Жозеф Бручектин “Түпкүлүктүү америкалыктардын жомокторунан”

(Түндүк америкалык индеецтердин жомогу)

Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу

Жер эми жаралганда, жарык деген жок экен. Караңгыда жаныбарлар менен адамдар аябай кыйналышат. Акыр аягында жаныбарлар мындай абалдан чыгуунун жолун издейли деп чогулушат.

— Дүйнөнүн башка жагында Күн деп аталган жарык бар экенин эшиттим,- деди Аюу. — Ал жактын эли Күндү эч ким менен бөлүшпөйт экен. Бирок биз анын бир сыныгын уурдап алсак болот.

Аюнун оюу бардык жаныбарларга жагат. Бирок Күндү кимдир-бирөө уурдап келиш керек болот. Уурулукка биринчи болуп Түлкү аттанат. Ал Күн турган жерге кокту-колоттор менен жойлоп жүрүп жетет. Анан жакын арада эч ким көрүнбөй калганда Күндүн бир сыныгын тиштейт да, качып жөнөйт. Күн өтө ысык болгондуктан түлкүнүн оозу күйүп, Күндүн сыныгы оозунан түшүп калат. Ошондон бери бардык түлкүлөрдүн оозу кара дейт. Себеби ал Жердеги биринчи түлкү болуптур.

Экинчи болуп Күн алып келмекке Оппосум жөнөйт. Ал кезде Оппосумдун куйругун бир жоргологус калың жүн каптап турчу экен. Оппосум Күн турган жайга жашырынып жетип, Күндүн токочтой бөлүгүн сындырып алат да, аны куйругуна катып, жаныбарлар менен адамдарга жетүү үчүн желип жөнөйт. Күндүн сыныгы аябай ысык болгондуктан, Оппосумдун куйругундагы калың жүнү өрттөнүп кетип, ал да куру кол келет. Ошондон бери оппосумдардын куйруктарына устаранын мизине араң жук болгудай түк чыгат. Себеби Күн биринчи оппосумдун куйругундагы жүндү куйкалап салган экен.

Үчүнчү кезек Жөргөмүш Чоң энеге тийет. Ал өзүнө чейинкилерге окшоп, Күндү аракасына көтөргөн жок. Ал желе жибинен баштык токуп, Күндүн сыныгын баштыкка салып алып, көтөрүп келет. Эми жаныбарлар “күндү кайда койобуз” деп ойлонуп калышты эле, Жөргөмүш Чоң эне өз оюн айтат: “Күн бийик асманда туруш керек. Ошондо ар бирибиз Күндү көрүп, жарыгынын пайдасын ала алабыз.”

Жаныбарлардын баары Жөргөмүш Чоң эненин сөзүн туура тапты, бирок алар Күндү кантип бийикке чыгарганды билишпейт. Атүгүл алар эң бийик дарактын башына чыкса да Күндү Жердеги жаныбарлардын баары көргөндөй бийикке көтөрө алышкан эмес экен. Алар ары ойлонуп, бери ойлонуп, канаттуулардын бири Күндү бийик асманга жеткирсин деп чечишет. Жаныбарлар Ителги баарынан бийик учарын билишчү. Ошентип ага жооптуу иш тапшырылат. Күн али да Жөргөмүш Чоң эненин баштыгынын ичинде жатканына карабай табы кайта эле болчу.

Ителгинин төбөсүндөгү жүнү денесинин башка бөлүгүнө караганда өтө калың өсөт. Ошон үчүн Ителги Күндү төбөсүнө коюп алып, бийик асманды көздөй учуп жөнөйт. Ал бийиктеп учкан сайын, Күн дагы ысый берди. Ал улам бийиктеп уча берди. Күн да ого бетер ысый берди. Күн дале Жөргөмүш Чоң эненин баштыгында болсо да, анын ысыгы утуру күчөп баратты. Ага карабай Ителги бийиктеп учканын токтотподу. Бир кезде анын төбөсүндөгү жүнү күйүп кетти, бирок ал канатын күүлөп, бийикке көтөрүлө берди. Анан Ителгинин Күнгө күйгөн майлуу төбөсү кыпкызыл болуп калат, бирок ал асманга бийиктеп учканын токтотпойт. Ал акыр аягында асмандын эң бийик чокусуна учуп жетип, Күндү чокунун учуна орнотот. Ошондо гана бул чокудан Күн чачкан жарык бардык жаныбарларга тегиз тийип калыптыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *