«РухЭш» сайты Энелерди куттуктайт!

Урматтуу асылзаада энелерибиз, эжелерибиз жана карындаштарыбыз! Баарыңыздарды Энелер майрамы менен куттуктоонун терең мааниси жатат. Себеби Жер Энеден кийинки көтөрүмдүүлүк касиетти Кудай таала бир гана Сиздерге берген. Бала үчүн Эне мээрими, чыдамкайлыгы, сүйүүсү чексиз.
Турмушта кээде «балам үчүн жанымды сууруп берем» деген энелердин айтканын угуп калабыз. Бул эмне дегендик?.. Биз муну Эне жөнүндөгү улуу притчалардын бири аркылуу туюнткубуз келет.
Бир бала өз энесинин бир көзү жоктугунан абыдан уялчу экен. Көз чырагы күйбөгөн адамда кайдагы сулуулук болсун. Жалгыз көздүү ал бечара башкаларга түрү суук көрүнгөндүктөн – аны жумушка алчулар да табылбайт. Жумушу жок жалгыз көздүү ал аял баласы экөө абыдан жакырчылыкта жашайт.
Баласы болсо өзү менен парталаш балдардын апалары мектепке келгенин көрүп «менин апам мектебиме келбесе экен» деп тиленчү экен. Себеби башкалардын энелери татынакай кийинип, сулуу көрүнөт. А өзүнүн апасычы?.. «Апам сокур экенин парталаштарым көрсө шылдыңга кабылам» деген коркунуч сезим менен жашайт.
Бир күнү ал баланын апасы мектепке кирип келет да, уулунун маңдайынан сылап, мээримин төкмөк болот. Бирок апасынын бир көзү сокур экенинен намыстанган бала: парталаштарынан уялганынан – жети өмүрү жерге кирип кетейин дейт. Уялганынан мектептен качып чыгат. Ошол күндөн баштап ал өз энесин жек көрүп да калат. Жек көрмөк тургай үйгө келгенде апасына минтип кыйкырат: «Ушундан көрө мен апасыз жетим болсом жакшы болмок. Досторумдун алдында мен сенин сокур экениңден уялып бүттүм», – деген эссиз баласы апасына катуу тарынычын билдирет. А Эне кургур үндөбөйт. Эч нерсе да айта албайт…
Жылдар өтүп, ошол жалгыз баласы шаарга билим алууга кетет. Окуусун жакшы аяктап, бактылуу үй-бүлө курат. Кызматтан кызматка көтөрүлөт. А бирок энеси жөнүндө таптакыр унутат. Себеби «Мен баардык ийгиликке өзүм жеттим. Апам мага эч нерсе берген эмес» деп жүргөн эле. Ал тургай өз ийгилигине өзү жеткенине сыймыктанчу экен.
Бир жолу анын үйүнө салпайып кийинген бир кемпир келет. Караса, бир көзү сокур. Көрсө, баягы өз апасы шаардагы уулунун үйүн таап келген экен. Бирок буга уулу кайдан сүйүнсүн. Тескерисинче, келинчеги менен балдарынын алдында – сырттан кирген сокур кемпир өз апасы экенинен уялат. «Ушул биздин чоң энебизби?» – деп таңгалган неберелери сокур кемпирден үрпөйүп коркушат, шылдыңдашат. Чыдабаган уулу энесин тилдейт: «Эми мени келинчегим менен балдарымдын алдында шерменде кылганы келдиңби?! Жогол, чыгып кет!»
Эне кургур бул жолу да үндөбөстөн чыгып кетет.
Жылдар өтөт. Карөзгөй уулу байлыкка тунат, кызматтан кызматка көтөрүлөт. Башкалар ага чарк айланып кошомат кылган пейил күтөт. Бир күнү ага өзү билим алган мектептен чакыруу баракчасы келет. Көңүлү шат мансапкор неме өз айлынын мектебине келет. Сыйга бөлөнөт. Бир кездеги киндик каны тамып, кири чайкалган үйүн карай буттары өзүнөн өзү сүйрөп жөнөйт. Эски үйүнө келсе, аны кошуналарынын баары тааныйт. «Энеңдин көзү өтүп кеткен. Бирок өлөрүндө «уулум келсе колуна берип койгула» деп аманатын тапшырды эле», – дешип, колуна кат беришет.
Катты окуса, минтип жазылган экен: «Аман-эсен жүрөсүңбү, кагылайын уулум?.. Мен сага бактылуу балалык турмуш куруп бере албаганым үчүн кечир. Сенин чакырууңду күтпөстөн шаардагы үйүңө келгеним үчүн кечир. Балдарың менин түрүмдү көрүп, жезкемпирди көргөндөй чочуганы үчүн да кечире гөр, каралдым. Алмончоктой келинчегиң, мотурайган татынакай балдарың бар экенине кубандым. Бактылуу турмуш курганыңа жетине албай сүйүндүм. Сен анын баарына өзүң жеттиң. А мен сага өмүрүмдө жакшылык кыла албадым. Болгону сага бир көзүмдү гана бердим. Ал сенин эсиңде да жок. Себеби сен кичинекейиңде ойноп жүрүп, көзүң агып түшүп калганда, бир көзүмдү бергенден башка эч бир чарам болгон жок. Сен андан кийинки өз турмушуңду өзүң куруп, эми минтип очор-бачар бүлөлүү болдуң. Менин кубанганым ушул, каралдым», – деп катын бүтүргөн экен.
Мына, урматтуу Энелер! Силер бала үчүн көзүңөрдүн карегин тургай, жаныңарды сууруп бергенден да аянбайсыңар! Бала үчүн Эне баарына даяр экени ушул эмеспи. Ал тургай канаттуу куштар да кандай жырткычтын алдында болбосун; балапандарын канатына калкалап айбат кылар улуу касиетке эгедер.
Ошондуктан бу дүйнөдө Энени кимдер гана даңаза кылбаган! Кайсыл диний китепте болбосун, кайсыл философиялык трактатта же пайгамбарлардын насыятында болбосун, баары, баары – Энелерди даңазалайт. Не бир улуу акындар, не бир улуу сүрөткерлер эч бир айтып бере алгыс касиет Сиздерде гана бар, урматтуу ЭНЕЛЕР!

 

2 Replies to “Бир көзү сокур эне жөнүндө притча”

  1. Өтө таасирлүү чыгарма, бул чыгарманы окуу менен, энеге болгон сүйүү дагы бийиктейт деп санайм.Ким каталык кетирсе, сөзсүз кечирим сурайт деп ойлойм.

  2. Өтө таасирлүү чыгарма, бул чыгарманы окуу менен, энеге болгон сүйүү дагы бийиктейт деп санайм.Ким калык кетирсе, сөзсүз кечирим сурайт деп ойлойм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *