Поэзия

* * *

Дубалсыз турмуш деген абактагы
Өмүрдүн жыртылууда барактары.
Тикчийип теше тиктеп турат тагдыр,
Каргадай тарбайган бир дарактагы.

 

* * *

Сенин ордуң жылдыздарда бийикте,
Мен аскага камалган бир кийиктей.
Уруп койбой мендеги ой-санааны
Дүйнөң түшкүр, чимирилет ийиктей…

 

* * *

Түн. Тээ көктө бүлбүл жанган жылдыздар,
Тоо тараптан согот анан жел муздак.
Бөтөн элде жаштык менден айрылып,
Баягындай кайратым жок, дем муздап,
Келгендеймин жерим, сага – өлүш үчүн кайрылып…

 

* * *

Ичтен түтөө – кыйындардын кыйыны,
Кээде эссиздик кур сүйүүгө сыйынуу.
Жасап алдым каткырыкты жасалма,
Күлкү артына жашырдым да ыйымы.

 

* * *

Айыбы жок бир Жараткан.
Пенденин күнөөсү көп.
Мен деле бир пендемин.
Көп адамдар сатты мени, мен саттым –
Эки бети болот тура теңгенин.

 

* * *

Жашооң түшкүр, кайкымай да, ойкумай,
Дүйнөң түшкүр, түлкү мүнөз жойпудай.
Дүйнө менен жашоо балким күнөөсүз,
Анткени адам табияты сойкудай.

 

* * *

Тагдыр бизди табыштырыптыр,
Тартылганда дайра жаштыгым.
Биз экөөбүз бирге болбосок,
Махабаттын урдум актыгын!

 

МИГРАНТ УУЛУН КҮТКӨН МЕКЕН

Суз мүнөз, шаңы да жок андагыдай,
Жулунган шылууну көп, алда Кудай!
Мекеним – бели бүтүн, жүрөк дарттуу,
Дегенсип: “Жат эмессиң алдагыдай”.
Тостуң да: кучагыңда аз алдейлеп,
Кайра эле жөнөтөсүң, алда күн ай!

 

* * *

Карайып, кең асмандан салбыраган,
Карайган булуттарга жалдыраган
өзүмдү-өзүм бүгүн карап туруп,
Өзүмө боорум ооруйт шалдыраган.

Асманда карайышып булут турат,
Аркырап жинди шамал улуп турат.
«Парс» этип айрылса эле шатырачу,
Жамгыры ушул күздүн буюктурат.

Бетимдин беш териси сыйрылды да,
Өзүмдөн денем үркүп жыйрылды да,
Кошулуп мени менен арак ичкен,
Жек көрдүм орусту да, кыргызды да.

Жек көрүп баарынан көп өзүмдү мен,
Жалтактап ала качып көзүмдү мен.
Бошогон бөтөлкөдөн издеп жүрөм,
Акынга берилген бир сөзүмдү мен.

Айтканда ысык эле… муздап калган,
Ошол сөз – сайда сөөгү сыздап калган.
Култ эткен арактан соң калдыбы деп,
Көзүмдү үзбөй тиктейм ыстакандан…

 

* * *

Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен,
Бирөө болсо ошол жалгыз бирөөмүн.
Төрөлгөнүм үмүт, тилек болгондур,
Бирок үнсүз, ыйсыз болот түгөнүүм.

Жакшы адамдын кыска болот өмүрү,
Менден болсо дүйнө болор безээри…
Өлөөрүмдө алсыз соккон жүрөктү,
Анык бекен айыптардын эзээри?

Адам болуп туулган менен адамча,
Жашоо татпай азгырыкка киринем.
Ай, ким билет, өлгөндө да ушу мен,
Гөр ичинде шайтан болуп тирилем…

Ай, ким билет, кыяматтын күнүндө,
Күйгөн оттун арасында тирилем…

 

БАЛАНЫН КАТЫ

Тагдыр мени басып, тепселеп,
Балалыктан ыза желкелеп.
Досторумду көрүп эзилем,
Атасына турган эркелеп.

Тирүү жетим атым ыйгарым,
Катаал тагдыр, мынча кыйнадың?
Түштөрүмдө чачым сыласаң,
Өпкө-өпкөмө батпай ыйладым.

Башка түшсө кайда качасың,
Тартып тагдыр жазган катасын.
Бала дүйнөм быт-чыт бөлүнөт,
Мактанганда балдар атасын.

Окуп калсаң жазган катымды,
Бир келип кет, сыла чачымды.
Көрбөсөм да өңүң, боюңду,
Айтып уктайм күндө атыңды.

Келип ыза, сүйүү оюма,
Теше тиктейм келчү жолуңа.
Эркелетпе, мейли өппөгүн,
Үн-сөзү жок кысчы бооруңа.

Кыялданып ойлойм узакка,
Жакындырсың, балким узакта?
Пешенемден өппөсөң мейли,
Жок дегенде кысып кучакта.

Маңдайымдан сылабасаң да,
Мээрим берип кысып кучакта…

 

ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ

Айнекте парда тартылуу,
Бөлмөнүн өчкөн чырагы.
Кеңдикти сүйгөн көңүлдүн,
Көрүнбөйт азыр дымагы.

Ачышат жүрөк сыздатып,
Шору көп тагдыр туздаган.
Кызыгы кетип дүйнөнүн,
Ысыган көңүл муздаган.

Тосулган кара пардадан,
Көрүнбөйт жылдыз, Ай дагы.
Караңгы бөлмө, суз көңүл,
Санаалар чулгайт кайдагы.

Ойлордун ээрчип кербенин,
Санаанын тоосун ашамын.
Жашоого тоюп турсам да,
Жашагым келет, жашагым.