АҢГЕМЕ

Беш кабат үйдүн короосуна чалыш тукум жолбун ит пайда болду. Адегенде эле балдарга үйүр болуп алды. Аны балдар үйүр кылышты өздөрүнө ар ким-ар кими тамак берип атып. Буерде бала-бакыра көп. Жолбун бирин калтырбай жаспай таанып калды. Тааныбаган балдар болсо деле үрбөйт. Үргөнү бу короого тиешеси жок чоң кишилер. Аларга алыстан болсо да бир арс этип барып басылат. Балдар ага Фуня деп ат коюп алышыптыр. Эмне үчүн андай экенин эч кими билбейт.
Фуня оюнду адегенде өзү баштайт. Анан балдар карап турабы, беш-алтоо жыгып алышып, буту-колдорун тартышып, кээде чыргадан бетер сүйрөп кетишет. Фуня балдардын мунусуна кайыл. Тиштерин шакылдатып, тиштемиш болуп, суналып жатып берет. Кээде карматпай ойт берип, куйругун булактатып, балдарды кара терге салат.
Фунянын түйшүгү күн чыга башталат. Балдар топ-топ болушуп, мектепке жөнөйт. Ит улам бир топту чоң жолго чейин узатып коёт да чымын-куюн болуп кайра артка тартат. Балдардын аягы тыйылмайын ошенте берет.
Короодо түшкө чейин бала калбайт. Бакчага барчулар бакчасына, окугандары мектепке кетип калышат. Фуня үйдүн астындагы жертөлөгө кирип кетип, түшкө чейин чыкпайт. Балдар мектептен кайтаар мезгилде кайра тосуп алат. Беш кабат үйдүн балдарын түгөлдөп жаткансып, улам биринин астынан чыгып, колу-башынан искегилеп, анан кийинкисине өтөт.Ушуну менен Фунянын түйшүгү түгөнүп, эми түндүн бир оокумуна чейин оюн менен алпурушат. Ушинтип, күн өтө берди. Жай, күз өтүп, кыш келатты.
Фунянын курсагы чоңоюп балбалактап, эки жагына оой чайпала басып, эти оордой баштады. Кичирээк балдар итти семирип кетти дешти былчыйып. Ары-бери сүйрөшөт тынч койбой.
— Башта жакшы болучу, сулуу, узун.
— Тайгандай ичке эмес беле…
— Эми былчыйып басалбай калды. Тамакты чактап бериш керек.
— Май басып кетти ичин. Эмчектерин карабайсыңбы салаңдап. Семизинен ойной албай калды.
Булардан кырдуурак балдар беркилерди урушат Фуняга тийбегиле деп.
— Тийбегиле, кыйнабагыла байкушту…
— Кыйнаган жокпус,- дешет кичирээк балдар.
— Кыйнабаганыңар ушубу, өзү чердейип басалбай жүргөн шордууну жөн койбой,- дейт чоңураактары.
— Ойнобой атпайбы,- дешет беркилер нааразы болуп.
— Атаңардын башына ойнойбу курсагын көралбай калыптыр,- дешет чоңураактар.
— Семирип кетти былчыйып,- дешет кичирээктер.
— Как чокуң,- дейт беркилерден.- Сен өзүң семирип кеттиң…
— Мен антпейм,- дейт кичирээги.
— Келесоо,- дейт чоңураактар күлүп.- Алдагы ийниңдин үстүндөгү башпы же ашкабакпы? Сен эмне. Катын белең?
— Жок,- дейт берки дароо.- Мен кыз эмесмин. Таня кыз. Тигине.
— Макоо,- деди кырдырууктардын бири тигинин шапкесин башынан жулуп, матек алып кайра кийгизип,- мобунуңду эмнеге жүк кылып көтөрүп жүрөсүң? Ичи толтура саман, акыр-чикир го.
— Фуняң семирбей эле тууйт. Түшүнүп атасыңбы, тууйт дегенди? Күчүк тууйт,- деди бири шылкылдап күлүп.
Кичирек балдар бир паска үндөбөй туруп калышты.
— Фуня эмне, кызбы?- деди арасынан бири таңгала.
— Өзүң кызсың,- деп чоңураактардан бири кыткылыктады. Ага кошулуп, үч-төртөө күлүп калышты.
— Иттерди кыз дебейт, келесоо. Канчык дейт,- дейт бири күлкүсүн араң тыйып.
— Фуня канчыкпы?
— Сокурсуңбу? Көрүп турбайсыңбы…
Кичирээк балдар Фунянын аржак-бержагына чыгып карап жатышты шыкаалап. Алар айырмасын такыр билбей коюшту.
— Фуня эркек,- деди чоңураак балдарга.
Чоңураак балдар дагы дуу күлүп жиберишти.
— Фуня эркек,- деди алиги бала кайталап.
Чоңураак балдардын бир тобу каткырып атышты. Көздөрүнөн жаш чыгып, турган-турган жерлеринде ичтерин басып калышыптыр. Аларга кошулуп, кичинекейлер да күлүп атышты.
— Фуня эркек,- деди алиги бала дагы.
— Кубарың,- деди чоңураактардын ичинен бири күлкүсүн араң тыйып,- анда эмне…ким канчык болот, сенби?
— Сенби?- деп жиберишти күлүп аткандар да тигини сөөмөйү менен көрсөтүп.
Бала унчукпай туруп:
— Мен канчык болбойм,- деди,- мен эркекмин.
— Анда Фуня канчык, сен болбосоң…
— Фуня эркек болгону жакшы да,- деди алиги бала.
— Жинди го мобу,- деди чоңураак балдардын бири таңгалып.- Эркек болбосо, кантип эркек болмок эле, атургай тууган жатса…
— Фуняны көбеле кыйнай бербегиле, кийин, туугандан кийин ойнойсуңар,- деди балдардын бири.
А Фуня болсо, эмчектери салаңдап, ичи челкейип, улам бир баланын оозун карап тура берди башын кыйшайтып. Балдардын эмнени талашып аткандары менен иттин иши канча! Ага азыр эптеп эле күн өтүп, боюн бошотуп алса болду.
Балдар кужурашып атышты. Чоңураактары кичирээктерине иттердин эркек-ургаачысынын айырмаларын айтып, кыткылыктап калышат.
— Ошентип,- деди эки жылдан бери мектепте ордуна калган, беркилерден кырдуу бала,- Фуня күчүк тууйт. Антип ургаачылар тууп турбаса ит эмес, жан-жаныбарлардын бардыгынын тукумдары үзүлүп калбайбы.
Балдар аны муюп угуп отурушат, мурдуларын улам шуу тартып коюшуп.
— Мына,- деди ал,- силер да чоңойгондо катын аласыңар, балаңарды багасыңар. Ушундай турмуш деген.- Анан төрт-беш жаш чамасындагы баладан сурады:
— Сен да катын аласыңбы?
— Алам,- деди бала дароо.- Оляны алам.
Бардыгы дуу эте түштү.
— Оляң ким?- деди алиги чоң бала.
— Оля деген дүкөнчү.
— Келесоо,- деди чоң бала,- ошо сага тиймек беле? Анын күйөөсү бар, кечинде дайым тосуп алып кетет.
— Мейли,- деди берки бала,- ала берем.
— Кана, дагы ким катын алат?- деди чоң бала беркилерди шакаба чегип.
Эч кимден жооп болгон жок. Ушу тапта балдардын бардыгы тең ар кими өздөрүнчө ар нерселерди ойлоп атышты. Жалгыз гана Фуня буларды искегилеп, алышып-күрөшүп ойной албай, ары-бери чайпала басып жүрдү.
— Анда,- деди кичинекейлердин арасынан бири,- Фуня күчүк тууса бирин мен алам.
— Бирин мен…
— Мен…
— Мен…
Балдар жаалап жиберишти.
— Эй,- деди кырдуурактардын бири тигилерге,- адегенде туусунчу, же туудурбай сууруп аласыңарбы? Туугандан кийин аларды багуу керек. Көрөбүз ошондо…
— Багабыз,- деди өңү, чачы сапсары бала биринчи үн катып.- Айылдагы кемпир чоң энемдин ити тууганда күчүгүн үйгө апкелип, багып алганбыз. Күчүктү кантип багыш керектигин билем.
— Аның кайда?- деди алиги кыр көрсөткөн чоң бала.
— Машине тебелеп кеткен,- деди бала.
— Өлдүбү?
— Өлгөн. Былчыйтып кетиптир.
— Бакканың ошобу?- деди эки жыл удаасы менен ордунда калган бала.- Машиненин алдына сала бергениң бакканбы сага? Күчүктү антип бакпайт, мадыра башым…
— Тукуму жаман неме экен, коё бер. Кайда барса, анда барсын, муну ашка, башка жүк кылып кереги жок деп, атам көчөгө чыгарып жиберген,- деди бала өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдеп.
— Атаң таш боор экен,- деди берки.
— Анүчүн соттоп ийет,- деди аржактан бирөө.
— Эми сага күчүк тургай ташбалакет жок.
— Бербейбиз…
Бала бышактап жиберди ызасына чыдабай.
— Баары бир жок сага.
— Ошо айылдан барып багып алгыла.
Бала өпкөлөп ыйлап атты. Ый аралаш бирдемелерди айтканы даана угулбады. Фуня чыдап туралбай, чайпала басып келип, баланын колдорун искегилеп, кыңшылап жиберди. Бала мелтейип, жер тиктеп туруп алды.
Анан балдарды чакырган энелеринин үндөрү чыкты. Балдардын ар биринин оюнда күчүктөн кур калбай алуу маселеси турду. “Уурдасам да алам” деген ой келди кээ бирине.
Фуня эртеси тууп салыптыр. Бешөө экен тыптырмактай! Бешкабат үйдүн балдары уу-дуу болубатышты.
— Энесине тамакты күчтөп берүү керек,- дешти балдар.
— Күчүктөр көзүн ачмайын тийбегиле. Тырмактай немелер энесинен ажыраса өлүп калат,- деди чоңдор.
Балдар күчүктөргө тийишкен жок. Бир топ күндөн кийин күчүктөр көз ачышып, болтолоңдоп калышты. Күчүктөргө кезектешип сүт апкелишет. Алар тез эле ирденишип, борсоюп-борсоюп чыга келишти. Анан күн алыс бирден жоголо баштады. Балдар кезектешип кайтарууга алышты. Бирок эрип, жерге житип аткансып жоголо берип, акырында бирөө калды. Эми балдар аны катуу кайтарып калышты..
Күчүк эркек экен. Тоголонуп, жыгылып, энесин ээрчип, күнү бою ал да балдарды мектепке узатат, кайра экөөлөп тосуп алышат. Анан түндүн бир убагына чейин оюн менен алек. Фуня баягысындай эмес же анда бой болуп ошентчүбү, азыр оюндан чыга берип, жалдырап тура берет. Анан жертөлөсүнө кирип кетет да, көпкө сыртка чыкпай имерилип жатып алат.
— Жоголгон күчүктөрүнүн күйүтүн тартып жүрсө керек,- дешти бирдаар чоң кишилер.
— Карып-арып калган неме го. Же оорубу,- дешти бирдаар.
— Кесел болсо көзүн тазалаш керек. Жугат балдарга. Ит аткычтарга айтуу керек,- дешти бирдаар.
Фуня түйтөйүп арыктап кетти. Тамакты да көп ичпейт. Кээде күчүгү менен бөлөк көчөдө тентип жүргөнүн көрүшүп, балдар үч-төрт курдай ээрчитип келишкен. Алар менен деле көңүлкош.
Күчүктүн дене-бою калаптана баштады. Буттары узарып, шалпыйган кулактары тикчийип, тулкусу барган сайын сымпооч тарта берди.
Чоң шашкеде Фуня күчүгүн ээрчитип, сыртта жүрдү. Бир кезде беш кабат үйдү айлана берип, чолок көчөгө чыкты. Бу ээн, таштак көчө менен Фуня балдарды мектепке узатып, ары-бери далай өткөн. Чолок көчөнүн баш-аягы бута атымдан ашпайт, аягына сорок этип бат эле чыга каласың. Андан ары кайчылаш өткөн асфальттанган чоң көчө. Алматы тракты деп аталат. Машине күнү-түнү чымын-куюн, тыным билбейт.
Фуня күчүгүн ээрчитип, ошо чоң көчөгө жакындап барды. Мурда ушерден кайра артка тартчу. Бу жолу анткен жок. Чоң көчөнү кесип, аркы тарапка өтмөй болду. Адыраңдаган машинелер жайлап, айланып өтүп жатышты. Күчүк бейкапар баратты бу дүйнөнүн күү-шаасына ыраазы болгонсуп. Өзүн ушул кыйма-чийме турмуштун ээси сыяктуу сезди. Анан жолдун чок ортосуна жеткенде башын чулгуй мулуң этип бир секирип алды да кайрылып, артын көздөй жөнөдү. Жөнөп баратып, кайра токтой калып, энесин бир саамга бурулуп карай калды. Машине “чы-ыйк” этип келип токтоду аз жерден тебелеп кетпей. Фуня жолдун аркы тарабанда туруптур. Күчүк болтоңдоп жүгүрүп, кан жолдун жармынан өтө берди. Өтө берип күркүрөгөн зор машиненин дөңгөлөгүнө илинип алды. Машине жер солкулдата күүлдөп өтүп кетти, а күчүк…күчүк жер жутуп кеткенсип көздөн кайым болду.
Фуня тикийип тура берди. Тура берип, жадаган шекилди, жол бойлоп басып кетти. Эки көзү кан жолдо күчүгү кыйма-чийме машинелердин арасында адашып жүргөнсүп.
Фуня бир топ жерге чейин барды. Ары жакта, жолдун таманында асфальт менен асфальт болуп карарган бардеме жатты. Машинелер зуу этип үстүнөн өтүп кетишет. Жерди бекем кучактап алгансып, былчыйып жабышып калыптыр.Фуня арырак өтүп барып, кайра артка тартты да күчүгү жоголуп кеткен жерге келди. Аны-муну шимшилеп, ошо тегеректен чыкпай койду. Жол тарапты улам карап коёт. Чымын-куюн машинелердин аягы тыйылар эмес.
Балдар Фуняны күн бата таап алышты.Чоң жолдун боюнда шоңшоюп отуруптур. Ары жакта машине тебелеп кеткен күчүгүнүн териси эле калыптыр, көрөөр менен таанышты. Фунянын мойну-башынан сылашып, ээрчитип келишти. Ит жертөлөсүнө кирип кетти. Балдар сыртта түндүн бир убагына чейин кужурашып сүйлөшүп отурушту. Чоң кишилер муну элес алышкан жок.
Эртеси Фуня балдарды мектепке узатпай калды. Балдар буга таңгалышып, жертөлөгө түшсө, Фуня ордунда жок экен. Бир жакка шимшилеп чыгып кеткен го деп коюшту. Кечкурун мектептен кайтып келатышканда да Фуня көрүнбөдү. Балдар көчө-көчөдөн чапкылап издешти. Анан өзү келер деп күтүштү. Ит кайрылып келген жок, ошо бойдон түботу менен жоголду. Аны балдар ар кандай жоруп жүрүшөт.
— Күчүктөрүнүн күйүтүн тартып бир жакка барып өлүп калса керек.
— Машине тебелеп кеткендир…
— Күчүктөрүн уурдаган неме өзүн да алып кеткендир.
— Тирүү болсо келип калар…
Балдар көпкө чейин кажы-кужу болуп жүрүштү. Бул окуяны чоң кишилер элес албады.
Канчык болсо ичи кабырылып, даакылана самсаалап түлөп, ыргайдай болуп акыр-чикирлерди шимшилеп, шаардын чет жагындагы чатырлары бири бирине тийишкен жалпак жапма үйлөрдү аралап жүрдү. Көзү шоролоп, куйругу ылайга малынып, арткы бутунан очорула аксап, жүдөп калыптыр. Бурчтан бала болсун, чоңу болсун, бирөөлөр чыга калса, куйругун кысып, жалтактап качып берет.
Кийинчерээк ошол жапма үйлөрдүн тургундары дубалдын түбүндө тырышып жатып калган бир жолбун иттин өлүгүн сүйрөп барып, аңга ыргытып жиберишти. Бул квартал ошентип жолбундан кутулду. Ал Фунябы же башкабы, эч кимдин иши болбоду.

One Reply to “Жылкычы ЖАПИЕВ: Жолбун”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *