Маектер

Атантай АКБАРОВ: «Көралбастар мени СПИД менен ооруп калыптыр дешкен»


Поэзия

CҮЙҮҮДӨН СӨГҮМ АГАРСЫН!

Куудурап жыгач бүткөндөй,
Кусалык курсун бүктөлбөй,
Кемиди жаным күтүүдөн,
Келгиндер жазды күткөндөй.

Төрөчүү колуктуусунун
ай-күнү жетип бүткөндөй,
Тогуз кыз көргөн жубайлар,
онунчу уулду күткөндөй.

Дарыга акча таба албай,
карылар почта күткөндөй,
мен күттүм… тажап аргымак,
кишенин акыр үзгөндөй.

Ак булут болуп калкылдап,
Агылып сага көчкүм бар.
Тилиңден тамган бал сөздү,
Тизелей калып өпкүм бар!..

Нике суу сымал сунчу бир,
Сүйүүдөн жаным тазарсын,
Апапак сүйүүң сүртчү бир,
Сүйүүдөн сөөгүм агарсын.

 

АНТИ ШАЙТАН – МАХАБАТ!

Экөөбүздүн сүйүүбүз
Жакпас, балким, башкага.
Жектейт аны Шайтан да,
… Ал анткени таптаза.

Махабатты күндөштөй
көргөндөргө тилегим:
Сүйүүгө өлүм тилебей,
Өзүнө өмүр тилесин.

Ким өлтүрсө сүйүүсүн,
Өзүнө кол салганы.
Жараткандын эркине
Каршы туруу ал дагы.

Шайтан деген кыйраткыч,
Көңүлдөрдү карарткан…
Өмүр берген, бак берген,
Сүйүү деген Жаратман.

Бар бактыңды талкалап,
Күлөт шайтан: “Ха-халап!..”.
Жок бакытты бар кылган,
Антишайтан – Махабат!..

 

ӨБӨТ СЕНИ ЖҮРӨГҮМ…

Кай бирине эрмек болсо махабат,
Канча жандар көз жашына чөгүшөт.
Сүйүү үчүн хандар дагы жүгүнүп,
Сүйүү үчүн дөөлөр дагы өлүшөт.

Жалаң гана бүткөн өңдүү күлкүдөн,
Жалжал көзүм, жадырайсың турасың…
Бутум кайда… сени көздөй шилтөөгө,
Колум кайда… кулпу турат кулачым.

Өзүңө арнап гүлүн терген сөзүм жок,
Өрттөп салган белем баарын сезим от.
Сендиректеп өзүм билбей турамын,
Сенин эрдиң даап өпчүү… эрдим жок.

Альпинистей аласалган зоокадан,
Сени тиктеп, кулайт улам карегим,
Кучактачуу кулач жогун унутуп,
Кумарланып өбөт сени жүрөгүм…
Эс-мас болуп өбөт сени жүрөгүм!!!

 

МАХАБАТ КАЛСЫН ЖАШ БОЙДОН…

Cарсанаа арбын жашоодо
Сары оору болуп ооруган
сүйүүнү сактап калам деп,
Жүрөгүн берди боз улан.

Сүйүүдөн дүйнө айрылса,
Дарт түшмөк анда көңүлгө,
Гүл өңдүү көңүл соолуса,
Аза түн келмек өмүргө.

Сүйүүнүн орду башка го,
Эч нерсе аны баскысыз.
Алтынга ороп койсоң да,
Адамзат болмок бактысыз.

Таза жол салып сүйүүгө,
Татаал жол менен мен бастым.
Жетпедим далай нерсеге,
Сүйүүнүн бүтөп кен-карчын.

Махабат көзүн сактайм деп,
Көзүмдүн курчун мен бердим.
Кулпурсун сүйүү чачы деп,
Ак чалып чачым мен келдим.

…Жүрөгүн берген сүйүүгө,
Боз улан азыр табылбай,
Ордуна анын жашамал
Бир адам жүрөт таанылбай…

Махабат калсын жаш бойдон,
Бырышка толсо гүл өңүн,
Сүйүүнү сактап жаш кезде,
Мен элем берген жүрөгүн…

 

ЖОЛУГУУ ИЗИ…

Катарды кайда билбеймин,
Кайгыга түшкөн башымды.
Таалайым кетсе сен менен,
Таба албай калам атымды.

Курусун ушул кусалык!..
Кум болуп дүйнөм чачылды.
Сооронбой турган жанымды,
Сорподой сүйүү сапырды…

Сен жокто тилсиз – дудукмун,
Сени ээрчип кетет сөздөрүм.
Эч нерсе укпайм – дүлөймүн,
Сен жокто көрбөйт көздөрүм.

Жетимдей болуп ай дагы,
Жесил күн окшойт күн эмес,
Сен жокто бал да бал эмес,
Сен жокто гүл да гүл эмес.

Сен келсең кардын бүртүгү
Көпөлөк болуп учту эми.
Баш ордун таап, көз жайнап,
Тил чыгып, кулак укту эми…

Эстетип жазуу доскадан
сүртүлбөй калган убакты,
Жүзүмө эрдиң из салды,
Жолугуу изи сыяктуу…

 

САГЫНЫЧ КАЛААСЫ…

Тарагың болуп чачыңды
Тарагым келет, айтамак.
Кол күзгүң болуп, карегиң
карагым келет кайталап.

Кур болсом назик белиңе,
Кучактап күндө турмакмын.
Телефон болсом, мен үчүн
жумшалмак бүтүн убактың.

Жүзарчың болсом оо сенин
жүз ирет жүзүң өпмөкмүн.
Көтөртүп койсоң күлкүңдү,
көтөрүп жүрүп өтмөкмүн.

Бактым да, шорум ошолдур…
Мен башка, Сен да башкасың.
Мен жамгыр болуп төгүлсөм,
Үйүңө кире качасың.

Кусадан турсам түн болуп,
Куюлттуң нуруң Күн болуп,
Ай болсом, келдиң жыл болуп,
А жымжырт болсом… үн болуп.

Багынттың мени сүйүүдө,
Бакыттын төрүн көрсөтүп…
Керемет ошол убакты,
Келесиң катуу көксөтүп…

“Сулууну көпкө караба,
Каласың – дешчү, таш болуп.”
Эмнеге антип айтканын,
Билбеген экем жаш болуп.

Көп карап сенин жолуңду,
Көзүмө мөлтүр жаш толуп,
Кара зоо болуп турамын,
Карегим катты таш болуп.

Узарып кусам поезддей,
Уч-түпсүз көзөп таланы,
Салдым мен ири Пекинден
Сагыныч деген калааны.

Жомоктой ошол калааны,
Жолугуп жаным көрүп кет.
Сени ээрчип кеткен жүрөктү,
Сенделтпей кайра берип кет…

 

ЖҮРӨК МАЙРАМ!..

Үшкүрүктөн сезимим үшүп калды,
Үмүттөрдүн майрамы бүтүп калды…
Тагдырлашым сен айтсаң: “Жолугалы!..”,
Тайган жүрөк ордуна түшүп калды.

Жүрөк, жүрөк… бүркүтсүң конуп турган,
Жанар тоосуң жалының толуп турган.
Жүрөк сенсиң, бой уруп чексиздикке,
Адамзатты бакытка оолуктурган.

Ыйман берип, адамды адам кылып,
Адилдиктин туусундай желбиреген,
Жүрөк сенсиң, өзүңчө мыйзам жазып,
Махабаттан магмадай элжиреген.

Жүрөк күйсө…саруулап агат каның,
Жүрөк сүйсө… жалындап жанат жаның.
Толтосунда Кудай бар – жүрөк ыйык,
Жүрөк – деген тактысы Жараткандын.

Балким, бакыт аралын издеп жатат?
Жүрөк гана калагын шилтеп жатат.
Түн ичинде бүт денем уктап жатса,
Жүрөк байкуш жүгүрүп иштеп жатат.

Мас болгонум жаштыкта жашыра алгам,
Ашыктыгым антип мен жашыра албайм.
Убал-сообун жүрөктүн ойлоп анда,
Жасайлычы бүгүн бир каты майрам…
Жүрөк үчүн жасайлы башкы майрам!..