№ 9

“РухЭш” сайтына абдан ыраазымын: өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыяланып турганына.

Апам дайыма эскертет: «Балам улук болсоң, чынчыл бол. Сабакты көп окуп, билимиңди өркүндөтүп, көп нерсени жатка билгендей бол. Эки жүздүү болбогун, денеңди, кийимиңди таза тут. Ар бир айтылган маселеге ойлонуп жооп бергин. Адамдар менен сөз талашпастан, сүйлөр учурду күт. Сөз кезеги келгенде чечен, чебер тил менен сүйлөгүн», — дейт.

“Илим кушу өзү конбойт колуңа,
Түшүп бербейт жатып алсаң торуңа.
Эмгек керек, окуш керек талыкпай,
Мына ошондо гүл төшөлөт жолуңа”.
К.Сыдыгалиева

Эзелтеден бери эле ата-бабаларыбыз өз эли-жери үчүн жан аябай баштарын канжыгага сайып коюшкан. Ата-Журттун ар-намысын баарынан бийик тутушкан: “Жоого намыс бергиче, ажалым жетсе өлөйүн, калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин”,- деп “Манас” эпосунда айтылгандай, ар бир инсан өз мекенинин патриоту болсо гана мамлекет гүлдөйт, өсөт, өнүгөт, күч кубаттуу өлкө болуп жогорулайт.

Жаш мага окшогон өспүрмдөрдүн өсүшүнө баа жеткис “Манас” эпосу сыяктуу асыл мурастар, элдик оозеки чыгармалар, санат-насыят ырлары, таланттуу инсандар тарабынан жаралган ар түрдүү жанрлардагы чыгармалар жана философ, акын-жазуучулардын айткан накыл сөздөрү дайыма кубат, акыл дем болот. Жаштыктын жалындаган өзүнүн жалыны бар, күчүңдү, акылыңды, мээнетиңди өнөргө арнап, адал эмгек өтөөгө эмне жетсин.

Мен да баатырдык “Манас” эпосундагы “Манас менен Кыз Сайкалдын сайышы” бөлүгүнөн иш-чараларда айтып жүрөмүн. О.э. дарактардын тамырларынан ар кандай нерселерге окшошкон адам сөлөкөтү, жылан, диназвор ж.б. таштардын коллекциясынан пирамидага окшогон, шарик, квадратик ж.б. жасагамын.

Бүгүнкү мезгил талабына ылайык, учурда кесиптер көп, ошонун ичинен мен өзүм сүйгөн, каалаган кесибимди туура тандап пайдубалын чыңашым зарыл.

Өзүм каалап, келечектеги эңсеп турган кесипке жетүү үчүн талыкпастан терең билим алуум керек. “Тил гана адамды бийик кылат” дегендей, билимдүү адам көп ийгиликтерге жетет. О.э. турмушумда өз жолумду туура тандап, өзүм үчүн, мени жалгыз багып чоңойтуп, ушул даражага жеткирген апамдын баа жеткис эмгегин, ден-соолугу чың болушун тилеп, мындан ары менин жакшы жетишкендигиме кубантып жүрсө деймин.

Мен ким болгум келет: Кыргызстандын жараны катарында кыргыз эли, жери үчүн өзүм кесиптик билим алгандан кийин кызматымды элимдин жакшылыгына арнаймын.

Ош шаарындагы №12 Кесипчилик лицей окуу жайынын жыгач устачылык боюнча кесипти аркалайын деп жүрөм. Окуумду жакшы окуп, жумушка орношуп, кыргыз элиме керектелүүчү буюмдарды жасагым келет. Жылдан-жылга элибиздин саны өсүүдө, ошол себептен көп кабаттуу үйлөр курулууда, кыргыз элиме мен алган кесибим боюнча кызмат өтөөнү каалаймын.

Мен Жакшыбаев Ырыскелди Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык округуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну, №52 “Кыргыз-Түрк достугу” атындагы таланттуу балдар мектебинин 9-В классынын окуучусу болом.

Сынактын ЖОБОСУ мында

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *