1500-жылдардын башында Европада Мартин Лутер аттуу киши биринчи жолу Христиандардын куттуу китеби Инжилди (Библия) немисчеге которду. Бул окуя Европада динге болгон көзкарашты толугу менен өзгөрттү. Коом динден узактакшкан сайын өзүн эркин сезе баштады. Анткени чиркөө, аристократ-монархтарды да башкарып, иштеп аткан саясый системаны жана экономиканы толугу менен колго алып алган болчу.
Лутер баштаган бул кыймыл динде реформа баштап жиберди. Адабиятта, искустводо, маданиятта адаттан сырт өнүгүү, эркиндикти даңгазалоо байкалды. Чиркөөнү жактаган тар көзкараштагы сколастик пикир жыгылып, ордуна позитив билимди жактаган пикирлер пайда болду. 1640-жылы Англияда монархия өз бийлигин жаңы чыккан буржуалар менен бөлүшкөнгө мажбур болду, 1789-жылы болсо Францияда революциядан кийин монархия толугу менен жок болду. Бул окуялар Европада Ронесансты баштатып, азыркы Европанын өнүгүүсүндө пайдубал тургузуп кетти.
Европанын өнүгүүсүндөгү негизги түрткүч, жогоруда да айтылгандай, сколастик (динди таңуулоо) пикирдин кулашы жана позитив билимдин жакталуусу болчу. Позитивизм, билимге белгилүү чектерди коюп койгондугу үчүн өтө тар жана чектелүү нерселерди гана ичине алат. Адабиятка позитивизмди биринчи ирет киргизген франсуз Агуст Комт болгон. Комттун позитивизминде “Түздөн түз сыналып көрүлбөгөн билим менен зат метафизикага жана теологияга караштуу» деп баса белгилейт. Кыскасы, бир нерсени түздөн түз сынай-далилдей албасаң ал билим деп эсептелбейт, мындайча айтканда, туура эмес деп саналат. Теология жана метафизика деген нерсени жокко чыгаруу же далилдене албагандыгы үчүн илимге кошулбайт. Заман өткөн сайын бул пикирде кичине өзгөрүүлөр болсо да, негизги ой алигече сакталып жүрөт.
Куантум физикасы менен кошо позитивизм модерн билимде чирип келген болсо да, позитивизмдин калдыктары социалдык жашоо тиричилекке эчактан бери кирип кеткен эле. Куантум физикасы заттын эң кичинекей партикулар позициасынын бар менен жок болуу арасындагы катнашты далилдейт. Ошондой эле зат болуп эсептелген эң эле кичинекей нерсе саналган партикулар – түзүлүштөрдүн, бар болгон физикасыз энергиялык ааламындан физикалык ааламга секирик жасай турганын ортого койду.
Негизинен, батыш өзүн өзү чириткен болсо да – бул метод Куантум физикасы позитивизмдин теориясы менен позитивизмди жокко чыгарды. Альтернативдүү жолдор менен да позитивизимдин канчалык туура түшүнүк экени талкууга алынат же демоде болгонун ортого коёт.
Позитивизмдин туулушу, “билим туура, ал эми дин туура эмес” деген түшүнүктү орнотту. Буга позитивизмдин кемчиликтерин көрсөткөн илимий далилдер коюлса да, идеологиялык баа менен караган көзкараштар бул чындыкты көрмөксөнгө алып келип отурат.
Европа караңгы доордо дин менен жашап, динди тутунган сайын артта калып келишкен. Качан гана динден оолактаган мезгилде, өнүгүү процесине жетишкени айкын. Ислам дүйнөсүндө тескерисинче, мусулмандар динден оолактаган сайын өнүгүү процесси жай боло баштаган. Анткени ислам дини далилденген эч бир илимий теорияга карама-каршы пикирди жактабайт. Ислам дин тарыхынын сахабалар, табийин жана тебеи таабийин делген алгачкы 300 жылдык доордо, ислам дини өкүм сүргөн баардык коомдор, ошол доордогу эң жетишкен, өнүккөн өлкөлөрдөн болуп эсептелген. Жада калса модерн билимдин пайдубалын түптөгөн көпчүлүк илимий кубулуштар ислам дининин алгачкы доорунда эле ачылган. Өнүгүү жалгыз гана дин же илим жолу менен болуп кетерине ишенгендер, инсандын табигый түзүлүшүнө терс мамиледе болушат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *