Бурят жомогу 

Илгери-илгери бул жарык дүйнөдө Хонхинур аттуу бийкеч жашаптыр. Анын жыйырма жети жалтыраган шылдырагы бар экен. Ал алтын көлдүн боюнда, өңгүл-дөңгүл саз арасында турчу.
Бир жолу Хонхинурга түлкү келет да, шыйпаңдап туруп минтет:
— Мени Хартаган-хуну үйлөнүү тойго чакырды эле, ошого тагынып барганга сен жыйырма жети жалтыраган шалдыр-шулдуруңду бере турчу?
Хонхинур бийкеч чочуп кетти:
— Мен аларымды эч кимге берген эмесмин жана бербейм!
Антсе түлкү айтат:
— Үч күндөн кийин кайтып келем! Жакшы ойлон! Эгер эми келгенде да аныңды бербесең, анда элеби – алтын көлүңдү соолута жутуп, өңгүл-дөңгүл саз жериңди майкандап тебелеп таштайм! – Ошентет да түлкү ачуулуу жүзүн ары буруп басып кетет.
Хонхинур бийкеч ыйлап калат. Ыйлайт. Ыйлайт. Кантсин анан бечара? Күчү кимге жетмек эле?
Учуп бараткан эки ак куу кимдир бирөөнүн ыйын угат да бурула карайт. Карашса, биздин Хонхинур бийкеч ыйлап атат:
— Сен неге ыйлап атасың, Хонхинур бийкеч? – дешет алар бир ооздон.
— Түлкү келип Хартаган-ханунун тоюна тагынып барам деп менин жыйырма жети шылдырагымды сурап атпайбы. Мен бербей койсом, ал үч күндөн кийин келип, алтын көлүмдү соолута жутуп, сазымды майкандап таштайм деди…
— Ыйлаба, – дешти ак куулар, – сага дагы үч күндөн кийин куу түлкү келсе минтип айт.
— Кантип айтайын?
— Мен сага жалтырактарымды бербейм де. Эгер ал алтын көлүңдү жутуп соолутам, өңгүл-дөңгүл сазыңды майкандап таштайм десе айт: «Көл соолутар оозуң кана, жер майкандар таманың кана?» Анан бул сөздү сага ким үйрөттү десе, бизди айтпа. – Ошентишет да ак куулар кооз мойнун койкойтуп түштүк жакка учуп жөнөйт.
Үч күн өтүп түлкү келет да бийкечке айтат:
— Мына келдим. Эми жыйырма жети жалтырагыңды бер!
— Бербейм!
— Анда өзүңөн көр! Алтын көлүңдү шимирем, өңгүл-дөңгүл сазыңды тебелеп таштайм!
— А сенин алтын көлдүн суусу батар оозуң жок да. Сен менин быткыл сазымды тебелеп таштар таманың да жок.
— О, кокуй, сага бул сөздөрдү ким үйрөтүп жүрөт?!
— Эч ким үйрөткөн жок. Өзүм билем.
Түлкү бул кепти кимден үйрөнгөнүн кууланып кайра-кайра сурай берди, алдады, жалынды, коркутту. Акыры Хонхинур бийкеч эки ак куу үйрөткөнүн айтып таштады.
— Ал ак куулар кай жакты карап кетти? – Түлкү суракка алды.
— Тээ түштүккө – жылуу жакка бараткан.
— Мен аларга көрсөтөм! – деди да түлкү ак куулардын артынан түштү.
Түлкү көп жүрдү. Акыры дөңгөчтө отурган эки ак кууга кезикти. Акырын аңдып барып аларды кармап алды. Коркутту. Урушту.
— Неге силер Хонхинур бийкечке сөз үйрөттүңөр? Неге?! Неге?!
— Бизди кечир, – дешти ак куулар, – биз сен кайда кааласаң ошол жакка алып барабыз?
— Анда мени мобул деңиздин аркы жагына алып баргыла!?
Ак куулар макул болду. Арга жок да. Түлкү ак куунун бирине отурду. Алар Кара деңиздин үстүндө учуп баратат. Үстүндө түлкү отурган ак куу чарчай баштадыбы, титиреп кирди.
— Титиребе, – деди түлкү, – мен кулап түшпөйүн!
— Корпо, түшүрбөйбүз!
Кара деңиздин орто тушуна келгенде ак куу жонундагы жүгүн силкип таштады да, алар андан ары учушун улантты.
Деңизге түшкөн түлкү эптеп сүзүп отуруп, сүзүп отуруп, акыры ажалы жок экен; жээкке жан талашып чыкты. Тоого келип, суу болгон терисин кургатып атып ойлоп коёт: «Неге мен ак кууларга ишендим экен? Кайдан мен ак кууларды аркы жээкке алып баргыла деп сурандым эле?..»
Ошондон кийин куу түлкү Хонхинур бийкечке келгенин, келип алып анын жыйырма жети жалтыраган шаңгыр-шуңгурун сураганын токтотуптур…
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *