шолохов «Дон аӊгемелери» менен башталып кеткен…

Мен биерде, бир караганда кыргыз адабиятына анчейин тиешесиздей болгон маселени эмне үчүн мисалдап отурамын. Көрсө, тиешеси бар экен. Кыргыз залкары Чынгыз Айтматов менен, кезинде анын көлөкөсүндө убактылуу (кайталайм, убактылуу!) калып кетишкен кийинки не бир таланттуу жазуучулардын, анын ичинде ушул Омокеӊдин Айтматов таасиринде каралып жүргөн «Ак Жол, Көк Асман» өӊдүү чыгармаларынын чыныгы баасын-баркын аныктап-ачыктап алыш үчүн керек экен. Эсеби, Айтматовдун да чыгармачыл табияты дүӊүнөн Толстойго окшой кетет. Толстойдун ар бир чоӊ-кичине каармандары, мейли, Андрей Болконский же Пьер Безухов, Наташа Ростова же Анна Каренина, болбосо, жаш Оленин же карт Сергий ата болобу, ар биринде акылгөй, моралчы Толстой чалдын пенделик-сүрөткерлик жекелик мөөрү дайыма айкын басылып турат. Ар бир каарманынын жан дүйнө, ой жүгүртүүсү соӊунан «алыскы» же «жакынкы» гениалдуу бир чоӊ сакал чалдын рухий зор портрети таанылып турат. Айтматовдо да негизинен ушундай, ал да өзүнүн каармандарынын дүйнөсүнө бир чоӊ Адамдын — Айтматовдун жан дүйнөсүн ченем чактап үлөштүрүп-бөлүштүрүп салган. Арийне, биринде аз, экинчисинде арбын; биринде айкын, экинчисинде күӊгүрт. Кыскасы, чыгармада, мейли ал Толстой же Айтматов болобу, автордук идеал дайыма айкын турат.

Ал эми Шолоховдо дал ушуган тетирисинче, автордук идеал «жок» деп айтарлык деӊгээлге чейин жоготулган, көрүнбөйт. Мында бардык азабы-казабы менен кара турмуштун өзү гана калкылдап биринчи планга чыккан. Же, турмуш өзү – идеал. Б.а. автордук белгилүү субъективизмди турмуштук бейдарек объективизм (авторго баш ийбестей!) мүлдө сүрүп кеткен. Эки эпопеянын – «Согуш жана Тынчтык» менен «Тынч Дондун» байтүп ажырымы да, «Кажы Мурат» менен «Дон аӊгемелеринин» байымдуу жалпылыгы да ушул жакта катылган. Дал ушунусу сыӊары автордук субъект мөөрү дайыма айкын турган Айтматов роман, повесттери менен автору дээрлик көрүнбөй турмуш-объектте эрип, кара турмуштун өзү гана өз тилинде объективдүү деталдуу сүйлөп калган Омокеӊдин «Ак Жол, Көк Асман» повести жана алиге Айтматовдун көлөӊкөсүндө калып келе жаткан соӊку таланттуу жазуучулардын (ириде, кыргыз Чехов-Хэмингуэйи – муӊайым кайран Мурза Гапаров!) мыкты чыгармаларынын түпкү ажырымы ушул жакта.

Демек, кыргыз адабий сынынын  алгы милдети – Айтматов жана соӊ муун жазуучулардын «Жамийла-Алиман» менен «Ажарларынын», «Сейит» жана “Календерлеринин” болбосо, согуш-оорук турмушунун дээрлик бардык айылдарындагы «болбос-койбос окшоштуктарынан» ары артылып, дүйнө чагылдыруунун эстетикалык өзгөчөлүктөрүн, автордук идеалдын өзүнчөлүктөрүн, учурундагы «айтматовмасчылыгынан» жанып (Айтматовдун дүйнөлүк орду турулуу, андан эч ким жандыра албайт!), бүгүнкү күн бийигинен кайрадан ачып берүү болуп саналат. Ушул ыӊгайдан чыга Омокеӊдин аталган повестине кайрадан бир баам салсак, анда, алиги «болбой койбос окшоштуктардын» артында, ак жол, көк асман алдында ички маани-маӊызы дээрлик башка дагы бир өзгөчө жашоо өткөнүн көрүүгө болор эле – Омор каармандарынын, Омор сүрөттөгөн жашоо чындыгынын… Ооба, Султановдун Ажары, Айтматовдун Алиманы же Жамийласы менен эрегишкендей (т.а. Омордун Чыкеӊе маданий эрөөлүндөй!) бир да бир жолу Мукашынын төшөгүн тепсетпей, ээн сайдын жээгинде бейтааныш койчу менен да жалгыз калбай, «жаӊы даниярын» да күтпөй-издебей ант ичкендей жалгыз карыйт. Тек, аскер күйөөсүнүн чекесине пилоткасын кыйгач кондуруп алып түшкөн  колбашындай жалгыз  сүрөтүн жаш баласындай маӊдайына илип алган. «Бу ким, тун уулуӊузбу, байбиче?» — деп сурап калган бейтааныш келген-кеткенге бубак башын ийкегилей: «Бу-у… Мукашым эмеспи», — деп жооп берет, ак сүйүү үчүн түбөлүк ант ичкен, мезгилди жокко чыгарган азис пейил бу кары адам. Повесттин баштан аяк проза эмес эле драмалык чыгарма катары  жазылгандай, автордук баянга дээрлик орун калбай окуя агымы өзү сүйлөп, алар турмуштук деталдарга чебер каныгып берилгендигин, улуттук колоритке карк каармандары нукура өз кебине (речь) ээ, натуралисттик дегидей турмуштук өӊүндө ачыларын айтпаганда… кыскасы, чыныгы реалисттик чыгарма.

Мына ушунун баары Султанов прозасын Толстойго эмес Шолоховго окшотуп, «Шекерге» эмес «Тосорго» ыктатып, омордук өзгөчө чыгарманын жаралганынан кабар берет. Деӊиз табиятын Тамчыда алып жүргөн…

Мен ушул жерден жогору жактарда белгиленген «автордук идеал, эстетикалык идеалга» байланыштуу козголуп жаткан контекст чегинде, анан калса биздин  бүгүнкү адабий процесс үчүн да  айрыкча мааниси бар бир олуттуу маселеге атайынтына кетүүнү эп көрүп турам – социалисттик реализм маселесине. Ушул өтө тереӊ  кундуу адабий түшүнүктү  соӊку  жылдары биз: «ал – соцреализм да!» — деп, сөөмөй чычайтып күлүп, келеке шылдыӊга айлантып жибергенге үлгүрдүк, мына ушул үчүн да бул кубулуштун чыныгы теги-тереӊине булуӊдай кетүүнү эп көрүп турам.

Социалисттик реализм, бул – күлчү маселе эмес, чынында ыйлачу маселе. Мунун чын теги көбүбүз али үстүрт түшүнүп жүргөндөй кечээги СССР мамлекетинин социалисттик идеологиясына эле байланышпайт, аркы тереӊге кетет, карт турмуштун өзүндө жатат, көзүндө чөккөн. Ал эми турмуштун өзөккү агымы, оонаган нугу өзү – жакшылык. Адилдик, калыстык, теӊдик! Жан жашоо, мүлдө жаратылыш, Турмуш ошон үчүн түбү тирик. Муну кыргыз байыры күндөн бир эле сөз менен айтып койгон: «Ак менен Кара жарышат, Акка Кудай болушат» — деп. Бардык философиясын ырым-жырымын Оӊго негиздеп, алтургай түштү да Оӊго буруп жорушкан. Муну кийин диалектика илимине таяп марксчыл, ленинчил, идеолог, эстетиктер: “турмушту сүрөттөгөндө аны, жан-жашоонун эӊ башкы, түпкү чындыгына негиздей ал Оӊго оонай берген мерчеминде, аныктооч багытында алып жүрүп кетиш керек, өркүндөтүп жазыш керек” дешкен. Эстетикалык, коомдук идеалга негизделип Турмушка тутка адамдар баш каармандарга айланууга тийиш дешкен. Мына, социалисттик реализмдин эӊ түпкү чындыгы! Ошон үчүн турмуштун көзүнөн кайнап чыккан жазуучу, философ М.Горький тээ, социалисттик революциядан канча жылдар илгери эле «Түпкүрдө» драмасында түпкүрдөгү Киши тилинде: «Человек – это звучит гордо!» деп көкүрөгүн керген. Ушун үчүн Горькийдин идеалы социалдык адилеттикке Умтулгуч кишилер болгон. Ошон үчүн өзгөчө реалист Толстой («а мужики, мужикито как просто умирают-а…»): «ушунун жазганы мага  жакпайт, жасалма, бирок эмнегедир эле болбой ѳзүнѳ тартып турат» — деп Горькийди кабылдап-кабылдабай, өз жанына жакын алган, аа сүймөнчүк менен караган. Демек, «социалисттик реализм» (болбосо, «турмуштук», «жаӊы турмуштук» деп эле коелу) методунун касаба калыӊданышында аркы замандардын ак кар көк музу тунуп жатат. Балбан турмуштун өзөккү чындыгы. Горький башында турган чыныгы жазуучулар, адабиятчылар, эстетиктер жаӊы адабият, искусствонун өрүштөнүшүн ушул өӊүттөн көрүшкөн, издешкен…

Башка кеп – кийинки тайыз идеология, талантсыз, жагымпаз жазуучулардын армиясы социалисттик реализмдин кунун качырып, куниктеп тынышты. Жасалма, шаблон, схема, «идейный» жамыраган жазгы козу карын, чыгармалар кийин адабиятта «СОЦРЕАЛИЗМ» деген жаӊы келеке феномендин келип чыгышын шарттады. Айтматовдун тунгуч чыгармалары,тушунда, сенек тартып бараткан адабият дүйнөсүнө жаӊы кан куюп жибергендей болгону ошол. Биз эмгиче Айтматов ийгилигинин башкы шарты катары аӊазалап жүргөн Ауэзов көмөгү, кийинки Арагон колдоосу бир кеп, бирок, эӊ башкы себеп, жаш, жаркын Чынгыз чыгармаларынын өзүндө жаткан — «Обондо», «Ботогөз булакта», «Делбиримде», «Биринчи мугалимде». Каармандары аабал күндөн келаткан «турмушка тутка» идеясына бек, жаӊы коомдук, эстетикалык (эми «айтматовдук» десек да болот) идеалга да шай. Айтматовдун каармандарынан анын өзүнүн «таанылып» турушунун себеби ушул жакта. Айтматов дүйнөсүнүн өз каармандарына «үлөштүрүлүп-бөлүштүрүлүп» калышынын түп генезиси ушул жакта. Бая Толстойго жалпы «окшоп» тургансыганы менен, чынында, «окшобос» жагы да ушул жакта. Же, Толстойдун генезиси анын өзүндө тунган –өзүн заман бийигиндеги гениалдуу кеменгер сезгенинде, керек болсо, жаӊы Христтей туюк пайгамбар туйганында. Ар кандай көӊкү улуу идеялар, идеологиялар, окуу, философиялар эми жаӊырып андан – Толстойдон, уланышы керек (Будда илимине сайылып кирген ал, «Тао тэ кинг» – «Дао дэ цзинди» өзү биринчи реакциялап чыгарган да ал, тушунда расмий чиркөө менен да биринчи эрөөлгө чыккан ушул!). Кыскасы, бардык идеалды өзүндө алып жүргөн моралчы кеменгер чалдын геройлору анын идеяларынан эч качан чет тура алмак эмес, чет тура алган эмес. Түбү өзүндө тунган Толстой чал менен түпкүлүктүү социалисттик реализмде турган Айтматовдун «окшош-айырмачылыктары» ушунда. Эртеги «социалисттик» Айтматов менен (же, 60-жылдардагы; кеч Айтматовдун жөнү саал бөлөк) а кездери «социалисттик-поциалисттик» менен анча иши жок тунук балалыктын таза таасиринен, нак турмуштун өзүнөн чыга тунгуч прозасын жазып салган Султановдун да айырмачылыгы ушул жакта – залкар реалист Шолоховго ыктаган.

Бир караганда бүгүнкү күнгө анча тиешесиздей «өткөн чак»  сезилген бул «сабакташтык», же «эместиктердин» дал бүгүнкү күн адабиятыбызга эч «өтпөс чак» катары түздөн түз  тиешеси бар. Анткени, чыныгы соцреализм нугунда кѳз жарган чѳң адабият эч качан эскирбейт (социалисттик Айтматовду кантип жоготосуң адабияттан!). Коом муктаждыгы ѳзү аны – соцметодду, кайра жаратып алат. Арийне, ал анда “социалистик реализм” деп аталбашы мүмкүн. Бирок турмуштун ѳзѳккү чындыгы анын революциялык ѳнүгүшүндѳ (кыргызча айтканда түбѳлүк “ОҢ”долуп барышында) ачуу зарылдыгы аны башкача аталышта адабий мейкинге кайра кайырып келет. Коомдук аң сезимди багытточ-аныктооч башкы күч катары адабият эч качан бул улуу миссиядан чет тура албайт. Коом – идеалсыз жашай албайт!

Эмесе, суроо туулат: бу күнкү кыргыз адабияты, асыресе, оор артиллериясы – проза эмне көйгөй менен жашап жатат азыр? Кайсы коомдук, эстетикалык идеалдарды жетекчиликке алган? Дегеле барбы бир тутка идеясы, идеологиясы? Же, коомдук идеалы тургай ошого байтүп суналып берээр улуттук-мамлекеттик философиясы-идеологиясы жок, мамлекет өзү жайдак турган тушта жазуучу журту өз беталдын тал кармап, ар бири өзүнчө кичи кербез «толстойчолорго» айланып кердейип жүрө беришеби? Булар «СОЦРЕАЛИЗМ» деп келеке күлө турган маселе эмес, ыйлай турган маселе! Эгерде жаш кыргыз мамлекети азыр кыргыз коомдук идеалын, кыргыз улуттук идеологиясын суна албай алсыз турса, анда коомдун ар намысы, абийири болуп саналган анын интеллигенциясы, биринчи ирээтте сезгич нерв талчасы сүрөткер журту аны тереӊден жетилдириши керек – Горькийдей; жаңы жигерде улантышы керек — Айтматовдой. Жок, болбосо, Батыш жылымчы саясаты кечээ күндөн жылжып каптап кирген «деидеологизация общества», «деидеологизация экономики», «денационализация собственности» урааны эртеӊ билинбей «денационализации нации» тегиздигине өтүп кетет (чынында, өтүп кетти). Ушул контекстте биздин кай бир куник жазуучулардын: «идеология деген, бул– адабият!» деп ооз көптүрѳ бакырып, бирок бир чыпалак учу «кыргыз идеологиялуу» чыгарма суна албай шал, тек, сары талааны кур чаӊдатып сабап турушу – «мага идея, идеология бербейсиӊерби!» деп, жогор жакка элейген  эртеги «идейный» жазуучулардын ээрчимел абалын эске салат.

Демек, «соцреализм!» деп кечке келеке маашыр күлѳ бербей анын заманбап кыргыздык үлгүсүн иштеп чыгуу, акыры зарыл. Бул – күн тартибинен эч качан алынып салынбайт, социалисттик реализм методунун бизге ѳтпѳс-ѳчпѳс сабагы ушуякта. «Соцреализм» күлѳ турган маселе эмес, ыйлай турган маселе. Омордун чындыкка тунган илгери үмүт чыгармасы ушуну да ойлонтот бизге…

Автордун айтуусунда ал «Ак Жол, Кѳк Асман» повестин бир демде, кыска убакытта бир шилтеп жеӊил жазып салыптыр. «А эмне үчүн кийин проза жазууну улантпадыӊыз?» деген суроомо ал: «Анда Айтматовдун арааны жүрүп турган, менин жаӊы эле бүткөн повестимди биринчи окуган киши — чоӊ сынчы, философ Азис Салиев болду. Ал жактырды, бирок: «эми булжакты Чыкеӊ ээлеп калды, андан ашыра жазыш кыйын, поэзия багытыӊда эле кете  берсеӊчи», — деп кеӊеш айтты. Ошондон кийин проза жазбай калдым, поэзияга биротоло өттүм, анын үстүнө биякта да жаӊы поэзия мейкини эми башталып жаткан…» — деп жооп берди.

Ооба, автор ушундан кийин чыныгы реалисттик прозада узанбай калыптыр («реалисттик» дегеним, мен мында анын авторлош жазылган соӊку  детектив романдарын эске алган жокмун). Эгерде ал ак жол, көк асман алдында  каламын дагы каргытып кетсе не чекке келмегин ким билсин, бирок эми «болбогон» нерсени жоруптап болбойт, «болгон» нерсеге келсек, керемет, автор кийин дал ушул повесть реализмин дадил уланткан анык реалисттик чыгарма, эми поэзиядагы(!), «Адамдын турмушу» ыр-романын берди.

  1. РОМАН

«Роман» деген түшүнүктү аавалкы маани-маӊызын кайырып келип ордуна коюп туруп, поэзияда берди! Бул – бир кыргыз адабиятындагы эле эмес, жалпы түрк асманындагы, кала берсе дүйнө мейкининдеги эӊ бир кызык, уникалдуу чыгарма. Нагыз ыр-роман. Уникалдуулук мында эмнеде?..

Эрксизден эл эркеси Байдыкеӊдин – Сарногоевдин:

«Эгерде, тоолорумду жазып-жайып жиберсем,

Ашып кетет Азияӊдын теӊинен»,

деген тамашалуу ыр саптары жадыбызда жаӊырып өтөт. Ырас эле, ушул тамашаны чынга айландырып «Адамдын турмушу» ыр-романын ушул турушундагы ыр саптарын жазып-жайып жиберип, туташ кара сөзгө айлантып ийип окусак, анда, өтө кызык бир көрүнүшкө туш болор элек. Чыгарма – муун саптарынын сындырылып, сөздөрүнүн уйкашталып эле турганы болбосо, ал кара сөздө ыргакталып жазылган кадимки зор көркөм полотнону көз алдыга тартат. Мында, бая айтылган «Ак Жол Көк Асманда» шаӊкая ачылган кашкая реализм, болушунча, эми, поэзияда ишке ашкан. Сүрөттөлүп жаткан окуялардын кармалап көрсөӊ болгудай деталдарга ушунчалык жыш ширелгендиги, образдардын жасалмасыз нукуралыгы, турмуштук тактык – мына ушунун баарыэлдик тилдин ширесинде берилиши, чыгарманы кадимки кара сөздө жазылган эпос-романды окуп жаткандай таасир калтырат. Кара сөздө гана берилиши мүмкүн болгондой ээн-жайкын турмуш картиналары акындык керемет талант аркылуу жандуу поэзияга айландырылып салынат. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында мынчалык поэзиялашкан прозаны, же тескерисинче, прозалашкан поэзияны табуу, кыйын. Ич менен Сырттын, лирика менен эпиканын мынчалык жыш синтезинен бүткөн ушул касиет «Адамдын турмушу» ыр-романын бая айтылган кайталангыс уникалдуулукка чайып турат. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн андагы чебер шилтенген айрым картиналардан бир-бир мисал  тарта ѳтѳлү. Маселен, Акун деген айылдык эски активдин портрети, бу:

…Кайдан кантип киргендиги билинбей,

Бир кары адам туруп калды тигиндей.

 

Колтугунда эски бапке туткалуу,

Алкагы зым көз айнегин дат баскан.

Чүлүк болуп кеткен ийри буттары.

Ичке тилик пластырды чаптаткан

Чекесинде сансыз кат-кат бырышы

Жазылбаган куйкасынын курушу

Тартып калган артын карай желкесин.

Мурут болуп ар кай жерде кыл турат,

Көз айнектен тунарыӊкы жылтырап

Басып калган жука катмар чел көзүн,

«Келиӊизге» басты жылып илгери,

Бучук көлөч өтүгүнө кийгени.

 Жетик реалист эмес, жеткен натуралист сүрөтчү тартып салгандай бул не деген тактык! Же болбосо, жайлоонун узун түндөрүндө бүтпөгөн улуу жомок, баяндар айтылып, аны жаш балдар элейип тыӊшап отурушкан, ар бир кыргыз баласына жаштайынан тааныш бир керемет абал, бул:

Балдар уктайт капшыт жакта бышылдап,

Арча жалын коломтодо үлүӊдөп,

Кара сабаа кайра-кайра бышылат,

Капчыгайда — суу арыстан күрүлдөп.

Түн капкара. Астаа эшик ачасыӊ,

Эшке чыксаӊ киргичекти  шашасыӊ.

Кыпылдайсыӊ жүрөк түшөр ой келип,

Босогону эки эле аттап кое берип.

Кайра кирсеӊ кайра жомок улануу —

Кыргыз элдин кыйындары жөнүндө

Эл, жер үчүн башын сайган өлүмгө,

Эр Табылды, Кыз Сайкалдар тууралуу.

Улуу сөздү түшүнө албай оӊураак,

Олтурасыӊ жаш козудай момурап.

 Бул дагы неткен чебер картина!

Романда  чагылдырылган – кыргыз эли өз башынан кечирген эӊ соӊку эки доор-бир кылымды, т.а. социалисттик революцияга чейинки XIX кылымдан тарта ѳткѳн ХХ кылымдын 20-30-40-драмалуу жылдарын, кечээ эле өзүбүз жашаган «сенектик» деп аталган 70-80-жылдардын сересине чейинки миӊ кыл тарыхый окуяларды миӊ түрлүү адамдардын тагдыры аркылуу сызылтып көз алдыдан жандуу өткөргөн бул көркөм-тарыхый зор полотно тууралуу өзүнчө эргип кеӊири сөз кылуу зарыл. Бирок антүүгө азыр убакыт чак. Келечектен келчү кеп бул. Тек, биерде, окурманга не чыгарма менен иши чыгып жатканын  жалпы ишаараттап коюу максатында гана  төмөнкүлөрдү белгилей турмакпыз.

Прозада бир жарк көрүнө калып, негизинен ыр, азырак лирикалык поэмалары менен окурманга тааныш Омокеӊ бул  чыгармасында чыныгы масштабдуу ойчул сүрөткер катары ачылды. Акындын айрыкча чеберчилиги ал кайсы гана заманга кайрылбасын ошол доордун наркы-салтын сактап, психологиясына жуурулушуп кирип, мүнөздүү белгилеринде ачып, ошол доордун колорит  тилинде сүйлөйт. Натыйжада, айталы, аркы замандын тизгин талашкан мыктуулдары бугу Балбай – желдеӊ Жанек, көл Чыныбай тынымсейит  бала Табылдылардын ичтен тиреши; 16-жыл, «Кыргын Сай» драмасы; Үркүн – көркоо карышкырлардын жаш балалуу келинди: «айланайындар, баламды алып калгыла-аа!..» чыӊырыгына аралаш чыркыратып колдон сууруп чыгып көрүнөө үзүп-жулкуп жеп жатышы; бир уй талашын бүт дүйнөлүк чатакка айлантып чыгышкан Зырмурун-Акундун кыргызкычаш маселеси; оор жылдардагы орус аял, мектеп деректири Анна Григорьевна менен кыргыз Качы абанын ийиккен интернационалдык  мамилелери ж.б. д.у.с. баары-баары  романды түркүм-түстүү мозаикалап турат; ошол эле учурда бир-бирине сырты окшобос замандардын ички быткылында окшош чөккөн  Адам[дар]дын Турмушу деген кеӊири тарыхый панорамалуу, лиро-драмалуу, траги-комедиялуу Бир Зор  Полотнону көз алдыга кыркаар тартат. Ал Бир Адамдын  – Качынын (киши сырттанынын десеӊ болот) ой элеги, жан толгоосу, керт тагдыры аркылуу эриштелип өтөт. Поэтикалык таасын образ, таамай картиналарда.

Эмесе, Көл Чыныбайдын комузчу Абакты доого жыккан жерине байланышкан бир үзүм-сүрѳт. Чыныбайдын дарты – Абактын күлүк атында, сулуу кызында. Акындын каламы Ат, Кыз экөөнө келгенде төмөнкүчө бөжүйт:

Ат болгондо Каракашка аргымак

Эр кызыкпай кое турган ат эмес,

Элик моюн, эрди калыӊ, шамкулак,

Алгарага салыштырса ката эмес.

Байге бербей күнгөй, тескей өрөөндөн

Багы ачылбай далай күлүк бөгөлгөн.

Желге ойногон кыздай сулуу жаныбар

Агып турган кара маржан жалы бар,

Түндө жанган ак жарыктай кашкасы

Ак бакайы, алтын өӊдөш төрт туяк,

Ат кейпинде капкара эле өрт турат,

Арыбаган тулпар туяк ташташы.

Каракашка аргымактын турпаты

Кайып экен,  болгон менен жылкы аты.

 

Багып жүргөн да бир ою Баатырдын:

Абак чалдын үлпүлдөтүп өстүргөн,

Айжаркын деп атын атап жашыруун

Жакын барып карагандын көзү тийген,

Жар башында жалгыз өскөн гүл өӊдүү,

Жаратылыш берген көрктөн айбыгып

Жалгыздыктын жашыл жээгин жай кылып,

Түнүндө ачып, күндүз жапкан чанагын.

Бейиш гүлү сыяктанып сыр катып,

Көргөн көздү сүйүндүрүп жыргатып,

Бакыт жылоо — баскан турган тарабы,

Бойго жетип-жетпей турган кызына

Жүрүптүр дейт көрүп калып кызыгып…

 Кыргыздын салттуу поэзиясында жок, орус поэзиясына мүнөздүү бир өзгөчөлүк бар, ал – сап ичине сыйбай калган тыным (интонация), сөздөр кийинки сапка оошо айтылып, сүйлөм сап ортосу бүтүп, кайра жаӊысы башталып, ойлор сыйлыгышып кете берет. Кыргыз поэзиясында «алтымышынчылар», айрыкча, алардан соӊку муун (А.Токтомушев, С.Акматбекова,  Ш.Келдибекова) ырдын ушул  техникасын мыкты өздөштүрүп алышкан. Омокеӊдин романында да ой чубуруп турган кезинде ушундай – агылып, төгүлүп, саптан сапка ашып-ташып, үзүлгүс сүзүлгү кете берет. Бул, эми, жаӊы кыргыз поэзиясы үчүн көнүмүш эле форма болуп калды. Бирок, эми бир кызык, орус поэзиясында жок, кыргыз поэзиясында андан бетер, тегеле, Омокеӊден бир күтүүсүз жаӊылык чыкты («күтүүсүз» дегенибиз – бул форма, автор өз каламына ээ боло албай төгүлтүп шилтеп жатканында, дал ушул романдын практикасында бөжүп көз жарганы билинет), ал – саптардын сындырылып жазылганы аз болгонсуп, бул ыкма түтпөй калып, эми сөздөрдүн сындырылып (ташымал!) кириши.Бул, чындыгында, күтүүсүз техника. Мындай бир караганда ыр сымбатын талкалап тургандай көрүнгөнсүгѳн  бул  «сындырыктар», жок, тескерисинче, ырдын ажарын толукшута ачып, аны жаӊы кырынан жаӊшантып жиберет экен – жаӊы көрүштүргөн колуктудай!  Бардык жаӊы нерсе кызык, бирок, бул – өзгөчө кызык. Онегиндик он төрт сапка салынган романдын формасы өзү ыр жолдорунун ыраатын, уйкаштардын кезегин тыкыр талап кылат. Анан, бая сындырык сөздөр дал ушул калыпка бап кыналып, чак суналып, ырдын бир башкача, бизге көнүмүш эмес көркөмдүгүнө кызмат  кылып кеткенин көргөн сайын, эрксизден: «бахх, атаӊгөрү-ай!» деп акынга бали айтып жибересиӊ! Ана, ошондой эркекыз кыял саптар:

Анысына көпчүлүк эл нааразы

А деректир койлордун да маарашын-

дай көрбөстөн, билгениндей башкарып

Көөп алган, «кыӊ» дей турган жок эч ким,

*   *     *

Коӊулчуда доктур берген кагаз бар:

Жарылган деп тарсылдагы кулактын.

А деректир айткан имиш: Арызда-

нып эле гөр мындай койгун кулакты

Мүйүзүӊдөн айырамын а көрөк!..

*   *    *

Байкуш кызым аз-аз жерден алдатып

Кое жаздаптыр, ой шумдук ой, ыймансыз-

дар да аякта бар тувайбы капырай,

*   *    *

Шоопур элди автобуска чакырды.

Атаӊгөрү, аӊгеменин кызыгы-

на келгенде тура турбай бузулуп,

Алтын баалуу сөздүн кунун качырды-а!..

*   *   *

Оюм менен болуп берип авакем

Ап-апакай сакал-мурут бириндеп:

Интернатыӊ сонун тура баракел-

де, — деп, отсуз көзү менен күлүӊдөп,

*   *   *

Олтурду эле Кул ар жакта. Тура бас-

сып жөнөдү тизе башын күбүнүп

Бир-биринен көзүн ала качырып,

Каректерин жерди тиктей жашырып,

Контексттен бѳлүнүп калган мерчеминде кожое түшкѳнсүгѳн мындай сындырыктар ансыз да токтоол билбей агылып турган текстти алымкултөкмөлөп жиберет! Романды кайталангыстыкка чайыйт.

Бүт романды төгөрөгүнө ийирген Алтын Казык-Качы карыяга кайрылып  келсек, кайран кишинин да казасы жетти, көзү өттү. Өз тушундагы экинин бири, Киши Сырттаны асыл… Жалгыз ую союлуп, жесил абышка жерге берилди. Жасаты башында топудай бир ууч киши турду, анан да «көр акысын албайбыз» деген айылдык патриот мүрзөчүлөр болду. Заман эми башка эле… Акындын каламы ушунун баарын жазып жатканда сыя ордуна каны агат, бирок аны жашырып кара күчкө карпаӊ-курпаӊ азил урат, күлкү артынан ыйга муунат.

Илгеркиден баркыт өөн калгансып

Эски жаӊы экөөндө теӊ жашаган,

Эл кишиси болчу кайран Качы авам.

Биз дагы анын жол-жосунун алганбыз.

Кул экөөбүз көр акысын албайбыз

Акыретте да ушул сөздөн танбайбыз.

 

… Жерди тиктеп турган неме үлдүрөп

Жөн эле бир койду үн катып: Ушун-да-аай!

Жакшы адамга керек жакшы көр казыш!

Жакшы көргө керек жакшы жерди алыш!

Купуя айтып калган кептин ачыгын,

Алды аракты ар жактагы ачылуу.

Аз бөксөрөк эки стакан куюлду.

Катчыбайга берип, бирин өзү алып,

Бирок азга туруп-туруп ыйынып:

Өлөбүз да, ага дейре чер жазып

Жүрөлүк ээ аман-эсен көр казып, —

Деп көтөрдү. Чамбыл ала ыраӊы.

О ок тийгир, кебиӊ менен жерге кир!

Ой, сенден ким тос айткын деп сурады?

Оӊ таптырчу сөз болобу сенде бир!..

Киши Сырттанынын ѳмүр соӊундагы көр башындагы сөздөр ушундай болду. Ачууну ачуу менен баскан…

Авакемдин отун көөмп өчүрүп

Шарт боюнча келдик үйгө өкүрүп.

«Адамдын турмушунун» акыркы сабы ушундайча бүтөт. А сабагычы?

Бул окуялар Совет заманынын акыркы кезеӊдеринде өтүп жаткан. Бир улуу державанын бир ок атылбай туруп кыйрап калышынын бир (а балким башкы!) себеби өз тарыхый, рухий, нравалык тамырын өзү кыркып салгандан эмес бекен – миӊдеген «Адам[дар]дын турмушунан», көз жашы, ыры-ыйы, күрөшү-арманы тагдырларынан сызылып куралган…

Гуманист сүрөткер Омор Султанов замандын, муундун алдына ушул соболду салк таштайт…

Кээде туруп өзүмчө ойлоп кетем, орус тегиздигине салып айтканда: гоголдук элдик поэзияны, распутиндик элдик колоритти, шукшиндик элдик ый-юморду, беловдук элдик чындыкты бир боюнда мынчалык жыш ширелиштирип уютуп турган ушул романын автор, эпадам, кадимки кара сөздө жазса кантмек эле  деп? Анда, Ак Жол Көк Асман алдында дагы бир кеӊири тарыхый панорамалуу, лиро-эпикалуу шолохов тибиндеги өзгөчө чыгарма жаралмак беле деп…

Бул, эми, китепке чөккөн бир дүйнөдөн уламкы ой. Бая бир айтылгандай, «болбогон» нерсени жоруптап отурбай «болгон» нерсеге келсек, «Адамдын турмушу» – бул, улуттук колоритке ушунчалык карк канык жана ошол эле учурда маани-маӊызы боюнча жалпы адамзаттык мүнөзгө ээ чыгарма.

Дале салыштыра айтпасак, түшүнүксүз калат. Маселен, Пушкиндин атактуу «Евгений Онегин» ыр романы, сөз жок, дүйнөлүк поэзиянын эӊ ири  көркөм туундуларынын бири болуп саналат. Ошону менен бирге чыгарманын чыныгы орду – орус рух мейкининде гана чындап билинет, бааланат, өзүнүн айжаркын поэтикалык ажарын ачат. «Евгений Онегин»  нукура орустук көрүнүш-кубулуш, улуттук колоритке сугарылган нагыз улуттук чыгарма. Ошон үчүн ал башка тилдерге да оӊой менен которулбайт, чыкпайт. Дал ушунусу сыӊары, Омор Султановдун «Адамдын турмушу» ыр романы чачынан тырмагына чейин нукура төл кыргыздык кубулуш. Бул да «Евгений Онегин» сыяктуу кыргыздык колоритке белчесинен эмес, кокодон карк! (баса, Омокеӊдин ыр романы «онегиндик ыкманы» толук колдонуп жазылгандыктан, мында да ал «мына эмесе!» деп чоӊ Пушкиндин өзү менен маданияттуу эрегишке (эрөөлгө!) чыгып койгонбу дейсиӊ). Бул чыгарманы нагыз кыргыз турмушунун поэзиядагы  энциклопедиясы деп койсоӊ жарашат. Бул чыгарманын баасы бүгүнкүдөн да артылып эртеӊ күчтүү билинет. Эсеби, биз бүгүн өткөн XIX кылым аягы, XX кылым башындагы тартылган документ фото сүрөттөргө, кинохроника материалдарына кандай суусап кайрылсак, кырк жылдан кийинки кыргыз мууну «Адамдын турмушу» ыр-романына дал ушундай, же көркөм-хроникага кайрылгандай эле кайрылат. Андан кыргыздык рухий азык алат. Анткени, мында кыргыздын боелбогон, сырдалбаган, апыртылбаган, кемитилбеген нака турмуш чындыгы кыргыздык нукура тилде, дилде, зилде ташка тамга баскандай таамай мөөрлөнүп калган.

Бир сөз менен айтканда, «Адамдын турмушу» романы – кыргыз баласы жер үстүндө жашап турганда түбөлүк окулар чыгарма.

Адамзат баласына орустук «Евгений Онегин» сыяктуу эле кыргыздык табиятты түбөлүк таанытып турар чыгарма.

Дүйнөлүк адабий кенчке «Сен жөнүндө поэма» сыяктуу эле кыргыз адабиятынын поэзиядан кошкон салымы!

  1. КОТОРМО

 Омор Султановдун котормо жаатындагы иши өзүнчө чоӊ сөзгө арзыйт. Бирок анын баарын айтышка убакыт чак. Тек, бир нерсени гана белгилей кетмекпиз. Ал эч качан майдаланбайт жана жигери өзүнөн төмөн дүйнөгө түшпөйт. Шаалар менен алпурушат. Жана кызык жагдай — ал кандайдыр кыргыздын жытына жакын, же кыргыздын ыр кыртышын асылдандырып жиберер демди алып  жүргөн дүйнөлүк залкарларга кайрылат. Маселен, түрк Назым Хикметке, же океан ар жагындагы байыркы киндиктеш индей кызы Габриэла Мистралга, болбосо, Пабло Нерудага. Дагы, классика деген классика – Пушкинге, Лермонтовго…

Мен төмөндө Омокеӊдин котормочулук чеберлигине саал ишаарат гана кыла ал оодарган Лермонтовдун «Демон» – «Азрейил» поэмасынын мисалында  учкай пикир айтмакмын.

Оболу, саал лирикалык чегиним. Негизи, поэзияны адабияттын, дегеле искусствонун башка бардык түрлөрүнөн таӊ жылдызындай балбылдаты пайырмалап турган эӊ башкы бир касиет бар, ал – Сырдуулук, Тайна. Тил, сөз түгөнгөн жердин ары жагынан жүрөккө жылжып-сызылып турган – нурландырып! Мына ушул касиети болбосо, чыныгы поэзия жок, болбойт. Ушул касиет тунуп турганы үчүн биз живопистеги поэзия, архитектурадагы, каллиграфиядагы, алтургай көздөн бир сыдырылып өтөр кинокадрдагы  поэзия тууралуу эргип кеп салабыз. Омокеӊдин поэзиясында ушул бар. Анын акындык табияты жаратылыштын жапан стихиясы менен киндиктеш. Бирок ал жанарын сыртка жарып, жагып чыкпай тереӊден сызылып турат. Миӊ жылдык бай карагайдай сырдуу шуулдап. Жаки, жай турмуштун өзү-өзөгү аркылуу өзөлөнүп өтөт – кайталангыс тагдырлардын ырын ыргап, ыйын муӊдап… Ал эми Лермонтовго келсек, мында саал башкачарак, ал, айрыкча поэмаларында, сыртка ачык тебилип турат – өзгөчө «Демонунда». Баса, экөөндө теӊ ээзелтен жылдыздары келишкендей жалпылыктары да тур. Ал – Кудайдын өзүнөн аавалым (априори) түшүрүлүп салынгансыган жазылгыс муӊ, арылгыс чер, тынбаган кусалык; Асман ар жагындагы өтпөс-өчпөс түбөлүктүүлүктү, өлбөстүктү өжөр эӊсеген кумарлуу дем (айтмакчы, Лермонтовдун да, Султановдун да асманында жаны бир демге да жай таба албай кайдадыр тынымсыз айдалып бара жаткан бир Ак Булут бар). Ушул жалпылыктары менен экөө «Азрейилде» кездешти.

«Азрейил» – Лермонтов поэзиясындагы эӊ бир кыл чокулардын бири. Мында Лермонтовдун өзүнүн табышмактуу табияты, дүйнөлүк сырдуу жалгыздыгы, Кудайдын өзүнө эрегишип чыккан ибилис бунтарлыгы,  сүйүүнүн асмандык кудурети жана ошончо ыйы – баары, баары бар. Анан да, бул ааламдык жылас тагдыр, жылчыксыз  түн трагедияны күргүштөтүп төгүп салган 8-9 муундук лермонтовдук ыр саптары бар.

Омокеӊ бул поэманы көпчүлүк кыргыз акындары анын башка чыгармаларын оодаргандай эле 11-12 муун саптар менен которгон.  Мында бир караганда, оригиналдагы албуут тездик, кыргый ыкчамдык, чагылган курчтук котормодо саал жайлап, акындык дем жайыла  тарткандай да сезилет. Жана чындыгында, кай бирде ушундай. Бирок ошонун эсесине, оригиналдын ошол кыска муундарынын ичинде камалып сыртка тебилип чыкпай муунуп-буулуп калган дух, бая сырдуу кудуреттүү күч, көп учурда котормодо сыртка жанарланып, жаӊшанып ачылып чыкканын көрүүгө болот. Бул жагынан алганда котормо оригиналдын жанына да, дэнине да дал (и букве и духу),  толук утуштуу чыккан деп айтууга болот. Бир эле мисал:

Гудал карыянын бешенесине бүткөн периште кызы Тамаранын сүрөттөлүшү бул. Окурман салыштыра карап алсын үчүн эки текстти жанаша сунабыз:

Клянусь полночною звездой,

Лучом заката и востока

Властитель Персии златой

И ни единый царь земной

Не целовал такого ока;

Гарема брызжущий фонтан

Ни разу жаркого порою

Своей жемчужною росою

Не омывал подобный стан!

Еще ни чья рука земная,

По милому челу блуждая,

Таких волос не расплела;

С тех пор как мир лишился рая,

Клянусь, красавица такая

Под солнцем юга не цвела.

 

Түндөгү толуп келген жылдыз урсун,

Кызарып батып, чыккан күн нуру урсун.

Паашасы алтынга карк Персиянын,

Дегеле жер жүзүнөн бир да ханыӊ

Көрбөгөн мындай көздү өпмөк турсун;

Гаремде чачыраган фонтан суусу —

Күн ысып турган кезде бир да жолу

Ак жубар мончокторун жамгырлатып,

Чайыбаган перизатты бу сыяктуу!

Алиге кол тийгизип эч бир пенде

Салаалап мээрим төккөн пешенеге

Чачынын өрүмдөрүн жандыра элек;

Бейиштен жер айрылган кезден бери,

Мойнумду акка сунам, мындай пери

Түштүктүн күн астында туула элек.

 Лермонтовдун сырдуу чыгармачылыгына, болгондо, «Азрейил» поэмасына кайрылуу — Омокеӊдин өзүнүн жабыкта бугуп жаткан бая жапан күчтөрдү жарыя ойготуп, жигерлентип жибергендей болот. Натыйжада, эки чоӊ акындын – автордун жана котормочунун жан дүйнөлөрү от алыша түшөт да, чыгарма жаӊы кыртышка тамырын дүрт жайып жиберет. Ушунда котормочу автордой» ибилис канаттарын» күндү каарып сыртка жарк-журк  шилтеп чыкса; автор (оригинал) котормодо «азрейил демин» түндү таарып сырдуу ыӊ-жыӊсызга төндүрүп кетет. Мындан автор да (жаӊы тилде сүйлөгөн), котормо да утат. Дегеле, бир тилден экинчи тилге топтолук адекват которуу мүмкүн эмес. Анткени, тилдердин табияты өзү башка. Топтолук адекват далдайм дегендин өзү акыры билгизбей барып сенектик-буквализмдин сазына тыгат. Демек, чыныгы котормо чыгармачылыксыз түк да мүмкүн эмес. Алтургай: «Шекспирдин тили өз оригиналында куник тартып, орусча котормолоруна кээде уттуруп да жиберет», — деп бекер жазышпайт шекспирчи аалымдар.

Ушул эле ойду, белгилүү деӊгээлде, Омокеӊдин котормосуна да ооштуруп айтууга болот. Мында да котормочунун каламы кай бирде автордун өзү менен эрегише кеткендей, ал баяндаган көрүнүш-кубулушту башкачалай, артылтып, кыргызча элестүү ырдап салат. Байытып! Ушундай болушу мүмкүнбү? Котормочунун авторду, айрыкча Лермонтовдой куюлган-кубулган ырчыны толуктап, байытып. күчөтүп(!) төгүп салышы мүмкүнбү? Мүмкүнбү!?.

Буга албетте, Лермонтовдун генийине сыйынган тыкыр окурман «жок» деп жооп берет. Бирок, биерде ал элес албаган, Толстой чал айтмакчы, бир «кич-чинекей» гана «чуть-чуть» маселе бар. Ал Лермонтов өнүп чыккан орус поэзия кыртышы жана Султанов өнүп чыккан кыргыз ыр кыртышынын табияты, айырмачылыгы. Эсеби, Лермонтовдун артында ар жагы «Игорь полку жөнүндө сөз» сындуу орус элдик чакан поэзиясы жана Державин, Жуковский, Батюшков, Пушкиндерден берки жаӊы калыптанган жазма поэзия салты жатат. Ал эми Омокеӊдин түбүн океандай оожалган түпсүз Манас жана андан берки созулган улаӊгайыр улуу жады адабияты тиреп турат. Бул — эки элдеги Дүйнөнү поэтикалык-эстетикалык жеӊип алуунун тарыхын, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүгүн, кудуретин нускап турган рухий көрсөткүч. Демек, дүйнөнү туюнтуу, чагылтуу жагынан ушунчалык өркөнү өскөн кыргыз тилинин, дилинин, сөзүнүн бийигинде турган котормочунун дүйнөлүк кандай гана классик менен болбосун чыгармачыл теӊата сүйлөшүүсүнө жол ачкан.көркөм-эстетикалык бир зылдай мыйзам-ченем жаткандыгын да моюндабай коюшка болбойт. Бул ойду, дагы, ыгы келди, арабызда азыр аттиӊ, жок, Пушкиндин «Евгений Онегин» баштаган орус жана дүйнө адабиятынын не бир шыӊгыр үлгүлөрүн шаӊгыратып кыргыз тилинде ырдап салган керемет акын, андан гениалдуу котормочу, маркум Эрнис Турсунов агабыздын мисалында бекемдеп айта кетсек да куп жараша түшөр эле чиркиниӊ (бая: «Евгений Онегин» башка тилдерде оӊой менен чыкпайт» деген кепти эстеӊиз),бирок, эми анын кези башка, тургандыр…

Омокеӊдин котормосуна кайрылып, айтылган ойду бышыктар мына мындай жумгак менен сөзүбүздү жыйынтыктагыбыз бар. Азалуу Тамара менен жазалуу Духтун алгачкы табышмак жолугушуусу бул:

На беззаботную семью

Как гром слетела божья кара!

Упала на постель свою,

Рыдает бедная Тамара;

Слеза катится за слезой!

Грудь высоко и трудно дышит;

И вот она как будто слышит

Волшебный голос над собой:

«Не плачь дитя! Не плачь напрасно!

Твоя слеза на труп безгласный

Живой росой не упадет:

Она лишь взор туманит ясный,

Ланиты девственные жжет!

Он далеко, он не узнает,

Не оценит тоски твоей;

Небесный свет теперь ласкает

Бесплотный взор его очей;

Он слышит райские напевы…

Что жизни мелочные сны,

И стон и слезы бедной девы

Для гостя райской стороны?

Нет, жребий смертного творенья,

Поверь мне ангел мой земной,

Не стоит одного мгновенья

Твоей печали дорогой!

 

На воздушном океане,

Без руля и без ветрил,

Тихо плавают в тумане

Хоры стройные светил;

Средь полей необозримых

В небе ходят без следа

Облаков неуловимых

Волокнистые стада.

Час разлуки, час свиданья

Им ни радость, ни печаль;

Им в грядущем нет желанья

И прошедшего не жаль.

В день томительный несчастья

Ты об них лишь вспомяни;

Будь к земному без участья

И беспечна как они!

 *          *          *

Капарсыз куунап жаткан үй-бүлөгө

Кудайдын чагылгандай түштү каары!

Үстөмөн кулап барып төшөгүнө

Буркурап жаш Тамара ыйлап жатты;

Буурчактап көздөрүнөн жаш чубурат

Солуктайт көкүрөгү муӊга толуп;

Ошентип жаткан кезде эс-мас болуп

Кандайдыр бир сыйкырдуу үн угулат:

«Ыйлаба садагасы бекер куурап,

Өлүктү дем чыгарбай жаткан сулап,

Көз жашыӊ тиргизе албайт мүрөк болуп:

Болгону мунарыктап көз карыгат,

Күйгүзөт кыз өӊүӊдү кароолонтуп!

Ал алыс, тааныш эмес ага эч ким

Баалабайт күйүтүӊдү зар какшаган.

Жарыгы эркелетет акыреттин

Көз нурун денесинен ажыраган;

Ал угат эми ар дайым бейиш ырын…

Көӊүлүн көр тирликке бурмак беле?!

Күйгөнү, сыздаганы байкуш кыздын

Бейиштин мейманына кереги эмне?

Өлгөндүн өз шору ал бу жалганда;

Жерде өскөн, жерде туулуп, о периште!

Татыбайт, кагылайын, ишен мага

Кайгынын сен какшаган илебине.

 

Абалуу мухит Көктө бар,

Айдаксыз анда тизилип

Акырын сүзөт жылдыздар,

Айрылып булут үзүлүп

Көз жетпес көктөм талаада

Калтырбай изин баскандай,

Кармалбас булут каалгыйт

Жайылып жаткан ак малдай.

Айрылуу жана жолугуу

Анда жок кубанч, кайгысы;

Алдыга кетпейт оолугуп

Артына келбейт баргысы.

Эс кетип турган күнүӊдө

Эскерип гана кой дагы,

Катышпай жалган дүйнөгө

Кайдыгер калгын сен дагы!

 Мына эми,  баян соӊуна чыга бая сөз башында берилген: «Омор Султанов – ким?» деген соболго жыйынтык жоопту да берер кез келди.

Ушунча жылдары анын поэзиясына сугарыла келип, кээде жанында аткошчу жандап, сүйүктүү «трактиринде» сыр чечише жүрүп, мен бир ойго бекидим, бир жыйынтыкка келдим, бир сөзгө токтодум:

ТУБАСА!  Омор Султанов – тубаса сөз ээси, каса акын!

Ушул баян ичи учкай гана анын чыныгы деӊгээлинен канча ылдый кеп салынган, кайнаган турмуштун өзөгүнөн как жарылып чыккан Омор омок чыгармаларынын  кайсы гана бирине кайрылба, – не поэзиясына, не прозасына, не котормосуна  – анын:

Каса шумкар жем алса,

Канатын жерге тийгизбес, —

сөз илгирлигине, турасы жоюлгус тулпарлыгына, тубаса дааналыгына таӊ бербей кое албайсыӊ. Турмуш-Мүнүшкөр өзү таптаган улуу устатка эрксиз ийигесиӊ, ийилесиӊ!

Эмесе, сексендин Калча Ашуусунан токсонду карай тоорулуп сыза бериӊиз, Сүйүктүү Устат. Канатыӊыз талыбасын!

P.S. ЭПИЛОГ

Биз сөздүн башын дүйнөлүк адабият жөнүнөн баштаган элек. Эми сөз соӊунда аны түргүбүз бар.

«Дүйнөлүк адабият, же поэзия» дегенде биз көбүнесе батыш поэзиясын, анын залкарларын көз алдыга тутуп көнүп калганбыз. Бирок «дүйнөлүк поэзия» деген кыймылдуу жана өтө кеӊири түшүнүк.

Маселен, жаныбыздагы миллиарддуу Кытайда «вэньян» иероглификалык поэзиясы жашайт. Мунун өзгөчөлүгү – ыр бир эле учурда:

биринчи, сүрөт-образ катары көзгө көрүнүп таасир этет;

экинчи, добуш-маани катары кулакка угулуп таасир этет.

Экөөнүн бириккен жеринде тереӊ символдуу поэзия жаралат. Бул да дүйнөлүк поэзия жана аны башка тилдерге өз маанисинде которуп жеткириш өтө кыйын.

Же болбосо, андан ары баксак, бизге жан дүйнөсү көп жагынан жакын жапан элинин классикалык поэзиясы «үч» жана «беш» саптан гана турат. Үч сабы – «хокку», беш сабы – «танка» аталат.

Ушул «үч», «беш» сапка мүлдө ааламды сыйгызып батырышат алар. Бул да дүйнөлүк поэзия.

Эми өзүбүзгө келсек, мисалы, «Манаска» кайрылсак:

Шиберге койсо өрт кеткен,

Шилтегени мүрт кеткен

Денеден мурда жан кеткен

делет. Бул эмне деген образ!

Же дагы, кан майдандан кийинки  боо түшүп кырылып жаткан колдун сүрөттөлүшү бул:

Азуулары аркайып

Ат өлүгү тоо болду.

Кыл муруту шыйпайып

Эр өлүгү зоо болду – дейт. Бул эмне деген таамай картина, образ.

Болбосо, дагы, эӊ биринчи «капылет» деген сөзүнөн баштап эӊ акыркы сабына чейин жалаӊ «капылет» картинаны көз алдыга тыным алдырбай тартып отурган төмөнкү бир жумгак ырга назар салалы:

Капылет жатып түш көрсөм

Карарган көлдөр көрүнөт.

Карарган көлдүн үстүнөн

Кара бир өрдөк бөлүнөт.

Карарган көлдөр көз жашым

Ошо, капкара өрдөк өз башым!..

 Бул эмне деген ааламдык жылчыксыз трагедия!

Бир гана кыргыз поэзиясы эмес мүлдө көчмөн түрк поэзиясы ушундай. Бул да дүйнөлүк поэзия!

Эми ушундан улам бир ой келет. Жакында Астанада түрк мамлекеттери баш кошкон саммитте: «Кыргызстан көчмөн цивилизациянын борбору» деп таанылды. Көчмөндөр цивилизациясына жалпы дүйнөлүк көӊүл улам кызуу бурулууда. Бирок, «көчмөндөр цивилизациясы» деген түшүнүк азырынча «этнографиялык» пландан анча аша албай турат. Алдыда, байыркы көчмөндөр философиясынын, көчмөндөр адабиятынын, анын ичинде поэзиясынын жаӊы негизде кайрадан жаралуусу күтүп турат. Нака «улуттук» жана «дүйнөлүк» маани-маӊызга канык жаӊы адабият өсүп чыгууга тийиш. Мисалы, элестүү айтканда, бир кездери Малороссияда «Тарас Бульба» эпосун жана «Диканька хуторунун» элдик поэзиясын прозада ырдап салган Гогольдой; же жапан элинин улуттук жан дүйнө өзгөчөлүгүн «Идзулук бийчи» баштаган повесть, новеллаларында таасын мөөрлөп салган Ясунари Кавабатадай; болбосо, байыркы индейлердин жан дүйнөсүнө таянып туруп жаӊы латын америка прозасынын шедеврлерин жаратып салышкан гватемалдык Мигель Анхель Астуриас жана колумбиялык  Габриэль Маркестин тибиндеги жазуучулар чыгууга тийиш. Башкача болбойт. Улуттук духтун өнүгүүсү ушул тегиздикке бурулууга тийиш. Бул, балким беш, он жылдарга, балким чейрек кылымдарга созулуучу процесс. Улут адабиятынын алдына коюлган Программа.

Ушундан улам бир ой келет:

Эсиӊиздерде болсо, Айтматов өмүрүнүн соӊку жылдарында: «мен космополит жазуучумун» деп көп айта баштаган. Бул, эми, сөздүн жакшы маанисиндеги  «космополитизм», же жалпы адамзаттык темалар, проблемалар мени улам көбүрөөк оп тартып баратат дегени эле залкардын.

Алдыда соӊкуайтматовдук жалпыадамзаттык адабият, же сөздүн эӊ жакшы маанисиндеги космополитизм мындан да эӊ жакшы маанидеги чыныгы кыргыз улуттук турмушу, психологиясы, колорити этнографиялык-хроникалык дегидей тактык-тереӊдиктер менен байытыла баштоого тийиш. Ушунда, биздин көӊүлүбүзгө кайрадан Омокеӊдин айтылган «Адамдын турмушу» ыр романы оролуп келет.

Бул роман дал ошол жаӊы багытка беттеп турган алгачкы карлыгач чыгармалардан болуп саналат. Ушунун саал башкача  үлгүсүн – эпикалык жанрда, элдик стилде эл акыны Шайлообек Дүйшеев «Эки дөөнүн күрөшү» чыгармасында берди. Булар – айтылган багыттын алгачкы учкундары гана. Алдыда, ал жалынга айланууга тийиш – улуттук духтун кудуретин жалпы адамзаттык дөөлөттөргө айкаш жанарлантып алып чыга турган.

Демек, Омор Султановдун белгиленип жаткан 80 жылдык мааракеси – бул анын чыгармачылык жолуна карата чыгарылган белгилүү тыянактар гана эмес жалпы кыргыз адабиятынын, анын ичинде поэзиясынын алдыга өнүгүү багытына карай нускоо дагы.

Эгерде мындай болбосо, ар кандай мааракелер өзүнүн аныгы максатына жетпей калат. Утурумдук дата менен чектелип калат. Омокеӊдей залкардын мааракеси бизди  жогорудагыдай улут адабиятынын алгы проблемаларынын тегерегинде өтө тереӊ ойлондурганы, толгондурганы менен баалуу.

Омокеӊдин жүзү кеӊ келечекке бурулган. Ал нагыз улуттук сүрөткер катары алгы муундар тарабынан улам тереӊ тааныла жана ачыла берет!

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, Эл аралык Ч.АЙТМАТОВ жана МАНАС академияларынын академиги

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *