«Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал» дептир кыргыз. Абдыкерим байкебиздин күчүн кандай алып келатканыбызды сайтыбыздын туруктуу окурмандары байкап аткан чыгар. «РухЭш» сайты там-туң баскан жети айдан бери жалпы окурмандарды да, өзүбүздү да туура жол, туура багытка жетелеген авторлордун жардамы менен сапарын арытып келет. Болбосо биздин муратыбыз да бирди-жарым адамдын колунан келбеген мүшкүл экенин башынан эле туйганбыз.

Рухий багыттагы коом агартуу жолунда Абдыкерим Муратовдой таяныч-жөлөк болор авторлор болмоюн биздин дем-күчүбүз канчага жетмек. Француз философу Клод Андриан Гельвеций жакшы бир насыйкат айтканы бар: «Элиңе адилеттик кааласаң, чыныгы ниетиңди төшөп, кеменгер адамдар менен тилектештикти чыңда. Арийне, адамдардын табият буюрган көрөңгөсү аралашканда гана ошол коомдо ар дайым жалпы кызыкчылык жаралат». Йе, бали деш керектир эстүүнүн экметине. Бу жашоодо кеменгер акылмандар, көрөгөч көсөмдөр бирине бири рухий эш болуп бербесе, караламан калктын көргөн күнү не болор?..

Ар замандын эл эш тутар рухий кеменгерлери чыгарын турмуш өзү баамдатат тура, караң: коомчулук бир кезде Түгөлбай Сыдыкбековдун нуска кебин эш тутар эле. Түкөнүн керээттүү кеби, калкагар тоодой карааны болгон үчүн кийинкилер ошол кишиге пейил-куюн түзөнүп келишсе, кийин Салижан Жигитов, Кубатбек Жусубалиев, Ишенбай Абдуразаков, Мурза Гапаров, Алым Токтомушев, Талип Ибраимов сындуу коомго чындыктын тили менен сүйлөгөн, абийирдүү азчылык чөйрөнүн айткан-дегендери кыргыз көчүн түзөп, келечек сапарына ориентир болуп бергенсийт.

Аты аталган бул ысымдарды кепке кыстарган себебим, коомдун алдыңкы катмарынан чыккан саналуу адамдар гана улуттун рухий баалуулугун, моралдык соолугун дамамат какшануудан чарчабайт экен. Биз кепке илер Абдыкерим Муратов да жогоруда аталган асылдардын ордун басар нарк-нускасы бар, адабият, илим-билимге ызаат мамиле кылган зиялылардын алдыңкыларынын бири экенине жеке мамилемди билдиргим бар.

Учурда өз озуйпасынын ордун билип, өзү менен өзү жүргөн, өз колунан келген ишти жеберине жеткире аткарган адам чанда кездешет. Абдыкерим байкебиздин урку ошондой сейрек кездешер адамдардан. Эл агартуу жаатында болсун, илим менен адабият жаатында болсун – А.Муратовдун орду бийик. Адамдык парасаты жагынан да мен ушул аксакалды терең урматтап келем. Ыйкы-тыйкыны билбейт. Бу кишини чыгармачыл же илим-билимдүү саналган интеллигенция чөйрөсүндөгү «группировщиктерден» дайыма оолак жүргөндүгү үчүн да жакшы көрөм. Анткени интриганын очогуна от тамызган «группировщиктер» жазуучулар менен илимпоздор чөйрөсүнө толуп алышкан. Алардын караламан калкка жарыгы тийбей келатканы ошол. Ал бечаралар айыккыс дартка чалдыгып алышкан. Ал оору – мамлекеттик сыйургаалдар менен илимий даражаны сатып алуунун убарасы.

Эл көзүнө чычайып көрүнгөн алардын арасында Абдыкерим Муратовдой жөнөкөй, илбериңкилери чанда. Бу кишинин чыгармачылык жаатта өтө өндүрүмдүү иштеп келатканынын сыры эң эле жөнөкөй болсо керек, биринчиден: бу киши өзүнүн алтындай убактысын уюшулган «группировщиктерге» коротпой, кумурскадай күжүңдөп, өз жол-жүлгөсүн жакшы билет. Бирөөгө зыянын тийгизбейт. А зыянын тийгизчүлөрдөн оолак жүрөт. Жамбаштап жатканды сүйгөндөргө А.Муратов баарынан мээнетчил көрүнгөнүнө мен башкача өңүттөн карар элем: Абдыкерим байкебиз анчалык ашынган деле мээнетчил адам эмес. Тек, бу киши убакытты эң туура пайдаланган үчүн илимде да, адабиятта да мээнеттин дөөлөтү келерин терең түшүнгөн киши.

Эртеби, кечпи, ушул кишидей илим-билимге жан үрөп, ызаат мамиле кылгандардын эмгеги улут үчүн дөөлөт, мурас болуп кала берет. Агер өзү менен үзөңгүлөш жүргөн акын-жазуучу, илимпоз, окумуштууларыбыз Абдыкерим байкебиздей алтындай өмүр, алтындай убакытты туура пайдаланганда эле далай-далай тоодой эмгек жаратып, жамы журтка илим-билим, адабият деген түбөлүк дөөлөт курбайт белек, аттиң!

Азыркы кейпибиз менен ач элдин чоң курсак аткаминерлери же илим-билимдүү саналган интеллигенция чөйрөсүндө жүргөн «группировщиктер» өлкөбүзгө дүркүрөгөн өнүгүү алып келерин күтүүгө болбойт. Биз Абдыкерим Муратовдой замандаштарыбызды карап түзөнгөндө гана кыргыз көчүн оң жолго салып кетебиз. Анүчүн арбир кыргыз тукуму Абдыкерим байкебиздей алтындай убакытты салтанаттуу сайранга, маймайрамдарга коротпой, эл агартуу багытында кумурскадай мээнет кылганды билсек…

Ардактуу асыл агалык мамилеңиз менен сайтыбыздын сапарына тилектеш, санаалаш болуп келатканыңызга терең урматыбызды билдиребиз, Абдыкерим байке! Алтымыш жылдык маараке тоюңуз менен куттуктайбыз! Сиз ар дайым «РухЭш» сайтынын ардактуу авторлорунун бирисиз… Биз Сиздей асыл адамдардын, туруктуу авторлордун көмөгү менен гана тепкичтен тепкичке өсүп, байсал сапар уларбыз…

Олжобай ШАКИР

P.S. Кумурскадай мээнеткеч Абдыкерим Муратовдун калемине таандык чыгармалардын баарын УШУЛ шилтемеден толук таба аласыз, азис окурман!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *