Карасөз

Байчечек (аңгеме)

Айгүл тоо (аңгеме)

 


Маектер

Мурза Гапаров: «Бакыт сени унутса да, сен бакытты унутпа»

Маркумдардын маеги: Унутулбас сокмо жол

Унутулбас сокмо жол (2-маек)

Унутулбас сокмо жол (3-маек)

Шагыл жууп, кышкы сууга чөмүлгөн Мурзаке (4-маек)

Төлөгөн Касымбеков кантип Чыңгыз Айтматов таккан канатка чапты? Ош театрынын актрисасы кантип табышмактуу өлүм тапты? (5-маек)

Капкара кийинген сулуу кыз, апапак кийинген сулуу аял (6-7-маек)

Эмне үчүн кыргыз жазуучуларынын өмүр баяны совхоздун ак койлорундай окшош? (8-маек)

Өрүк бышалек мезгил. Арчаларда өскөн лимондор (9-маек)

Айтматовдон дайын-дабыш жок (маектешкен Ж.ЗАРЛЫКБЕКОВ)

 


Публицистика

Нооруз – ажайып майрам

 


Поэзия

КУЮН

Бүгүн кыйын,
Бүгүн куюн…
Чыкпа эшикке,
Эшикте…

Шаарды шаардын чаңы каптап,
Чаңдалды үйлөр дагы, дарактар да.
Көчөлөрдө куюгуп жинди шамал
Чуркап жүрөт туш келди каталактап,
Чимирилип жез кемпирдин ийигиндей,
Ажыдаардын бийин бийлейт аянттарда…
Ар каяктан ар каякка баш аламан
Качып барат калайык каратаман…
Оозу-мурду тумчугуп буюкканда,
Көзү көрбөй урунуп туюктарга,
Каңырыгы түтөгөн кайран эл-журт
Каарын төгөт карарган булуттарга.
Анткен менен айып жок булуттарда…

Боз түштү баш калаага…
Бозорду кызыл асаба…
Бүгүн кыйын.
Бүгүн куюн…

 

КӨҢҮЛ ЖУБАНТУУ

Коркпо өлүмдөн.
Коркконго кош көрүнөт…
Көз алдыңа элестеп гүлкайырлар,
гөр үстүндө гүлдөгөн,
сен көмүлгөн…
Жапыс тамда жалдырап жаткан болуп,
Жалгыздыктын азабын тарткан болуп,
Көздөрүң жашка толуп,
Көөдөнүң муңга тоюп…
Арманыңды айтылган өз төрүңдөн
Адам аттуу эч бир жан укпай коюп…
Саратанда ныксырайт гөрүстаның,
Мунарыкта тунжурайт гүлкайырлар…
Андыктан, айтканымды унутпагын:
Коркпо өлүмдөн, коркконго кош көрүнөт…
Андан көрө…унут баарын…унут баарын…
Өткөндү эстебе, эстен чыгар,
Келечегиң эңсебе – кесир кылаар…
Кыйылбагын кылчайып чыгыш жакка,
Аттиң этпе, ай, күнүң эрте батса…
Аллага миң мертебе алкыш айтып,
Жашагын учур чакта – ушул тапта…
Айлап, жылдап саналбайт бакыт деген,
Бактың сенин куралат көз ирмемден.
Бул дагы берилет бир билгенге…
Сен билгенде: күн сайын күнүң куунак,
Жүз жыл сага, карегим – күлгүн курак…
Коркпо өлүмдөн,
Коркконго кош көрүнөт…

 

ТҮШҮМДӨ ЖАЗЫЛГАН…

Княгини всегда плакали,
А служанки играли
С князьями в прятки…

 

КҮНӨӨМ КӨП…

Жараткам эгем, кечир мени,
Эгер кесир сүйлөсөм.
Күн сайын өлүп турамын мен,
Күйбөсөм же сүйбөсөм.

 

АЖАЛДЫН АЖАРЫ

Каухарым-ай, кайда кезиктиң,
Карааны кайберендей кайып болуп,
Эскиргенде эсимде элестери…
Эскирип эми сен, өзүңдүн керемет көркүң менен,
Сулууну мен сүйгөн кумар канбай…
Кумдуу чөлдө көз күйгөн көк аралдай,
Аңчы аңдып, ок тийбес, ак маралдай…
Жараткан жараткан эле периштесин
Ойлорун тунук кылып, сөздөрүн ширин кылып…
Сурмасыз суктандырчу каректери,
Эндиксиз эритчү эле эриндери…
Каштары кырлуу кырды кыялаган,
Көкүрөктө кош көгүчкөн уялаган…
Эңкейишин эңилчектер – кара ыраң –
Жаап турат баркыттай, жапыс тулаң…
Улар үндүү үнүңдөн, Үрдүн кызы,
Ак кайыңым ыргалган белестеги…
Жазгы кечтин жаш айы эмес белең,
Тумандагы жылдызым… элестедиң…
О, каухарым, эми эстедим:
сен – жаштыктын жаңырыгы…
Жаңырттың жан дүйнөмдү,
акылым азгырылды,
Угузуп авазыңды,
Узарттың азабымды…
Күз күндүн нөшөрүндө,
Кыш түнгө өтөөрүмдө,
(О дүйнө кетээримде),
Чартылдап чагылганың
Өрттөдү өзөгүмдү…
Анаке күйүп барам,
Акыры тынчып санаам…
Каухарым, сен – менин ажалымсың.
ажарын алып жүргөн,
алыскы ашык жардын…

 

КОКУС КОКУСТУК БОЛУП КЕТСЕ…

КОШТОШУУ

Биз эми жаш эмеспиз,
Биз эми – улгайгандар…
Коштошоор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө эми менде убакыт тар…
Кош болгула, шабдаалы бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Ал жактагы бейишке кантип жетем?
Жолдорунда тикенек зым тосмолор бар…
А тозогуна асфальт жолдор кетет экен,
Иномарка жалдап алып жүрүп кетем…
Кош болгула, жан достор, кас курбулар,
Көбүңөрдү дозокто көксөп күтөм.
Кош болгула, эл башы, журт башчылар,
Жерин сатып, элин баскан басмачылар.
Ылайым көрүңөргө гүл чыкпасын,
Ылайым гөрүңөрдө жылан уктасын.
Кош болгула, эл башы, журт башчылар…
Кош эмесе, кыргызым, жупун журтум,
Качан эми кыжырланып кыйкырасың?
Эңилип эшик ачып, төрүңө төрөлөрдү отургузуп,
Качанкыга кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп,
Байыркы эл, не байлардан кымтынасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошоордо кайгырып, муңкурадым.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – акак апам…
А мен болсом эмитен эрип атам…
Кош бол эми, Ата журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам…
5-май, 2001-жыл

 

Балдар үчүн ырлар

ОТУНЧУ

Кыш келсе жок коркунуч,
Кыштакта бар отунчу.
Колуна балта, араа алат,
Токойго кирет аралап.
Куураган шакты кыйратат,
Кыйкырып бизди жыйнатат.

 

ШАРКЫРАТМА

Биздин жакта, Арсланбапта,
Бир ажайып шаркыратма.
Бийик тоодон боюн таштайт,
Ичсең муздак, тишиң какшайт.
КАРТӨШКӨ

Арсланбап бай ой-төшкө.
Атам айдайт картөшкө.
Казып келип бир четтен
Кайнатабыз чайдөшкө.
Көрүшүп атам, апам да,
Оозу барбайт кой дешке.