АҢГЕМЕ

I

Кээде моминтип өкүнөмүн: мага сүрөтчүлүк кудурет бүтсө эмне?! Андай касиет шыбагама тийсе, эң оболу тоолорду эч ким көрө да элек, таба да элек боёктор менен тартаар элем. Бар эмеспи… тоолорду көтөрүп, эл алдынан өтмөкмүн. Сиздерге тоолор деген мобу болот, жыргалы-кууралы мобул тоолорду сылап, таптап көргүлөчү деп карматпас белем?!!
Карабайсызбы!? Мага андай кереметтүүлүк буюрбаптыр.
Көрсө, тагдырың ушундай өкүнтөөрү менен кызык экен да. Ойлойм: мунум өзүмдү сооротконум го. Канчалык кейибейин десең да, аның дилимде, тээ бүлбүл жылдыздай, өкүнүч чөгүп калат белем…
Тоолор менин жүрөгүмдү жарып чыгып кетчүдөй болот. Тоолукмун да. Эгерде сиз дагы тоолук болсоңуз, мен туйганды туюп, айтайын дегенди билип турасыз.
Не болсо да, жүрөккө батып, туйлаган тоолорго жол табуу керек.
Сүйкүм тоолордогу өткөргөн балалыкты балалыктай, эр жеткендеги сагынычты андан бетер, ар көрүнүшүнө сыр ката өмүр бою жазгым келди.
Бу ай-ааламга кыйкырып келген наристе үнүмдү тоо уккан. Тоо пендесин тааныптыр. Тоо биринчи азан чакырып, кайра жарыя салыптыр ааламга. Сүйүнүптүр, бала болуп ыйлаптыр…

Анда мектепке бара элекмин. Үйдөгүлөр бир жыл калды дешчү окууга барарыма. Бир күнү кошуналардын окуган баласына эрегишип, карандаш-кагаз тапкыла деп көгөрдүм. Эркиме коюшту. Биринчи саам колго дептер, карандаш кармап жан аракетим менен чиймелемиш этем…
Ошондо алгачкы тарткан сүрөтүмдү атама көрсөттүм.
— Бул тоо…— деди.
Тоо!.. Менин биринчи тартканым!..
Убактысында ага барк албапмын. Бара-бара айылдан алыстаган сайын ошол тоону көксөчү болдум. Жөн эле өйдө-ылдый чиймелеген тоолорду эсимден чыгарбадым.

Менин алыска саякатым тоо арасынан башталган. Ата-энем өңөрүп тоо кыдырып саякат жасаптыр. Жашыл тоолордун кырлары, карагай-черлүү, кыя жолдуу капчыгай, чиркелишкен көч, тайгак кыядан төөнүн жүгү менен кулаганы азыркыга чейин эсимде калыптыр. Жомокко окшош…

Кээде тоолорду жомоктогу бөгүп жаткан дөөлөргө окшоштурчумун. Акылым жетпеген нерселерди сурап калсам, менден улуулар: «Кайсындай деп айтсам сага… тетиги тоону көрдүңбү, так ошондой» деп кутулуп кетишчү.
Мындайы чоң энемдин жомокторун көп уккандыгымдан уламдыр. Чоң энемдин жомоктору бүткүл тоодо өтчү. Бүт тоолордо эле. Кээде жомок угуп түндүктүн тартылбаганынан, капшыттардын жыртыктарынан чочулап, калп эле шылтоо таап, чоң энемдин коюн-колтугуна кире каччумун.
А жомокторун уккум келе берчү.
Жаш кезинде кыздар кыр-кырлардан гүл терип ырдашчу экен…
Чоң атам бүркүтүнүн томогосун тоодон алыптыр…
Тоо арасында журт бүлүккө дуушарланып, салгылашуулар өткөн…
Кайсы бир ашууда кыргыздар чөп чапкандай кыйраптыр…
Кайсы бир суудан эл өтө албай, мурда малды айдап, ошол тирүү жандын үстүнөн былкылдатып бастырып өтүшүптүр…
Энемдин жомогунан элес-элес калгандар ушулар…

Тоолуктардын балдары адегенде эсепти жылдыздарды санап үйрөнүшсө керек. Түн киргенде боз үйдөн чыгып короо четинде жылдыздарды санашат. Тоолордон жылдыздар жапжакын бадырайып түшүп келишет. Түнү тезек чогулткан капка терип жыйнап келгиң келет.
Тоодогу айлуу түндүн кереметичи!.. Түнкү үндөө алыска- алыска угулат. А тургай «ак чөлмөктү» тээ алыска түшкөнүн угуп турасың. Айдын кереметинен ак түн болот. Андайда караңгы түн болбойт. «Алтын бакан селкинчек», «Дүмпүлдөк», «Ак чөлмөк» оюндары ушундай түндөргө жарашат.
Тоолуктар «ак» деген сөздү жандарындай көрүшөт. Алар жеринен ак кийишкен: ак кемантай, ак калпак, ак олпок, бул дүйнөдөн көз жумган адамга да ак кепин орошот…
Комуздун капкагы да ак… Ичкени да ак…
Өмүрүн, жашоосун, дитин, ак тилегин ак кылгысы келишет бейм. Өмүр ак болсо дейт көрүнбөйбү ак пейлинде.

Түшүмө кызыл тоолор кирчү. Балалыгым да. Чокуларында оттор жалбырттап күйүп турчу. Канат бүтүп, алардын үстүнөн учуп жөнөчүмүн. Зооканын чокусуна коноюн деп, кулап түшчүсүң. Арсак-терсек таштарга урунуп-беринип, тоосунан күрпүлдөгөн суусуна түшчүсүң. Агып жөнөйсүң. Жээктеги тал-чыбыктарына кол жетпей, бийик шаркыратмага кирмек болосуң. Ошондо жээктеги чоң энемди көрчүмүн. Жаналекетте кыйкыраар элем…
Чоң энем чекемди сылап «балага ушундай беймаал түштөр кире берет, түшүң түлкүнүн богу…» деп жоруп салчу.
Казыр, непадан түшкө тоолор кирсе (чыным, тоолор кирсе экен деп тиленем) аны мен мындан мурун балалык кезимде көрүп койгонсуйм. Рерихтин тоолору мага ошондой сезилет. Бала чактагы түшүмө кирген тоолордой. Аны бир жерден көргөнсүп бүшүркөйм.
Айталык, Кенттин тоолору кумар канбас тоолор. Поэма. Мен жашаган чыныгы тоолор. Анын тоолоруна кадимкидей кусаланасың. Көргүң эле келет. Көргөндө жел бетке урулуп, гүлүнүн жытын сезесиң. А түгүл тоолорунун үстүнөн кыйкырып, тоголонуп чуркагым келип кетет… Башта, кандай укмуш сүрөтчү болсо да, табият сулуулугун, кереметин, кубулган боёгун таба албайт ко деген мүчүлүш оюмду Кент төгүнгө чыгарды. Улуулугу да.

Жаштыгымды эстесем: бирден бир ырахатым – тоодон таш кулатуу экен. Мал-жан жок ээн коктучаларга барчубуз. Бет ылдый таштарды жарыштырчубуз. Таштар күүлөнгөндө чимирилип, көз кумарын кандырчу.
– Тайгүлүк!.. Тайгүлүк!.. Тайгүлүк!..
Таштар тоо боорунан шуулдачу. Биринен-бири озуп, так түйүлө секирип, зымырап көздөн кайым. Ойдо кыбырап, жыгыла турганын көрчү эмеспиз. Деле өмүрдүн да, сулуулуктун да, өң-түстүн да, келме-кезектүүлөрдүн күлгүн кези, закымдап учкан мезгили биз үчүн сонун көрүнөт турбайбы…

Тоодогу кара нөшөргө калгандын ырахатычы! Жаандын шаштырып кирип келгенин арчанын арасынан отун алган балдар капкаяктан билишет. Тоонун башына кара булут уюйт. Булут алыста жука шалы жоолуктун чачпактарындай торко көшөгөсүн түшүрөт тоолорго. Күркүрөгөн добуш чыгат. Булут көшөгөсүн тартпай, тоолорду каптай берет. Күркүрөк күчөйт. Чагылган жаркылдайт.
Бая отунчулар жаандан мурда жетсек деп, тоо боорундагы жалгыз аяк жолдо декилдеп чуркашат. Балдар алда эмнени күткөнсүп, мемиреп дымыккан, тили буула түшкөн айланага элеңдеп карашат. Баягы уйгу-туйгу учкан көпөлөктөр көрүнбөйт. Арчалардагы чымчыктардын чыйпылдаганы басылат. Зоокаларды көздөй закымдап бараткан көгүчкөндөр көрүнөт.
Кара булут удургутуп, сүрдөтүп качырып келет.
А дегенде жалбырактардын беттеринен «тып, тьп» деген шыбыш чыгат. Барган сайын тыпылдак көбөйөт. Чөптөрдүн баштары солкулдайт. Жаан себелей баштайт.
Мына, мына, быдыратып ийди.
Бая балдар үйлөрүнө жетпей орто жолдо калышты. Отундарын ташташып, арчалардын койнуна кире качышты.
Айылдагылар түндүк жабууларын серпишип, от жаккандары бакан көтөрүшөт. Анан жаан шапырактатат.
Баласаак бээлер желенин жанына имерилишип, сооруларын жаандан чаба урган оңуна тосушат. Кулундар желеден тыбырчылап киришет.
Боз үйдүн үстүн, жол боюн, такыр жерлерди сабоо менен сабагансыйт. Жамгырлар чаңдатып жибергенсийт. Анан кокту-колоттон, жолдон кыян жүрөт.
Тоодогулар эшигин түрүп салышат.
Тарс!.. Чагылган түшөт. Күрсүнүү чыгып, жер бети, тоо-таш кулак тундуруп дүңгүрөйт.
Тоодогулар бул укмушка көнгөн. Улагадагы ээрге олтурушуп, түрүлүү эшиктен жаанга ким калды экен, жакадан кайсы неме шөлбүрөп келе жаткан экен дешип, кызыгып тирмейишет. Жаан арасынан булт этип эч ким чыга калбайт. Жол таманынан көбүрүп-жабырып күчөп кирген кыян гана жылаандай сойлоп баратат. Үйдү кыян айланат.
Чагылган!.. Тоодон ойноп келет. Жер астын-үстүн түшкөнсүйт. Нөшөр ого бетер куюлат. Чоргодон төгүлөт. Асмандын төбөсү тешилип калган окшойт.
Үйдөгү ата-эне, «ка-ап, баягы отунчулар куурады го» деп кейимиш этишет. Анткени менен «андагы болсо, зоокага же арчага жашынышкандыр» деп бейкапар.
Жер дүңгүрөгөнү менен баштагысындай болбой калды. Жаандын күчү кайта баштады. Чагылгандар алыстан-алыстан сынып-сынып калат. Жөө тумандар тоо баштарынан дүңгүрөктү, чагылганды ээрчип шыпырылып баратат, тоодон түндүк жабууга окшоп сыйрылат. Чагылгандуу кара нөшөрдүн тоого койгон оюну аяктады. Жамгыр улам майдалап отуруп, бир маалда тым-тырс болду.
Боз үйлөрдөн бээ саанына чыгышат…
Бая арчаларда жашынган балдар шөмтүрөшүп, кыдың-кыдың, арча көтөрүп келе жатышат.
Суулар күкүктөп калат…
Осмон деген таякем эсиме түшөт. Чоң энем экөөбүз боз үй тигип, көчтөн калбай, айыл аралап, ошол таякемди караан тутчубуз.
Чоң энем жеринен кымызга көнгөн. А түгүл кышында ооруп калганда атамдар тигил жагы Нарындын башы, бул тарабы Кара-Тал, Жапырыкка чейин жер кыдырып, эки аяктай кымыз таап келишчү. Ошону ичкен соң, чоң энем жарыктык төшөктөн бат эле туруп кетүүчү.
Айылдагылар жерге тийгизбей, «бу кемпирдин кымызы бал кымыз” дешчү. Эртең менен үйдөн дарбып, өксүшпөйт. Чоң энемдин бир сыры бар эле. Аккодолдун түбүн ак чүпүрөк баштыкка кынаптап тигип, сабанын түбүнө аста түшүрүп ийчү. Кымыздын даамы чыгат, дарычылыгы бар дечү. Андан да ным жатаарда, эртең менен сабаны аябай быштырчу. Өтөмөнчө түнкүсүн саба быш. Мен бышканымды токтото коюп, башка боз үйдөгүлөрдүн күрпүлдөтө саба бышканын бир паска тыңшай калчумун. Сабанын жыты менин каңылжарымды жарып жыргатат дейсиң…
Таякем кызыктай адам эле. Сакалы ап-аппак, көкүрөгүнө түшүп турчу. Кийин ойлосом, Микеланджелонун «Перемия пайгамбарына» окшош экен.
Таякем сабаны бышпай, бир аякты тартып, зоордон жылкы айдаганы кетчү. Жайыттын оңун билген абышка, эл алды түндүктү серпе электе жылкыны тапыратып, төштөн көрүнчү. Кулундарды желеге байлап, эл менен кошо кобурашып, бир-эки аяк кымызын иччү да, таякем көнгөн деңсөөсүнө кымыз алдырып алып, кечке отурганы отурган.
Биз Көк-Торпок деген жайлоодо элек. Жайлоонун кыйла бийиги. Жашыл тоолор алдыбызда калуучу. Анын кымызына эч бир жайлоонуку жетпейт. Жакадагыларга айтсаңыз тамшанышат.
Айылдагылар жок жоготкондорун таякемен кечке сурай беришчү.
— Музоо көрүнбөйт…— дешет таякеме.
– Те белди ашты. Бала чуркат…— дейт таякем.
— Козуларым жамырап кетпегей эле,—дешет таякеме.
Анда таякем:
— Койлор Алайдын коктусуна кирди, убара болбо,— дейт.
— Атың тушалуу беле?.. Арчалууда соксоңдогон ат бар…
Кээде энем тамак ичкенге таякеңи чакырып кел дечү. Таякем мамыры жыттап, тоолорду кыдырата тиктеп бая кыябын жазбай отурат. Сөз укпай жанына отургузуп алчу.
Кобурачу:
— Карап отурсам, Тепшиден экөө чыкты да, Чоң-Жакшынанын белин ашып кетти. Тетиги туу белдеги айыл көчө баштады, төргө жылат окшойт, атаңдын көрү, төр азыр укмуш эмей… Ана коргондон бир бүркүт айланды. Ногоргонду уялаган көрүнөт, шо тарапка кетти. Маңдайкы төрдү көрдүңбү, кызыл таштын алдын… Сенин көзүң курч эмеспи, азыркылардын көзү ай… бир үйүр жылкы жүрөбү?! Арасында кызыл бээси бар. Бул айылдыкы эмес, башка жактан ооп келген… Бөксөдө оттогон мал кантип гана семирбесин, карачы… Бали-бали… Жылкыны Арчалууну көздөй айдап коёлу, жайыт которсун… колоттун ичинин чөбүн айтпа, белден… Мал жоголчудай… Арчалуунун башынан он эки аркар-кулжа көрдүм… Сыягы ок жеп жалккан. Өңүт менен барса болоор эле, атаңдын көрү жаштык кез…
Барган сайын жаңылык айтып отурчу. Тоолуктардын абышкалары так ушундай. Биздин чоң аталар тоолорду ушинтип сүйүшүп, ушинтип өмүрүн берген окшобойбу!..
Таякем кээде жакага кеткенде жылкы айдап келүү кезеги мага тийчү. Андай күндөрү кечинде кулундарды агытарда чоң энем жылкыларды эртеси оңой табууга башка жайытты көздөй айдатчу.
Таң аралаш турган жыргал болчу. Али айылдагылар түндүк жабууларын тартыша элек.
А сен болсо, тоо бетинде кымындай жан, шүүдүрүм кечип капталдап баратасың.
Тоолордун баштарында жолоочу-тумандар этектерин жыя албай ныксырашат. Булут алдында жылкылар көк чөпкө оонап жатат.
Жеткиче кыйкырык сала беребиз.
– Ю-лю-лю-лю-ляй!.. Ю-лю-лю-ляй!..
Жылкылар жедеп көнгөн, Кайрылышат.
Тоолордун баштарынан коктудагы оюкчуктай үйлөрдү көрөсүң. Короодон туман окшоп, койлор чыга баштайт.
Жылкыга тийип, куюндатып түшөсүң. Жылкылар чөптөрдү, жалбырактарды күбүп, оюн салып, кутуруп келе беришет. Кулундар эликтей түйүлүшөт. Сен ансайын кыйкырасың… Тоо бетиндеги зоока-таштарга үнүң чаңкылдап жаңырат. Чыдабай: бутуңдагы чоң өтүктү чечип аласың. А дегенде ичиркенип, муздайт да, кайрадан бутуң ысып чыгат. Сен да кулунга окшоп секирип-секирип ырдап жибересиң, байкебай. Көк чөпкө оонап, тоодон кулап түшкүң келет. Ошондо алгачкы обонуңду ырдайсың.
— Ю-лю-лю-ляй!.. Ю-лю-лю-ляй!..
Таң менен тоодо жылкы айдаган кантип жыргал болбосун… Бала кезиңде…
Алыскы сапарда жүргөндө, сыркоолоп, канатын кырккан куштай болгондо эки нерсе мурда куса кылат:
А п а м
ж а н а
Т о о!
Менин эки кыбылам!..

II

Ушинтип тоого баратамын. Эңсеп, ага келе элегиме кыйла болду. Сагындым. «Адашкан уул» деген сүрөт эсимде. Атасынын этегине жыгылган баланын сүрөтү. Мен да куду ошондоймун. Жеттим да, тизелеп тоомдун көкүрөгүнө жыгылдым. Көрүштүк.
Тоого чыгайын…
Тез чарчап, энтигип калам. Жаш улгайса, тоого дайым чыкпасаң ушинтесиң. Алдыда көрүнгөн сонун гүлдү белгилейм да, ушуга жетсем, тоого чыга аламын, көздөгөнүмө жетем деп өжөрлөнөм. Ага жетемин. Ал гүлдөн башка гүлгө өтөмүн. Ага да жетем… Тоо чокусуна жетким келет…
Гүлдөр, көпөлөктөр жер үстүнө жайнап кетти. Быякка аарылардын өкүмү жүргөнсүйт. Чоочун адамды көргөндө алар алыстан эле каардуу качырып сала беришет да, төбөмө айланып-айланып калышат. Мурункусу чалгынга келгенби, анысы кетээри менен бөлөгүнүн кезеги…
Кокту ичинде ээсиз, төбөсү түшкөн жаман там. Учурунда буга жалгыз аяк жол каттаптыр. Эми анысын чөп баскан, кыян жеп, билинээр-билинбес нугу жатат.
Жогоруда жылкылар оттойт. Оң ыптамда акындар суктанган арчалар. Өйүздө туташ карагайлар. Мага бейтааныш акын, тоо бетиндеги карагайларды «кырдан түшкөн аскерлер» деп салыштырган имиш.
Отуруп ай-ааламга айран кала карайм.
Улуу тоолорду, кыдырата-кыдырата тиктей берем.
Демим буулукту. Энтигем. Учуп кетчүдөй оп сором абаны. Улутунам…
Тоо толкуп жатат… Улуу аалам толкуну…
Чубалжыган зор көч…
Жердин канаты…
Улуу сулуулук — дүйнө декорациясы…
Мен өпкөлөп ыйлап жатамын…
Эмнеге шолоктоп ыйлаганымды билбеймин… Сулуулуккабы? Тоонун улуулугунабы? Же кибиреген адам экендигиңеби. Алсыздыгыңданбы?
Мынчалык жыргап ыйлаган эмесмин. Эч жыргалым чак келбес буга. Неге ыйлаганыңы өзүң билбей ырахат алганымды биринчи курдай сездим… Колдон келсе, ошол жашымды түбөлүккө катырып коёр элем. Бир ыраазычылыгым ошол жашыл тоо койнуна көз жашым тамбадыбы! Мейличи!..
Туу чокуга чыга келдим. Кыр-кырда кыска чөптөр. Суукка, шамалга көнгөн элбасын деген гүлдөр өсөт.
Арылдаган шамалга көкүрөгүмдү тосуп, делдейип, нес турамын…
Алдым — капчыгай, карагай-черлүү. Бет маңдайымда — жылаңач зоока. Кумдар электен өткөнсүп, шиленип, зоока алдында кызарган шагылдуу сулуу тилке жатат.
Тоолор улуу сепилдер!
Мылтыгымды алып улуу сепилдерге салют бердим…
Капчыгай, зоокалар жаңырып, бүлүккө түшө бакырып калышты.
Кайберендер үрктү белем, таштар куланды.
Тоо укмуштай сезгич. Жер үстүндөгү кыпындай жаңырыкка дирт эте денесин жыя чочулайт. Каргышыбы же ыйыбы, көпкө күңгүрөнүп араңдан зорго боюн токтотту.
Көрдүм да тоо кейпин, кыр ылдый чу койдум!..
Куу!..
Чуркайм.
Туу кыр ылдый…
Тоо бети жошодой. Кызыл музыка!
Тоодон күндү кууп баратамын:
тоо ылдый сызган эликтей;
тоо ылдый оюн салган кулундай;
тоо үстүнөн жарк эткен чагылгандай;
туу кыр ылдый чуркайм…
Чуркай эле берем!..
Куу!..
Мына!..
Жатамын…
Жападан жалгызмын…
Тоону кучактайм.
Гүлдөрдүн жыты бур дейт. Апам жыттанат.
Жердин ичине кирип кетсемби!
Бар кудуретимде сыга-сыга кучактайм:
жерге баткан чынар теректей;
тоону баскан көк асмандай;
тоого оролгон тарам жолдой;
тоо башына чулганган ак булуттай…
Тирүүлүктүн өлбөс үндөрү чыгат;
Эликтин чакырганы угулат.
Булактын шырылдаганы-ай!
Карагайлар шуулдап вальс бийлешет…
Чечинип салдым. Бешикке да ушинтип бөлөшкөн. Эч нерсени көрбөйм, укпайм, сезбейм… Тоону жылытайынчы… Тоо менен тоомун. Тоодо менин өмүрүм. Тоодо менин көз жашым. Тоодо менин кудуретим. Бүткүл жан дилимди, жылуулугумду, жанымды, алымды тоого жыргап берип койдум…
Аздан соң, тоо жылуулук кайтарды. Күчүмө күч кошту. Жер көтөрүп барат. Алпмын. Денем дуулдайт. Кыйма-чийме кан тамырларым тоонун ар бир чөбүнө туташыптыр… Ысып баратамын. Тоо шоокум берди… Тоонун жүрөгүнүн кагышын угамын. Тоонун жүрөгү бар. Эне сыяктуу ийип жатты тоо. Эмчек соргон наристедей жыргап куунайм…
…Тура калып, күлүк тулпарга минип, тоо үстүнөн чаптым…
Тулпарым ойкуштап жер чапчып, кишенеп, так түйүлүп, ооздук кемирет.
Эге-ээ!.. Аттын тизгинин коё бердим… Учуп баратам дейсиң!..
Көк жашыл тоодон тулпар учат. Жал, көкүлү, куйругу тарам-тарам созулат. Жаныбар, башын чулгуп алыптыр… Даңканы зыр-зыр этет…
Мен да колумду канат жасап зымырайм…
Тоолор жалп-жалп этип артта калат…
Жыргалың ай, тоо үстү!.. Кыйкыргым келет!.. Каткыргым келет…

Кайберендерди камакканадан көрүп, жан-алы калбай сүйүнгөн, суктанган адамдар да бар. Аларга боорум ачыйт. Кайберендердин тоодон элирип чуркаганын көрүшпөйт алар. Кап, кандай кереметтүү сулуулукту көрүүдөн куру калышкан.
Аң уулоого чыгып, кайберенге жолуксаң, аптыгып, колдогу мылтыгың шалк этет…
Атпаганың кайберендин гана сүрү дейсиңби!.. Бул сулуулуктун сүрү! Табият сулуулугу!.. Адам сулуулуктан сүрдөйт эмеспи!..
Айбанаттар музейинен катырылган бүркүттү көрүп, шаардык таанышымдын мындай сөзү эсимде: «Ушу кантип кыйратсын!..».
Ах, байкуш адамдар!.. Баягы таанышым, а тургай муну байкабады: бүркүттүн жүрөктүүлүгү тоолуктардан кем калбайт.
* * *
Тоолор – улуу сахна. Биз билбеген, көрбөгөн канча трагедиялар, комедиялар коюлду. Тоодогу улуу трагедиялардын бири, мен үчүн, Прометей азабы. Мектепте тарых сабагынан билгенден кийин, ага дайыма боорум ачуучу. Бүркүт же аска көрсөм эстей берчүмүн.
Байыркы гректердин уламыштарында адамдарга жакшылыкты көбүрөөк жасаган Прометейден ашкан эч кимиси болбосо керек. Калган кудайлар, падышалар өзүлөрүнүн жыргал-кууралына жан кыйып, мертинишкен. Прометей аларга каршы. Адамдардын жан жолдошу. Алар үчүн кыйла амалды тапкан. Адамдарга кудайдын колунан от уурдай качкан КУдайлар каршы күрөшкөндүгү үчүн аны Кавказ тоолорундагы аскага каккан. Көкүрөгүнө жаанын огу сайылган. Ар күнү эртең менен бүркүт учуп келип, анын боорун чокучу. Анын кыйноосу далай жылга созулган.
Байыркы чыгышта тоо бетине эстелик чегишкен. Бар кудурет сүйүүлөрүн, жыргал-кууралдарын, дүйнө сулуулугун тоо бетине калтырышкан. Аска-зоокаларга өзүлөрүнүн мөөрүн басышкан. Аска тоолор экинчи жүрөк болчу. Тоолор алардын сүйүүсүн, жыргал-кууралын, дүйнөдөн тапкан сулуулугун түбөлүккө сактап калды. Египеттеги тоодон чеккен байыркы эстеликтерди карагын. Тоодон жуурулган, жүрөккө жуурулган тоодон бүткөн, жүрөккө бүткөн асылзат түбөлүк калат да.
Бекеринен улуу Микеланджело аскага эстелик чегүүнү эңсебегендир.
Адамдар байыртан бери тоону ыйык көрүшкөн. Гректердин кудайы Зевсчи? Ал кудайлардын жана адамдардын падышасы делинген. Өзүнүн турган жайына ыйык деп Олимп тоолорун тандаган.
Тоо дагы өзүнүн денесине кайсы бир адамдардын кебетелерин чегип алат.
* * *
Дүйнөдө кайсы тоо сулуу, кооз деп ойлоносуң. Географтардын баамдоосунда Америкадагы Эрозион кырка тоолору дешет. Ага мен кошулбайм. Алардын тоолору азыркы Түштүк, Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн эски мечиттерине окшош. Кылда учтары кырка сопол, үстүнөн таптап койгондой, атайын жасалган муунак тепкичтери бар сыяктуу. Эмнегедир сыгылып кууш. Андай жерлерге алыска кайтып баратып, чарчап-чаалыккан канаттуу конуп өтпөсө, бопбоз чаптарда Бул тоолорго да кысым тийгенби?
Тоо доген тоо кебетесинде болбойбу!..
Анда сулуулук да, улуулук да кашкайып турсун!..
Тоо жансыз, тилсиз, жаткан топурак-таштын үйүндүсү дешет.
О, кантип эле!?
Тиндө удургуган улуу күч, улуу тиричиликчи!..
Жаратылыштын жансыз нерсеси деп биз этимал албаган өсүмдүк, топурак, таш, суунун… тилдери болот. Ишенгиле мага. Билесизби, ошол биз баалабаган, деле мүлдө көзгө урунгандын баарсынын күүсү, симфониясы, хору, ансамбли бар. Алардын баары жаратылышты кооздоп, сулуулап кемтигин билгизбей толуктап, улуу жаратылышты түбөлүккө алып келе жатпайбы!.. Баары, биз суктанып, күч, өмүр, кыял алган жаратылыштын, тиричиликтин улуу гимнин түзүп, ырдап жатышканын билесизби!..
Биз, адамдар, ошол сыйкырлыкты таап, байкай алабызбы?..
Биздин адамдык касиетибиздин артыкчылыгы ушунда болуп жүрбөсүн!?
Биз, адамдар, ошол улуу бүтпөс симфонияга катышып, тагдырыбызга төп келген инструментте ойноп жүрбөйлү!?
Тоо дегениң алеки саатта курулуп, канча көшөгөсүн алмаштырып турат: таңдын, күндүн чыгышы, булуттардын тоо чокусун оронгону, күндүн батышы, түнкү айдын чыгышы…
Тоо койнунда жел жүрсүнчү. Гүлдөр бийлешет. Жыт аңкып, деңиздей толкуп кетет. Карагайлар шуулдайт. Кайберендердин үнү угулат. Булактын шылдыраганы кошулат. Тиричиликтин вальсы бийленет…

Мезгил жетти, тоодон түшүп келатамын. Тоону кылчайып карайм. Кумар, чер канбады. Чокусуна кайрадан чыккым келет. Кийин-кийин гана ал келген жактын баркын билмей, өкүнмөй…
Тоонун башында балалык, өмүр, жаштык калган…
Эми адамдар, мен сыңары, ойдо туруп, тоого чыксам дейт. Жаштыгына, балалыгына, өмүрүнө кайрылып баргысы келип, тамшанышат. Алар менен кайрадан жарп жаза маектешүүгө кумарланышат.
Ошол эле оңой бекен?!.
Балалык, жаштык, өмүр кыял — эликтин чуркашында…
Тоого жаңырган мылтык үнүндө…
Атылган октой кайткыс…
Тоо чокусунда…
Тоодон түшсөм шаар келберилеп мени минтип чакырат:
«Менде каалаганың бүт бар. Жөө баспайсың! Тиккен гүлүмдү жытта, атылган фонтанымды кара! Кырка өстүргөн багымдан, асфальт көчөмдөн сайранда. Бий аянтымда музыкама бийлегин. Жарыгымдын кооздугун көрдүңбү! Тунасың!..»
Азгырыгына көнүп, бут шилтейм да, тоого кылчаям.
Тоо ушуну гана айтат:
«Эми качан келесиң!..»
А менин тоого кетким келет… Мен эне болсом, ак сүтүмдү чачаар элем тоолорго…
Тоолордун тартылуу күчү — эненин тартылуу күчүнө барабар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *