Тили менен дили бирге түрк дүйнөсүндөгү көп улуттардын ичинен Ата Журту үчүн жүрөк оорутуп, элинин эртеңкиси деп түйшөлгөн Улуу Турандын уулдарынын катарында Мустафа Шокайдын ысымы кол жеткис бийик бойдон кала берээринде калет жок.

Ашынган кызыл коммунисттердин өктөм саясатына тушугуп, келечек идеяларын ишке ашырыш максатында жанын аман алып калууга жандалбастап, ата-бабасы көрмөк тургай атын укпаган Франциянын Ножан калаасында башпаанектеп, мекенине болгон сагыныч зардабынан өмүрү өткүчө кусадар дартка чалдыккан Мустафанын пешенесине сызылган жазуусу чынында эле өтө оор болуптур. Эгер, агартуучунун өмүр таржымалына аңдап-үңүлгөн болсок, аны тагдырдын боройлоп соккон бороону туш келди жерде тентитип, жалаң өкүнүч менен кусалыкты, ыза менен арманды, сагыныч деген сары оорудан ченебей бергенине күбө болосуң.

Буга дейре Мустафа Шокайга «чыккынчы», «пантуркист» деген жалган жалаалар тагылып, көзүбүзгө мокочо көрсөтүлүп келген болсо, бүгүнкү күндөрдө анын эмгектери жарыкка чыгып, акырет сапарга ат башындай арман менен кеткен Берлин шаарындагы көрүстөндөрдүн бириндеги мүрзөсүнө эстелик тургузулуп жаткандыгы эмнени каңкуулайт. Көрсө, «шибегени капка ката албайт» экенсиң. Чындыкты чыркыратып көмгөн менен эртеби-кечпи мезгил деген улуу соттун өкүмү акыры оң жагына оойт тура. Тарыхты ой-келди бурмалашкан тоталитардык системанын айыбы ачылып, жүзү каралык менен жасалган иш-аракеттери ачыкка чыгып олтурат. Кандай болгон күндө да, Мустафа Шокай Орто Азия элдеринин ичинен чыккан туңгуч агартуучу, орустун оторчулук-колониалдык бийлигине жаны ачып күйгөн, Сталиндик бийликтин зулумдук менен жүргүзгөн саясатына каршы туруп, чындыкты көзгө сая көрсөткөн кайратман эр азаматтардын катарында кала берээрин мезгил өзү ырастады.

Мустафа — Казакстандын Кызыл-Ордо дубанына караштуу Акмечит деген жергесиндеги Аулие-Тараңгыл деген айылында 1890-жылдын 7-январында (эски жылнаама боюнча 25-декабрда) бай-манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Шокай казактын Орто Жүзүндөгү илим-билимге умтулган беделдүү бийлердин бири болгон. Ал эми Мустафанын чоң атасы Торгой Хива хандыгы тарабынан сый-урматка татып, «датка» ысымына дейре көтөрүлгөн. Мустафанын таятасы да өзбектерге каршы согушта бүтүндөй дубанга эчендеген эрдик жасап, алп көкүрөк атанган баатыр адамдардан эле. Орус баскынчыларына каршы согуштарда өз мекенин коргоого Мустафанын энеси Бакты да атасынын кашынан чыкпай кол-кабыш этип, ар дайым жанында жүрүп ажалдан тайманбаган жүрөктүү кыздардын катарына кирген.

Орус төбөлдөрү ал кездерде Шокай бийдин айылындагы ак эмгек менен күн өткөрүшүп, жаздан күзгө дейре жер менен тытынышып эгин эгишкен дыйкандардын буудайларын бир канча ирет тартып алышаар эле. Алтургай атасы Шокайдын үйүн мектеп кылабыз деп эки ирет талаага кууп чыгышкандыгы болочок агартуучунун жанына катуу батып, эгемендик деген нерсе эмне экенин эрте түшүнө баштайт. Энеси Бакты өлөң айтып, араб арибин тааный билген сабаттуу айымдардан болгондугуна байланыштуу Мустафа бешиктен бели чыкпай жатып окуу-жазууну мыктап өздөштүрүп, беш жашында домбрада кол ойнотконго жарап калган.

Акылы зирек баласынын билимин андан ары тереңдетиш максатында атасы Шокай айылынан бир аз узак Акмечитке алпарып, орус гимназиясына тапшырат. 1910-жылы генерал Самсонов жергиликтүү элдердин ичинен гимназияны аяктап, сабаты ачылган Мустафаны өзүнө тилмеч кылып жумушка алууну көздөйт. Билимин андан ары тереңдетүү максатында ал жумуштан баш тартып, Санкт-Петербургдагы университеттин укук таануу факультетиненде окуп баштайт. Мына ошол жерден Мустафа казактын көрүнүктүү уулдарынын бири Алихан Бөкөйханов менен таанышып, саясат менен алпуруша баштайт. 1914-жылы Алихан Бөкөйхановдун сунушу менен Мамлекеттик Думадагы мусулман фракциясынын катчысы кызматына дайындалат. 1907-жылдагы Орусиянын мыйзамына ылайык казак улутундагылар Думада депутат болуу укугунан айрылган эле. Ал эми Мустафанын мына ошондой жагдайда Думада мусулман фракциясынын катчысы кызматы менен шугулданганы казактар үчүн бир топ аброй алып келген.

1916-жылы Түркстан элдеринин башына алаамат түшөт. Азаттыкты эңсеген эл улуттук боштондук үчүн жан аябай салгылашып, жүз миңдеген жандар набыт болду. Орто Азияга алааматтарды үйгөн падышалык өкмөт аеосуз мыкаачылык менен кырып-жойгон жүзүкара иштерин жаап-жашырып атышты. Айрым бир демократиялык топтор оппозиция курамын түзүшөт. Анын катарында депутат, эсер, бир кездеги чогуу билим алган курсташы Александр Керенский да бар эле. Орто Азиядагы алааматтарды өз көзү менен көргөн Мустафанын жанына калк кайгысы катуу батат.

Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда эмгек талааларына айдалып, Пенза, Сызрань, Самара, Санкт-Петербург өңдүү орус калааларында тил билбей шору катып сенделген мекендештерин өз өлкөлөрүнө кайтарууга Мустафа зор салымын кошуп атты. Мустафанын тагдыр жолундагы зор бурулуш 1917-жылдагы февраль революциясы болду. Бир кезде чогуу окуган А.Керенский такка олтурганын угуп, анын кабылдамасына башбагып көрөт. Жакын курбусун көрүп сүйүнгөн Керенский жетине албай:
— Мустафа, менин убактылуу жүргүзүп жаткан бийлигимди колдоп, жардамчы бол! — дейт.
— Сенин бийлигиңдин убактылуу аталып жатышынын өзү мага жакпай турат! — дейт Мустафа жооп кайтара. Азил-кепти түшүнгөн Керенский:
— Юстиция министри болуп, кызматка олтур! — деген экен. Ага анчейин назары түшө бербеген Мустафа өз өлкөсүнө барып жаңы бийлик түзөөрүн, ага көмөк көрсөтүшүн өтүнөт. Курбусунун өтүнүчүн кабыл алып, жолго узаткан экен Александр Керенский.
Алихан Бөкөйханов менен бирдикте бүтүндөй түрк тилдүү улуттардын «Алаш ордо» уюмунун туусу алдында биригишин Орто Азия элдерине жар салышат. Ошентип Мустафа уюмунун Кокон шаарында Түркстан өкмөтүн түзүп, жаңыдан ишке киришкенде Ленин такка келип, бүтүндөй Түркстан аймактарын кызыл большевиктер тинте башташат. Большевиктердин калк башына аёсуз салган бүлгүнүнө туруштук бералбаган Мустафа качып-бозуп жүрүп Иргаш корбашынын колуна туткун болот. Ал учурда бүтүндөй Орто Азияны каптаган большевиктик аскерлердин ичинде колуна курал кармап эсиргендери тоноочулук менен алектенишип, шектүү деп киши өлтүрүүлөрдү уюштурушуп, алтургай аялдарды зордукташканга барышкандарын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Кийин бир канча күндөр бою Иргаш корбашынын көрсөткөн кордуктарын эске салып: «Бир боорум деп дос туткан калктардан запкыны көрүп, көңүлүм кайт болуп турат. Ошентсе да өз айланасынан башка жер, сарттан башка эл көрбөгөн зулумдардын мага карата кылган жамандыгы үчүн бүткүл сарт калкын айыптап, аларга көө жапкандан алысмын!» — деп жазган күндөлүгүнө.

1918-жылы Мустафа Ташкент калаасында кызылдардан өз жанын арачалап жүрүп, орус улутундагы Мария Яковлевна Горина аттуу опера ырчысы менен таанышып, экөө бири-бирине ашык болот. Бир канча ирет өзүн большевиктерден аман куткарып калган Мария ага өмүрлүк жар болорун түшүнүп, Мустафа ислам каадасы менен никелешет. Мариянын Мустафа үчүн далай азаптарга барып, өмүрдүн өрүн көздөй сапар алып, далай ирет турмуштун тузун чогуу татышса да, келечектен жаркын үмүттөрүн үзбөй, бири-бирине карата ыйбаа сезимдери өмүрлөрү өткүчө өчпөй таза сакталып калган жубайларга айланышкан.
1919-жылы Мустафа менен Мария Тбилиси, Баку өңдүү бир топ жерлерди жөө-жалаңдап басып өтүп, арып-ачып олтуруп Түркиянын Стамбул шаарына келишет. Ал жердеги тилектеш «туранчыл» өңүттөгү эски курбуларынан майнап чыкпаган соң, Германияга кетишет. Ал жерде да Мустафа жылуу кабыл алынбай, акыры жүрүп олтуруп Франциянын Парижге жакын жайгашкан Ножан деген шаарына отурукташат.

Дал ушул жылдарда Советтер Союзунан куугунтукталышып, Мустафа өңдүү тагдырга туш болгондор биргелешип, «Яш Түркстан» журналын жарыкка чыгара башташат. Журналдын редактору катары Мустафа он жылга чукул Советтер Союзунда жүргүзүлүп жаткан саясатты сынга алып, чындыкты жазып келген. Дүйнөгө кеңири таанымал айтылуу аалым, түрколог В.В.Радловдун 100 жылдыгына арналган «Яш Түркстан» журналына жарыялаган Мустафа Шокайдын макаласына көз жүгүртсөк, окурман:
«Радлов, кандай өңүттөн алып карабайлы — ал орус эмес. 21 жаштагы немис жигити Вильгельм Радлов 1858-жылы Россияга келип, орус академиясынын академигине чейин көтөрүлө алды. Ал өмүрүнүн акыркы саатына чейин (1918-ж.) немис бойдон калды. Орустар аны Василий Васильевич деп аташканы менен, ал өзүн Вильгельммин дей турган. Анын орусча сүйлөө речинде күчтүү немис акценти бар боло турган. Радлов эмгектеринин көпчүлүгүн немис тилинде жазды. Анын «Түрк улуттары калк адабияты» аттуу эмгеги немис тилинде жарыяланды. «Сибирь жана Орто Азия калктарынын этнографиясы» эмгеги алигүнчө орусча жарыялана элек. Мен Радлов менен 1910-жылдан бери жакшы таанышмын. Ага мени азыркы Кеңеш өкмөтүнүн академиги Самойлович тааныштырган эле. Радлов менден укук факультетин таштап, чыгыш таануу факультетинде билим алышымды сунуштап, көндүрө албай жүрдү.

Ооба, эгерде мен Радлов айткан жол менен кеткенимде балким, окумуштуу болуп чыгаар белем. Радловдун мага көрсөткөн зор урматын жана жеке катышымды эске алуу менен бирге ушул макаламды жазып отурам. Радлов орустарды жакшы көрбөй турган. Анын орустарды жек көрөөрү биринчи дүйнөлүк согуш маалында ачык-айкын болду. Ал Россиянын Германия менен согушуп атканына катуу нааразы боло турган. «Мамлекетин куруп берген немистерге каршы согуш ачкан доңуздар. Аларга илим жолун ачып берген да биз элек. Россияда түрк таануунун негизине да жол салган мен элем го. Эми неге минтип орустар менин Германияма каршы согуш ачып олтурат?» — деп кыжырлана турган. («Яш Түркстан» — 1937-ж. №94)
Канткен күндө да «Яш Түркстан» чет жерде жүргөн эмигранттар арасында зор кадыр-баркка ээ болуп, журналистиканын өнүп-өсүшүнө өз салымын кошо алган, өз үнү бар, калыстыктан тайбай саясый багытта сереп салган жападан жалгыз көзгө басар басылмаларга айланган: «Кеңеш өкмөтү делген Россиянын өзүндө партия кансырап, дипломаттары кыргынга учурап жатат. 1938-жыл эшигин ачты. Большевиктердин зулумдугу астында өмүр сүрүп жаткан тургундар өзүлөрүнүн башын өлүмдөн алып калыш максатында бири-бирин каралашып, бири-бирин сатып, колго салып берүүдө. Улут аралык катнаш, орус эмес калктар менен Россия арасындагы катнаш барган сайын чиеленишип баратат». («Яш Түркстан» — 1938-ж. №38)

«Орус шовинизминин тамыры тереңде жатат. Мен бул арада Д.Фурмановдун Жети-Суудагы большевик уюмдары туурасында жазган «Бүлүк» («Мятеж») романындагы кыргыздарга байланыштуу жеринен мисал келтире кетейин: Вилецкий: «Кыргыз? Алиги кыргыз каякта жүрөт? Сен мени кыргыздар менен теңештиргиң келип жатабы? Мени ким деп ойлойсуң? Мен алты жыл ордодо кызмат кылгам. Жок, мени кыргыздар менен бир катарга койгонуңуз жарабайт!» (1930-ж.219-б.). Көрдүңүзбү, маселе кайда жаткандыгын. Орус шовинизми, оторчулук саясаты күч алып турат. («Яш Түркстан» — 1935-ж. №35).

Жубайы Мария Яковлевна Шокайдын (Горина) кийин Парижде 1958-жылы жарык көргөн «Менин Мустафам» аттуу китебинде Франциядагы өткөн турмуштары туурасында төмөнкүчө эскерет:
«1929-жылдан баштап Мустафа «Яш Түркстан» журналын чыгара баштады. Бул журнал 1939-жылга чейин, бүткүл дүйнөлүк согуш башталгычакты чыгып атты. Германия Францияны басып алды. Өмүр сүрүү кыйындап кетти. Күн көрүштүн айла-амалын издеп, сатууга жарай турган колдо бар нерселерибиздин бардыгын саттык. 1941-жылы июнь айында Германия большевиктерге каршы согуш ачты. Мустафа Шокай да туткундалды», — деп жазат.
Эми ушул жерден Мустафанын андан аркы тагдырына сереп салып көрөлү. 1941-жылдын сентябрь айларында Ножан шаарындагы үйүндө аялы Мария менен бейкапар олтурган жерден гестапочулар үйүнө сүзө качырып киришет. Мустафаны эки желдет астына салып «Кампиен» лагерине айдап жөнөшөт. Немистик желдеттер Мустафаны англиялык «Интеллидженс сервис» деген уюмдун Германияга каршы чалгынчысы деп айыптап, бир ай чамасында түрмөдө камашат. Дал ошол түрмөдө жаткан жерден көптөн бери көңүлүн өйүп, ишке ашпай келген кыялындагы максаттарын орундатышты көздөп, бүтүндөй Туран элин тоталитардык эзүүдөн куткарыштын айласын издей, Адольф Гитлердин эң жакын тилектеш курбуларынын бири, рейхсминистр Альфред Розенбергге кат жолдойт. Катты колуна алган Альфред Розенберг Мустафаны «Кампиен» лагеринен бошотуп, маектешүүгө чакырат.

Мустафанын ою, немистик концлагерлердеги эзүүдө туткундалып жаткан орто азиялык аскерлерден легион түзүп, кызылдарга каршы согушка аттанып, Орто Азияны Сталиндик бийликтен куткарып калуу болчу. Анын мүдөөсү немистер үчүн да пайдалуу экенине көздөрү жетишкен Альфред Розенберг менен профессор фон Менде Мустафаны кубатташып, немис маркалары менен бирге курал-жарак, атайы лагерлер түзүп берээрин убада кылышат. Ошентип 1941-жылдын 15-ноябрында Берлинде алгачкы ирет «Түркстан легиону» түзүлүп, концлагердеги туткундардын Мустафанын ою менен макул болгондору эркиндикке чыгарыла баштайт. Алар үчүн немис аскерлериндей жеңилдетилген шарттар түзүлүп, лагерлерде аскердик окуулар менен алектене башташат.

1927-жылдары Германияга билим алуу үчүн Бухарадан аттанып чыккан Вали-хан Каюмов аттуу өзбек жигити Мустафа менен он жылдан ашуун тааныштыгы бар боло турган. Ал өз өлкөсүнө кайтуудан баш тартып, Германиянын атуулдугун алып, Берлиндеги Айыл-чарба институтун аяктаган. Гестапо дал ошол Вали-хан Каюмовду Мустафанын артынан атайы аңдытып, баканооздукка коюшкан. Вали-хан Мустафага жакындап, жаңыдан түзүлүп баштаган «Түркстан легионуна» өзүнө вицеликке алуусун жалынып-жалбарып өтүнө баштаган. Легиондун вице-президенттигине жеткен Вали-хан ага да алымсынбай: «Келечекте Германия Союзду жеңип ала турган болсо, Бухара шаарын ордо калаа кылып, бүткүл Орто Азия элин бириктирип бекем кармайм, казак менен кыргыздардан эзели хан чыккан эмес, хандыкты мына өзбек эли билет!» — деген арам ою тынч алдырып уктатпай түйшөлтө баштайт.

Лагердеги туткундар менен таанышуу иретинде Польшанын Легионово деген жеринде керелден-кечке тынбай кыдырышып, башы катуу чыңалып ооруп чыккан Мустафа: «Вали, башым сынып ооруйт да! Эмне болгонун билбейм. Алдыгы үкөкчөдө турган дарыдан бирди алып, сууга кошуп берчи!» — деп өтүнүп калат. «Кудай мындайды бербес, качанга чейин мунун жанында ак эткенден так этип кызмат өтөп жүрө бересиң? Жетишет, Вали! Сенин күнүң эми тууду!» деген оюна азгырылып, Вали үкөкчөдө турган дарыны алып ыргытып, чөнтөгүндө көптөн бери катылуу жүргөн дарысын кошуп ичирген. Бул күн 1941-жылдын 27-декабры эле.
«Түркстан», «Алаш» деп жашаган Мустафанын өмүрү ошентип домбра кылындай тырс үзүлүп, Берлиндеги көрүстөндөрдүн бирине коюлган.
???
Немистердин колундагы ур-токмогу болгондон, радиодон туткундарга кайрылуу жасагандан баш тарткан Мустафа он миңдеген туткундарды өз көзү менен көрүп жандан түңүлгөн. Лагерлердеги адам түгүл айбандын да колунан келбей турган немис аскерлеринин жырткычтык мамилелерин көрүп, аялы Марияга кат жолдогон: «Шейшемби күнү, штурмбанфюрер Гейбельддин жетекчилиги астында комиссия иретинде Берлинден Ганноверге сапар тарттык. Айта кетүү керек, согуш туткундарынын лагерлердеги акыбалы менин божомолумда мынчалык оор эмес деп ойлогом. Анткени алар Германияда дурус жайгаштырылып, башкарылып жатат деген үмүттө элем. Согуш туткундарына болгон алгачкы кездешүүм, лагерлердеги жагдай таптакыр башкача болуп чыкты».
Туткундардын адам үрөйүн учурган абалын көрүп туруп, жандан түңүлгөн Мустафа Германиянын бийлик органдарына кат жолдогон:
«Сиздер — немистер, өзүңүздөрдү Европадагы эң маданияттуу адамдарбыз деп санайсыздар. Эгер силердин маданиятыңар менин көрүп жүргөндөрүм болсо, анда мен да сиздерге туткундардын чеккен азабын көрүшүңүздөрдү тилеймин. Силер 20-кылымда жашап жатып, он үчүнчү кылымдагы Чыңгыз хандын жасаган зулумдугунан ашып түштүңүздөр. Маданияттуу калк экениңерди айтууга эч кандай негиз жок!» — деп СС офицеринин бирине катты табыштайт. Катты ачып окуган офицер: «пикирлериңди айтпай ак койсоң болмок, мунуң аша чаап кеткендик эмеспи?» — деген суроосуна:
— Эгер силер ушуга байланыштуу мага атуу жазасы эмес, асып салсаңыздар да каршылыгым жок. Мындай коомдо өмүр сүргөндөн көрө өлгөнүм артык. Бул коркунучтуу жагдайлардан кийин өмүр сүргүм да келбей калды», — деп жооп кайтарган.
Данияр ИСАНОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *