Ырлар

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАРТАСЫ

Карап көрчү Кыргызстан картасын!..
Калкыбызга канча сыймык артасың:
өрөөн, жайлоо, төрдү көр,
көлдөр, суулар, мөңгүлөр

көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын!
Карап көрчү Кыргызстан картасын!..
Капаны да, жапаны да тартасың:
чек араны чечейтип,
кең араны кекейтип,
кескендерди кайсы Кудай алкасын?!
Кайра кара Кыргызстан картасын!..
Колго кармап кайчы, кылыч, балтасын,
этек-жеңди өөнөгөн,
эшик-төрдү жөөлөгөн
кас душмандан казыр дагы жалкасың!

Карап көрсөң Кыргызстан картасын,
Көз алдыңа Кумай кушту тартасың,
бир канаты кетилип,
бир канаты жетилип,
бийик зоого сүйөп турат аркасын!

Кумай кушту – «феникс» дейт гректер,
Кудай жазса, кабыл келет тилектер:
күлгө оонап жанданып,
беш жүз жылда чамданып,
Күндү көздөй талпынарын билет Жер!

Кумай кушуң асманга учар атылып,
Кыргызстан – мекенимсиң аты улук!
Кумай куштай аркасы,
Кыргызстан картасы –
кайрат, айбат, калыстыкка чакырык!

 

КЫШКЫ ЖАМГЫР

Түн уйкуман ойготту жамгыр мени,
түн жамына айтылчу бардыр кеби?
Жашын төгөт, айнекке башын жөлөп –
жамгыр ушу жаныма жан биргеби?

Тышка чыктым чүмкөнө чолок тонум,
кышта жамгыр токтобой шолоктодуң.
Карды сенин көз жашың көзөп өттү –
барбы сенин тапканың, жоготконуң?

«Кардын башын кар жутат» дейби жамгыр?
«Кандын башын кан жутат» дейби жамгыр?
Менин дейди башымды жууп-чайып,
мейли, кышты кыскартсаң, мейли, жамгыр!

 

ЖЕР МЕНЕН КӨК

Отко-чокко салдыбы өмүр мени?
Оттуу кездин өттүбү көп ирмеми?..
Унуткалды буюмдай карап турам,
Булуттарды Окторкой төрүндөгү!

Атыр, упа сүйкөнүп булуттардан,
Ата конуш, адырга туруп калган!
Барганымды бир билем алдан тайып,
Арманымды мен анан унуткаргам!

Көзүн ачты жалбызы, көбүргөнү,
Көркөм конуш жайлоонун төрүндөгү!
Көп жыл катар чет жакта жүрсөм дагы,
Көк дөбөтүм тааныды, көп үрбөдү.

Башын жөлөп, түндүккө туруп калган,
барбы, жокпу, билбеймин, булутта арман?
Айдын жибин узарттым асмандагы,
кайгы-зилим мен эми унуткаргам!

Бери конот бал аары, ары конот,
Бул жашоодо жандыктын баары конок.
Турмуш сүрүп жүрсөң да чет өлкөдө,
Туулган жердин түтүнү дары болот.

Көкүрөгүм кайгыны унуткарган,
Көңүл сурап кантейин булуттардан?
Жайлоо деген журтума бейиш орноп,
Жер менен Көк туташып туруп калган!

 

КӨК-ОЙРОК МЕНЕН КОШТОШУУ

Көк-Ойроктун өрөөн-белин өрлөдүм,
көзгө тааныш көп жыл өтө көргөнүм.
Көрпөчөдөй калы килем төшөлсө,
көк муз, ак кар көшөгөлөйт төрлөрүн.

Көк-Ойрокто мен да өсүп-өнгөмүн,
көзгө тааныш, көңүлгө дем көргөнүм.
Жаш чактагы жан курбумдай сезилет
Жашыл-Көлдөн жалгыз учкан өрдөгүң.

Булагыңан бир кочуш суу ууртадым,
булутуңан көзгө сүрттүм бир талын.
Айланайын, Ата конуш, аманбы,
арчаларга мүдүрүлө чуркадым!

Ар элесиң, ар белесиң тирилет,
арзыгандар акыр түбү биригет.
Достошкону келмек белем журтума,
коштошкону келген окшойм бул ирет!

Ата конуш, алып сенден көрөңгү,
аркаладым Акын деген өнөрдү.
Аалам кезип кетсем, мени жоктобо,
ак кагазга түшкөн ырлар өлөрбү?

Сабаадагы сары кымыз, сары май
санаадагы өрттү басты дарылай.
Сага жакын жүрүү үчүн, тууган жер,
сапар улап кетүүм керек арылай.

Ак боз үйлөр, алыстаса карааның,
аккан жашым аарчый албай барамын.
Атказыппы Акын уулун түбөлүк –
ат казыкты айланчыктай карадым!

Касиетиң, Көк-Ойрогум, көөнөдөн
кандар, бектер көз артпаган бөөдөдөн.
Карт тарыхтын кароолунда тургансып,
карагайлар көктү жерге төөнөгөн.

Бабабыздан бата алган бийик жер,
балабыздан ыйман күткөн ыйык жер,
кош, Көк-Ойрок!.. Конушуңдан кетпесин
касиеттүү кайберендер, кийиктер!

 

КӨЧӨРДҮН ТАМЫ

Көңүлүм толкуп, көз күйдү
көркөмү сонун көчөгө…
Көөнөрө түшкөн эски үйдү
«Көчөрдүн тамы» дечү эле.

Көчөрдөн калган жер тамды,
көрбөйсүң жаңы көчөдөн.
Ээсин да кудай эрте алды,
эх, ажал, неге өч элең?

Кечөө да, балким, азыр да,
«Көчөрдүн тамы» мыкты эле:
балыкжон бастырмасына,
бах, кандай гүлдөр чыкчу эле!

Баланын көөнү – падыша,
бейбаштар чуркап келчү элек,
Чакырган өңдүү жарыша
чатырдан гүлдү терчү элек.

Кырда же ойдо өсөбү,
кызгалдак деген кызгалдак!
Кызарган өрттү өзөгү
кыздарга сундук биз тандап.

Кара жер басып өтөбүз,
кайсы күч көккө чакырган?
Көгүчкөн сындуу экөөбүз
өбүшкөн элек чатырдан!

Эсимде баары топтолук,
эмгиче аяр сактадым…
Көчөдө бүгүн жок болуп,
«Көчөрдүн тамын» таппадым!

Куламак ал там акыры,
кылымдар турмак кай дубал?
Улуу муун курган чатыры –
урпакка даяр пайдубал!

 

КАМГАК КӨЧҮ

Камгак көчүп баратат, камгак көчүп,
капчыгайын Боомдун жандап көчүп…
Кайран өмүр! Ушинтип күз-күрөөдө
карагандын түбүндө калмакпы өчүп?!

Камыштарга илинбей жандап көчүп,
караганга тилинбей алдап көчүп,
капчыгайы Боомдун чаңдап көчүп,
кара таандай жарышат камгак көчүп.

Томолонуп, кирпидей жумаланып,
Тоскоол чыкса, өбөктөй тура калып,
Тоонун суусу Байдамтал боюндагы
Толуп кетти камгакка бул аралык.

Карап турган адамды сестендирип,
Кандай укмуш санаага кез келтирип,
өз тамырын камгактар өзү жулат,
өз куйругун кескендей кескелдирик!

Жакасынан шамалдын кармап өтүп,
Жанталаша камгактар жардан өтүп,
Жазда чыкчу уругун сээп барат,
Жаратылыш күзүндө жардам этип.

Кара жолдун капталын тандап көчүп,
караганды, камышты жандап көчүп
өлүмдү эмес, өмүрдү жар чакыра,
өлүп-талып баратат камгак көчүп!

…Шамал кууган камгактын көчүн көрүп,
Шам чыракты түн бою өчүрбөдүк.

 

ТУУЛДУМ-ӨЛДҮМ АРАСЫ

Адал менен арам мол бекен?
Аны билсең, айтчы, молдокем?
Ыйлап келип, ырдап кетпесе,
ымыркай не туулат болду экен?

Бейиш деген – кейиш жол бекен?
Билсең айтчы аны, молдокем?
Акты, көктү айра тааныбай,
адам неге жашайт болду экен?

Бакытыңдын бардай жарасы,
болот бекен актын карасы?
Туйган жанга туюк табышмак
Туулдум менен өлдүм арасы!

 

ӨМҮР СҮРӨМ

Бишкектин бир бурчунда өмүр сүрөм,
Бийликчил заманада дөгүрсүгөн!..

Байкалбас бир көчөдө жашап келем,
баш ием бала кезги башатка мен:
намыстын желегин кур желбиретпей,
алысмын арам дүйнө, ашепкеден!

Бирөөлөр бийлигине шерденишти,
бирөөлөр байлыгына эрденишти.
Элдеги ырыскыны өөнөбөймүн,
жердеги терип жеймин жер-жемишти.

Көбөйсүн хан сарайың, көлүктөрүң,
көзүм жок күйө турган көрүп менин.
Бороонго көнүп бүттү кыш-күрөөдө,
короомдо өскөн жүзүм, өрүктөрүм!

Бийликчил заманада дөгүрсүгөн,
Бишкектин бир бурчунда өмүр сүрөм!

 

ЭСКИ ИМАРАТ

Эмин-эркин чыйырчыктар сайраган
ээн көчө. Таңкы шаарда жай барам.
Эки кабат эски имарат бурчтагы
эске салды көп нерсени кайрадан.

Эрте таңда сезим таза, курч дагы,
элүү жылда эл жаңы да, журт жаңы.
Ээк экчей карагансыйт мен жакты
эски имарат чөгө түшкөн бурчтагы.

Таң сөгүлүп, нур төгүлүп барабы?
Там да болсо, таанышымдай карады.
Кандай жыргал кошуп бизди жаш чакта,
кандай куурал бөлгөн эки араны?

Эшик-каалга, терезеси эскирген
эски тамдан жаңы таасир сездим мен.
Эх десеңчи, биз эртелей эр жетип,
эбак озуп кеткендейбиз мезгилден!

Куттуу конуш болгон ушул жай баштан,
кабарчылар, журналисттер таймашкан:
бир кабатта «Жаш ленинчи», «Пионер»,
бир кабатта «Ленинчил жаш» жайгашкан.

Убагында «Ленинчил жаш» жайгашкан
ушул тамды күрөң түскө майлашкан…
Камдагыла ак боёкту кайрадан,
талбагыла, чыйырчыктар, сайраштан!

Аты гана кошулбаса Лениндин,
«Ленинчил жаш» – жарчысы элең элимдин!
Сен да кийин менчиктелип, сатылып,
мен да менчик ээлеринен жеңилдим!

Терезеңди терс жагынан чыгарып,
каалгаңды кадап салган мына мык!
Чыйырчыктар чыркыраса чындыкты
угалыбы?.. Угалык!

 

КӨЧПӨГӨН КӨЧӨТ

Тар короодо, дубалдын четиндеги,
тагдырлашым, жаш көчөт, кечир мени!..
Кемчиликсиз эч качан болбойт тура,
теңчиликсиз замандын чечимдери!

Жабыркадың жай чилде, бороондо бу,
жаш көчөттүн оңойбу торолмогу?
Жан кирчүдөй тамырың балкыса да,
жалбыракка бутагың оролбоду.

Там бурчунда, дубалдын четиндеги,
тармал шагың маалында жетилбеди.
Калемсаптай кезиңде отургузгам,
кең жайыкка кайрадан көчүргөнү…

Кайрат кылчы, жаш көчөт, садагам-а,
кайгы бирдей келдиби сага, мага?
Короо-жайын кеңейтмек кантип Акын,
коррупция күчөгөн заманада?!

Көчүрбөдүм, кайрадан көчүрбөдүм,
көкүрөктө күйүтүң өчүрбөдүм!..
Келинчегим, балдарым сезди сенин
кемирчегиң эртелей кетилгенин!

Тар жерде эмес, талаада өнбөдүңбү?
Тагдыр бизге буйрубас өңгө күндү!
Таарынычың түшүнөр эрте-кийин
таарып, карап көргөндөр сөңгөгүңдү!
Көлөкөдө, короомдун четиндеги,
көчпөй өскөн көчөтүм, кечир мени!..

 

САРАТАН

Саратан тынбай сайраган,
сарытал бүчүр байлаган,
Сары өзөн Чүйдү,
бир үйдү
сагынып келдим кайрадан.

Сайрачы, жайкы саратан,
Сары өзөн бойлоп баратам…
Булкуду курган жүрөктү
кулпулуу турган кара там.

«Кара» дейм, аппак үй эле.
Каалгага ыктайм сүйөнө…
Өткөнбү эбак чал-кемпир?
Кеткенби кызы күйөөгө?

Булактан барып суу алып,
басчу эле ал кыз буралып.
Армансыз куунайм, дармансыз,
атымды мен да сугарып…

Кадырын тамдын кеч билип,
кулпусун сылайм эчкирип.
Терезе муңдуу түнөрөт,
тыш эмес, ичтен кеч кирип.

Саруулап кайтып баратам,
сага ким кирет, кара там?..
Сары өзөн Чүйдүн койнунда
сайрай бер тынбай, саратан!