Ырлар

ТЫРМАКТАР

Тырмактарын салган белем жарышка,
тырмактарын айдаганбы алыска –
баратышат сулуулардан суурулуп,
баратышат жарачудай намыска!

Баратышат башын чулгуп үмүттүү,
баратышат башкача бир дүбүрттүү –
ар бир айыл, ар бир шаарда сандаган
ар саяпкер кошуп ондон күлүктү!

Сулуулар бүт саяпкердей башынан –
суу, жем, чѳбүн күлүктѳргѳ ташыган,
үртүгүн жаап, жал-куйругун тарап жай,
үстү-башын үйлѳгѳн да кашыган.

Ар нерсенин таба турган аргасын
асылкечтер кѳңүлүнѳ албасын:
күлүктѳрү – тырмактары кулпуруп,
күйѳѳлѳрү жүдѳп-какап калбасын?

Кыргыздын бүт жигиттери ѳрт эле!
Кылыч кармап – кылымдардын кѳркү эле!
Азыр болсо арманы жок алардын
асылкечи тырмагынча кѳрсѳ эле…

 

БАЛАЛЫКТЫН ЖАЙЛООСУ

Бүт-баары мурда шок беле?
Бүт-баары мурда дос беле?
Томолок атып бараткан
тобумду гүлдөр тосчу эле!

Тышкары кеткем кайып мен,
тызылдай чуркап-жанып мен –
оролуп жаткан жыландын
ортосун басып алып мен!

Көбүргөн-беттин толкунун
көз менен сылайт болчумун.
Кайда деп биздин ак-чөлмөк
карадым шыбак колтугун.

Бозүйдүн тубүн айланып –
көлөкө деген бар кайык.
Батчу элек ага, жатчу элек
Балтек, мен, китеп тайрайып!

Шуу тартып мурдун… булаткан…
суу алган менби булактан?
Чоң-Кара, менби, кыяңда
чоң бүтөн суусун кулаткан?

Аңсасам кароол-чокуну
азынап айгыр токулуу.
Маңдайдан сылап-өөп турмун
маараган улак-козуну.

Акбозүй. Тааныш ар кыл жак.
Апам жок… Келин жаркылдап…
Аралап чыгдан тарапты,
алгым бир келди кант уурдап.

 

ЧАНАККАЛЕДЕГИ БАШ

Бир кылым мурда, тактап айтканда, 1915-жылы болгон Түркиянын Чанаккале аралындагы кызыл-кыргын Биринчи дүйнөлүк согушта эбегейсиз баатырдык менен Мекенин коргогон түрк жоокерлерине таңданбаган киши калбагандай! Ошондон улам, бир АНЗАК аскери согушта өзү атып өлтүргөн түрк жоокеринин башын кесип, мактаныш үчүн мекенине – Австралияга алып кетиптир. Мумияланып катырылган баш 87 жыл бою ал жакта колдон-колго өтүп, жеке адамдар тарабынан сакталат. 2002-жылы илимий экзпертиза аны “түрктүн башы” деген бүтүм чыгаргандан кийин Түркияга расмий түрдө кайтарылып берилет.Түрк жоокеринин башы 2003-жылы 18-мартта мамлекеттик чоң зыяпат менен Чанаккале шейиттери жаткан аймакка коюлат. Ага белгисиз жоокер сыпатында атайын эстелик да тургузулган.

Баш-Боордошум, Баш-Жоокер, Баш-Аксакал,
башты ийип биз турабыз катар, катар!
Ойлор миң-сан, окшотуп турам сени
окко… окко… өлүмдү, ажалды атаар!

Баатырдыктын баш-отун сактап калып,
барат Мезгил баарысын каптап-жарып.
Чекит боло тургансып согуштарга
жер кездиң сен денеңди таштап салып!

Түнөргөнүң – түрктөрдүн өчү чыгаар,
түпкүрдөйсүң – түгөнбөс сөзү сыяар.
Жадагыча жүрдүңбү жер үстүндө
жашайм деген каалооңдун өзү сымал?!

Ырас, Мезгил тургансыйт ырды акмалап,
ырды сакташ үчүн да ый сакталат.
Учуп жаткан ирмемдер өтчү тура
утур-утур өзүңдү кылчак карап.

Топтолгон эл билмекпи – тулкуң кандай?
Тоголонуп берипсиң – умтулгандай!
Бир бурчунда Батыштын сакталыпсың
бир бурчунда “мээсинин” түрк тургандай…

Унчукпастан сүйлөйсүң муңдашыңа,
улуу, кичүү – окшош бүт курдашыңа.
“Баз-з-з!”  этип бир бомбадай жарылсам деп –
баш тарттыңбы Тынчтыктын урматына?!

Түңүлбөйт эч, түшпөйт эч дээри бийик
түгөнсө да жыл, кылым кемирилип.
Баатырдык ко – өзүңдү тиктеткениң
Батышты сен эңкейтип… белин ийип…

…Ушунчалык тартылдым алактап-ээ,
учакта мен баратам карап дале:
чарт кесилип ташталган ошол баштай –
Чанаккале аралы, Чанаккале…
Анкара. 2016-жыл.

 

ЧАЧЫҢ СЕНИН…

Чачыңда нарк бардай жогорку
чачыла жаздап – шарт оңолчу.
Ичиңе каткын бүт сырды деп
ич жакка ийилчү, оролчу.

Кайрыгы баштанчу ырлардын,
кайталап сен аны ыргалдың.
И-ий, жүзүң жарк этчү чач жарып –
ичинен чыккандай ыймандын.

Кылчайсаң – чачтарың жалт берип,
кызыкты сүрөткө тарт дедик.
Ойондор артыңдан селейчү
оозуна шерт келип, ант келип!

Сезимдин сиңдиси – чач-жалын
серпилтип кооздочу жаш чагың.
Чабагы баштанып опокшош
чабаган атуучу каштарың!

Бакыттын жайнаткан чачыла
байланган баштанчу чачыңа.
Сүлкүлдөп турган ал кезиңди
сүрөттөп туруучу ашыра.

Оң бетиң астына салынып,
сол бетиң үстүнө жамынып –
кырыңдан жатканда – кетчүсүң
кылымдар кыйрына агылып.

 

ЧӨНДӨЛӨЙЛӨР

Чөндөлөйлөр, чөндөлөйлөр, чөндөлөй,
чөгөлөдүм – жол улантпай, өрдөбөй.
Аларды ойной түшсүн дедим кана-а бир,
алган тура бүт-баарысын жөндөп-эй!

Ыйманы ысык – кубаласа, качса да,
ыйманы ысык – жыгып бирин жатса да.
Суй жыгыла көрсөтүүдө өнөрдү
Суур-Энеси жасап койгон сахнада.

Ийин оозу – аппак секи кашкайган,
көрүнөт ал сахна болуп капкайдан.
Эки-үчөөлөп асылууда бирөөнө,
эмне, анысы – ак палбанбы, ак палбан!

Ошол жактын ачылып бүт сырлары,
орошондоп сезилүүдө  жыргалы –
ар кыймылда Бетховендин кайрык тур,
ар кыймылда Бетховендин ыргагы!

Дирт-дирт эттим – чындыкты угуп алганга,
дирижёрдой колду шилтеп андан да.
Бет алдымда ойноктошуп, ойт берип,
Бетховендин сонаталар сайранда!

Безенүүдө диртилдешип ана алар!
Бетховенди ким бар укпай аянаар?!
Бузса бирөө спектакль, концертти –
бул дүйнөнү бузган менен барабар.

Тикесинен чөндөлөйлөр тур неге?
Тимеле укмуш желбиреген туу беле?
Бахтын кайрык-ыргагындай базыйып,
басып келет наркы жактан Суур-Эне.

 

КӨКҮРӨК-КАП

Көзгө урунган сайын бу
көздөрүмдөн от жанат,
көкүрөктө кабың бу
көпөлөктөй кош канат!

Көпөлөктөй кош канат
көкүрөктө кабың бу,
көздөрүмдөн от жанат
көзгө урунган сайын бу.

Кадалып бүт төшүңө,
каттап турат толгон нур –
көздөрүм да өзүңө
көкүрөк-кап болгон тур…

 

БИР БҮДҮР ТАШ

Бакытка маарыгандай деле(!) жыргап,
баскан кѳп, жүгүргѳн кѳп дене чыңдап –
андыктан Орандын бул токою да
ар таңда коюу тартаар эле чындап!

Түрктѳрдүн тиктеп коюп курчураагын,
түйүндүү суроо бардай мурчуямын.
Алыскы Кыргызстан алып келген
аргымак сымал туйлап-булкунамын.

Мен элем шуулдагандын кыйыны анык,
мелтейдим бүгүн улам тыным алып –
ичине буткиймимдин бир бүдүр таш
мүйүздүү бука сымал кирип алып.

Ѳзгѳртүп, ѳксүттүрүп абалымды,
ѳйдѳдѳн айта албадым саламымды.
Тездесем – тегеренип мѳңкүйт болбой,
тешчүдѳй мүйүздѳрү таманымды.

Жайласам – жай алгансыйт анын жаны,
жарашып тынчый түшѳт жаным дагы.
Кыпчылып тура калат кээ бир кезде
кычыкка буттун каптал жагындагы.

Баскындын келип ѳзүн жарып-баскым,
бар күчкѳ салып чуркап аныкташтым –
мүйүздүү бука мѳңкүп-атырылып,
мүргүгѳн бойдон токтоп калып жаттым.

Бир бутум озбойт неге соп-соо бойдон?
Бир бутум шилтенбей тур орто жолдон.
Бирѳѳлөр барбы дедим Кыргызстанда
бир бүдүр таштай ушул жолтоо болгон.

Маанини керекпи дейм кабыл алуу,
мандемдүү Кыргызстандын алы-жаны…
Да көпкө жүрө бербей, кагып ылдый –
дал ошол бузуктардан арылалы!

 

ЧҮРӨК

Оо, мен билген сулуулар,
он беш тыйын кунуңар…
Нагыз чүрөк мынаке –
наркы дүйнө бурулаар!!!

Кел-кел доорго чыракпы?!
Кетпесеңер уятпы –
күн чыкканда жылдыздар
күм-жам болгон сыяктуу.

Баскан изи – башка тең,
бак-таалайга накта кен!
«Бар» деп айткан бир сөзү –
бардыгы өскөн бакча экен.

Жыргал-туусу бүктөлбөй,
жылмаюудан бүткөндөй.
Мөлтүр көзү ирмелсе
мөмө үзүлүп түшкөндөй.

Карай калса – бүгүлүп,
Хандар – жетим жүгүрүк.
Томуйтуптур чекесин
тоолор толук жүгүнүп.

Жамгыр сымал, ой сымал
жан сергитет доошу улам.
Ит үрсө да чүрөккө –
гүл атылат оозунан!..

 

ЖЫРТЫК

Кейитпейт кемтик мени кантип анан
(кел-лтире копол сѳздү айтып алам).
Коржойо мээленгенсип жырткычка бир
колумда теменем тур жаркыраган.

Кандайча баштайм ишти – кейип жүрмүн,
кадырын билдим бирок бейиш күндүн –
жалгыздык курусунчу, жаман катын
жанымда болгондо эмне деп үшкүрдүм.

Деңизге кетемин деп кут санаган
делѳѳрүп түнү бою уктабагам –
ыңаалап ийчүүгѳ окшойт эки кѳзүм
ымыркай эгиз сымал чуктап алган.

Мен турсам кемтикти ошол чыдап карап,
мелтейип мени тур ал сынап карап.
Чоңун айт, узунун айт – кадимки эле
чоюлган суу сактагыч сыяктанат.

Кыйырдан келген окшоп кылактап-аа
кылым түс менен турат ырааттана.
Мен азыр жѳнѳй турган Кара-Деңиз
менимче, чоңдур мындан бир аз гана.

Жээгинде ары бастым, бери бастым,
жеңимди түрѳ салып, дээрими ачтым.
Желкемди кашыганым – иш баштоого
жекече Долбоор түзүп келип аттым.

…Кол – Баатыр! Кемтикти акыр жоюп тындым!
Корстонмун шамалга шай толуп мурдум –
таштарын скифтердин ташып чыгып,
талтайта ѳѳдүк-сѳѳдүк коюптурмун.

Кемтик ал – шалбарымдын жыртыгы эле…
темене менен тиксем – тыртык эле…

 

ЖООШ СУЛУУ

Шер жарашып турган сымал доорума,
сен жарашып турган сымал жолума –
тоголоктоп түйүп койчу чачтарың
толкуп түшүп – торко болду сооруңа!

Чалкып чачың жаткан менен жанатан,
чарчап бүттү чала-бучук тамашам –
карабайсың, сүйлѳбѳйсүң, күлбѳйсүң,
карап коймок сүрѳт деле – карасам.

Бийге тартып ийсемби дейм тарсылдап,
бирок колду cуутабы дейм калчылдап.
Чырпыйт сени чыканак да чыпалак,
чырпыйт сени галстугум ал турмак?

Сѳз жѳнѳттүм – сѳѳлѳт менен кашкайаар,
ыр жѳнѳттүм – ымдап туруп каш кагаар.
Ойда-а сонун кызытышты кечени
орто жолдо күнүн кѳрүп башкалар.

Оң жагымды ордо кылган жоош сулуум,
отпускеге кеткен беле ооз-мурун?
Дамаскдай талып-эрип тиктедиң
дасторкондун гүлдѳрүнүн кооздугун.

Бул кечени бирок курук ѳткѳрбѳй,
будуң-чаңы чыккан кезде кѳз кѳрбѳй,
мени акырын чымчып койдуң каруумдан
мелжеп келип, эрин менен ѳпкѳндѳй!

Ык эттим-ов тайый жаздап эбимден,
ыйык сөздү сездирдиңби дениңден?
Ың-жыңы жок эрип-көлкүп түшмөкмүн,
ырас, бир аз мелүүн экен эринден.

Анткен менен (айтсам, балким, коркосуң)
аспийеттеп жүрөгүмдүн толтосун,
балтайып мен алдым дароо мекендеп
бармак менен сөөмөйүндүн ортосун…

 

КЫРДА ОЛТУРУП…

Кырдамын кыял-ойду бийик серпип,
кыр дагы, кыял дагы бириккенсип!
Кош колду кош тиземе койгонумда –
корстонсуйт окшош шапке кийишкенсип.

Бозүйдѳн чыгат түтүн суурулуп зуу!
Моюнга орооч кылаар кубулушпу?
Кой союп атса дагы кайбар кыргыз
колунан жетелеп жүр сулуулукту.

Керемет бозүй тѳрү! Керек кезиң!
Кемтийтип албасын тѳр, демек, четин!
Калдайып аксакалдар олтурганда –
кашкайган катар тиштер элестесин!

Калың журт, кыргыз уулун байкагыла,
караган кишилерге калка мына!
Жактыра тиктеп эле тим болбостон,
жашынат мунаралар калпагына!

Күткѳндѳй кыйылгандар жыйылганды
күтѳбү жыйылгандар кыйылганды?
Үмүтүң – такка чыгыш болсо эгерде
үйрѳнүп алгын сѳзгѳ жыгылганды.

Сулуулар таарынбасын эх-титиреп,
сулууну таарынттыңбы –  жер кичирет! –
Такасы, шиш такасы басса – ошого
таканчык болуп бербей – эң кичинек!

Биримдик, ынтымактык – ээси куттун,
бириккен учкун тура тетиги устун.
Эгерим ажырашпас бир туугандай –
эки жак изи дагы эки буттун!

Кырдамын кыял-ойду бийик серпип,
кыр дагы, кыял дагы бириккенсип!
Кош колду кош тиземе койгонумда –
корстонсуйт окшош шапке кийишкенсип.

 

ӨЛКӨНҮН СУЛУУЛАРЫ

Сулуулары көп өлкө
суу сатса да – байысын!
Гүлбурайт Жер бөтөнчө
Күн үчүн да Ай үчүн.

Көңүлү эгер перинин
көкөлөсө ырыс жаайт.
Көйнөгүн кой, керилип,
көчөлөр да бырышпайт.

Гербдей, Туудай барк алаар
келин-кыздын кийими!
Тыкылдаса такалар –
тынч өлкөнүн Гимни!

Карек оту кубулуп,
кандай гана көркөм-ээ!
Кабырылды сулуулук
кап көтөрүп өлкөгө.

Тынар мүнөз кыздары-ай
тырмак боёп – нур баксын,
үйрүлүшүп мырзалар,
үйлөп аны кургатсын.

Күнөөсүнөн тазарат
гүл көтөрүп күткөндөр.
Мекени бай аялзат
менменсишип бүт мөлмөл!

Этегиндей көрк берди
эски суроо, жаңы жооп.
Сулуулары жок жердин
султандары дагы жок…
Ал эми
Сулуулары көп жердин
султандары дагы көп!

 

КАРЫЯЛАР КАЯКТА, КАРЫЯЛАР?

Барганымда айылга – бакылдашып,
балдакчаны баш болуп – бачым басып,
калуучу эле короолоп карыялар
калдайган зор тоолорду жакындатып.

Жалынып да жалбарса – жашартып ал,
жаркылдатса сакалын – сакайтып ал…
Мал айдаган таягын жѳлѳй коюп,
мага боюн таштачу атам сымал.

Чѳңк-чѳңк этип кээ бири ѳктѳм ана,
чѳбѳрѳсүн жетелеп бѳкчѳңдѳп-аа…
ал ортодо үлгүрчү кемпири тургай,
арсылдаган иттерди сѳккѳнгѳ да.

Карыялар – туу болчу желбиреген,
карааны эле кѳрүнсѳ сергиир элем.
Мени атамдын сакалы менен сайып,
мени ѳпчү эле атамдын эрди менен.

Үйгѳ коштоп киришип жалпы баары,
үстү-үстүгѳ кѳтѳрчү баркымы ары.
Шаар тууралу суроону берип коюп,
мал тууралу суйлѳшчү, дан тууралу.

Базарлык жеп, баса ичип чайын ысык,
баары намаз окууга камынышып.
Мен байкагам –  эңкейип бир катарда
мезгилге да турганын багынышып…

Айлыбыздын куту эле дайым алар,
азыр кайда наркы улук карыялар?!
Дайнын угуп, чакырып келүүчүдѳй
дарыялар чамынат, дарыялар…

 

ПЕЙИЛИҢДЕН ТАПКАНЫҢ

Шарап менен шарактасаң башка элең,
шалпып аткан кезиңде да ачка элең.
Какач сымал капилеттен жабышкан
кай бир кезде кашта элең да чачта элең.

Жалпы баары – пейилиңден тапканың,
жакшылыктуу жактарга бир баспадың.
Оонап ичип, олчойгон чоң жазды да
окуйм деген китебиңдей ачпадың.

Тыбырчылап, алыс кѳрүп аркы учун,
тырмагыңды алганга эле канчусуң –
кызыгы кѳп, кызылы кѳп дүйнѳнүн
кыдыргансып, кыйраткансып жартысын…

 


Котормолор

Андрей ВОЗНЕСЕНСКИЙ

МЭРИНИН ТАЕЖЕСИ

Бүт шаар билчү шуба кийген айымды ал,
адаты эле түрмө менен коркутмак.
Крест жана ышкырыгы жанында
кимдир-бирөө кетпесин деп зордуктап.

Жылдар акты. Эч ким зордуктабады.
Ышкырыкты ыргытмай да сөгүнмөй.
Сатты шуба-каракүлүн баягы
чыканакта жыртыгы – өрүк сөөгүндөй.

* * *

Адамдардын организминин
суу болот дейт токсон пайызы –
көөдөнүндө Паганининин
жаткан сымал сүйүү-намысы.

Ойлондураар иш көп белем же –
опур-топур кээде азгырып.
Болуш керек адам дегенде
токсон пайыз жалаң жакшылык.

Музыкага дүйнө машталды,
токсон пайыз, токсон – кем десең.
Болсо дагы толгон таштандым –
токсон пайыз барсың Менде Сен!

 

КУМУРСКА

Кайыгыма капташтырып аркы жээк –
мени менен келген, ооба, угуп тур.
Аркы өйүздүн кумурскасы… ары кет –
кумурсканы кабыл албай уюк тур.

Өзү кара, жумурткасы апапак,
караганда агарчудай, кариет…
Аркы өйүздөн келгени чын, тапа-так –
аркы өйүздүн кумурскасы… ары кет.

Келгени үчүн ошол жактан – кошпой тур
католиктер кошпогондой ойлонуп.
Урду-келди – ээрчиткени, жорткону
учу сымал темененин жойлогуч.

Жеткирип мен салат элем, азыр ал
быжыраган нерселерден бөлүнбөйт.
Багыттардын баары-жогун кажыган
аркы өйүздүк кумурска же көрүнбөйт.

Тиги өйүздө кара жердин караан чоң,
каптал жагын койгон сымал сындырып.
Койчу, менин эч кандайча чарам жок –
коё албаймын бул жакты ага жылдырып.

Бир айдан соң чамындыга жармашып,
өз жагына жетти өлүп-талып-эх!
Ал жактан да салганы жүр айдашып:
“Аркы өйүздүн кумурскасы… ары кет…”

 

* * *

Ойлонтуп улам жүдөтпөй,
кээ бир иш бүтөт шарт анан.
Окулуп аткан китептей
ойноштор жатат чалкадан.

 

АЯЛДЫ УРДУ

Аялды урду. Жарк-журк чагылды.
Машина ысык, күңүрт – тоскоолдой.
Шыпка буттар тарс-тарс чабылды –
аппак нурлуу прожектордой.

Аялды урду. Күңбү көзүнө?
Айжүзүн жаш эзди – турабы?
Рубильниктей колун өзүнө
тарткан бойдон жолго кулады.

Кайчылдата басып тормузду,
калч-калч жетти ага жалтанчаак.
Сүйрөп урду чоң бут, чоң муштум,
бети-башын көлчүк, чалкан чаап.

Жанчты шүмшүк – мынча өчү бар!
Чайлд-Гарольд кийми түтүппү-эй?
Кабырганы тепкен өтүк ал
жанып өтүп жаткан үтүктөй.

Оккупанттын көргөн жыргалы
караңгылык деген уюлда.
Аялды уруп – кандай кыйнады
Купавнага кеткен бурумда.

Аялды урат анда кылымдап,
урат, демек, жаштык, шаңды да.
Үйлөнүү той кезде ырымдап
аялды урат, каран калгыр-а?!

Жаакка салды канча мертелеп,
жалын-оту жаактан жай алды.
Кара мүртөз тургай кеңкелес –
аялды урду. Урду аялды.

Аяйт жарык – колдоор жан окшоп,
кут даарытар күчү бар сымал.
Адамдарга дини, ары жок,
жалгыз гана аял – каршы бар.

…Аял жатты көлдөй керилип,
эки көздөн сууну жылжытты.
Тийешеси жоктой эригип,
тиктейт бирөө жолду, жылдызды!

А жылдыздар көктү муштады
кара айнектен бетер кечинде.
Андан кулап түшүп – муздады
айымдын бул пешенесинде.

 

ШУКШИН ӨЛГӨНДӨ

Шукшин менен кош айтышты Москва,
сүрөткерди гөргө узатып кыйналды.
Гөргө узатты накта эркекти жакшына,
жана дагы жаркыраган ыйманды.

Гүл чулганып – кооздоп турду өлүмүн,
мындан ары жете албайсың жатса да.
Ал өзүнүн таңгалычтуу өлүмүн
алдынала айтып салган тасмада.

Ар бир шаарда жатты ушинтип, сыягы,
Россиянын шейшеби жаап лепилдеп.
Кинозалды элестетип кыялы,
келишти да ийилишти кечир деп.

Ал – өзүнүн көчүрмөсү бүгүнтөн,
чылым соруп үшүгөндөй түр менен,
жаканы өйдө тургузуп да күлүңдөп
поюздарда, эл алдында жүр белем.

Чарбакердей камылга жеп чарк урду
токой баскан өрөөнүнө жайкалма.
Үйүндөгү күзгүсүндөй маркумдун
кара парда тартуу керек Байкалга.

 

* * *

Эң эле кымбат белемби
“эч кимден эмес” гүлдү алыш.
Жалдырап сен, сен дегенде –
жашып тур гүлдөр түндө агыш.

Алыстан арзып жатты бейм
аккан суу, токой сыр катып.
Эреркеп турган жакшы бейм
эч кимге эмес ыр жазып.

 

КИЙИМГЕ ОДА

Кийим деген, кийим деген – пенденин
Жаратканга каршылыгы алгачкы.
Төрөлгөндөн токойдо үшүп келгенин
оңдогондой шарт кийинип албаспы.

Кийим деген – кептин айтсак ырасын,
түзүлүштүн түп тамырын ойрондой,
туур болуп турган туура жыгачын
тик тургузуп – желек илип койгондой.

Белден өйдө, белден ылдый жактардын
талашында жынсылардын барбы айып –
ылдый жактар салтанаттап жатканбы
өйдөңкү акыл өксүгүн чарк айланып.

Модельёрдун турам оюн сезгендей,
жеңил дем ал, оңой ыйла деп атат –
дарбыз жармын тик экиге кескендей
көкүрөктү чоң ачтырып келатат.

Тарткан демиң – тамырыңдын кагышы,
сөлөкөтүң сөөлөттөнсүн жангандай.
Кийимдердин денеде тур маңызы,
а дененин маңыз-көркү – жан, жан, жан…

 

* * *

Бала бойдон калган акылман –
Ата-Журтсуз дайым акындар.

Келатканы анын сөзүндө,
таразага түшөт ою ылдам.
Бултактаган балык көзүндө,
терезедей жазга коюлган.

Күтүүсүздүк күчөйт баарында,
шамалындай марттын качырып!
Болбойт финиш акындарыңда,
старт, старт – чыгармачылык!

 

ПЛЯЖ №2

Министрлер, актёрлор, башкалар –
адам мында паркеттей жыш белемби!
Аларды бүт чаз-з-чуз-з кууруп баштаган
сары түстүү согончогу менен Күн!

Күн бар үчүн пляж, пляж – пляж го,
тике турбай, сулап жаткан ырас ко!

Буттар, буттар – ойду бураар чыгарма,
кабатталса – кабатындай жыргалдын.
Жыштыгы окшош тозоктогу кырдаалга,
дүйнөсүнө үч миңинчи жылдардын.

Карталарды кармап колдор карышкан,
кантип табат? Табат баарын кылмыштай!
Ортолукта кол чатыры – алыстан
суу түбүндө суктандырган жылдыздай.

8 жон тур, 8 коштой бут турат –
секирет да, сезимдер не туттугат?

Келечектин саябанын кылаалап,
пляжда бул жатып алып иштейсиң.
Жалгыз ушул горизонттон жылаңач
жайнап жаткан горизонтту тиктейсиң.

«Бут көргөнү жоксуңарбы – жок ушу…
размери анын 37 болучу…»

«Азыр эле көргөнсүп мен турамын –
булут кезип учуп жүргөн жаңылбай.
Эки жакта эки канат улануу,
размери анын 38 жарымдай…»

Горизонттор кандай ачык – таң калгам
ортосунда асман менен көлүңдүн!
Булуттар да, аралдар да калдайган
таш менен кол ортосунан көрүндү.

Беш кыз жатат матраста – ашыгам!
Беш окшош кыз – бутуңдун беш салаасы!
Чыгып турат босоножка башынан!
Босоножка – бутка салган жамаачы.

Уландысы – пляждагы түшкү убак
Теңир даарып турган ошол арыштын.
Кыймылдатып турат мезгил жулккулап
алптан артык бутун шилтеп барып шыр.

Жакшы көрөм чегарасыз чектерди,
жаркыракка жалгашып мен кетсемби?

Деңиз деген – жарым абал, жарым сыр
ортосунда асман менен жериңдин,
ортосунда жогуң менен барыңдын,
ортосунда көптөр менен сенин бир,
ортосунда денең менен жаныңдын,
ортосунда кургак да суу чегиңдин.

Толуп-ташкан эритмедей чалынуу
керектелет бир нерсеге бир нерсе.
Деңизде эрип жаткандар бүт жайылуу,
асман беттеп жөнөйт мезгил ирмелсе.

Көктөн кайра күтмөкчүбүз биз аны!
Касиет-сыр каптап келет тазарган –
Жараткан да Жаратылыш мисалы
жалаң гана суу үстүндө баса алган.

Ырас, ырас, Кудайды биз көрбөдүк,
бирок, тигил үч бурчтанган ак чардак –
Кудайымдын плавкиси өндөнүп
асманда тур, ортодо тур ак жалгап!

 

ИТ

Ал машина келип ар дайым,
токточу итке – гараж кашына.
Дөңгөлөктү чапчып ал дайым,
кыңшылачу кыйла жашып-аа.

Адам тиги – жарык тоосу экен,
бензин колу сылап-кашыган.
Машина да – адам досу экен,
адамга дос – ит да башынан.

Кандай гана сүйдү автону,
кандай гана көзү жалжылдап.
Олтурса тик – жаркып как жону,
гараж жакка турду алтын жаап.

Анан итке азап кол сунду –
келбей автоң, келбей кишиң же.
Көзү катып күтүп олтурду
көп күндөрү коргон ичинде.

Таанып ошол мотор, жарыкты,
жалбырттап ал тосуп жатты акыр.
Дөңгөлөккө барып жабышты,
басылган жок тормуз таптакыр…