Жеке архивди аңтарып отуруп таап алдым. Бекташ байкебиз менен жакшы аңгемелешкен экенбиз. Адабиятчы катары сергек ой калчаптыр. «Кайталагандан келме бузулбайт» деп бир кезде «Де-фактого» жарыяланган маектешүүбүздү кайрадан окуй берсек да болчудай. Эскирбептир. Кызыктуу…

— Коомчулукта кийинки күндөрү чыгармачыл кошуундардын турмушка кереги жок деген пикирлер айтыла баштады. Сиздин пикир?
— Мен да базар экономикасынын шартында өлкө казынасына жүк болгон чыгармачыл уюмдардын кереги жок дегем. Социализм учурунда бөпөлөнүп келген чыгармачыл интеллигенция азыр бечара кейпин кийди. Өзгөчө, улуу жана орто муундагы акын-жазуучулар. Алар мурда олчойгон калемакы алып, бакубат жашоого көнүп калган экен, азыр да мамлекетке өлүмтүгүн артып атышат. Цивилдүү өлкөлөрдө болсо чыгармачыл интеллигенцияны көтөргөндөр — меценаттар, коомдук фонддор. Бизде тескерисинче, мындай жаңы саамалыктарды колго чабыш керек дегендей пикирди жакында Жазуучулар союзунун төрагасы О.Султанов КТРден сүйлөп атат. «Биздей чыгармачыл 2-3 чоң союзду мамлекет жакшылап канатына алса, колдон келишинче иштеп берет элек» дегенин кандай түшүнсө болот? Бизди колдосоңор, бийлик камчысын чаап берет элек деген эле сөз.
Бийликтин максат-мүдөөсү үчүн биз керектүү куралбыз деген оюн туюндургандагысы. Жазуучулардын мына ушундай элпектигин учурунда А.Акаев жакшы колдонду. Колбаласындай белгилүү акын-жазуучуларды өзгөчө референдумдардын учурунда пайдаланды. Мындайга жаңы бийлик да көп аракет көрүүдө. Болгондо да чоң убадаларды берип, чыгармачыл интеллигенциянын башын кошкон эки жолку жыйынды уюштуруп жиберди. Улуу муун, орто муундагы акын-жазуучулар да мамлекеттен көп нерсени үмүт этип аткандары жашыруун эмес. Өкүнүчтүүсү, биздин акын-жазуучулар жалпы улуттук ой жүгүртүү деңгээлине жетпей коюшту. Жазгандары баягыле кокту-колот, уруучулдук, уруктук патриоттуулуктан ашпаган теманын тегереги. Кайсы бир тарыхый инсанды көкөлөтүп, ал инсандын арты менен өзүнүн уруусун мактоо тенденциясы күч алды. Айталы, ошол эле Шабдан, Байтик, Жайыл, Атаке сыяктуулардын бейнесин, саясый ишмердигин баарыбыз эле чын дилден колдой албайбыз, аларды сынчыл көзкарашта жактырбагандык менен кабыл алчуларыбыз бар.
— Бүгүнкү күндө кыргызга кантип китеп окутуш керек деп ойлойсуз?
— Ыраматылык С.Жигитов өмүр бою бир тилегин какшап жүрүп өтүп кетти. Ал киши өрнөктүү чыгармалардан турган тандалма авторлорду кайрадан чыгарып койсок, кыргыздын китепке болгон табитин ойготот элек деп калчу. Мисалга, А.Жакыпбеков, М. Гапаров, К.Жусубалиевдин чыгармаларын кайра чыгарып койсок, бул авторлордун жарыкка чыккан китептери өзүн-өзү актап, элдин китепке болгон кызыгуусун жаратмак. Эң өкүнүчтүүсү, кыргыз адабиятында котормо жанры жок болуп кетти. Өзүбүздүн казаныбызда өзүбүз боркулдап, дүйнөлүк адабияттын үлгүсү кыргыз окурмандарына жетпей калды.
— Котормо жанры тап катары жоюлуп кетти окшойт?
— Сын жана котормо жанры тап катары жоюлгандан кийин, албетте, адабий өсүштөр болбойт. Буга чейин дүйнөлүк адабий казынаны, көркөм жетишкендиктерди жалаң орус тили аркылуу гана таанып келсек, азыр башка тилдерди үйрөнүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Демек, баардык көркөм дөөлөттөрдүн түпнускасынан кыргызчалоо милдети өз колубузда. Бирок шык-дарамети, таланты аныкталбай туруп, тил үйрөнгөндүн баарысы котормо менен алектенүүгө маш болуп алды.
— Дүйнөлүк акын Гарсиа Лорка Европанын билимдүү өлкөлөрүнүн бири Германияда далай мезгилге чейин мыкты акын катары баасын албай келиптир. Улуу Гётенин мекендештери испан элинин бул акыны дүйнөлүк акындардын ысымына кантип теңелип жүргөнүнө кыжырданышып, атүгүл Гарсиа Лоркадай адабий табитти бузган акындардын ысымын тарыхтан таптакыр өчүрүш керек деген пикирлер айтылчу экен. Көрсө, бир кездерде кодура таланты бар немис котормочу (ысымы эсимде жок) немис тилине котором деп, окурман эмес, башка немис котормочулары да Лорканын кандай акын экенине кызыгышпаптыр. Кийин-кийин испан элинин тарыхы, маданиятына кызыккан бирөө Лорканы түп нускасынан окуп калып, ийгиликтүү которгон соң, бүгүнкү күндө Лорка немис окурмандарынын талоонуна түшкөн кези экен… Ушул сыяктуу мисалдар кыргыз адабиятынан кезигеби?
— Мындай шумдуктарды кыргыз адабиятынан деле толтура көрүп атпайбызбы. Маселен, Эрнест Хемингуэйдин кыргызчаланган чыгармаларын окусаң, сен аны эч качан таланттуу жазуучу деп айтпас элең. О.э. орустун тамашөкөй, азилкеч жазуучулары Ильф менен Петровдун чыгармаларын окусаң, көңүлүңө көк таштай тиет. Мунун баары мурунку заманда планга кирип калган үчүн дарамети жетпеген котормочулардын колуна тийип калганында! Башкасын айтпаганда деле ушул күнгө чейин Ч.Айтматовдун чыгармаларын накта кыпкыргызча которгон А.Жакыпбеков менен А.Токтогулов деп айтылбай келатпайбы. Болбосо Айтматов орус тилдүү жазуучу бойдон калмак.

— Тил демекчи, бүгүнкү кыргыз тилдүү балдар адабияты ыйлай турган абалда. Өз эне тилинде жомок окубай өскөн кийинки келечек муун улутуна жапакеч болоруна көзүңүз жетеби?
— «Азыркы жаштар кыргызча сүйлөбөйт» деп күнөөлөйбүз. Анын себеби, сен айткан кыргыз тилдүү колго алаарлык көркөм адабияттардын жоктугунан. Тили келегей үчүн өспүрүм эмес, чоңдор түшүналбаган китептер чыгууда. Балдардын жандүйнөсүн козгоор өрнөктүү чыгармалар китеп болуп чыкпай калды. Себеби ал китептерди эл агартуу тармагында иштеген илимпоздор, мугалимдер өздөрү жаза баштады. Эгерде өкмөт буга көзөмөл жүргүзүп, ачык конкурстарды жарыялап, калем акыны кабелтең койсо, акын-жазуучулар жазат эле. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойгону оң. Балдар адабиятынын тили ошондо оңолмок. А китеп жок болгондон кийин азыркы балдар Батыштын алиги каракүчтүн өктөмдүгүн, үстөмдүгүн даңазалаган фильмдерден башы чыкпай калды. Булар сөз өнөрүнүн кереметин туйбай, көртирликтин деңгээлиндеги тилибизди гана өздөштүрүүдө.
— Демек, булар келечектеги кыргыз адабиятынын потенциялдуу окурманы болалышпайт да, туурабы?
— Анан эмне! Чоңойгондон кийинки алардын окуур китеби деле азыркы жеңил-желпи массалык адабият. Ал адабияттан тил байлыгын өстүрө албагандан кийин, анан өзүнөн өзү кыргыз тили менен көп нерсени түшүнүүгө болбойт экен деген түшүнүк жаралат. Кыргыз тилин чанышат, сүйлөгөндөн уялышат. Ошондуктан бизге азыр улутчулдук сезим өтө зарыл.
— Сиз дегеле улутчулдукка кандай карайсыз?
— Биз мурда улутчулдук дегенди аябагандай жаман маанисинде кабыл алчубуз. Улутчулдук деген, улуттун баалуулугун алдыга койгон киши. «Менин улутум деле башка улуттардан кем эмес, башка улуттар менен теңата болуп жашоого укугу бар» деген улутчулдуктун эмнеси жаман? Улут ичарада өзүнүн быкы-чыкысын чукуп, кемчилигин айтып, өзүн-өзү сындагандан эч нерсе болбойт, бирок тилекке каршы, бизде андай болбой жатпайбы! Ар бир улут өзүнүн кемчилигин өзү гана айтышы керек, башка улуттун өкүлү айтканы жарашпайт, ал терс кабыл алынат. Ушуга байланыштуу Ключевский: «Орусту сүйгөнүң, барктаганың — анын учурдагысын жеккөрүүң» десе, Лихачев: «Оруссияны сүйгөнүң — анын бүгүнкүсүн жеккөрүүң, а жеккөрүүң — ага боор тартуу», — дептир. Демек, бул жагынан алганда Салижан акенин позициясы кыйла жагынан сабак болор көзкараш экенине карабай, а кишини дайыма улутка каршы сүйлөйт деп, жаман көрүп келдик. Эгерде ошол кишидей эмгекчил, намыскөй, акылдуу, чынчыл, ал эми калем кармап жүргөндөр ошол кишидей өрнөктүү текс жаза билсек, алда качан алдыга өнүккөн элдердин бири болмокпуз.
Маектешкен Олжобай ШАКИР
«Де-факто», 24-январь, 2008-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *