АҢГЕМЕ

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын аяк чени, союздун күүлдөп турган учуру. Күн ысып, алдуу-күчтүү колхозчунун баары чөп орокко кеткен маалда эртелеп айылдын бригаты участкалык милиционерди, айылдын бирин-экин активдерин ээрчитип алып өйдө жактан келген дагы бир кезектеги буйрукту аткаруу үчүн айыл аралап жөнөштү. Бул дагы адаттагыдай эле колхозчулардын ар биринин үйүнө барып менчигине кол салуу эле. Бул жолу “чоңдор” колхозчулардын короосун тоскон дубалдарды бузууга жөнөштү. Кечээ бригат райистен ушул буйрукту алган. Райис колхоз аймагындагы айылдардын бригадирлерин чакырып алып:
— Топурактан курулган пакса дубалдар — феодализмдин калдыгы. Социализмде ар бир колхозчунун короосунда эмне бар, эмне болуп жатканы баары сыртка көрүнүп турушу керек. Айыл маданиятын көтөрбөсөк болбойт. Колхозчулар короосун мындан ары топурак дубал эмес, панжара (жыгач решетка) менен тосуусуна буйрук берем, бул борбордон келген буйрук! Кимде ким каршылык көрсөтсө, камалат! – Райис сөзүн бүтүп жатып, адатынча төрдө илинүү камчысын колуна дагы ала койду. — Сөз бүттү, ишти бүгүндөн баштагыла, кимде ким араңарда активдүүлүк көрсөтүп, өз айылын пакса дубалдардан бат арылтып, решеткаларды койдуруп чыкса, ага сыйлык бар экенин жарыялаймын, ал бригат Сочиге курортко акысыз, кезексиз путевка алат! Уктуңарбы, Сочиге?!
Кадырбек бригат Сочиге баруудан үмүт кылган жок. Анын айылы тоого жакын, тоолуктар мал кармагандыктан дээрлик баары короолорун пакса дубал менен тегерете курчап салышкан, антпесе эгин-тигинин малдан кантип корушат. Айылынан дубалын буздурбаймын деп баш ооруткандары да көп чыгат эми. Сыйлыкка жетпесе да райистин буйругун аткаруу керек.
Чоңдор дубал бузууну айыл четиндеги коргондордон башташты.
Дубалды кулатуудан чыккан чаң асманды каптап, бир да үйбүлөдөн бирөө-жарым “дубалымды бузба” деп бу келген чоңдорго каршы чыга албай же бузулган дубалына кайгырбай коё албай чайналып, бала-чака коркуп ыйлап-сыктап, дүңгүрөгөн үндөн иттер үрүп, уйлар мөөрөп, айыл ичи жер титиреген абалды элестетип турду.
Ар бир короого келген сайын чоңдор – бригат, айыл активдери, участкалык милиционер чуркап чыккан үй ээлерине бир эле сөздү кайталай беришти:
— Бул өйдөдөн келген буйрук, эми тез арада корооңорду панжара менен тосушуңар керек…
– Эмне кылып атасыңар, үйүң өрттөнгүрлөр! – Айылдын орто ченине келгенде дубалынын бузулуп жатканын көрүп, төшөктө сыркоолоп жаткан абышка таягын таянып, аксап-тескеп үйүнөн чыга келди.
— Бу дубал силерге эмне кылды! Күп-күндүз баары талаалап колхоз ишинде жүргөндө бирөөнүн дубалын бузганыңарга жол болсун! – Абышка таягын кесеп бригатка атырылды: — Сен эмне, өйдөдөн келген буйрук дейсиң, эмне, өйдөдөгүлөрүң булардын башын ал десе да аткара бересиңби, сенин өзүңдө баш барбы? Ойлонбойсуңбу, бу дубалдар бузулса кантип эгин-тигинди өстүрүп алабыз, кантип аптогоройго чыгып кемпир-чал жуунуп-таранабыз? Кир-коогубузду жаябыз? — Чалдын сөзүнө Кадырбек каяша айталбай туруп калды. Ал анын мектепте он жыл окуткан сыйлуу агайы эле. Башка бирөө болгондо алигиче камчысын кеземек.
— Аксакал, сөздү азайтыңыз, каршылык кылсаңыз азыр мени менен кетесиз… – Артта турган участкалык милиционер кыска сүйлөдү да дубал бузчуларга буйрук берди: — Уланткыла!
Көздү ачып-жумганча абышка дубалынын бузулганынан чыккан коюу чаңдын арасында калды. Анан жөтөлүп, какап-чакап башка сүйлөй албай, “Үйүңөр өрттөнсүн, ноомарттар!” деп бир кыйкырып алды да, колдорун чоңдорго карай катуу шилтеп, үйүнө кирип кетти.
Ар бир дубалдуу үйгө жакындаганда куруна асып алган куралын колу менен кармап баса көрсөткөн милиционер, ат үстүнөн түшпөй, камчысын кесеп, буюра сүйлөгөн бригадир, анын жанында күйпөлөктөп, кошоматтанган айыл активдери коргону бузулуп жаткан үй ээлерине дагы кыйкырып коюшат:
— Айраның барбы, апкел, чаӊдан какап бүтмөй болдук!
Жүрүш дөңдөгү үйгө келгенде дарбазанын такылдагын уккан кемпир коргондон атып чыкты. Артына кемиге жете элек небересин жоолук менен байлап көтөрүп алган. Келгендер кемпирди карамак беле, өз иштерин шыр эле баштап киришти. Үч катар коюлган пакса дубалдын эми гана эң үстүңкүсүн уратууга камынганда, кемпир жандалбастап жете калып, дубалды кучактап алды. Анан ыйламсырап тургандарды карап жалдырап жиберди:
— Айланайындар, өркөнүңөр өссүн, ушул дубалга тийбей эле койгулачы, батамды берейин… Бул дубалдарды тургузам деп белимден айрылгам, сайдан суу ташып, дөңдөн топурак ташып, ылай кечип… Муну бузсаңар, эртең араң көктөткөн бу турган бактын, эгин-тегиндин баарын мал жейт. Бу эмне деген жорук бүтүлүү ишти бузган, бусурмандар! — Дубалын кучактаган кемпир чыдай албай ыйлап жиберди.
Эл ичинде «жоош кемпир» аталган Нарзаада келгендерди бир топ сестентип койду. Бирок баягы эле өзүн айылдын кудайы деп санаган бригадир көп ойлонбоду. Атын дубалга жакын бастырып келип, камчысын кемпирге кесеп сүйлөдү:
— Андай болсо, дарбазаңдын сыртынан мык кагабыз. Коргон ичинде бала-чакаң менен отура бер. Көчөгө чыкканга, коомдук жайларга барганга уруксат жок. Силерди колхоздон да айдаймын, мугалим балаңды ишинен айдатам. Айыл маданиятын көтөрүүгө каршы болгон, эскиликти колдогон адамдарды түрмөгө каматса да болот!
Байкуш кемпир бу сөздөрдү угуп коркуп кетти. Баарынан да эптеп окуп келип, иштеп жаткан жалгыз уулун мектептен айдап жиберсе эмне болот? Бозала болуп, кучактап турган дубалынан бери басты. Ошол замат дубалдын өйдөңкү паксасы урап, анын коюу чаңы асманга көтөрүлө берди. Небересин көтөргөн кемпир «шуу» үшкүрүп, пешайвандагы сөрүсүнө отура кетти. Көзүнөн жашы төгүлө берди.
Айылдагы дубал бузмай тегиз бүтүп, элдин баары жыгачтан, зымдан курап тосмолорду жасап, коргондорун тосуп чыгышты. Мал-кели бул тосмолордон башын салып, күчү жеткенин бузуп кирип, канча эгин-тигин зыянга учурады. Бирок бир чындык — дубалдар бузулуп, айыл көркүнө чыгып кете алган жок.
… Көп жылдар өткөн соң заман өзгөрдү. Коммунизм курабыз деген система кыйрады. Топурактан курулган пакса дубалдар айылдарда кайрадан пайда боло баштады. Адамдар коргонун гана эмес, үлүшкө алган жерлерин да узундата дубал менен тосо беришкен ушундай бир заман келди. Кимдин ким менен иши бар, эптеп тиричилигин өткөрсө болду. Дөңгө салынган үйдүн коргону да кайрадан пакса дубал менен кыдырата тосулду. Бирок бул коргондун түркүгү, калканчы болгон мээнеткеч Нарзаада кемпир да, бир кезде дубал бузгучтардан дубалын чыркырап коргогон, бригатты тилдеген баягы мугалим абышка да эбак көз жумган…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *