Поэзия

* * *

Чириген баары, чирибейм деген убара,
Чирибес ырым, чирибес шарап, кумара!

Кейишиң – осол, сапарга шарап ала чык,
Бейишиң – ошол, тозогун жолдун сураба.

Сыйкырын билген жападан жалгыз мен эмес,
Аныгын айтсын: акылман акын Думана.

Алжыган дүйнө аңкилдек атат карачы,
Жыргалын дагы, кууралын дагы туураба.

Акыйкат жолдон мен деле көптү көздөгөм,
Арбачу ажал – жалмачу тажаал тур, ана.

Жараткан жардап жазылган тагдыр маңдайга,
Кутулам дебе – куураба бекер, куураба.

Чым басат баарын, көөнөрбөйт жалгыз махабат,
Коюндаш жатпай кожоюн эмес, кул ага.

Солдойгон сопу соолуккан кезим көрбөсүн,
Куя сал, Апыз – кумарпоз бала, куу бала.

 

* * *

Жүрөккө таштай, кулакка күмүш эриткен,
Жаралап жанды, кайнаттың канды, Периштем.

Көз боочу белем шайтандуу шайы көйнөгүң,
Алкымың атыр, тамашаң бычак неликтен.

Кейишке салган, күйүткө малган махабат
Күндөн-күн күчөп шараптай кайнайт мен ичкен.

Көкүрөк аймап көйнөгүң кандай бактылуу,
Кемсинбес элем кепичиң болуп бериштен.

Чым басып башты, сөөгүмдү сөпөт кылса да,
Махабат калат жалынын жарга бөлүшкөн.

Балкытты боюн, байлады оюн Хафиздин
Тикенек көзүң, тирсийген төшүң келишкен.

Оо, Апыз, билсең өлчөлүү адам өмүрү,
Өлтүрбөй турган, өөрчүтө турган – Периштең.

 

* * *

Жамалың жал-жал болсо экен,
Жарашык жар-жар болсо экен.

Өрт чалып турган жүрөгүм
Өзүңдү арбаар болсо экен.

Өлүмтүк көрбөй ошол кыз
Өзүмдү тандаар болсо экен.

Кайгыдан акса көз жашың,
Касыңды каңдаар болсо экен.

Жолукпас күнү жолумдан
Жолугуу арнаар болсо экен.

Сагыныч басса, кумарың
Кусага жаңжал болсо экен.

Апызды өпкөн эриниң
Башкага канжар болсо экен!

 

* * *

Жакалап, жаалап, каралап сага келишсе,
Актанба такыр, акаарат айтпа, керишпе.

Ар кими алат жасаган кылмыш жазасын,
Кечире билген агедил адам кезиксе.

Махабат чалат ыйыкты дагы, кыйыкты,
Махабат табат чокундук дагы, периште.

Бетинен жердин бейишин таппай арманда
Өткөнүн уккун Обо эне, Адам кейиште.

Сен деле, Апыз, талкалап-төгүп чөйчөгүң,
Жериңди таштап учасың бир күн бейишке.

 

* * *

Оо, жалгыздык, сага кайдан кезиктим,
Жандүйнөмдү жаракага бекиттиң.

Күнүм түндөй, бет алдымда туңгуюк,
Түзүк жүрбөй санаа сазын кечипмин.

Оо, жалжалым, күттүм, түттүм, көксөдүм,
Оо, жайдарым, эмне мынча кечиктиң.

Экөөбүздүн бирин танда, өзүң чеч,
Эзилдиң го эрмегиндей эки иттин.

Жайдыр-кыштыр шарап менен сугарып,
Өз төрүмөн чөл такырын эшиттим.

Куй шараптан, чөйчөк толо куя түш,
Эх, сагындым ыйлаганын бешиктин.

Кандай күнү кайгы каары чулгады,
Ортосунда жалгыз калган чекитмин…

Ошо кезде тапта булут сүрө Ай чыгып,
Шоокумуна бир аз көшүп кетипмин.

 

* * *

Булбул Гүлгө таккан экен күнөөсүн:
«Жапжалгыздай жайдалаңдап жүрөсүң!»

«Жалгызым чын, – деген тура анда Гүл.
– Булбул деле сүйөт жалгыз бирөөсүн!»

 

* * *

Күн күлүп көктөн көөлгүгөн көктөм – жаз арты,
Күжүлдөп шарап көңүлдү гүлдөй жашартты.

«Дартыңа даба көңүлдүн датын кетирген» –
деп досум кечээ жүрөгүн көптүн тазартты.

Эгерде сопу кумараң бир күн талкалап,
Шарабың төксө, аяба андай касапты.

Акылдуу, акмак – акыры келип адамбыз,
Сопуну, эмне, Теңирим бөлөк жасаппы.

Убада кылган жыргалын билем, ыракмат,
Бейишим үйдө – Үр кызы ачат ажатты.

Чокундук айтат: «Ушунча мага кажатпы,
Коңгуроо үнү тажатты, Апыз, тажатты!»

 

* * *

Ача жол турат – адалы жолдун каякта!
Канча ирет сурап албадым жообун, каякта!

Арамдан акты айырып кантип билесиң:
Каякта бооруң, каякта жолбун, каякта!

Үстүмдө чепкен, башымда чалма кирдеди,
Каякта шарап, каякта боорум, каякта!

Эриткен сөздөр, ээликкен кездер эсимде,
Каякта сонун – касиет доорум каякта!

Эстеген сайын элесиң көзгө сүртөмүн,
Жүрөктө жалын, жалынды кайда бүркөмүн!

Жабыккан Апыз жай албас дагы, жай бербес,
Алагөр сообун, ачагөр жолун!.. Каякта!..

 

* * *

Арман-ай, качан узаттым
Жалынын жаштык курактын.

Кээ жерден атса, кээ жерден
Бүтөлөт көзү булактын.

Жашынып калар пенде жок,
Кийинки көчкө артат күн.

Түбөлүк өчпөйт бир гана
Жылдызы Ширин-Фархаддын.

 

* * *

Кулпурган дүйнө курсам кыялымда,
Кудай-ай, кудуретиң аядың да!

Периштем, чарчап турам, чаңкап турам,
Чөйчөгү махабаттын каягыңда!

Торуна тармал чачтын чалындымбы,
Булбулдай кономун деп тарагыңа.

Байланам неге мынча кабылдымбы
Бактыма, же болбосо азабыма.

Кызылдан көзү катсын дедиң бекен,
Кызылдан шуру тагып тамагыңа.

Апызжан, тепсендиде кала көрбө,
Мага окшоп махабаттын таманында!

 

* * *

Чалмачан эле ыйыкпы эмне,
Чалмасыз адам – ал дагы пенде!

Дербиштин эски чапаны артык,
Булганган селде – уурдалган теңге!

Көздөрүң муңдуу – катылган эмне,
Көздөрүң сырдуу – тартылган төлгө!

Турпатың назик, мүнөзүң жумшак,
Акмактар арбын, акпагын селге.

Башынан анткор сопуну сүйбөйм,
Кашыңдан кетпей келтирет келме.

Кучагың – өрттөй, эриниң – шарап,
Учамын көккө, кономун жерге…

Анткорлор анча айланат, эмне,
Көңүлүң бөлбө, көөнүңдү бербе.

Апыздын жаны жалындап барат,
Ал деле пенде – көксөөсү сенде!

 

* * *

Экчелгенди бактым дагы жактырат,
Бет келгенде кайгым дагы каткырат.

Кур дөөлөттөн кышкы түндөй качамын,
Бар бол, Күнүм, сенин нуруң – жакшы убак.

Өкүмдардан кайыр күтпө, өмүрүң
Колтугунда өскөн бир түп ат кулак.

Кандай азап, мындай жашоо бир тозок,
Ырчым, төккүн башка дүйнө шаштырат.

Оо, Булбулум, бакча болсун такырың,
Булагыңдан мүрөк суусу акчу убак.

Мээнет менен ак тилегең моюндаш,
Шакка конот бирге канат каккылап.

Билем, Апыз, түйшүк сени коркутпайт,
Опурталдуу оңой жолдон каччу убак.

 

* * *

Чырпык сай жазда – байлыгын жерге апкелет,
Жыл сайын бута – кайрымын элге апкелет.

Кетебиз дечи, айлампа дүйнө, а бирок
Келерки муунга кезегин берме апкелет.

Көк Теңир уккун, жабыккан Лейли чатырда
Бешигин күтөт, кабар айт желге – апкелет.

Кусадар жүрөк, күтө бер жазың, күтө бер,
Булбулун, күнүн, гүлдөрдүн түрүн апкелет.

Алкымдан аймап айыкса жүрөк жаратың,
Бейпайга салып бейишке келбе – апкелет.

Ычкырың бошоп күткөнүң кайсы, Апыз чал,
Булактын жеңдей агыны эмне апкелет.

 

* * *

Азгырат неге махабат, шарап кумары,
Кабарын жаздын жапан гүл айтып тур, ана!

Муңканат булбул, түгөйүн жоктоп турабы,
Муңдашын коштоп ырдасын бүгүн кумара.

Жолоочум, уккун азаптын арты – кубаныч,
Жолуңдан кайтпа, думана болгун, думана.

Акылман аке, алакан жайып бата бер,
Арбалгам эбак махабат аттуу дубага.

Бакчанын бакма гүлдөрү такыр тажатты,
Байлаган башын – бактысыз пенде – кул ага.

Карагым Апыз, жаз деген өтчү бир закым,
Чөйчөгүн шыпкап ичегөр, кийин куураба.

 

* * *

Жараткан жардап, денеге канды тараткан,
Такыбам, кандай күнөөнү көрдүң шараптан.

Ай, күндөр, жылдар, кылымдар ичип келебиз,
Айтчы анан акын тозокко түшөт каяктан.

Тымызын согуп, селдесин кошо чылаган
Сопулар соодой жакалайт туш-туш тараптан.

Дин чындап туткан пендени тетир жазгырып,
Жүрүшөт алар үмүтүн үзбөй жаннаттан.

Бейишин дагы, тозогун дагы сурабайм,
Бүгүнкү өмүр кулумун жүрөк канаткан.

Сопудан соогат соопчулук тилеп алгыча,
Сойкудан алам, ыракат табам шараптан.

Таманын жалап, алакан сунбайм алдына,
Жазганың ошол, Апызды кечир, Жараткан!

 

* * *

Мендей акмак табылбастыр бу жайда,

Чөйчөгүмдү ыргыткамын ылайга.

Улууларга убадамды бергени
Арманым күч, анык түштүм убайга.

Санаа менен далай таңды атырдым,
Ашыктыктан алма жүздүү чырайга.

Соо кезимде булбул тилим күрмөлбөйт,
Канттик, жаным, табылабы бир айла.

Чын сырым ук, жанга батты жалгыздык,
Мен быякта, сен тыякта муңайба.

Шарап толо чөйчөгүмдү эми мен
Жалынса да бербес элем Кудайга!

 

* * *

Торобо такыр жолумду,
Жолобо, капыр – чаар карга.

Мас кылып туру гүл жыты,
Махабат куту барбы анда.

Жалжал кыз, жаркып келе кет,
Жапжалгыз диним жалганда.

Жоогазын чөйчөк сунамын,
Жутпаган пенде арманда.

Уялчаак келет махабат,
Оо, достор, анча жарданба.

Тыюуга тыюу саламын,
Каарданба, сопум, карганба.

 

* * *

Кызгалдак каптап көрүстөн ичи жаңырган,
Түпкүрдөн эми чыкпайсың гүлдөй жер жарып.

Жолоочу кезде жоголуп, кайра табылган
Бейитиң издеп безилдейт бейпай бир карып…

Которгон Кемел БЕЛЕКОВ