Окурмандарыбызга Жалал-Абад облусунда денсоолукту калыбына келтирүү боюнча практикалык иштерди жүргүзүп келаткан «Учур» борборунун жетекчиси Өмүрбек Жалиловдун маегин сунуштайбыз.
– Учурда кайсы шаар же кайсы бир эл жыш жайгашкан аймактарда болбосун, негедир көзгө дары-дармек саткан жайлар көп урунат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Бизде эң жаман жери – элге кантип денсоолукту калыбына келтирүү керектиги жөнүндө практикалык системалар жок. Элдин көпчүлүгү ашыкча маалыматтарга психологиясын ууктуруп алган. Алган маалыматтар аң-сезимибизде мусор катары калып кетет, иштеткенди билбейбиз. Догматизм, фанатизмден арылыштын системалуу программасы жок.
– Сиз айткан ал система кандай иштерди жүргүзүшү керек?
– Туура практиканын негизинде адамдын аң-сезиминдеги фанатизмден, догмадан, жалган түшүнүктөрдөн башыбызга толтуруп алган керексиз маалыматтардан бошотуунун үстүндө иш алып барышыбыз керек. Ошондо адамда чоң өзгөрүүлөр болуп, жандүйнөсү эркиндикке чыгып, ашыкча түшүнүктөрдөн, жан кыйнаган, айыкпаган оорулардан кутулуп, адамда чоң өзгөрүү, жандүйнөсүндө тынчтык пайда болот.
– Ал эмне болгон тынчтык?
– Өмүрүндө алма жебеген адамга алманын даамын, жытын түшүндүрүп берүү мүмкүнбү? Жок. Андыктан практикалык иштен кийин аны адам өзү түшүнүп алат. Биздики практикалык иш болгондуктан теориядан башы чыкпаган адамдардын көбү бизге келгенден кийин гана көп нерсеге түшүнгөнүн моюнга алып келатышат. Андыктан практика түрүндө иш кылууну каалабагандар гана өз чындыгын китептерден издей беришсин демекчимин.
– Тунуу (медитация) маанисине кененирээк токтоло кетсеңиз, анын касиети, сыры эмнеде?
– Кудай-таала адамга айыктыруучу күч, коргоочу күч, сактоочу күч, байлык, бийлик, кут, бакыттын баарын буюрган. Жана денебизде ошол күчтөр турат. Адашуулардан улам адам ойлоп тапкан закондорго байланып, табийгаттан ажырап, ич тарлык, көралбастык, арам ойлордон ж.б.у. с. адамдардын клеткалары жабыркап, жогоруда айтылгандай өзүбүз ээлик кылган табигый мүмкүнчүлүктөрдөн ажырап калабыз. Биздин аракет практикалык иштин негизинде ушул айтылгандарды калыбына келтирүү. Кудай адамга бакыт, дөөлөт, кут, денсоолук, мээримди ар бир секунд сайын берип турат жана бере бермекчи. Биз туура эмес кылган иштерибизден улам тулку боюбуз ууланып калгандыктан – Кудайдын бизге көз ирмем сайын берген энергиясы өтпөй калат. Мына ошондон улам баардык оорулар да, кыйынчылыктар да пайда болот.


– Сиздер негизинен кандай ооруларды айыктырып келатасыздар?
– Биз эч кандай ооруларды айыктырбайбыз. Бизди ушулар гана айыктырат экен деп борборубузга чоң үмүт артып келгендерди кабыл албайбыз. Себеби биздин борбор өзүн өзү айыктырууну, калыбына келтирүүнү үйрөтө турган практикалык борбор. Биздин аң-сезим, көкүрөк, жандүйнөбүздү кысып турган негативдүү күчтөрдөн бошотор бир гана нерсе бар, ал – медитациянын касиеттүү сыры. Муну кыргызча жалпак тилге салып айтканда – аң-сезим, жандүйнөбүздү тундуруу, тазартуу. Маселен сиз чаңдаган булак сууну өз жардамыңыз менен тундура аласызбы? Жок. Булак сууну тынч койсоңуз, ал өзүнөн өзү тунат. Адам жандүйнөсү деле чаңдаган булактай, тек гана аны тынч абалда калтырган учурда гана булак сыяктуу тунарып баштайт. А адамдын жандүйнөсүн тунук абалга жеткирген касиет бир гана медитация жолуна салуу. Бирок ал абалга жетүүнүн сырын ар ким эле өз алдынча өздөштүрө албайт. Кээси медитация тууралуу түрдүүчө адабияттарды окуганы менен бирок ага кимдир-бирөө практикалык жолун көрсөтүп бермейин, медитациялык абалга оңой менен кире албайт. Биз ал абалга гипнос же бакшылык ыкмалар менен да киргизбейбиз. Болгону, узак сааттар бою тунуу абалына шарт түзүп беребиз жана медитациянын бир нече ыкмаларын үйрөтөбүз. Ошол эле учурда күнүмдүк тамактануу нормаларын катуу көзөмөлгө алып, бизге дарыланууга келген оорулуунун ичкен-жегенинен өйдө катуу көзөмөлгө алабыз. Себеби бул чоң маниге ээ. Анткени адамды ныксыратуучу тамак-аштар абыдан көп, анын баары медитациялык абалга жетүүгө эбегейсиз тоскоолдуктарды жаратат. Андыктан бизге келгендердин соргоктугун тыйдырып, организмди тазалап жеңилдетер азыктарды гана жедиребиз.
Жогоруда бизди ушулар гана айыктырат экен деп борборубузга чоң үмүт артып келгендерди кабыл албайбыз дегеним да ошондон. Кудай-таала ар бир адамга айыктыруучу күч, коргоочу күч, сактоочу күч, байлык, бийлик, кут, бакыттын баарын бекерден бекер буюрган эмес. Биз ошол ачкычты гана дартына дабаа издеп келген оорулуулардын колуна карматабыз.

Маектешкен Саламат КЫДЫРМЫШЕВА

P.S. «Учур» борборуна байланышууну каалагандар береги номурга 0778 725 003 чалсаңыздар болот жана ушул шилтемеден да маалымат ала аласыздар…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *