АҢГЕМЕ

Баш кошуп, түтүн булатып, эки бакыр, бир тукур болуп жашай баштагандарына үч жылдын кары жааган бир кечте үйүн, үйүндөгү алданедей акнике аялын таштап баса берди ал. Анда-санда бир келген жакшылыктай жарк этти да, ошол бойдон кабар-отсуз жок болду. Келин сүйгөн жарын үнсүз күттү. Күнүн түнгө, түнүн күнгө алмашып күттү. Аккан жаштын дайрасында ала салып, же агып өлалбай, же чөгүп өлалбай, карагаттай каректерин кайра-кайра кароол кылып, кайыңдан өң-келбети кажыганча, кайгы-муңу карыганча күттү…

Ойгонору менен келиндин кош кареги телмирген терезеден кулап түшүп, үйдөн үч чакырым алыстагы жонго арта салынган жолду көздөй жарыша чуркар эле. Ал бечаралардын жол тиктеп жүрүп качан, кайсыл маалда келип үйгө түнөгөнүн эчким деле элес албай калчу. Ошентип жүрүп куруган келиндин көздөрү эле калды. «Келинди көрдүк. Келиндин көздөрүн көрдүк», «жолдо отурат» деп айтып келишчү ары-бери өткөндөр. Күндөрдүн бир күнүндө күтүүдөн чарчаган ошол келин дүйнө салды. Жайына коёр күн жакындаганда маркумдун жакындарынын чындап тынчы кете баштады. Өзгөчө эртең жерге берилет деген күнү ата-энесинин чыйпыйы чыгып кетти. Илгери малдоктур болуп жүргөн Маматты чакыртышты эле, ал «качанкы талгактын дарты бул, талкан ысытып баскыла» деп кеңеш берди. Талканды ысытып басышты, буга да болгон жок. Жылтыр кемпир келди, келери менен жылаңач кычкачты отко бөлөй салып, кычкач кызыл эт болгон табында чөөгүндүн бөйрөгүнө окшогон эки ууртун сууга толтуруп алып, экө көздүн как маңдайында күйүп турган темирди шырылдатып, бырылдатып, олбуй-солбуй түкүрүп чыгып: «Чай кайнам чүмкөлүү жатсын, чай кайнамдан соң өзүнө келет» деп а-да кетти, ага да болгон жок.

Жамандык жатчу беле, акыры өлгөн келиндин көздөрү жумулбай атыптыр дейт, денеден жан кеткен менен эки кареги кадимки тирүү кезиндегидей бакырайып тиктеп турат дейт, өлгөн адамдын көзү ушинтип ачылып калганын уккан-көргөн ким бар дейсиң, о кудая тобо, мындай тиришумдукту пендеңе бере көрбө деген өңдүү күбүң-шыбың сөздөр боз үйдөн чыгып, өлүк зыйнатына чогулгандардын кулагына да жетти.

Жанболот селт этти. Угары менен өлүк ээсине шашылды. «Ка-ап, мурдараак укпай, мурдараак укканда эмне» деп кейиди.

– Күйөө кайда азыр? Таба алабызбы? — деди ал, келиндин жакын туугандары топтошкон үйдө.

– Шаарга кеткенине эле он жылдай болду. Кайдан тапмак элек. Аны издегенден көрө самандан ийне издеген оңой эмеспи, таппайбыз! — дешти таккесе.

– Табыш керек! Кандай болсо да табыш керек! Аны таап келип, келинди тиктемейин каректери жумулбайт! – дегенде, угуп тургандардын эстери оой түштү.

Карачач ал күнү, анын аркы күнү да жайына коюлбады. Чабарман кеткендер шаарды коён жатагына чейин тинтип жүрүп, үчүнчү күн дегенде араң бир кезде акникелүү жарын таштап баса берген күйөөсүн таап келип, боз үйгө кийиришти.

Өлгөнүнө жети күн болгон Карачачтын аруу денесин кара жерге бергенге ыраа көрбөй, сүйгөн жарын, байкуш жарын, бактысыз жарын канча бир жылдар күткөндөн тажабай ачык жаткан көздөр тигил кирип келери менен жайнай түштү, жыргай түштү. Күн нурундай салаалаган кирпиктердин арасынан канбай тиктеп, талбай тиктеп балбылдаган каректер, алтыным, асылым, жалгызым, жаркыным, сени канча күттүм, денем көргө киргенче күттүм, эми ыраазымын» дегенсип, бир айланып алып, анан чарасына акырын батып кетти…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *