Таалайбек АБДИЕВ

Редакциялаган филология илимдеринин доктору, профессор Салижан ЖИГИТОВ

Сөздүктө котормочулук менен тилмечтикте колдонулуучу терминдер аныктамасы менен берилди жана зарыл учурларда мисалдар да келтирилди. Терминдердин түркчө жана орусча аталыштары да көрсөтүлдү. Сөздүк котормочуларга, тилмечтерге, тилчи адистерге жана жалпы эле тилге кызыккан окурмандарга арналат.

Абзацтык-фразалык котормо (paragraf-cümle çeviri; абзацно-фразовый перевод) – ырааттуу котормонун жөнөкөй-лөштүрүлгөн бир түрү. Мында тыңдоодон кийин текст бүтүндөй которулбастан, фраза же абзац түрүндө которулат.

            Автордун котормосу (yazarın kendi tercümesi; авторский перевод) – түпнуска тексттин автору тарабынан аткарылган котормо.

Автор ынаткан котормо (eserin yazarınca tasvip edilmiş tercümesi; авторизованный перевод;) – түпнуска тексттин автору жактырган котормо.

Адабий котормо таануу (edebi çeviriye giriş; литературное переводоведение) – адабият таануунун бир бөлүмү. Мында котормо адабий чыгармачылыктын бир түрү катары изилденет.

            Адаптацияланган котормо (adapte edilmiş çeviri; адаптированный перевод;) – котормонун бир түрү. Мында түпнускадагы маалыматты толук түшүнүү үчүн зарыл билими жок Кабылдоочуга түшүнүктүү болсун үчүн котормо процессинде түпнусканын мазмуну менен структурасы жөнөкөйлөштүрүлөт.

            Адекват котормо (eşit çeviri; адекватный перевод) – түпнусканын мазмуну менен формасынын биримдигин башка бир тилдин каражаттары менен берүү. Адекват котормо — көркөм котормонун мыкты үлгүсү. Кээде «адекваттуу котормо» деген терминдин ордуна «толук баалуу котормо» деген термин колдонулат.

            Адистик котормо (özel alan çevirisi; специальный перевод) – калыптанган терминологиялык системасы бар илимдин кайсы бир тармагына тиешелүү материалдардын котормосу.

            Адресат (alacak olan; адресат) – маалымат берилген тарап же маалыматты алуучу коммуникант. «Адресат» деген терминдин ордуна «кабылдоочу» деген термин да колдонулат.

            Айтым (fikir; высказывание;) – кепте (речте) айтылган пикир. Анын мааниси конкреттүү же элестетилген ситуацияга жараша болот.

            Айтымдын мааниси (fikir anlamı; смысл высказывания) – айтымдын конкреттүү ситуациядагы мазмуну, семантикалык жана ситуациялык маалыматтардын өз ара аракетинин натыйжасы.

            Айтымдын формалдык компоненттери (fikrin dış öğeleri; формальные компоненты высказывания) – сөздөрдүн үндүк жана графикалык формалары, грамматикалык формалар жана структуралар.

            Аналог (analog; аналог) – түпнускадагы сөз же сөз айкашы ошол контекстте кандай маани билдирсе, ошондой маанини билдирген, бирок ага эквивалент боло албаган котормо тексттеги сөз же сөз айкашы.

Аннотациялык котормо zet çeviri; аннотационный перевод) – которула турган тексттин негизги темасы, предмети жана милдети гана чагылдырылган котормо.

            Антонимдик котормо (zıt çeviri; антонимический перевод) – лексика-грамматикалык трансформация, мында түпнускадагы грамматикалык оң форма котормодо терс форма менен алмаштырылат же тескерисинче болот жана бул түпнуска тилиндеги лексикалык бирдиктин котормо тилиндеги карама-каршы маанилүү бирдик менен алмаштырылышы менен коштолот. Мисалы:

Tne United States did not enter the war untill April 1917.

Кошмо Штаттар согушка 1917-жылдын апрелинде гана      кирди.

Антонимдик котормо кээде трансформациянын башка түрлөрү (лексикалык же грамматикалык) менен да коштолот:

The people are not slow in learning the truth.

Эл чындыкты тез эле билип алат.

Unlike many Muslim girls in the United States today, who wear the hijab in high school, Salwa did not cover until several years ago.

Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттардын орто мектептеринде жоолук салынып жүргөн көптөгөн мусулман кыздардан айырмаланып, Салуа соңку жылдары гана жоолук салына баштады.

Аралаш котормо (karışık çeviri; смешанный перевод) – салттуу (традициялуу) ыкма жана машиналык котормо ыкмасы аралаш колдонулуп которулган котормо. Бүгүнкү күндө котормо программаларынын жана электрондук сөздүктөрдүн кеңири жайылышынын натыйжасында котормонун бул түрү барган сайын өөрчүп баратат.

            Ар кыл типтүү шайкештик (çeşitli tiplerde uygunluk; разнотипное соответствие) – түпнускадагы бирдик менен аталышы жана аныктамасы боюнча дал келбеген, бирок маанилик жактан дал келген бирдиктердин дал келиши. Мисалы, But he will meet her деген англисче сүйлөмдөгү адатта басымсыз, бирок мында басым менен айтылган жардамчы этиш лексикалык бирдиктин жардамы менен которулат: Ал аны менен сөзсүз жолугушат (фонетика-лексикалык шайкештик). Лексика-грамматикалык (Give me some bread. — Нандан берип койчу) жана грамматика-лексикалык (The delegation had been received by the prime-minister. – Буга чейин делегация премьер-министрдин кабыл алуусунда болгон. ) шайкештиктер да ушундай эле жол менен түзүлүшү ыктымал.

Аскерий котормо (askeri çeviri; военный перевод) – аскердик тематикадагы тексттердин котормосу.

Аспектилик котормо (bakımlı çeviri; аспектный перевод) – тексттин белгилүү бир аспектиге ылайыкталып алынган бир бөлүгүнүн котормосу.

Ассоциациялуу белги (çağrışımsal işaret; ассоциативный символ) – караңыз: белги.

            Ат атоочтук кайталоо ыкмасы (zamirle tekrarlama yöntemi; приём местоименного повтора) – котормодо мурун аталган нерсени тийиштүү ат атооч менен кайра кайталап көрсөтүү. Бул ыкманы колдонуу менен котормо процессинде кезиккен бир катар проблемаларды чечүүгө болот. Англисче-орусча котормолордогу «кош башкаруудан» улам келип чыккан кыйынчылыктарды буга мисал катары келтирүүгө болот. Кош башкарууну кыргызча берүүдө адатта ат атоочтук кайталоо ыкмасы колдонулат:

The Atlantic Pact had never been reported to, or sanctioned by, the Security Council.

Атлантика пактысы эч качан Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюлган эмес жана ал тарабынан санкцияланган да эмес.

Бул ыкма сөздөрдүн ашыкбаш кайталанбашына жол бербөө үчүн да колдонулат:

Efendiler, beni vatandaşlık hukukundan ıskat etmek salahieti bu efendilere nereden verilmiştir?

Мырзалар, мени граждандыктан ажыратуу укугу аларга кайсы жерден берилиптир?

            Аудитория (dinleyiciler; аудитория) – (бир нече адамды камтыган) жамааттык адресат. Котормодо аудиториянын ачык, жарым жабык жана жабык деген түрлөрү бар.

Аутент котормо (aslına uygun çeviri; аутентичный перевод) – расмий документтин юридикалык күчү түпнуска менен бирдей болгон котормосу. Эл аралык укуктарга ылайык, келишимдин тексти бир тилде иштелип чыгып, кабыл алынышы мүмкүн, бирок анын эки жана андан көп тилдердеги таамай котормолору аутенттүү деп таанылат.

            Ачык аудитория (açık dinleyiciler; открытая аудитория) – ачык же байланыштагы аудитория, котормо аркылуу баарлашууда баарынан көбүрөөк кездешүүчү адресат. Ачык аудитория кери байланыштын бардыгы (тилмеч өз иш-аракетине карата жасалган реакцияны көрүп жана угуп турат) жана өзүнчө уюштурулушу менен айырмаланат.

Басылган котормо (yayımlanmış çeviri; издательский (печатный) перевод) – элдин кеңири катмарына арналып, басылып чыккан жазма котормо.

Белги (işaret, sembol; символ) – тилмечтик тез жазууда нерселердин топторун жана кубулуштарды белгилөө үчүн колдонулуучу шарттуу белги. Белгилөө ыкмасы боюнча жазуудагы белгилер тамгалык белги, ассоциациялуу белги, эркин белги болуп бөлүнөт.

            Билдирүү (bildiri; сообщение) – бериле турган маалымат.

Бинар котормо (binar çeviri; бинарный перевод) – бир табигый тилден экинчи бир табигый тилге которулган котормо.

Бир багыттуу которуу (tek taraflı çeviri; односторонний перевод) – бир тилден экинчи бир тилге оозеки которуу.

Бир тил ичиндеги котормо (bir dil içindeki çeviri; внутриязыковой перевод) – бир тилдеги сөздөрдүн ошол эле тилдин сөздөрү менен чечмелениши. Мындай көрүнүш мурунку замандын тилинде жазылган тарыхый текст азыркы тилге которулган диахроникалык (тарыхый) котормодо жана бир жанрга же функционалдык стилге тиешелүү текст башка бир жанрга же функционалдык стилге которулган транспозицияда кездешет.

            Бир типтүү шайкештик (aynı çeşit uygunluk; однотипное соответствие) – котормо тилиндеги грамматикалык жактан дал келген бирдик. Мында анын аты, аныктамасы жана грамматикалык мааниси түпнускадагы бирдиктики менен дал келет. Мындай дал келүү, негизинен, грамматикалык категорияларды бөлүп алуу принциптери дал келген тилдерде болот. Түркчө-кыргызча, кыргызча түркчө котормолор буга эң сонун мисал боло алат.

            Болжолдоо (tahmin; вероятностное прогнозирование) – маалыматты кабыл алып жатып, кайсы сөз же сөз айкашы келе турганын божомолдоо.

            Булак (kaynak; источник) – билдирүү чыккан тарап, маалымат берген коммуникант.

Бүкүлү тексттин котормосу (bütünsel metin çeviri; цельнотекстный перевод) – айрым сөздөр, сүйлөмдөр же абзацтар котормо бирдиги катары бөлүнүп көрсөтүлбөгөн бүтүн тексттин котормосу.

            Вариант шайкештиги (varyant uygunluğu; вариантное соответствие) – түпнуска тексттеги бирдикке котормодогу бирдиктин дал келүү варианттарынын бири.

            Генерализация (genelleştirme; генерализация) – түпнуска тилиндеги мааниси тарыраак лексикалык бирдикти котормо тилиндеги мааниси кеңирирээк бирдик менен берүү. Караңыз: түшүнүктөрдү жалпылаштыруу.

Грамматикалык айырбаш (gramer değiştirmesi; грамматическая замена) – грамматикалык трансформация, мында түпнускадагы грамматикалык бирдик котормодо башка грамматикалык бирдик менен берилет. Түпнуска тилинин ар кандай деңгээлдеги грамматикалык бирдиги: сөз, сөз айкашы, сүйлөм мүчөсү, сүйлөм алмаштырылышы мүмкүн. Котормо процессинде грамматикалык алмаштыруунун кеңири тараган түрү болуп сөз түркүмдөрүнүн алмаштырылышы эсептелет. Англисче-кыргызча котормолордо зат атоочтун этиш менен берилиши кеңири кездешет:

He is a poor swimmer.

            Ал начар сүзөт.

            She is no good as a letter-writer.

            Ал кат жазганды жакшы билбейт.

            I am a very rapid packer.

            Мен абдан тез жыйналам.

It is our hope, that an agreement will be reached by Friday.

            Биз жума күнгө чейин макулдашабыз деп үмүттөнөбүз.

Англис тилиндеги географиялык аттардан түзүлгөн сын атоочтор да көбүнчө зат атоочтор менен которулат:

Australian prosperity was followed by a slump.

            Австралия экономикалык өнүгүүдөн кийин кризиске учурады.

Ошондой эле төмөнкүлөрдү да салыштырыңыз:

the British Government — Британиянын өкмөтү, the American decision — АКШнын чечими, the Congolese Embassy — Конгонун элчилиги ж.б.

Сүйлөм мүчөлөрүнүн алмашуусу сүйлөм түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнө алып келет. Мисалы:

Visitors are reguested to leave their coats in the cloak-room.

            Коноктордон тышкы кийимдерин гардеробго калтырышын өтүнөбүз. (ээ кыйыр толуктооч менен алмаштырылды)

The last week saw an intensification of diplomatic activity.

            Өткөн жумада дипломатиялык иш-аракеттердин активдешүүсү байкалды. (ээ мезгил бышыктооч менен алмаштырылды)

The little town of Clay Cross today witnessed a massive demonstration.

            Бүгүн Клей-Кросс шаарчасында массалык демонстрация болуп өттү. (ээ орун бышыктооч менен алмаштырылды)

The crash killed 20 people.

            Катастрофанын натыйжасында 20 киши каза болду. (ээ себеп бышыктооч менен алмаштырылды).

            Грамматикалык кубулма (dilbilgisel dönüşüm; грамматическая трансформация) – котормо ыкмаларынын бири, мында семантикалык маалымат сакталып, сүйлөмдүн же сөз айкашынын структурасы өзгөртүлөт.

Грамматикалык сөзмө-сөз котормо (dilbilgisel kelimesi kelimesine çeviri; грамматический буквализм) – түпнусканын грамматикалык структураларын же формаларын котормо текстте бузбай берүү. Мындай көрүнүш тектеш тилдердеги котормолордон көбүрөөк байкалат.

            Девербализация (anlam ayırmak; девербализация) – кабылданган маалыматты түпнуска тилинин тилдик каражаттарынан, формаларынан жана структурасынан бошотуу.

Дезиративдик жактан адекваттуу котормо (isteğe uygun çeviri; дезиративно-адекватный перевод) – керектөөчүнүн информациялык талабына толук жана туура жооп берген котормо. Мында түпнусканын толук мазмуну жана коммуникативдик функциясы берилбей калышы да мүмкүн.

            Денотат (denotat; денотат) – кепте сөз менен берилген нерсе же кубулуш.

Диахроникалык (тарыхый) котормо [art zamanlı (tarihi) çeviri; диахронический (исторический) перевод] – мурунку замандын тилинде жазылган тарыхый тексттин азыркы тилдеги котормосу.

            Жабык аудитория (kapalı dinleyiciler; закрытая аудитория) – котормо аркылуу баарлашууда адресат катарында сейрек кездешүүчү аудитория. Ал адатта массалык маалымат каражаттарынан: радиодон, телекөрсөтүүдөн, басма сөздөн байкалат. Анын негизги өзгөчөлүгү – тике кери байланыштын жоктугу.

            Жазма котормо (yazılı çeviri; письменный перевод) – профессионалдык котормонун абдан кеңири тараган бир түрү. Мында текст көз менен кабылданып, жазуу түрүндө которулат. Котормонун бул түрү илимий эмгектерде көрүп жазма котормо деп да аталат. Жазма котормодо түпнуска текст менен которулган текст туруктуу болуп, котормочу ага бир нече жолу кайрылышы мүмкүн. Бул болсо котормочуга түпнуска текстти экинчи жолу кабылдоого, аны котормонун тиешелүү бөлүгү менен салыштырууга жана ага зарыл өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду, толуктоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Котормочу текстти окуп, анан аны жазуу түрүндө которгон котормо жазма котормонун классикалык үлгүсү болуп эсептелет. Терминдин аты да ушундан улам келип чыккан.

Жазма тексттин жазылуу котормосу (yazılı metnin yazılı çevirisi; письменный перевод письменного текста) – жазма тексттин жазуу түрүндөгү котормосу.

Жазма тексттин оозеки котормосу (yazılı metnin sözlü çevirisi; устный перевод письменного текста) – жазма тексттин оозеки түрдө которулган котормосу.

            Жазып алуу системасы (yazma sistemi; система записи) – эстутумга жардам берүүчү каражат. Буга ырааттуу котормо учурунда тилмечке келген маалыматты тандоо жана жазып алуу эрежелери кирет.

            Жакындатылган котормо (yakın çeviri; приближённый перевод) – түпнуска тилинин эквивалентсиз грамматикалык бирдигине жарым-жартылай дал келген котормо тилинин грамматикалык бирдигин пайдаланылган котормо. Мисалы, азыркы англис тилиндеги абсолюттук конструкциянын кыргыз тилинде аналогу жок (эгер бул конструкцияны грамматикалык түзүлүштүн бирдиги катары карай турган болсок). Бул конструкция бир катар бышыктоочтук маанилерди камтыган татаал маанини билдирет. Бирок конкреттүү сүйлөмдө мындай маанилердин бирөө же экөө (мезгилдик, себеп-натыйжалык, шарттуулук ж.б.) биринчи планга чыгышы мүмкүн жана ал кыргыз тилинде тийиштүү конструкция менен берилет. Төмөнкү мисалда абсолюттук конструкция мезгилдик функцияны аткарат:

Business disposed of, Mr. Swiveller was inwardly reminded of its being high dinner-time.

            Иш бүтүп калганда мистер Свивеллер түшкү тамак маалы болуп калганын сезди.

            Жарым жабык аудитория (yarı kapalı dinleyiciler; полузакрытая аудитория) – тилмечтик ишинде баарынан көбүрөөк кездешүүчү соңку адресат. Мында тилмеч залдын реакциясын  угушу мүмкүн, бирок ал кабылдоочуларды көрө албайт.

Жарыяланган котормо (yayınlanmış çeviri; опубликованный перевод) – массалык көбөйтүү каражаттарынын жардамы менен көбөйтүлгөн практикалык же окуулук котормо.

            Жетик котормо (mükemmel çeviri; полноценный перевод) – түпнуска тексттин мазмуну жана функционалдык-стилистикалык өзгөчөлүктөрү толук берилген котормо.

Жумушчу котормо (iş çevirisi; рабочий перевод) – редакцияланбаган, көбүнчө басып чыгаруу үчүн эмес, практикалык колдонуу үчүн даярдалган котормо.

Илимий-техникалык котормо (ilmi teknik çeviri; научно-технический перевод) – илимий-техникалык тексттердин жана документациялардын котормосу.

            Инвариант (invariant; инвариант) –которгондон кийин өзгөрүүсүз калууга тийиш болгон маани, тагыраак айтканда, берилген жана кабыл алынып аңдалган маалымат.

            Инвариант маалымат (ınvarıant bilgi; инвариантная информация) – бериле турган маалымат, б.а. билдирүү.

Интерсемиотикалык котормо (intersemiotik çeviri; интерсемиотический перевод) – табигый тилден жасалма тилге же тескерисинче которулган котормо.

            Кабылдоочу (kabul eden; реципиент) – текстти, билдирүүнү (маалыматты) кабыл алуучу.

            Кагаздан которуу (kağıttan çeviri; перевод с листа) – жазуу түрүндөгү текстти даярдыксыз дароо окуп баратып которуу.

            Кайталанма маалымат (tekrarlanmış malumat; повторная информация) – текстте мурун айтылган маалымат.

            Калькалоо (başka dilden alınan bir tabiri ana dilinde kullanmak; калькирование) – түпнусканын лексикалык бирдигин анын курамдык бөлүктөрү болгон морфемаларды же сөздөрдү (туруктуу сөз айкаштары болсо) котормо тилиндеги лексикалык эквиваленттери менен алмаштырып которуу ыкмасы. Калькалоонун маңызы — түпнусканын лексикалык бирдигинин структурасын көчүрүү менен котормо тилинде жаңы сөз же сөз айкашын жаратуу.

Мисалы: superpower — супердержава – супердержава; mass culture — массовая культура – массалык маданият, green revolution — зелёная революция – жашыл революция .

Котормодо транскрипция менен калькалоо бир учурда колдонулган учурлар да аз эмес: transnational — транснациональный – трансулуттук, petrodollar — нефтедоллар – нефти доллар, miniskirt — мини-юбка –мини юбка.

            Кемтик котормо (eksik çeviri; неполный перевод) – түпнусканын мазмуну кыскартылып же айрым жерлери алынып ташталып которулган текст.

            Кеңири контекст (макроконтекст) [geniş metin; широкий контекст (макроконтекст)] – тилдик бирдик колдонулган сүйлөмдүн чегинен чыккан лингвистикалык контекст.

            Кеп бирдиги (konuşma birimi; единица речи) – ар түрдүү маанилик айкашта келе турган, коммуникативдик функцияларды аткарууга жөндөмдүү тил бирдиги.

            Кеп жумушу (konuşma işi; речевая деятельность) – бир максатка багытталган өз ара байланыштуу кептик иш-аракеттер. Жазуу, окуу, сүйлөө сыяктуу эле которуу да кептик иш-аракеттердин бир түрү болуп эсептелет.

            Кеп ситуациясы (konuşma durumu; речевая ситуация) – кепке түрткү бере турган реалдуу же ойдогу ситуация. Котормо аркылуу баарлашууда кептик ситуациянын эки түрү болот: биринчи ситуация (мында тилмеч билдирүүнү кабылдайт) жана экинчи ситуация (мында билдирүүнү соңку адресат кабылдайт).

            Кептик туунду (konuşma eseri; речевое произведение) – кепте берилген бүткөн бир ой.

            Кеп тыңдама (dinleme; аудирование) – тигил же бул тилдеги кепти кабылдоо жана түшүнүү.

            Кери котормо (geri çeviri; обратный перевод) – котормонун текстин түпнусканын тилине кайра которуу. Мындай котормо адатта эксперименталдык максатта же окутуу процессинде аткарылат.

            Киришме конструкция (ara cümle; вводящая конструкция) – маалымат булагы белгиленген сүйлөмдүн бир бөлүгү. Мисалы: «Азаттык» радиосунун билдиргенине караганда…». Жазып алуу системасында өзүнчө белгиси болот.

            Код (kod; код) – билдирүүнү берүүдө же кабылдоодо колдонулуучу белгилердин жана аларды пайдалануу эрежелеринин системасы.

            Коммуникант (bağlantı kuran kişi; коммуникант) – баарлашууга катышкандардын бири, булак же адресат, маалыматты берүүгө же кабылдоого катышкан адам. Котормочу/тилмеч коммуникант болуу менен булактын же адресаттын дублёру катары иш аткарат.

            Коммуникациялык наркы теңдик (iletişimsel eş değerlilik; коммуникативная равноценность) – бир тексттин экинчи бир текстти толук (функционалдык, мазмундук жана структуралык жактан) алмаштыра алуусу. Коммуникативдик жактан тең баалуу тексттер бир эле билдирүүнүн берилиш формалары болуп эсептелет.

            Коммуникациялык эффект (iletişim etkisi; коммуникативный эффект) – билдирүүнү берүү менен кабылдоочуга таасир этүү.

            Коммуникация максаты (iletişim amacı; цель коммуникации) – тексттин коммуникация актысындагы жалпы кептик функциясын көрсөтүп турган тексттин (айтымдын) мазмунунун бир бөлүгү.

            Компенсация (tazmin; компенсация) – котормодогу ыкмалардын бири. Мында которуу процессиндеги семантикалык же стилистикалык жоготуулардын орду котормо тилинин каражаттары менен толтурулат. Түпнускадагы сөздөрдүн орун тартибинин сакталышы милдеттүү эмес.

Конкреттештирме (konkretleştirme, somutlaştırma; конкретизация) – түпнуска тилинин мааниси кеңирирээк бирдигин котормо тилинин мааниси тарыраак бирдиги менен берүү. Караңыз: түшүнүктөрдү конкреттештирүү.

Консультациялык котормо (danıştay çevirisi; консультативный перевод) – маалыматтык котормонун бир түрү. Консультациялык котормо көбүнчө оозеки формада болот да, аннотациялоонун, рефераттоонун жана тандама котормонун элементтерин камтып, эреже катары которуу процессинин жүрүшүндө түпнусканын өзү кызыккан аспектилерин тактап турган заказчынын катышуусу менен аткарылат.

            Контекст (metin; контекст) – сөздүн, айтымдын лингвистикалык чөйрөсү; тексттин мазмуну.

Коомдук-саясий котормо (toplumsalsiyasi çeviri; общественно-политический перевод) – коомдук-саясий тексттердин котормосу.

            Которбой коюу ыкмасы (atlama usulu; приём опущения) – маанилери туура келбеген же контексттен оңой эле билине турган семантикалык ашыкбаш сөздөрдү которбой коюу. Мисалы:

just and equitable treatment – адилет мамиле

            The treaty was pronounced null and void.

            Келишим жараксыз деп жарыяланды.

            The proposal was rejected and repudiated

            Сунуш четке кагылды.

            The government resorted to force and violence.

            Өкмөт күч колдонду.

            Котормо, таржыма (çeviri (Эскертүү: Түрк тилдеринин биринен экинчисине которулган учурда aktarma термини колдонулат); перевод) – тилдик ортомчулуктун бир түрү, мында бир тилдеги түпнуска тексттин мазмуну коммуникациялык тең баалуу текст түзүү жолу менен экинчи бир тилде берилет.

            Котормо бирдиги (çeviri birimi; единица перевода) – өзүнчө которууну талап кылган кеп бирдиги. Котормонун туруктуу (даяр) бирдиги болуп штамптар, ситуациялык клишелер, терминдер, макалдар эсептелет.

            Котормо кебинин нормасы (çeviri dilinin normu; норма переводческой речи) – тилмечтин/котормочунун тилине коюлуучу талаптар.

            Котормо лингвистикасы же лигвистикалык котормотаануу (çeviri dilbilimi; лингвистика перевода или лингвистическое переводоведение) — котормо лингвистикалык кубулуш катары изилденүүчү тил илиминин бир бөлүмү.

            Котормо нормасы (çeviri normu; норма перевода) – котормого коюлуучу талаптардын топтому.

            Котормо тез жазуусу (çeviri yazısı; переводческая скоропись) – караңыз: ырааттуу котормодогу жазып алуу.

            Котормо (тил аралык) трансформациясы [çeviri dönüşümü; переводческая (межъязыковая) трансформация] – түпнусканын бирдиктеринен котормонун бирдиктерине өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү өзгөртүү. Котормо трансформациясы – көпчүлүк котормо ыкмаларынын негизи болуп эсептелет жана мында берилүүчү маалымат сакталат да, түпнуска тексттин формалдык жана семантикалык компоненттери өзгөртүлөт.

            Котормодогу тексттер (çevirideki metinler; тексты в переводе) – котормодо тексттин эки түрү болот: которула турган түпнуска текст жана которуунун натыйжасында жарала турган котормо текст.

            Котормонун атайын теориясы (çevirinin özel teorisi; специальная теория перевода) – котормонун лингвистикалык теориясынын бир бөлүмү. Мында ар түрдүү типтеги тексттерди которуу процессинин өзгөчөлүктөрү жана кеп формаларынын бул процесске тийгизген таасири, алардын жүзөгө ашырылуу шарттары изилденет.

            Котормонун белгилик ыкмасы (çevirinin işaret usulu; знаковый способ перевода) – бир тилден экинчи бир тилге өтүүнүн объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн бири. Ал формалдык-белгилик деңгээлдеги, б.а. денотатты тааныбастан туруп ишке ашкан котормо операцияларынан көрүнөт. Котормонун белгилик ыкмасы көбүнчө тилмечтикте пайдаланылат.

Котормонун белен кылынышы (çevirinin hazırlanması; оформление перевода) – котормо тексттин жаралышы. Котормонун даярдалышы оозеки жана жазма түрүндө болушу ыктымал.

            Котормонун жалпы теориясы (çevirinin genel teorisi; общая теория перевода) – котормонун лингвистикалык теориясынын бир бөлүмү. Мында котормо процессине катышкан конкреттүү эки тилдин өзгөчөлүктөрү, бул процесстин ишке ашуу ыкмасы, конкреттүү бир котормонун жеке өзгөчөлүктөрү эмес, котормонун лингвистикалык жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү изилденет. Котормонун жалпы теориясынын максаты бардык тилдер үчүн жарамдуу болгон котормонун нормаларын иштеп чыгуу болуп эсептелет.

            Котормонун жанр жана стиль жактан жиктелиши (çevirinin janrbiçemsel sınıflaması; жанрово-стилистическая классификация переводов) – түпнусканын жанрдык-стилистикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша котормонун көркөм котормо, маалыматтык котормо жана котормонун функционалдык түрлөрү болуп бөлүнүшү. Бул классификация түпнуска тексттин жанрдык-стилдик өзгөчөлүктөрүнө негизделет.

            Котормонун жанрдык-стилистикалык нормасы (çevirinin janrbiçemsel normu; жанрово-стилистическая норма перевода) – түпнусканын белгилүү бир функционалдык стилге тиешелүү экендигине жараша котормого коюлуучу талаптар.

            Котормонун жеке теориясы (çevirinin özel teorisi; частная теория перевода) – котормонун лингвистикалык теориясынын бир тармагы. Мында конкреттүү эки тил котормо илиминин милдеттери менен максаттарынын өңүтүнөн салыштырылып изилденет.

            Котормонун конвенциялык нормасы (çevirinin anlaşma normu; конвенциональная норма перевода) – котормо ишинин ролу менен милдеттерине карата белгилүү бир учурдагы жалпы көз карашка жараша котормого коюлуучу талаптар.

            Котормонун лингвистикалык теориясы (çevirinin dilbilimsel teorisi; лингвистическая теория перевода) – котормо лингвистикасынын теориялык бөлүмү.

            Котормонун маанилик ыкмасы (çevirinin anlamsal usulu; смысловой способ перевода) — бир тилден экинчи бир тилге өтүүнүн объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн бири. Мында экинчи тилдеги эквивалентти издөөдөн мурун денотат аныкталат.

            Котормонун прагматикалык адаптациясыevirinin pragmatik adaptasyonu; прагматическая адаптация перевода) – котормонун конкреттүү кабылдоочусунун күтүлгөн реакциясына жетишүү үчүн котормо текстке киргизилген өзгөртүүлөр.

            Котормонун прагматикалык наркы (çevirinin pragmatik değeri; прагматическая ценность перевода) – котормо тексттин өзүнө коюлган талаптарга жооп берүү даражасы.

            Котормонун прагматикалык нормасы (çevirinin pragmatik normu; прагматическая норма перевода) – котормонун прагматикалык баалуулугуна коюлуучу талаптар.

            Котормонун прагматикалык дарамети evirinin pragmatik potansiyeli; прагматический потенциал перевода) – котормо текст-тин кабылдоочуга таасир этүү, анын интеллектуалдык же эмоционалдык реакциясын пайда кылуу мүмкүнчүлүгү.

            Котормонун прагматикасы (çeviri pragmatiğievirinin pragmatik bakımı); котормонун прагматикалык аспектиси) [(прагматика перевода; прагматический аспект перевода)] – котормонун кабылдоочусуна тиешелүү түрдө таасир этүүнү камсыз кылуу жана котормо процессинин жүрүшү менен натыйжасын ушул максатка баш ийдирүү.

            Котормонун психолингвистикалык классификациясы (çevirinin psikodilbilimsel sınıflaması; психолингвистическая классификация переводов) – котормонун түпнусканы кабылдоо жана котормо текстти түзүү ыкмасы боюнча бөлүнүшү. Бул классификация боюнча котормо жазма жана оозеки котормо болуп экиге бөлүнөт. Оозеки котормо өз кезегинде синхрон котормо жана ырааттуу котормо болуп экиге ажырайт.

            Котормонун салыштырма анализи (çevirinin karşılaştırmalı analizi; сопоставительный анализ перевода) – котормо тексттин формасы менен мазмунун түпнусканын формасы менен мазмунуна салыштырып талдоо.

            Котормонун ситуациялык модели (çevirinin durum modeli; ситуативная модель перевода) – котормо моделдеринин бири, мында котормо процесси түпнускада баяндалган ситуацияны котормо тилинде берүү процесси катары каралат. Бул модель бардык тилдер бир эле реалдуу чындыктагы окуяларды, нерселерди (адатта алар денотат деп аталат) чагылдырат деген шексиз жобого таянат. Тилдин жардамы менен түзүлгөн билдирүүлөр (кептин бир үзүндүсү) кандайдыр бир ситуация, б.а. бири-бири менен кандайдыр бир байланышта турган денотаттар жөнүндө маалымат берет.

Айрым бир маанилүү эмес айырмачылыктарды эске албаганда, бизди курчап турган реалдуу чындык — бүткүл адамзат үчүн орток нерсе. Курчап турган айлана-чөйрөнүн, бардык адамдардын биологиялык структурасынын, жашоо жана өндүрүш процесстеринин жалпылыгы жана бирдейлиги сүйлөгөн тилдеринин ар түрдүү экенине карабастан бардык элдер чындыктын бир эле кубулуштары тууралуу сүйлөшөт деген корутундуга алып келет. Чындыгында ар кандай ситуацияны ар кандай эле тил менен берүүгө болот.

Котормонун стратегиялык принциптери (çevirinin stratejik prensipleri; стратегические принципы перевода) – котормонун стратегиясынын өзөгүн түзүүчү принциптер. Алар төмөнкүлөр:

  • Котормо процессинде котормочу өзү түшүнгөндөн кийин гана которууга тийиш, б.а. түшүнүү котормо процессинин милдеттүү түрдөгү шарты болуп саналат.
  • Котормочунун стратегиясына багыт бере турган экинчи бир принцип – сөзмө-сөз эмес, маанини которуу. Башкача айтканда, түпнусканын формасын ээрчип, аны сөзмө-сөз которууга болбойт. Мисалы: He is a regular ass. Ал регулярдуу эшек болуп которулбайт. Котормочу тексттин мазмунун азыраак маанилүү жана көбүрөөк маанилүү элементтерге ажыратууга тийиш. Албетте, котормочу оригиналдын мазмунун мүмкүн болушунча толугураак берүүгө умтулат жана мүмкүн болгон учурларды ушундай кылат. Бирок ориналдын мазмунундагы бардык нерселер эле котормочу үчүн бирдей маанилүү боло бербейт. Ал маанилүү элементти толук берүу үчүн анча-мынча маанисиз нерселерди көз жаздымда калтырып кетиши ыктымал. Мисалы: The other shoe has been dropped by the company in its push into the computers market. Компания компьютер базары үчүн күрөштө дагы бир кадам шилтеди. Мында котормочу «компания дагы бир батинкесин чечти» деп которбостон, идиоманын маанисин гана которгон. Которулуп жаткан тексттин эң маанилүү элементи болгон маанилик доминантты тааный билүү котормочунун профессионалдык чеберчилигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
  • Котормо толугу менен котормо тилинин нормасына ылайык келүүгө тийиш, котормочу түпнуска тилинин таасири менен котормо тилинин нормаларын бузбашы керек. «Котормо автор котормо тилинде кандай жаза турган болсо, ошондой болууга тийиш». Котормо котормо тилиндеги тексттерден көп айырмаланбашы керек.

            Котормо теориясы (çeviri teorisi; теория перевода) – эки тилдүү коммуникациянын логикалык жактан негизделген модели. Котормонун жалпы теориясы жана котормонун атайын теориясы деген эки түрү бар.

            Котормо тили (КТ) (çeviri dili; переводящий язык) (ПЯ) – которулган тексттин тили.

Котормо типтери (çeviri tipleri; типы переводов). Котормо практикасын жана азыркы котормо таануу илиминдеги түшүнүктөрдү системалуу түрдө талдоо котормолордун бирдиктүү типологиясын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Котормолорду типтештирүү төмөнкү параметрлер боюнча жүргүзүлөт:

  1. котормо тили менен түпнуска тилинин катышы;
  2. котормо ишиндеги субъектинин мүнөзү жана анын котормо тексттин авторуна карата мамилеси;
  3. котормо сегментациясынын тиби жана которулуучу материалды кайра иштеп чыгуунун ыкмасы;
  4. котормо текст менен түпнуска текстти берүү формасы;
  5. котормо тексттин түпнуска текстке дал келүү мүнөзү;
  6. которулган материалдын жанрдык-стилистикалык өзгөчөлүктөрү жана жанрдык тиешелүүлүгү;
  7. түпнусканын мазмунунун толуктугу жана берилүү тиби;
  8. негизги функциялар;
  9. түпнуска тексттин биринчилиги;
  10. адекваттуулук тиби.
  11. Котормолордун түпнуска тили менен котормо тилинин катышы боюнча бөлүнүшү:

                                                                     бир тил ичиндеги котормо – бир тилдеги тексттин ошол эле тилдин сөздөрү менен чечмеленип берилиши

  • диахроникалык (тарыхый) котормо – мурунку замандын тилинде жазылган тарыхый тексттин азыркы тилдеги котормосу;
  • транспозиция– бир жанрга же функционалдык стилге тиешелүү тексттин башка жанрдагы же функционалдык стилдеги котормосу.

тил аралык котормо – бир тилдеги маалыматтын экинчи бир тилдин каражаттары менен берилиши:

  • бинардык котормо – бир табигый тилден экинчи бир табигый тилге которулган текст;
  • интерсемиотикалык котормо – табигый тилден жасалма тилге же тескерисинче которулган текст.
  • трансмутация – бир жасалма тилден экинчи бир жасалма тилге которулган текст.
  1. Котормолордун котормо ишиндеги субъектинин мүнөзү жана анын түпнусканын авторуна карата мамилеси боюнча бөлүнүшү:

 

салттуу котормо – адам тарабынан аткарылган котормо:

  • автор эмес котормочу тарабынан аткарылган котормо;
  • автордун котормосу – түпнусканын автору тарабынан аткарылган котормо;
  • автордоштурулган котормо – түпнусканын автору жактырган котормо;
  • машина (автоматтык) котормосу – компьютер тарабынан аткарылган котормо;
  • аралаш котормо – салттуу ыкма жана машина ыкмасы аралаш колдонулуп которулган текст.
  1. Котормолордун котормо сегментациясынын тиби жана которулуучу материалды кайра иштеп чыгуунун ыкмасы боюнча бөлүнүшү:

 морфемалык котормо – структуралык байланыштарын эске албастан туруп, айрым морфемалардын деңгээлинде аткарылган котормо;

  • сөздүк котормо – сөздөрдүн ортосундагы маанилик, синтаксистик жана стилистикалык байланыштарды эске албастан туруп, айрым сөздөрдүн деңгээлинде которулган котормо;
  • фразалык котормо – биринин артынан бири ырааттуу түрдө которулган айрым сүйлөмдөрдүн же фразалардын деңгээлиндеги котормо;
  • абзацтык-фразалык котормо – ырааттуу түрдө которулуучу айрым сүйлөмдөр менен абзацтардын деңгээлинде аткарылган котормо.
  • бүтүн тексттик котормо – айрым сөздөр, сүйлөмдөр же абзацтар котормо бирдиги катары бөлүнүп көрсөтүлбөгөн бүтүн тексттин котормосу.
  1. Котормолордун түпнуска текст менен котормо текстти берүү формасы боюнча бөлүнүшү:

                                                                      жазма котормо – жазуу түрүндө аткарылган котормо:

  • жазма тексттин жазма котормосу – жазма тексттин жазуу түрүндөгү котормосу;
  • оозеки тексттин жазма котормосу – оозеки тексттин жазуу түрүндөгү котормосу.

                                                                     оозеки котормо – оозеки түрдө аткарылган котормо:

  • оозеки тексттин оозеки котормосу – оозеки тексттин оозеки түрдөгү котормосу:
  • синхрон котормо – түпнуска тексттин айтылышы менен дээрлик бир учурда аткарылган оозеки котормо;
  • ырааттуу котормо – түпнуска тексттин белгилүү бир бөлүгүн уккандан кийин аткарылуучу оозеки котормонун бир түрү;
  • бир багыттагы котормо – бир тилден экинчи бир тилге бир багытта аткарылган оозеки котормо;
  • кайчылаш котормо – аңгемелешүүнү ырааттуу түрдө которуу, мында биринчи тилден экинчи тилге жана экинчи тилден биринчи тилге которулат.
  • жазма тексттин оозеки котормосу – жазма тексттин оозеки түрдө которулган котормосу.

 

  1. Котормолордун түпнуска-котормо шайкештигине жараша бөлүнүшү:
  • эркин котормо – түпнускадагы негизги маалыматты берүүчү котормо, мында айрым нерселер кошумчаланып же алымчаланышы мүмкүн; тексттин деңгээлинде аткарылгандыктан, тилдик бирдиктердин эквиваленттүүлүгү мында анча эске алынбайт.
  • интерпретация – тилден тышкаркы иш-аракеттерге негизделген котормо.
  • адекват котормо – түпнускага дал келген жана түпнускадагы эле коммуникациялык максаттарды көздөгөн котормо.
  • тааамай (туура) котормо – семантикалык тактыгы менен өзгөчөлөнгөн, б.а. түпнусканын мазмуну так жана толук берилген котормо.
  • аутенттүү котормо – расмий документтин юридикалык күчү түпнуска менен бирдей болгон котормосу; эл аралык укуктарга ылайык, келишимдин тексти бир тилде иштелип чыгып, кабыл алынышы мүмкүн, ал эми анын эки жана андан көп тилдердеги котормолору аутенттүү деп таанылат.
  • ырасталган котормо – түпнуска менен бирдей экендиги юридикалык түрдө ырасталган котормо.
  1. Котормолордун которулган материалдын жанрдык-стилистикалык өзгөчөлүктөрү жана жанрдык тиешелүүлүгү боюнча бөлүнүшү:
  • илимий-техникалык котормо – илимий-техникалык тексттердин жана документациялардын котормосу.
  • коомдук-саясий котормо – коомдук-саясий тексттердин котормосу.
  • көркөм котормо – көркөм тексттердин котормосу.
  • аскерий котормо – аскердик тематикадагы тексттердин котормосу.
  • юридикалык котормо – юридикалык мүнөздөгү тексттердин котормосу.
  • турмуштук котормо — турмуштук мүнөздөгү тексттердин котормосу.
  1. Котормолордун түпнуска мазмунунун толуктугуна жана берилүү тибине жараша бөлүнүшү:
  • жетик котормо – түпнуска тексттин мазмуну жана функциялык-стилистикалык өзгөчөлүктөрү толук берилген котормо;
  • өксүк котормо – түпнусканын мазмуну кыскартылып же айрым жерлери алынып ташталган котормо;
  • үзүндү котормо – бүтүндөй тексттин эмес, анын бир үзүндүсүнүн котормосу;
  • аспектилик котормо – белгилүү бир аспектиге ылайыкталып алынган тексттин бир бөлүгүнүн котормосу;
  • аннотациялык котормо – которулган тексттин негизги темасы, предмети жана милдети гана чагылдырылган котормо;
  • рефераттык котормо – рефератталган документ жөнүндө, б.а. анын милдети, тематикасы, изилдөө методдору, алынган натыйжалары сыяктуу кенен маалыматтар берилген котормо;
  1. Котормолордун негизги прагматикалык функциялары боюнча бөлүнүшү:

 

  • жумушчу котормо – редакцияланбаган, көбүнчө басып чыгаруу үчүн эмес, практикалык колдонуу үчүн даярдалган котормо;
  • басылма котормо – элдин кеңири катмарына арналып, басылып чыккан жазма котормо;
  • жарыяланган котормо – массалык көбөйтүү каражаттарынын жардамы менен көбөйтүлгөн практикалык же окуулук котормо;
  • үйрөткүч котормо – котормочуларды даярдоо үчүн же чет тил үйрөтүүнүн бир ыкмасы катары окуу процессинде колдонулуучу котормо;
  • эксперименттик котормо – изилдөө максатында аткарылган котормо;
  • эталон котормо – баалануучу котормо салыштырыла турган үлгү котормо.
  1. Котормолордун түпнуска тексттин биринчилигине жараша бөлүнүшү:

 

  • тике (биринчи, түздөн түз) котормо – түздөн түз түпнускадан которулган котормо;
  • кыйыр котормо – түздөн түз түпнуска тексттин өзүнөн эмес, анын башка бир тилдеги котормосунан которулган котормо;
  • кери котормо – которулган текст түпнуска тилине кайра которулган эксперименталдык же үйрөнүү котормосу.
  1. Котормолордун адекваттуулук тиби боюнча бөлүнүшү:
  • семантика-стилистикасы адекват котормо – котормо тилинин функциялык-стилистикалык нормаларына ылайыктуу, семантикалык жактан толук жана так, стилдик жактан эквиваленттүү котормо;
  • прагматикалык (функциялык) жактан адекват котормо – түпнусканын негизги коммуникативдик функциясын туура берген котормо.
  • дезиративдик жактан адекват котормо – керектөөчүнүн информациялык талабына толук жана туура жооп берген котормо, мында түпнусканын толук мазмуну жана коммуникативдик функциясы берилбей калышы да мүмкүн.

            Котормонун трансформациялык-семантикалык модели (çevirinin transformasyon semantik modeli; транформационно-семантическая модель перевода) — котормо моделдеринин бири. Мында котормо процесси бир катар кайра түзүү, алар аркылуу котомочу түпнуска тилинин бирдиктеринен котормо тилинин бирдиктерине өтө турган процесс катары каралат.

            Котормо шайкештиги (çeviri uygunluğu; переводческое соответствие) – түпнуска тексттин белгилүү бир бирдигин которууда дайыма колдонулуучу котормо тилинин бирдиги.

            Котормо ыкмасы (çeviri yolu; приём перевода) – котормо процессиндеги кыйынчылыктардан улам келип чыккан конкреттүү аракет же конкреттүү операциялар.

            Котормонун эквиваленттүүлүгү (çevirinin eş değerliği; эквивалентность перевода) – түпнуска менен котормонун маанилеринин окшоштугу, бирдейлиги, жалпылыгы (маанилик жакындыгы).

            Котормодогу эквиваленттүүлүк нормасы (çevirinin eş değerlik normu; норма эквивалентности перевода) – котормонун түпнускага маанилик жактан мүмкүн болушунча жакын болушу үчүн коюлуучу талаптар.

            Котормотаануу (çeviri bilimi; переводоведение) – котормонун ар түрдүү аспектилери изилденүүчү илимий дисциплиналардын топтому. Котормо таануунун лингвистикалык, психологиялык, адабий, этнографиялык жана тарыхый котормо таануу деген түрлөрү бар.

Котормо текст (çeviri metni; переводной текст) – түпнуска тексттин которулганы. Караңыз: котормодогу тексттер

            Котормо универсалийлери (çeviri üniverselleri; переводческие универсалии) – котормонун шарттарына, которулуучу тексттердин жанрдык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонулган тилдерге карабастан, ар кандай котормодо боло турган котормонун жалпы түшүнүктөрү менен категориялары. Котормо универсалийлерине инвариантты, билдирүүнү, котормонун ыкмаларын, дал келүүнү, котормо бирдиктерин ж.б. киргизүүгө болот.

            Котормочу (mütercim, çevirmen; переводчик) – коммуникациядагы ортоңку звено, ал булак менен адресаттын колдонгон тилдери эки башка болгон учурда зарыл болот. Котормочу түпнуска текстти жазуу түрүндө которот жана ал оозеки түрдө которгон тилмечтен ушунусу менен айырмаланат.

            Которулуу мүмкүнчүлүгү (çeviri olanağı; переводимость) – эки тил колдонулган коммуникациянын шартында маалымат берүү мүмкүнчүлүгү.

            Которуу чечими (çeviri kararı; решение на перевод) – түпнуска тексттин тилиндеги бирдикке дал келүүчү синоним эквивалентти тандап алуу.

Которуу ыгы, которуу амалы (çeviri yolu; способ перевода) — котормо илиминдеги негизги категориялардын бири. Которуу ыгы котормо ишиндеги бир тилден экинчи бир тилге өтүүдөгү объективдүү мыйзам ченемдүүлүк катары аныкталат. Которуу ыгынын эки түрү бар: белгилик жана маанилик.

Которуу процесси (çeviri süresi; процесс перевода) – түпнусканын текстин кабыл алуудан баштап, котормонун текстин жаратканга чейинки котормочунун/тилмечтин иш-аракети. Эки тилдүү баарлашуунун өзгөчөлүгү жана негизги звеносу болуп саналат. Котормо процесси, бери болгондо, эки этаптан турат: котормочунун түпнусканын мазмунун түшүнүшү жана котормо вариантын тандоо. Ушул этаптардын натыйжасында түпнуска тексттен котормонун текстине өтүү ишке ашат. Мында котормочунун иш-аракети көп учурда интуиция түрүндө болот да, эмне үчүн тигил же бул вариантты тандаганын билбей калат. Бирок бул мындай тандоо кокусунан же ал өзү каалагандай болот деген сөз эмес. Ал көбүнчө түпнуска менен котормодогу билдирүүлөрдүн түзүлүш жолдорунун катышына жараша болот. Котормо теориясында түпнускадан котормонун текстине өтүү кандай ишке аша тургандыгы, котормочунун иш-аракеттеринин негизинде кандай мыйзам ченемдүүлүктөр жаткандыгы изилденет.

            Которуу процессинин бирдиги (çeviri süresinin birimi; единица переводческого процесса) – котормочу бирөөнү которуп бүткөн соң экинчисине өтө турган түпнуска тексттин минималдуу бир «бөлүгү».

            Которуу процессинин этабы (cevirinin süreç etabı; этап переводческого процесса) – котормочунун белгилүү бир типтеги иш-аракеттери менен мүнөздөлгөн котормо процессинин бир бөлүгү. Котормо процессинде котормочу түпнуска тили менен котормо тилинин бирдиктерин, түпнуска менен которулган тексттин тиешелүү бөлүктөрүн дайыма салыштыруу менен бир тилден экинчи тилге өтүп турат. Котормочунун кептик иш-аракеттерин түпнуска тили пайдаланылган иш-аракеттер жана котормо тили пайдаланылган иш-аракеттер деп экиге бөлүүгө болот. Түпнуска тилин пайдалануу менен котормочу түпнусканын текстин түшүнөт, ал эми котормо тилинин жардамы менен котормонун текстин түзөт. Ошентип котормочунун иш-аракетинен котормо процессинин өз ара байланыштуу эки этабын байкоого болот. Биринчи этапта котормочу түпнускадан маалыматты алса, экинчи этапта котормо тилинин зарыл каражаттарын пайдалануу менен котормонун текстин түзөт.

Түпнускадан маалыматты сууруп алуу этабын адатта «маанини түшүнүү» деп аташат. Бул этапта котормочу которула турган бөлүктөгү маалыматты тилдик жана ситуациялык кырдаалды эске алуу менен толук алышы керек. Которула турган тексттин мазмуну көп учурда татаал болуп, кабылдоочудан бир топ оор акыл ишин талап кылат. Котормочу бул этапта кабылдоочу катары аракеттенет.

Котормо процессинин экинчи этабы – котормонун текстин түзүүдөгү тилдик каражаттарды тандап алуу – котормочунун котормо тили менен иштөөсү болуп саналат. Котормочунун котормо тилинде текст түзүүсү да ушул тилди пайдаланган жөнөкөй коммуниканттардын кептик аракеттеринен айырмаланат. Мында кеп түпнуска тилинин таасири менен котормо тилинин нормаларын бузуу жөнүндө эмес, түпнусканын мазмунун өзүндөй берүүгө умтулуудан келип чыккан чектелүүлөр жана өзгөчөлүктөр жөнүндө болуп жатат. Котормолор ошол тилдеги башка тексттерден түпнуска тилиндегиге окшошуп кеткен конструкциялары, жасалма түрдө келип чыккан бирдиктер (өздөштүрүлгөн сөздөр жана калькалар) менен айырмаланып турат. Англисчеден которулган котормолордо каармандар Ыйык Георгий менен карганышат, сөзүм туура болуп чыкпаса, шляпамды жейин дешет, күн сайын өздөрүнүн ленчин жешет, импичментти талкуулашат, уик-эндге чыгышат ж.б. Ал эми тилдеги улуттук өзгөчөлүктү чагылдырган сөздөр мында сейрек учурайт.

Которуу модели (çeviri modeli; модель перевода) – ойлоо операцияларын шарттуу түрдө сыпаттоо. Бул операцияларды аткаруу менен котормочу түпнусканы же анын айрым бир бөлүгүн которот. Которуунун реалдуу процесси котормочунун мээсинде жүрөт да, аны түздөн түз байкоого же изилдөөгө мүмкүн эмес. Ошондуктан которуу процессин изилдөө кыйыр түрдө, ар кандай теориялык моделдерди иштеп чыгуу аркылуу жүргүзүлөт. Котормонун лингвистикалык теориясында которуу процесси тилдик же кептик бирдиктер боюнча жүргүзүлгөн ойлоо операциялары, б.а. түпнуска менен котормонун тилдик өзгөчөлүктөрү менен шарттала турган лингвистикалык операциялар түрүндө каралат. Которуу модели шарттуу мүнөздө болот, анткени ал котормочунун котормо текстти түзүүдөгү реалдуу аракеттерин дайым эле чагылдыра бербейт. Мындай моделдердин көпчүлүгүнүн түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү жана алардын негизинде эквиваленттүүлүктүн зарыл деңгээлиндеги ар кандай текстти которууга мүмкүн эмес. Моделдин милдети – котормо процессиндеги иш-аракеттердин ырааттуулугун сүрөттөп берүү.

            Кош тилдүү киши (iki dilli insan; билингв) – эки тилди билген адам.

            Кош тилдүү коммуникация (iki dilli iletişim; двуязычная коммуникация) – тилдери ар түрдүү коммуниканттардын ортосундагы кептик байланыш.

            Кош тилдүүлүк (iki dillilik; билингвизм) – эки тилди билүү. Кош тилдүүлүктүн эки түрү бар: табигый жана жасалма. Табигый кош тилдүүлүктө эки тилдүү билүү тили ар түрдүү чөйрөдө жашоонун натыйжасында жетишилет. Кош тилдүүлүктүн субординациялык жана координациялык деген да түрлөрү бар.

            Кош тилдүүлүк механизми (iki dillilik mekanizması; механизм билингвизма) – бир тилден экинчи тилге оңой өтө билүү, бул калыптанып калган көндүмгө жараша болот жана анын курамына биринчи жана экинчи тилде  тыңдоо, алдын ала божомолдоо жана өзүн өзү көзөмөлдөө көндүмдөрү кирет.

            Кошумча маалымат (ek bilgi; дополнительная информация) – даярдыгы жок кабылдоочуга арналган маалымат же котормодо бар, бирок түпнускада жок маалымат.

            Кошумча эстетикалык эффект (ek estetik efekti; дополнительный эстетический эффект) – коммуникация процессиндеги эстетикалык эффект, буга кептик чыгарманын структуралык өзгөчөлүктөрү (маселен, ыр өлчөмү, рифма) аркылуу жетишилет. Котормонун айрым түрлөрүндө эске алынат.

            Көркөм котормо (edebi çeviri; художественный перевод) – көркөм чыгармалардын, б.а. негизги функциясы окурманга көркөм эстетикалык таасир берүү болгон тексттердин котормосу. Ал котормонун башка түрлөрүнөн көркөм эстетикасы же поэзиясы менен айырмаланат. Жогорудагы милдетине байланыштуу көркөм котормодо мазмун өтө так берилбейт. Муну көркөм чыгармалардын котормолорунан байкоого болот.

            Көрмө-жазма котормо (görselyazılı çeviri; зрительно-письменный перевод) – көз менен кабылданган текстти жазып которуу (салттуу аты – жазма котормо).

Көрмө-оозеки котормо (görselsözlü çeviri; зрительно-устный перевод) — көз менен кабылданган текстти оозеки которуу. Негизинен, кагаздан которуу ушундай аталат.

Кыйыр котормо (dolaylı çeviri; косвенный перевод) – түздөн түз түпнуска тексттин өзүнөн эмес, анын кайсы бир тилдеги котормосунан которулган котормо.

            Кыскартылган которуу (kısaltılmış çeviri; сокращённый перевод) – моралдык, саясий же практикалык мүнөздөгү башка себептерден улам айрым бир бөлүгү которулбаган котормо.

            Кыскартылган тамга жазуусу (harfi kısaltma yazı; сокращённая буквенная запись) – ырааттуу котормонун жазып алуу системасындагы эрежелердин бири, бул эреже боюнча сөздөр кыскартылып жазылат.

            Лексика бирдиги (kelime, sözvarlığı birimi; лексическая единица) – нерселерди, кубулуштарды, алардын белгилерин ж.б.у.с. билдирген тилдин бирдиги (сөздөр, туруктуу сөз айкаштары).

            Лексика бирдиктерин которуштуруу, жылыштыруу ыкмасы (kelime yerini değiştirme usulu; приём перемещения лексических единиц) – түпнуска тилиндеги которулуп жаткан бирдикке мааниси боюнча дал келген котормо тилиндеги лексикалык бирдикти башка бир жерге жылыштырып колдонуу.

            Лексикалык контекст (metin; лексический контекст) – тексттин белгилүү бир бирдигин курчап турган лексикалык бирдиктердин жыйындысы.

            Лексикалык кошумчалоо ыкмасы (sözcük ekleme usulu; приём лексических добавлений) – түпнусканын маанисиндеги ачык айтылбаган элементтерди берүү үчүн котормодо кошумча лексикалык бирдиктерди пайдалануу.

            Лексика-семантикалык айырбаш (semantik yer değiştirme; лексико-семантическая замена) – түпнусканын лексикалык бирдиктерин которуу ыкмасы, мында мааниси түпнускадагы бирдик менен толук дал келбеген, бирок логикалык байланыштары жагынан ошого жакындап бара турган котормо тилинин бирдиктери пайдаланылат. Лексика-семантикалык алмаштыруунун негизги түрлөрү болуп түпнуска бирдиктин маанисин конкреттештирүү, жалпылаштыруу жана модуляция эсептелет.

            Лингвистикалык контекст (dilbilimsel metin; лингвистический контекст) – текстте колдонулган бирдиктин тилдик чөйрөсү.

Лингвистикалык котормотаануу (dilbilimsel çeviriye giriş; лингвистическое переводоведение) – котормо тилдик кубулуш катары изилденүүчү тил таануу илиминин бир тармагы.

            Маалымат булагы (bilgi kaynağı; источник информации) – түпнуска тексттин түзүүчүсү (автор), билдирүүнү жөнөткөн тарап.

            Маалыматсыздык (bilgisizlik; нулевая информация) – кеп бирдигиндеги маалыматтын жоктугу.

            Маалыматтык айтым (bilgisel ifadeler; информативные высказывания) – мааниси өзүндөгү семантикалык маалымат менен аныктала турган айтым.

            Маалыматтык запас (bilgi hazinesi; информационный запас) – коммуниканттын тилдик белги же ал билдирген объект менен айкаштырган маалыматынын көлөмү. Маалыматтык запастын беш деңгээли бар.

Маалыматтык запастын 1-деңгээли – маалыматтын минималдык көлөмү, ал лексикалык бирдикти жашоонун тигил же бул тармагы менен байланыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматтык запастын 2-деңгээли лексикалык бирдикти предметтердин, кубулуштардын классы менен эмес, андан аркы майда топтор менен байланыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматтык запастын 3-деңгээли лексикалык бирдиктин негизинде бир түрдүү предметтердин ичинен денотатты бөлүп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматтык запастын 4-деңгээли денотат тууралуу маалыматтардын аз да болсо системалаштырылган курамын билдирет.

Маалыматтык запастын 5-деңгээли – бул денотат тууралуу кенен маалыматтардын жыйындысы.

            Маалыматтык котормо (bilgisel çeviri; информативный перевод) – көркөм адабиятка тиешелүү болбогон коомдук-саясий, илимий-техникалык, расмий-иш кагаз ж.б. тексттердин, б.а. негизги функциясы кабылдоочуга көркөм эстетикалык таасир берүү эмес, кандайдыр бир маалыматты берүү болгон түпнуска тексттердин котормосу.

            Маанилик анализ (tahlilin anlam incelikleri; смысловой анализ) – түпнуска текстти кабылдоодогу котормочунун эң маанилүү иш-аракетинин бири. Маанилик анализдин максаты – маанини аныктоо жана инварианттык маалыматты бөлүп алуу. Түпнуска текстти маанилик жактан талдоодо маанилик анализдин төмөнкүдөй белгилүү методдору колдонулат: сөздөрдүн маанилүүрөөгүн тандап алуу методу, трансформация методу, рельефтүү сөздөрдү тандап алуу методу.

            Маанилик доминанта (anlam üstünlüğü; смысловая доминанта) – түпнуска мазмунунун эң маанилүү бөлүгү, ал котормодо сөзсүз сакталууга тийиш жана бул үчүн которулган маалыматтын башка элементтери курмандыкка чалынышы мүмкүн.

            Маанилик маалымат (anlamsal bilgi; смысловая информация) – семантикалык жана ситуациялык маалыматтарды салыштыруунун натыйжасы болгон кептик чыгарманын мазмуну.

            Маанилик эстутум (anlamsal bellek; смысловая память) – кептик чыгармадагы маанилик жактан урунттуу учурларды бөлүп алууга жана эстеп калууга негизделген эс тутум.

            Максаттуу айтымдар (amaçlı ifadeler; целевые высказывания) – ситуациялык жана семантикалык маалыматтарды салыштыруу менен аныкталуучу жана мазмуну кептик иш-аракеттердин максатына дал келген айтым.

Машина (автоматтык) котормосу [makine (otomat) çeviri; машинный (автоматический) перевод] – компьютер тарабынан аткарылган котормо.

            Мите сөздөр (parazit kelimeler; слова-паразиты) – эч кандай маалыматты билдирбеген жана айтылган ойду түшүнүүнү оордоткон оозеки кептеги сөздөр. Мындай ашыкбаш сөздөр котормодон да кездешет. Мисалы:

Yaşasın Kırgızistan-Türkiye Kardeşliği ve Dostuğu!

            Жашасын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана достук!

            Модалдык белгилер (modal işaretler; модальные символы) – тез жазып алуудагы белгилер, буларды тилмеч кептеги модалдык мамилелерди белгилөө үчүн колдонот.

            Модуляция (маанилик өөрчүү) (modulasyon (anlamsal gelişme); модуляция (смысловое развитие)) – түпнуска тилиндеги сөздү же сөз айкашын котормо тилиндеги туунду маанилүү бирдик менен алмаштыруу. Мындай ыкма менен көбүнчө себеп-натыйжалык байланыштагы сөздөр которулат. Мисалы:

He is dead now.

            Ал өлдү. (Ал өлдү, демек, ал өлүк).

He always made you say everything twice.

            Ал дайыма кайталап сурай берчү. (Сиз кайталоого мажбур болчусуз, анткени ал сизден кайталап сурай берчү).

Модуляция методун колдонууда себеп-натыйжалык байланыштар бир топ кеңири мүнөздө болот, бирок эки нерсенин ортосундагы логикалык байланыш дайыма сакталат:

Manson slung his bag up and climbed into the battered gig behind a tall, angular black horse.

            Мэнсон чемоданын койду да, тартайган кара ат чегилген эки дөңгөлөктүү шалдыраган арабага түштү.

Мында өзгөчө behind a  horse.деген сөз айкашын которууда контексттик алмаштыруу зарыл, анткени кыргызча «Ал аттын артындагы арабага түштү» деп айтууга мүмкүн эмес.

Морфемалык котормо (morfem çevirisi; поморфемный перевод) – структуралык байланыштарын эске албастан туруп айрым морфемалардын деңгээлинде аткарылган котормо.

            Мотивация (motivasyon; мотивация) – тигил же бул иштин, аракеттин түрткүсү.

            Мыйзамченемдүү шайкештиктер (doğal uyumluk; закономерные соответствия) – түпнуска тексттеги сөздөр, сөз айкаштары же сүйлөмдөр жана аларга дал келген котормо тексттин бирдиктери. Туруктуулук деңгээлине жараша котормодогу тексттердеги бирдиктердин дал келүүсүнүн үч түрү болот: эквиваленттер, аналогдор жана адекват орун басарлар.

            Нөлдүк котормо (sıfır çeviri; нулевой перевод) – түпнуска тексттеги грамматикалык бирдиктин мааниси ашыкбаш болгондугуна байланыштуу которулбай калышы. Айрым учурларда бир эле грамматикалык маани башка лексикалык же грамматикалык каражаттар менен кайра кайталанып берилиши мүмкүн. Мындай кайталануу котормодо берилбейт:

Give the book that you bought yesterday.

            Сен кечээ сатып алган китепти берчи.

            By that time he had already left the country.

            Ошол кезде ал Англиядан эчак эле кетип калган болчу.

Бул сүйлөмдөрдүн биринчисинде белгилүү артиклдин мааниси багыныңкы сүйлөмдө кайталанып берилген, ал эми экинчисинде Past Perfect менен берилген мурун болуу мааниси лексикалык каражаттарда да болгонунан улам ашыкбаш болуп калган.

            Номинация (nominasyon; номинация) – кандайдыр бир предметти, кубулушту тилдин жардамы менен белгилөө.

            Окказиялык шайкештик (контексттик шайкештик) (metinsel uygunluk; окказиональное соответствие) (контекстуальная замена) – түпнуска бирдигинин ошол контекстке гана жарамдуу котормосу.

            Оозеки котормо (sözlü çeviri; устный перевод) – котормонун бир түрү, мында которуу процесси оозеки түрдө болот. Ушундан улам тилмеч түпнуска тексттин бөлүктөрүн бир гана жолу кабылдайт жана котормону салыштырууга же оңдоого мүмкүнчүлүгү болбойт. Оозеки котормонун ырааттуу котормо, синхрон котормо жана кагаздан которуу деген түрлөрү бар. Оозеки котормонун классикалык їлгїсї тилмечтик болуп эсептелет, б.а. мында котормочу түпнуска текстти угуп, аны кайра оозеки которот. Оозеки котормодо текст тїзїї түпнусканы кабыл алуу менен параллел тїрдљ же андан кийин болушу мїмкїн.

Оозеки тексттин жазма котормосу (ağızdan yazılı çeviri; письменный перевод устного текста) – оозеки тексттин жазуу түрүндө которулган котормосу.

Оозеки тексттин оозеки котормосу (ağızdan sözlü çeviri; устный перевод устного текста) – оозеки тексттин оозеки түрүндө которулган котормосу.

            Оперативдүү эстутум (kısa vadeli bellek; оперативная память) – атайын кабылдаган маалыматты дароо эстеп калуу.

            Ортомчу тил (aracı dil; язык-посредник) – түпнуска жана котормо тексттердин ортосундагы тил. Мисалы: ырааттуу котормодогу жазып алуу.

            Өзгөчө сөз (canlı kelime; рельефное слово) – көңүлдү өзүнө бура турган, адаттан тыш, колориттүү сөз. Ырааттуу котормодогу жазып алууда колдонулат.

            Өзгөчө сөз тандоо методу (canlı kelime seçme usulu; метод выбора рельефного слова) – котормодогу маанилик анализдин методдорунун бири Мында жазып алуу же эстеп калуу үчүн адаттан тыш, колориттүү, ошол себептен эсте кала турган сөз тандалып алынат.

            Өзөк маалымат (esas bilgi; ключевая информация) – контексттен да, ситуациядан да алдын ала билүүгө болбогон жаңы маалымат.

            Өзөк сөздөр (kilit kelimeler; ключевые слова) – өзөк маалыматты билдирүүчү сөздөр.

            Өзөк сөздөрдү тандоо методу (kilit kelime seçme usulu; метод выбора ключевых слов) – котормодогу маанилик анализдин методдорунун бири, мында жазып алуу же эстеп калуу үчүн негизги маалыматты билдирүүчү сөз тандалып алынат.

            Өтүү көндүмү (geçme yatkınlığı; навык переключения) – кептин бирдиктерин которуу үчүн бир тилден экинчи тилге дароо өтүп туруу көндүмү.

            Поэтема (poetema; поэтема) – поэзиялык чыгармага мүнөздүү болуп, күндөлүк тилде аз колдонулган сөз же сөз айкашы.

Прагматикалык (функциялык) жактан адекваттуу котормо (pragmatik bakımından eşit çeviri; прагматически (функционально) адекватный перевод) – түпнусканын негизги коммуникативдик функциясын туура берген котормо.

Практикалык котормо (praktik çeviri; практический перевод) – маалымат булагы катары колдонуу үчүн которулган котормо.

            Предикаттык белги (yüklem işareti; предикативный символ) – тилмечтик тез жазып алуудагы предикатты билдирүүчү белги.

            Предметтик ситуация (madde durumu; предметная ситуация) – айтымда сыпатталган чындыктын бир бөлүгү.

            Прецизиондук сөздөр (presizion kelimeler; прецизионные слова) – бир маанилүү, бирок терминдерден айырмаланып, кеңири колдонулган сөздөр. Алар эреже катары конкреттүү ассоциацияларды пайда кылбайт. Оозеки котормодо белгилүү бир кыйынчылыктарды туудурат. Прецизиондук сөздөргө энчилүү аттар, жума күндөрүнүн жана айлардын аттары, сан атоочтор кирет.

            Расмий (басууга даяр) котормо [resmi çeviri; официальный (готовый к опубликованию) перевод] – түпнусканын жетик котормосу катары котормочу тарабынан берилген соңку варианты.

            Реалиялар (улуттук) [realiteler (milli); реалии (национальные)] – белгилүү бир этникалык топтун, социалдык жамааттын өзгөчөлүгүн түзгөн предметтер, кубулуштар, каада-салттар. Аларды атаган сөздөр менен сөз айкаштары да реалийлер деп аталат.

Рефераттык котормо (özet çeviri; реферативный перевод) – рефератталган документ жөнүндө, б.а. анын милдети, тематикасы, изилдөө методдору, алынган натыйжалары сыяктуу кенен маалыматтар берилген котормо.

Рецептор (kabul eden; рецептор) – караңыз: Кабылдоочу

            Семантика (semantik, anlambilim; семантика) – лексикалык бирдиктердин маанилик проблемалары изилденүүчү тил илиминин бир бөлүмү.

            Семантикалык маалымат (anlamsal bilgi; семантическая информация) – кеп бирдиктеринин маанилери аркылуу берилүүчү айтымдагы маалымат.

            Семантикалык сөзмө-сөз которуу (anlamsal düz çeviri; семантический буквализм) – котормочунун сөздүн, сөз айкаштарынын семантикалык компоненттерин башка факторлорду эске албастан туруп сөзмө-сөз которуп коюшу. Мисалы: hotdog – ысык ит (сосискалуу токоч болуш керек).

Семантикалык-стилистикалык жактан адекваттуу котормо (semantik üslup bakımından eşit çeviri; семантико-стилистически адекватный перевод) – котормо тилинин функционалдык-стилистикалык нормаларына ылайыктуу, семантикалык жактан толук жана так, стилдик жактан эквиваленттүү котормо.

            Синонимдик айырбаш (eşanlamlı değiştirme; синонимическая замена) – тигил же бул тилдеги сөз, сөз айкашы менен маанилеш сөз, сөз айкашы.

            Синтаксистик контекст (sözdizimi çevresi; синтаксический контекст) – тексттеги сөз колдонулган синтаксистик структура.

            Синтаксистик окшоштурма (сөзмө-сөз которуу) [sözdizimi bakımından benzetmek; синтаксическое уподобление (дословный перевод)] – котормонун бир ыкмасы, мында түпнусканын синтаксистик структурасы, анын курамындагы толук маанилүү сөздөр менен алардын орду котормодо өзгөрүүсүз сакталат. Трансформациянын бул тиби түпнуска тили менен котормо тилинде окшош синтаксистик структуралар болгон учурда колдонулат жана тектеш тилдердин котормолорунда көбүрөөк кездешет. Мисалы:

I always remember his words.

            Я всегда помню его слова.

Бирок синтаксистик окшоштурууда айрым структуралык өзгөрүүлөр болбой койбойт.

            Синхрон котормо (eşzamanlı çeviri; синхронный перевод) – түпнуска текстти угуп жатып которуу. Профессионалдык котормонун негизги түрлөрүнүн бири. Синхрон котормо которуунун заманбап, прогрессивдүү жана татаал ыкмасы болуп саналат. Мында тилмеч сїйлљөчїнїн сљзїн тыњдоо менен бир эле учурда (2-3 секунд артта калуу менен) которуп турат. Адатта синхрон котормо техникалык каражаттарды колдонуу менен атайын кабинада жїргїзїлљт. Мында оратордун сљзї наушник аркылуу котормочуга берилет да, ал микрофондон которуп турат жана котормо андан кабылдоочуларга берилет. Синхрон котормонун бир тїрї болуп «шыбыроо» эсептелет, мында котормочу кабинада отурбастан, наушник же микрофон аркылуу же аларсыз эле шыбырап которуп турат. Синхрон котормо — оозеки котормонун татаал тїрї, анткени ал котормочудан бир эле учурда бир тилде тыњдоо, экинчи бир тилге которуу жана ошол тилде сїйлљљ, ошол эле учурда сїйлљљчїдљн калып калбоо сыяктуу ар тїрдїї иштерди аткара билїїнї талап кылат. Ушул їч аракеттин бир учурда болушу чымырканган акыл ишин, зор ынтаа коюуну, бир тилдин фактыларын экинчи бир тилге ылайыкташтырууну, эмне айтыла тургандыгын алдын ала билїїнї, кљз ирмемде чечим кабыл алууну талап кылат.

Синхрон котормо алгачкы жолу Нюрнберг процессинде (1945-46-ж.) колдонулган. Синхрон котормонун көндүмдөрүнө ээ болгон тилмечтер синхронист тилмеч деп аталат. Эл аралык иш-чараларда тилмечтер көбүнчө чет тилден эне тилине которушат.

Медициналык эксперименттер иш учурунда синхронист тилмечтин жүрөк кагышы бир мүнөттө 160ка жетерин көрсөткөн. Бул болсо штангисттин оор салмак көтөрүп жаткандагысынан 20га көп! Ушундай 15-20 мүнөттүк жумуштан кийин тилмеч дем алууга аргасыз болот. Ошондуктан алар 2-4 киши болуп иштөө менен ар бир 15-20 мүнөттө бири-бирин алмаштырып турушат. Бир аз эле буйдала калган тилмеч сүйлөөчүдөн артта калып, кеп учугун жоготуп коюшу мүмкүн. Тилмеч кабинада отуруп, сүйлөөчүдөн кайталап же тактап коюуну өтүнө албаган учурда мунун кесепети оор болот.

Синхронист тилмечтин иши тилди мыкты билүүдөн тышкары кенен эрудицияны, сыпайылыкты, тамашакөйлүктү жана тапкычтыкты талап кылат. Синхрон котормо которуунун эң татаал түрү болгондуктан, акысы да абдан жогору болот.

            Ситуация (durum; ситуация) – сүйлөө учурундагы реалдуу чындыктын же сөз болуп жаткан чындыктын компоненттеринин жыйындысы. Ситуациянын кептик ситуация жана предметтик ситуация деген эки түрү бар.

            Ситуациялык клише (durum klişesi; ситуационное клише) – белгилүү бир ситуация үчүн милдеттүү болгон стереотиптүү айтым. Мисалы: «Бишкектен сүйлөйбүз!», «Кош келиңиздер!». Ситуациялык клишелер өзүнчө которууну талап кылат, б.а. алар түпнуска текстке көз каранды болбостон, өзүнчө которулуучу бирдик болуп эсептелет.

            Ситуациялык (экстралингвистикалык) контекст (durum konteksi; ситуативный (экстралингвистический) контекст) – айтым тиешелүү болгон жагдай, убакыт жана жер, ошондой эле реалдуу чындыктын ар кандай фактылары. Буларды билүү кабылдоочунун айтымдагы тилдик бирдиктердин маанисин туура чечмелөөсүнө жардам берет.

            Ситуациялык маалымат (durum bilgisi; ситуационная информация) – сүйлөөгө өбөлгө түзгөн экстралингвистикалык факторлордон алынуучу маалымат.

            Ситуацияны сыпаттоо ыкмасы (durumu tasvir etme tarzı; способ описания ситуации) – айтымдын мазмунунун бир бөлүгү, мында ситуациянын белгилери көрсөтүлөт.

            Соңку адресат (кабылдоочу) (son alacak olan; финальный адресат (получатель) – эки тилдүү коммуникациянын соңку звеносу болгон коммуникант, ал ушунусу менен ортоңку адресат же адресат-дублёр болгон тилмечтен айырмаланып турат.

Сөздүк котормо (kelimekelimesine çeviri; пословный перевод) – сөздөрдүн ортосундагы маанилик, синтаксистик жана стилистикалык байланыштарды эске албастан туруп, айрым сөздөрдүн деңгээлинде которулган котормо.

            Сөздүк эстутум (kelime hafızası; вербальная память) –элестерди эмес, сөздөрдүн өзүн эстеп калуу.

            Сөзмө-сөз котормо (harfi harfine çeviri; буквальный перевод) – которулган текстте түпнуска тексттин формалдык жана/же семантикалык компоненттерин өзүндөй кылып берүү.

Сөзмө-сөз которуучулук (harfi harfine çeviri; буквализм) – котормочунун жаңылыштыгы, мында ал сөздүн, сөз айкашынын же фразанын формалдык же семантикалык компоненттерин өзүндөй кылып берүүгө аракеттенүү менен анын маанисине доо кетирет.

            Сөзмө-сөз которуу ыкмасы (kelimekelimesine çeviri usulu; приём пословного перевода) – котормонун оптималдуу вариантын табуу процессинде түпнусканын лексикалык бирдиктеринин ордуна алардын ортосундагы синтаксистик байланышты сактоо менен котормо тилинин лексикалык бирдиктерин коюу.

            Структурадан маалымат (yapısal bilgi; информация о структуре) – адресатка багытталган маалыматтардын бир түрү, мындай маалымат автордун стилдик өзгөчөлүктөрү, архаизмдер, неологизмдер, поэтамалар, рифма, ыр өлчөмү жана башкалар менен берилип, кошумча эстетикалык эффект берет.

            Субординациялык кош тилдүүлүк (subordinasion bilingvizm; субординативный билингвизм) доминант тил, ойлоо тили бар болгон кош тилдүүлүк.

            Субъективдүү-көрмө коду (sübjektif göz kodu; субъективно-зрительный код) – адамдын ички тили, мында айрым бир сөздөр элестер менен айкашат.

            Сүйлөмдү жиктөө (cümleleri ayırma; членение предложения) – котормо ыкмаларынын бири, мында түпнуска тексттеги сүйлөмдүн синтаксистик структурасы өзгөртүлүп, котормо тилинде эки же андан ашык предикативдик структурага айланат. Мындай трансформациянын натыйжасында түпнускадагы жөнөкөй сүйлөм котормодо татаал сүйлөмгө айланат же түпнускадагы жөнөкөй же татаал сүйлөмдөр котормодо эки же андан көп өз алдынча сүйлөм болуп түзүлөт. Мисалы:

The annual surveys of the Labour Government were not discussed with the workers at any stage, but only with the employers.

            Лейбористтик өкмөттүн жыл сайын жасалуучу баяндамалары эч бир этапта жумушчулардын арасында талкууланган эмес. Алар ишкерлер менен гана талкууланган.

Both engine crews leaped to safety from a collision between a parcels train and a freight train near Morris Cowley, Oxfordshire.

Оксфордшир графтыгында, Морис Коули станциясына жакын жерде почта поезди менен товар ташуучу поезд кагышты. Эки поезддин бригадалары поездден секирип кетип, аман калышты.

Биринчи мисалда сүйлөмдүн акыркы бөлүгүнүн өзүнчө сүйлөм болуп берилиши түпнускадагы карама-каршы коюуну даана билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми экинчи сүйлөмдөгү жиктештирүү окуялардын ырааттуулугун кыргыз тилинин табиятына ылайык берүүгө жана leaped to safety деген которулушу кыйын сөз айкашынын маанисин туура которууга мүмкүнчүлүк түзөт.

            Сүйлөмдөрдү бириктирип которуу (çümleleri birleştirele çevirme; объединение предложений при переводе) – котормо ыкмаларынын бири, мында түпнускадагы эки жөнөкөй сүйлөм бириктирилип, бир татаал сүйлөм болуп которулат.

That was a long time ago. It seemed like fifty years ago.

            Бул илгери болгон, сыягы , андан бери элүү жылдай мезгил өттү.

            The only thing that worried me was our front door. It creaks like a bastard.

            Бир гана нерсе – сырткы дарбазанын кутургандай кычыраганы менин тынчымды алып жатты.

            Сыпаттама котормо (tasvirci çeviri; описательный перевод) – котормо ыкмаларынын бири, мында белгилүү бир түшүнүк котормо тилинин каражаттары менен сүрөттөө аркылуу берилет. Бул ыкма котормо тилинде тиешелүү сөз жок болгон учурда же аны котормочу билбеген учурда колдонулат.

Таамай котормо (tam çeviri; точный перевод) – түпнуска мазмунунун предметтик-логикалык бөлүгүнүн гана так берилиши, мындай котормодо жанрдык-стилистикалык нормалар жана котормо тилинин нормалары сакталбай калышы мүмкүн.

            Тактагыч маалымат (açıklama bilgi; уточняющая информация) – тексттеги башка сөздөрдөн белгилүү болгон маалыматтар.

            Тамгалык белги (harfi işaret; буквенный символ) –караңыз: белги.

            Тар контекст (микроконтекст) (mikrokonteks; узкий контекст) (микроконтекст) – бир сөз айкашынын же сүйлөмдүн чегиндеги лингвистикалык контекст.

Тарыхый котормо (tarihi çeviri; исторический перевод) – мурунку доордун тилинде жазылган тарыхый текстти азыркы тилге которуу. Кээде диахроникалык котормо деп да аталат.

            Текст (metin; текст) – бир максат менен чектелген графикалык же үндүк белгилердин ар кандай ырааттуулугу.

            Текстти маанилик жактан топтоштуруу (metnin anlam bakımından gruplaşması; смысловая группировка текста) – тексттен коммуникациядагы маанилик баалуулугу ар кандай болгон бирдиктерди бөлүп алуу.

Тексттин прагматикалык потенциалы (metnin pragmatik potansiyeli; прагматический потенциал текста) – тексттин кабылдоочуга таасир этип, интеллектуалдык же эмоционалдык реакцияны пайда кылуу жөндөмдүүлүгү.

            Тематикалык айтымдар (her hangi bir konuya ait çeviri; тематические высказывания) – мазмуну берилген ситуация (тема) жана ситуациялык маалымат менен аныктала турган айтым.

            Термин (terim; термин) – илимдин же техниканын бир тармагындагы башка түшүнүктөр менен бирге семантикалык системаны түзө турган, илимий түшүнүктү билдирген сөз. Которулуучу текстте термин өзүнчө которууну талап кылат, б.а. котормонун бирдиги катары чыгат.

            Тигинен жазуу (sütün yazısı; вертикализм в записях) – тилмечтиктеги тез жазуунун бир түрү, мында жазуу тигинен болот да, сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнө атайын орун бекитилет.

            Тике котормо (kelimesi kelimesine çeviri; дословный перевод) – түпнуска тилиндеги сөз дөрдүн ордуна котормо тилиндеги тиешелүү сөздөрдү механикалык түрдө коюу.

Тилдер аралык котормо (diller arası çeviri; межъязыковой перевод) – бир тилде берилген маалыматтын экинчи бир тилдин каражаттары менен берилиши.

Тилмеч (tercüman; переводчик-синхронист) – коммуни-кациядагы ортоңку звено, ал булак менен адресаттын колдонгон тилдери эки башка болгон учурда зарыл болот. Тилмеч түпнуска текстти оозеки түрдө которот жана жазуу түрүндө которгон котормочудан ушунусу менен айырмаланат.

            Тил ортомчулугу (dil ortaklığı; языковое посредничество) – түпнуска тексттин коммуникация процессинде кабылдоочу билген тилге которулушу.

Традициялык котормо (geleneksel çeviri; традиционный перевод) – адам тарабынан аткарылган котормо.

            Транскрипция (transkripsyon; транскрипция) – лексикалык бирдикти которуу ыкмасы, мында түпнускадагы бирдиктин тыбыштык формасы котормо тилиндеги тамгалар менен берилет. Азыркы котормо практикасында транслитерациянын айрым элементтери сакталган транскрипция көбүрөөк колдонулат. Тилдердин фонетикалык жана графикалык системалары бири-биринен бир топ айырмалангандыктан, түпнуска тилиндеги сөздү котормо тилинде берүү бир топ шарттуу жана болжолдуу мүнөздө болот: absurdist — абсурдист (абсурд чыгарманын автору); skateboarding — скейтбординг (дөңгөлөктүү тактай тебүү); боулинг, тренинг, бодибилдинг, шоу, шейпинг, картинг ж.б.

            Транслитерация (transkripsyon; транслитерация) — лексикалык бирдикти которуу ыкмасы, мында түпнускадагы бирдиктин графикалык формасы котормо тилиндеги тамгалар менен берилет. Буга англис тилинен кирген «пэр», «мэр», «лендлорд», «эсквайр», испан тилинен кирген «гидальго», коррида», «тореро» деген сөздөрдү мисал келтирүүгө болот. Транслитерация котормо тилинде тиешелүү сөз жок болгон учурда жана сыпаттап которуу эмес, кыска атоо зарыл болуп, улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү баса белгилөө керек болгон учурда колдонулат. Башка элдердин турмушу жөнүндө жазган авторлор да кээде ушул ыкманы колдонушат. Мисалы, «аул», «кишлак», «сакля», «ашуг», «саз» деген сөздөр орус тилине ушундай жол менен кирген.

Трансмутация (transmutasyon; трансмутация) – бир жасалма тилден экинчи бир жасалма тилге которулган текст.

Транспозиция (transpozisyon; транспозиция) – бир жанрга же функционалдык стилге тиешелүү текстти башка жанрга же функционалдык стилге которуу.

            Трансформация (transformasyon; трансформация) – котормо ыкмаларынын көпчүлүгүнүн негизи. Трансформация – бул бериле турган маалыматты сактоо менен түпнуска тексттин формалдык же семантикалык компоненттерин өзгөртүү.

            Трансформация методу (transformasyon usulu; метод трансформации) – котормодогу маанилик талдоо методдорунун бири, мында түпнуска тексттеги сөздөр же сөз айкаштары кыскараак же мааниси кененирээк сөздөр менен алмаштырылат.

            Трансформациялык котормо (transformasyon çeviri; трансформационный перевод) – котормо трансформацияларынын бири колдонулган котормо.

«Тузак» сөздөр (‘tuzakkelimeler; «ложные друзья» переводчиков) — бир тилдеги сөздүн экинчи бир тилдеги сөз менен айтылышы, жазылышы боюнча окшош жана тектеш болуп, бирок мааниси жагынан башка болуп калышы. Буга төмөнкү сөздөрдү мисал келтирүүгө болот:

accord – макулдук, бир пикирдүүлүк (аккоpд эмес)

accurate – так (тыкан эмес)

agitator – азгыруучу (агитатоp эле эмес)

alley – чолок көчө (аллея эмес)

Alsatian – немис  овчаpкасы (эльзастык эле эмес)

amber – янтаpь  (амбpа эле эмес)

ammunition – ок-дары (амуниция эмес)

angina – стенокаpдия  (ангина эмес)

arc – дуга  (аpка эмес)

artist – сүрөткер, художник (аpтист эле эмес)

nazik – сылык, сыпаа, адептүү (назик эмес)

çirkin – түрү суук, куник (кыргызчадагы чиркин эмес)

Эскертүү: Мындай сөздөрдүн айрымдары тиркемеде берилет.

            Туруктуу шайкештик (sabit karşılık; постоянное соответствие) – түпнуска тилиндеги бирдиктин контексттен салыштырмалуу түрдө көз карандысыз болуп туруктуу которулушу.

Түз котормо (düz çeviri; прямой перевод) – түздөн түз түпнускадан которулган котормо.

            Түпнуска (orijinal, esas, asıl; оригинал) – караңыз: түпнуска текст.

            Түпнуска текст (esas metin, özgün metin; исходный текст) – которула турган текст, оригинал.

            Түпнуска тили (ТТ) (özgün dil; исходный язык) (ИЯ) – которула турган тексттин тили.

            Түшүндүрмө сөздүк, чечмелеме сөздүк (açıklamalı sözlük; толковый словарь) – сөздүн мааниси чечмеленип берилген бир тилдүү сөздүк.

            Түшүнүктөрдү жалпылаштыруу (anlamların genelleştirilmesi; генерализация понятий) – котормо ыкмаларынын бири, мында жеке түшүнүк жалпы түшүнүк менен берилет. Мисалы, «синица» деген сөз «чымчык» деп которулушу мүмкүн.

He visits me practically every week-end.

            Ал мага дээрлик жума сайын келип турат.

Мында жалпы маанидеги сөздү колдонуу менен котормочу автордун «уик-эндди» айтуу менен ишембини же жекшембини сөз кылып жатканын тактоо түйшүгүнөн кутулган.

Кээде тигил же бул конкреттүү предметтин аты кабылдоочу үчүн эч кандай деле мааниге ээ болбой калат:

He showed us his old beat-up Navajo blanket.

            Ал бизге өзүнүн эскирген индеец одеялын көрсөттү.

Жалпы маанидеги сөздү колдонуу стилистикалык себептер менен шартталышы да ыктымал. Көркөм чыгармаларда адатта каармандардын бою менен салмагы так көрсөтүлбөйт, ошондуктан англис тилиндеги a young man of 6 feet деген сөз айкашы «узун бойлуу жаш жигит» болуп которулат.

Конкреттештирүү да, жалпылаштыруу да мүмкүн болгон учурда котормочу жалпылаштырууну артык көргөн учурлар да аз эмес:

Then this girl gets killed, because she’s always speeding.

            Анан ал кыз өлөт, анткени ал дайыма эрежени буза берет. («Техникалык вариант менен салыштырыңыз: «ал дайыма ылдамдыкты жогорулата берет»)

Жалпылаштыруу методу менен түпнуска тилинин бирдиктерине регулярдуу дал келүүлөр пайда болушу мүмкүн: foot – бут, wrist watch – кол саат ж.б..

            Түшүнүктөрдү конкреттештирүү (anlamların somutlaştırılması; конкретизация понятий) – котормо ыкмаларынын бири. Мында жалпы түшүнүк жеке түшүнүк менен берилет. Мисалы, англис тилиндеги to say жана to tell деген сөздөр «айт, де» деген маанилеринен тышкары контекстке ылайык конкреттүү маанилерде которулат:

«So what?» I said.

-Эмне болуптур? – деп сурадым мен.

He told me I should always obey my father.

            Ал мага атаңдын сөзүнөн чыкпа деп кеңеш берди.

The boss told me to come at once.

            Кожоюн мага дароо кел деп буюрду.

Түшүнүктөрдүн логикалык өнүгүшү (anlamın mantıklı gelişimi; логическое развитие понятий) – котормо ыкмаларынын бири, мында себеп жана натыйжа, бүтүн жана бөлүк, курал жана ишмер сыяктуу байланышта болгон эки түшүнүк алмаштырылып которулат.

            Тыңдоо (dinleme anlama; аудирование) – оозеки кепти кабылдоо жана түшүнүү.

            Угуп жазма котормо (dinleme yazılı çeviri; письменный перевод на слух) — угуп кабылдаган текстти жазуу түрүндө которуу. Азыркы учурда, негизинен, машыктыруучу көнүгүү катары (котормо-жат жазуу, аудиокассетадан жазуу түрүндө которуу) колдонулат.

            Угуу менен кепти синхрондоштуруу көндүмү (dinleme ile konuşmayı senkronize etme; навык синхронизации слуховой рецепции и речи) – котормонун эки маанилүү операциясын – түпнуска текстти кабылдоо менен которууну бир учурда аткара билүү.

            Узакка эстөө (uzun süreli bellek; долговременная память) – кабыл алган маалыматты көпкө чейин эстөө жөндөмү.

            Уникум маалымат (tek bilgi; уникальная информация) – караңыз: өзөк маалымат.

Үзүндү котормо (parça çeviri; фрагментарный перевод) – бүтүндөй тексттин эмес, анын бир үзүндүсүнүн котормосу.

Үйрөнгүч котормо (öğretim çevirisi; учебный перевод) – котормочуларды даярдоо үчүн же чет тил үйрөтүүнүн бир ыкмасы катары окуу процессинде колдонулуучу котормо.

Үй тиричилигиндеги котормо (güncel yaşamla ilgili çeviri; бытовой перевод) – үй тиричилигине мүнөздүү тексттердин котормосу.

            Фон маалымат (fon bilgi; фоновая информация) – экстралингвистикалык факторлордон келип чыгуучу маалымат.

Формалдык-белгилик деңгээлдеги операциялар (şekli işaret düzeyindeki işlemler; операции на формально-знаковом уровне) -–денотатты идентификациялабастан туруп өтүү көндүмүнүн иштешинин негизинде ишке ашуучу котормо операциялары.

Фразалап которуу (cümlesi cümlesine çeviri; пофразовый перевод) – биринин артынан бири ырааттуу түрдө которулган айрым сүйлөмдөрдүн же фразалардын деңгээлиндеги котормо.

            Чийки котормо (taslak çeviri; черновой перевод) – котормонун алгачкы варианты, анын эквиваленттүүлүгү түпнусканын предметтик-логикалык кырдаалын көрсөтүү менен чектелет да, тилдик жагынан көп кемчиликтери болушу ыктымал.

            Шайкеш кош тилдүүлүк (koordinatsyonlu bilingvizm; координативный билингвизм) – кош тилдүүлүктүн бир түрү, мында тилдердин бири үстөмдүк кылбастан, адам сүйлөгөн тилинде ойлонот.

            Шайкешсиздик (uymazlık; несоответствие) – берилбей калган же кошумчаланган маалымат. Ал түпнуска тексттин бир үзүмүнүн которулбай калышынан же котормо текстке кошумча маалыматтарды киргизүүнүн натыйжасында пайда болот.

            Шайкешсиздик теориясы (uymazlık teorisi; теория несоответствия) – түпнуска текстте болбогон кандайдыр бир маалымат котормо текстте сөзсүз болот жана түпнуска тексттеги маалыматтын бир бөлүгү котормо текстке чыкпай кала берет деген жобого негизделген теория. Дал келбөө теориясынын негизинде тексттерди салыштырып талдоо котормо процессинин өзгөчөлүктөрүн, котормо ишинин кыйынчылыктарын, бир тилден экинчи бир тилге өтүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачып берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Шайкешсиздик бирдиги (uymazlık birimi; единица несоответствия) – котормодо берилбей калган же туура эмес берилип калган түпнусканын мазмундук элементи же котормого негизсиз түрдө кошумчаланып калган мазмундук элемент.

            Шайкештик (uygunluk; соответствие) – котормо илиминин негизги категорияларынын бири. Котормодогу абсолюттук дал келүү – бул түпнуска менен котормонун формалдык, семантикалык жана маалыматтык компоненттеринин толук дал келиши жана буга жетишүү дээрлик мүмкүн эмес. Дал келүү категориясы котормодо «тике котормо – эркин котормо» оппозициясынан байкалат. Мындан тышкары түпнуска тексттеги бирдиктин которулуу варианттарынын бири да кээде дал келүү деп аталат.

            Штамптар (basmakalp sözler; штампы) – кепте көп учуроочу, денотаттары менен байланышы начарлап калган кептик формулалар. Өз алдынча которууну талап кылгандыктан, котормонун өзүнчө бирдиги болуп эсептелет.

            Ырааттуу котормо (sıralı çeviri; последовательный перевод) – текстти уккандан кийинки оозеки котормо. Ырааттуу котормо жазып алма ырааттуу котормо жана абзацтык-фразалык котормо, ошондой эле бир жактуу котормо (бир гана тилден которуу) жана эки жактуу котормо (эки тилден которуу) болуп бөлүнөт. Мында тилмеч оратор сїйлљп бїткљндљн кийин же сљзїнїн белгилїї бир бљлїгїн сїйлљп бїткљндљн кийин аны которо баштайт. Кептин которулуучу бљлїгїнїн љлчљмї ар тїрдїї болушу мїмкїн, мында айрым бир сїйлљм болушу да, 20-30 же андан кљп мїнљттїк сљз болушу да мїмкїн. Котормонун бул тїрї тилмечтен бир топ кљлљмдљгї сљздїн мазмунун которо баштаганга чейин эске тутууну талап кылат. Эгер түпнуска тексттин кљлљмї бир нече сїйлљмдљн аша турган болсо, тилмеч сїйлљљчїнї тыњдап жатып, эстеп калыш їчїн сљздїн мерчемдїї жерлерин дептерине жазып турат.

            Ырааттуу котормодогу жазып алуу (sıralı çevirideki yazı; записи в последовательном переводе)— тилмечтин эске сактап калуудагы жардамчы каражаты, мында ал өзү маанилүү деп эсептеген маалыматтарды жазып алып турат.

Ырасталган котормо (tasdikli çeviri; заверенный перевод) – түпнуска менен бирдей экендиги юридикалык түрдө ырасталган котормо.

            Эквиваленттүүлүк деңгээли (тиби) [eşdeğerlilik düzeyi; уровень (тип) эквивалентности] – түпнуска менен котормонун маанилик жакындыгынын даражасы, ал түпнусканын котормодо сакталып калган мазмунунун бөлүгү менен аныкталат.

            Эквивалентсиз грамматикалык бирдиктер (eşdeğersiz dilbilgisel birimler; безэквивалентные грамматические единицы) – түпнуска тилинин котормо тилинде жок грамматикалык формалары жана структуралары. Эквивалентсиз грамматикалык бирдиктер айрым морфологиялык формалар, сөз түркүмдөрү жана синтаксистик структуралар түрүндө болушу мүмкүн. Мындай бирдиктер конкреттүү тилдерге жараша болот, б.а. бир котормо тилинде эквиваленти жок түпнуска тилинин бирдиги башка тилдерде эквиваленттүү болуп калышы толук ыктымал.

            Эквивалентсиз лексика (eşdeğersiz kelimeler; безэквивалентная лексика) – түпнуска тексттеги улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү билдирген сөздөр, б.а. котормо тилинде жок түшүнүктөрдү, предметтерди, кубулуштарды туюндурган сөздөр. Эквивалентсиз лексика неологизмдерден жана спецификалык түшүнүктөрдү билдирген сөздөрдөн да көп кездешет. Буларды которуунун натыйжасында окказионалдык дал келүүлөр пайда болот.

            Эквиваленттер (eşdeğerleri; эквиваленты) – түпнуска жана котормо тексттериндеги бирдиктердин контексттен көз каранды болбогон дал келүүсү.; тил аралык синонимдер.

            Эквиваленттүү котормо (eşdeğer çeviri; эквивалентный перевод) – түпнусканын мазмуну эквиваленттүүлүктүн деңгээлдеринин биринде өзүндөй кылып берилген котормо.

            Эквиваленттүүлүк бирдиги (eşdeğerlilik birimi; единица эквивалентности) – түпнусканын котормодо сакталган мазмунунун минималдык бирдиги.

Эквиваленттүүлүк деңгээли (тиби) (eşdeğerlilik seviyesi (tipi); уровень (тип)  эквивалентности) – түпнуска менен менен котормонун маанилик жакындыгынын деңгээли, котормодо сакталган түпнусканын мазмундук бөлүгү менен аныкталат.

            Эки тараптуу котормо (karşılıklı çeviri; двусторонний перевод) – аңгемелешүүнү ырааттуу түрдө которуу, мында биринчи тилден экинчи тилге жана экинчи тилден биринчи тилге которулат.

Эксперименталдык котормо (deneysel çeviri; экспериментальный перевод) – изилдөө максатында аткарылган котормо.

            Экспликация (сыпаттама котормо) (tasvirci çeviri; экспликация (описательный перевод) — лексика-грамматикалык трансформация, мында түпнуска тилинин лексикалык бирдиги анын маанисин аздыр-көптүр даана бере турган сөз айкаштары менен берилет. Экспликациянын жардамы менен түпнускадагы ар кандай эквивалентсиз сөздүн маанисин берүүгө болот: conservationist — айлана-чөйрөнү коргоонун тарапкери; whistlestop speech — шайлоо алдындагы агитациялык иш сапардын жүрүшүндөгү кандидаттын чыгып сүйлөгөн сөзү. Экспликациянын кемчилиги анын көп сөздүүлүгү менен ийкемсиздигинде, ошондуктан кыскараак түшүндүрмө бергенде гана котормонун бул ыкмасы ийгиликтүү колдонулат.

Car owners from the midway towns ran a shuttle service for parents visiting the children injured in the accident.

            Ортодогу шаарлардын машиналуу кишилери кырсыктан жабыр тарткан балдарын көргөнү келишкен ата-энелерди алып келип, алып кетип турушту.

            Элестүү эстутум (imgesel bellek; образная память) – кабыл алынган маалыматты көркөм элестердин жардамы менен эсте сактоо жөндөмү.

            Эркин котормо (serbest çeviri; вольный перевод) – түпнуска тексттин формалдык жана семантикалык компоненттерин эске албастан туруп, андагы негизги маалыматты которуу.

Эталон котормо (ayarsal çeviri; эталонный перевод) – квалификациялануучу котормо салыштырыла турган үлгү котормо.

Юридикалык котормо (hukuki çeviri; юридический перевод) – юридикалык мүнөздөгү тексттердин котормосу.

Тиркеме №1

«Тузак» сөздөрдүн тизмеси (англисче-кыргызча)

 A
accord – макулдук, бир пикирдүүлүк (аккоpд эмес)
accurate – так (тыкан эмес)
agitator – азгыруучу (агитатоp эле эмес)
alley – чолок көчө (аллея эмес)
Alsatian – немис  овчаpкасы (эльзастык эле эмес)
amber – янтаpь  (амбpа эле эмес)
ammunition – ок-дары (амуниция эмес)
angina – стенокаpдия  (ангина эмес)
arc – дуга  (аpка эмес)
artist – сүрөткер, художник (аpтист эле эмес)

B
ball – топ  (балл эмес)
balloon – аба шары (баллон эмес)
band – лента, музыкалык топ (банда эмес)
brilliant – жаркыраган (сейрек учурда бpиллиант)

C
сabin – алачык, кепе (кабина эле эмес)
cabinet – кичинекей шкаф, чулан, витpина (кабинет эмес)
camera – фотоаппаpат (түрмө камерасы эмес)
cataract – шаркыратма (катаpакта эле эмес)
(to) champion – колдо- (чемпион бол- эмес)
chef – шеф-поваp (шеф же шофеp эмес)
circulation – гезиттин тиpажы (циpкуляция эле эмес)
cistern – бак, унитаздын багы (цистеpна эмес)
clay – ылай  (желим, клей эмес)
climax – эң жогорку чекит, кульминация (климакс эмес)
cloak – плащ  (клоака эмес)
compositor – терүүчү (композитоp эмес)
conductor – диpижёp (кондуктоp эле эмес)
corpuse – өлүк (коpпус эмес)

D
data – маалыматтар (дата эмес)
decade – он жылдык (декада эмес)
decoration – оpден, төш белги, жасалга (декоpация эмес)
Dutch – голландиялык  (даниялык эмес)

E
engineer – машинист  (инженеp эле эмес)

F
fabric – кездеме (фабpика эмес)
family – үй-бүлө (фамилия эмес)
figure – чийме, цифpа (фигуpа эле эмес)
film – тасма, плёнка (фильм эле эмес)

G
gallant – эр жүрөк, каарман (галанттуу, өтө сыпайы эле эмес)
genial – ак көңүл (гениалдуу эмес)
gymnasium — споpтзал (гимназия эмес)

H
honor – сыймык, милдет (гоноp эмес)

I
instruments – өлчөөчү приборлор (кээде инстpументтер)
intelligence – акыл , интеллект; чалгын (интеллигенция эмес)

L
lily of the valley – ландыш  (өрөөн лилиясы эмес)
(to) liquidize – суюктукка айландыр- (жок кыл- эмес)
list – тизме (лист эмес)

M
magazine – жуpнал (магазин эмес)
mark – белги, так (маpка эмес)
matron – улуу медсестpа, кастелянша (матpона эле эмес)
mayor – шаардын мэри (майоp эмес)
monitor – класстын старостасы (монитоp эле эмес)
multiplication – көбөй(т)үү (мультипликация эмес)

N
number – сан (номеp эле эмес)

O
officer – чиновник, кызматтагы киши (офицеp эле эмес)

P
partisan – тарапкер (паpтизан эле эмес)
prospect – пеpспектива (пpоспект эмес)
(to) pretend – анткорлон-, -мыш бол- (талапкер бол- эле эмес)
production – өндүрүш (пpодукция эле эмес)
professor – жогорку окуу жайынын окутуучусу (пpофессоp эле эмес)

R
(to) realize – элестет-, түшүн-  (ишке ашыр-, реализацияла- эле эмес)
(to) rationalize – түшүндүр- (рационалдаштыр эле эмес)
record – жазуу, отчёт (pекоpд эле эмес)
replica – так көчүрмө (pеплика эмес)
resin – чайыр (pезина эмес)

S
satin – атлас (сатин эмес)
sodium – натpий (сода эмес)
spectacles – көз айнек (спектакль эмес)
speculation – ой жүгүртүү, божомол (спекуляция эле эмес)
spinning – ийрүү  (спиннинг эле эмес)
stamp – маpка (штамп эле эмес)
stool – отургуч  (мед. стул эмес)

T
talon – тырмак (талон эмес)
tax – налог  (такса эмес)
tender – назик (тендеp эле эмес)
tent – палатка (чатыр, тент эле эмес)
terminus – акыркы аялдама (теpмин эмес)
trap – капкан, тузак (тpап эмес)
trace – из (тpасса эмес)
trek – жүрүш (тpек эмес)
troop – отpяд , эскадpон (өлүк жана труппа эмес)
tunic – солдаттардын курткасы (туника эмес)
turkey – күрп (Түркия, түрк эмес)

U
uniform – туруктуу, бирдей (униформалык эле эмес)
urn – электp самоору (уpна эле эмес)
urbane – сылык, сыпаа (шаардык, урбанисттик эмес)
utilize – пайдалан- (утилдештир- эле эмес)

V
vacuum – чаң соргуч (вакуум эле эмес)
valet – лакей, камеpдинеp (валет эмес)
velvet – баpкыт (вельвет эмес)
venerable – урматтуу (венеpический эмес)
verse – ыр (веpсия эмес)
vice – кемчилик (вице- эле эмес)
vine – жүзүм сабагы (вино эмес)
virtual – чыныгы, анык (виpтуалдык эмес)
virtuous – пакиза, таза (виpтуоздук эмес)

Тиркеме № 2

Котормотаануу терминдеринин кыргызча-орусча-түркчө көрсөткүчү

 

Кыргызча Орусча Түркчө
1. абзацтык-фразалык котормо абзацно-фразовый перевод paragraf-cümle çeviri
2. автордун котормосу авторский перевод yazarın kendi tercümesi
3. автор ынаткан котормо авторизованный перевод eserin yazarınca tasvip edilmiş tercümesi
4. адабий котормотаануу литературное переводоведение edebi çeviriye giriş
5. адаптацияланган котормо адаптированный перевод adapte edilmiş çeviri
6. адекват котормо адекватный перевод eşit çeviri
7. адистик котормо специальный перевод özel alan çevirisi
8. адресат адресат alacak olan
9. айтым высказывание fikir
10. айтымдын мааниси смысл высказывания fikir anlamı
11. айтымдын формалдык компоненттери формальные компоненты высказывания fikrin dış öğeleri
12. аналог аналог analog
13. аннотациялык котормо аннотационный перевод özet çeviri
14. антонимдик котормо антонимический перевод zıt çeviri
15. аралаш котормо смешанный перевод karışık çeviri
16. ар кыл типтүү шайкештик разнотипное соответствие çeşitli tiplerde uygunluk
17. аскерий котормо военный перевод askeri çeviri
18. аспектилик котормо аспектный перевод bakımlı çeviri
19. ат атоочтук кайталоо ыкмасы приём местоименного повтора zamirle tekrarlama yöntemi
20. аудитория аудитория dinleyiciler
21. аутент котормо аутентичный перевод aslına uygun çeviri
22. ассоциациялуу белги ассоциативный символ çağrışımsal işaret
23. ачык аудитория открытая аудитория açık dinleyiciler
24. басылган котормо издательский (печатный) перевод yayımlanmış çeviri
25. белги символ işaret, sembol
26. билдирүү сообщение bildiri
27. бинар котормо бинарный перевод binar çeviri
28. бир багыттуу котормо односторонний перевод tek taraflı çeviri
29. бир тил ичиндеги котормо внутриязыковой перевод bir dil içindeki çeviri
30. бир типтүү шайкештик однотипное соответствие aynı çeşit uygunluk
31. булак источник kaynak
32. бүкүлү тексттин котормосу цельнотекстный перевод bütünsel metin çeviri
33. вариант шайкештиги вариантное соответствие varyant uygunluğu
34. генерализация генерализация genelleştirme
35. грамматикалык айырбаш грамматическая замена gramer değiştirmesi
36. грамматикалык кубулма грамматическая трансформация dilbilgisel dönüşüm
37. грамматикалык сөзмө-сөз котормо грамматический буквализм dilbilgisel kelimesi kelimesine çeviri
38. девербализация девербализация anlam ayırmak
39. дезиративдик жактан адекваттуу котормо дезиративно адекватный перевод isteğe uygun çeviri
40. денотат денотат denotat
41. диахроникалык (тарыхый) котормо диахронический (исторический) перевод art zamanlı (tarihi) çeviri
42. жабык аудитория закрытая аудитория kapalı dinleyiciler
43. жазма котормо письменный перевод yazılı çeviri
44. жазма тексттин жазылуу котормосу письменный перевод письменного текста yazılı metnin yazılı çevirisi
45. жазма тексттин оозеки котормосу устный перевод письменного текста yazılı metnin sözlü çevirisi
46. жазып алуу системасы система записи yazma sistemi
47. жакындатылган котормо приближённый перевод yakın çeviri
48. жарым жабык аудитория полузакрытая аудитория yarı kapalı dinleyiciler
49. жарыяланган котормо опубликованный перевод yayınlanmış çeviri
50. жетик котормо полноценный перевод mükemmel çeviri
51. илимий-техникалык котормо научно-технический перевод ilmi teknik çeviri
52. инвариант инвариант invariant
53. инвариант маалымат инвариантная информация ınvarıant bilgi
54. интерсемиотикалык котормо интерсемиотический перевод intersemiotik çeviri
55. иш котормосу рабочий перевод iş çevirisi
56. кабылдоочу реципиент kabul eden
57. кагаздан которуу перевод с листа kağıttan çeviri
58. кайталанма маалымат повторная информация tekrarlanmış malumat
59. калькалоо калькирование başka dilden alınan bir tabiri ana dilinde kullanmak
60. кемтик котормо неполный перевод eksik çeviri
61. кеңири контекст (макроконтекст) широкий контекст (макроконтекст) geniş metin
62. кеп бирдиги единица речи konuşma birimi
63. кеп жумушу речевая деятельность konuşma işi
64. кеп ситуациясы речевая ситуация konuşma durumu
65. кеп туундусу речевое произведение konuşma eseri
66. кеп тыңдама аудирование dinleme
67. кери котормо обратный перевод geri çeviri
68. киришме конструкция вводящая конструкция ara cümle
69. код код kod
70. коммуникант коммуникант bağlantı kuran kişi
71. коммуникациялык наркы теңдик коммуникативная равноценность iletişimsel eş değerlilik
72. коммуникациялык эффект коммуникативный эффект iletişim etkisi
73. коммуникация максаты цель коммуникации iletişim amacı
74. компенсация компенсация tazmin
75. конкреттештирме конкретизация konkretleştirme, somutlaştırma
76. консультациялык котормо консультативный перевод danıştay çevirisi
77. контекст контекст metin
78. коомдук-саясий котормо общественно-политический перевод toplumsal-siyasi çeviri
79. которбой коюу ыкмасы приём опущения atlama usulu
80. котормо, таржыма перевод çeviri

Эскертүү: Түрк тилдеринин биринен экинчисине которулган учурда aktarma термини колдонулат.

81. котормо бирдиги единица перевода çeviri birimi
82. котормо тез жазуусу переводческая скоропись çeviri yazısı
83. котормо кебинин нормасы норма переводческой речи çeviri dilinin normu
84. котормо (тил аралык) трансформациясы переводческая (межъязыковая) трансформация çeviri dönüşümü
85. котормо чечими решение на перевод çeviri kararı
86. котормо шайкештиги переводческое соответствие çeviri uygunluğu
87. котормодогу тексттер тексты в переводе çevirideki metinler
88. котормонун атайын теориясы специальная теория перевода çevirinin özel teorisi
89. котормонун белгилик ыкмасы знаковый способ перевода çevirinin işaret usulu
90. котормонун белен кылынышы оформление перевода çevirinin hazırlanması
91. котормонун жалпы теориясы общая теория перевода çevirinin genel teorisi
92. котормонун жанр жана стиль жактан жиктелиши жанрово-стилистическая классификация переводов çevirinin janr-biçemsel sınıflaması
93. котормонун жанрдык стилистикалык нормасы жанрово-стилистическая норма перевода çevirinin janr- biçemsel normu
94. котормонун жеке теориясы частная теория перевода çevirinin özel teorisi
95. котормонун конвенциялык нормасы конвенциональная норма перевода çevirinin anlaşma normu
96. котормонун лингвистикалык теориясы лингвистическая теория перевода çevirinin dilbilimsel teorisi
97. котормо лингвистикасы же лингвистикалык котормотаануу лингвистика перевода или лингвистическое переводоведение çeviri dilbilimi
98. котормонун маанилик ыкмасы смысловой способ перевода çevirinin anlamsal usulu
99. котормо нормасы норма перевода çeviri normu
100. котормонун прагматикалык адаптациясы прагматическая адаптация перевода çevirinin pragmatik adaptasyonu
101. котормонун прагматикалык наркы прагматическая ценность перевода çevirinin pragmatik değeri
102. котормонун прагматикалык нормасы прагматическая норма перевода çevirinin pragmatik normu
103. котормонун прагматикалык потенциалы прагматический потенциал перевода çevirinin pragmatik potansiyeli
104. котормо прагматикасы (котормонун прагматикалык аспектиси) прагматика перевода (прагматический аспект перевода) çeviri pragmatiği (çevirinin pragmatik bakımı)
105. котормонун психолингвистикалык классификациясы психолингвистическая классификация переводов çevirinin psikodilbilimsel sınıflaması
106. котормонун салыштырма анализи сопоставительный анализ перевода çevirinin karşılaştırmalı analizi
107. котормонун ситуациялык модели ситуативная модель перевода çevirinin durum modeli
108. котормонун стратегиялык принциптери стратегические принципы перевода çevirinin stratejik prensipleri
109. котормо теориясы теория перевода çeviri teorisi
110. котормо тили (КТ) переводящий язык (ПЯ) çeviri dili
111. котормо типтери типы переводов çeviri tipleri
112. котормонун трансформациялык-семантикалык модели транформационно-семантическая модель перевода çevirinin transformasyon semantik modeli
113. котормо ыкмасы приём перевода çeviri yöntemi
114. котормонун эквиваленттүүлүгү эквивалентность перевода çevirinin eş değerliği
115. котормонун эквиваленттүүлүк нормасы норма эквивалентности перевода çevirinin eş değerlik normu
116. котормо таануу переводоведение çeviri bilimi
117. котормо текст переводной текст çeviri metni
118. котормо универсалийлери переводческие универсалии çeviri üniverselleri
119. котормочу переводчик mütercim, çevirmen
120. которуу ыгы, которуу амалы способ перевода çeviri yolu
121. которулуу мүмкүнчүлүгү переводимость çeviri olanağı
122. которуу процесси процесс перевода çeviri süresi
123. которуу процессинин бирдиги единица переводческого процесса çeviri süresinin birimi
124. которуу процессинин этабы этап переводческого процесса cevirinin süreç etabı
125. которуунун модели модель перевода çeviri modeli
126. кош тилдүү киши билингв iki dilli insan
127. кош тилдүү коммуникация двуязычная коммуникация iki dilli iletişim
128. кош тилдүүлүк билингвизм iki dillilik
129. кош тилдүүлүк механизми механизм билингвизма iki dillilik mekanizması
130. кошумча маалымат дополнительная информация ek bilgi
131. кошумча эстетикалык эффект дополнительный эстетический эффект ek estetik efekti
132. көркөм котормо художественный перевод edebi çeviri
133. көрмө-жазма котормо зрительно-письменный перевод görsel-yazılı çeviri
134. көрмө-оозеки котормо зрительно-устный перевод görsel-sözlü çeviri
135. кыйыр котормо косвенный перевод dolaylı çeviri
136. кыскартылган которуу сокращённый перевод kısaltılmış çeviri
137. кыскартылган тамга жазуусу сокращённая буквенная запись harfi kısaltma yazı
138. лексика бирдиги лексическая единица kelime, sözvarlığı birimi
139. лексика бирдиктерин которуштуруу, жылыштыруу ыкмасы приём перемещения лексических единиц kelime yerini değiştirme usulu
140. лексикалык контекст лексический контекст metin
141. лексикалык кошумчалоо ыкмасы приём лексических добавлений sözcük ekleme usulu
142. лексика-семантикалык айырбаш лексико-семантическая замена semantik yer değiştirme
143. лингвистикалык контекст лингвистический контекст dilbilimsel metin
144. лингвистикалык котормотаануу лингвистическое переводоведение dilbilimsel çeviriye giriş
145. маалымат булагы источник информации bilgi kaynağı
146. маалыматсыздык нулевая информация bilgisizlik
147. маалыматтык айтым информативные высказывания bilgisel ifadeler
148. маалыматтык запас информационный запас bilgi hazinesi
149. маалыматтык котормо информативный перевод bilgisel çeviri
150. маанилик анализ смысловой анализ tahlilin anlam incelikleri
151. маанилик доминанта смысловая доминанта anlam üstünlüğü
152. маанилик маалымат смысловая информация anlamsal bilgi
153. маанилик эстутум смысловая память anlamsal bellek
154. максаттуу айтымдар целевые высказывания amaçlı ifadeler
155. машина (автоматтык) котормосу машинный (автоматический) перевод makine (otomat) çeviri
156. модалдык белгилер модальные символы modal işaretler
157. модуляция (маанилик өөрчүү) модуляция (смысловое развитие) modulasyon (anlamsal gelişme)
158. морфемалык котормо поморфемный перевод morfem çevirisi
159. мотивация мотивация motivasyon
160. мыйзам ченемдүү шайкештиктер закономерные соответствия doğal uyumluk
161. нөлдүк котормо нулевой перевод sıfır çeviri
162. номинация номинация nominasyon
163. окказиялык дал келүү (контексттик дал келүү) окказиональное соответствие (контекстуальная замена) metinsel uygunluk
164. оозеки котормо устный перевод sözlü çeviri
165. оозеки тексттин жазма котормосу письменный перевод устного текста ağızdan yazılı çeviri
166. оозеки тексттин оозеки котормосу устный перевод устного текста ağızdan sözlü çeviri
167. оперативдүү эс тутум оперативная память kısa vadeli bellek
168. ортомчу тил язык-посредник aracı dil
169. өзгөчө сөз рельефное слово canlı kelime
170. өзгөчө сөздү тандоо методу метод выбора рельефного слова canlı kelime seçme usulu
171. өзөк маалымат ключевая информация esas bilgi
172. өзөк сөздөр ключевые слова kilit kelimeler
173. өзөк сөздөрдү тандап алуу методу метод выбора ключевых слов kilit kelime seçme usulu
174. өтүү көндүмү навык переключения geçme yatkınlığı
175. мите сөздөр слова-паразиты parazit kelimeler
176. поэтема поэтема poetema
177. прагматикалык (функционалдык) жактан адекваттуу котормо прагматически (функционально) адекватный перевод pragmatik bakımından eşit çeviri
178. практикалык котормо практический перевод praktik çeviri
179. предикаттык белги предикативный символ yüklem işareti
180. предметтик ситуация предметная ситуация madde durumu
181. прецизиондук сөздөр прецизионные слова presizion kelimeler
182. расмий (басууга даяр) котормо официальный (готовый к опубликованию) перевод resmi çeviri
183. реалийлер (улуттук) реалии (национальные) realiteler (milli)
184. рефераттык котормо реферативный перевод özet çeviri
185. рецептор рецептор kabul eden
186. семантика семантика semantik, anlambilim
187. семантикалык маалымат семантическая информация anlamsal bilgi
188. семантикалык тике которуу семантический буквализм anlamsal düz çeviri
189. семантикалык-стилистикалык жактан адекваттуу котормо семантико-стилистически адекватный перевод semantik üslup bakımından eşit çeviri
190. синонимдик алмаштыруу синонимическая замена eşanlamlı değiştirme
191. синтаксистик контекст синтаксический контекст sözdizimi çevresi
192. синтаксистик окшоштурма (сөзмө-сөз которуу) синтаксическое уподобление (дословный перевод) sözdizimi bakımından benzetmek
193. синхрон котормо синхронный перевод eşzamanlı çeviri
194. ситуация ситуация durum
195. ситуациялык клише ситуационное клише durum klişesi
196. ситуациялык (экстралингвистикалык) контекст ситуативный (экстралингвистический) контекст durum konteksi
197. ситуациялык маалымат ситуационная информация durum bilgisi
198. ситуацияны сыпаттоо ыкмасы способ описания ситуации durumu tasvir etme tarzı
199. сөздүк котормо пословный перевод kelime-kelimesine çeviri
200. сөздүк эс тутум вербальная память kelime hafızası
201. сөзмө-сөз котормо буквальный перевод harfi harfine çeviri
202. сөзмө-сөз которуучулук буквализм harfi harfine çeviri
203. сөзмө-сөз которуу ыкмасы приём пословного перевода kelime-kelimesine çeviri usulu
204. соңку адресат (кабылдоочу) финальный адресат (получатель) son alacak olan
205. структурадан маалымат информация о структуре yapısal bilgi
206. субординациялык кош тилдүүлүк субординативный билингвизм subordinasion bilingvizm
207. субъективдүү-көрмө коду субъективно-зрительный код sübjektif göz kodu
208. сүйлөмдү жиктөө членение предложения cümleleri ayırma
209. сүйлөмдөрдү бириктирип которуу объединение предложений при переводе çümleleri birleştirele çevirme
210. сыпаттама котормо описательный перевод tasvirci çeviri
211. тааамай котормо точный перевод tam çeviri
212. тактагыч маалымат уточняющая информация açıklama bilgi
213. тамгалык белги буквенный символ harfi işaret
214. тар контекст (микроконтекст) узкий контекст (микроконтекст) mikrokonteks
215. тарыхый котормо исторический перевод tarihi çeviri
216. текст текст metin
217. текстти маанилик жактан топтоштуруу смысловая группировка текста metnin anlam bakımından gruplaşması
218. тексттин прагматикалык потенциалы прагматический потенциал текста metnin pragmatik potansiyeli
219. тематикалык айтымдар тематические высказывания her hangi bir konuya ait çeviri
220. термин термин terim
221. тигинен жазуу вертикализм в записях sütün yazısı
222. тике котормо дословный перевод kelimesi kelimesine çeviri
223. тилдер аралык котормо межъязыковой перевод diller arası çeviri
224. тилмеч переводчик-синхронист tercüman
225. тил ортомчулугу языковое посредничество dil ortaklığı
226. традициялык котормо традиционный перевод geleneksel çeviri
227. транскрипция транскрипция transkripsyon
228. транслитерация транслитерация transliterasyon
229. трансмутация трансмутация transmutasyon
230. транспозиция транспозиция transpozisyon
231. трансформация трансформация transformasyon
232. трансформация методу метод трансформации transformasyon usulu
233. трансформациялык котормо трансформационный перевод transformasyon çeviri
234. «тузак» сөздөр «ложные друзья» переводчиков ‘tuzak’ kelimeler
235. туруктуу шайкештик постоянное соответствие sabit karşılık
236. түз котормо прямой перевод düz çeviri
237. түпнуска оригинал orijinal, esas, asıl
238. түпнуска текст исходный текст esas metin, özgün metin
239. түпнуска тили (ТТ) исходный язык (ИЯ) özgün dil
240. түшүндүрмө сөздүк, чечмелеме сөздүк толковый словарь açıklamalı sözlük
241. түшүнүктөрдү жалпылаштыруу генерализация понятий anlamların genelleştirilmesi
242. түшүнүктөрдү конкреттештирүү конкретизация понятий anlamların somutlaştırılması
243. түшүнүктөрдүн логикалык өнүгүшү логическое развитие понятий anlamın mantıklı gelişimi
244. тыңдоо аудирование dinleme anlama
245. угуп жазма котормо письменный перевод на слух dinleme yazılı çeviri
246. угуу менен кепти синхрондоштуруу көндүмү навык синхронизации слуховой рецепции и речи dinleme ile konuşmayı senkronize etme
247. узакка эстөө долговременная память uzun süreli bellek
248. уникум маалымат уникальная информация tek bilgi
249. үзүндү котормо фрагментарный перевод parça çeviri
250. үйрөнгүч котормо учебный перевод öğretim çevirisi
251. үй тиричилигине байланыштуу котормо бытовой перевод güncel yaşamla ilgili çeviri
252. фон маалымат фоновая информация fon bilgi
253. формалдык-белгилик деңгээлдеги операциялар операции на формально-знаковом уровне şekli işaret düzeyindeki işlemler
254. фразалап которуу пофразовый перевод cümlesi cümlesine çeviri
255. чийки котормо черновой перевод taslak çeviri
256. шайкеш кош тилдүүлүк координативный билингвизм koordinatsyonlu bilingvizm
257. шайкешсиздик несоответствие uymazlık
258. шайкешсиздик бирдиги единица несоответствия uymazlık birimi
259. шайкешсиздик теориясы теория несоответствия uymazlık teorisi
260. шайкештик соответствие uygunluk
261. штамптар штампы basmakalp sözler
262. ыктымалдуу болжолдоо вероятностное прогнозирование tahmin
263. ырааттуу котормо последовательный перевод sıralı çeviri
264. ырааттуу котормодогу жазып алуу записи в последовательном переводе sıralı çevirideki yazı
265. ырасталган котормо заверенный перевод tasdikli çeviri
266. эквиваленттүүлүк деңгээли (тиби) уровень (тип) эквивалентности eşdeğerlilik düzeyi
267. эквивалентсиз грамматикалык бирдиктер безэквивалентные грамматические единицы eşdeğersiz dilbilgisel birimler
268. эквивалентсиз лексика безэквивалентная лексика eşdeğersiz kelimeler
269. эквиваленттер эквиваленты eşdeğerleri
270. эквиваленттүү котормо эквивалентный перевод eşdeğer çeviri
271. эквиваленттүүлүк бирдиги единица эквивалентности eşdeğerlilik birimi
272. эквиваленттүүлүк деңгээли (тиби) уровень (тип)  эквивалентности eşdeğerlilik seviyesi (tipi)
273. эки тараптуу котормо двусторонний перевод karşılıklı çeviri
274. эксперименталдык котормо экспериментальный перевод deneysel çeviri
275. экспликация (сыпаттама котормо) экспликация (описательный перевод) tasvirci çeviri
276. элестүү эс тутум образная память imgesel bellek
277. эркин котормо вольный перевод serbest çeviri
278. эталон котормо эталонный перевод ayarsal çeviri
279. юридикалык котормо юридический перевод hukuki çeviri

 

Пайдаланылган адабияттар

  1. Бархударов Л. С. Язык и перевод (Вопросы общей и частной теории перевода). М., 1975.
  2. Виноградов В. С. Введение в переводоведение (общие и лексические вопросы). М.,
  3. Комиссаров В.Н. Теория перевода (лингвистические аспекты).. М., 1990.
  4. Миньяр-Белоручев Р.К. Как стать переводчиком? М.,1999.
  5. Akşit Göktürk. Çeviri dillerin dili. İstanbul, 1986.
  6. İlyas Öztürk. Metin türlerine göre çeviri süreçleri. Sakarya, 1997.
  7. İsmail Boztaş, Hasan Coşkun. Çevirmenin el kitabı. Ankara, 2002.

2 Replies to “Котормо таануу терминдеринин кыргызча-орусча-түркчө түшүндүрмө сөздүгү”

  1. Мыкты экен. Котормо боюнча дагы көп маалыматтарды жарыялап турсаңыздар. Рахмат.

    1. азыр мындай илимий эмгектер абыдан керек. Ушул зарылчылыкты түшүнгөн Таалайбек байкебизге албан ийгиликтерди каалайбыз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *