«Кош стандарттар. Наталья Никитенко Шыкмаматовдун иши жана мэр Албек Ибраимовдун жер тилкелери боюнча» аталышта «Zanoza.kg» сайтына жарыяланды.Кыргызчага которуп, берип жатабыз.

«Ата Мекендин» депутаты Наталья Никитенко кызматтагы адамдар катышкан эки иш боюнча: Алманбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши жана бир кезде “Дастанга” тиешелүү жер тилкесинин кайра-кайра сатылганы боюнча ызы-чуунун ортосунда параллель жүргүзүп көрдү. Агезде “Дастандын” башында азыркы Бишкек мэри Албек Ибраимов турган (жыйынтыгында жер тилкени президент Алмазбек Атамбаев сатып алган. — Zanoza.kg).

Депутат айым: “эки ызы-чуулу иш — маңызы жана логикасы боюнча коендой окшош, болгону мүлктүн көлөмү менен кеңдигинде айырма бар», — дейт.

Президенттин жакын кишиси Албек Ибраимов “Дастан” ААКтын башкы директору болуп турганда, коомдун жер тилкесин жакшы баада жакын досу А.Укуевге сатат (Редакцияда Ибаримов менен Укуев жакын достордон деген маалымат жок. — Zanoza.kg). Ибраимов башка кызматка которулгандан кийин 2,7 гектар (!) жер тилкесин аялына “кайтарып алат”, кийин ал жерге өлкөнүн президенти ээ болот.

Башка мисал, депутат Алманбет Шыкмаматовдун аялына тиешелүү автомашина боюнча. Ал машинени Шыкмаматовго дегеле тиешеси жок фирма сатып алат, кийин ал фирма аны ошол учурда Шыкмаматов иштеген Эсеп палатасына сатат. Тергөөчүлөр зыянды 158 000 сомго баалашкан, кызыгы, бул сумма алты жылдан кийин гана “Азия-оценка” деген “кыйын” фирма машиненин абалын баалагандын негизинде келип чыккан. “Азия-оценка” 2000-жылы чыккан «Мерседес-Бенц» Е 320

2011-жылы “Элеганс” комплектациясында 10 000 $ доллар турган, бирок “Автогид” гезитинде ошол кездеги жарыяларда көрүнгөндөй мындай машинелердин баасы абалына жана комплектациясына жараша 14 000 $ доллардан 16 000 $ долларга чейин экен. Башкача айтканда Эсеп палатасы базардагы орто баадан төмөн сатып алган.

Бул маңызы боюнча окшош эки абал, бирок Башкы прокуратурасынын мамилеси эки башка. Биринчи учурда бардыгы мыйзам чегинде болсо, экинчисинде депутатты коррупцияга аралашкан деп күнөөлөп жатышат.

Себеби эмнеде? Акыркы үч жылдан бери карай Алманбет Шыкмаматов бийликке жакпаган маселелер боюнча ачык жана катуу сындап келатканында эмеспи?

Буга ачык мисал, Кумтөр кенине байланышкан окуя. Шыкмаматов Юстиция министри болуп туруп алтын казган компаниянын шарттарын кайра карап чыгуу

долбоору боюнча катуу сын менен билдирүү жасаган эле. Бул долбоор Кыргызстандын эмес, Centerra Gold Inc канадалык компаниянын кызыкчылыгын коргойт деп өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан жалгыз бул келишимге каршы добуш берген. Шыкмаматов ачык эле “Кумтөрдү реструктуризациялоо” алтын казган компаниянын ишмердүүлүгүнө байланышкан үчүнчү афера болуп калат деп айткан. Бул жаңы долбоорду бекитпей койгон парламенттин чечимин өлкө башчысы да колдогон. Президент А.Атамбаев мурдагы Юстиция министри сыяктуу эле бул жаңы документ канадалык компаниянын кызыкчылыгын чагылдырат деген пикирин билдирген.

Инциденттен улам Юстиция министринин принципиалдуу позициясынан кийин бийлик анысын кечирбей койгондой таасир калтырат. Ошондон кийин президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен жок жерден эле конфликт жаралып, натыйжада, Юстиция министри кызматынан кетти, бирок көз карашын өзгөрткөн жок.

2016-жылы жайында депутат Шыкмаматовдун Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы сүйлөгөннү чечүүчү момент болду. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук мамилелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп туруп, ал комитеттин атынан “КР Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна укуктук экспертиза өткөрүү жөнүндө Кыргызстан мүчө болгон Венециандык комиссияга кайрылган. Комиссия ал арызды карап чыгарып, Башмыйзамга өзгөртүү киргизгени жаткан долбоор бийлик бутактарынын ортосунда дисбаланс жаратып, сот системасын көз каранды кылып, аткаруу бийлигин күчтөндүрүп, парламенттин позициясын алсыратат деген жыйынтык чыгарган. Укуктук экспертизанын жыйынтыгы – бул долбоор парламенттик демократиянын жана дегеле жалпы демократиянын стандарттарына жооп бербейт.

Венециандык комиссиянын, эл аралык демократиялык институттардын реакциясы, жарандык сектордун активдүү түрдө каршы чыгышы, ошондой эле “Конституциянын атасы” Өмүрбек Текебаевдин, Роза Отунбаеванын жана убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү бул бийликти узурпация кылуунун аракети дегенден кийин гана Конституцияга өзгөртүү киргизген авторлор биринчи долбоорду кайра карап чыгууга аргасыз болушкан.

Президенттин жини көп күттүргөн жок. Анын 2016-жылдын 31-августунда өлкөбүздүн 25 жылдыгында сүйлөгөн сөзүн, мамлекет башчысынын күнөө койгондорунан кийин Роза Отунбаева сценадан түшүп кетип калганын көпчүлүк жакшы билет. Президент бүтүндөй өлкөнүн алдында Роза Исаковнаны жана убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрүн чыккынчылык, мародерлук, жалганчылык, өзүм билемдик, уурулук, кан ичкичтик боюнча күнөөлөгөн. Ошондо мамлекет башчысы Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ким каршы чыкса, бардыгын коркутуп, кылмыш иши козголушу мүмкүн деп эскерткен эле. Ал эмоционалдуу сөз сүйлөө ошондой таасир калтырган.

Салтанаттуу иш-чарадагы президенттин “бөрк алгыла” деген белгисин тийиштүү структуралар дароо жүзөгө ашырып: мамлекеттик ММКлар аркылуу атамекенчилер Текебаевди, Шыкмаматовду жана Салянованы каралоо башталды. Муну жөн эле дал келүүчүлүк деп айтуу кыйын.

Депутаттарга Максим Бакиев менен сүйлөшүп алып, MegaCom компаниясынын акцияларын өткөрүп беребиз деген кыязда андан 23 млн $ доллар алышкан деген күнөө коюлду. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев далил катары президентке парламентарийлердин бул трасттык келишимге “тиешеси бар” документтерди көрсөттү.

Бирок көп өтпөй бул сандырак иш эл аралык юристтер жана “Азаттык” радиосунун журналисттери жүргүзгөн тергөө иши менен четке кагылды, “Белизгейт” атка конгон операция Текебаевге жана “Ата Мекен” партиясынын башка мүчөлөрүнө каршы кезектеги провокацияга окшоп калды.

Шыкмаматовго болгон кезектеги басым — МУККдан келип түшкөн Эсеп палатасынын кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кылмыш иштен алынган материалдар “Коррупция” деген 303 статьясынын,1 бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоого себеп болду.

Парламентарийди алты жыл мурун Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп алдын ала сүйлөшүп, өзүнүн жубайына тиешелүү машинени өзү иштеген мекемеге сатты кылып, мамлекетке 3 500 $ зыян келтирген имиш.

Бирок фактылар таптакыр эле башканы айтып турат. 2011-жылы сентябрда Эсеп палатасынын төрагасы Сабыр Молдокулов тарабынан тендердик комиссия түзүлүп, аны ЭПнын аудитору Жесуп Иманалинв жетектеген. Комиссияга жети киши кирген, анын ичинен Шыкмаматов дагы. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү бир гана жеңичүүнү аныкташы керек эле. Жыйытыгында эң аз сумма 3,4 млн сом сунуш кылган “Барат Люкс” ЖЧКсы тандалып алынган. Экинчи компания 4 млндон ашык сумма сунуш кылган. Базар бааларын жогоруда келтирип кеткем.

КРнын “Мамлекетик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрү тең укукка дана бирдей милдетке ээ болушкан, чечим көпчүлүк добуш менен коллегиалдуу кабыл алынып, суунуштама мүнөзгө ээ болгон. Мыйзамдын негизинде бул маселе боюнча акыркы чечимди төрага Молдокулов кабыл алат, айта кете турган жагдай, ал президент тарабынан дайындалат.

Жыйынтыгында Шыкмаматовду коррупция жана кызматтык оңдоо боюнча күнөөлөп, сатып алынган машинелердин бири парламентарийдин жубайына тиешелүү болгондугунун негизинде кылмыш ишин козгошту.

Автомашине тендер жарыялана электе эле “Барат Люкс” ЖЧКсы тарабынан Шыкмаматовдун жубайынан сатылып алынган. Депутаттын жубайына өз мүлкүн келишим баада каалаган тарапка сатуу жана сатып алуу укугунан эч ким ажыраткан эмес. Тергөө ишинде аныкталгандай ал автомашинени 13 500 $ долларга саткан, фирма Эсеп палатасына 14 600 $ долларга саткан. Мындан тышкары “Барат Люкс” ЖЧКсы аталган мекемеге ушундай эле класстагы, маркадагы, баадагы, чыккан жылы дагы ошол дагы төрт машинени саткан.

Белгилей кетчү жагдай, тендердик документацияда тендердик комиссиянын Шыкмаматовдон башка алты мүчөсүнүн койгон колдору турат, башкача айтканда, чечим бир добуштан кабыл алынган, а Шыкмаматов тендерге катышкан эмес. Ушундай кырдаалда тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө жасалма документке кантип кол койдурса болот?!

Тергөө “Азия-Оценка” ЖЧКсынын директору Ниязбек Богубаевдин (КРнын “Эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамга ылайык Юстиция министрлигинен аккредитациядан өтпөгөн) “Автогид” гезитиндеги жарыяларды анализ кылуу менен 2011-жылдын октябрь айына карата андай автомашиненин базар баасы 10 миң $ доллар турган деген пикирине таянып, мамлекетке 3 500 $ доллар зыян келтирилген деп табышкан. Дагы бир кызык жагдай, МУКК чыгарган корутундуда баа берген кишинин кол тамгасы жок.

Бирок басылманын башкы редактору Александр Удаловдун маалыматы боюнча аталган учурда жанагыдай класстагы автомашинелердин баасы 14 миң $ доллардан 16 миң $ долларга чейин болгон экен. Анан мамлекетке келген кайсыл зыян жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз, анын үстүнө Эсеп палатасына сатылган учурда жубайы ошондой класстагы автого ылайык баада сатылганбы, маалыматы жок болгон. Эмнеге статьяны Алманбет Шыкмаматовго коюп

жатышат, тендер өткөрүлгөн учурда транспорт каражаты анын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон эмес, анын үстүнө бир дагы документке ал колун койгон эмес.

Эгерде мамлекет коррупция менен күрөшөм десе, анда эмнеге укук коргоо органдары ыңгайсыз кишилерге аңчылык кылгандын ордуна миллиондогон доллар турган тендерлерди утуп, базар баасынан 10 эсе жогору баадагы товарлар менен тейлөөлөрдү сунуш кылып жаткан ишканаларга таасири бар чиновниктер менен алышпайт? Энергетикада, тоо-кен иштетүүчү тармактарда, жол салууларда, товарлардын контрабандасында болуп жаткан башаламандыктар бардыгына белгилүү. Анан эле оппозициядагы депутатка каршы компроматты алты ай бою микроскоп менен издеп олтурушуп, акыры кыргыз коррупциясынын “акуласы” болуп чыга келгени кандай? Менимче, жооп жөнөкөй: Шыкмаматовду сындыргылары келип жатат, оозун басыш керек болуп жатат, башкалар үн чыгарбашы үчүн сабак болсун деп жатышат.

Мындай жол – коомдун өнүгүүсү үчүн коркунучтуу жол, бул өз көз карашын, өз оюн эркин, ачыктан ачык билдирүүгө умтулгандар үчүн чоң коңгуроо!”

Которгон Назира СААЛИЕВА

Булак: «NazarNews.kg»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *