Депутаттан демилге

I
Кайран Мидикең айткан сөзү да,… өзү да,… кылган кылыгы да,… жазган ыры да легендага айланган кыргыз элинин залкар акындарынын бири. Биз анын кадырына жеттикпи, жетпедикби билбейм. Көзүнүн тирүүсүндө өзүнүн эмгегине тете бааланбаганы чындык, бирок элибиз дайым көкүрүгүнө көкөлөп, китепке кирбей калган ырларын ооздон-оозго атылып, эл оозунда аңызга айланган акындардын бири. Токтогул менен Тоголок Молдо, Нурмолдо менен Калыгул, кийинчиреек Мукай Элебаев менен Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев менен Алыкул Осмонов согуштан кийинки учурда Мидин Алыбаев менен Райкан Шүкүрбековго келип эл оозунда калган. Булар кеңсеге, китептин ичине гана батпастан ырлары көчөдөн-көчөгө,… үйдөн-үйгө,… айылдан-айылга,… шаардан-шаарга,… тоодон-тоого аралап кеткен. Ырлары эч бир эрежеге баш ийбей турган, тубаса акындардын бири. Өз өмүрүн минтип эки сапка батырган экен:
Ырым, сөзүм элге жетип баркталаармын,
Кылымдарды аттап өтүп сакталаармын.

Жакында Жогорку Кенештин депуттатары К. Рыспаев А. Шыкмаматов, Ж. Турускулов, А. Кулбараков болуп Мидин Алыбаевдин 100 жылдык мааракесин татыктуу өткөрүү боюнча жыл башында демилге көтөрдүк эле, маданият министрлиги тийиштүү камылгалар көрүлүп атканын кабарлады, эми эл журтубуз бул демилгени колдойт деп ойлойбуз.
***
Мидиндин өмүрү түгөнсө да ыры түгөнбөйт, булак суусундай чаңкатып келет. Сөз акындан мурун өлсө, анда анын биротоло өлгөнү. Сөз – уу,  сөз –ант, сөз – бата, сөз – ок, сөз – каргыш, сөз – музыка, сөз – тирилтет да, өлтүрөт. Ал эми Мидин Алыбаевдин сөздөрү – бермет, ырлары – шербет, кылыктары – легенда. Балким Мидиндин бүт ырларына обон чыгарса болчудай.
***
Бешик жасагандар менен табыт жасагандардын жашоодогу озуйпасы таптакыр эки башка… Мидикең болсо ошо бешик жасагандар үчүн бешик ырын жараткан жаратман.
II
***
Сөз менен обондун касиетин караңыз, Израилдин мурдагы премьер-министри эс-учу жок (комада) жатып калганда ага чыныгы патриот инсан эле деп еврей элинин гимнин угузушса, кадимкидей көзүнөн жаш аккан экен.
… Ал эми орустун улуу ырчысы К.Шульженко катуу ооруп, эс-учун билбей жатып калат. Ошондо Иосиф Кобзон келип анын «Синий платок» деген ырын ырдаганда эсине келип сүйлөп ийет.
Мидин Алыбаевдин «Кереметтүү сен атасың – энесиң, Салыштырып сага ким жер теңесин» деген ыры да ошондой ооругандарды сакайта турган ырдын бири. Обону — керемет.

III
***
… Руху алсыз эл мамлекет куралбайт
… Байлык, акча, кыймылсыз мүлк эч убакта өлбөс — өчпөс, түбөлүктүү байлык болуп эсептелбейт.
Түбөлүктүү бу — руханий байлык гана.
… Жетим жетилет. Бөксө толот. Аз көбөйөт. Жоголгон рух гана кайрылып келбейт.
Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгын татыктуу өткөзүү мына ошо бөксөрүп бараткан кенемтени толтурганга барабар. Азыр биз Жогорку Кеңеште чек ара коопсуздугубузду көп айтабыз. Ал эми Мидин Алыбаев көзү тирүү болбосо да ырлары менен кыргыз элинин руханий коопсуздугун коргоп келет. Ал ак кар, көк муз баскан Ала-Тоонун рух чек арасында түбөлүк күзөттө турган жоокер сындуу. Ал бийиктикте гана.
Анын паска жүргөнүн эч элестете албадым.

IV
***
Окумуштуулар иликтеп чыкса төрт динде тең, (Христиан, Иудаизм, Буддизм, Ислам) баталар бирдей 8 герц энергия берет экен.
Менимче, кыргыз элинин байыркы баталарындагы энергия да бир топ герцке тете келет болуш керек.
Ымыркай көз жарып бешикке бөлөнөт, … бешик ыры ырдалат, … бала чоңоюп ойнойт, … айтып ырлары ырдалат, … бой жетип сүйүүгө мас болот, … ашыктык ыры арналат, … талаада эргин сепсе да, … тоодо жылкы кайтарса да («оп майда» «жылкычынын ыры» ж.б. ) ыры жанында, анан ичээр суусу бүткөндө да соңку ыры – кошок менен узатылат.
Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин бөт өмүрүн ыр коштогон дүйнөдө кыргыздай дагы башка эл бар болду бекен.

V
***
Анда эмес быйыл «Адеп, Ыйман жана Маданият» жылында алп акын Алыбаевдин 100 жылдыгын анын талантына татыктуу өткөзөлү.
Мындан көп жыл мурун Мидин Алыбаевдин кызы сүрөтчү Зарема эже менен бирдге улуу акындын ырлар жыйнагын чыгардык эле. Эми Мидикеңдин асыл жоруктарын жыйнап, чогултуп чыгарсак бир алгылыктуу иш болор эле.
…Депутат демилгесин айтсын, …Өкмөт өктөмдүгүн көрсөтсүн, … аким, губернаторлор тийиштүү иш — чарасын көрсүн, … колунда барлар кошумчасын кылсын, … акындар ырын окуп, … таланттуулар обонун созсун, … төкмөлөр айтышып, … көк-бөрүчүлөр улак тартышына даярдансын да, … карапайым элибиз бир кумардан чыгып, ар бирибиз таңдайга Мидиндин жок дегенде эки сап ширин ырын салып алып тамшанып жүрөлү.
Мидикеңдин арбагы бир козголуп алсын.

Төмөндөгү ырлары не деген керемет.

СӨН-КӨЛ

Шарпылдап шаңы чыгып толкуп ташкан,
Жээгине жайкай түшүп көбүк чачкан.
Ай Соң-Көл! Кызыгыңды унутамбы?
Калдайган колхоз малы баш адашкан.
Тамшаткан тамашаңдан чыккым келбей
Тарыхта тагы калган Тулпар таштан.
Кылааңда кымыз ичип өмүр сүрсөм,
Кыз-келин аймалашып ойноп күлсөм.
Суугуңа, ысыгыңа ыраазы элем,
Жай-кышы жан-жакаңда жашап жүрсөм.
Картайып жедеп жашым жеткен кезде,
Жаныңдан жайын тапса менин мүрзөм.
Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап,
Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап,
Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды,
Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап.
Берилип, куштар болуп, жедеп сага,
Кээде, шат, кээде мени алат санаа.
Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,
Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана…
Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап,
Мелтиреп кадимкидей көктү карап,
Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесмин,
Болжошту айтыш кыйын атаганат…
Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,
Эскирген сары кагазда ырым калат.
Тынчыбай ойго кеттим удургудум,
Калкыгын үстүңдөгү булутуңдай,
Элесиң эске түшсө, элжиретсе,
Канткенде кайрат кылам улутунбай.
Бул ырды жаздым Соң-Көл калсын үчүн,
Карааның көз алдымдан унутулбай.

АЛА-ТООГО
Кереметтүү сен атасың-энесиң,
Салыштырып сага ким жер теңесин.
Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө.
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи
Шыктанамын, минип кыял кемесин.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай сонун немесиң?!
Качан жүрөк кагышынан танганда,
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң…
Өс алтын тоо! Өзүм өскөн турагым,
Уяң болбо улуу жолуң улагын,
Жымың-жымың жылдыз болуп жылжысын,
Канга дары, каштай тунук булагың.
Ай ааламдын мунарасы болуп кал,
Аз калса да асманга тий турбагын!
Ээрчий берсең, бир сонунга жетесиң,
Улуу орустун Волга менен Уралын.
Улуу орустун Волга менен Уралын…

САГА
Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,
Көпкө жүрдүк бак аралап айланып.
Бир мезгилде мындай сунуш киргиздин:
«Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…»

Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сундуң, коштошучуга окшодуң.
«Эсен тур» — депо ң колумду бек кысып,
Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.

Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.
Ошол түнкү бир учурдун жаштыктын
Көпкө чейин ойлоп жатып уктадым.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *