«Адам баласынын эң биринчи тарбиячысы – энелер».
Оливер ГОЛДСМИТ

Биз буга чейин «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандары арасында «Мыкты Эне» аттуу номинациянын жеңүүчүлөрү аныкталарын окурмандарга кулак кагыш кылып келген элек. Бул номанициянын жеңүүчүлөрүн аныктоо бизде эң эле жөнөкөй экендиги туруктуу окурмандарыбызга башынан маалым. Арийне, кайсы туруктуу окурман бөбөктөр үчүн жарыяланган «РухЭш» сайтындагы жомокторду өз балдарына үзбөй окуп келаткан болсо, мындан ары да бул саамалык улана бермекчи.

Биздин башынан бери көздөгөн максатыбыз жана мүдөөбүз – келечек муунду туура тарбиялоо багыты; жаштарыбыз жана өспүрүм курагындагы балдарыбыз өз ЭНЕ тилинде ою жетик, тили жатык тарбиялануусуна камылга көрүү; үйбүлө баалуулуктарын унутта калтырбоо экенин кайталап келебиз…

Заман шары миңдеген мекендештерибизди бөтөн жер, бөлөк элдердин арасында тирилик улоого мажбурлаган эгемен жылдарыбыздын аралыгында нечендеген көчөт балдарыбыз өз ЭНЕ тилинде ыр жаттап, жомок, тамсил угуу энчисинен айрылып келди. Аларга дөөлөттүү адамзат мурасын ЭНЕ тилибизде даңазалоо максатында «РухЭш» сайтын негиздеген элек. Мындай аруу максатыбызга тилектеш экенин билдирип, коомдук жана мамлекеттик саясый ишмер Темир Сариев кабардар экен. Темир Аргенбаевич бизди өзү кабыл алууга чакыртып, мындан ары «РухЭш» сайтынын гуманитардык багыттагы аракеттерин колдоого алып турарын билдирди…

«Сайтыңыздардын прогрессивдүү багыттагы мындай аракеттерине мен абыдан кубанычтамын. Андыктан мындан ары да ушул максатыңыздардан тайыбастан улуттук дөөлөт-мурас жана баалуулуктарды өстүрүүгө күч үрөй беришиңиздерге тилектешмин. Жана мындан ары карай «Мыкты Эне» номинациясын үзгүлтүксүз уланта беришиңизди каалаймын. Керек болсо мындай номинацияны ар бир квартал сайын өзүңүздөр аныктап турсаңыздар, а мен жеңүүчүлөргө өз колуман сыйлык тапшырууга чын дилимен даярмын. Себеби, Эненин тулку бою келишкен бир дарак болсо, балдар ошол дарактын сулуулугунан жаралган мөмө экенин Чыгыштын улуу акыны Саадинин айтканы бар эмеспи. Биз келечек муунду тарбиялоого өзгөчө көңүл бөлүп, балдарга жомок окуп өстүрүүнү улуттук идеология катары улантууга милдеттүүбүз», – деген жакшы тилегин билдирген экс-премьер министр «Мыкты Эне» номинациясынын жеңүүчүлөрүн «РухЭш» сайты өзү аныктап жарыялап турушубузду каалай тургандыгын билдирди.
Эмесе, буга чейин сайтыбызда жарыяланган жомокторду ар күн сайын чыдамсыз күтүп, бөбөктөргө окуп берип келаткан төмөндөгү туруктуу окурмандарыбыз мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин өз колунан кымбат белек-бечкектерди ала тургандыгын маалымдайбыз!
Алар: Айтбүбү Орунбаева, Жамиля Насирова, Рахат Асанбекова, Айнура Абдилазизова, Нурзада Рыскелдиева, Гүлзат Кудайбердиева жана Айнагүл Кашыбаева.


Албетте, мындан кийин да туруктуу окурмандар арасында «Мыкты Эне» номинациясынын жеңүүчүлөрүн аныктоону уланта бермекчибиз. Андыктан сайтыбызда жарыяланган дүйнө эл жомокторун окурмандарыбыз да өз балдарына же бөбөктөрүнө окуп берүүнү ар дайым унутпаса…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *