АҢГЕМЕ

Аркайган чокулары асман мелжиген тоолордун койнундагы жыландай ийри-муйру чубалжыган жолдо жеңил машина сапар чегип, алга зыпылдайт. Машинанын арткы отургучундагы экөөн үн сөзү чаржайыт, баш-аягы жок. «Ак молдонун» таасириби, айтор, бажакташып, чечекейлери чеч. Чолуп айтышкан сөздөрүнүн маанисин түшүнүп болбойт. Кызууланып, кептен тажап коё турган түрлөрү жок.

Алардын сөздөрүн Касым гана этибар албай терезеден сыртты ойлуу карайт. Санаасы санга бөлүнүп, тынчсызданат. Ичкени ириң, жегени желим. Убакыт алга шашкан сайын, айлана күүгүмдөнө түн пардасын тартат. Коюу караңгылык кучагына теребелди жутуп баратты. Тоо арасындагы кыштактар бүлбүлдөп, ар кайсы жерде жылдызданган жарыктар жарыша артта калат. Бойлоруна ичкилик тарап, акыры магдыратты көрүнөт, бакылдашканы басаңдап калды тигилердин.

– Капырай, эрте чыгалы дешсе көшөлүп коюшпадыбы? – Касым ички бугун чыртка чыгара эс ала түштү. Кайрадан бүлбүлдөгөн мунарык тоолорго тигилет. Тоолор… Тоолор чөккөн нардай биринен бири созулуп, баштарын жөлөшкөн сымак сүрдүү. Ылдамдык көрсөткүчтүн жебеси калкылдап бирде сексенди, бирде жүздү көрсөтөт. Ага кө ң үл бурган жалгыз гана айдоочу. Зыпылдай шуулдаган дооштон башка эч нерсе сезилбейт.

– Эрте чыксак болмок, жол алыс болгон соң. Чоочун жердин ой-чуңкуру да көп эмеспи. Экинчиден, кудалардын кыял-жоругун билбесек, – деп Касым чыдабай оюн бөлүшкүсү келди айдоочу менен.

– «Шашкан шайтандын иши» деген. Аман-эсен жеткенибиз олжо. – Айдоочу ары токтоо, ары жай кобурады.

– Өлүмдөн башкасынын эртеси жакшы. Тиги экөөнүн коңурук тартышы паровоздой күшүлдөшөт ко, – деп башка жакка бургусу келди сөздү Касым.

– Жеткенче эс алышат, к үлдөп алышсын. Күндө эле той болуп жатты беле? Ичтардык кылбай, пейилди кең салалы.

– Каршылык жок. Кудаларга уят болбосок деген ниет.

– Кудалары ңыз кандай болду экен? Чоо-жайын уккан чыгарсыз?

– Жок, уккан эмесмин. Чоочун элдин сырын, тамырын тартуу кыйын. Жүрөг үм ошондон чочуйт. Чийки май жегенсип.

– Жөнү жок кейий бербе ңиз, Касыке.

– Сен укту ң беле, шумдукту?

– Ал эмне деген шумдук? – айдоочу кайра соболдоду.

– Уккан жоксу ңбу Акматтын жоругун?

– Кайсы Акмат?

– Тиги Сатыбалдынын карөзгөй уулучу.

– И, аны эл карөзгөй дешет. Чын эле ошондойбу?

– Ким билсин? Жанагы Ч үйгө кеткен кызынын ачуу басар саламдашуусу келгенде Акмат карөзгөйлүк менен кудасын бир жума убаралантып, кабыл албай коюптур.

– Өзү илимдү ү-билимдүү, эстүү-баштуу болуп туруппу?

– Кеп ошондо болуп жатпайбы.

– Анан эмне болду?

– Кудалары бир жума бою ар кайсы  үйгө түнөп, акыры тажашат. Кудасы ак сакалын жайкалткан салабаттуу карыя экен. Сабырлуу, кеменгер карыя болсо керек, баласынын чекилик иш кылганына кайыл болуп, уул-келиним бактылуу болсун, укум-тукуму өссүн. Ал эми булардын эшик-төрүн желкемдин чуңкуру көрсүн, – деп тескери батасын берген экен.

– Уланта бериңиз, кулак сизде Касыке.

– Ошол кудасы, Акматтын кызынын кабыл албаган кайнатасы каза болуп, жаназасына өзү барбай, аялы Күлүм, тун уулу Бекиш, күйөө баласы Керим барышат. Сөөкт ү коюп, кайра тартышкандан кийин жолдо авария болушуп,  үчөө тең курман болот. Ушундан көп узабай Акмат өзү өлөт. Жыл айланбай артында калган Уланбеги автокырсыктан жарык д үйнөдөн кетет. Ошентип, кудасы Акматтын эшик-төрүн көргөн эмес экен.

– Сиз да сакалыңыз жайкалган кадырман карыясыз. Сөз ү ң үз эки болбойт, дегениңиз деген, айтканы ңыз айткан. Эгер куда ңыз Акматтай кабыл албаса каргайын деген ниетиңиз бар го?

– Жок, кой, андай суук сөз ү ңд ү. Кудай анын бетин ары кылсын. Келиним түзүк, жакшы жердин кызы экенинен кабар берет. Шагыбыз сынбайт деп ойлойм. Бирок ж үрөг үм эле лакылдайт. Ошондон чочуйм… Тежиктенсе т үн катып кете берем, атыбыз алдыда дегендей. – Касым бу сапар чечкиндү ү айтты.

– Төлгөбүз жакшы, убара болбойбуз.

– Ошондой эле болсун, оозуңа май. Ушу, сол көзүмдүн тартканы эмнеси? Деги агыны катуу суу менен, куюну катуу бороон менен кет. Түфт үф ү, – деп Касым түкүрүп, ырымдамыш болду.

Машинанын жаркыраган жарыгы абдан к үчт ү ү болсо да коюу караңгыны сүрө албады. Жолдун нугу араң көрүнөт. Чоочун жердин ө ңг үл-дө ңг үлү машинадагыларды суу  үстүндөгү чамындыдай экчейт. Сурамжылап отуруп, машина Темирдин короосунун алдына келип токтоду. Дарбаза акырын кагылды. Төртөө чочугандай дабыш тыңшашат. Ичкериден:

– Ким-ой, эшик ачык, кире бер, – деген  үн чыкты.

– Биз эле, – дешти беркилер.

– Алыстан го, чоочун кишилер окшойт. Өзүң чыксаң боло, – деди үйдөн Темирдин аялы Алтын.

– Бу ким, кире бербейсиңерби? – Темир дарбазага утурлады. Ал жакындаганда, беркилер жарыша:

– Кулдугубуз бар, – дешти жабыла.

– Кулдугуңуздар кудайга. – Темир айтарын айтып алып, кайра: – Не деп атасыздар? – деди.

– Кулдугубуз бар. Мал-жаныбыз тартуу. Аселиңиз бизге бүлө болду.

– Касым эки колун бооруна ала жүгүнө туруп калды. Калган  үчөө да Касымды туурады.

– Ой, Алтын, бас бери. Булар не дейт? Кызың сага айткан жок беле?

– Эмне дейсиң? Эмнени айтмак эле? Деги тынччылыкпы? – Алтын энтиге жете келди.

– Тынччылыкпы-мынччылыкпы деп коёт. Кызың күйөөгө кетем деп айткан жок беле? Анткорлонбой ачыгын айт? – Темир ачуулуу бир тийди.

– Кайдан билем. Шаарда окуп жүрсө, мага кеңеше коёбу? Андан көрө кудаларды киргизбейсиңби, байболгур?

– Кулдугубуз бар, кудагый, – дешти кудалар жарыша.

– Эмне селейесиң. Эмне болду, сага? Дениң сообу? – Алтын Темирдин этегинен тартты.

– Аксакал, Аселимдин дубай саламы бардыр?

– Бар эмей, мынаңыз. – Касым төрт бүктөм кагазды кудасынын колуна карматты. Темир сол колу менен жүрөгүн баса ичкери кирип кетти.  Үн жок, сөз жок. Алтын чебелектеп дарбазаны ача албай убара. Кыйладан кийин Темир келип:

– Кечирип коюңуздар айланайын кудалар? Аселимдин өз колу менен жазылыптыр. Барган жерден бак айтсын! Эй, Алтын бүжүрөбөй балдарды жүгүрт ага-туугандарга. Кана, кудалар кириңиздер. Капыстан келген кабарга жүрөгүм сайгылашып,  үшүмдү албадыбы. – Темир жүрөгүн баса демигет.

Заматта Темирдин короосу отур-топурга айланды. Самоорлор шарактап, бака-шака. Касым бекеринен чочулаган экен. Кудасы мындай мээримдүү кучак жая тосуп аларын күтпөгөн. Бардыгы жайдары, күлкү-ша ң сайран курду. Жолдо уйку-соонун ортосунда келген экөө ак молдого кирери менен шылкыя т үш үштү. Касым ууртап-татып олтурду. Темир жүрөк оорусуна карап кыл кыркпады. Ага-туугандары стаканды аппак ичишип, дуулап жатышты. Касымдын жарпы жазылды, дидарлашып өткөн-кеткенден кеп козгошту Темир экөө.

– Ээ, Темике, кудай кошкон куда болот деген ушул. Кыздан айлансак болот, алысты жакын кылып, тааныбаганды тааныштырып. Илгеркилердин: «Ашты таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз» дешкени калетсиз белем! Айтса, менин да кайын журтум ушул тараптан.

– Кайсы жерлик, Касыке?

– Тору-Айгырдан. Уруусу аңылдак дешет ко.

– Кайын журтуңуздан кимдер бар?

– Кайнатамдын көзү небак өтүптүр. Аты – Байгазы. Аялым жалгыз экен, эркектен да, кыздан да. Байбичемдин аты – Сүйкө. Белдүү, алым-беримдүү болушуптур кезегинде. Өтө жакындары жок, сейрек каттайбыз.

– Кайнатаңызды Байгазы дейсизби? Кудагыйдын аты Сүйкө дедиңизби?

– Ооба. тааныйсыз го?

– Жок, тааныш эмес. – Темирди ой чырмады. «Сүйкө» деген ысым кандайдыр жүрөгүнө жылуулук аралап, бетине кан тээп, денеси нымшып балкыды. «Чын эле Сүйкөнүн өзүбү? Же уйкаш атпы?» деген ой көөдөн үн бийлеп алды…

* * *

С үйкөнүн элеси көз алдына бүлбүлдөп тартыла берди. Улам жаркын ж үзү балбылдап дапдаана көр үнө баштады. Кызгылтым гүлдү ү көйнөгү, кымча белине куюп койгондой жарашкан саймалуу кемсели, боорун топчулабай ачык койгон, бүчүлүктөрүнүн жылчыктары, көөдөндөг ү көйнөктүн өрүсүн тиреп тисирейип, алмадай томпойгон эки эмчеги кыздын сынын көркүнө чыгарып, келишимдүү сулуулукту тартуулап тургансыйт. Кагелес бою, айдай бетиндеги майда темгил чаары, сүйлөсө тамагынын аппак тунугуна жарашып бүлкүлдөшү ичке, узун моюнуна куюп койгондой сүйкүмдүү. Жоодураган кой көздөрү балбылдап жанып, койкойгон мурдуна кынап койгонсуп майда чыбырчыктап тер басканы, жука эриндери, к үр үчтөй аппак тиштери эптештирип тизгендей. Жылаажындай назик  үнү «Темике» дегенсип, чийдей капкара каштары серпиле, тикирейген кирпиктери тике кадалгансыйт. Балтырын жаба салган манаттай узун, көөдөй кара чачы кундуздай жылтылдайт. Элеси улам-улам тартылып, б үт ажары ачылып жылмайып, жумшак кебездей алаканы темирдин чачын сылап, салаалары тарап жаткандай туюлду. Денесин калтырак баскансып титиреп, тер чыпылдап чыкты. Жондон кара тер акты. Сүйкө, Сүйкө деген сайын жүрөгү кыйноого батат, шалдырайт… Денеси жансыз муздайт… «Чын эле Сүйкөнүн өзүбү? Башка болуп калса экен. Уйкаш ат болсо атаганат». Темир түш көрүп жаткандай дендароо, айланадагыларды сезбей тунжуроодо…

«Темир! катыңды алдым. Жоокерлик кызматыңды ден соолукта өтөй бер! Андан со ң Маскөөдөн окуйм деген  үмүтү ң ишке ашсын. Тилегиңе жет. Өмүрүңдө кор болбо. Мындан ары менден кат күтпө? Экөөб үздүн ортобуздагы ысыктыктын жалыны өчтү, ойлонбой кылган жоруктун эсеби табылды. Аны унут! Өткөндөрдү түш сымак жоруп кой. Бардыгы же ңил ойлуулуктан, чечкинсиздиктен болуптур, эми ой жүгүртүп көрсөм. Мен өз теңимди таптым. Ичимдеги «кызыл эт» эми ага таандык. Сенин каның эмес. Сен да ошондой деп чечип кой. Сени ал туурасында күнөөлөй албайм. Мында да мен тарапта чекилик бар. Менин алсыздыгымдан пайдаланып кетипсиң. Күнөөлөбөйм! Өкүнгөн менен эми не пайда? Кеч болуп калды. Бардык иш өз каалоом боюнча жасалды. Мени унут!? Ортодогу «ысыктыкты» жалындатчу данакерди да унут. Эми сеники эмес дебедимби. Оор алба, суранам? Эмки теңим мени сыйлап, урматтап аларына толук көзүм жетти. Анткени менден мурда  үчөөнү келген жолуна салыптыр, туяктын айынан. Эст ү ү, акылдуу, токтоо, кагылып-согулган неме көрүнөт. Менин абалымды көрүп боор оорудубу, ким билсин, өзүмдүкү, өзүмдүн каныман жаралган деп кабыл алам деп касам ичсе жанына адам чыдап тура албайт. «Бирөө кечерге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт» деген оомалуу-төкмөлүү заман тура, Темике. Мага бут тоспо? Тынчымды алба? Жайыма кой! Кат-патыңды жазып убара болбо? Мени түбөлүккө унут! Кош, сенден акыркы жолу, жүрөгүмдү мыкчый суранам. Унут мени, тынчымды алба? Жазыксыз «кызыл этти» да унут! Ал туурасында оюңа да келбесин! Кош, Сүйкө».

Ушул кат эң акыркысы эле. Темирдин мээсине кыт куйгандай уюп калган. Азыр да кайталанды. Чын эле менин каныман жаралган немеби? Анда эмне кылам? Кантип жашоого болот? Өлүм, өлүм… Оолда шордуу башым ай! Бешенеме жазган жазууң ушундай беле, жараткан?» Темирдин каны көөп чыкты. Чымыркана тиштенип, сабырдуулук менен  үлпөттү күттү.

* * *

Үлпөткө келгендердин аягы тыйылган жок. Музыка ойноп, ыр-күү жаңырат. Тойго Темирлер гана кечигип жатты. Касымдар улам сыртка чыгып зарыгып күтүшөт. Меймандар орундарына жайгашкан маалда Темирлер келгени билинди. Аларды Асел тосуп чыкты. Ары жактан Касым менен Сүйкөлөр көрүндү. Темирдин денесин калтырак басып, бүдөмүк ою ачыкка чыкчудай сезилди. Көргөн көзүн ала качты, көңүлү караңгылап ымыр-чымыр, башы тегерене т үшт ү.

– Сен Сүйкөсүңбү? – деп ара ң суроого батынды.

– Ооба, Темир.

– Оо, шордуу башым, кара көзүм кашайган тура. Уулчу… меникиби?

– Ооба, болгондо да… сенин… – Андан аркы сөздөрүн уккан жок.

– Оо, жараткан кара таштай катыр мени. Тозогуңа сал, тирүүлөй жалма… Оо, шордуу башым… – Темир башын мыкчып темтеңдеп, шамал соккон камгактай теңселе жыгылчудай ооп баратты. Жардангандар жөлөп, таяп калышты. Өңүнөн каны качып, селейгени менен мурдунан кан түтөктөд ү…

– Кечир мени, – деп Сүйкө да ачуу кыйкырып алды да, бет алган жагына баса берди. Анын артынан Касым баратты.

Меймандар гана эмес, бул сыр Алтынга да, Аселге да, Касымдын уулуна да табышмак бойдон калды. Ачылбаган сырдын түйүнүн бир Сүйкө менен Касым билет. Той кара тумоого айланды. Темир жөнүгө албай, тилден калды. «Тукумдуу, туяктуу болом деп кудайдан тилеп алганым ушулбу? Өз денемен сызылып чыкпагандан кийин ушул ишке не бардым экен?» – деп Касым жалынсыз өрттөнөт…

Эми эле шаңдуу музыка бийлеген жай тунжурап, муңдун илеби ар бирин каптап бараткансыды…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *