Жазуучу жана сүрөтчү Үсөн Сарыбаевге кат

Үсөн иним!
Сенин, өзүңдүн жердешиң – доорубуздун чыгаан таланты, кайталангыс, бирок карапайым, бала кыял, наристе мүнөз булбулу Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык өмүрүнө арналган – «Эңсеген менин обонум» деген даректүү баяныңды окуп чыккандан кийин, кадыресе каниет алып, чыйрала түштүм.
Сенин ар бир сөзүң жүрөктөн өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, кыялымды көккө учурду. Рыспай менен кайрадан жолуктум. Ушул жалган дүйнөдөгү күнүмдүк көрөң-шөрөндөрдү унутуп, Рыспайдын гана Ааламында жүрдүм!
— 1963-жылдын майы эсимде бекем сакталып калды,- деп эскерет ошол кездеги кыргыз радиосунун чыгаан кабарчыларынын бири Кумар Жумабаев. — Опера жана балет театрынын көрөрмандар залында студенттердин жана жаштардын Бүткүл республикалык «Ала-Тоо жазы» фестивалы өтүп жаткан.
Күн ачык. Түшкө жакындап, ырчылар да суюлуп калган кез. Кезек Рыспайга жетип, анын ысымы аталганда, залда эл толо болсо да, эмнегедир шатыраган кол чабуулар болбоду. Анткени, ошонун алдында чыккан жаш ырчынын ыры да, үнү да начар болчу. Ошентсе да узун шыңга боюна ак көйнөгү жарашкан Рыспай аккордеон асынып, сахнада пайда болду. Буга чейинки аткаруучулардан айырмаланып, ал аккордеон менен…
— «Жаштар изденип жаткан турбайбы,- деп жандана түштүк. Сахнаны буга чейинки билген жигит окшойт, сүрдөмөк түгүл, кайра сахнаны көркүнө чыгарып, театрдын ичинде өтүп жаткан турмуш мурункусунан шаңдуу, сырдуу боло түштү. Баскан-турганы да элеттиктердей эмес — маданияттуу, маанилүү.
Микрофондун алдына келип, аны бир аз өзүнүн боюна чактап, бир аз өйдө көтөрүп алгандан кийин, азыр эле асманга учуп чыкчудай, залдын эки тарабына жалт-жалт көз чаптырды.
Анан шыңга боюна куп жарашкан аккордеонуна оң колунун шадылуу манжаларын басканга даярдап, клавиштерди эңкейе бир карап алып, кайра башын көтөрө чачын бир силкип чалкый түшүп, аккордеонун тартып кирди.
Капырай, ойкуп-кайкыган, оргуштаган, сыбызгыган аккорддор акырын эле басылганы менен, заматта баарыбызды арбап, кылым түпкүрүнөн күңгүрөнгөн комуз күүсүндөй, булуңга чөккөн таңкы булуттун шаңындай, гүлдөр козголгондой, алты айлык наристенин дабышындай — жүрөктү эзип, жүлүндү аралады.
Мунун артынан кандай керемет болорун биле албай, дымый түштүк. Анан обону да дал аккордеондун өзүнө окшоп кулактын курчун кандырган таза коңур доош жай күргүштөп, мейкиндеп барып, кайра тартылып жаңы илеп, жаңы шаң менен түрүлүп-түрүлүп шаркырап чыкканда, театрдын ичи жарылып кетчүдөй жаңырып турду.
Көкөлөгөн бул обон көктөн жерге түшүп келип, Жер-Энеден таканчык таап, бөлөк кыйырды баштап, эч кимдикине окшобогон башкача, өзгөчө толкуп-толкуп толгонуп, ээ-жаа бербей бийиктеп, заңкылдап, мөңгүлөрдү, аска-зоокаларды артка калтырып, алыскы-алыскы ажайып көк жайыкка таңшып-таңшып түшкөндөй болду.
Ай-ааламга чабак урган бул обондун акыркы, корутунду жаңырыгы да бөтөнчө эле. Бул үн адам пендесине кастарын тиккен баардык наадандыктарды жер бетинен сүрүп таштагандай, мындан кийинки жашообуз эч кыйынчылыксыз, ойдогудай, өз нугунда өтчүдөй, жандүйнөбүз тазарып, арууланып, эрип турдук.
Ыр бүткөндө козголорго шай келбей, элейе түшкөн көпчүлүк, бир кезде эстерине келе түштүбү, тура калышып жапырт кол чаап, ышкырып, жер тепкилеп, Рыспайды сахнадан кетирбей койду.
Бул канча убакытка созулганын айтып отуруунун бул жерде кереги жок. Ошондо алдыңкы катарда отурган калыстар тобу фестивалдын жыйынтыгын чыгарышып, биринчиликти Рыспай Абдыкадыровго ыйгарышты.
Ошентип биз Рыспай Абдыкадыровдун музыка дүйнөсүнө келген алгачкы чыйырына күбө болдук.
* * *
Ар бир обондун же ырдын жаралуу тарыхына токтолуп, Үсөн Сарыбаев мында да биз үчүн ары кызыктуу, ары сейрек архивдик фактыларды жандуу окуяга айландырып, кадимки сүрөтчүнүн көзү менен, чечендик сөзү менен минтип айтат: «»Алмашым» деген ыр жаралгандан эле бийикке талпынып, жаандан кийинки көпкөк тунук асманда өзүнөн-өзү жаңырып, желпинип, наристедей байоо, шүүдүрүмдөй таза ниет менен калкылдап учуп ашыгын издеп көрөт. Таба албайт. Ай-талаада жалгызсырап, муңкана дирилдеп, аягында үмүт үзүп, бирок кандайдыр салтанат-шаң коштоп, сүйгөнүнө жакшылык каалап, элеп-желеп болуп көктөн жерге тамылжып-тамылжып түшөт».
Чыныгы сүрөткер гана эзилип-эрип ушинтип жазат! Мында сөздүн керемети, сөздүн бойоктору чоң зергердин жүрөк отунан жаралганы көрүнүп турат. Анан ушул ырдын башкы каарманынын өз оозунан чыккан сөзүн сунуштайт: «1966-жылы Оштогу музыкалык окуу жайына тапшыруу үчүн даярданып жүрүп, Ош телевидениесинде режиссёр болуп иштеген Нурзина Сафина деген эженин үйүндө убактылуу жашап калдым. Ошол эженин Чолпон деген сиңдисинин Калыс аттуу курбусу бар эле, бир күнү:
— Сени Рыспайга тааныштырайынбы, ал сенин ырларыңа обон чыгарсын. Мен ага айтайын,- деди.
Айтыптыр. Бирок белгиленген жерден — институттун башкы корпусунан жолугушпай калдык. Себеби, Рыспай өйүздөгү эски институттун корпусу деп түшүнүп, мени ошол жактан күтүптүр. Анан Гүлнара деген курбум аркылуу чоң корпустан жолугушууну дагы белгиледик да, эң биринчи ошол жерде тааныштык. Ага чейин мен тогузунчу классты бүтүп, Фрунзеде жашап, Эл Чыгармачылык үйүндө иштеп, адабий чөйрөгө аралашып калгам. Ошол себептүүбү, Рыспай мени сыртымдан жакшы билээрин байкадым. Таанышкан соң экөөбүз күнүгө же күн алыс жолугуп жүрдүк. Обондору биринин артынан бири жаңырып элге таанылып калган кези.
* * *
Үй-бүлөсү менен ажырашып, өзү жалгыз жатаканада турарын айтты. Шаарды көп кыдырдык. Кечкисин бак аралап же киного кирип, андан кийин Акбууранын боюндагы мажүрүм талдардын түбүндөгү отургучтарда отурчубуз.
Ак сөөк, мырза чалыш мүнөзү бар, мени колумдан да кармабайт. Аргамжыны узун таштап, этият мамиле жасайт.
— Менин жерим — Ажике абдан кооз, абасы таза, барганда көрөсүң,- дечү. Анан ошол арада сааттай болуп Сабира деген кетментөбөлүк эже сөрөй жолугуп калбаспы:
— Ой, сен Рыспай менен эмнеге сүйлөшүп жүрөсүң? Ал канча кыздарды колунан өткөргөнүн билбейсиңби?! Кор болуп каласың! Кызыл камчылыгынан аялы кетип калган!
Ошол күндөн баштап Рыспай менен жолукканды токтоттум. Көп өтпөй Алай райондук элдик театрдын жетекчиси Мамат Жакыпов коллективи менен оюн койгону Ошко келип калды.
Ал агай менен Фрунзеде эл чыгармачылык үйүндө бирге иштегенбиз. Ошол киши мени коллективине көркөм жетекчи кылып кабыл алып, Гүлчөгө алып кетти.
— Окууңдан кам санаба, ал качпайт. Каалаган учурда өткөрүп коёбуз,- деди.
Ал киши сөзүнө турмак, бирок мен бир гана ай иштедим. Бүт район боюнча кыдырып, кайсы айылга барбайлы, мени алып качуу аракети күчөдү. Ошентип Кетментөбөгө баса бердим.
Рыспайга он эки жыл өткөндөн кийин Бишкекте, кыш айында «Кыргызстан» мейманканасынын жанында кокусунан жолуктум. Ал мага өтө нааразы болуп тиктеди. Ал-жайды сурашкан соң:
— Эмнеге такыр дайының чыкпай кетти? Гезит беттеринен издейм, жоксуң. Эми биротоло көрбөй калат окшойм деп чочулады элем. Эмне, ыр жазганды таштадыңбы?
— Турмушка чыккам. Ыр деле эске келбей калды,- дедим.
Экинчи жолу 1978-жылы Оштон жолуктум. Бир жыл өтүп, Бишкекте дагы ага жолуктура турган жагдайга туш болдум.
Жазга маал түш ченде бир иш менен «Саякат» мейманканасынын жанынан өтүп баратсам обончулар — Токон Эшпаев, Кудайберген Темиров, Рыспек Тасмаев турушкан экен, мени көрүшүп, басып келип учурашып:
— Рыспай ака да бул жерде, кириңиз, жолугуңуз,- деп калышты.
Концерт койгону келишкенби, баары чогуу бир бөлмөдөн орун алыптыр. Чай ичкенден кийин, Рыспай аларга минтти:
— Эми, азаматтар, силер сыртка чыгып, ары-бери басып келгиле. Алмаш (Чойбекова — ред.)экөөбүз беш-он жылда зорго бир жолугуп калып атабыз. Биз бир аз сүйлөшүп алалы.
Аларды кетирип, мени Рыспай балконго алып чыкты. Балкондун кырын таянып экөөбүз бетме-бет туруп, ал-жай сурашкандан кийин:
— Эмне баягыда Ошто такыр дайыныңды таптырбай кеттиң? Өлсөң өлүп калаарсың деп, сен ошондо мени кимге, каякка таштап кеттиң? Мени эмне болот деп эч ойлободуңбу? — деп эле, өксүп ыйлап кирди. Андайын мурда көрбөпмүн да, укпапмын. Мен аны сооротуп да, сүйлөп да атам:
— Сабира сени ашкан туруксуз, катынпоз, дебедиби?!
— Тиги күйөөсүнүн көзүнө чөп салган немеби?! Өзү деле оңгон жок. Ичкич болуп, көчөдө калды го.
Рыспай көпкө ыйлады. Элдин баары аны атак-даңктуу, ошону үчүн чексиз бактылуу деп жүрсө, ал эмне үчүн ошончолук өксүк болду экен? Айтуу кыйын.
1994-жылы 12-сентябрда ошол кезде Ошто иштеп жаткан раматылык Бекмамат Осмонов мени областтык ооруканага жаткырды.
Ошол күнү Рыспай кайтыш болуптур».
* * *
Үсөн иним, бири кем дүйнө деген ушул экен. Сен Рыспай акаң жөнүндө укканыңды уккандай, дандырдан жаңы эле чыккан ысык нандын илебиндей, өзүңдүн жалыныңды сүртүп керемет жазыпсың! Баары жөнөкөй, баары турмуштун өзүндөй. Бирок Рыспайды ким ыйлатты?..
Луи Арагон Чыңгыз агабыздын «Жамийласын» окуп алып таңгалгандай, мен да сенин Рыспай акаң жөнүндөгү баяныңды окуп алып, жашоого болгон кумарым ушунчалык артты! Сенин ар бир сөзүң сыйкырдуу, касиеттүү, керемет! Сен өз окурманыңды алаканыңа салып аздектеп, Рыспайдын махабатын өзүнүн музыка дүйнөсүнүн сырдуу, сыйкырдуу белестерин, биз көрсөк да көрө албаган белестерин алдыбызга жайып берип отурасың. Бул китепти көңүл кош, кайдыгер болуп эч качан окуй албайсың. Ал ар бир окурманын Рыспайдын дүйнөсүнө — махабат отунан тутанган музыка ааламынын сересине чакырып турат.
Художник, жазуучу — Үсөн иним! Сенин чеберчилигиңе, зергерлигиңе дагы бир жолу ынандым! Өзүң айткандай, дүйнө улам жаңыланып турарын, мыкты жаралган музыка өз доорунун адамдарына өтө жакын, балким, ошолордун өздөрү жөнүндө баяндаарын, алардын кыял-сезимин туйунтаарын карапайым элет адамдары кайдан билсин?!
* * *
Ошол жетимишинчи жылдын башында Рыспайдын Давлетке үйлөнүп, элден бата алганы айылга алпарганын да өтө чырайлуу жазыпсың. Ошол учурдагы мода болгон ак нейлон көйнөк да эсиңде экен.
— Рыспай, эми куш бооң бек болсун. Элден бата алып, туура иш кылып атасың. Өзүңдү да, ырыңды да сагындык. Бир нерсе деп, бизге төгүлүп бер эми.
— Корголдун Токтогулдун кызына арнаган ырын,- деди бирөө. Комуз алып беришти. Аны бир аз күүлөп, чертип көрүп айтты:
— Куш келипсиздер, ардактуу меймандарым, эли-журтум, санаалаштарым, туугандарым! Тагдыр экен, минтип үчүнчү жолу үйлөнүп отурам. Ушинтип эле жүрө берет экен деп ойлобоңуздар. Мен да акыркысы болсо экен деп, Кудайдан тилеп атам. Ата-бабадан калган салт – баарыбыз бала деп жашайбыз. Мен да тигилерде калган кыздарымды сагынам, эзилем. Бирок тагдырдын картасы, башка салганы бөлөк болот тура. Өмүрдүн максаты атак-даңкта эмес экен. Мен да бактылуу жашасам экен деп, бир келген өмүрдө ушундай батылдыкка барып отурам. Мурункуларда, эмне үчүндүр, элден бата алуу болбоптур. Эми түбөлүгүн ойлоп, сиздерди күбө болсун, батасын берсин деп, чакырган элем.
Эми Корголдун ыры жөнүндө көбүңүздөр билсеңиздер керек, ал киши Токтогулдун кызына таарынып, нааразы болуп, ушундай ыр чыгарган экен. Мындай жерде ырдала турган ыр эмес. Бирок суранып калдыңыздар, ырдап берейин.
Ырдап бүтүп, комуз менен коштолчу дагы эки ырды таштады…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *