Мемуарга даярдык ордуна

«Кыргыз руху» гезитинде иштеген күндөр жөнүндө эскергенде эң оболу бул гезитте өтө көп журналисттер иштеп кеткендиги ойго келет. Бакылдаган, шакылдаган, сөөгү-канына чейин таластык Бакай Садыров деген жигит айтып калар эле: «Көчөдө эки журналист баратса, бири «Кыргыз рухунда» иштеп кеткен болот». Мен «Рухта» 1998-1999-жылдары иштедим. Ал кезде саналуу гана эркин гезиттер болуп, кыргыз журналисттери «Асабадан» «Ааламга», «Ааламдан» «Рухка» же болбосо эки өкмөттүк гезиттин бирине «көчүп», айланып жүрө беришчү.

Редакцияда чыныгы чыгармачылык тополоң (творческий беспорядок) өкүм сүрүп турар эле. Бул да болсо Султан Раевдин чыгармачыл натурасына байланыштуу го. Азган-тозгон, облус борборлорунан келген, же бир айылдардан чыгармачыл чөйрө жок, кысылып кеткен жазуучу, акын, журналисттерди Султан аке батыра берчү. Эки-үч күнгө Бишкекке келип, анан эки-үч айга калып кеткен журналисттерди көп эле көрдүм. Мисалы, Ошто Маматемин Рыскулов деген жакшы акын, журналист агабыз бар. Ал 1-2 күнгө келдим эле деп, анан бир кыш калып кетти. Султан аке үйүнөн бир эски диванды редакцияга жүктөп келип: «Мына колдонгула, бирок 108-диван (Кылмыш Кодексинин 108-статьясы жөнүндө тамашалап жатат) болуп кетпесин» деген экен.

Ошол диванда эле жатып, редакцияда жашап жүрдү Маматемин аке. Компьютер бузулуп, верстка жасагандар ооруп калып, же басмаканага тыйын табылбай калып, гезит чыкпай редакцияда 2-3 күндөп жүрүп калган күндөр болду. Түн жарымда үйгө такси менен кеткенден көрө деп кеңседе калып кеткен Бакбур Аленов эртеси көйнөгүн тескери кийип, жакасынын арткы таза жагын оодарып туруп, үстүнө костюмун таштап Ак Үйгө же Көк Үйгө материал даярдаганы жөнөп кетчү.

Редакцияда керелден кечке кыраан-каткырык… Кыргыз коомундагы бардык неординардуу личносттор баш багып өтөт. Мисалы, Дооронбек Садырбаев депутаттыгына карабай, өзү келип материалдарды карашып калганын көп көрдүк. Колго илинген баракка же картонго чалды-куйду бир нерселерди чиймелеп Рамис Рыскулов, акындардын генийимин деп Алик Акималиев, имаратты бүт жаңыртып бакылдаган Бегиш Ааматов, коңгуроонун добушундай созолонуп сүйлөгөн Топчуке Тургуналиев (ошондо Топчуке Акаевдин «курортунан» жаңы эле келип, Осмонакун Ибраимов Акайычты Айкөл Манастын өзүнө теңеп жиберген) ж.б. толтура «башкалардан башкача» адамдар редакциянын чакырылбаган коноктору эле.

Андан сырткары жер-жерлерден да кызыктай апенди чалыш адамдар көп келчү. Бир жолу Күнтуу айылынан бир конструктор киши келип, адам оюна келбеген тири шумдуктарды жасаарын айтып отурду. Ал киши жөнүндө «Күнтуудан чыккан Курчатов» деген өлө кызыктуу материал жарыяланган. «Челнокчулардын партиясын түзөм, кыскартканда ЧП болот. Бийликтин чекесине чыккан даана чыйкан болобуз» деп бир жигит келгени, ага тилегиң ишке ашсын деп, Кыргыз-Сибирь акыны Карбалас Бакиров бата бергени дале эсимде. Нобель сыйлыгына өзүн көрсөтүп, бир химик агай келип жүрдү… Иши кылып миң түркүн адамдардын жолугаар жери эле «Кыргыз руху».

Султан аке эч кимге «жок» деп кесе айта албаган көңүлчөөк киши эмеспи. Жазуучу Мырзабек Тойбаев Чыңгыз Айтматов менен түшкөн сүрөтүн берип, улам-улам качан чыгарасыңар деп чалат. Раев «20-кылымдын эки генийи» деп сүрөтүн кошо чыгарып бергени эсимде. Мырзабек аксакал ага чейин да, андан кийин да ошондо кубангандай кубанбаса керек.

Бул жазуучу калкы ичкиликке жакындыгы эч кимге жашыруун эмес го. Алтүгүл раматылык Аликтин: «Есенинче бир сап ыр жазбаган соң, \ Есенинче ичиш бу акмакчылык» деген ыр саптары бар. Есениндин батасын алган акын-жазуучулар күн алыс келип Султан Акимовичтин башын оорутуп кетишет.

Кыргыз журналистикасында материалдарга аталыш коюш жагынан Султан Раевге эч ким жетпейт! Ушул чөйрөдө тирлик кылгандардын бири да муну төгүнгө чыгарбас. Кызыксыз, кунарсыз эле материалдарга Султан аке аталыш койгондон кийин кооз, табышмактуу, азгырыктуу болуп чыга келчү. Мисалы, ошол жылдары Баткен аймагында Мамат Айбалаевдин кадыр-баркы опол тоодой болуп, Мамат аке анысынын азабын тартып жаткан. Азапты, албетте, Акаев тарттырып жаткан. «Рухка» «Айбалаев Айдын баласы эмес, элдин баласы!» деген макала чыккан. Аталыштын өзү эле бүт материалдын маңызын берип турбайбы! Макала чыккандан кийин Бакай Садыров «Карбалас кардын баласы эмес, элдин баласы!» деп акын Карбалас Бакировду тамашалап жүрдү.

«Бумеранг» деген рубрикабыз бар болчу. Ага Салижан Жигитовдун: «Кыргыздын баары микроб — кирген эле жерин чиритет» деген сыяктуу узун элге тарап кеткен учкул сөздөр же саясатчылардын балп эттиргени жарыяланып, анан ошол сөздөргө редакциядан жооп жазчубуз. Раматылык Мелис Эшимканов кез-кезде «чарчадым, тажадым» деген макалаларды «Асабасына» жарыялап, анан саясый аренадан отпускеге кетчү. Бир жолу: «Чочоктон да, чучуктан да тажадым!» деп жазды. Редакция: «Анда хот-догду байкабайсыңбы, Меке» — деп жазды. Бүт кыргыз коомчулугу күлүп эле жатып калды!

Ошол 1999-жылдары ислам дин чөйрөсүндө жүргөн адамдар менен таанышып, алар «Рухка» материал берип турмай болушту. Акыл-нассат айткан, илгеркиче айтканда тарбиялык мааниси зор макалалар келет ко деп отурганбыз. Анан эле бейжай жүргөн аялдарды, баскан-турганы шектүү кыздарды, алкаш эркектерди соккон, «кидать этет», «аял эркек боксташат» деген жаргондуу сүйлөмдөрү бар, «көт», «куйрук» ж.б. толтура нецензурный сөздөр бар, «Алпагай кызга салпагай күйөө» ж.б. кызыктуу аталыштагы үзүктөй-үзүктөй чоң материалдар келди. Автору кийинки жылдары «Коломто» берүүсү аркылуу калың элге таанылган Өзбек ажы Чотонов экен. Чоң материал беттин баарын ээлеп, кызыксыз болуп калат эмеспи. Ал макалаларды Султан аке «Мини юбка жана мнимый рахат» деген сыяктуу майда темаларга бөлүп жайгаштырып, аябай кызыктуу кылып жасап салчу. Эгемен Кыргызстандын тарыхында Султан Раевчелик дүйнө кыдырган журналист жок болуш керек. «Түндүк уюл менен Түштүк уюл калды окшойт мен барбаган» деп Акимович өзү тамашалап калчу. Кээде кайсы бир чет өлкөгө кетип, жумалап жок болуп кетчү. Ошондо Раевдин жоктугун гезитти барактап туруп эле байкасаң болор эле. Темалар сумсак болуп, окурманды азгырып турган материалдар азая түшчү.

Султан акенин унутчаактыгы, баскан-турганы өзүнчө эле бир комедиялуу чоң китеп. Бир күнү Жогорку Кеңештен чыксам, Раевдин кээде гана ордунан от алган, болбосо көбүнесе түртүп жүргүзчү тоодак көчүк «Мерседеси» турат. «А, шеф ЖКда турбайбы», — деп баса бердим. Редакцияга келсем Султан Акимович кабинетинде отурат. «Султан Акимович, бюрократ болуп кеттиңиз, кечээтен бери Сизге кире албайм», — деп Бакай Садыров бакылдап, башкалары күлүп отурушуптур. «Машинаңыз ЖКнын алдында турат ко?» — десем, Султан аке катуу чочуп, «А, ошоякта турабы? Докенин машинасы менен баса бердим эле. Унутуп калган турбаймынбы! Ме, Бакбур, айдап кел!» — деп ачкычты Аленовго берди. 2002-жыл болуш керек. Султан Раев Улуу Британия ханышасына барып жолугуп келген. Ал окуя дуу-дуу кеп болгон. «Ханыша 9 миң доллар берди. 1000 долларына расса ойнодум. Калганына сонун машина алып минип алсамбы деп аттым эле. Кээде аялдардын башы жакшы иштеп кетет. Жеңеңин акылы менен «Көк-Жардан» бир бүтө элек особняк алып койдум», — деп күлдүрдү эле Султан аке. Раев менен Мамат Сабыровдун Аскар Акаевге киргенин Султан акенин өз оозунан уксаңар арманда калбайт элеңер

Баш редакторго жараша жамаатта да «апендилер» арбын эле. Ондон ашык чет тил билген полиглот, аскиянын акесин тааныткан Турусбек Мадылбаев бир кийимди 3 ай кийип, кийими да, өзү да эскирип кеткендей туюлчу мага… Менден мурун Базарбү деген эсепчи эже иштеп кеткен экен. Бир жолу чогулуш болуп ошол эженин маселесин карашыптыр. Жаркын Темирбаева эже (кийин «Азаттыкта» иштеп аты узун элдин учуна таанылды): «Бул Базарбү балдардын баарына ат койот. Мына Султанды «жетим» дейт. Ошентип бардыгынын эже койгон кличкаларын айтып келип, Турусбекти «маньяк» дегенин айтат. Тукең кебелбей туруп: «Эми эже маньяк десе маньякпыз да», – дептир. Кыраан каткы болуп калдык дейт. Жаркын эже «маньяк» сөзүнүн маанисин анча билбейт окшойт. Бул жакшы эле сөз окшойт, Турусбек терикпеди деп ойлоп, кайра Раевге кирип, «маньяк» деген эмне өзү деп сураганын Султан Акимович алигинче айтып жүрөт.

Түшкү тамак учуру болгондо 5 сомдон чогултуп Бакайды чуркатабыз. Ал нан, чайга бирдеме алып келет. Каткырып отуруп чай ичебиз. Ошол 5 сом да жок болуп калат кээде. Бир жолу Сооданбек Абылгазиев Мамат Раимжановдон 5 сом сурады. Мамат аке: «Ой, проблем жок, мына 5 сом. Биз экөөбүздүн ортобузда бир үйүр жылкы ары-бери жүрө бериш керек» деп туруп берди.

Бир сапар архивдеги фотосүрөттөрдү сортировкалап, папкаларга салалы деп калды редактор. Саясатчылар, губернаторлор, акимдер, ырчы-чоорчулар ж.б. деп бөлүштүрүп жаттык. Маматемин аке көп чочколордун сүрөтүн таап алыптыр. «Чочколорду акын-жазуучуларга коштук» деп элди күлдүрдү.

Эскере берсе сөз көп… Ошондо чогуу иштегендердин бүгүнкү күндө эң начары эле мен болушум керек. Султан Раев КР Президентинин кеңешчиси, 3 жолу Маданият министри болду. Кылыч Султанов Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит «Супер-Инфонун» кожоюну, министр болду, учурда Малайзияда элчи, Сооданбек Абылгазиев Кочкордо чоң фермер, Бакбур Аленов Президенттин пресс-кызматын чоюп жүргөндөй болгон, Бакай Садыров Талас облустук ИИБ басма сөз катчысы. Турусбек Мадылбаев чоң жазуучу болуп, КМШдагы абройлуу сыйлыктардын баарын алып, ана-мына Чыңгыз Айтматовду кууп жетет деп отурабыз. Санап отурсак жөн жай жүргөн эч ким жок. Мага чейин жана менден кийин иштеп кетишкен Кубан Мамбеталиев, Үсөн Касыбеков, Мамат Сабыров, Айданбек Акматов, Жаркын Темирбаева, Мамат Раимжанов, Бекен Назаралиев ж.б. журналисттерсиз бүгүнкү кыргыз журналистикасын элестетүүгө болбойт.

Орус жазуучулары Гоголдун «Шинелинен» чыккандай эле, биз Султан Палвандын «Рухунан» чыкканбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *