ЭСКЕРҮҮ

Кар жатпас кара Кочкордун тээ түпкүрүндө ызгаары бетти туурулткан, кара шамалы карартып, жайкы аптабы куйкалап жиберген, тоосунда кара доңуз (чөптүн аты), жака белинде шилбе, жайыты такыр болгону менен малга ылайык, боз адыр курчаганы менен коктусу ылдый коену куюлган эки тоонун ортосунда жайгашкан Кара Кужур өрөөнүндө Ак-Кыя деген айыл бар. Айыл аталганы менен жапан талдан башка бир бак аттуу жок. Буудайды мындай кой, арпа бышпайт. Бак-дарак оозуңан айлансын. Бүт турмуш малга байланган. Союз учурунда Маскөөнүн камсыздандыруусунда болчу деп айтышат. Чет бучкагын көрүп калдык. Ошол айылда орусту телевизордон көрүп, райборбор Кочкорго бир жылда эки түшүп, “Борбордон баланчанын баласы келиптир” десе, ал “шаардыкты” кокусунан көчөдөн көрүп калсак динозавр көргөнсүп өстүк.
Кийин акыл пештесек, мындай көрүнүш бизге эле эмес союз кучагындагы мал киндиктүү бардык айылга тиешелүү экен. Кадимки мыкты сүрөткер, ажайып жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Бригадир Кулжанбектин аңгемелери” дал ошол айылдын каармандары. Ал аңгемедеги каарман кошуна Кулжанбек, Рысманбет, биз сөз кыла турган Жолдошбек Зарлыкбеков агабыздын жездеси…
Алакандай айыл кумурскадай нерсени төөдөй кылып, пилди бит кылып коеру турулуу эмеспи. Бала болсок да кулагыбыз чалып калганы “Баягы Зарылбектин уулу Жолдошбек борбордо журналист болуп иштейт экен, элдин баары тааныйт экен” десе жаман акылымда биз кичинебизде көрүп чоңойгон кара шляпа, кара плащ кийип, ак волганын артында чалкалаган коммунистик активдерди элестетем. Ал журналист болсо анда тиги ак волга мингендерден да кыйын болсо керек деп коем… Бир күнү баягы “Зарылбектин борбордогу журналист баласы Жолдошбек келиптир” деп айыл дуу түшүп калды. Мындайда жөн жатчумунбу, уруп салып Зарылбек атанын үйүнө жетип бардым. Ал үй мен үчүн дайым ачык эле. Анткени, бир чети кошуна, бир чети Жокемдин кичүү карындашы Алтынай бир тууган эжем экөө ынак курбу болсо, мен иниси Баатырбек менен классташ элем. Барсам, үйүндө андай “динозавр” көрүнбөйт. Оюндун шылтоосу менен бир топ күттүм. Каш карайайын деп калганда бада тосмокко айыл ылдый кетип баратсам көчө ортосунда ал кездеги селсовет Окен байке менен ак куртка, ак жынсы, ак ботас кийип, жарашыктуу кара чачын артына силке кайрыган сулуучумак байке келатыптыр. Ичимен “Болду болбоду ушул жанагы киши” дедим. Чын эле “ошол киши” экен.
Мен Зарылбек атанын үйүн айланчыктап эле чыкпай калдым. Жокемдин апасы Билимбүбү апа табиятынан балага жакын, өз балдарына эмес кошуна балдарга да жаман сөз оозунан чыгарчу эмес. Короосунда ойноп жатып шып эле үйүнө кирип кетем. Максатым – Жокенин сөзүн угуш. Жокем болсо күнк-мынк этип анда-санда бир сүйлөгөн киши экен, унчукпайт. Анысы албетте мага жакпайт. Уккум келген сөзүм борбор жөнүндө икаялар жана журналист деген ким? Суроо бергенге батынбайм. Ошол учурда келин кызды шолоктоткон, кемпир кезекти боздоткон Мексиканын “Богатые тоже плачут” деген сериалы жүрүп жаткан. Ал башталганда кадимкидей айыл турмушу токтоп калчу. Зарылбек атанын үйүндө баарыбыз үйүлүп алып ал кинону түшүнбөсөк да ички туюмубуз менен сезип, кызматчы кыздын кызыгына батып, эки көзүбүз “Рассветте”. Мен маал-маал Жокеме көз таштап коем. Ойго алаксып чалкасынан шып тиктеп жаткан Жоке биз жакты карай мыйыгынан күлүп, “Мен бул кинонун китебин окугам” деп баягы сериалдын башынан аягына чейин айтып салды. Телевизорду карабай эле баарыбыз Жокенин оозун тиктеп калдык.
Ал тургай кино кантип тамамдаларына чейин айтты. Жокенин ачылып сүйлөгөнү бир тең, окумалдыгы мен үчүн бир тең болду. Ошол учурда мага Жокеден өткөн билимдүү киши жоктой сезилди. Ошентип Жокем айылда эки-үч күн туруп кетип калды. Чамасы буулугуп кетти окшойт…
Тагдыр экен, журналист деген кесип ошол Жокемен улам мээге сиңип калганбы, Жокем окуган жогорку окуу жайда окуп, кийин кесиптеш, кесиптеш эле эмес коллега да болуп, бир редакциянын казанында кайнап калдык. Ал кездеги “Асабада” жалаң залкарлар иштешти. Мен бул сөздү тартынбай айтам. Кожоюну Мелис Эшимканов, Алым Токтомушев, Түгөлбай Казаков, Шайлообек Дуйшеев, Төлөгөн Карыкеев, Сүйүн Курманова жана менин айылдаш агам Жолдошбек Зарлыкбеков кыргыз журналистикасынын эгемен тарыхынын баштоочулары экенин, гезит күчү кубатуу экенин далилдешти. Редакция ичинде көп окуялар болот экен. Өзгөчө Жокем коштогон окуялар көп эле. Аны менин айтканым, жазганым орунсуз болор. Ушул жерден менин бир билген чындыгым – Мелис ага Эшимканов Жолдошбек Зарлыкбековго чыдады, Жолдошбек Зарлыкбеков Мелис Эшимкановго чыдады. Экөө тең бири-бирин кыйбай жашап өтүштү, чагымда.
Жокем адамга каймана ат коюп, кайра артынан ага аския чыгарган жагынан мыкты уста эле. Болуп өткөн окуяны көз менен көргөндөн көрө Жокенин оозунан уккан кызык болчу…
Жокебиз макалага көркөмдүк берип, кооз көйнөк кийгизген жагынан алдына киши салбады. Жазган макаласын мыйыгынан жылмайып гана окубасаң, мындай жөн салды окуш болбойт эле. Кадимки Осмонакун Ибраимов Индиядагы элчилигин таштап, 2000-жылы ал кездеги президенттик шайлоо алдында ажо Акаевге жардамдашып, анан убактылуу пресс-катчы болуп калган. Бир күнү “Асаба” гезитине “ынтымакта иштешели, урушпайлы, чокушпайлы” маанисинде макала жөнөтүптүр. Мелис байке ал Осмонакун Ибраимовдун макаласын гезитке берди. Кийинки номурунда ал макалага Жокем жооп жазды. Осокенин алп дирижер Асанкан Жумакматовго айткан “айтылуу сөзүн” мисалдатып келип, “этектин үзүгүндөй, жеңдин кесиндисиндей макаласы” деп бүтүрдү. Маселе Осокенин жазган макаласына жоопто эмес, Жокемдин жооп кайтарган макаласынын жазуу стилинде эле… Мен бул жерде ал макаланын актуалдуулугу боюнча эмес Жокенин жазуу стилинин мыктылыгын белгилегим келет.
“Бишкек Таймс” деген жакшы гезит бар эле. Бир ирээт филармониянын алдындагы күркөдөн алып, биринчи бетин карасам, Жокенин үч курсташы менен филармонияга орган ойногон кыздын концертине барышканы боюнча окуя жүрөт. Окуп алып кыткылыктап күлүп отурсам акын Бектуруш Салмагани “Эй, чечек, эмне күлүп отурасын?”- дейт. “Жокем сиз жөнүндө жазыптыр, ме окуңуз” деп колумдагы гезитти бере салдым. Бир сыйра көз жүгүртүп эле, “Ошол Жолдошбек байкеңе да ишенесиңби” деп, жылмайган бойдон кетип калды. Мааниси мындайча эле. “Орган деген инструмент бар экен. Аны алгачкы кыргыз кызы ойнойт. Ошону барып көрөлү деп, кечинде жумуштан чыгып жөнөп калдык. Фрунзе заводунда сабактан кийин иштечүбүз. Бутта керзи өтүк, кол кара май. Үчөөбүз. Мурун аты-жөнү Абдрахман Алымбаев болсо кийин демократиянын шарапаты менен атын адабиятташтырып алган Баяс Турал, аны туурап Таабалды атасынын атын чанып, Ноокаттын бир дөңсөөсүнө фамилиясын алмаштырган Бектуруш Салмагани…” Ушинтип башталып келип, анан баягы орган ойногон кыздын кыймыл аракетин, “аны түшүнүп, алаканы менен жаагын таянган ойчул Баяс Турал, чыгалычы деп чыдамы кеткен Бектуруш Салмагани, концерт бүткөндөн кийин орган боюнча талкууну” Жокем укмуш сүрөттөптүр… Ал макаланы окубаса бизге окшогон чоркоктор маанисин бузуп алчудайбыз.
Жокемди жогоруда айткандай жазганы да, бир окуяны айтканы да чоң жомок эле. Калп-чынын билбейм, бирок “Кулжанбектин окуяларынын” көбүн Жокем Кубатбек Жусубалиевге окуя кылып айтып берген деп жүрүшөт. Албетте, алп жазуучу Кубатбек Жусубалиев Кулжанбекке жолукканы чын, андагы окуяларга күбө болгону да чын. Ак-Кыяда бир эмес бир нече ирээт болгону да чын. Бирок айрым окуяларга Жокемдин “аралаштырмасы” кошулуп кетиши мүмкүн. Анткени Рай, Рысмамбеттер Жокенин жакын жезделери.
Жокемди журналистика жеп салды. Мен муну эми түшүндүм. Эгер баш көтөрбөй адабияттын арабасын тартса мыкты акын, мыкты жазуучу чыкмак. Анын илебин жазган макалаларынан улам билсе болот. Балким жазгандыр… Кол жазма катары калып, бирок өзүнүн кенебестигинен, жупунулугунан, жулкунбаганынан улам китеп болуп жарыкка чыккан жок. Поэзиясы да, аңгемелери да керемет болчу. Бул жерде адабият боюнча адис болбогондон кийин ар нерсени айтуу адепсиздик, ошентсе да, азыркы адабиятта жүрөбүз деп кур сөөлөт күткөндөргө караганда ат чабым алдыда эле.
“Айланайын бир кочуш эл бир кочуш,
мага милдет сени кылыш миң кочуш”. – деген Жокемдин эки сап ыры эске түшөт. Агабыз Жолдошбек Зарлыкбековдун элин канча кочуш кылганы, адабиятка, журналистикага кошкон салымы боюнча эскерүүлөр, изилдөөлөр кези келгенде айтылаар, жазылаар. Бирок бир билгеним, киндик каныңыз тамган алакандай Ак-Кыяны, жайыты кенен Жанчарды, Тилекмат Булакты, Түлкүбайды эч ким сиздей сүрөттөп бере албас. Кой кайтарып жүргөн кезиңизди, колхоздун чоң машинесин айдаганыңызды, Индия кинолоруна ашык болгонуңузду, китеп көрсөңүз Шодокондун бүркүтүндөй баса калган адатыңызды эч ким аңыз кылып сиздей жаза албасына бөркүмдөй ишенем… Журналистика чөйрөсүнө Ак-Кыядан аралашып жүргөндөрүбүз бар. Аттиң, Ак-Кыяны сизчелик эч кимибиз аңыз кыла албасак керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *